КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-марты № 63
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |