Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 19-октябры № 190
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кызматчылар милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш.
Кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган көлөмдө жана шарттарда саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 21-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |