Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 29-ноябры № 201
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 21 жана 22-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Турак жай-эксплуатациялык кооперативи - алардын акчалай баага ээ болгон мүлктүк үлүштүк мүчөлүк акыларын бириктирүүгө негизделген, көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн мүчөлүктүн негизинде турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин ыктыярдуу биригүүсү.
22. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативи - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, көп батирлүү үйдү же болбосо турак жай комплексин куруу үчүн мүчөлүктүн негизинде жеке жактардын ыктыярдуу биригүүсү.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:
"23. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи - кооперативдин мүчөлөрү тарабынан үлүштүк мүчөлүк акыларды бириктирүү жолу менен кооперативдин мүчөлөрүнүн турак жайлардагы керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн мүчөлүктүн негизинде жеке жактардын ыктыярдуу биригүүсү.";
в) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд - өзгөчө жагдайлар менен байланышкан чыгымдарды, тактап айтканда, кооперативдин карыздарын жана кредиттерин жабуу үчүн багытталган фонд. Кооперативдер мындай фондду түзүүгө жана өзүнүн уставында анын өлчөмүн, мүлктүк үлүшүн жана пайдалануу тартибин аныктоого милдеттүү.";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
"15. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу орган. Ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 2-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кооперативдин мүчөлөрү тарабынан анын ишин башкаруунун жана контроль жүргүзүүнүн демократиялуулугунун, кооперативдин башкаруу органдарынын кооперативдин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугуна негизделген кооперативдик жалпы чогулушуна шайлануусунунун жана отчеттуулугунун;";
3) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кооперативдер
1. Кооперативдер кооперативдин уставында каралган биргелешкен чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу негизде жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлөт.
2. Эгерде кооперативдердин ишинин негизги максаты пайда алуу болуп саналса, алар коммерциялык кооперативдер катары (айыл чарба кооперативи, финансылык кооператив жана башка) же пайда алуу алар үчүн ишинин негизги максаты болуп саналбаган өздөрүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыгында ишин жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес кооперативдер (турак жай-курулуш кооперативи, турак жай кооперативи, турак жай-эксплуатациялык кооперативи, өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүүчү кооперативдердин башка түрлөрү) катары түзүлүшү мүмкүн.";
4) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кооперативдин мүчөлөрүнүн минималдык саны
1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн саны жетиден кем эмес жана бир миңден көп эмес болууга тийиш.
2. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи өзүнө элүүдөн кем эмес мүчөнү камтууга тийиш.";
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 51-статья менен толукталсын:
"51-статья. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативдерин түзүүнүн жана ишинин өзгөчөлүктөрү
1. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлөрү каралбайт.
2. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативинин фирмалык аталышы "өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи" деген сөздөрдү камтышы керек.
3. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысы кооперативдин үлүштүк фондуна акчалай эквивалентте төлөнөт. Акчалай баага ээ болгон мүлк үлүштүк мүчөлүк акы катары салынышы мүмкүн. Үлүштүк фонддун максаттуу багыты - кооперативдин мүчөлөрү үчүн турак жай сатып алуу же куруу үчүн гана. Үлүштүк фонддун эсебинен кооперативдин чыгымдарын жабуу же аны карап күтүү каралбайт.";
6) 6-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кооперативдердин бирликтери кооперативдерге ушул Мыйзамдын 2-статьясында белгиленген кооперативдик принциптердин сакталышына аудитордук текшерүү жүргүзө алышат. Кооперативдик принциптердин сактоо предметине аудитордук текшерүү кооперативдин мүчөлөрүнүн таламдарынын кысымга алынышына алып келүүчү мүмкүн болуучу бузууларды болтурбоо жана кооперативдин ишинин начарлашына жол бербөө максатында кооперативдин мүчөлөрүнүн отчеттук чогулушун өткөргөнгө чейин бирлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
Финансылык аудит аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Бирликтер өздөрүнүн уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгондо ишкердик иш менен алектене алышат.";
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Бирликтин фирмалык аталышы ишинин негизги предметине көрсөтмөнү жана "бирлик" деген сөздү камтууга тийиш.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Турак жай-курулуш кооперативдерин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдерин бириктирүүчү кооперативдер бирлиги мүчөлүк уюмдарга финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөгө жана алардын аткарылышын контролдоого укуктуу.";
7) 8-статьяда:
а) 2-пунктта "кирүү мүчөлүк акыларынын" деген сөздөр "кирүү акыларынын жана мүчөлүк акылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес.";
8) 9-статьяда:
а) 1-пунктта:
- 14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) резервдик фондду жана өзгөчө кырдаалдар үчүн фондду түзүү тартибин, алардын суммаларын, мүлктүк үлүшүн аныктоону;";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Турак жай-курулуш кооперативинин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативинин уставы төмөнкү маалыматтарды дагы камтууга тийиш:
- үлүштүк мүчөлүк акынын бөлүгүнүн өлчөмү кооперативдин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысынын өлчөмүнүн 30 пайызынан кем болбоого тийиш, аны төлөгөндөн кийин кооперативдин мүчөсүнө пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн кооператив тарабынан турак жайды сатып алууга же курууга укук пайда болот;
- кооператив тарабынан тышкы булактардан тартылуучу зайымдык каражаттардын максималдуу өлчөмү кооперативдин үлүштүк фондунун өлчөмүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш;
- турак жай алуунун кезектүүлүгүнүн тартиби.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кайсы болбосун кызыкдар жак кооперативдин уставы менен таанышууга укуктуу. Кооператив кайсы болбосун кызыкдар жакка кооперативдин уставы менен, анын ичинде байланыштын электрондук каражаттары аркылуу таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.";
9) 12-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кооперативдин ар бир мүчөсүнө кагаз же электрондук түрдө мүчөлүк китепче берилет же болбосо ар бир мүчө үчүн кооперативдин веб-сайтында төмөнкү маалыматтарды камтыган жеке кабинети ачылат:";
10) 13-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кооператив кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрин өз алдынча жүргүзүүгө жана сактоого милдеттүү. Реестрди сактоо тартиби жана мөөнөтү кооперативдин уставында аныкталууга тийиш, мында кооперативдин кооперативде мүчөлүгүн токтоткон мүчөлөрү жөнүндө маалымат реестрде сакталууга тийиш, ал эми кооперативдин иши токтотулган учурда архивдик иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык архивге өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
2. Кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кооперативдин аткаруу органы жүргүзөт, ал кооперативдин мүчөлөрүнүн реестринин аныктыгы үчүн жоопкерчилик алат.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кооперативдин реестри өзүнө ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда каралган маалыматтарды камтууга тийиш.";
11) 14-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кооперативдин мүчөсү кооперативден өзү чыгып кеткенге чейин 12 айдан кечиктирбестен, ал эми турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү - 6 ай мурун кооперативдин башкармалыгына жазуу жүзүндө арыз берүү аркылуу өз ыктыяры менен чыгууга укуктуу.";
б) 3-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өзүнүн үлүштүк мүчөлүк акысын кооперативдин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүчү кооперативдин мүчөсү өзүнүн мүчөлүгүн арыз берген мөөнөттөн тартып 12 айлык мөөнөт өткөнгө чейин, ал эми турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү - 6 ай мурун токтотууга укуктуу.";
12) 16-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Чыгып кеткен мүчөнүн үлүшүнүн жана кооперативдин активдеринин анык наркы бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча финансылык жыл аяктаган күнгө карата бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.";
13) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кооперативди башкаруу органдарынын түзүмү
Кооперативди башкарууну кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, кооперативдик кеңеши жана аткаруу органы (башкармалык) жүзөгө ашырат. Эгерде кооперативдин мүчөлөрүнүн саны 50дөн ашык болсо, кооперативдин кеңеши милдеттүү түрдө түзүлөт.
Мүчөлөрүнүн саны 50дөн кем болгон кооператив өз ишин кеңешти түзбөстөн жүргүзө алат, бул учурда анын ыйгарым укуктары кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна өткөрүп берилет.";
14) 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда жалпы чогулуш кабыл алган бардык чечимдер камтылууга тийиш. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколуна жалпы чогулушка катышкан бардык мүчөлөр колдорун коюшу керек. Жалпы чогулуш жана добуш берүү сырттан же болбосо онлайн-форматта өткөрүлгөн учурда, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушка жана добуш берүүгө катышуусу кооперативдин ички актыларында белгиленген мөөнөттө эсептөө комиссиясы тарабынан документтештирилүүгө тийиш.";
15) 19-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен же болбосо уставда каралган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.";
16) 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Кооперативдин кеңешинин жыйналышынын жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт, анда кеңеш кабыл алган бардык чечимдер камтылууга тийиш. Кооперативдин кеңешинин жыйналышынын протоколуна кеңештин жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлууга тийиш.";
17) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Кооперативдик кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги
1. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү жана башкармалыгынын мүчөлөрү кооперативдин кызыкчылыгында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш жүргүзүүгө тийиш. Алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган кооперативдин кызматтык жана коммерциялык сырын түзгөн маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
2. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн өз милдеттерин ак ниетсиз аткаруусунун, кеңештин мүчөлөрү жана башкармалыктын мүчөлөрү анын жыйынтыгында негизсиз байыган бүтүмдү жасоосунун кесепетинен улам, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кооперативдин уставын бузган учурда кооперативге келтирилген чыгымдардын орду кооперативге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилүүгө тийиш.";
18) 24-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацында "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Текшерүү комиссиясы кооперативдин мүчөлөрүнүн таламдарынын кысымга алынышына, кооперативдин ишинин начарлашына же анын банкрот болушуна алып келүүчү мүмкүн болгон эреже бузуулардын алдын алуу максатында кооперативдин финансылык-чарбалык ишин текшерүүнү, ошондой эле кооперативдин бүткүл ишинин ушул Мыйзамга жана башка ченемдик актыларга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырат. Текшерүү комиссиясы текшерүү жүргүзүүгө квалификациялуу адисти тартууга укуктуу. Турак жай-курулуш кооперативине жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативине текшерүү жүргүзүүдө текшерүү комиссиясы текшерүү жүргүзүүгө көз карандысыз аудитордук уюмду (аудиторду) тартууга милдеттүү.";
в) 5-пунктта "кооперативдин башкармалыгына жана кооперативдин кеңешине жазуу жүзүндө корутунду берет" деген сөздөр "кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, кооперативдин башкармалыгынын жана кооперативдин кеңешинин кароосуна жазуу жүзүндөгү корутундуну берет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кооперативдин иши ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 3-пунктуна ылайык тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн. Мындай учурда аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдин кеңеши же кооперативдин текшерүү комиссиясы тарабынан (эгерде кооператив ишин кеңеш түзбөстөн жүзөгө ашырса) жүзөгө ашырылат. Мында аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Турак жай-курулуш жана турак жай-топтомо кооперативинде кооперативдин бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу аудитордук уюм (аудитор) тарабынан ар жыл сайын текшерилүүгө тийиш.";
19) 26-статьянын 3-пункту "кооперативдин уставында" деген сөздөрдөн кийин "жана кооперативдердин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 19-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |