КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-январы № 1
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
3-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берененин 1-пунктунун он алтынчы абзацында "22ге" деген цифра "00гө" деген цифрага алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 20-январында № 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- алкоголдук продукцияларды сатуучу адамдар менен ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө калкка маалымдасын;
- алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө телеберүүлөрдү чыгарууну уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
|
|
|
2014-жылдын 4-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |