Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 10-октябры № 186
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2191-берене менен толукталсын:
"2191-берене. Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу
1. Лицензиясыз кумар оюндарын уюштуруу, өткөрүү жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик контораларда, тотализаторлордо аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) уюшкан топ тарабынан;
2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;
4) балдарды тартуу менен, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Оюн жабдуулары, оюндагы ставка жана утуш болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка киреше белгиленген тартипте алып коюлууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
159-берененин 1-бөлүгү "218," деген цифралардан кийин "2191," деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -
юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Лицензиясыз (уруксатсыз) оюн-зоок ишин уюштуруу үчүн жайларды берүү, -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 82 (3531) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 13-сентябрында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |