Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 174
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58 (3393) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 14 жана 16-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 18-пункт "жеңилдетилген мезгил -" деген сөздөрдөн кийин "бир жолу" деген сөздөр менен толукталсын;
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 19-27-пункттар менен толукталсын:
"19) ЭКБ объекти - ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук энергиясын өндүрүүгө багытталган техникалык түзүлүштөр, алар менен өз ара байланышкан, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттин менчик ээсинин балансында турган ЭКБны пайдалануу боюнча объектти эксплуатациялоо үчүн технологиялык жактан зарыл болгон курулмалар жана инфратүзүм;
20) ЭКБ субъекти - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү (режимдердин бардык түрлөрү), берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар);
21) микрогенерация - электр энергиясын өлчөмүнө, технологиясына же отунга карабастан тармактан тышкары да же тармак менен параллелдүү негизде да ал керектелүүчү жерде же ага жакын жерде өндүрүү;
22) микрогенерация объектиси - эгерде мындай объекттин электр энергиясын электр тармагына берүү үчүн имараттагы бирден ашык орун жайды тейлөөгө багытталган, анын ичинде көп батирлүү үйдүн же турак үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген электр жабдуусу пайдаланылбаса, энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрү чыңалуусунун деңгээли 1 кВ ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВт ашпаган электр тармактык чарбанын объекттерине технологиялык жактан кошулган, электр энергиясын керектөөчүгө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, электр энергиясын өндүрүү боюнча объект;
23) электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - ЭКЭАС) - адистештирилген, метрологиялык аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен турган, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын берүүнү, аларды иштеп чыгууну, аныктыгын баалоону, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, автоматташтырылган режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү система.
ЭКЭАС, электрондук кол тамганы колдонууну кошуп алганда, документтештирүү системасы менен толукталышы мүмкүн;
24) эсептешүү борбору - электр энергиясынын (кубаттуулугунун) рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын аймагында электр энергиясын иштеп чыгууну, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган субъекттер үчүн маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (ЭКЭАС) аркылуу электр энергиясынын балансынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак;
25) Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) - аппараттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлүштөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлүштөрү ж.б.) жана программалык камсыз кылуудан (операциялык система, программалык тиркемелер ж.б.) турган электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын автоматтык түрдө топтоо жана иштеп чыгуу системасы;
26) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин реестри - мамлекеттик жөнгө салууга жана контролдоого тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы;
27) системалык оператор - Кыргыз Республикасынын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашырат.";
2) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
"15) айлана-чөйрөнү коргоо, суу объекттеринин гидрологиялык режимдерин өзгөртүүгө алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жана рекультивациялык иш-чараларды кыйшаюусуз аткаруу, балыктардын табигый урук чачуучу жерлерин, кыштоочу чуңкурларын, урук чачуучу миграция жолдорун сактоо, ал эми зарыл болгондо балыктардын анадромдук түрлөрү үчүн балык өтүүчү курулмаларды куруу.";
3) 8-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) суунун энергиясы пайдаланылган долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун 15 жылдык мөөнөткө, күндүн, шамалдын, биомассанын, жердин энергиясы пайдаланылган долбоорлор үчүн - 25 жылдык мөөнөткө белгилөө;";
б) 10-пунктта "эсепке алуу жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
"11) кайра жаралуучу энергетикалык ресурстарды баалоону жана статистикалык эсепке алууну кайра жаралуучу энергия жана отун жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин жүргүзүү жолу менен камсыз кылуу;
12) ЭКБдан алынуучу энергиянын бардык түрлөрүнө тарифтерди белгилөө методикасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.";
г) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-беренеде:
а) 6-пунктта "конкурстук тандоо жарыялоого укуктуу" деген сөздөр "(анын ичинде тарифти төмөндөтүүгө) конкурстук тандоону ЭКБны пайдалануу менен электр энергетикалык орнотмону куруу долбооруна бөлүнүп берилген жер участогу жана ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жана/же техникалык-экономикалык негиздеме болгон учурда гана жарыялоого укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мекеме жана энергетикалык компания менен биргеликте электр энергиясын берүү келишимине кол коюучу катары чыгууга укуктуу;";
5) 12-беренеде:
а) 3-пунктта "тиешелүү келишимди" деген сөздөр "тиешелүү электр энергиясын берүү келишимин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Электр энергиясын берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
в) 7-пунктта "орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке карата акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти көбөйтүү жолу менен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык белгиленет жана орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке төмөнкүдөй өлчөмдөрдө көбөйтүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 11-пункт "киргизүүдө эске алынат," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мекеменин каражаттарынын эсебинен жабылат" деген сөздөр менен толукталсын;
е) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) электр энергетикалык компаниялардын балансында турган, иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейтүү жана реконструкциялоо учурунда ЭКБны пайдалануучу объекттерди туташтыруу үчүн материалдарды сатып алуу, энергетикалык жабдууларды орнотуу жана оңдоо боюнча чыгымдар, ошондой эле алардын баланстык таандыктыгы өзүнчө келишим менен аныкталат;";
ж) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) ЭКБны пайдалануучу орнотмону туташтыруу архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча энергетикалык компания тарабынан берилген техникалык шарттардын негизинде жүргүзүлүшү керек;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 18-20-пункттар менен толукталсын:
"18) жеңилдетилген мезгилдин колдонулушу аяктагандан кийин ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүштүрүүчү компаниянын акыркы керектөөчүлөрү үчүн өткөн жылдагы орточо белгиленген тарифтин деңгээлинде белгиленет;
19) ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата алмашуу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык индексацияланууга тийиш;
20) ЭКБ субъекттери тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясы аны системалык оператордун диспетчердик командасы боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика системасына максималдуу күч келген сааттарда берүү үчүн ЭКБ субъектинин топтоочу түзүлүштөрүндөгү генерацияланган, топтолгон жана сакталган электр энергиясынын кубаттуулугун пайдаланууну кошпогондо, аны бир эле учурда иштеп чыгууда жана керектөөдө топтоого, сактоого, өз ара алмашууга жана кайтарып берүүгө тийиш эмес.";
6) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ЭКБ субъекттери бардык эсепке алуу түйүндөрүн эсептөө борборунун МТИБСде интеграциялоо менен ЭКЭАСти эсепке алуу приборлору менен жабдууга милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |