Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 256 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 166
"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 7-8, 763-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 5-пункт "тараптардын ортосунда жетишилген" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында (сотко чейинки өндүрүш, соттук териштирүү мезгилинде жана жаза аткаруу мезгилинде)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-пунктта "жорук жөнүндө иштин, жазык ишинин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда ", жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр алып салынсын;
3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сот өндүрүшүндө турган талаш-тартыш, кылмыш иши боюнча, ошондой эле жаза өтөө мезгилинде түзүлүүчү медиациялык макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде түзүлүүгө тийиш.";
4) 17-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Соттун же бейтарап соттун өндүрүшүндө турган талаш, кылмыш иши боюнча медиация, анын ичинде жаза өтөө мезгилиндеги медиация отуз календардык күнгө чейинки мөөнөттө аякталууга тийиш.";
5) 18-берененин 2-бөлүгү "аткаруу өндүрүшүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жазаны өтөө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 20-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Судья, арбитр, тергөөчү өз өндүрүшүндө турган талаштын же кылмыш ишинин тараптарын маалыматтык жолугушууга жиберүүгө укуктуу.
Жаза аткаруу тутумунун, пробация органынын кызматкерлери соттолгонду жаза өтөө мезгилинде маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө укуктуу.";
б) 2-бөлүктө "жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр алып салынсын;
7) 24-берененин биринчи абзацында "жорук жөнүндө иш," деген сөздөр алып салынсын;
8) 26-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кылмыш-жаза-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
б) 2-бөлүктө "жорукту же кылмышты жасоого шектелген адам" деген сөздөр "кылмышты жасоого шектелген адам же жазасын өтөп жаткан адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья," деген сөздөр "тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун, пробация кызматкери," деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 21-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |