Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 171
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 47-берененин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;";
2) 105-берененин 8-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ж-1" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-1) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди;".
2-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-берененин төртүнчү абзацында "өндүрүштүк" деген сөз "окуу-өндүрүштүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 44-беренеде:
а) он биринчи бөлүктө "орто жана кесиптик жогорку" деген сөздөр алып салынсын;
б) он бешинчи бөлүктө "орто жана кесиптик жогорку" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |