Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XXXV кезектеги сессиясы
2021-жылдын 17-февралы №194/35-27
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдаланууга караштуу мамлекеттик “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын “Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” (ОЖмЖжСБИ) филиалынын балансынан таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплексин Орловка шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, Орловка шаардык кеңештин туруктуу өнөр жай жана жер комиссияларынын чыгарган корутундусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 17,18 беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6 беренесинин негизинде, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдаланууга караштуу мамлекеттик “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын “Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” (мындан ары ОЖмЖжСБИ) филиалынын балансынан таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплексин, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, атайын техникалары, инженердик ички түзүмү жана башкасы менен чогуу Орловка шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы ОЖмЖжСБИнын таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплексин муниципалдык менчикке алганга чейинки мындан мурунку финансалык жана башка милдеттерине эч кандай жоопкерчилигин албайт.
3. Орловка шаарынын мэриясы:
- муниципалдык менчик балансына ОЖмЖжСБИнан таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплекси, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, атайын техникалары, инженердик ички түзүмү жана башкасы менен чогуу өткөрүлүп алынсын.
- мындан ары таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплексинин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкана түзүлсүн.
- 2021-жылдын бюджетинде таза суу менен камсыздоо жана суу өткөрүү тутумдарынын мүлк комплексин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн бюджеттен акча каражат каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаардык кеңештин туруктуу өнөр жай жана жер комиссияларына жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрөгасы | Д. Сарбаев |