Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-октябры № 184
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 521-берене менен толукталсын:
"521-берене. Конституциялык соттун чечимин кайра кароо
1. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
2. Конституциялык сот мурда кабыл алынган актыны кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат.
3. Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун регламентинде аныкталат.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 06-октябрындагы № 80 (3529) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 28-сентябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |