Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-ноябры № 199
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар Жогорку Кеңештин депутаттарына жайылтылбайт.";
2) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) Кеңештин курамына шайланган Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары токтотулганда же мөөнөтүнөн мурда токтотулганда.";
б) 3-бөлүктө "3-25" деген цифралар "3-26" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотулбайт.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3543) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |