Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-ноябры № 200
2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 01-декабрындагы № 95 (3544) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |