Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-октябры № 194
2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө
1-берене
2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу денонсациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун денонсацияланганы жөнүндө Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 20-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |