Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 178
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2131 жана 2132-беренелер менен толукталсын:
"213-1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө мыйзамдарда белгиленген полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө коюлган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу
1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө тыюу салууну бузуу -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга тыюу салууну бузуу -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга тыюу салууну бузуу -
жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
213-2-берене. Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана көлдүн жээк зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу
1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салууларды бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 80 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин үчүнчү-он үчүнчү абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |