Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 12-октябры № 187
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьяда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мүлктү мамлекеттин менчигине акысыз ажыратканда, юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине ажыратканда;»;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.»;
2) 11-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыраткан учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.»;
3) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берет;».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 6-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |