Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 173
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышында "жана почта" деген сөздөр алып салынсын;
2) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "статья" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр байланышы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарын канааттандырууга арналган.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын эксплуатациялоо жана электр байланышынын кызматын көрсөтүү үчүн укуктук негиздерди белгилейт, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу органдарынын компетенциясын, аларды көрсөтүүгө зарыл уруксаттарды алуу режимин, ошондой эле электр байланышы тармактарын эксплуатациялоочу жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактардын (Кыргызтелекомду кошкондо) жана бул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын жоболорунун күчү Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы жаатында иш жүргүзүп жаткан бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.";
4) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Электр байланышы жаатындагы иштин принциптери
Электр байланышы жаатындагы иш төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
- атаандаштыктын, жеке ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;
- электр байланышы жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана электр байланышы кызмат көрсөтүү операторлорунун жана аларды берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча функциялардан бөлүү;
- жогорку сапаттагы демейки жана инновациялык электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн ар тараптан колдоо;
- электр байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн жана электр байланышы тармактарынын эл аралык электр байланышы тармактары менен шайкештигин камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укуктук тартипти коргоо жаатындагы милдеттерди аткарууда электр байланышы тармактарынын жеткиликтүүлүгү;
- жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык юридикалык жана жеке жактарга бирдей жеткиликтүүлүгү;
- электр байланышынын операторлору жана кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр пайдалануучулардын маалыматынын купуялыгын сактоосу.";
5) 2-статьяда:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр байланышынын жабык тармагы - жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармагына кошпостон, маалыматты коргоонун атайын (уюштуруу, техникалык, анын ичинде криптографиялык) усулдарын колдонуу менен уюштурулган жана пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө берилүүчү электр байланышы тармагы.";
б) бешинчи абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
в) алтынчы абзацта "электр жана почта байланышы" деген сөздөр "электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) онунчу, он үчүнчү - он бешинчи, он тогузунчу, жыйырма жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
д) он биринчи абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
е) он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы - мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин коргоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө тийиштүү уруксаты бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана уюмдарынын (ишканаларынын) ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү мамлекеттик органдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга арналган атайын интеграцияланган жашыруун байланыш тармагы.";
ж) он сегизинчи абзацта "электр жана почта байланышынын" деген сөздөр "электр байланышынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
з) жыйырманчы абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
и) жыйырма биринчи абзацта "кайсыл болбосун" деген сөздөр алып салынсын;
к) жыйырма төртүнчү абзацта "кандай гана болбосун" деген сөздөр алып салынсын;
л) жыйырма сегизинчи абзацта "электр байланыш" деген сөздөр "электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
м) отузунчу абзацта "Электрдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрү (электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү)" деген сөздөр "Электр байланышы кызматтарын көрсөтүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
н) отуз үчүнчү абзацындагы "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
о) отуз төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Электр байланышы - зымдын, радио-, оптикалык же башка электромагниттик түзүлүштөрдүн жардамы менен белгилерди, жазма тексттерди, сүрөт-чиймелерди жана үндөрдү же башка түрдөгү маалыматтарды берүү же кабыл алуу;
п) отуз сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - электр байланышы операторлоруна, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөргө жана электр байланышы жаатында ишти жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жана жеке жактарга карабастан, электр байланышы жаатында жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган.";
р) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш сегизинчи жана алтымыш тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Радиомониторинг - белгилүү бир жерде (же объекттин чектеринде) радиожыштыктардын бөлүнгөн номиналдарында жана/же тилкелеринде радиожагдайды өлчөө жана талдоо боюнча практикалык иш, байланыштын ар түрдүү каражаттарынын электр магниттик шайкештигин, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү ченемдердин жана мыйзамдык чектөөлөрдү камсыз кылуу максатында ыктымалдуу мүмкүн болгон радиожолтоолорду табуу.
Радиоконтроль - бул тиешелүү жыштык тилкелеринде иштеп жаткан радио нурлардын параметрлерин өлчөө жана мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси.";
6) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Кыргыз Республикасынын электр байланышы жаатындагы мыйзамдары
Электр байланышы жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ушул Мыйзам менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ушул Мыйзамдын жоболору артыкчылыкка ээ болот.";
7) II бөлүмдүн аталышындагы "Электр жана почта байланышы" деген сөздөр "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 4-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары";
б) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында электр байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана электр байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырат.";
в) экинчи бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин электр байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:";
- экинчи, төртүнчү абзацтардагы "байланыш тарамындагы", "байланыш тарамын" деген сөздөр "электр байланышы тармагында", "электр байланышы тармагын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети электр байланышы жаатында башкаруу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана өз компетенциясынын чектеринде электр байланышынын бардык түрлөрүнүн абалы жана өнүгүшү үчүн жоопкерчилик тартуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына өткөрүп берет.";
9) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциялары
Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 6-статьянын төртүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) III бөлүмдүн аталышындагы "Электр жана почта байланышы" деген сөздөр "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 7-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр байланышы операторлоруна, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөргө жана электр байланышы жаатында ишти жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жана жеке жактарга карабастан электр байланышы жаатында жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруучу туруктуу иштөөчү мамлекеттик орган болуп саналат.";
б) экинчи бөлүктө "жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
в) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары жана ыйгарым укуктары
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан электр байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгымдары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдагы чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.";
14) 9-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө:
- "жыштык ыйгаруу" деген сөздөр алып салынсын;
- "берүүчү" деген сөз "тарабынан берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Радиожыштыктарды тандоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде төмөнкү жол-жоболорду жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат:";
в) алтынчы жана онунчу бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 91-статьянын алтынчы бөлүгүндө "кандай болбосун" деген сөздөр алып салынсын;
16) 92-статьяда:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жетинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- номерлештирүү ресурсун пайдалангандыгы үчүн финансылык карыздары бар болсо.";
17) 93-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) IV бөлүмдүн аталышында "Электр жана почта байланыш" деген сөздөр "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 10-статьяда:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жыйырма экинчи бөлүктө:
- "Электрдик жана почта байланыш" деген сөздөр "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он экинчи абзацта "ар кандай", "бардык" деген сөздөр алып салынсын;
20) 11-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Маалыматтарды берүү боюнча ишке лицензиялар
Маалыматтарды берүү жаатында иш жүргүзүү укугуна лицензиялар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатындагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жеке жана юридикалык жактарга берилет.";
22) 13-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бул техникалык же экономикалык жактан мүмкүн болгон жерлерде жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттенме, бирок кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же аны берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу негиздүү болууга тийиш;";
б) он экинчи абзацында "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
23) 14-статьяда "Почта жана электр байланышынын" деген сөздөр "Электр байланышынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) V бөлүмдүн аталышында "Электр жана почта байланышы" деген сөздөр "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 16-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "16-берене. Электр байланышы тармактарын эксплуатациялоого жана электр байланышынын кызматтарын көрсөтүүгө укук";
б) биринчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "байланыш" деген сөз "электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
26) 17-статьяда:
а) статьянын аталышында "Электр жана почта байланышынын" деген сөздөр "Электр байланышынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атаандаштык негизинде сунуш кылынган электр байланышы кызматтарын көрсөтүүлөргө баалар электр байланышы операторлору, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөр тарабынан төмөнкү принциптерге негизденүү менен белгиленет:";
- төртүнчү абзацта "электр байланыш" деген сөздөр "электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- электр байланышы тармагына ээлик кылуучу же контролдоону жүзөгө ашыруучу электр байланышынын бир оператору, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылуучу электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир берүүчүсү болгондо же электр байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы мындай кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгондо;";
27) 18-20-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
28) 21-статьяда:
а) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу, коопсуздук, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, байланыштын техникалык каналдарын контролдоону жүзөгө ашырууга, анын ичинде менчиктин бардык түрүндөгү байланыш ишканаларында телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого тыюу салынат.";
б) төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 211-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө "кандай болбосун" деген сөздөр алып салынсын;
30) 22-статьяда:
а) биринчи жана экинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштык түзүлүштөрдү алып келүүгө жана алып чыгууга эксперттик корутундуну берет.";
31) 23-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
в) үчүнчү бөлүктө "Ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
32) 24-статьянын сегизинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Электр байланышынын жабык жана ички тармактары
Юридикалык же жеке жак электр байланышынын ички тармактарын түзүп жана эксплуатациялай алат.
Электр байланышынын жабык тармактары Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору тарабынан алардын ички жоболоруна ылайык коргонуунун, коопсуздуктун, укуктук тартипти сактоонун жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоонун кызыкчылыктарында түзүлүшү жана эксплуатацияланышы мүмкүн. Жабык жана ички тармактардын операторлорунун ишине ушул Мыйзамдын 7-9-беренелеринин жоболорунун күчү жайылтылбайт.
Электр байланышынын ички же жабык тармагынын оператору ушул Мыйзамдын IV главасына ылайык тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана мындай тармакты жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдалана алат. Ушул учурдан тартып мындай оператор мындай тармакка же кызмат көрсөтүүлөргө карата кырдаалга жараша электр байланышынын ички тармагынын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагынын оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуп калат. Электр байланышынын мындай ички тармагын жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармагы менен тармактар аралык бириктирүү тартиби ушул Мыйзамдын 30-беренесинин жоболору менен жөнгө салынат.";
34) 26-статьяда:
а) биринчи - үчүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат жана берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы ушул тармак боюнча берилүүчү маалыматтын корголушун камсыздоого тийиш. Мындай тармак электр байланышынын жабык тармагы болуп саналат жана ага ушул Мыйзамдын 25-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жоболору жайылтылат.
Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, электр байланышынын жабык жана ички тармактарын иштетүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын операторлору башкаруу, анын ичинде коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жана өзгөчө кырдаалдар максаттары үчүн электр байланышы тармактарын жана кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жалпы пайдалануудагы электр байланышынын зарыл кызматтарын көрсөтүүнү камсыздоо үчүн чараларды көрөт. Электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймакта электр байланышы тармактарын эксплуатациялоо жана толугу менен же жарым-жартылай электр байланышы кызматтарын көрсөтүү үчүн өзгөчө убактылуу органдарды түзүшү мүмкүн.";
б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) бешинчи бөлүктө;
- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
35) 27-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 28-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
37) 29-статьянын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө "ар кандай", "Ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
38) 30-статьяда:
а) экинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) алтынчы бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
в) сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) VII бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "VII бөлүм. Электр байланышы операторлорунун, электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн аткаруу бийлик органдары жана башка ишканалар жана уюмдар менен өз ара мамилелери";
40) 31-статьянын экинчи бөлүгүндө "жана почта байланышынын ишканаларына" деген сөздөр алып салынсын;
41) 32-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) бешинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
в) алтынчы бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
г) жетинчи бөлүктө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
42) 33-статьянын экинчи бөлүгүндө "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
43) 341-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
45) 36-статьянын экинчи бөлүгүндө "электр жана почта байланышынын" деген сөздөр "электр байланышынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 37-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "электр жана почта байланышынын" деген сөздөр "электр байланышынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
47) 38-статьянын биринчи бөлүгүндө "почта ишканалары," деген сөздөр алып салынсын;
48) 39-статьяда:
а) экинчи - алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат.";
49) 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-берене. Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана электр байланышы каражаттарын колдонууга жол бербөө
Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт.
Мамлекеттин коопсуздугуна каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана жарандардын ар-намысына' жана кадыр-баркына шек келтирүү, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында электр байланышы каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Айып пулду салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Айып пулду төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу тууралуу буйрукту аткаруудан бошотпойт.";
50) 41-статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө "электр жана почта байланышы", "Электр жана почта байланышы" деген сөздөр "электр байланышы", "Электр байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
51) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 411-берене менен толукталсын:
"411-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.";
52) 42-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) тогузунчу абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кат кабарлар - электрондук жана/же кагаз түрүндөгү катталбаган жана катталуучу каттар, почта карточкалары, бандеролдор, майда пакеттер жана секограммалар (көзү азиздер үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтмөлөрү;";
в) он жетинчи абзацта "каттарды" деген сөз "катталбай турган каттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи - отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:
"адресат - почта жөнөтмөсү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу, телеграфтык же башка билдирүү даректелген жаран же уюм;
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын даректик маалыматтары - жарандар жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги);
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар - почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар;
бонд (бажы) кампасы - почта байланышынын дайындалган операторунун базасында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларды бажылык тариздөөсүз жана салыктарды, бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөбөстөн, сатып алуучу сатып алганга чейинки сактоо мөөнөтүнө товарларга лицензияны жана квотаны белгилебестен сактоого жана бөлүштүрүүгө арналган кампа;
почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуучу почта байланышынын ишканасы.";
3) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү - алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"Почта байланышынын мамлекеттик ишканалары почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагын түзөт, Кыргыз Республикасынын почта байланышы чөйрөсүндөгү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын карамагында болот жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды, акча которууларды кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары почтаны ташуу, ошондой эле пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышынын дайындалган операторунун базасында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте бонд кампасынын иши боюнча эксперименттик долбоорду ишке ашырууга укуктуу.
Мамлекеттик эмес ишканалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде почта кызматтарын көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жөнөтмөлөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденет.";
4) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын"," деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлөт, аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.";
5) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
- почта байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- почта байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынан өкүлчүлүк кылуу;
- почта байланышы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышы жаатындагы башкаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана почта байланышынын абалы жана өнүгүшү үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликти алуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына берет.";
6) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 61-берене менен толукталсын:
"61-берене. Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
7) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Почта байланышы жаатындагы жөнгө салуу
Почта байланышы жаатындагы жөнгө салууну байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат, анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан почта байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- байланыш тармагын өнүктүрүүгө почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдөн түшкөн 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- донордук жана башка уюмдардын гранттарынын, жардамынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.";
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо
Почта байланышы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилет.
Почта байланышы жаатында ишке лицензия төмөнкүлөргө негизделген лицензиялык талаптарды камтыйт:
- тармакты өнүктүрүүгө же кеңейтүүгө, же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө карата милдеттенмелерге, эгерде алар каралган болсо;
- басмырлоосуз негизде бардык пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүгө лицензиаттын милдеттенмелерине;
- пайдалануучу акы төлөбөгөн же пайдалануучу сервистик келишимдин шарттарын бузган учурда кызматтарды көрсөтүүнү токтото туруу же токтотуу укуктарына;
- маалымдаманы чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- пайдалануучунун, ар кандай жабык маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибин коргоого коркунуч келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга лицензиаттын милдеттенмелерине;
- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунучтун учурунда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандырууга лицензиаттын милдеттерине;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган жыйымдарды жана чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана почта байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиаттын укуктарына жана милдеттерине карата лицензияда жалпы же атайын шарттардын болушуна;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.";
9) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- маалымат алуу жана аны алмашуу каражаттарынын бири катары почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык жарандар жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- почта байланышы жаатындагы эрежелердин, стандарттардын, талаптардын жана ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу.";
10) 14-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөр "кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) биринчи бөлүктө "башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөр "кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Почта байланышы объекттеринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иш-чаралары чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, почта кат-кабарларын жана документтик билдирүүлөрдү ачууга жана карап чыгууга, алар жөнүндө зарыл маалымдамаларды алууга тыюу салынат.";
11) 15-статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 19-статьянын биринчи бөлүгүндө "почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 201-берене менен толукталсын:
"201-берене. Почта байланышы жаатындагы эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Почта байланышы ишканаларында эмгек шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, накталай акчаларды, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоо жана байланыш объекттерин кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугу берилет.
Ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын курал-жаракты жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Почта байланышы ишканалары өз каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.";
15) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кепилденген сапаттагы почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн алууга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
16) 24-статьяда:
а) "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 27-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- эл аралык почта жөнөтмөлөрү, телеграф билдирүүлөрү жана акча которуулары үчүн - Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашууларына жана актыларына ылайык.";
б) онунчу бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "бажы мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он үчүнчү бөлүктө "мыйзамдары" деген сөз "кылмыш-жаза мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 33-статьяда:
а) төртүнчү бөлүктө "өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагында транзиттик эркиндикке кепилдик берет жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагына кирет.";
19) 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана почта байланыш каражаттарын колдонууга жол бербөө
Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле почта байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт.
Почта байланышы каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузган жана жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында пайдаланууга тыюу салынат.
Айып пул салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Айып пул төлөө юридикалык жана жеке жактарды почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөнү аткаруудан бошотпойт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 173
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)