Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-августу № 183
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим.";
а) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте же өз ара мамиле принциптеринде киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук органдарынын, саламаттык сактоо жаатындагы тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режимин колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтотууга укуктуу.";
3) 6-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен жүрүшү, орун которушу мүмкүн.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш.";
4) 16-беренеде:
а) биринчи бөлүктүн 9-пунктунда "бир жыл" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн 9-пунктунда "бир жыл" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |