Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 710
Автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7296712, кузовунун № ХТА21213041740660 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарда автотранспорт каражатын кайра каттоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |
|