Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 730
"Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
Тиркеме
|
|
Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Учурдагы Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелери сүрүлүү кыймылга келтиргичи, барабандуу же жылдызча кыймылга келтиргичи бар электр лифттеринин түзүлүшүнө жана орнотулушуна, лифттерди эксплуатацияга киргизүүгө, эксплуатациялоого, техникалык диагностикалоого жана лифттердин иштешине диспетчердик көзөмөл жүргүзүлүшүнө болгон жана ошондой эле төмөнкүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт:
1) лифттерди пайдалануучулардын;
2) лифттерди тейлөөчү персоналдын;
3) лифттерди инспекциялык көзөмөл жүргүзгөн адамдардын;
4) лифт шахтасынын, машина жана блок жайларынын (эгерде бар болсо) сыртындагы жана лифттерди максатына жараша колдонуу, аларды техникалык тейлөө жана ремонттоо учурунда объекттерди коргоочу адамдардын.
Учурдагы Эрежелер Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Учурдагы Эрежелер тоо-кен жана көмүр өнөр жайларында, кемелер жана башка сууда жүрүүчү каражаттарда, самолеттордо жана башка учуучу аппараттарда орнотулган лифттерге, жана ошондой эле аскердик максаттарга арналган атайын жүктү көтөрүүчү ара тиштүү жана винттүү механизми бар лифттерге жайылтылбайт.
2. Лифттик жабдуу конструкциясы, эгерде анын өлчөмү, массасы жана формасы кол менен ташып жеткирүүгө мүмкүндүк бербесе, жүк көтөрүүчү каражаттарды колдонуу аркылуу ташып жеткирүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
3. Жеткирилген ар бир лифт төмөнкү документтер менен комплекттелүүгө тийиш:
1) төмөнкүлөрдү камтыган эксплуатация боюнча колдонмо:
а) чогултуу, жөндөө, тууралоо, текшерүү жана сыноо жүргүзүү тартиптери боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган монтаждоо нускамасы;
б) эксплуатацияга киргизүүнү, арналган максаты боюнча колдонууну, техникалык тейлөөнү, күбөлөндүрүүнү, текшерүүнү, оңдоону жана сыноону камтыган эксплуатация мезгилинде лифттерди колдонуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрсөтмөлөрү;
в) тез иштен чыгуучу тетиктер тизмеси;
г) адамдарды кабинадан коопсуз эвакуациялоонун ыкмалары;
д) утилдештирүүнүн алдында эксплуатациялоодон чыгаруу мөөнөтү.
2) ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык паспорт;
3) ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык монтаждоонун чиймеси;
4) элементтердин тизмеси тиркелген принциптүү электрдик схема;
5) принциптүү гидравликалык схема (гидравликалык лифттерге);
6) Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин талаптарына ылайык лифттин, лифттин коопсуздук түзүлүштөрүнүн, өрткө каршы эшиктердин сертификаттарынын көчүрмөсү.
Документтердин комплекттелишине жана мазмунуна лифт менен камсыздоочу жоопкерчиликтүү болот.
Бир моделдеги бир нече лифттерди жеткирип берген учурда, документтердин комплекттеринин саны камсыздоочу менен заказ ээсинин макулдашуусу аркылуу аныкталат (бирок, 5 лифтке 1 комплекттен кем эмес, ошол эле убакта ар бир лифт паспорт менен камсыздалышы керек). Паспорт жоголгон учурда лифттерди камсыз кылгандар тарабынан дубликат берилет.
Башка өлкөлөрдөн келген лифттер мамлекеттик жана (же) расмий тилдердеги документтер менен коштолот.
4. Жабдуунун жайгаштырылышы боюнча монтаждык чиймеге өзгөртүү киргизүүгө лифттерди монтаждоону, техникалык тейлөөнү жана ремонттоону ишке ашырган уюмга уруксат берилет, лебедканын жайгаштырылышын өзгөртүүдөн башкасына.
Өзгөртүүлөр өзгөртүүнү киргизген уюмдун адисинин кол тамгасы, уюмдун мөөрү, же штампы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
5. Лифттин конструкциясы бузулуп же электр энергиясы жактан камсыздоо токтоп калганда, адамдарды кабинадан эвакуациялоого ыңгайлуу болууга тийиш.
Эвакуациялоо адамдарды коопсуз эвакуациялоонун ыкмаларын окуп үйрөнгөн персонал тарабынан ишке ашырылышы керек.
6. Лифттин конструкциясы кабинаны кармагычтардан төмөнкү ыкмалардын бири менен чечип алуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш;
1) кол менен, кыймылга келтиргичке таасир берүүчү түзүлүштүн жардамы аркылуу;
2) электр кыймылга келтиргичтин жардамы менен;
3) стационардык жана ордун алмаштыруучу жүк көтөрүүчү каражаттардын жардамы менен.
7. Эксплуатациялык режимдерде кабинанын автоматтык токтотулушунун тактыгы ± 35 мм чегинде болууга тийиш.
8. Кабинанын жумушчу ылдамдыгынын номиналдуу ылдамдыктан айырмасы 15%дан көп болбошу керек.
9. Учурдагы Эрежелерде колдонулган негизги терминдердин аныктамасы 1-тиркемеде берилген.
2-глава. Электр лифттеринин жабдуусунун курулуш бөлүгүнө жана жайгаштырылышына карата негизги талаптар
§ 1. Лифттин шахтасынын түзүлүшү
10. Лифттин жабдуусун жайгаштырууга арналган курулуш бөлүгү лифтти эксплуатациялоодо жана сыноолордо пайда болуучу күч келтирүүлөргө, ошондой эле бардык тарткыч элементтер үзүлгөндө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайыкташтырылышы керек.
11. Лифтти жайгаштырууга арналган курулуш бөлүгү өрт коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын нормаларына туура келүүсү керек.
12. Лифттин жабдуусун жайгаштырууга арналган жайлар (шахта) үчүн жылытуучу жана желдетүүчү түзүлүштөрдүн зарылдыгы имаратты (курулманы) долбоорлоо убагында иштеп чыгаруучу завод тарабынан эксплуатациялоо шарттарына койгон талаптарга ылайык аныкталат.
13. Лифттин шахтасы адамдар, же жабдуулардын болушу мүмкүн болгон катарлаш аянтчалардан жана тепкичтерден төмөнкүлөрдүн жардамы менен бөлүнүп турушу керек:
1) дубал, пол жана жабуу;
2) коопсуздукту камсыз кылуучу аралык.
14. Лифттин кабинасы, каршы салмагы жана кабинаны тең салмактоочу түзүлүш бир шахтада болууга тийиш.
15. Лифттин шахтасынын тосмосунда төмөнкү көзөнөктөр менен тешиктерге жол берилет:
1) этаж аянтчаларында лифттин шахта эшиктеринин орундары;
2) жабдууну тейлөөгө арналган эшиктердин жана авариялык эшиктердин орундары, ошондой эле кароочу люктар үчүн көзөнөктөр;
3) өрт учурунда газ жана түтүндү жок кылууга арналган чыгаруучу көзөнөктөр;
4) желдетүү көзөнөктөрү;
5) лифттин иштеши үчүн зарыл болгон жана лифттин шахтасы менен машиналык же блок жайынын ортосунда жайгашкан көзөнөктөр.
16. Адамдарга жеткиликтүү жерлердеги туташ тосмолордун (1-сүрөт) бийиктиги төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) этаж аянтчасында лифттин шахтасынын эшиги тарабынан 3,5 метрден кем эмес;
2) эгерде лифттин кыймылдоочу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден ашпаса, башка тараптардан 2,5 метрден кем эмес.
1-сүрөт. Лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык:
А - лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык; Б - тосмо менен этаж ортосундагы жабуулардын, тепкичтердин жана аянтчалардын четтеринин ортосундагы аралык; Н1 - этаж аянтчасы тарабындагы тосмонун бийиктиги; Н2 - башка тараптарындагы тосмонун бийиктиги.
Эгерде лифттин кыймылдоочу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден ашса, 2,5 метр чоңдукту 2,0 м аралыкта 1,1 метрден кем эмес бийиктикке чейин азайтууга мүмкүн (2-сүрөт).
2-сүрөт. Лифттин кыймылдуу элементтерине чейинки аралыктан көз карандылыктагы шахтанын тосмосунун бийиктиги; А - лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык; Н - тосмонун бийиктиги
Тосмо менен этаж аралык жабуулардын, тепкичтердин жана аянтчалардын четтеринин ортосундагы аралык 0,15 метрден ашпашы керек.
17. Лифттин шахтасынын туташ тосмосу аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчага текши бөлүштүрүлгөн, жана анын кайсы жеринде болбосун тик бурч түрдө коюлган, серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган 300 Нге барабар күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле убакта калдык деформациясына жол берилбейт.
18. Адамдарга жеткиликтүү болгон жерлердеги шахтаны тосуу үчүн колдонулуучу жалпак же формага келтирилген айнек панелдер көп катмарлуу айнектен жасалып, ушул Эрежелердин 16-пунктунун талаптарына ылайык болгон бийиктикте болушу керек.
19. Асылма багыттагычтарды эсепке албаган учурда, лифтти багыттагычтардын ар биринин астындагы чуңкурчанын полу, кармагычтар иштеген учурда пайда болуучу аракеттин багыттагычтарынын массасынан пайда болгон күчкө эсептелинет.
20. Кабина буферинин таягычтарынын астындагы чуңкурчанын полу төмөнкү формула менен аныкталуучу статикалык күч келтирүүгө эсептелиши керек:
gn ×( K + Q ) (Н), мында
К - кабинада илинип туруучу конструкциялык элементтердин жана кабинанын массасы (илинип туруучу кабелдин, тең салмактоочу аркандардын жана чынжырлардын бөлүгү жана башкалар) (кг);
Q - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (масса) (кг);
gn - эркин түшүүнү ылдамдатуунун чоңдугу (9,81 м/с2).
21. Каршы салмактын таганчыктарынын астындагы же жүрүүчү тең салмактоочу жүк зонасындагы чуңкурчанын полу төмөнкү формула менен аныкталуучу статикалык күч келтирүүгө эсептелиши керек:
4 gn ×( K + xQ ) (H) - каршы салмак үчүн;
4 gn × xK (Н) - кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү үчүн, мында:
K - кабинанын жана кабинада илинип туруучу конструкциялык элементтердин (илинип туруучу кабелдин, тең салмактоочу аркандардын жана чынжырлардын бөлүгү) (кг);

gn - эркин түшүүнү ылдамдатуунун чоңдугу (9,81 м/с2);
x (каппа) - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүктү каршы салмактын жардамы менен тең салмактоонун коэффициенти, же кабинанын массасын кабинаны тең салмактоочу түзүлүштүн жардамы менен тең салмактоонун коэффициенти;
Н - тосмонун бийиктиги.
22. Лифттин астындагы чуңкурчанын түбүндө адамдарга жеткиликтүү жай бар болсо, чуңкурчанын негизи 5000 Н/м2 кем эмес күч келтирүүгө туруштук берүүгө эсептелиши керек, ал эми каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү кармагычтар менен жабдылышы зарыл.
23. Илинип туруучу багыттагычтардын бекитилген жерлери багыттагычтардын массасы менен түзүлгөн, жана кармагычтар иштегенде пайда болуучу күчтүн суммасына барабар күч келтирүүгө эсептелиши керек.
24. Катарлаш этаждык аянтчалардагы лифттин шахтасынын эшиктеринин тешик орундарынын босоголорунун ортосундагы аралык 11 метрден көп болсо жана жүргүнчүлөр бир лифттин кабинасынан башка лифттин кабинасына өтүү мүмкүндүгү жок болсо, шахтада эшиктеринин орундарынын босоголорунун ортосундагы аралык бийиктик боюнча 11 метрден ашпагандай кылып авариялык эшиктер орнотулушу керек.
Адамдарды эвакуациялоого мүмкүндүк берүүчү лифттин шахтасына туташ аянтча жок болгон учурларда (авариялык эшиктердин орнотулушу талап кылынган зонада), авариялык эшиктерди орнотпоого өнөр-жай коопсуздугу тармагында контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган) макулдугу менен уруксат берилет.
25. Желдетүүчү көзөнөктөр перпендикулярдуу багытта 10 Н күч келтирүү менен басканда диаметри 21 мм болгон шарик өтпөй тургандай тор менен жабылат. Тордун механикалык бекемдиги ушул Эрежелердин 21-пунктунун талаптарына жооп бериши зарыл.
26. Лифттин шахтасынын ички беттери (кайсы болбосун этаждык аянтчадагы шахтанын босогосунан төмөн жеринде) төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) лифттин шахтасынын эшигинин босогосу менен түздөн-түз бириккен вертикалдуу, туташ жылмакай бетти түзүшү керек; анын бийиктиги эшиктин ачылуу зонасынын жарымынан жана ага кошумча 0,05 метрден кем болбоого, ал эми туурасы - кабинанын кире бериш көзөнөгүнүн туурасынан жана ага кошумча ар бир жагынан 0,025 метрден кем болбоого тийиш.
2) 100 мм ашкан урчуктары болбоого тийиш. 50 мм ашкан урчуктар горизонталга карата 75º кем эмес кыйгач бурчту түзүшү керек.
3) кийинки эшиктин ордунун үстүндөгү туташтыргыч менен бириктирилиши керек, же төмөн карай горизонталдык бетке карата 60º бурчту түзгөн жылмакай кыйгач бет катары уланышы керек. Бул кыйгач беттин горизонталдык бетке түшкөн проекциясы 20 мм аз болбошу керек.
27. Кабинанын каршы салмагынын же тең салмактоочу түзүлүшүнүн кыймылдоо зонасы тейлөөчү персоналга жеткиликтүү жактан чуңкурчанын полунун деңгээлинен 2,5 метрден кем эмес бийиктикте тосулушу зарыл. Чуңкурчанын полунун деңгээлинин жана тосмонун төмөнкү бөлүгүнүн ортосундагы аралык 0,3 метрден ашпасы зарыл.
Тосмонун (стационардык же алынуучу) туурасы ар бир жагынан тең салмактагычтын туурасынан жана ага кошумча 0,1 метрден кем болбошу керек.
Тосмодо тешик бар болсо, ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптары аткарылууга тийиш.
Төмөнкү учурларда тосмо орнотпоого уруксат берилет:
1) толугу менен кысылган буферде орун алган каршы салмактын төмөнкү чекити менен чуңкурчанын полунун деңгээлинин ортосундагы аралык 2,5 метрден көп болгондо;
2) каршы салмакка бекитилген компенсациялоочу аркандардын жана чынжырлардын өтүү аймагында.
28. Шахтада бир нече лифт орун алышы мүмкүн. Бул учурда ар башка лифттердин кыймылдуу бөлүктөрүнүн ортосунда тосмо орнотулушу тийиш.
Тосмо чуңкурчанын полунан же кабинанын, каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн жүрүшүнүн төмөнкү чекитинен башталып, төмөнкү этаждык аянтчанын полунун деңгээлинен 2,5 метрден кем эмес жерде аяктоого тийиш.
Эгерде бир лифттин кабинасынын төбөсүнүн четинен тартып катарлаш кабинанын, каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кыймылдуу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден кем болсо, тосмо шахтанын жалпы бийиктигин бойлото орнотулушу керек же тосмону кабинанын чатырына орнотуу керек.
Шахтанын жалпы бийиктигин бойлото орнотулган тосмонун туурасы кыймылдуу бөлүктүн же анын тосулууга тийиш болгон элементтеринин туурасынан аз болбоого (плюс 0,1 м ар бир капталынан) тийиш.
Тосмолордо тешиктер болсо, ушул Эрежелерге карата
9-тиркемесинин талаптары да аткарылууга тийиш.
§ 2. Лифттин шахтасынын бийиктиги
29. Аркан менен кыймылга келтирилүүчү шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедка менен жабдылган шахтанын бийиктиги каршы салмак толугу менен кысылган буферлерде турганда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) кабинанын багыттагычтар боюнча (0,1 + 0,035 v2) * (м) кем эмес аралыкка жүрүшүнүн мүмкүндүгү;
Эскертүү: 0,035 v2 чоңдугу номиналдуу ылдамдыктан 15%га ашкан ылдамдыкта жүргөн кабинанын тормоздук жолунун жарымына барабар: 1,15 v2/2 = 0,0337 v2, тегеректегенде 0,035 v2.
2) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х0,8 м аз эмес параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик. Түз илмектүү лифттерде тартуучу аркандар жана аларды бекиткичтер аркандар параллелепипеддин вертикалдуу беттеринин биринен 0,15 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан шартта бул мейкиндиктен орун алса болот.
30. Аркан менен кыймылга келтирилүүчү шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедка менен жабдылган лифттин кабинасы толугу менен кысылган буферлерде турганда, каршы салмактын багыттагычтар боюнча 0,1 + 0,035 v2 (м) аз эмес аралыкка жүрүү мүмкүндүгү камсыздалышы керек.
Тартуучу блоктору бар тең салмактоочу аркандар менен жабдылган лифттер үчүн секирикке каршы (токтотуучу же бекитүүчү түзүлүш) түзүлүш менен жабдылган лифттер үчүн жылчыктардын эсептерин жүргүзгөндө 0,035 v2 чоңдугун блоктун мүмкүн болгон жүрүшүнүн чоңдугуна алмаштырса болот (колдонулуучу запастан көз карандылыкта) плюс кабинанын көтөрүлүү бийиктигинин 1/500 бөлүгү, бирок аркандардын серпилгичтигин эске алуу менен 0,2 метрден кем болбошу керек.
31. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттин бийиктиги кабинанын жогорку этаждын деңгээлинен жогорку буферге чейин 0,5 м аз эмес аралыкка жүрүшүн камсыз кылышы керек.
32. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттин кабинасы толугу менен кысылган жогорку буферлерде турганда, төмөнкүлөр камсыз болууга тийиш:
1) кабинанын төбөсүндөгү тейлөөчү персонал үчүн аянтчанын деңгээли менен кабинанын проекциясында жайгашкан шахтанын жабуусунун төмөнкү бөлүгүнүн ортосундагы орун (устундарды жана жабуунун астындагы конструкциялык элементтерди кошкондо) 1 метрден кем болбоого тийиш;
2) шахтанын жабуусунун төмөнкү бөлүгү менен кабинанын төбөсүндө орнотулган жабдуунун деталдарынын ортосундагы орун 0,3 метрден аз болбойт, ал эми багыттоочу башмактардын же роликтердин, аркандардын бекиткичтеринин, туташтыргычтардын бөлүктөрүнүн же вертикалдуу ачылуучу эшиктердин бөлүктөрүнүн ортосундагы орун - 0,1 метрден аз эмес;
3) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х0,8 м аз эмес параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик. Түз илмектүү лифттерде тартуучу аркандар жана алардын бекиткичтери бул мейкиндикте аркандар параллелепипеддин вертикалдык беттеринин бирөөнөн 0,15 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан шартта жайгаштырылышы мүмкүн.
33. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифт толугу менен кысылган буферлерде турганда, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн багыттагычтарынын бийиктиги анын андан ары 0,3 метрден аз эмес аралыкка жүрүү мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
§ 3. Чуңкурча
34. Лифттин шахтасынын төмөнкү бөлүгүндө чуңкурча болууга тийиш. Чуңкурча ага грунттук жана агынды суулардын киришинен сакталышы жана тейлөөчү персоналдын чуңкурчага коопсуз кирүүсүн камсыздоосу зарыл. Тереңдиги 2,5 метрден ашкан чуңкурчага кирүү үчүн ушул Эрежелердин 85-пунктунун талаптарына ылайык эшик менен жабдылат.
35. Тереңдиги эшиктин тешик ордунун босогосунан тартып 0,9 метрден ашкан чуңкурча эшиктин ордуна жеткиликтүү чекте жайгашкан стационардык түзүлүш (тепкич, скобалар) менен жабдылат.
36. Кабина толугу менен кысылган буферлерде турганда төмөнкүлөр камсыздалышы керек:
1) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х1,0 м аз эмес тик бурчтуу параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү чуңкурчадагы бош мейкиндик;
2) чуңкурчанын полунан тартып кабинанын төмөнкү бөлүктөрүнө чейинки орун 0,5 метрден кем болбойт. Чуңкурчанын полу менен башмактардын, кабинанын босогосунун астындагы калкандардын, кабинанын вертикалдуу ачылуучу эшиктеринин элементтеринин, ошондой эле багыттагычтардан 0,2 метр чегинде жайгашкан кабинанын каркасынын жана кармагычтарынын деталдарынын ортосундагы орунду 0,1 метрге чейин азайтууга уруксат берилет.
37. Лифттин шахтасында ушул Эрежелердин 295-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү орнотулууга тийиш.
Коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жайгаштырылышы чуңкурчага кирүү үчүн эшикти ачып жатканда жана чуңкурчанын полунан анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы керек. Чуңкурчанын тереңдигине жараша бир же эки түзүлүш орнотулушу керек:
1) эгерде чуңкурчанын полунан ага кирүүчү эшиктин босогосуна чейинки аралык 1,55 метрден ашпаса, анда чуңкурча бир электр коопсуздук түзүлүшү менен камсыз кылынат:
- чуңкурчанын полунан электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 2,0 метрден көп болбошу керек.
- чуңкурчага кирүүчү эшиктин босогосунун деңгээлинин үстүнөн электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,45 метрден аз болбошу керек;
- эшиктин орундарынын зонасындагы четки чекиттерден электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,75 метрден ашпашы керек.
2) эгерде чуңкурчанын полунан ага кирүүчү эшиктин босогосуна чейинки аралык 1,55 метрден көп болсо, анда чуңкурча эки электр коопсуздук түзүлүшү менен жабдылууга тийиш:
- чуңкурчага кирүүчү эшиктин босогосунун деңгээлинин үстүнөн жогорку электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 1,0 метрден аз болбоого тийиш;
- эшиктин ордунун зонасындагы четки чекиттеринен жогорку электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,75 метрден көп болбоого тийиш;
- чуңкурчанын полунан төмөнкү электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 1,2 метрден көп болбоого тийиш.
38. Лифттин шахтасында лифтке тиешеси жок жабдууларды орнотууга, коммуникацияларды өткөрүүгө жол берилбейт; буга өрткө каршы жана коргоо сигнализациясы, диспетчердик контролдун тутумдары, шахтаны жылытуучу жана желдетүүчү системалар кирбейт. Ошол эле убакта ар кандай жылытуучу аппаратураны башкаруу жана жөнгө салуу түзүлүштөрү лифттин шахтасынан сырткары жайгаштырылышы керек.
39. Лифттин шахтасынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 313-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Лифттин шахтасынын жарыктандырылышы шахтанын ичинен жана/же машиналык жайдан ишке ашырылышы керек. Шахтада орнотулган жарыктандыруунун өчүргүчү шахтанын эшигин ачканда жеткиликтүү болууга тийиш: эшиктин ордунун зонасындагы босогонун четки чекиттеринен өчүргүчтүн башкаруучу элементине чейинки горизонталдык аралык 0,75 метрден көп болбошу керек.
40. Лифттин чуңкурчасында ушул Эрежелердин 312-пунктунун талаптарына жооп берген электр розеткасы каралууга тийиш.
§ 4. Кабинанын, каршы салмактын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралык
41. 3-сүрөттө көрсөтүлгөн кабинанын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралыктар лифттин иштөө мөөнөтүнүн бардык мезгилинде камсыздалууга тийиш.
3-сүрөт. Кабинанын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралыктар
42. Лифттин шахтасынын ички бети менен кабинанын босогосунун ортосундагы горизонталдык аралык, шахтанын эшигинин ордунун рамкалоосу менен кабинанын эки жакка ачылма эшиктеринин жакын турган каалгасына чейинки аралык 0,15 метрден көп болбошу керек.
Төмөнкү учурларда бул аралыктарды чоңойтууга болот:
1) бийиктиги 0,5 метрден ашпаган шахтанын участогунда - 0,2 м;
2) вертикалдуу эки жакка ачылма эшиктер менен жабдылган жүк ташуучу лифттин бардык көтөрүлүү бийиктиги боюнча - 0,2 м.
Эшиктердин ачылуу зонасында гана ачылуучу механикалык кулпу менен жабдылган кабиналар үчүн бул аралык чектелбейт. Кабина эшиги жабылып турганда гана кыймылга келүүгө тийиш, ушул Эрежелердин 97-пунктунда каралган окуяларды эске албаганда.
43. Кабинанын босогосу менен лифттин шахтасынын босогосунун ортосундагы горизонталдык аралык 0,05 метрден көп болбоого тийиш.
44. Кабинанын эшигинин жапкычтары менен лифттин шахтасынын эшигинин жапкычтарынын ортосундагы горизонталдык аралык 0,12 метрден көп болбоого тийиш.
45. Шахтанын бурулуп ачылма эшиги менен кабинанын бүктөлмө эшиги айкалышканда, бул эшиктердин ортосундагы ачык орундардан диаметри 0,15 м болгон шар (цилиндр) өтпөшү керек (4-сүрөт).
4-сүрөт.
46. Кабинанын бул элементтери менен каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн ортосундагы горизонталдык аралык 0,05 метрден аз болбошу керек.
4-глава. Жабдууларды жайгаштыруу
§ 1. Жайларга кирүү
47. Лифттин жабдуулары - лебедка, аны менен байланыштуу механикалык жана электр түзүлүштөрү жана блоктор атайын сырткы факторлордун таасиринен корголгон жайда сакталышы керек. Бөтөн адамдардын бул жайга киришине уруксат берилбейт.
48. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларына өтүү жолдорунун жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 315-пунктунун талаптарына ылайык болуусу тийиш.
49. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларга кирүү горизонталдык аянтчалар аркылуу ишке ашырылат.
Жай жана ага кирүү жолдору 0,35 метрден ашкан ар кандай деңгээлдерде жайгаштырылса, төмөнкү шарттарга жооп берген стационардык тепкичтер колдонулушу керек.
1) бийиктиги 1,50 метрден ашкан тепкичтер горизонталга карата 60ºтан ашпаган бурчта орнотулууга тийиш.
2) тепкичтин көзөнөктөрүнүн туурасы 0,35 метрден кем эмес, баскычтардын туурасы - 25 ммден кем болбоого тийиш. Вертикалдуу тепкичти орноткон учурда, баскычтардан тепкичтин артындагы дубалга чейинки аралык 0,15 метрден кем болбоого тийиш. Баскычтар 1500 Н күч келтирүүгө эсептелип жасалышы керек.
3) бийиктиги 0,5 метрден ашкан тепкичтер бийиктиги 0,9 метрден аз тосмолор же тутка менен жабдылууга тийиш;
4) тепкичтин бийиктиги 4,0 метрден көп болбошу керек.
Жабдуу жайгаштырылуучу жайдын эшиги менен кыймылсыз тепкичтин ортосунда горизонталдуу аянтча болушу керек. Эшиктин ачылуу линиясынан тартып аянтчага туташ тепкичтин ортосунда 500 ммден кем эмес аралык калышы керек. Аянтчанын өлчөмдөрү ачылма эшиктин толугу менен ачылышына мүмкүндүк берүүгө тийиш. Деңгээлдеринин айырмасы 500 ммден ашкан аянтча бийиктиги 900 ммден кем эмес тосмолор менен жабдылууга тийиш.
50. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларда лифтке тиешеси жок жабдууну орнотууга, коммуникацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
Бул жайларда төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) лифттерди тейлөө үчүн арналган механизмдер жана куралдар;
2) желдетүүчү, кондициялоочу жана абаны жылытуучу (буу менен жылытуудан башка) жабдуулар;
3) коргоо жана өрткө каршы сигнализация.
4) өрт өчүрүү жабдуулары.
51. Жайда ремонт иштерин жүргүзүүгө арналган жүк көтөрүүчү каражаттардын илмеги үчүн түзүлүш орнотулушу керек. Ал түзүлүштө же анын жанында жүк көтөрүмдүүлүгүнүн жана мүмкүн болгон күч келтирүүнүн чоңдуктары көрсөтүлүүгө тийиш.
Ремонт иштерин коопсуз жүргүзүүнү камсыздоочу башка жүк көтөрүүчү каражаттарды колдонууга уруксат берилет.
§ 2. Машина жана блок жайлары
52. Машина жана блок жайлар бардык тараптарынан жана бүт бийиктиги боюнча туташ тосмолору, жабуусу жана полу болууга тийиш.
53. Машина жана блок жайлардын тосмосу ушул Эрежелердин 17-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Машина жана блок жайлардын полу тайгак эмес жана чаң пайда кылбагандай капталып же май боёк менен сырдалууга тийиш. Машина жайынын дубалдары жана шыптары ачык түстөгү май боёк менен сырдалууга тийиш. Шыпты жана 2000 ммден ашкан бийиктиктеги дубалдарды ачык түстөгү желимдүү же суу-эмульсиялуу боёк менен сырдоого уруксат берилет. Машина жайында чакан жүк көтөрүүчү каражаттан тышкары, монтаждык жана ремонттук иштерди аткарууга арналган жүк көтөрүүчү каражаттын илмектүү түзүлүшү орнотулууга тийиш.
54. Машина жана блок жайларына кирүүчү эшиктер кулпулары менен бирге, бекитилген абалда аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана эшиктин панелине анын ар кандай чекитине жана ар кандай серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган жагына тик бурч менен басылган 300 Н барабар күчкө туруштук берүүгө тийиш; муну менен бирге калдык деформацияга жол берилбейт.
55. Машина жайга люк аркылуу кирүүгө болбойт.
Машина жайына кирүүчү эшик туташ болбоого тийиш жана ичин карай ачылбашы керек. Эшик ордунун өлчөмдөрү:
- туурасы - 0,8 метрден аз эмес;
- бийиктиги - 1,8 метрден аз эмес.
56. Блок жайга кирүүчү эшик туташ болбоого тийиш жана ичин карай ачылбашы керек. Эшиктин ордунун көзөнөгүнүн өлчөмдөрү:
- туурасы - 0,6 метрден аз эмес;
- бийиктиги - 1,4 метрден аз эмес.
Блок жайына машиналык жайдан люк аркылуу кирүүгө болот.
57. Блок жайына адамдардын кирүүсүнө арналган люктун өлчөмдөрү 0,8х0,8 м аз болбошу керек. Люктун капкагы туташ болууга тийиш. Люктун капкагын ачуу үчүн жумшалган күч 150 Н көп болбошу керек.
Люктун капкагы анын кайсы жеринде болбосун 0,2 м х 0,4 м аянтка басылган 2000 Н барабар күч келтирүүгө калдык деформациясыз туруштук берүүгө тийиш.
Суурма тепкич менен байланышкан учурун эске албаганда, люктун капкагы төмөн карай ачылбашы керек.
58. Чакан жүк көтөрүүчү лифттен башка лифттерде - шахтанын үстүндө жайгашкан машина жайынын полунда жабдууларды берүү жана ремонттук иштерди жүргүзүү үчүн люк орнотулушу керек. Материалдарды жана жабдууну машина же блок жайга берүү үчүн арналган люктун туташ капкагы төмөн карай ачылбашы керек. Люктун капкагын ачуу үчүн талап кылынуучу күч 150 Н көп болбошу керек.
Люктун капкагынын бекемдиги ушул Эрежелердин 57-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
59. Машина жана блок жайларына кирүүчү люктардын эшиктери жана капкактары сыртынан ачкыч менен, ал эми жайдын ичинен ачкычсыз ачыла турган кулпулар менен жабдылууга тийиш.
Машина жайынан блок жайына кирүүчү люктун капкагы кулпу менен жабдылбашы мүмкүн.
Материалдарды берүү үчүн гана пайдаланылуучу люктардын капкактарын ичинен гана бекитүүгө уруксат берилет.
60. Машина жайындагы жабдууларды тейлөө зонасынын бийиктиги 2,2 метрден аз болбоого, жабдууларды тейлөө зонасына өтүү жолдорунун көзөнөгүнүн бийиктиги 1,8 метрден аз болбоого тийиш.
Шахтанын жабуусунан тартып монтаждык жана ремонттук иштерди жүргүзүү үчүн арналган жүк көтөрүүчү каражаттардын илмеги үчүн пайдаланылуучу устундардын төмөн жагына чейинки аралык 2 метрден аз болбошу керек.
Өтүү жолдорунун же тейлөө зонасынын бийиктиги полдон тартып жабуу элементтерине чейинки аралык менен өлчөнөт.
Лебедканын тегеренүүчү бөлүктөрүнүн үстүндө бийиктиги 0,3 метрден аз эмес мейкиндик болушу зарыл.
Машина жайында лебедка жайгаштырылса, машина жайда аны текшерүү, сыноо жана тейлөө мүмкүндүгү болгон учурда лифттин шахтасында аркан сүйрөтмө шкивдин болушуна уруксат берилет.
61. Блок жайынын полдон тартып жабуунун элементтерине чейинки аралыкта өлчөнгөн бийиктиги 1,5 метрден кем болбошу керек.
Блоктордун үстүндө бийиктиги 0,3 метрден кем эмес бош мейкиндик болууга тийиш.
62. Машина жайын жайгаштырылган башкаруу түзүлүштөрүнүн алдында төмөнкүдөй өлчөмдөгү тейлөө зонасы (бош аянтча) каралышы керек:
1) шкафтардын жана панелдердин сырткы беттеринен тартып өлчөнгөн тереңдиги 0,75 метрден кем эмес;
2) туурасы шкафтын же панелдин толук туурасына барабар, бирок 0,5 метрден кем эмес.
63. Машина жайында жайгаштырылган механикалык жабдуунун кыймылдуу бөлүктөрүн тейлөө жана кабинаны кол менен жылдыруу үчүн 0,5х0,6 м өлчөмдөгү тейлөө зонасы (бош аянтча) каралууга тийиш.
64. Ушул Эрежелердин 62 жана 63-пункттары боюнча тейлөө зоналарына өтүү зоналарынын туурасы 0,5 метрден аз болбошу керек. Кыймылдуу бөлүктөр жок болсо, бул аралыкты 0,4 метрге чейин азайтууга болот.
65. Блок жайында башкаруу түзүлүшү жайгаштырылса, бул жайлар ушул Эрежелердин 60, 62, 64-пункттарынын талаптарына жооп бериши керек.
66. Полу бир нече деңгээлден турган машиналык же блоктук жайда бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүү үчүн горизонталга карата 60º чоң эмес бурчтагы стационардык тепкич (баскычтар) орнотулушу керек же деңгээлдердин айырмасы 0,35 метрден көп болсо, 20º чоң эмес эңкейиштүү пандус орнотулушу керек.
Машиналык же блоктук жайлардын полдорунун деңгээлдеринин айырмасы 0,5 метрден көп болсо, башка аянтка өтүү үчүн арналган тепкич (баскычтар), пандус бийиктиги 0,9 метрден кем эмес тосмолор менен жабдылышы керек. Жогорку аянтча деңгээлдери айырмалуу жерлеринде ушундай тосмолор менен жабдылат.
67. Лифттин шахтасынын үстүндөгү көзөнөктөрдүн айланасында жабуунун же полдун деңгээлинен 0,05 метрден аз эмес ашып турган чакан борттор орнотулушу керек. Көзөнөктүн четинен ал аркылуу өтүүчү кыймылдуу элементтерге чейинки минималдуу аралык 0,01 метрден аз болбоого тийиш.
68. Машина жайынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 316-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Жарыктандыруунун өчүргүчү машина жайына кире бериштен 0,75 метрден ашпаган аралыкта, полдун деңгээлинен 1,6 метрден ашпаган бийиктикте орнотулат.
Машина жайында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык азыктандыруу розеткасы орнотулушу керек.
69. Блок жайынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 317-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Жарыктандыруунун өчүргүчү блок жайына кире бериштен 0,75 метрден ашпаган аралыкта, полдун деңгээлинен 1,6 метрден ашпаган бийиктикте орнотулат.
Блок жайында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык азыктандыруу розеткасы орнотулушу керек.
Блок жайында башкаруу түзүлүштөрү бар болсо, ушул Эрежелердин 69-пунктунун талаптары аткарылууга тийиш.
70. Блок жайында кире бериштин (кире бериштердин) жанында ушул Эрежелердин 296-пунктунун талаптарына жооп берген коопсуздуктун электр түзүлүшү болууга тийиш.
71. Машина же блок жайларын алар аркылуу чатырга же лифтке тиешеси жок башка имараттарга (курулмаларга) өтүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
§ 3. Лифттердин жабдууларын машина жайысыз жайгаштыруу
72. Жабдуулар жайгаштырыла турган шахтанын элементтери лифтти эксплуатациялоо жана сыноо процессинде пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек.
73. Жайдын бийиктиги шахтадагы конструкциялардын кырларынан полдогу өтүү жолдоруна же тейлөө зонасынын полуна чейинки аралык менен өлчөнөт.
Кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик - өзүнүн беттеринин бириндеги 0,5х0,6х0,8 м аз эмес өлчөмдөгү параллелепипедди эркин жайгаштырууга мүмкүн болгон бош мейкиндик.
Кыймылга келтиргичтин тегеренүүчү бөлүктөрүнүн үстүндө бийиктиги 0,3 метрден аз эмес бош мейкиндик болууга тийиш. Бул талап шахтанын жабуусунун астында жайгаштырылган кыймылга келтиргичке жайылтылбайт.
74. Шахтада жайгаштырылган башкаруу түзүлүштөрүн тейлөө үчүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй болгон тейлөө зонасы (бош аянтча) каралууга тийиш:
1) шкафтардын же панелдердин сырткы беттеринин тереңдиги - 0,75 м аз эмес;
2) туурасы шкафтын, же панелдин толук туурасына барабар, бирок 0,5 метрден аз эмес;
3) лифттин шахтасынын жабуусунун астында монтаждоо жана ремонттоо иштерин жүргүзүүгө арналган жүк көтөрүүчү каражаттарды илүү үчүн түзүлүш орнотулушу керек.
75. Шахтада орун алган механикалык жабдуунун кыймылдуу бөлүктөрүн тейлөө үчүн өлчөмдөрү 0,5х0,6 м кем эмес тейлөө зонасы (бош аянтча) жана кабина блокировкаланган учурда тейлөөчү персонал үчүн тейлөө зонасынан өз алдынча чыгып кетүү мүмкүндүгү каралууга тийиш.
76. Жүргүнчүлөрдү кабинадан эвакуациялоону, ошондой эле динамикалык сыноолорду жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү башкаруу ушул Эрежелердин 78-пунктунун талаптарына ылайык шахтанын сыртында ишке ашырылышы керек.
77. Шахтада жайгаштырылган жабдууну (лебедка, аны менен байланыштуу механикалык жана электр түзүлүштөр жана блоктор) тейлөөнү жана текшерүүлөрдү кыймылсыз кабинанын чатырында ишке ашырууга уруксат берилет. Муну менен катар төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) тейлөө жана текшерүүлөр боюнча иштерди жүргүзүүдө кабинанын контролдоого мүмкүн болбогон же күтүлбөгөн кыймылы блокировкаланууга тийиш. Бул максатта кармагычтарды пайдаланууга жол берилет.
2) блокировкалоочу түзүлүштү аракетке киргизүү 307-пунктка ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролго алынышы керек.
78. Жабдууну техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча чуңкурчадагы иштер төмөнкү шарттарды сактоо менен ишке ашырылышы мүмкүн:
1) кабинаны токтотуу үчүн түзүлүш каралышы керек. Кабина токтогондон кийин кабинанын чыгып турган элементтери менен чуңкурчанын полунун ортосундагы аралык 2,0 метрден кем болбошу керек.
2) блокировкалоочу түзүлүштү аракетке келтирүү ушул Эрежелердин 298-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен ишке ашырылат.
79. Жабдууну тейлөө мүмкүн болбогондо, ушул Эрежелердин 77 жана 78-пункттарына ылайык лифттин шахтасындагы стационардык аянтча пайдаланылышы керек.
Аянтча кайсы жерде болбосун өлчөмү 0,2х0,4 м аянтка 200 Н басым келтирүү күчүнүн калдык деформациясына туруштук берүүгө тийиш.
Аянтча ушул Эрежелердин 135-пунктунун талаптарына жооп берген тосмолор менен жабдылышы керек.
Аянтчанын баштапкы (жумушчу эмес) абалы ушул Эрежелердин 297-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен контролго алынууга тийиш.
Аянтча аны жумушчу абалга келтирүү үчүн арналган түзүлүш менен жабдылышы керек. Бул түзүлүштү иштетүү шахтанын сыртынан ишке ашырылат.
80. Жабдуу жайгаштырылган зонага жарык берүү ушул Эрежелердин 318-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Шахта ичиндеги тейлөө зонасында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык жарык берүүнүн өчүргүчү жана азыктандыруунун розеткасы орнотулат.
81. Шахтанын сыртында жайгашкан лифттин жабдуусу эшиги (эшиктери) бар шкафта жайгаштырылышы керек. Эшик шкафтын ичин карай ачылбашы керек жана ачкыч менен ачылуучу кулпу менен жабдылууга тийиш. Эшик ачкычсыз бекитилиши мүмкүн.
Жабдууну тейлөө үчүн ушул Эрежелердин 74 жана 75-пункттарынын талаптарына ылайык тейлөө зонасы каралышы керек.
Шкафтын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 319-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш, жарыктандыруунун өчүргүчү шкафтын ичинде орнотулушу керек.
82. Башкаруу түзүлүштөрү ушул Эрежелердин 76-пунктунун талаптарына ылайык санкциясыз кийлигишүүдөн корголууга жана төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) "Машина жайынан башкаруу" режими ушул Эрежелердин 257-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш;
2) кабинанын кыймылынын багыты жана анын эшиктердин ачуу зонасына жетүүсү жөнүндө индикация же кыймылга келтиргичтин иштешине байкоо жүргүзүү мүмкүндүгү.
Башкаруу түзүлүштөрүнө жарык берүү ушул Эрежелердин 320-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Башкаруу түзүлүштөрүнүн алдында өлчөмдөрү 0,5х0,6 м аз эмес жана бийиктиги 2,0 метрден аз эмес бош аянтча болууга тийиш.
Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн жүргүнчү менен тейлөөчү персоналдын ортосунда эки тараптуу байланыш каралышы керек.
5-глава. Лифттердин механикалык жабдуусу
§ 1. Шахтанын эшиги
83. Лифттин шахтасынын дубалдарындагы лифттин кабинасына кирүү орундары туташ эшиктер менен жабдылууга тийиш.
84. Лифттин шахтасынын эшиктери тийиштүү имараттын же курулманын өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек.
85. Лифттин шахтасынын эшиктери кулпулары менен бирге, бекитилген абалда аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана эшиктин панелине анын кайсы болбосун чекитине жана кайсы болбосун серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган жагына тик бурчтуу 300 Н барабар күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш; муну менен бирге күч келтирүү токтотулгандан кийин калдык деформацияга жана эшиктин иштөөсүнүн өзгөрүшүнө жол берилбейт.
86. Этаждык аянтчадагы шахтанын эшигинин ордунун бийиктиги 2,0 метрден аз болбоого тийиш.
87. Лифттин шахтасынын эшигинин ордунун туурасы кабинанын эшигинин ордунун туурасынан чоң болбошу керек.
88. Шахтанын эшигинин орду кабина жүктөлгөндө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелген босого менен жабдылат.
89. Эки жакка ачылуучу автоматтык эшиктердин сырткы бетинде 0,003 метрден ашкан чуңкур же урчуктар болбошу керек. 0,003 метрден ашпаган чуңкурлардын же урчуктардын четтери эшиктер ачылган багытта тегизделүүгө же жумуруланууга тийиш.
90. Эшиктин тосмолору үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык көп катмарлуу айнекти колдонууга жол берилет.
Бул талап ушул Эрежелердин 93-пунктуна ылайык тунук кароо панелдерине жайылтылбайт. Ар бир айнектин төмөнкү маалыматты камтыган маркировкасы болбоого тийиш:
1) айнекти жеткирип берүүчү фирманын аталышы жана соода маркасы:
2) айнектин тиби;
3) айнектин маркировкасы.
91. Механикалык кыймылга келтирүүчү эшиктер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) Механикалык кыймылга келтирүүчү автоматтык эшиктер.
Эшиктин жабылып калышына жол бербөө үчүн зарыл болгон күч 150 Н көп болбошу керек, эшиктин жылышынын биринчи үчтөн бир бөлүгүн эсепке албаганда. Жабылуунун орточо ылдамдыгынын шартында шахтанын эшигинин жана бул эшик менен бекем бириктирилген механикалык деталдардын кинетикалык энергиясы 10 Дж көп болбошу керек.
Жылдырып ачылма эшикти жабуунун орточо ылдамдыгы, ал жылган бардык жолунан төмөнкүлөрдү кемитүү менен эсептелет:
а) эки жакка жылдырып ачылма эшиктер учурунда - каалгаларынын четки абалдарынан 0,025 м.
б) капталынан ачылуучу эшиктер учурунда - каалгаларынын четки абалдарынан 0,05 м.
Эшик ордунда турган тоскоолдукка каалга жеткенде же жетерде эшик түзүлүштөрү ачылып бараткан эшиктерди автоматтык түрдө артка кайтарышы керек (реверсирлөө).
Реверсирлөө түзүлүштөрү кабинада орнотулат. Бул түзүлүштү шахтанын эшигине орнотууга уруксат берилет. Эшиктин ар бир алдыңкы каалгасынын акыркы 0,05 м жылдырылышы бул түзүлүштүн таасиринен тышкары болушу мүмкүн.
Өз ара бириктирилген кабина менен шахтанын эшиктери бирге аракетке келтирилгенде, бул пункттун талаптары алардын бирдиктүү эшик механизми үчүн күчүндө кала берет.
Эшик ордунда тоскоолдук болгондо реверс өчүп калса, шахтанын эшигинин кинетикалык энергиясы, реверс өчүп тургандагы эшиктин кыймылы убагында 4 Дж көп болбошу керек.
Бүктөлмө эшиктин ачылып кетишинин алдын алуу үчүн зарыл болгон күч 150 Н көп болбоого тийиш. Бул күчтү өлчөө эшик ачылып турган шартта ишке ашырылат, муну менен бирге панелдердин катарлаш сырткы четтеринин ортосундагы же панелдин сырткы чети менен эшиктин порталынын ортосундагы аралык 0,1 ± 0,01 м болууга тийиш.
2) Вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктер.
Вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктер жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилбеген жүк ташуучу лифттерде гана колдонулат.
Ошол эле учурда.
а) каалгалар аз дегенде эки көз карандысыз көтөрүүчү элементтерге бекитилиши керек.
б) көтөрүүчү элементтердин бекемдигинин запасы 8 ден аз болбоого тийиш;
в) көтөрүүчү элементтер катары болот аркандар колдонулган учурда аркан курчаган шкивдин диаметринин аркандын диаметрине болгон катышы 25тен аз болбошу керек;
г) кол менен ачылуучу (жабылуучу) эшиктин каалгалары тең салмактандырылууга тийиш;
д) көтөрүүчү элементтер шкивдердин нуктарынан жана жылдызчаларынан чыгып кетүүдөн сакталышы керек.
92. Шахтанын автоматтык бурулуп ачылма эшигин жабуу үчүн жумшалуучу күч 150 Н көп болбоого тийиш.
93. Шахтанын кол менен ачылуучу эшиги үчүн этажда кабинанын бар экендиги жөнүндө маалымат каралышы керек:
1) шахтанын эшигинде бир же бир нече тунук кароочу терезе болууга тийиш, алар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
а) Ушул Эрежелердин 85-пунктунун талаптарына ылайык механикалык бекемдиги;
б) тунук бөлүгүнүн калыңдыгы - 0,006 метрден аз эмес;
в) лифттин шахтасынын бир эшигинин тунук терезесинин жалпы аянты 0,015 м2 аз эмес;
г) терезенин тунук бөлүгүнүн туурасы - 0,06 метрден аз эмес жана 0,15 метрден көп болбоого тийиш. Кароочу эшиктердин төмөнкү четинин туурасы - 0,08 м болуп, этаждык аянтчасынын деңгээлинен 1,0 метрден кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек;
же
2) "бул этажда кабина бар" деген жазуусу бар жарык сигналы.
94. Каалгалардын ортосундагы, эшиктин ордунун байламасы менен каалгалардын ортосундагы же эшик жабылып тургандагы каалгалар менен босоголордун ортосундагы жылчык 0,006 метрден көп болбошу керек.
Горизонталдуу-жылдырып ачылма же бүктөлмө эшиктердин алдыңкы эшик панелинин (панелдеринин) ачуу багытында кайсы болбосун чекитине кол менен (инструментсиз) 150 Н барабар күч менен басканда, көрсөтүлгөн жылчыктар төмөнкүлөрдөн көп болбошу керек:
1) капталынан ачылуучу эшиктер үчүн - 0,03 м;
2) ортосунан ачылуучу эшиктер үчүн - 0,045 м.
95. Шахтанын горизонталдуу-жылдырып ачылма жана вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктери жабык абалында төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) горизонталдуу-жылдырып ачылма эшиктердин каалгалары эшиктин ордунун байламасын үстүнөн жана капталдарынан жана вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктерде - бардык жактарынан 0,015 м жабылышы керек; бир жактуу жылдырып ачылма эшиктерде каалганын бекитилип тагылуучу эшик ордунун байламасын каалганын жаап калбашына уруксат берилет.
2) горизонталдык-жылдырып ачылма эшиктин каалгасы бир жактуу жабылса, бир каалганын экинчи каалганын үстүнөн жабышы 0,015 метрден аз эмес, ал эми бул каалгалардын ортосундагы жылчык 0,006 метрден көп болбошу керек.
96. Этаждык аянтчадагы шахтанын эшиги кабина этаждык аянтчанын деңгээлинен 0,2 аралыкка жылып кете электе жабуучу автоматтык кулпу менен жабдылууга тийиш.
Автоматтык кулпу ушул Эрежелердин 102-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда эшиктин шахтанын сыртынан ачылышына жол бербеши керек,
97. Шахтанын жана кабинанын эшиктери автоматтык жабдылган лифтте алардын кабинанын этаждык аянтчага жакындаганда ачылышына уруксат берилет, кабинанын полунун деңгээли менен этаждык аянтчанын полунун деңгээлинин ортосундагы аралык 0,2 метрден көп болбосо, ошол эле учурда кабинанын жүрүү ылдамдыгы 0,63 м/с көп болбошу керек.
98. Жүк ташуучу лифтте, жүктөп-ташуу иштерин жүргүзүп жатканда, кабинаны этаждык аянтчанын деңгээлине чейин шахтанын жана кабинанын эшиктери ачык бойдон жеткирүүгө уруксат берилет, кабинанын полунун деңгээли этаждын аянтчасынын полунун деңгээлинен 0,2 м аралыктын чегинде болсо, ошол эле учурда кабинанын жүрүү ылдамдыгы 0,3 м/с көп болбоого тийиш.
99. Шахтанын эшигинин автоматтык кулпусунун бекитүүчү элементи кулпунун кабыл алуучу бөлүгүнө (5-сүрөттө көрсөтүлгөндөй) 0,007 м кем эмес чоңдукка киргенден кийин мүмкүн болбоого тийиш.
5-сүрөт. Шахтанын эшигинин автоматтык кулпусунун бекитүүчү түзүлүшү
Эшиктин автоматтык кулпусунун бекитүүчү түзүлүшү ушул Эрежелердин 280-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнө түздөн-түз таасир бериши керек.
100. Шахтанын бекитилген эшиги 300 Н күч жумшаганда да ачылбашы керек.
101. Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин лифтин Бажы бирлигине ылайык сертификаты жок болсо, шахтанын эшигинин кулпусу сыноодон өтүүгө тийиш.
Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин негизинде шахтанын эшигинин кулпусунун сыноосун белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
Кулпуда даярдоочу фирма жана идентификациялык номери көрсөтүлгөн табличка болууга тийиш.
102. Шахтанын эшиги сыртынан атайын ачкыч менен ачылууга тийиш.
Шахтанын эшиктеринин ачылуу зонасында кабина жок болсо, шахтанын автоматтык эшиги ачылгандан кийин автоматтык түрдө ачылып-жабылышы керек.
103. Этаждык аянтчадагы кол менен ачылуучу шахтанын эшиги автоматтык кулпудан тышкары автоматтык кулпу менен же эшикти жабык абалында кармап туруучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
104. Этаждык аянтчадагы шахтанын ар бир эшиги ушул Эрежелердин 277-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен жабдылууга тийиш.
Шахтанын автоматтык горизонталдык-жылдырып ачылма эшигинин бул түзүлүшүн эшиктин жабылып калышын контролдоочу түзүлүш менен бириктирсе болот, эгерде анын аракетке келтирилиши шахтанын эшигинин жабылышынан көз каранды болсо.
Кулпу менен бекитилбөөчү жылдырылып ачылма эшиктин каалгаларынын жабылышы ушул Эрежелердин 281-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен контролдонот. Бул талап каалгалары жабык абалында ажыратылгыс кинематикалык байланыш менен бириктирилген эшиктерге жайылтылбайт.
Ийкемдүү кинематикалык байланыш, мисалы, аркан, кур же чынжыр аркылуу бириктирилген бир нече каалгалардан турган көп каалгалуу жылдырылып ачылма эшиктерде бир гана эшикти бекитүүгө мүмкүн, эгерде мындай бир жолку бекитүү башка каалгалардын ачылышынын алдын алса жана каалгалар туткалар менен жабдылбаса.
105. Эшик каалгалардын багыттагычтардан чыгып кетишине бөгөт коюучу түзүлүш менен жабдылышы керек.
Лифттин шахтасынын горизонталдуу-жылдырылма эшиктеринин үстүндө жана астында багыттагычтары болууга тийиш.
Лифттин шахтасынын вертикалдуу-жылдырылма эшиктеринин эки жагында багыттагычтары болууга тийиш.
106. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, шахтанын кароо люктары.
Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктеринин өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 1,8 м аз эмес;
- туурасы - 0,6 м аз эмес.
Авариялык эшиктердин өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 1,8 м аз эмес;
- туурасы - 0,35 м аз эмес.
Кароо люктарынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 0,5 м көп эмес;
- туурасы - 0,5 м көп эмес.
107. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, ошондой эле кароо люктары шахтанын ичин көздөй ачылбашы керек.
108. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, кароо люктары ачкыч менен ачылуучу кулпу менен жабдылууга тийиш; бул эшиктерди жана люктарды ачкычсыз ачууга жана жабууга уруксат берилиши мүмкүн.
Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер жана авариялык эшиктер шахтанын ичинен жабык болгон учурда дагы ачкычсыз ачылууга тийиш.
109. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, ошондой эле кароо люктары туташ болууга тийиш; лифттин шахтасынын этаждык аянтчадагы эшиктеринин механикалык бекемдигине коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш, ошондой эле, ушул имаратка же курулмага коюлган өрткө каршы талаптарга ылайык келиши керек.
110. Ушул Эрежелердин 282-пунктуна ылайык эшиктердин жана люктардын жабылышы коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролдонууга тийиш.
§ 2. Багыттагычтар
111. Кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын кыймылы катуу болот багыттагычтар боюнча ишке ашырылышы керек.
112. Багыттагычтар, алардын бекитилген жана бириктирилген жерлери лифттин жумушчу режиминде жана аларга сыноолорду жүргүзүүдө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелүүгө тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн күч келтирүүлөрдүн таасири менен пайда болгон багыттагычтардын ийилүүсү төмөнкүлөргө алып келбеши керек:
1) багыттагычтардан кабинанын башмактарынын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын чыгып кетиши;
2) шахтанын эшигинин өз алдынча ачылып кетиши;
3) коопсуздук түзүлүшүнүн иштөө шартынын бузулушу.
113. Багыттагычтардын ийилүүсүнүн эсептик чоңдугу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1) кармагычтар менен жабдылган кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтары үчүн эки огу боюнча 0,005 м;
2) кармагычтар менен жабдылбаган каршы салмактын же кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтары үчүн эки огу боюнча 0,01 мм.
114. Кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтарынын бийиктиги - кабина, каршы салмак жана кабинанын тең салмактагычы четки жумушчу абалдын чегинен чыгып кеткен учурда башмактар багыттагычтардан чыгып кетпегендей болушу керек.
115. Багыттагычтардын катарлаш бөлүктөрүнүн учтары бириктирилген жерде өз ара жылышып кетүүдөн сакталышы керек.
116. Багыттагычтардын бекитилген жерлери имарат басырылганда же бетон кысылганда жана температуралык деформацияларда багыттагычтарды жөнгө салуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
§ 3. Лебедка
117. Лифттерде лебедкалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
1) шкивдүү же сүрүлүү барабаны менен, аркандар жана курларды пайдалануу менен;
2) барабандуу, аркандары менен;
3) жылдызча жана чынжыр (чынжырлар) менен жабдылган.
118. Лебедка жана анын бекитүү элементтери лифтти эксплуатациялоо жана сыноо учурунда пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка кошумча түрдө кабинаны жогорку буферге койгондо пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелиши керек.
119. Барабандуу же жылдызчалуу лебедканы номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с ашпаган лифттерде колдонууга уруксат берилет.
120. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттерде каршы салмакты колдонууга уруксат берилбейт; кабинаны тең салмактоочу түзүлүштү колдонууга жол берилет.
121. Шкивдүү же сүрүлүү барабаны менен жабдылган лебедкада тартуучу элементтердин (аркандардын же курлардын) шкив же барабан менен биригишкен, башкача айтканда жумушчу режимде жана сыноолордо күчтү сүрүлүү аркылуу берүү жөндөмдүүлүгү камсыз кылынышы керек.
122. Шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедкада төмөнкүлөрдүн көтөрүү мүмкүндүгү болбошу керек:
1) каршы салмак буферде турган жана иштеткич ушул Эрежелердин 263-пунктунда эскертилген убакыттын чегинде көтөрүүдө иштеп жаткан абалдагы бош кабина.
2) кабина буферлерде турган жана кыймылга келтиргич ушул Эрежелердин 263-пунктунда эскертилген убакыттын чегинде ылдый түшүүдө иштеп жаткан абалдагы каршы салмактын көтөрүлүшү.
123. Аркандардын, курлардын же чынжырлардын кыймылга келтиргичтин элементтеринин (шкив, барабан, жылдызча) жана тормоздук барабандын (дисктин) ортосунда ажыратылгыс кинематикалык байланыш болууга тийиш.
Электр кыймылдаткычынан тегеренүүчү буроочу моментин берүү үчүн курлар берүүсүн колдонууга жол берилет. Курлардын саны 2ден аз болбошу керек жана алардын керилүүсү ушул Эрежелердин 279-пункту боюнча контролдонушу керек.
124. Лебедканын жеткиликтүү тегеренүүчү элементтери:
1) курлар жана чынжырлар;
2) шкивдер, блоктор, шестернялар жана жылдызчалар;
3) кыймылдаткычтын, сүрүлүү шкивинин (барабанынын) чыгып турган валдары кокустан тийип алуудан тосулуп, сакталууга тийиш.
Жумушчу эмес беттери сары түстө боёлууга тийиш болгон кабинаны кол менен башкарып жылдыруунун штурвалдарын, тормоздук барабандарын жана жылмакай цилиндрлик валдарын тосуп сактабоого жол берилет.
125. Аркандар, курлар жана чынжырлар кыймылга келтиргич жана багыттоочу элементтер лифттин жумушчу режимдеринин, ошондой эле аларды сыноолордун учурунда чыгып кетпеши керек.
126. Лифттин электр азыктандыруусу өчүп калган убакта кабинаны жылдыруу мүмкүндүгү каралышы керек:
1) кабинаны кол менен башкарып жылдыруу үчүн лебедка штурвал менен жабдылышы мүмкүн, муну менен бирге кабинаны номиналдуу күч келтирүү менен жогору жылдыруу үчүн зарыл болгон күч 235 Н көп болбошу керек. Чабактуу штурвалды же кривошиптик тутканы колдонууга болбойт.
2) чечип-тагылуучу штурвал машина жайында сакталышы керек. Машина жайында бир нече лебедка болсо, чечип-тагылуучу штурвалдарда тийиштүү лифттин тийиштүү лебедкасынын маркирлөөсү, (боёлушу) болууга тийиш. Ушул Эрежелердин 293-пунктунун талаптарына жооп берген коопсуздук электр түзүлүшү штурвал лебедкага орнотулганда коопсуздук чынжырын ажыратышы керек.
Штурвалды тегереткен учурдагы кабинанын кыймылынын багыты лебедкада же түздөн-түз штурвалда көрсөтүлүүгө тийиш.
3) кабинаны штурвал менен жылдырып жаткан учурда машина жайынан кабинанын эшиктин ачылуу зонасында тургандыгын контролдоо мүмкүндүгү каралышы керек.
127. Барабандуу лебедка колдонулганда, мындан тышкары төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) барабанда винттик сызык боюнча жасалган, аркандын диаметрине ылайык келген нукчалар болбоого тийиш;
2) кабина (каршы салмак) толугу менен кысылган буферлерде турганда, барабанда ага бекитилген аркандардын ар бири үчүн, бир жарым запастык ором кысып бекитүүчү түзүлүштүн астындагы оромдорду эсепке албаганда калыш керек;
3) барабанда аркандын бир гана катмары оролууга тийиш;
4) аркандардын айларга карата четтөөсүнүн бурчу 4° көп болбошу керек;
5) барабанда оролгон аркандын деңгээлинен аркандын диаметринен аз бийиктикке ашып турган ребордалар болбоого тийиш. Аркан бекитиле турган жерде реборданы жасоого жол берилбейт.
128. Лебедка автоматтык түрдө аракетке келтирилүүчү нормалдуу-туюк типтеги механикалык тормоз менен жабдылышы керек.
1) тормоздук момент кысылуу пружинасынын же жүктүн жардамы менен түзүлүүгө тийиш.
2) тормоз тормоздоонун эки тутумунан турууга тийиш, тормоздук барабанга же дискке күч менен таасир этүү процессине катышкан тормоздун бардык механикалык элементтери, анын ичинде электромагниттин түрткүчү кайталанышы керек.
3) тормоздоонун ар бир тутуму лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнө барабар массадагы жүгү бар кабинаны токтотууга жана кармап турууга жетиштүү тормоздоочу күчтү түзүүгө тийиш.
4) лента тормоздорун колдонууга жол берилбейт.
5) ушул Эрежелердин 126-пунктуна ылайык кабинаны кол менен башкарып жылдырууга арналган лебедка кол менен башкарып тормоздоочу түзүлүш менен жабдылууга тийиш. Бул түзүлүшкө берилүүчү таасир токтотулганда, тормоздун аракети автоматтык түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш.
§ 4. Кабина
129. Лифттин кабинасы жумушчу режимде жана сыноолордун убагында пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек.
130. Кабинанын купесинде туташ дубалдары, полу жана шыптык жабуусу (чатыры) жана пайдалануучулар кирүүгө орундар болууга тийиш. Авариялык люктар жана эшиктер үчүн орундар болушу мүмкүн.
131. Кабинанын дубалдары тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана анын кандай болсун серпилгич деформациясы 15 мм көп болбогон чекитине кабинанын ичинен 300 Н ашкан басым күчүнө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле учурда калдык деформацияга жол берилбейт.
132. Кабинаны тосуу үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык сыноолордон өткөн көп катмарлуу айнек колдонулушу мүмкүн.
Ар бир айнектин төмөнкү маалыматты камтыган маркировкасы болууга тийиш;
1) айнекти иштеп чыгарган фирманын аталышы жана соода маркасы;
2) айнектин тиби;
3) айнектин маркировкасы.
Полдун деңгээлинен 1,1 м төмөн жайгаштырылган кабинанын дубалынын айнеги 0,9-1,1 м бийиктикте орнотулган жана айнектен көз карандысыз орнотулган тутка менен жабдылышы керек. Тосмолор кайсы болбосун чекитке ар кайсы убакта 440 Н менен горизонталдык күч басым келтирүүгө жана 1270 Н менен басым вертикалдык келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
133. Кабинанын үстү кайсы жеринде болбосун 0,2х0,4 м аянтка калдык деформациясыз 2000 Н менен басым келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
134. Кабинанын чатырында тейлөө персоналы үчүн аянты 0,12 м2 аз бош аянтча каралышы керек. Аянтчанын эң кичине жагынын узундугу 0,25 м аз болбошу керек.
135. Кабинанын чатырынын сырткы четинен шахтанын тосмосуна чейин горизонталдык тегиздикте өлчөнгөн жылчык 0,3 м көп болсо, анда кабинанын чатыры ушул жылчык тараптан бийиктиги 0,9 м болгон тосмо менен жабдылышы керек.
Жылчыктарды өлчөөдө шахтанын тосмосунда орун алган 0,3х0,3 м (узундугу х туурасы) өлчөмдөгү оюктар эсепке алынбайт.
136. Тосмонун конструкциясына тутка, ылдый жагындагы бийиктиги 0,1 м болгон каптоо жана тосмолордун бийиктигинин жарымында орун алган туурасынан жайгашкан тоскуч кирүүгө тийиш. Тосмолор ар кандай чекитке ар кайсы убакта 440 Н менен горизонталдык күч келтирүүгө жана 1270 Н менен вертикалдык басым келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
137. Тутканын сырткы чети менен шахтада орун алган жабдуунун (каршы салмак, өчүргүчтөр, багыттагычтар, кронштейндер) ортосунда горизонталдык тегиздикте өлчөнгөн жылчык 0,1 м аз болбошу керек.
138. Тосмолор менен кабинанын четинин ортосундагы аралык 0,15 м көп болбошу керек.
139. Кабинанын шыбынын жабуулары үчүн колдонулган айнек ламинацияланган (көп катмарлуу) болуп, ушул Эрежелердин 133-пунктунун талаптарына ылайык күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
140. Кабинанын чатырында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) ушул Эрежелердин 258-пунктунун талаптарына ылайык башкаруу аппараттары;
2) ушул Эрежелердин 287-пунктунун талаптарына ылайык лифтти токтотуунун түзүлүшү;
3) ушул Эрежелердин 312-пунктунун талаптарына ылайык электр розеткасы.
141. Кабинанын босогосунун астында эшиктин ордунун толук туурасына барабар болгон, босогонун алдыңкы чети менен тегиз (бир деңгээлде) вертикалдык калкан орнотулушу тийиш.
Калкандын вертикалдуу бөлүгү горизонталдык тегиздикке карата 60º бурчту түзгөн жантайыш менен бүтүшү керек. Бул жантайыштын горизонталдык тегиздикке түшкөн проекциясы 0,02 м кем болбоого тийиш.
Калкандын вертикалдуу бөлүгүнүн бийиктиги кабинанын босогосунун бийиктигин кошкондо 0,75 м кем болбошу керек.
Кыйгач орнотулган багыттагычтар (15º чегинде) аркылуу жүрүүчү лифттин кабинасында көрсөтүлгөн калкан кабинага кире бериш жагында шахтанын дубалынын ички бетине параллелдүү орнотулууга тийиш.
142. Кабинанын полдон тартып шыптык жабууга чейин өлчөнгөн бийиктиги 2,0 м аз болбоого тийиш. Кабинанын бийиктигин аныктап жаткан учурда шыптык жабууда орнотулган жана 0,05 м көп эмес чыгып турган элементтер (плафон, решетка, багет) эсепке алынбайт.
143. Кабинанын кире беришинин орду 2 мден аз болбошу жана шахтанын эшигинин бийиктигинен кем болбошу керек.
144. Кабинанын кире беришинин орду эшик менен жабдылууга тийиш.
145. Кабинанын эшиги туташ болууга тийиш.
Вертикалдуу-жылдырылма эшиктерде сетканы же перфорацияланган тактаны колдонууга мүмкүн. Сетканын же перфорацияланган тактанын ордунун өлчөмдөрү горизонталь боюнча 0,01 м көп эмес жана вертикаль боюнча 0,06 м көп эмес болушу керек.
146. Каалгалардын ортосундагы, эшиктин ордунун байламасы менен каалгалардын ортосундагы же эшик жабылып турган абалдагы каалгалар менен босогонун ортосундагы жылчык 0,006 м көп болбоого тийиш.
147. Буруп ачылма эшиктер сыртын карай ачылбашы керек
148. Ушул Эрежелердин 94-пунктуна ылайык шахтанын эшиктери кароочу терезе менен жабдылганда, кабинанын эшиги да кароочу терезе менен жабдылат.
Кароочу терезе ушул Эрежелердин 94-пунктунун талаптарына жооп бериши керек жана кабина этаждык аянтчанын деңгээлинде турганда, шахтанын эшигинин кароочу терезеси менен визуалдуу дал келиши керек.
149. Кабинанын эшиги жабык абалында аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчага текши бөлүштүрүлгөн жана кабинанын ичинен эшиктин кайсыл чекитинде болбосун серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган 300 Н барабар басымдыгы күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле учурда калдык деформацияга жана күч келтирүү алынгандан кийин иштин өзгөрүшүнө жол берилбейт.
150. Эшиктерди тосуу үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык сыноолордон өткөн көп катмарлуу айнек колдонулушу мүмкүн.
Ар бир айнектин ушул Эрежелердин 132-пунктунда келтирилген маалыматты камтыган маркировкасы болуусу керек.
151. Автоматтык жылдырылып ачылуучу эшиктердин кабинаны караган беттеринде 0,003 м ашкан чуңкур же урчуктар болбошу керек. 0,003 метрден ашпаган чуңкурлардын же урчуктардын четтери эшиктердин ачылган багытына карата кыйгач тегизделүүгө же жумуруланууга тийиш. Бул талаптар тордон же перфорацияланган тактадан жасалган вертикалдуу-жылдырылма эшиктерге жайылтылбайт.
152. Автоматтык кыймылга келтиргичи бар горизонталдуу-жылдырылма эшиктер жана бүктөлмө эшиктер ушул Эрежелердин 91-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
153. Кабинанын эшиги ушул Эрежелердин 283-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен жабдылышы керек; бул түзүлүш эшиктин жабылышын контролдойт жана кабинанын эшик ачылып турган абалда жылып кетишине жол бербейт, буга ушул Эрежелердин 97 жана 98-пункттарында каралган учур кирбейт.
Эгерде кабинанын горизонталдуу-жылдырылма эшиги тике кинематикалык байланыш (мисалы, рычагдардын тутуму) менен бириктирилген бир нече каалгалардан турса, аталган коопсуздуктун электр түзүлүшү төмөнкүдөй орнотулууга тийиш:
1) бир гана каалгага (көп каалга болгон учурдагы ыкчам эшик);
2) каалгалар менен тике кинематикалык байланыштуу эшиктердин кыймылга келтиргичине.
154. Алдыңкы каалга эшиктин кыймылга келтиргичи менен тике кинематикалык байланыш аркылуу бириктирилген шартта кыйыр кинематикалык байланыш (аркандын, курдун жана чынжырдын жардамы менен) менен бириктирилген кабинанын бир нече каалгадан турган горизонталдуу-жылдырылма эшигинде аталган коопсуздуктун электр түзүлүшү алдыңкы каалгага гана орнотулушу мүмкүн.
155. Ушул Эрежелердин 42-пунктунда каралган учурда кабинанын эшиги автоматтык кулпу менен жабдылууга тийиш. Автоматтык кулпу ушул Эрежелердин 96-пунктунун талаптарына жооп бериши керек.
156. Эшиктердин ачылуу зонасында турган кабинанын эшигин ачуу үчүн жумшалуучу күч 300 Н көп болбошу керек.
157. Эшиктердин босоголору жана багыттагычтары ушул Эрежелердин 88 жана 105-пункттарынын талаптарына жооп бериши керек.
158. Кабина авариялык люк менен жабдылса, анын өлчөмдөрү кеминде 0,35х0,5 м болууга тийиш. Авариялык люк туташ болуп, кабинанын ичин карай ачылбашы керек, ачык абалында кабинанын көлөмүнөн чыгып турууга тийиш.
Авариялык люк кабинанын сыртынан ачкычсыз, ичинен ачкыч менен ачылуучу ушул Эрежелердин 6-тиркемесинин талаптарына жооп берген кулпу менен жабдылууга тийиш.
159. Кабина адамдардын катарлаш лифтке өтүп кетиши үчүн авариялык эшик менен жабдылышы мүмкүн; бул учурда төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) эшик сыртты карай ачылбашы керек;
2) эшиктин каалгасы туташ болууга тийиш;
3) кабиналардын ортосундагы аралык 0,75 м көп болбошу керек;
4) кабиналардын ортосундагы өткөөлдөрдө тартуучу аркандар, вертикалдуу абалда жайгашкан өткөргүчтөр жана кабелдер жайгаштырылбашы керек;
5) кабиналардын ортосундагы өткөөл каршы салмактын кыймыл жолун кеспөөгө тийиш;
6) авариялык эшик кабинанын сыртынан ачкычсыз, ичинен ачкыч менен ачыла турган ушул Эрежелердин 6-тиркемесинин талаптарына жооп берген кулпу менен жабдылууга тийиш.
160. Авариялык эшикти жана люкту бекитүү ушул Эрежелердин 284-пункту боюнча коопсуздуктун электр түзүлүшү менен көзөмөлдөнүүгө тийиш.
Авариялык эшикти жана люкту ачкандан кийин лифттин "Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө көтөрүлүшүнө жол берилбейт .
161. Туташ каалгалуу кабина үстүндө жана астында жайгашкан желдеткич көзөнөктөр менен жабдылышы керек.
Кабинанын үстүндө да астындагы желдеткич көзөнөктөрдүн аянты, кабинанын полунун пайдалуу аянтынын 1% кем болбоого тийиш.
Желдеткич көзөнөктөр алар аркылуу кабинанын ичинен шахтага диаметри 0,1 м болгон стержень өтүп кетпегендей болуп жасалышы жана жайгаштырылышы керек.
162. Кабина ушул Эрежелердин 169-пунктунун талаптарына ылайык кармагычтар менен жабдылууга тийиш.
163. Кабина башмактар менен жабдылууга тийиш. Башмактардын конструкциясы кабинанын багыттагычтардан чыгып кетишине, кабинанын өз алдынча кармагычтардан орун алышына жол бербеши керек, ошондой эле кабинанын багыттагычтарга салыштырмалуу горизонталдуу багытта жылып кетишин чектөөгө тийиш.
164. Лифттин кабинасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) жүк көтөрүмдүүлүгү, кг;
2) сыйымдуулугу (адамдардын саны);
3) лифтти даярдоочу фирма;
4) заводдук номери.
§ 5. Каршы салмак жана кабинаны тең салмакта кармоочу түзүлүш
165. Каршы салмак жана кабинаны тең салмакта кармоочу түзүлүшү төмөнкү шарттарда пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек:
1) лифттин жумушчу режиминде;
2) каршы салмак кармагычтарда жана буферде орун алганда (каршы салмак кармагычтар менен жабдылган болсо);
3) тең салмактоочу түзүлүш кармагычтардан орун алганда (тең салмактоочу түзүлүш кармагычтар менен жабдылган болсо);
4) кабина буферлерден жана кармагычтардан орун алганда.
Каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү кармагычтардан орун алган учурдагы аларга таасир берүүчү күч келтирүүлөр каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн ушул Эрежелердин 180-пунктуна ылайык жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
Каршы салмак буферлерден орун алганда, ага таасир берүүчү күч келтирүүлөр каршы салмактын ушул Эрежелердин 200-пунктуна ылайык жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
Каршы салмакка же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнө кабина кармагычтардан же буферлерден таасир берүүчү күч келтирүүлөр ушул Эрежелердин 179 жана 200-пункттарына ылайык кабинанын жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
166. Курамына жүктөр кирген каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн конструкциялары алардын горизонталдуу жана вертикалдуу багытта өз алдынча жылышып кетишине жол бербеши керек.
167. Каршы салмак же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү башмактар менен жабдылышы керек. Башмактардын конструкциясы каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) багыттагычтардан чыгып кетишине, каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) кармагычтардан өз алдынча орун алышына жол бербеши керек, ошондой эле каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) багыттагычтарга салыштырмалуу горизонталдуу багытта жылышып кетишин чектөөгө тийиш.
168. Каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү ушул Эрежелердин 22-пунктунда каралган учурда кармагычтар менен жабдылышы керек.
§ 6. Кармагычтар
169. Кармагычтар ылдамдык чектелгенде, ылдый жүрүп бараткан кабинаны (каршы салмакты же тең салмактоочу түзүлүштү) токтотууга жана багыттагычтарда кармап турууга тийиш.
Жогору жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыгы ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдөн көп болсо, тормоздоо, жана/же токтотуу үчүн кармагычтар пайдаланылышы мүмкүн.
170. "Лифтердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого киргизилген лифттин Бажы бирлигинин сертификаты жок болсо, кармагычтар Бажы бирлигинин сыноосунан өтүшү керек.
Кармагычтарды сыноону Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык белгиленген тартипте акредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
171. Кабинанын, каршы салмактын, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кармагычтары өздөрүнүн ылдамдыкты чектегичи менен иштетилет.
Номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с болгон лифттеги каршы салмактын, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кармагычтарын тарткыч элементтердин үзүлүшүнөн же бошоңдоп калышынан иштөөчү түзүлүш аркылуу аракетке келтирүүгө болот.
172. Номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с көп болгон лифттин кабинасы жай тормоздоочу кармагычтар менен жабдылууга тийиш.
Төмөнкүлөрдү колдонууга жол берилет:
1) эгерде лифттин номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаса -амортизациялык элементи бар кескин тормоздоочу кармагычтар;
2) эгерде лифттин номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с жогору болбосо - кескин тормоздоочу кармагычтарды.
Кабинанын ар бир багыттагычын бир кармагыч менен жабдыган учурда, бардык кармагычтар жылма тормоздоочу болушу керек.
173. Ушул Эрежелердин 22-пункту боюнча номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаса лифттеги каршы салмак же кабинанын тең салмактагычы жай тормоздоочу кармагычтар менен жабдылышы керек.
174. Кармагычтар аркылуу токтотулган кабина, каршы салмак же кабинанын тең салмактагычы көтөрүлгөндөн кийин, кармагычтар баштапкы абалына кайтып келип, аракетке даяр болууга тийиш.
175. Номиналдуу жүгү бар кабинанын кармагычтардан орун алган учурдагы ылдамдыгынын орточо басаңдашы төмөнкүлөрдөн көп болбошу керек:
1) жай тормоздоочу кармагычтар үчүн 9,81 м/с2;
2) кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн 25 м/с2.
176. Кабинанын кармагычтарынын иштөөсү коопсуздук чынжырын кармагычтар иштеген учурда же ага чейин ажыратканда 296-пункт боюнча коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролдонууга тийиш.
177. Тормоздоонун күч-аракетин жөнгө салуучу кармагычтар даярдоочу тарабынан пломбаланууга тийиш.
178. Кармагыч төмөнкүлөр көрсөтүлгөн табличка менен камсыздалышы керек:
1) бул кармагычты өндүргөн фирма;
2) идентификациялык номери.
§ 7. Ылдамдыкты чектегич
179. Кабинанын кармагычтарын аракетке келтирүүчү ылдамдыкты чектегич, эгерде кабинанын төмөн жүрүү ылдамдыгы номиналдык ылдамдыктан 15%нан ашса жана төмөнкүлөрдөн көп болбосо:
1) кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн 0,8 м/с;
2) жылма тормоздоочу кармагычтар үчүн жана амортизациялык элементи бар кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн, номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с көп болбосо;
3) жай тормоздоочу кармагычтар үчүн 1,25v + 0,25/v (м/с), номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с көп болбосо; мында v - кабинанын номиналдуу ылдамдыгы м/с менен.
180. Кармагычтын же кабинанын тең салмактагычынын кармагычын аракетке келтирүүчү ылдамдык чектегич, эгерде каршы салмактын же кабинанын тең салмактагычынын төмөн карай жүрүшүнүн ылдамдыгы номиналдуу ылдамдыктан 15%нан ашканда жана кабинанын ылдамдыгын чектегичин аракетке келтирүү үчүн орнотулган жогорку чегинен 10%нан ашканда аракетке келтирилүүгө тийиш.
181. Эгерде Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилип, сертификаты жок болсо, ылдамдыкты чектегич сыноолордон өткөрүлүшү керек.
Ылдамдыкты чектегич сыноосун белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин негизинде жүргүзөт.
182. Текшерүүлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү үчүн, кабинанын ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөндөн аз ылдамдык менен жүрүп баратканда, кармагычтардын аракетке келтирилиши жана ылдамдыкты чектегичтин ушул Эрежелердин 179 жана 180-пункттарында көрсөтүлгөн кабинанын, каршы салмактын же тең салмактагычтын кыймылынын ылдамдыгына тийиштүү айлануу жыштыгынан аракетке келтирилишин текшерүү мүмкүндүгү каралышы керек.
183. Ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү аркандын диаметри 0,006 м кем болбоого тийиш.
184. Ылдамдыкты чектегичтин бекемдигинин запасынын коэффициенти аркандын толугу менен үзүлүү күчүнүн кармагычтардын аракетке келтирилген убагындагы күчкө болгон катышы катары аныкталып, 8ден аз болбошу керек.
185. Шкивдин же блоктун диаметринин ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү оролуучу аркандын диаметрине болгон катышы 30дан аз болбоого тийиш.
186. Ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү аркан тартуучу түзүлүш менен тартылышы керек.
187. Ылдамдыкты чектегич аркандын үзүлүшү же регламенттелбегендей чоюлушу ушул Эрежелердин 290-пунктунун талаптарына жооп берүүчү коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен иштеткичтин токтошуна алып келиши керек.
188. Кармагычтарды аракетке келтирүү үчүн талап кылынуучу күчтүн аркан менен жумушчу шкивдин ортосундагы сүрүлүүнүн эсебинен пайда болгон ылдамдыгын чектөө үчүн алардын ортосундагы сүрүлүүнүн (ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөндөн аз ылдамдык менен жылып бараткан кабинанын) кармагычтарын аракетке келтирүүгө жетиштүү экендигин текшерүү мүмкүндүгү каралышы керек.
189. Ылдамдык чектегичинде кармагычтарды аракетке келтирүүгө ылайык, айлануу багыты көрсөтүлүшү керек.
190. Ушул Эрежелердин 285-пунктунун талаптарына жооп берген, коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен иштеген ылдамдыкты чектегич коопсуздук чынжырын төмөн жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыкты чектегичин аракетке келтирүүчү ылдамдыкка жеткен учурга чейин ажыратууга тийиш.
Лифттин номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаганда, коопсуздук чынжырын бул түзүлүштүн жардамы менен ылдамдык чектегич аракетке келтирилген учурда ажыратышына уруксат берилет.
191. Эгерде кармагычтардан чыгарылгандан кийин ылдамдыкты чектегич баштапкы абалына кайтып келбесе, ушул Эрежелердин
294-пунктунун талаптарына ылайык, коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегичтин баштапкы абалына кайтып келишине чейин лифттин жүрүшүн токтотууга тийиш.
192. Төмөнкү шарттар аткарылган учурда ылдамдыкты чектегичти шахтага орнотууга уруксат берилет:
1) ылдамдыкты чектегичти сыноо үчүн, аны аракетке келтирүүгө тейлөө персоналы лифтин шахтасынын сыртынан механикалык же электр дистанциялык башкаруу аркылуу ишке ашырат, буга кабелсиз башкаруу кирбейт;
2) ылдамдыкты чектегич аракетке келтирилгенден кийин кабинанын, каршы салмактын же тең салмактагычтын жүрүшү убагында автоматтык түрдө баштапкы абалына кайтып келет.
193. Ылдамдыкты чектегич төмөнкү маалымат көрсөтүлгөн табличка менен жабдылышы керек:
1) ушул кармагычты чыгаруучу-фирма;
2) идентификациялык номери;
3) ылдамдыкты чектегичтин иштөөсүнүн ылдамдыктары.
§ 8. Буферлер
194. Лифт кабинанын жана каршы салмактын төмөн жүрүшүн чектөөчү буферлер менен жабдылышы керек.
Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифт кошумча түрдө кабинанын жогору жүрүшүн чектөөчү буферлер менен жабдылышы керек.
195. Номиналдуу ылдамдыгы 0,3 м/с ашпаган лифттерди катуу тирөөчтөр менен жабдууга уруксат берилет.
196. Энергияны чогултуучу типтеги буферлерди колдонууга номиналдуу ылдамдыктар 1 м/с көп болбогон учурда уруксат берилет.
197. Энергияны чогултуучу типтеги амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлерди колдонууга номиналдуу ылдамдыктар 1,6 м/с ашпаган учурда уруксат берилет.
198. Энергияны таратуучу типтеги буферлерди колдонууга лифттин кандай болбосун номиналдуу ылдамдыгында колдонууга уруксат берилет.
199. Энергия чогултуучу типтеги сызыксыз мүнөздөмөлүү буферлер жана/же амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлер, ошондой эле энергияны таратуучу типтеги буферлер Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин, эксплуатациялоого киргизилген лифттин Бажы бирлигинин сертификаты жок болсо, сыноолордон өткөрүлүшү керек.
Буферлерди сыноону Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
200. Буферлер жана катуу тирөөчтөр төмөнкүдөй ылдамдык менен жүрүп бараткан жүгү бар кабинанын же каршы салмактын орун алышына эсептелип жасалышы керек:
1) лифттин номиналдуу ылдамдыгынан 15%га ашкан - плунжеринин толук жүрүшү азайтылган гидравликалык буферден башка бардык буферлер жана тирөөчтөр;
2) лифттин эсептик азайтылган ылдамдыгынан 15%га ашкан - плунжеринин толук жүрүшү азайтылган гидравликалык буфер.
Ошол эле учурда жүктүн массасы лифттин жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25%га ашууга тийиш.
201. Сызыктуу мүнүздөмөлүү буфердин толук жүрүшү төмөнкү формула менен аныкталат:
S = (1,15v)2 / gn = 0,1348v2, мында:
S - буфердин толук жүрүшү (м),
v - лифттин кабинасынын номиналдуу ылдамдыгы (м),
gn = эркин түшүүнүн тездеши (м/с2),
Буфердин толук жүрүшү 0,065 м кем болбошу керек.
202. Энергияны чогултуучу типтеги сызыксыз мүнөздөмөлүү буферлер жана энергияны таратуучу типтеги амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) буферден орун алып жатканда номиналдуу ылдамдыктан 115% түзгөн ылдамдык менен бараткан номиналдуу жүктөлгөн кабинанын басаңдоосунун орточо чоңдугу 9,81 м/с2 жогору болбошу керек;
2) 25 м/с2 көп болгон басаңдоонун ылдамдануусунун таасир берүү убактысы 0,04 сек. ашпашы керек.
203. Энергияны сарптоочу типтеги буферлер
Энергия таратуучу типтеги сызыктуу мүнөздөмөлүү буфердин толук жүрүшү төмөнкү формула менен аныкталат:
S ≥ (1,15v)2 / (2gn) = 0,0674v2 (м), мында
S - буфердин толук жүрүшү,
v - лифттин кабинасынын номиналдуу тездеши (м),
gn = 9,81 - эркин түшүүнүн ылдамдануусу (м/с2).
204. Эгерде лифттин басаңдашы жогорку жана төмөнкү этаждык аянтчаларга жеткенде, ушул Эрежелердин 260-пунктуна ылайык контролдонсо, ал эми толук жүрүштү эсептөөдө номиналдуу ылдамдыктын ордуна кабинанын (же каршы салмактын) буфер менен тийишүү ылдамдыгын колдонсо болот.
Бул убакта мындай буферлердин толук жүрүшү төмөнкүлөрдөн аз болууга тийиш:
1) толук жүрүштүн 50% - эгерде номиналдуу ылдамдык 4 м/с көп болсо, бирок 0,42 м кем болбосо;
2) толук жүрүштүн 33% - эгерде номиналдуу ылдамдык 4,0 м/с көп болсо, бирок 0,54 м кем болбосо.
205. Энергия таратуучу типтеги буферлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) буферден орун алып жатканда номиналдуу ылдамдыктан 115% түзгөн ылдамдык менен бараткан номиналдуу жүктөлгөн кабинанын басаңдоосунун орточо чоңдугу 9,81 м/с2 көп болбошу керек;
2) 25 м/с2 ашкан басаңдоонун ылдамдануусунун таасир берүү убактысы 0,04 с көп болбошу керек.
206. Энергия таратуучу типтеги буфер андан күч келтирүүнү алып таштагандан кийин автоматтык түрдө баштапкы абалына кайтып келиши керек. Буфердин баштапкы абалына кайтып келиши ушул Эрежелердин 294-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен көзөмөлдөнүшү керек.
207. Гидравликалык буфердеги суюктуктун деңгээлин көзөмөлдөө мүмкүндүгү каралууга тийиш.
208. Кабина же каршы салмак ушул Эрежелердин 172-пунктунун 1-пунктчасына ылайык кармагычтар менен жабдылган болсо, кармагычтардын амортизациялоочу түзүлүшү ушул Эрежелердин 199-пунктунда көрсөтүлгөн буферлердин ордуна колдонулушу мүмкүн.
Мындай учурда шахтанын төмөнкү бөлүгүндө кабинанын (каршы салмактын) каркасы менен өз ара аракеттенүүчү катуу тирөөчтөр орнотулууга тийиш.
209. Буферлер, энергия чогултуучу типтеги буферлерден башкалар, төмөнкү маалымат көрсөтүлгөн табличка менен жабдылышы керек:
1) ушул кармагычты чыгарган - фирма;
2) идентификациялык номери.
§ 9. Тартуучу элементтер жана илмек
210. Кабина, каршы салмак же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү болот зым аркандарда же тартуучу пластиналуу же иштеткич роликтүү (втулкалуу) чынжырларда илинүүгө тийиш. Башка тартуучу элементтер - эгерде алардын коопсуздук деңгээли, анын ичинде, болот аркандар үчүн орнотулган бекемдик запасы болот аркандарды же чынжырларды колдонгон учурдагыдан төмөн эмес камсыздалса, колдонууга уруксат берилет.
211. Кабинаны каршы салмак менен бириктирип турган тартуучу элементтердин конструкциялары, өлчөмдөрү жана мүнөздөмөлөрү бирдей болууга тийиш.
212. Лифтте колдонулуучу тартуучу элементтер алардын сапатын ырастаган документке ээ болууга тийиш. Тартуучу элементтерди бириктирүүгө болбойт.
213. Тартуучу элементтердин саны экиден кем болбоого тийиш.
214. Полиспаст илмек түрүндө жасалган болсо, бир тартуучу элементтин бардык бутактары бир тартуучу элемент катары эсептелет.
Эксплуатациядагы болот аркандарды жараксыз деп таануунун ченемдери ушул Эрежелердин 11-тиркемесинде келтирилген.
Ушул Эрежелердин 11-тиркемесинде көрсөтүлбөгөн же башка болот аркандарды колдонгондо жана көрсөтүлгөн тиркеменин 4-пунктуна ылайык аларды жараксыз деп таануунун ченемин аныктоого мүмкүн болбосо, жараксыз деп табуунун ченеми лифтти эксплуатациялоо боюнча колдонмодо көрсөтүлүшү керек.
§ 10. Аркандар
215. Болот зымдан жасалган тартуучу аркандын номиналдуу диаметри 0,008 м кем болбошу керек.
216. Шкивдердин, блоктордун, барабандардын диаметри менен тартуучу аркандардын номиналдуу диаметрлеринин катышы 40тан кем болбошу керек.
217. Тартуучу аркандардын бекемдигинин запасы төмөнкүлөрдөн аз болбошу керек:
1) аркан тартуучу шкив же сүрүлүү барабаны жана үч же андан көп аркандар менен жабдылган лебедкалар үчүн 12;
2) аркан тартуучу шкив же сүрүлүү барабаны жана эки аркан менен жабдылган лебедкалар үчүн 16;
3) барабандуу лебедка үчүн 12.
Бекемдиктин запасынын коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
K = P / S , мында
Р - аркандын үзүлүү күчү,
S - номиналдуу жүктөлгөн кабина төмөнкү этаждык аянтчанын деңгээлинде турганда арканга таасир берген максималдуу күч келтирүү.
218. Кабинага, каршы салмакка же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнө же полиспасттын кыймылсыз бутагынан чекиттерине бекитүүдөгү, аркандардын учтары аркандын үзүлүү күчүнүн кеминде 80% туруштук берүүгө тийиш.
219. Арканды барабанга бекитүү, шынаа киргизүү, же экиден аз кысуу планкасын колдонуу, же эквиваленттүү коопсуздукту камсыздоочу кандай ыкма болбосун ишке ашырылууга тийиш. Кабина толугу менен кысылган буферден же тирөөчтөн орун алганда, барабанда кысуучу планкалардын астында турган оромдорду эсепке албаганда, бир жарымдан аз запастык ором калышы крек.
220. Тартуучу чынжырлардын бекемдигинин запас коэффициенти 10дон аз болбошу керек. Бекемдиктин запасынын коэффициенти ушул Эрежелердин 217-пунктунда келтирилген формула боюнча аныкталат.
§ 11. Тартуучу элементтердин ортосундагы күч келтирүүнүн бөлүштүрүлүшү
221. Айрым тартуучу элементтердеги тартылуу айырмасын азайтуу үчүн автоматтык түзүлүш каралышы керек.
Айрым тартуучу чынжырлардагы тартылуу айырмасын азайтуу үчүн бул түзүлүш кабина тараптан да, тең салмактоочу жүк тараптан да орнотулушу керек.
222. Тартуучу элементтердеги тартылуу айырмасын азайтуу үчүн автоматтык түзүлүш катары кысылуу пружиналарын колдонууга жол берилет.
223. Ушул Эрежелердин 289-пункту боюнча коопсуздуктун электр түзүмү, коопсуздуктун чынжырын тартуучу элементтер ушул Эрежелердин 221-пунктуна ылайык түзүлүш жол берген чоңдуктан ашуун, тартуучу элементтер салыштырмалуу жылып кеткенде (басаңдаганда) жана бир, бир нече же бардык тартуучу элементтер үзүлгөндө коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
224. Тең салмактоочу аркандар колдонулганда төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) блоктуу (бир нече блоктуу) тартуучу түзүлүштүн колдонулушу;
2) тартуучу түзүлүштүн блогунун диаметринин тең салмактоочу аркандын диаметрине болгон катышы 30дан аз болбоого тийиш;
3) тартылуу оордук күчү менен камсыздалат жана ушул Эрежелердин 291-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен көзөмөлдөнөт.
Номиналдуу ылдамдыгы 3,5 м/с ашкан лифттер саналып кеткен талаптардан тышкары тартуучу түзүлүштүн тез жылып кетүүсүн чектөөчү түзүлүш менен жабдылышы керек. Бул түзүлүштүн иштөөсү ушул Эрежелердин 292-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен коопсуздук чынжырынын ажыратылышын ишке ашырууга тийиш.
225. Буруучу блоктор жана жылдызчалар төмөнкүлөргө жол бербеши үчүн тосмо менен жабдылууга тийиш:
1) тейлөөчү персоналдын жаракат алышы;
2) тартуучу элементтердин блоктордон жана жылдызчалардан чыгып кетиши;
3) тартуучу элементтер менен блоктордун же жылдызчалардын ортосуна предметтердин түшүп кетиши.
Тосмонун конструкциясы аны ажыратпай туруп блокторду жана жылдызчаларды кароо боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш. Эгерде тосмодо көзөнөктөр болсо, алар 8-тиркеменин талаптарына жооп бериши керек.
6-глава. Лифттердин электр жабдуусу
§1. Жалпы жоболор
226. Электр жабдуусунун техникалык мүнөздөмөсү жана анын аткарылышы лифттин чыңалуусунун жана азыктандыруучу тармактын жыштыгынын параметрлерине, токтун күч келтирүүлөрүнө, ошондой эле аны эксплуатациялоонун, сактоонун жана транспорттоонун шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
227. Ушул Эрежелердин 229-пункту боюнча электр чынжырларын эсепке албаганда, лифт бардык электрдик чынжырлардын электр азыктануусун үзүүчү кол менен кыймылга келтирүүчү түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Эскертүү: Мындай түзүлүш катары, автоматтык өчүргүч жана ошол сыяктуу кол менен кыймылга келтирүүчү түзүлүштөр эсептелиши мүмкүн.
Өчүрүлгөн абалында түзүлүштү бекитилүүчү кулпу же ага окшош каражат аркылуу блокировкалоо мүмкүндүгү каралууга тийиш.
228. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш машиналык жайда орнотулат, ал эми машина жайы жок болсо:
1) эгерде шкаф шахтада орнотулган учурду эске албаганда, башкаруу аппараты үчүн арналган шкафта;
2) шахтада башкаруу аппараты үчүн түзүлүш шкафта орнотулганда- ушул Эрежелердин 26-пунктуна ылайык жүргүнчүлөр эвакуацияланганда лифт башкаруу үчүн түзүлүштүн жанында.
229. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш төмөнкү чынжырларды өчүрбөшү керек:
1) жабдуулар жайгаштырылуучу жайларды жарыктандырууну;
2) шахтаны жарыктандырууну;
3) кабинаны жарыктандырууну;
4) ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык кабинанын чатырындагы, кабинанын астындагы, чуңкурчадагы жана машиналык жайдагы розеткаларды;
5) кабинаны желдетүүнү;
6) кабинанын эки тараптуу сүйлөшүү байланышын;
7) авариялык сигнализацияны;
8) кабинадан тейлөөчү персоналды чакырууну.
Муну менен бирге ушул Эрежелердин 1 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чынжырларды өчүрүү үчүн өз алдынча өчүргүчтөр каралышы керек.
Бир нече лифт үчүн арналган жайда ар бир лифт үчүн кабинаны жарыктандыруунун өзүнчө өчүргүчтөрү болууга тийиш.
Шахтаны жарыктандыруунун чынжырынын өчүргүчтөрү шахтада жана/же ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн жанында болушу керек.
Кабинаны жарыктандыруу жана желдетүү, кабинадан тейлөөчү персоналды чакыруу, кабинадан эки тараптуу сүйлөшүү байланышы, ремонттук байланыш, ошондой эле розеткаларды жана авариялык сигнализацияны азыктандыруу чынжырларын, эгерде күч чынжырын жана башкаруу чынжырын өчүрүү үчүн башка кошумча өчүргүчтөр каралса, ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштөн кийин иштетүүгө уруксат берилет. Муну менен катар, ушул Эрежелердин
227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш дистанциядан өчүрүлүүчү кыймылга келтиргич менен камсыздалууга тийиш.
230. Жалпы машина жайында бир нече лифттер жайгаштырылганда бул жайга экиден кем эмес азыктандыруу линиялары киргизилүүгө тийиш.
231. Лифттин электр жабдууларын ар кайсы жайларда жайгаштырганда лифтти бул жайлардын ар биринде өчүрүү үчүн баштапкы абалына кайтпаган түзүлүштөр каралышы керек.
232. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш иштеп турганда бул этаждык аянтчалардын биринде азыктандыруу күч чынжырын жана (же) башкаруу чынжырларын дистанциядан өчүрүү үчүн өчүргүч орнотууга уруксат берилет; ошол эле учурда кабинада адамдар болсо өчүрүүгө жол берилбөөгө тийиш. Мындай түзүлүшкө бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбеши керек.
233. Электр күч чынжырларынын чыңалуусу төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) машина жайында - 660 В көп эмес;
2) кабинада, шахтада жана этаждык аянтчаларда, ошондой эле машиналык жай жок болгондуктан электр жабдуулары орнотулган аянтчаларда - 50 Гц өзгөрүлмө ток жыштыгында 415 В, 60 Гц өзгөрүлмө ток жыштыгында 440 В жана туруктуу (түздөлгөн) токто 460 В,
Башкаруу чынжырларын, ремонттук куралдарды, жарыктандырууну жана сигнализацияны азыктандыруунун чыңалуусу 250 В көп болбошу керек.
234. Көтөрүп жүрүүчү лампалардын азыктандыруу чынжырынын чыңалуусу 42 В көп болбошу керек. Мындай максатта чыңалууну азайтуу үчүн автотрансформаторлорду колдонууга жол берилбейт.
235. Башкаруу чынжырларын азыктандыруу, ремонттук куралдарды, жарыктандырууну жана сигнализацияны туташтыруу үчүн фазаны жана туюк нейтралдуу токтун булагынын ноль зымын (фазалык чыңалууга туташтыруу) колдонууга уруксат берилет.
236. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырлардын фазалык чыңалуусуна туташтырууда, электромагниттик аппараттардын (контакторлордун, пускателдердин, релелердин) бул чынжырлардагы оромдорун чыгаруучу менен ноль өткөргүчтөрдүн ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн контакттары болбоого тийиш.
237. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырларды төмөндөтүүчү трансформатордон өзгөрүлмө ток менен азыктандырганда, трансформатордун экинчи оромунун бир чыгаргычы жерге туташтырылышы керек. Бул чынжырлардагы электромагниттик аппараттардын чыгаргычтары менен трансформатордун жерге туташтырылган чыгуучусунун ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн байланыштары болбоого тийиш.
238. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырларды түзөтүүчү түзүлүш аркылуу төмөндөтүүчү трансформатордон азыктандырганда, түзөтүүчү чыңалуу жактагы түзөтүүчү түзүлүштүн уюлдарынын бирөө жерге туташтырылышы керек. Муну менен бирге башкаруу чынжырындагы электромагниттик аппараттардын оромунун чыгаруучусу менен жерге туташтырылган уюлдун ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн байланыштары болбоого тийиш. Бул учурда төмөндөтүүчү трансформатордун экинчи оромунун чыгуучусун жерге туташтырууга болбойт.
239. Жерге туташтыруучу (нолго туташтыруучу) өткөргүчтөргө сактоочторду, байланыштарды жана башка ажыраткыч элементтерди (анын ичинде байланышсыз) орнотууга жол берилбейт .
240. Кол менен кыймылга келтирилүүчү өчүргүчтөрдүн: ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн, шахтада, жабдууну жайгаштыруучу жайда орнотулуучу өчүргүчтөрдүн, электр чынжырларынын дистанциялык өчүргүчтөрүнүн ток өткөрүүчү бөлүктөрү, эгерде аларда 42 В көп өзгөрүлмө ток же 60 В ашык туруктуу ток болсо, кокустан тийип алуудан корголушу керек. Кабык менен каптоочтун коргоо деңгээли бекитилген ченемдерге ылайык кабыл алынууга тийиш. Бул өчүргүчтөрдүн абалы тийиштүү символдор же "Вкл.", "Откл." жазуулары менен белгиленүүгө тийиш.
241. Коопсуздуктун электр түзүлүшүн камтыган электр чынжырынын жерге же металл конструкцияларга кыска туташтырылышы лифттин токтошуна алып келиши мүмкүн жана лифт токтотулгандан кийин кыска туташтырууну жойгонго чейин лифттин төмөн түшүүсүнө бөгөт коюуга тийиш.
§ 2. Лифттин электрдик кыймылга келтиргичи
242. Электрдик кыймылга келтиргич төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электрдик кыймылга келтиргичинин ток өткөрүүчү бөлүктөрүнүн (электромагниттин) корпуска кыска туташтырылышы бул иштеткичтин аракетке келтирилишине жол бербеши керек жана электр кыймылдаткычы өчүрүлгөндөн кийин механикалык тормоз коюуга тоскоолдук келтирбөөгө тийиш;
2) номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с ашык лифтте ушул Эрежелердин 259-пунктунун талаптарын эске алуу менен кабинанын азайтылган 0,4 м/с ашпаган ылдамдык менен жүрүү мүмкүндүгү каралууга тийиш.
243. Өзгөрүлмө токтуу электр кыймылга келтиргичи электр кыймылдаткычын түздөн-түз тармактан азыктандырганда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) механикалык тормозду алып таштоо электр кыймылдаткычынын аракетке келтирилиши менен бир убакта же аракетке келтирилгенден кийин ишке ашырылышы керек;
2) электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү механикалык тормозду коюу менен бирге ишке ашырылууга тийиш;
3) электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжыры кеминде эки эмес өз алдынча электромагниттик аппараттар (алардын бири акыркы өчүргүч катары чыгышы мүмкүн) менен токтотулушу керек. Электромагниттик аппараттардын биринин ордуна байланышсыз ачкыч колдонулушу мүмкүн.
4) эгерде лифт кыймылсыз турган убакта электромагниттик аппараттардын бири негизги токтун чынжырындагы байланышты ажыратса, лифттин кыймылынын багытынын кезектеги өзгөрүшүнөн кеч калтырылбай андан аркы жүрүшү токтотулушу керек.
244. Өзгөрүлмө токтун электрдик кыймылга келтиргичи лебедканын электр кыймылдаткычын башкарылуучу өзгөрткүчтөн азыктандырган учурда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электр менен азыктандырылышы лебедканын электр кыймылдаткычынын азыктандырылышын токтотуучу электр түзүлүштөрү менен бириктирилген же функционалдуу байланышкан кезинде эки электр түзүлүштөрүнүн жардамы менен токтотулууга тийиш. Механикалык тормоз лебедканын электр кыймылдаткычынын тогунун чоңдугунда, кабинаны кармап турууга керектүү учурда гана алып ташталууга тийиш;
2) лебедканын электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү механикалык тормозду коюу менен бир учурда ишке ашырылышы керек;
3) лебедканын электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжыры эки өз алдынча электромагниттик аппарат менен ажыратылууга тийиш; бир электромагниттик аппараттын байланышы аркылуу бардык фазалардын бир жолку ажыратылышы мүмкүн, бул төмөнкү шартта аткарылат: аны өчүргөндө бир убакта толугу менен өзгөрткүчтөн электр кыймылдаткычына келүүчү энергиянын агымы блокировкаланса (токтотулса);
4) лебедканын электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү: эгерде өзгөрткүч электр кыймылдаткычына энергия агымын - аны аракетке келтиргенде, калыптанган ылдамдыкта жана (же) тормоздоодо өткөрбөй жатса же электр кыймылдаткычына энергиянын агымы лифтти токтоткондо жана механикалык тормозду койгондо токтобой жатса ажыратылууга тийиш;
5) лебедканын (эгерде башкаруу тутумунда каралган болсо) электр кыймылдаткычын азыктандырып жаткан өзгөрткүч механикалык тормозду койгондон кийин гана дистанциялык өчүрүлүшү мүмкүн;
6) эгерде электр иштеткичинин тутумунда кабинаны электр кыймылдаткыч учурунун жардамы менен отургузуу аянтчасынын деңгээлинде кармап туруу каралса, өзгөрткүч менен лебедканын электр кыймылдаткычынын ортосунда сактагычтардын жана өчүргүчтөрдүн же башка ажыраткыч түзүлүштөрдүн орун алышына уруксат берилбейт.
245. Туруктуу токтун электр кыймылдаткычы лебедканын электр кыймылдаткычын башкарылуучу өзгөрткүчтөн азыктандырылган учурда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электр менен азыктандырылышын токтотуу, лебедканын электр кыймылдаткычынын азыктандырылышын токтотуучу электр түзүлүштөрү менен бириктирилген же функционалдуу байланышкан кезинде эки электр түзүлүштүн жардамы менен ишке ашырылууга тийиш. Механикалык тормоз лебедканын электр кыймылдаткычынын тогунун кабинаны кармап туруу үчүн зарыл болгон учурду камсыз кылуучу чоңдугунда гана алып салынууга тийиш;
2) кабинанын ар бир токтошу механикалык тормозду коюу менен бирге иштеши керек. Кабина бул деңгээлде электр кыймылдаткычынын ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн чектериндеги учур менен кармалып туруучу шартта этаждык аянтчанын деңгээлинде токтогондо механикалык тормозду койбоого уруксат берилет;
3) лебедканын электр кыймылдаткычын (эгерде башкаруу тутумунда каралса) азыктандырган иштеткич механикалык тормозду койгондон кийин дистанциялык өчүрүлүшү мүмкүн;
4) лебедканын электр кыймылдаткычынын козгоочу чынжырын ажыратканда автоматтык түрдө электр кыймылдаткычынын якорунан чыңалууну алып таштоо жана механикалык тормоздун коюлушу камсыздалышы керек;
5) эгерде электр иштеткичинин тутумунда кабинаны электр кыймылдаткычынын
жардамы менен этаждык аянтчанын деңгээлинде кармап туруу каралса, өзгөрткүч менен лебедканын электр кыймылдаткычынын ортосунда сактагычтар жана өчүргүчтөр же башка ажыраткыч түзүлүштөр аракетке келтирилбеши керек.
§ 3. Башкаруунун түрлөрү жана системалары
246. Лифттерди башкаруунун төмөнкү түрлөрү болот:
1) ичтен башкаруу;
2) сырттан башкаруу;
3) аралаш башкаруу.
247. Каалгалары автоматташтырылган лифттердин башкаруу постунда "Каалга" деген жазуусу же атайын белгиленген кнопка болушу керек. Аны басканда, лифт этаждын тушуна келгенде, каалгалар өздөрү ачылып калат.
"Каалга" деген кнопканын ордуна "Жоюу" деген кнопка болушу мүмкүн, аны басканда этаждын деңгээлинин тушунда кыймылсыз турган буга чейинки буйруктар жоюлуп, каалга жабылбай калат. Кабина жылып бара жатканда "Жоюу" деген буйрук берилсе, кабина бара жаткан багыттагы биринчи эле этажда токтоп, каалгалары ачылып калат.
"Токтот" деген кнопка кабинада болбошу керек.
248. Кабинанын каалгасы ачылып турганда (же көп каалгалардын бири ачык болсо) кабинанын жүрүп кетиши мүмкүн, эгерде ушул Эрежелердин 97 жана 98-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар болбосо. Башкаруу командасына ылайык жүргүнчүлөрү бар кабина каалгалары жабылгандан 2 сек. өткөндөн кийин жүрүп кетиши керек, эгерде кабинадан башка буйрук чыкпаса.
249. Лифттин башкаруу системасы төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) лифттин энергия камсыздоосу жок болуп калганда, лебедканын электр кыймылдаткычы менен бирге башкаруу чынжыры да автоматтык түрдө өчүрүлүшү керек.
Лифттин энергия камсыздоосу калыбына келгенде, бирден башкарылуучу лифттердин кабинасы жаңы буйрук берилгенде гана жүрүшү керек, ал эми тобу менен башкарылган лифттерде жаңы буйрук берилгенде же мурда катталган чакыруу боюнча жүрөт. Айрым учурда шахтадагы ордун аныкташ үчүн жана башкаруу системасынын абалын аныкташ үчүн, кабина автоматтык түрдө кайсы бир этажга барып токтойт - муну "түздөөчү рейс" деп коёт. Мында "Жоюу" деген кнопка болгону менен анын милдети аткарылбайт.
Кабиналарынын каалгалары кол менен ачыла (жабыла) турган лифттерде кабинанын жүрүшү үчүн буйрук кабинанын ичинен берилиши керек. Эгерде мындай лифтте жүргүнчүлөрдүн салмагын аныктоочу түзүлүш болбосо, ал эми кабинадан 10 сек. ичинде буйрук берилбесе, анда дагы "түздөөчү рейс" аткарылышы мүмкүн.
Жогорудагы бардык каралган учурларда кабинанын жүрүшү анын каалгаларынын жабык кезинде жана шахтанын каалгалары жабылган, бекиген учурда башталышы керек.
2) чогуу башкарылуучу лифтте кабинадан же этаждан келген буйрук боюнча кабинанын жүрүшү жайлап же токтоп калбашы керек, эгерде ошол учурда кабина ошол этаждын тушунда жайлап калуу жолунан аз аралыкта болсо;
3) электр кыймылдаткычын өчүрүүгө жана механикалык тормозду иштетүүчү аппараттын электр байланыштары, ошондой эле коопсуздук түзүлүштөрүнүн электр байланыштары электр чынжырын ажыратуу багытында иштеши керек;
4) лифт иштеген учурда пайда болуучу же сырттан келүүчү индуктивдүү же сыйымдуулуктуу кедергилер коопсуздук электр түзүлүштөрүнүн бузулушуна таасир этпеши керек.
250. Чогуу башкарылуучу лифттерден башка лифтти башкаруу системасы мурда келген буйрук аткарылмайын, ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн башкаруу түзүлүшүнөн же машина бөлмөдөн келген "Жоюу" буйругунан башка, кийинки келген буйруктардын аткарылышына жол берилбеши керек.
251. Номиналдуу ылдамдыгы 1,6 м/с жана андан көп болгон лифттин башкаруу системасы четки этаждарда алдын ала жайлап жүрүү жөндөмдүүлүгүнө (кабинаныкы сыяктуу) ээ болушу керек.
252. Ушул Эрежелердин 204-пункту боюнча жүрүшү жай болгон плунжери бар буферлер колдонулган башкаруу системасына ээ лифттерде кабина жогорку жана төмөнкү этаждарга жакындаганда ылдамдыкты азайтуучу түзүлүштөрү болушу керек.
Ушул Эрежелердин 251-пункту боюнча этаждарга жакындоо учурунда ылдамдык жумушчу каттоону жана тейлөөнү камсыздай албаса, бул түзүлүш ошол милдетти аткарышы керек.
Ылдамдыкты чектөөчү түзүлүш:
1) жайлатуучу жумушчу түзүлүштөн көз карандысыз иштеши керек;
2) буфер тийишкен учурда кабинанын жүрүшүн төмөнкү чондуктан ашпаганга чейин жайлатышы керек
Vк = Vб /1,15, мында
Vб - буферге эсептелген ылдамдык (м/с);
Vк - буфер менен тийишкенге чейинки кабинанын ылдамдыгы (м/с);
3) ылдамдык азайганда 9,81 м/с2 тан ашпаган жайлап жүрүүнү камсыздашы керек.
253. Тобу менен башкарылуучу лифттер үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр болушу керек:
1) топко кирген калган лифттердин иштөөсүнө таасир этпей эле, бир же бир нече лифттерди өчүрүп салуу;
2) оңдолуп жаткан бардык электр жабдууларын чыңалуудан ажыратып салуу. Эгерде чыңалууну толук ажыратып салуу мүмкүн болбосо, анда өзгөрмө токтун 42 В жана туруктуу токтун 60 В чыңалуусу менен азыктанган электр схемасынын бөлүктөрүн капыстан тийип кетүүдөн корголушу керек жана эскертүүчү белгилер менен белгилениши керек.
254. Электр кыймылдаткычтарын күч келип кетүүдөн коргоо үчүн аларды азыктандыруу булактарынан толук ажыратып салуучу жана калыбына кол менен кайра келтирүүгө мүмкүн болгон түзүлүштөр менен камсыздоо керек.
255. Электр кыймылдаткычын өчүрүү, кабинаны механикалык түрдө тормоздоо жана токтотуу төмөнкүдөй учурларда жүрүшү керек:
1) электр кыймылдаткычынын температурасы белгиленген чектен ашып кеткенде. Механикалык тормоздоо жана кабинаны токтотуу бараткан багыттагы эң жакынкы этажда жана лифт аркылуу башкаруу буйругу алынганда гана аткарылышы керек. Алгачкы абалына автоматтык түрдө келүү температуранын жумушчу маанисине чейин төмөндөгөн кезде гана аткарылышы мүмкүн;
2) азыктандыруу чынжырларында жана коопсуздук чынжырларында кыска туташуу болгон учурда;
3) туруктуу токтун кыймылдаткычынын чыңалуусу токтогондо;
4) электр коопсуздук түзүлүштөрү иштеп кеткен учурда, ушул Эрежелердин 256, 259, 278, 279, 284, 286-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү эсептебегенде, ошондой эле ушул Эрежелердин 274-пункт боюнча жөндөлүүчү кыймылга келтиргичи бар лифттеги четки ажыраткыч иштеп кеткен учурларды эсепке албаганда.
Эгерде кыймылдаткычтын оромдору ар башка электр чынжырларынан азыктанса, анда 1 жана 2-пунктчалардагы талаптар ар бир оромдорго тиешелүү болот.
Туруктуу токтун генераторунан азыктанган кыймылдаткычтар күч келип кетүү коркунучунан корголушу керек.
256. Четки ажыраткыч иштеп кеткенде, көтөрүүчү элементтердин аркандарынын үзүлүп кетишин, жылышып (бошоңдоп) кетишин, буферди, ылдамдыкты жана байланыштардын кошулушун чектөөчү атайын түзүлүштү контролдоп туруучу электр коопсуздук түзүлүштөрү иштеп кетсе кабинанын жүрүшү мүмкүн, мындайда башкаруу машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда каралган башкаруу түзүлүштөрү аркылуу гана ишке ашырылышы керек. Сыртта жайгашкан бөлмөлөрдөгү аппараттардын башкаруу мүмкүнчүлүгү ушул Эрежелердин 76-пунктуна ылайык четтетилиши керек.
Кабинанын жүрүшү өз калыбына келүүчү аппараттарды (кнопка, тумблер) "жогору" же "төмөн" басуу менен аткарылат.
Кабинанын номиналдуу ылдамдык менен жүрүшүнө жол берилет.
257. Машина бөлмөсүнөн лифтти башкаруу мүмкүндүгү болушу керек - "Машина бөлмөсүнөн башкаруу" режими. Машина бөлмөсү болбогон учурда лифтти башкаруу шахтанын сыртында жайгашкан ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкарылышы керек:
Мындай учурда:
1) Ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн сыртта жайгашкан бөлмөлөрдөгү аппараттардын башкаруу мүмкүнчүлүгүн четтетүү керек;
2) кыймылдуу отводкалардын лифттин шахталарынын каалгаларындагы автоматтык кулпуларына таасир этүүсүн четтетүү керек;
3) шахтанын жана кабинанын каалгаларынын автоматтык түрдө ачылып кетүүсүн четтетүү керек;
4) кабинанын төмөнкү жана жогорку этаждын деңгээлинде автоматтык түрдө токтотуу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек;
5) лифттин алдында "Бош" деген сигнал менен жабдуу каралышы керек.
Ушул Эрежелердин 255-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан сырткары машина бөлмөсү аркылуу башкаруу учурунда кабинанын жүрүшү электр коопсуздук түзүлүштөрүнүн байланыштары кошулган абалында же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу болушу мүмкүн.
Машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкаруу учурунда кабинанын өйдө же төмөн жүрүшү калыбына өзү келүүчү аппарат аркылуу аткарылат. Кабинанын жүрүү багыты жанында же башкаруу аппаратында белгилениши керек. Башкаруу аппаратынын жанында лифтти токтотуучу түзүлүш болушу керек. Бул түзүлүштүн (ажыраткыч, кнопка) үстүндө же жанында "Токтот" деген жазуу болушу керек. Лифтти токтотуучу түзүлүштүн өңү кызыл болушу керек. Ал өзү калыбына келүүчү түзүлүш болбошу керек, анын абалдары белгиленип коюлушу керек. Төмөнкүлөрдү чагылдырган индикациялар менен камсыздалышы керек:
1) кабинанын жүрүү багыты;
2) кабинанын каалганы ачууга жеткен учурун билдирүүчү;
3) этаждар боюнча кабинанын турган жерин же лебедканын иштөөсүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.
Ар бир токтогон учурдан кийин кабинанын жүрүшү кайрадан башкаруу буйругу берилгенде гана аткарылышы керек.
Сыноо учурунда "Нормалдуу иш" режиминде иштеп жаткан машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкаруунун чакыруу жана башкаруу тапшырмаларынын аткарылышын текшерүүгө болот.
258. "Ревизия" режими кабинанын үстүнөн лифтти башкаруу мүмкүндүгүн караштырат, жүрүү ылдамдыгы 0,63 м/с дан жогору болбоого тийиш.
Лифтти башкаруу кабинаны жогору, төмөн карай жүргүзүү үчүн каралган башкаруу постунан жүргүзүлүшү керек. Башкаруу аппаратында же анын жанында жүрүү багыты белгилениши керек. "Нормалдуу иштөө" режиминен кабинанын үстүнөн башкарууга өтүү машина бөлмөдөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштөн же кабинанын үстүнөн аткарылышы керек.
Кабинанын үстүнө кире бериштен 0,7 м аралыкта лифтти токтотуучу түзүлүш жайгашышы керек. Анын үстүндө же жанында "Токтот" деген жазуу болушу керек. Лифтти токтотуучу түзүлүштүн өңү кызыл болушу керек. Ал өзү калыбына келүүчү болбошу керек.
Анын абалдары белгиленип коюлушу керек. Бул түзүлүш "Ревизия" режиминде кабинанын үстүндөгү башкаруу постунда да жайгашуусу мүмкүн.
Эгерде кабинанын үстүнө кире бериштен 0,7 м кем аралыкта өзү калыбына келүүчү электр коопсуздук түзүлүшү бар болсо, анда кабинанын үстүнө башкаруучу түзүлүштү койбой койсо болот.
Кабинанын үстүнөн башкаруу:
1) башкаруу аппаратына дайыма таасир этүү менен жүргүзүлүшү керек;
2) электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары биригип турган кезде болушу керек, ушул Эрежелердин 259-пунктунда каралган учурлардан башка кезде;
3) кабинада, машина бөлүмүндө, ушул Эрежелердин 76-пунктунда каралган түзүлүштө, этаждардагы аянтчаларда башкаруу буйруктарын аппараттан ажыраткан кезде;
4) лифттин каалгаларынын автоматтык кулпуларына таасир этүүнү четтетүү үчүн;
5) шахтанын жана кабинанын каалгаларынын автоматтык түрдө ачылып кетишин четтетүү үчүн;
6) лифттин жанында "Бош эмес" деп күйүп турган белги болгондо.
Каалгаларды ачып-жабуу кабинанын үстүнөн башкарылышы мүмкүн: "Ревизия" режиминде жана тескерисинче болгондо кабинанын үстүндөгү түзүлүш аркылуу гана болот.
"Ревизия" режиминен "Нормалдуу иштөө" режимине өтүү машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүшү менен же кабинанын үстүнөн, шахтанын каалгаларын жапкандан кийин "Ревизия" режимин өчүргөндөн кийин болот.
Лифттин башкаруу системасында кабина жогорку же төмөнкү этажга келгенде автоматтык түрдө токтоп калууга эсептелинген, мындай учурда тейлөө аянтчасынан шахтанын чатырына чейинки аралык 1,8 мден кем болбошу керек.
259. "Ревизия" режиминде каалгалары автоматтык түрдө ачылуучу лифттин кабинасы каалганын ачылып-жабылганын контролдоочу электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары бириккенде иштеп кетчү электр кыймылдаткычтын күчү менен жүрөт.
Шахтанын каалгалары кол менен ачылуучу лифтте "Ревизия" режиминде кабинасы каалганын ачылып-жабылышын контролдоочу электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары бириккенде иштеп кетчү электр кыймылдаткычтын күчү же шахтанын каалгаларынын автоматтык кулпуларын көзөмөлдөөчү электр коопсуздук түзүлүшүнүн аппараттары (кнопка, ажыраткыч) аркылуу кыймылга келет.
Түзүлүштү иштетүү кабинанын үстүнөн, жана/же машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүшүнөн башкарылат.
260. Кабинада жүктүн салмагынын чектен ашып кеткенин, лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 10% ашык, бирок 75 кг кем эмес көзөмөлдөөчү түзүлүшү болушу керек. Мындай учурда "Лифт ашыкча оор" деген белги берилиши керек. Лифттин каалгалары бул учурда ачык бойдон тура берет; кол менен ачылуучу каалгалары да ачык бойдон калат.
Жүктүн ашыкча оор экендиги "Лифт ашыкча оор" деген графикалык белги аркылуу жарык же үндүн коштолушу менен бирге берилиши керек.
261. Кабина жана кабинанын чатыры тейлөөчү персоналдын турган орду менен эки тараптуу сүйлөшүү үчүн байланыш менен камсыз болуусу керек.
262. Машина бөлмөсүнөн жогору жакта жайгашканда аны менен кабинанын ортосунда, машина бөлмөсү жана төмөнкү этаждык аянтча же чуңкурча, ал эми машина бөлмөсү төмөнкү жакта болгондо машина бөлмөсү менен кабинанын ортосунда, машина жана блок бөлмөнүн ортосунда ремонттук телефондук же башка түрдөгү байланыш болушу керек. Машина бөлмөсү жок кезде мындай байланыш башкаруу түзүлүш орнотулган жай менен кабинанын ортосунда, чуңкурчада, блок бөлмөдө болушу мүмкүн.
263. Арканды өткөзүүчү шкиви жана сүрүлүүчү барабаны бар лебедка менен жабдылган лифттин башкаруу системасы кыймылга келтиргичти токтотушу керек, эгерде:
1) иштөөгө буйрук берилгенден кийин кабина кыймылга келбесе;
2) кабина же каршы салмак кыймыл учурунда токтотулса, шкивде жана барабанда 45 секунда ичинде жылышуулар пайда болсо же кабина өтүүчү убакытка 10 сек. кошулса, бирок ал 20 сек. ашпаса.
"Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө өтүүгө болбойт.
264. Этаждардагы аянтчалардын биринде кол менен башкарылуучу түзүлүш болушу керек. Ал лифтти тейлөөчү персоналдын иштөөсү үчүн керек.
Бул түзүлүштөр бөтөн адамдар үчүн жабык болушу керек.
265. "Нормалдуу иштөө" режиминде шахтанын каалгалары капыстан ачылып калган учурунда чынжырды ажыратып салуучу түзүлүш болушу керек.
"Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө кайра келүүгө мүмкүн эмес.
§ 3. Электр түзүлүшү жана коопсуздук чынжыры
266. Коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн иштөөсү башка кыймыл берүүчү электр кыймылдаткычынын иштөөсүнө жол бербөөгө же аны токтотууга тийиш.
Коопсуздуктун электр түзүлүшү электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырына таасир эткен акыркы өчүргүчтөн тышкары коопсуздук чынжырына кошулушу керек.
267. Коопсуздук электр түзүлүшүнүн курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
1) ушул Эрежелердин 270-пунктунун талаптарына ылайык келген жана ушул Эрежелердин 266-пунктуна ылайык негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычынын контакторун жана лифттин тормозунун кубаттануусун өчүргөн бир же бир нече коопсуздук контакттары.
2) ушул Эрежелердин 5-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келген жана төмөнкү деталдардан же алардын айкалышуусунан турган коопсуздук электр чынжыры:
- ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычын жана лифттин тормозун иштетүү контакторунун кубаттануусун түздөн-түз өчүрбөгөн бир же бир нече коопсуздук контакттары;
- ушул Эрежелердин 270-пунктунда каралбаган башка контакттар;
- ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн электр компоненттери.
Коопсуздуктун электр түзүлүшүнөн түшкөн тышкы сигнал ушул эле чынжырда жайгашкан башка электрдик түзүлүштөн түшкөн тышкы сигналдын таасиринен өзгөрүүгө учурабашы керек.
Сигналдарды каттоого же кармоого арналган электр чынжыр бузулган учурда дагы коопсуздуктун электр түзүлүшү иштегенде коопсуздуктун чынжырынын ажыроосуна тоскоол болбоосу же токтотпоосу зарыл.
Коопсуздуктун контакттары үчүн чыңалуунун изоляциясы каралуусу зарыл:
- 250 В - корпусту IP4x тан кем эмес деңгээлде;
- 500 В - корпусту IP4x тан төмөн коргоо деңгээлинде.
268. Коопсуздуктун электр түзүлүшүндө коопсуздук түзүлүшүнүн жана иш түзүлүшүнүн функцияларын гальваникалык байланышкан контакттарды колдонуу менен айкалыштырууга жол берилбейт.
269. Коопсуздуктун электр түзүлүшүндө тышкы сигналды берүү үчүн электр чынжырдын контакттык жарылуусу бар аппараттар колдонулуусу зарыл. Магнит аркылуу башкарылган контакттарды колдонууга жол берилбейт.
270. Коопсуздук контактынын ишке кирүүсү аны мажбурлоо менен ажыратуунун эсебинен жүрүүсү зарыл. Муну менен бирге өз ара бириктирилген контакттар дагы ажыроосу зарыл.
271. Коопсуздуктун электр чынжырына маалыматтарды топтоочу түзүлүштү кошууга жол берилет. Маалыматтарды топтоо үчүн колдонулган түзүлүштөр ушул Эрежелердин 267-пунктуна ылайык каралган коопсуздуктун электр чынжырына коюлган талаптарга жооп берүүсү зарыл. Түзүлүштүн электр контакттары менен катар кандайдыр-бир башка электротехникалык түзүлүштү кошууга же аларды шунтирлөөгө ушул Эрежелердин 256, 259, 278, 284, 286-пункттарында келтирилген абалдардан тышкары тыюу салынат.
Лифт ушул Эрежелердин 257, 258, 284-пункттарында көрсөтүлгөн режимдерден "Нормалдуу иш-аракетке" өтүүсүнөн кийин кабина коопсуздуктун электр түзүлүштөрүнүн контакттарын шунтирлеген чынжырлардын ажыроосунан жана алардын башкаруу системасындагы кыймыл-аракетинин калыбына келүүсүнөн кийин гана кыймылга келүүсү зарыл.
Коопсуздук өчүргүчтөрүнүн контакттарына параллелдүү түрдө чыңалууну төмөндөтүү же коммутацияны жакшыртуу элементтерин күйгүзүүгө жол берилет. Мындай элементтер ушул Эрежелердин
267-пунктунун коопсуздуктун электр чынжырынын талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
272. Лифттердеги коопсуздуктун электр түзүлүштөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- четки кабаттын аянтчаларына лифттин кабинасынын өтүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 274-пункту);
- шахтанын эшигинин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 277-пункту);
- курлардын созулуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 279-пункту);
- шахтанын эшигинин автоматтык кулпунун жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 280-пункту);
- кулпу менен жабдылбаган эшиктин эки жакка ачылуучу эшигинин жабылышын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 281-пункту);
- жабдууларды, авариялык эшиктерди же шахтадагы кароочу люкту техникалык тейлөө үчүн шахтанын эшигинин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 282-пункту);
- кабинанын эшиктеринин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 283-пункту);
- авариялык эшиктин же кабинанын люгунун кулпусу жабылышынын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 284-пункту);
- кабинанын ылдамдыгын чектегичтин иштөөсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 285-пункту);
- кабинанын ылдамдыгын чектегичтин баштапкы абалга келүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 286-пункту);
- лифтти токтотуучу түзүлүш (өчүргүч, "стоп" баскычы) (ушул Эрежелердин 287-пункту);
- кармагычтардын иштөөсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 288-пункту);
- тартуучу элементтерди салыштырмалуу көчүрүү же үзүлүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 289-пункту);
- ылдамдыкты чектегичтин арканынын тартуусун же үзүлүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 290-пункту);
- теңдөөчү аркандардын тартылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 291-пункту);
- теңдөөчү аркандардын тартуучу түзүлүшүнүн тез жогорулоосун чектеген түзүлүштүн ишке кирүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 292-пункту);
- кабинаны кол жардамы менен жылдыруу үчүн алынуучу түзүлүштүн абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 293-пункту);
- энергия чачуучу түрдөгү буферди баштапкы абалына алып келүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 294-пункту);
- шахтадан башкаруу чынжырларын өчүрүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 295-пункту);
- башкаруу чынжырларын блок жайдан өчүрүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 296-пункту);
- тейлөө аянтчасынын абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 297-пункту);
- блокировкалоочу түзүлүштүн абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 298-пункту).
273. Аяккы өчүргүч төмөнкү учурларда ишке кирүүсү зарыл:
1) лифттин кабинасынын төмөнкү кабаттын аянтчасынын деңгээлине, кабина анын буферлерине тийген учурга чейин өтүшү;
2) каршы салмак менен өз ара аракеттенүү үчүн шахтанын төмөнкү бөлүгүндөгү жабдылган буфер менен лифттин кабинасы жогорку кабаттын аянтчасынын деңгээлине каршы салмактын буферге тийүүсүнө чейин өтүшү;
3) теңдөөчү жүк менен жабдылган лифттин кабинасы менен жогорку кабаттын аянтчасынын 0,2 ден ашпаган деңгээлине өтүшү. Буферди кабинага жайгаштырууда аяккы өчүргүч буфер шахтадагы тийиштүү таянычка тийгенге чейин ишке кирүүсү зарыл.
Кабина кысылган буферлерде турган учурда аяккы өчүргүчтүн контакттары ажыратылышы керек. Аяккы өчүргүч ишке киргенден кийин лифт "Нормалдуу иш-аракет" режимине автоматтык түрдө кайрадан өтпөөгө тийиш.
274. Аяккы өчүргүчтөр ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык кыймылдаткычтын жана тормоздун кубаттануу чынжырын ажыратуусу зарыл. Аяккы өчүргүчтөрдү коопсуздук чынжырына ушул Эрежелердин 276-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кошууга жол берилет.
Лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабанга ээ болгон лифттерде ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычынын кубаттануу чынжырына кошулган эки контактордун катушкаларынын кубаттануусунун электр чынжырын өчүрүүгө жол берилет.
Туруктуу же өзгөрүүчү токтун жөнгө салынуучу электр бергичи бар лифттерде аяккы өчүргүчтүн ишке кирүүсү бул башкаруу системасы үчүн минималдуу болгон убакытта лифттин токтоосуна алып келиши керек.
275. Лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабаны менен жабдылган лифттердин башкаруу чынжырында аяккы өчүргүчтөрдү орнотууда электр кыймылдаткычынын негизги тогунун электр чынжырын эки көз карандысыз электромагниттик аппараттардын эки жолу токтошу каралуусу зарыл. Бул электромагниттик аппараттардын контакттары электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырына ырааттуу кошулуусу зарыл. Муну менен бирге негизги токтун чынжырын бир жолу токтотууну контактсыз түзүлүш менен жүргүзүүгө жол берилет (ушул Эрежелердин 244-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларынын талаптары сакталган учурда).
Эгер электр бергичти токтотууда электромагниттик аппараттардын бири контактсыз түзүлүш электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырын токтотпосо, лифттин кабинасын андан ары жылдыруу кыймылдын багытын кийинки жолу өзгөртүүдөн мурун токтотулушу зарыл.
276. Барабандуу лебедка же жылдыруучу лебедка менен жабдылган лифттин коопсуздук чынжырына аяккы өчүргүчтөрдү орнотууга жол берилет. Бул учурда кабинанын кыймылынын ар бир багытында иштеген жана көз карандысыз элементтер аркылуу ишке киргизилген экиден аз аяккы өчүргүчтөр орнотулушу зарыл.
Аяккы өчүргүчтөр электр кыймылдаткычынын негизги тогунун электр чынжырынын эки жолу токтоосун камсыз кылган башкаруу чынжырынын өзүнчө электромагниттик аппараттарына таасир этүүсү зарыл. Эгер токтоп турган кабинада электромагниттик аппараттардын бири негизги токтун чынжырын токтотпосо, лифттин кабинасынын андан ары жылуусу кийинки кыймылдын багытын өзгөртүүгө чейин жоюлушу керек. Эки аяккы өчүргүчтөрдү башкаруу чынжырына ушул сыяктуу эле кошуу лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабаны менен жабдылган лифтте дагы тартуучу элементтердин салмагы буферде каршы салмакты жайгаштырууда тартуучу элементтердин шкивде сүрүлүүсү жүзөгө ашпаган учурда аткарылат.
277. Ушул Эрежелердин 104-пункту боюнча шахтанын эшиктеринин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ушул Эрежелердин 270-пункт боюнча коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл; эгер ушул Эрежелердин 97 жана 259-пункттарында көрсөтүлгөндөн тышкары шахтанын жок дегенде бир створунун эшиги жабылбаган болсо кабина кыймылга келбөөсү зарыл.
278. Кабинанын кабаттын аянтчасынын деңгээлинен шахтанын эшиктери автоматтык түрдө жабылбаган учурда кыймылга келүүсүн камсыз кылуу үчүн ушул Эрежелердин 97-пункту боюнча кабинанын кабаттын аянтчасынын деңгээлинен ± 0,2 м чамасында турган абалда автоматтык түрдө жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн контакттарын шунтирлөөгө жол берилет.
279. Ушул Эрежелердин 123-пункту боюнча курдун тартылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү курлардын тартылуусу начарлаган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
280. Ушул Эрежелердин 99-пункту боюнча шахтанын эшиктерин автоматтык түрдө жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү эшик жабылбаган абалда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
281. Ушул Эрежелердин 110-пункту боюнча түздөн-түз байланышпаган жана жабылбаган шахтанын эшигинин створлорунун жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү шахтанын эшигинин ар кандай створу ачык болгон учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
282. Ушул Эрежелердин 110-пункту боюнча жабдууну, авариялык эшикти же кароо люгун техникалык тейлөө эшигинин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү алар ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
283. Ушул Эрежелердин 153-пунктуна ылайык кабинанын эшигинин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ал ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
284. Ушул Эрежелердин 160-пунктуна ылайык авариялык эшиктин же кабинанын люгунун жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү алар ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
"Нормалдуу иш-аракет" режимине кайтуу автоматтык түрдө жүргүзүлбөшү керек.
"Өрт бөлүмдөрүн ташуу" режиминде кабинанын люгун контролдогон коопсуздуктун электрдик түзүлүшүн шунтирлөөгө жол берилет.
285. Ылдамдыкты чектегичтин аракетке келтирилишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү төмөн жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү ылдамдыкка жете элегинде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш. Номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с аз болгон лифтте башкаруу чынжырынын ылдамдыкты чектегичи аракетке келтирилгенде ажыратылышына уруксат берилет.
286. Ушул Эрежелердин 191-пунктуна ылайык ылдамдыкты чектегичтин баштапкы абалына кайтып келишин контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегич баштапкы абалына кайтып келбесе, коопсуздук чынжырын ажыратат. Бул түзүлүштү машина жайынан башкарганда же ушул Эрежелердин 78-пунктуна ылайык кабинаны (каршы салмакты) кармагычтардан алганда, шунтирлөөгө уруксат берилет.
287. Кабинанын чатырындагы, машиналык орундагы же ушул Эрежелердин 78-пунктунда көрсөтүлгөн кабинанын чатырындагы түзүлүш лифтти токтотушу үчүн коопсуздук чынжырын кол менен аракетке келтирүү аркылуу ажыратууга тийиш.
Жубу же тобу менен иштегенде колдонулуучу лифттин жанындагы чогултуучу башкаруудан башка да түзүлүштүн аракетке келтирилиши башкаруунун бардык командаларын токтотууга тийиш. Кабина токтогондон кийин анын кыймылы бул түзүлүштүн аракетин токтотуп, башкаруунун жаңы командасын бергенден кийин гана кайрадан башталат.
288. Ушул Эрежелердин 176-пунктуна ылайык кармагычтардын аракетке келтирилишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү коопсуздуктун чынжырын кармагычтар аракетке келтиргенде ажыратууга тийиш.
289. Ушул Эрежелердин 223-пунктуна ылайык тартуучу элементтердин үзүлүшүн же салыштырмалуу ордунан жылып кетишин (бошоңдошун) контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү, тартуучу элементтер үзүлгөндө же салыштырмалуу ордунан жылып кеткенде (бошоңдогондо) коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
290. Ушул Эрежелердин 187-пунктуна ылайык ылдамдыкты чектегичтин арканынын үзүлүшүн же чоюлушун контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегичтин арканы үзүлгөндө же регламенттелген чоңдугунан ашыкча чоюлганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
291. Ушул Эрежелердин 224-пунктуна ылайык тең салмактоочу аркандардын тартылышын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү алардын тартылышы басаңдап калганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
292. Ушул Эрежелердин 224-пунктуна ылайык тең салмактоочу аркандардын тез түзүлүшүнүн жылып кетишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү бул түзүлүш аракетке келтирилгенде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
293. Ушул Эрежелердин 224-пунктунун 2-пунктчасына ылайык чечилме штурвалдын абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү штурвал лебедкага орнотулганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
294. Ушул Эрежелердин 206-пунктуна ылайык энергияны сарптоочу типтеги буфердин баштапкы абалына кайтып келишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү эгерде буфер баштапкы абалына 0,05 м ашык мурдагы абалына келбесе коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
295. Ушул Эрежелердин 37-пунктуна ылайык шахтага орнотулган коопсуздуктун электр түзүлүшү (түзүлүштөрү) өзү кайра мурдагы абалына келбеши керек жана коопсуздук чынжырын кол таасиринен ажыратпоого тийиш.
296. Ушул Эрежелердин 71-пунктуна ылайык блок жайда орнотулган коопсуздуктун электр түзүлүшү өзү кайра мурдагы абалына келбеши керек жана коопсуздук чынжырын кол таасири астында ажыратпоого тийиш.
297. Ушул Эрежелердин 79-пунктуна ылайык аянтчанын абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү анын баштапкы (жумушчу) абалынан чыккан учурда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
298. Ушул Эрежелердин 77-пунктуна ылайык блоктоочу түзүлүштүн абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү бул түзүлүш аракетке келтирилгенде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
299. Ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде лифттин электрондук жабдуусунун бузулуулары жана аларды жоюуга болбой турган шарттар келтирилген.
300. Ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык коопсуздук контакттарын пайдаланганда контакттардын ажырабай калуу мүмкүндүгүн эсепке албай койсо болот.
301. Коопсуздук чынжырлары 6-сүрөттөгү блок-схеманын талаптарына ылайык түзүлүшү керек.
6-сүрөт. Коопсуздук чынжырлардын коопсуздук сыноосунун блок-схемасы
302. Курамына электрондук деталдар кирген коопсуздуктун электр чынжырлары коопсуздуктун электр түзүлүштөрү болуп эсептелинет, эгерде иштеп чыгаруучу заводдун Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык шайкештик сертификаты жок болсо, ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык сыноолордон өтүшү керек.
§ 5. Электр өткөргүчтөр жана электр жабдуулары
303. Бир лифтке тийиштүү башкаруу чынжырчаларынын изоляцияланган өткөргүчтөрүн, жарыктандыруусун, сигнализациясын,
460 В чыңалуудан ашпаган күчтөрүн чогуусу менен (бир тутамда, бир түтүктө, бир себетте, бир кабелде) өткөрүүгө жол берилет, анткени бул өткөргүчтөрдүн ар биринин изоляциясы эң жогорку чыңалууга эсептелген.
304. Электр машиналарынын, аппараттарынын жана клемм топторунун туташтыруучу баскычтары колдонулган өткөргүчтөрдүн (кабелдин) түрүнө жана кесилишине дал келиши керек.
Эгер негизги өчүргүчтөрдүн бири же бир нечеси ажыратылгандан кийин, кээ бир клеммалар чыңалган абалда калса, анда алар чыңалган абалда болбогон клеммалардан бөлүнүүсү, ал эми алардын чыңалуусу 50 в ашкан учурда алар маркировкаланууга тийиш.
305. Лифттин электр жабдуулары анын оңдоосун жеңилдеткен керектүү символдор же белгилер менен жабдылып, стандарттарга ылайык тейлениши керек.
Контакторлор, реле, эриме сактагычтар жана башкаруу панелдерине барган чынжырлардын клеммдик топтомдору электр схемасына жараша маркировкаланышы керек. Сактагычтын номиналы жана түрү сыяктуу керектүү маалыматтар сактагычтын өзүндө же анын патронунда көрсөтүлүшү керек.
Клемм топторунун баскычына, ошондой эле электр жабдууларынын баскычына туура келген өткөргүчтөр маркировкага ээ болуусу зарыл. Өткөргүчтөрдү түстүү маркировкалоого жол берилет.
306. Механикалык бузулуулардан коргоо үчүн кабелдердин жана өткөргүчтөрдүн коргоочу кабы өчүргүчтөрдүн же башка түзүлүштүн корпусуна толук кирүүсү же тийиштүү түрдө тыгыздыкта аякталышы зарыл.
Лифттин кабинасынын жана шахтасынын эшиктеринин жабык каркастары электр түзүлүштөрүнүн кожуху катары каралышы мүмкүн; бирок, каркастын деталдарын же курч кромкасын жылдыруунун жыйынтыгында, механикалык зыян коркунучу пайда болгон учурда коопсуздук түзүлүшүнө кошулган өткөргүчтөрдүн механикалык коргонуусу болууга тийиш.
307. Электр коопсуздугунун чынжырларына орнотулган, электр ажыраткычтарынын жана башка чечилүүчү түзүлүштөрүнүн конструкциясы жана жайгашуусу, эгер мындай түзүлүштөрдүн туура эмес туташуусу лифттин иштөө учурунда кооптуу үзгүлтүктөргө алып келе турган болсо, же аларды алып салуу шаймандардын жардамы жок аткарылса, туура эмес орнотулушуна жол бербөө керек.
§ 6. Жарыктандыруу жана кубаттануу розеткалары
308. Кабинанын, шахтанын жана лифттин жабдуулары жайгаштырылуучу аянтынын жана ошондой эле шаймандарды туташтыруучу розеткалардын электр жарык берүүсүн кубаттандыруу имараттын (курулуштун) жарыктандыруу түйүндөрүнөн жүргүзүлүшү керек.
309. Кабинаны жарыктандыруу автоматтык түрдө жана (же) кол менен иштетилген өчүргүч аркылуу күйгүзүлүшү (өчүрүлүшү) мүмкүн.
Кабинанын иштөөсүн көзөмөлгө алган түзүлүш менен жабдылган лифттин кабинасында жүргүнчүлөр жок жана эшиктер жабык болгон учурда, кабинанын жарыгы автоматтык түрдө өчүүсүнө жол берилет.
Кабинанын иштөөсүн көзөмөлгө алган түзүлүш менен жабдылбаган лифтте, эгер кабинанын эшиги жабылгандан 5 сек. кийин кыймылга келбесе, жарыктын автоматтык түрдө өчүрүлүшүнө жол берилет.
310. Кабинанын үстүндөгү кабинаны жарыктандыруунун кол менен иштетилген өчүргүчтөрү жана кубаттануу розеткасы зарыл болгон учурда машина жайга, ал жок болгон учурда ушул Эрежелердин 81-пунктунун талаптарына ылайык бекитилүүчү шкафка орнотулушу зарыл.
Бир нече лифттин жалпы машина жайында ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн жанында жайгаштырылган ар бир кабинанын өзүнүн өчүргүчү болушу зарыл.
311. Жабдууларды жайгаштыруучу жайда көчүрмө лампалар үчүн розеткаларды орнотууда кабинанын үстүндө, чуңкурчада же кабинанын түбүндө алардын кубат алуусунун чыңалуусу 42 В ашпоого тийиш.
312. Электр куралды туташтыруу үчүн электр розеткалардын кубат алуусунун чыңалуусу 250 Вдан ашпоого тийиш.
313. Лифттин шахтасы шахтанын эшиги жабык абалда 50 лкдан төмөн болбогон стационардык электр жарыктандыруусу менен камсыздалышы керек.
Жарыктандыруунун четки аппараттары шахтанын эң жогорку жана эң төмөнкү чекиттеринен 0,5 мден ашпаган аралыкта орнотулат.
Эгер тышкы жарыктандыруу шахтанын ичиндеги талап кылынган жарыкты камсыз кылса, айнектелген, тор менен курчалган же жарым-жартылай курчалган шахтага стационардык электр жарыктандыруу аппаратын орнотпоого жол берилет.
314. Кабаттын аянтчалары полдун деңгээлинен 50 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
315. Лифттин жабдуулары жайгаштырылган жайга өтүүчү жер полдун деңгээлинен 50 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
316. Машина жай полдун деңгээлинен 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
317. Блок имараты 100 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты менен жабдылуусу зарыл
318. Жабдууну жайгаштыруу жана аны техникалык тейлөө аймагы жабдууну 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты менен жабдылуусу зарыл.
319. Ушул Эрежелердин 81-пунктунун талаптарына ылайык лифттин жабдуусу жайгаштырылган шкафта 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты болуусу зарыл.
320. Ушул Эрежелердин 77-пунктунда көрсөтүлгөн башкаруу түзүлүштөрү панелдин жарыгын 100 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр аппараты менен жабдылуусу зарыл.
321. Кабина башкаруу аппаратында жана полдун деңгээлинде
50 лкдан төмөн болбогон жарыктын деңгээли менен камсыз кылган, стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
322. Кабинаны иштеп жатканда жарыктандыруу параллель жайгаштырылган экиден аз эмес лампа менен камсыз кылынуусу зарыл.
323. Иштеп жатканда жарыктандыруу өчкөн учурда бир сааттын ичинде эң аз бир лампаны 1 Вт кубаттуулугунда камсыздай ала турган, автоматтык кубаттандыруучу кабинаны жарыктандыра ала турган кубаттоонун авариялык булагы каралуусу зарыл. Жарыкты кубаттоо иштен чыккан учурда, кабинаны авариялык жарыктандыруу автоматтык түрдө иштөөсү зарыл.
324. Кабинаны стационардык электрдик жарыктандыруу түзүлүшү кабинага жүк салууда жана жүк түшүрүүдө бузулбай турган абалда орнотулуусу зарыл.
7-глава. Жүк көтөрүмдүүлүк. Кабинанын сыйымдуулугу
325. Лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгү жана лифттин пассажирлеринин саны максималдык пайдалуу аянтка карата орнотулушу керек жана 1 жана 2-таблицага дал келиши керек.
1-таблица
Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (кг) | Кабинанын пайдалуу максималдык аянты (м2) | Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (кг) | Кабинанын пайдалуу максималдык аянты (м2) |
100* | 0,37 | 900 | 2,20 |
180** | 0,58 | 975 | 2,35 |
225 | 0,70 | 1000 | 2,40 |
300 | 0,90 | 1050 | 2,50 |
375 | 1,10 | 1125 | 2,65 |
400 | 1,17 | 1200 | 2,80 |
450 | 1,30 | 1250 | 2,90 |
525 | 1,45 | 1275 | 2,95 |
600 | 1,60 | 1350 | 3,10 |
630 | 1,66 | 1425 | 3,25 |
675 | 1,75 | 1500 | 3,40 |
750 | 1,90 | 1600 | 3,56 |
800 | 2,00 | 2000 | 4,20 |
825 | 2,05 | 2500*** | 5,00 |
* Лифтте бир адам үчүн минимум салмак. ** Лифтте эки адам үчүн минимум салмак. *** 2500 кгдан кийин ар бир 100 кга 0,16 м2 кошуу керек. Салмактын ортодогу маанилери үчүн аянт сызыктык интерполяциянын жардамы менен аныкталат | |||
2-таблица
Жүргүнчүлөрдүн саны | Кабинанын пайдалуу максималдуу аянты (м2) | Жүргүнчүлөрдүн саны | Кабинанын пайдалуу максималдуу аянты (м2) |
1 | 0,28 | 11 | 1,87 |
2 | 0,49 | 12 | 2,01 |
3 | 0,60 | 13 | 2,15 |
4 | 0,79 | 14 | 2,29 |
5 | 0,98 | 15 | 2,43 |
6 | 1,17 | 16 | 2,57 |
7 | 1,31 | 17 | 2,71 |
8 | 1,45 | 18 | 2,85 |
9 | 1,59 | 19 | 2,99 |
10 | 1,73 | 20 | 3,13 |
20 жүргүнчүдөн кийин ар бир жүргүнчү үчүн 0,115 м2 кошуу зарыл | |||
8-глава. Лифттерди колдонууга уруксат берүү
326. Бажы бирлигине "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык шайкештик сертификаты жок болгон учурда лифтти колдонуу уруксаты (мындан ары - Уруксат) лифттин үлгүсүн кабыл алуу сыноосунан өткөрүүнүн оң жыйынтыктарынын жана лифттин ушул Жобого ылайыктуулугун ырастаган эскпертизанын корутундусунун негизинде даярдоочуга же анын расмий өкүлүнө (берүүчүгө) берилет.
Лифттерди ушул Жобонун талаптарына ылайык келген компоненттерди түзгөн ишканага колдонууга жол берилет.
Уруксат айрым лифтке, лифттердин партиясына же лифттердин түрүнө (моделине) берилет. Лифттерди даярдоодо колдонулган материалдардын жана технологиялардын бирдиктүү конструктордук ыкмасын сактаган шартта түрдүү өлчөмдөрдөгү лифттерге бир уруксат берилет.
327. Кабыл алуу сыноосун өткөрүү үчүн эксплуатациялочу уюм ыйгарым укуктуу контролдоочу органга төмөнкү техникалык документтерди берет:
1) лифтти иштеп чыгууга техникалык тапшырма;
2) лифттин үлгүсүн кабыл алуу сыноосунун программасы жана методикасы;
3) тажрыйбалык үлгүнү даярдоонун техникалык шарттары;
4) алдын ала (заводдук) же сертификациялык сыноолорду өткөрүүнүн натыйжалары тууралуу протокол;
5) монтаж боюнча инструкция;
6) төмөнкүлөр камтылган эксплуатациялоо боюнча колдонмо:
- лифтти контролдук сыноодон өткөрүү методикасы;
- лифтти коопсуз эксплуатациялоонун шарттары жана талаптары, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, лифтти техникалык диагноздон өткөрүүнүн тартиби;
- кабаттардын ортосунда токтоп калган лифттин кабинасынан жүргүнчүлөрдү коопсуз эвакуациялоо ыкмасы;
- тез бузулуучу деталдардын тизмеси;
7) лифттин паспортунун үлгүсү;
8) монтаждык чийим;
9) схеманын элементтеринин тизмеси бар принциптүү электр схемасы жана туташтыруунун электр схемасы;
328. Берилген документтердин комплекттүүлүгүн текшерүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан кабыл алуу сыноолорун өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынат.
Оң чечим кабыл алынганда эксплуатациялоочу уюм кабыл алуу сыноосун өткөрүү үчүн эксплуатациялоочу уюмдун, лифтти тейлөөчү уюмдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссияны буйрук менен бекитет. Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлү кирет.
329. Лифттин тажрыйбалык үлгүсүн кабыл алуу сыноосу ал даярдалган жерде, аттестациядан өткөрүлгөн сыноо стенддеринде өткөрүлөт. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашуу боюнча лифтти ал орнотулган объектте сыноодон өткөрүүгө жол берилет.
Кабыл алуу сыноосунун натыйжалары протоколдо (актыда) көрсөтүлөт.
Лифттин өзүнчө конструкциялары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбеген учурда Арыз берүүчү лифтти коопсуз колдонууну камсыз кылган кошумча иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды жана бул конструкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө экспертизанын оң маанидеги корутундусун берет.
330. Лифтти колдонууга уруксат берген орган, эгер эксплуатация процессинде лифтте документтик түрдө мүчүлүштүктөрдү же колдонуучулардын, тейлөөчү кызматкерлердин жана башка адамдардын коопсуздугуна таасир эткен лифттин конструкциясында макулдашылбаган өзгөртүү аныкталса анын иш-аракетин токтотууга укуктуу.
Уруксаттын күчүн калыбына келтирүү тууралуу чечим мүчүлүштүктөрдүн жоюлганы боюнча далилдер келтирилген эксплуатациялоочу уюмдун документтерин кароонун натыйжасынын негизинде чыгарылат.
331. Коопсуздук түзүлүштүн конструкциясын жана лифттин курамдык бөлүктөрүн өзгөртүүдө лифтти колдонууга жаңы уруксат берилет. Муну менен бирге лифтти сыноодон өткөрүү ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын макулдугу менен кыскартылган программа боюнча өзгөртүлгөн конструкцияларды милдеттүү түрдө сыноодон өткөрүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
9-глава. Монтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, каттоо жана лифтти эксплуатациялоого берүү
332. Монтаж, демонтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, лифттерди модернизациялоо жана лифттердин ишин диспетчердик контролдоо системасы боюнча иш-аракет техникалык каражаттарга жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациядан өткөн квалификациялуу адистерге ээ, тийиштүү иштерди аткарууда адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
333. Лифттерди, ошондой эле диспетчердик контролдоо системаларын техникалык диагностоо жана текшерүү боюнча иш Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

334. Лифт эксплуатацияланган объекттерди каттоо өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук- ченемдик актыларга ылайык жүргүзүлөт.
335. Монтаж жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин лифт толук техникалык кароодон өткөрүлөт.
Толук техникалык күбөлөндүрүү Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Толук техникалык кароодон өткөрүүдө лифтке визуалдык жана ченөөчү текшерүү, бардык режимдерде иштөөсүн текшерүү жана ушул Жобонун 10-главасына ылайык сыноо жүргүзүлөт.
Толук техникалык кароодон өткөрүүдө лифтти куруу жана жөнгө салуу иштеринин аяктаганы тууралуу, лифт статикалык жана динамикалык сыноодон өтүп, бузугу жок абалда тургандыгы жана эксплуатацияга берүүгө даяр экендиги тууралуу техникалык даярдык акты түзүлөт .
Бул акт лифтти монтаждаган уюмдун жана генералдык подряддык уюмдун колдору жана мөөрлөрү менен такталат, лифттин паспортунда тийиштүү нерселер жазылат.
Лифттин паспортуна төмөнкүлөр кошулат:
- лифттин электр жабдууларынын жана электр желелеринин изоляциясынын каршылык көрсөтүүсүн ченөө протоколу;
- жерге туташтырылган электр түзүлүшүнүн жана жерге туташтырылган түзүлүштүн элементтеринин ортосундагы чынжырдын болушун текшерүү протоколу;
- электр түзүлүштөрүнүн кубатынын системасы жерге кийирилген нейтраль менен 1000 В чыңалууга чейин жеткен учурда коргоонун иштөөсүн текшерүү протоколу;
- машина жайына ээ лифттер үчүн шахтаны жабууда жабык иштердин акты, машина жайы жок лифттер үчүн чуңкурчанын полунун жабык иштеринин акты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
336. Буйрутма берүүчү же генподряддык уюм ушул Эрежелердин 11-главасына ылайык лифтти коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт жана лифтти кабыл алуу боюнча комиссияны төмөнкү курамда уюштурат:
- комиссиянын төрагасы - эксплуатациялоочу уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү;
- комиссиянын мүчөлөрү:
- монтаждык уюмдун өкүлү;
- лифтти техникалык тейлөөгө жоопкерчиликтүү адис;
- генподряддык курулуш компаниясынын өкүлү;
- ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдын өкүлү;
- буйрутма берүүчүнүн өкүлү (болгон учурда).
337. Лифтке буйрутма берген же генподряддык уюм, лифтти кабыл алганга чейин беш күн мурда, комиссиянын курамына кирген уюмдарга комиссиянын ишинин датасы тууралуу кабар берет.
338. Лифтти кабыл алуу боюнча комиссияга лифттин техникалык даярдыгынын акты жана лифтти коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча документтер берилет:
1) адистештирилген уюм менен лифтти тейлөө жана оңдоо келишими;
2) диспетчердик байланыштын болушу жөнүндө документ;
3) жооптуу адамдарды жана лифтерлорду окутуу жана аттестациялоо жөнүндө күбөлүк;
4) лифт аварияга учураганда башка адамдардын жашоосуна, ден-соолугуна же мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө келишим.
339. Комиссия берилген документтерди текшерет, лифтти көзөмөлдүк кароодон өткөрөт.
340. Комиссиянын ишинин натыйжалары лифтти эксплуатациялоого кабыл алуу актында чагылдырылат (ушул Эрежелердин 4-тиркемеси).
341. Лифттин техникалык даярдыгынын акты жана лифтти кабыл алуу боюнча комиссиянын ишинин оң натыйжасынын негизинде ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлү лифттин паспортуна лифтти эксплуатацияга берүү жөнүндө уруксатты кийинки кароодон өткөрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен түшүрөт.
342. Кабыл алууда төмөнкүлөр аныкталган учурда лифт эксплуатацияга берилбейт:
- лифтти кабыл алууда жоюлбай турган, лифттин коопсуз иштешине таасир берүүчү ушул Эрежелерди бузуулардын болушу;
- аттестациядан өткөрүлгөн адистердин жана тейлөөчү кызматкерлердин жоктугу.
343. Эксплуатациялоочу уюм тартип бузуулардын жоюлушун камсыз кылат, андан кийин лифтти кабыл алуу жүргүзүлөт.
344. Лифтти башка бирөөгө өткөрүп берүүдө да өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларга ылайык кайрадан каттоо жүргүзүлөт. Каттоодон чыгаруу лифтти демонтаждоодо жүзөгө ашырылат.
10-глава. Лифттерди техникалык диагностоо жана текшерүү
345. Техникалык диагностоо лифттин техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Техникалык диагностоого лифтти толук, мезгилдүү жана жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүү кирет.
346. Жаңы орнотулган лифт колдонууга берилгенге чейин толук техникалык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
Толук техникалык күбөлөндүрүү төмөнкүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт:
а) лифттин паспорттук маалыматтарга жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келиши;
б) лифттин коопсуз иштөөсүн камсыздаган оң абалда тургандыгы;
в) лифт менен кошо берилген документтердин комплектисинин ушул Эрежелерге туура келиши.
Толук техникалык күбөлөндүрүүдө:
- лифт жабдуусунун лифттин паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келүүсү текшерилет;
- лифтти орнотууга жана анын монтаждык чиймелерге, ушул Эрежелерге ылайык келүүсүнө визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт;
- эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык лифттин бардык режимдерде иштеши текшерилет;
- сыноо жүргүзүлөт;
- лифт менен кошо берилген документтердин жана ушул Эрежелердин 335-пункту боюнча документтердин болушу текшерилет.
347. Эксплуатациялоонун бардык мөөнөтүндө лифт жылына бирден кем эмес техникалык күбөлөндүрүүгө алынат.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү адистештирилген уюмдар тарабынан төмөнкүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт:
а) лифттин коопсуз иштөөсүн камсыздап, оң абалда тургандыгы;
б) лифтти эксплуатациялоону уюштуруу ушул Эрежелерге дал келет.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө:
- лифт жабдуусунун орнотулушуна визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт, буга эксплуатациялоо процессинде өзгөрүлбөгөн көлөмдөр кирбейт;
- лифттин бардык режимдерде иштеши текшерилет;
- сыноо жүргүзүлөт;
- лифтти эксплуатациялоону уюштурууда ушул Эрежелерге ылайык келиши текшерилет.
348. Лифт жабдууларын капиталдык оңдоодон (алмаштыруу) же орнотуудан кийин лифт жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүгө жатат.
Жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүү алмаштырылган, кайра орнотулган же оңдолгон лифт жабдуулары лифттин коопсуз иштешин камсыздап, оң абалда тургандыгын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Лифт төмөнкүлөрдөн кийин жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүгө жатат:
- коопсуздук түзүлүштөрүн алмаштыруу же орнотуу;
- редукторду, аркан менен жүрүүчү дөңгөлөктү, тормоздоо түзүлүшүн, тартуучу аркандарды алмаштыруу же оңдоо;
- принципиалдуу электр схемасынын өзгөрүшү;
- башкаруу шкафын (түзүлүшүн) алмаштыруу.
Жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүдө:
- орнотулган, алмаштырылган же оңдолгон лифт жабдууларынын паспорттук маалыматка дал келүүсү текшерилет;
- орнотулган жабдууга визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт;
- мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү көлөмүндө орнотулган, алмаштырылган же оңдолгон коопсуздук түзүлүшкө жана жабдууга сыноо жана (же) текшерүү жүргүзүлөт.
349. Визуалдуу жана өлчөөчү контролун жүргүзүүдө лифт жабдууларынын паспортогу маалыматтарга жана аны орнотуу ушул Эрежелерде регламенттелген көлөмдөргө, монтаждык чиймелерге ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүлөт.
350. Текшерүүдө принципиалдуу электр схемасында каралган лифттин бардык режимдерде иштеши, ошондой эле төмөнкүлөрдүн иштеши текшерилет:
- лебедкалар;
- шахталардын эшиктери, кабиналар жана эшиктерди иштеткичтер;
- сыноо учурунда текшерилгендерди кошпогондо коопсуздук түзүлүштөр;
- сигнализациялар, байланыш, диспетчердик контроль, жарыгы, ошондой эле кабаттык аянтчалардагы кабинанын токтошунун тактыгы текшерилет.
351. Төмөнкүлөр текшерүүдөн өтүшөт:
- ылдамдыкты чектегич;
- кармагычтары;
- буферлер;
- тормоздук система;
- электр иштеткич;
- аркан менен жүрүүчү дөңгөлөк;
- коргоп жер алдына түшүрүү (жерге туташтыруу), электр тармактарын жана электр жабдууларын изоляциялоо, жерге туюк туташтырууну түйүн ичинде коргоо.
352. Ылдамдыкты чектегичти текшерүүдө ушул Эрежелер менен регламенттелген чекте айландыруу ылдамдыгынын көбөйүүсүндө анын иштеши жана кармагычтарды ишке киргизүү текшерилет.
353. Кармагычтарды текшерүүдө алардын иштеши, токтошу жана жылып жаткан кабинага багытталгандыгын (каршы салмак, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү) кармап турушу текшерилет.
Үзүлгөн жерден же тартуучу элементтердин начардыгынан араң иштеген ылдамдыкты чектегичтен жана түзүлүшкө чейин ишке киргизилген кармагычтар мындай түзүлүштөрдүн ар биринде сыналат.
Кабинанын кармагычтарын толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин кабинада төмөнкүдөй салмактагы жүк болгондо текшерүүдөн өтөт:
- жай токтоону кармагычтар үчүн - лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашканда;
- көз ирмемдик иштөөнүн кармагычтары же амортизациясы бар көз ирмемдик иштөөнүн кармагычтары үчүн - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүккө тең болгондо.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө кармагычтарды текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинада өткөрүлөт.
Кабинанын каршы салмак кармагычтарын жана тең салмактоочу түзүлүшүн текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт.
Кармагычтар лифттин жумуш ылдамдыгында текшерилет. Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө 1 м/с ашуусун номиналдуу ылдамдыктагы лифттерде сыноо төмөндөтүлгөн, бирок 1 м/с кем эмес ылдамдыкта жүргүзүлөт.
354. Кабиналардын энергия топтоочу буферлерин толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин текшерүү кабинада салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнө тең жүк болгондо жүргүзүлөт. Кабина буферге жумуш ылдамдыгында түшүрүлөт.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө энергия топтоочу буферлерди, кабинанын амортизацияланган карама-каршы жүргүчү бар буферлерди жана каршы салмакты текшерүү талап кылынбайт. Алардын абалына жана регламенттелген көлөмдөрдүн монтаждык чиймеге туура келүүсүнө визуалдуу жана өлчөө контролу жүргүзүлөт.
Амортизацияланган карама-каршы жүргүчү бар кабиналардын энергия топтоочу буферлерин, энергия берүүчү буферлерди толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин текшерүү кабинада салмагы иштөө ылдамдыктагы же кыскартылган жүрүш менен буферлерди колдонуу учурунда буферлердин жүрүшү эсептелген ылдамдыкта номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүккө тең жүк болгондо жүргүзүлөт.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө энергия берүүчү буферлерди текшерүү 0,71 м/с ашпаган ылдамдыктагы жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт.
355. Тормоздук системаны толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аны алмаштыргандан кийин текшерүү, салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашкан жүгү бар кабина иштөө ылдамдыгында ылдый жылганда электр кыймылдаткычты жана тормозду өчүрүүнүн жардамы менен жүргүзүлөт. Тормоз иштеткичти токтотуу керек. Муну менен бирге кабинанын жайлап калышын тездетүү 9,81 м/с2 ашпашы керек.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө тормоздук системаны текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабина өйдө жылганда электр кыймылдаткычты жана тормозду өчүрүүнүн жардамы менен жүргүзүлөт. Тормоз иштеткичти токтотуу керек.
356. Кармагычтарды, буферлерди жана тормоздук системаларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин кабинанын илмектеринин бөлүктөрү, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү жана каршы салмагы, ал эми кармагычтар жана буферлер бузулбаганда визуалдоо текшерилиши керек.
357. Башкарылуучу өзгөрткүчтөн электр кыймылдаткычтык кубаттандырууда лифттин электр иштеткич, эгерде ал лифттин конструкциясында каралса, анда анын электр тормоздоосунда (кармап калуусун) ишенимдүүлүгү сыналат.
Электр тормоздоосун (кармалып калуусун) текшерүү 3 минутанын ичинде экиге бөлүнгөн тормоз менен жогорку токтоочу аянтчасынын деңгээлинде жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт. Токтоонун тактыгы (нивелировка) деңгээлинин чегинде кабинаны кийин кармоо менен автоматтык түрдө жылдырууга жол берилет.
358. Толук техникалык күбөлөндүрүүдө аркандарды, аркан менен жүрүүчү дөңгөлөктөргө жана сүрүлүүчү барабандарга кошууну текшерүү салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашкан жүгү бар кабинанын ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан шахталарды ылдый түшүрүүдө жүргүзүлөт. Муну менен бирге ылдыйкы кабатта кабина буферлерге тийгенге чейин ал толук токтошу керек.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө кошулууну текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинанын өйдөңкү бөлүгүндө турган шахтаны көтөргөндө жүргүзүлөт. Муну менен бирге өйдөңкү кабаттын так токтоо зонасындагы кабиналар толук токтошу керек.
359. Кысылган буферде каршы салмакта болгондо жүк жүктөлбөгөн кабинаны көтөрө албоо мүмкүнчүлүгүн текшерүү кабинаны кол менен өйдө штурвалдан же төмөндөтүлгөн ылдамдыктагы электр кыймылдаткычтан жылдыруу менен туюк эмес тормоздо жүргүзүлөт. Муну менен бирге кабинаны көтөрүүгө (тартуу) болбойт.
360. Коргоп нөлгө түшүрүүнү (жерге туташтыруу) сыноодон өткөрүү, электр түйүндөрүн жана электр жабдууларын изоляциялоо, ачык эмес нейтралдуу жерге туташтыруунун коопсуздугун коргоону текшерүү монтаждоодон, модернизациялоодон кийин, кызматтын белгиленген мөөнөтүн иштеп бүткөн лифтти иликтөөдө, ошондой эле мезгилдүү белгиленген мөөнөттө эксплуатациялоодо жүргүзүлөт.
361. Эксплуатациялоо процессинде модернизацияланган лифт модернизациялоо, алмашылган жабдууну орнотууга визуалдуу жана өлчөө контролун жүргүзүү боюнча документтердин комплектин текшерүү менен мезгилдүү көлөмдө техникалык күбөлөндүрүүгө алынат.
Лифттин курамдык бөлүктөрүн алмаштырылгыс металл конструкциялары (кабиналар, каршы салмак, рамалар, багыттап бекитүүнүн күрөөлүк бөлүктөрү) контролдун бузбоочу методдорун колдонуу менен текшерилет. Күбөлөндүрүүнүн жана текшерүүнүн оң натыйжаларында лифттин иштөөсүнүн жаңы мөөнөтү аныкталат.
362. Ченемдик, конструктордук жана эксплуатациялык документтерде, стандарттарда, коопсуздук эрежелерде белгиленген мөөнөтүн иштеп бүткөн лифт, аны коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында текшерилүүгө тийиш.
363. Лифтти текшерүүдө төмөнкүлөргө көңүл бурулат:
- визуалдуу жана өлчөөчү текшерүүгө;
- лифттин бардык режимдерде иштешин текшерүүгө;
- дефекттерди, бузулушун, эскирүү даражасын, коррозияларды аныктоо менен лифт жабдуусунун абалын аныктоого;
- коопсуздук түзүлүшүн сыноого;
- контролдун бузбоочу методдорун колдонуу менен металлконструкцияларын изилдөөгө;
- коргоп нолго түшүрүүгө (жерге туташтырууга), электр тармактарын жана электр жабдууларын изоляциялоого, туюк жерде туташтыруунун коопсуз тармактарында коргоону текшерүүгө.
Лифтти текшерүүнүн, аны колдонуунун шарттарын талдоонун натыйжаларынын негизинде жабдуунун калдык ресурстарын жана лифтти коопсуз колдонуу мөөнөтүн узартуу мумкүнчүлүгүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
Лифтти коопсуз колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча иштер алар ченемдик белгиленген мөөнөткө жеткенге чейин жүргүзүлөт. Бир жыл ичинде лифттерди текшерүү иштерин техникалык күбөлөндүрүү иштери менен айкалыштырууга болот.
364. Лифтти техникалык диагностоо жана текшерүү натыйжаларын тариздөө.
365. Лифтти техникалык диагностоонун натыйжалары лифттин паспортунда, ошондой эле лифттин техникалык жактан даярдык актысында толук чагылдырылат (ушул Эрежелердин 3-тиркемеси);
366. Иштөөнүн ченемдик мөөнөтүн аткарып бүткөн лифтти текшерүүнүн натыйжалары лифтти коопсуз эксплуатациялоонун мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө өнөр жай коопсуздук экспертизасынын корутундусунда чагылдырылат.
11-глава. Лифттерди коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү боюнча талаптар
§ 1. Жалпы жоболор
367. Лифтти утилдештирүүдө адистештирилген уюм аны демонтаждону ишке ашыруусун талап кылат. Лифтти демонтаждоодо жана демонтаждоодон кийин машина жана блок жайларга, ошондой эле лифттин шахтасына жана кабинасына колдонуучулардын жана бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар көрүлүшү керек.
368. Лифтти эксплуатациядан чыгарууда жана аны демонтаждоо тууралуу тейлөөчү персоналга жана пайдалануучуларга лифттин шахтасынын эшиктеринин жанындагы кабаттык аянтчаларга жайгаштыруу аркылуу маалымдоо зарыл.
369. Кайра пайдалануу үчүн жарабаган, демонтаждалган жабдууларды утилдештирүү.
370. Эксплуатациялоочу уюм талаптагыдай тейлөө жана оңдоону уюштуруу жолу менен лифтти оң абалда кармоону жана аны коопсуз колдонууну ушул Эрежелердин талаптарына ылайык камсыз кылат.
Мындай максаттар үчүн эксплуатациялоочу уюм төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле өнөр жай коопсуздук жаатындагы ченемдик техникалык документтерди сактоону;
- лифттерди эксплуатациялоого байланышкан кызматкерлер штатынын толук комплекттелгендигин;
- тийиштүү квалификациялык талаптарды канааттандырган жана көрсөтүлгөн жумушка медициналык каршы көрсөтмөсү жок адамдарды жумушка алууну;
- өнөр жай коопсуздук жаатындагы кызматкерлерди даярдыктан жана аттестациядан өткөрүүнү;
- иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик техникалык документтердин болушун;
-өнөр жай коопсуздук талаптарын сактоо үчүн өндүрүштүк контролду;
- лифттерди техникалык диагностоо, текшерүү жана эксплуатациялоо мөөнөтүнүн бүтүшү менен лифттерди колдонуудан чыгарууну;
- лифтке чоочун адамдарды киргизбөө;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын, анын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарына ылайык берилген көрсөтмөлөрүн аткарууну;
- адамдардын өмүрүнө коркунуч туулган учурда лифтти өз алдынча же ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын, анын кызмат адамдарынын буйругу боюнча токтотууну;
- лифттеги авариялардын жана кырсыктардын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды, мамлекеттик органдарга жардам берүүнү, лифттеги авариялардын жана кырсыктардын себептерин техникалык жактан иликтөөгө катышууну, ошондой эле аталган себептерди жоюу жана аларды алдын-алуу боюнча чараларды көрүүнү;
- лифтте чыр-чатактардын пайда болуу себептерин талдоо, көрсөтүлгөн себептерди четтетүү жана ушундай чыр-чатактардын алдын-алуу боюнча чараларды көрүү;
- лифттерди эксплуатациялоого байланышкан жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча чараларды;
- лифттеги авариялар жана кырсыктар тууралуу тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына өз убагында маалымдоону;
- лифттеги аварияларды, чыр-чатактарды жана кырсыктарды эсепке алууну;
- авариялардын, чыр-чатактардын жана кырсыктардын, аларды пайда кылган себептердин жана көрүлгөн чаралардын саны жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу контролдоочу органга берүүнү;
- лифтте авария болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн бүткүл эксплуатациялоо мөөнөтүндө жоопкерчилик көрүүнү камсыздандыруу.
§ 2. Лифтти тейлөө жана оңдоонун пландуу-алдын-алуу системасы
371. Лифтти тейлөөнү лифтер ишке ашырат жана лифтти нөөмөт сайын кароодон өткөрүп турат.
372. Диспетчердик контролдоо менен жабдылган лифттердин ишин кароо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашылган башка циклде жүргүзүлүшү мүмкүн.
373. Пландуу-алдын ала оңдоолор системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөрдөн турган техникалык жактан тейлөө системасын:
- мезгил-мезгили менен кароо;
- күндөлүк оңдоолор;
- авариялык-техникалык тейлөө.
2) төмөнкүлөрдөн турган лифттин ресурсун калыбына келтирүү системасын:
- капиталдык оңдоо (жабдууларды алмаштыруу);
- эксплуатациялоодо модернизациялоо.
374. Техникалык тейлөө, капиталдык оңдоо жана модернизациялоо үчүн эксплуатациялоочу уюм адистешкен уюмду ишке тарта алат.
Мындай учурда алардын ортосундагы келишимде талаптардын милдеттенмелери жана жоопкерчиликтери ушул Эрежелердин
370, 371-пункттарын эске алуу менен аныкталат.
375. Эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм пайдалануу боюнча колдонмодо каралган ишти аткаруу көлөмүнөн чыгып жана жергиликтүү эксплуатациялоо шарттарын эске алып, жумушчулардын штатын толук комплекттөөнү камсыздайт.
376. Эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдун жетекчилери, адистери жана аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу контролдоочу орган белгилеген тартипте өнөр жай коопсуздугу боюнча даярдыктан жана аттестациядан өтүшөт.
Көрсөтүлгөн адамдар электр коопсуздугу боюнча тийиштүү топко ээ болушу керек.
§ 3. Тейлөөчү персоналды окутуу жана аттестациялоо
377. Электромеханиктерди, лифтерлорду жана диспетчерлерди окутуу жана аттестациялоо өнөр жай чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аттестацияланган теориялык жана практикалык окутуу үчүн штаттык адистердин (окутуучулардын) зарыл санындагы базасы бар окуу жайларда жана уюмдарда жүргүзүлөт.
Комиссиянын электромеханиктерди аттестациялоо ишине ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрү милдеттүү түрдө катышышы керек. Лифтерлорду жана диспетчерлерди аттестациялоону комиссия ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрүнүн катышуусу жок эле өткөрөт.
Аттестациянын натыйжалары протоколдо чагылдырылат. Экзамен тапшырган адамдарга күбөлүк берилет.
378. Электромеханиктердин, лифтерлордун, диспетчерлердин билимин мезгил-мезгили менен текшерүү уюмдун аттестациялык комиссиясы тарабынан, ал штатта катталса же окууну ишке ашырган уюмдун комиссиясы тарабынан 12 айда кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Билимди кезексиз текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- бир уюмдун ичинде башка жумушка кирип жатканда;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнүн талабы боюнча.
Билимди мезгил-мезгили жана кезексиз текшерүү өндүрүштүк нускаманын көлөмүндө жүргүзүлөт.
Билимди текшерүүнүн натыйжалары күбөлүктө белгиленип, протокол менен таризделет.
379. Тейлөөчү персонал электр коопсуздугу боюнча даярдыктан жана билимин текшерүүдөн төмөнкү квалификациялык топтон төмөн эмес көлөмдө өтүшөт:
- өз алдынча иштөөгө жол берилген электромеханиктер - III топ;
- лифтерлор жана диспетчерлер - II топ.
Билимди текшерүү жумушка кабыл алынып жатканда бир айдан ашпаган мөөнөттө жана мезгил-мезгили менен кеминде 12 айда бир жолу өткөрүлүп турат.
Текшерүүнүн натыйжалары журналда (протоколдо) чагылдырылат. Экзаменден өткөн адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
380. Аттестацияны жана уюмдун жумушчуларынын билиминин текшерилгендигин аныктаган документтер ушул Эрежелерде аныкталган учурларда ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнө көрсөтүлөт.
381. Лифттерди эксплуатациялоону жана (же) техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча иш-милдеттерди адистерге жүктөө буйрук менен ишке ашырылат.
382. Электромеханиктерге, лифтерлорго, диспетчерлерге өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк берүү аларда аттестация тууралуу күбөлүгү болгон учурда буйрук менен ишке ашат.
Электромеханиктерге жана лифтерлорго бекитилген лифттерге тийиштүү жумуштарды аткаруу жүктөлөт.
Аныкталган диспетчердик пунктка кошулган лифттердин иштөөсүнө диспетчердик контроль кылуу боюнча иштерди аткаруу диспетчерлерге жүктөлөт.
383. Эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм адистердин, электромеханиктердин, лифтерлордун, диспетчерлердин негизги иштерине тийиштүү болгон төмөнкүдөй документтерди беришет:
- адиске ушул Эрежелер жана кызматтык нускама берилет;
- электромеханикке, лифтерлорго, диспетчерге тийиштүү иштерди аткаруу үчүн иштетип жаткан уюм жетекчиси тарабынан бекитилген өндүрүштүк нускама жана коопсуздук техникасы боюнча нускама берилет.
384. Өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларга ылайык эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм эксплуатациялоонун жергиликтүү шарттарын эске алуу менен өндүрүштүк контролдоо жөнүндө жобону иштеп чыгышат.
Өндүрүштүк контролдоону ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте аттестациядан өткөн жооптуу кызматкер дайындалат.
385. Лифттин кабинасында жана (же) негизинен түшүрүүчү кабатта лифтти пайдалануунун Эрежелери, ошондой эле тейлөөчү персонал жана авариялык кызмат менен байланышуу үчүн телефон номерлери көрсөтүлгөн тактача илинет.
386. Лифттин жаңы ээсине жана ижарачысына өткөрүп берүүдө лифттин паспорту берилет.
Жаңы ээси же ижарачы ушул Эрежелерге ылайык лифттин иштөөсүн камсыздайт, лифтти өткөрүп берүү менен байланышкан бардык зарыл болгон өзгөрүүнү паспортко киргизет, лифтти кабыл алуу жана анын коопсуз иштөөсүн камсыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу текшерүүчү уюмга билдирет.
12-глава. Лифттин ишин диспетчердик контролдоо
387. Лифттерди диспетчердик контролдоо менен жабдуу зарылдыгы эксплуатациялоочу уюм тарабынан аныкталат.
Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо үчүн өнөр жай коопсуздук экспертизасынан өткөн жана белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген көп функциялуу диспетчердик комплекстер сыяктуу эле адистештирилген диспетчердик пульттар дагы колдонушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
388. Диспетчердик контролдоо жабдууларын долбоорлоо жана даярдоо, монтаждоо, техникалык тейлөө, оңдоо, кайра конструкциялоо жана алмаштыруу техникалык каражаттарга жана квалификацияланган адистерге ээ болгон уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
389. Диспетчердик контролдоо жабдуусун эксплуатациялоочу уюм талаптагыдай тейлөө жана оңдоо жолу менен оң абалда кармоону камсыздайт. Бул максаттарга жетүү үчүн адистештирилген уюм менен келишим түзө алат.
390. Лифттердин ишине диспетчердик контролдоо жабдуусу монтаждоодон, кайра конструкциялоо жана мезгилдүү эксплуатациялагандан кийин даярдоочунун эксплуатациялоо документтери менен аныкталган көлөмдө иштөөсү текшерилүүгө тийиш.
391. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо жабдуусу диспетчердик пункт менен лифтти дистанциялык өчүрүү үчүн түзүлүштү камтый алат. Лифтти дистанциялык пунктан иштетүүгө жол берилбейт.
392. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- диспетчердик пункт менен кабинанын, диспетчердик пункт менен машина жайларынын ортосундагы эки жактуу сүйлөшүү байланышын, ошондой эле диспетчерди байланышка чакыруу жөнүндө үндүү сигнализацияны;
- кабаттагы кабина жокто шахталардын эшигинин ачылгандыгы тууралуу сигнализацияны;
- машина жайларынан (машина жайлары жок лифттер үчүн) тышкары жайгашкан машина, блок жайлардын эшигинин жана башкаруу шкафтарынын ачылышы жөнүндө сигнализацияны;
- лифттин коопсуздук чынжырынын эскириши жөнүндө сигнализацияны;
- келген сигнализацияны идентификациялоону (кайсы лифттен жана кайсы белги).
Диспетчердик контролдоо менен лифттин абалы жөнүндө кошумча сигнализация каралышы мүмкүн.
393. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо лифттин энергия менен камсыз болуусуна көз каранды эмес. Диспетчердик контролдоо жабдуусун энергия менен камсыз кылуу токтогондо кабина менен диспетчердик пункттун ортосундагы эки тараптуу байланыштын иштөөсү 1 сааттан кем эмес камсыздалышы керек.
13-глава. Аварияларды жана кырсыктарды иликтөөнүн тартиби. Жыйынтыктоочу жоболор
394. Ыйгарым укуктуу контролдоочу органда катталган лифттердин авариялары жана аларды эксплуатациялоодо болгон кырсыктар тууралуу эксплуатациялоочу орган өз убагында тийиштүү органга белгиленген тартипте маалымдашы керек жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрү келгенге чейин, эгерде бул адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбаса авариянын же кырсыктын бардык жагдайын сакташы керек.
395. Авариянын себептерин техникалык жактан иликтөө өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларга ылайык жүргүзүлөт.
396. Кырсыктарды иликтөө өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларда белгиленген тартипте ишке ашат.
397. Эксплуатациялоочу орган тарабынан иштен чыккан лифттерди, ошондой эле ушул Эрежелер күчүнө киргенге чейин даярдалган лифттерди кайра жабдыбоого жол берилет.
398. Курулган имараттарга лифттерди орнотуу, ошондой эле ушул Эрежелердин курулуш бөлүгүнө болгон талаптары аткарылбай турган имараттардагы лифттерди модернизациялоо ушул Эрежелердин 11-тиркемесинин талаптарын аткарууда уруксат берилет.
Имаратты кайра конструкциялоодо лифттерди орнотуу ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
399. Лифттин конструкциясында жана анын курамдык бөлүктөрүндө ушул Эрежелердин талаптары камтылбаган принциптүү жаңы техникалык чечимдерди колдонууга уруксат берилет. Мындай учурда коопсуздуктун зарыл болгон деңгээлин камсыздоо эксперттик уюм тарабынан ырасталат.
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 1-тиркемеси |
Терминдер жана алардын аныктамалары
Башмак - лифттин түйүндөрүнүн багыттоо абалын камсыздап турган түзүлүш.
Буруп кетме блок (буруп кетме, багыттоочу) - талапка жараша багыт боюнча четтеп кете турган түзүлүш.
Блок жайлар - блоктор орнотула турган өзүнчө бөлмөлөр.
Буфер - кыймылдагы кабинанын каршы салмактын кыймылын травма алуу же кабинанын, каршы салмактын четки жумуш абалына өтүүдө жабдуунун бузулуу коркунучун төмөндөтүү максатындагы жайлатуунун чоңдугун чектөөгө арналган түзүлүш.
Эксплуатациялоого киргизүү - лифттин белгиленген тартипте документтүү түрдө негизделген жана багыты боюнча пайдаланууга даяр экендигин белгилеген окуя.
Киргизилме түзүлүш - лифтке киргизилген чыңалуунун линияларын алып салуу жана кубаттуулукту берүү боюнча негизги электротехникалык типтеги түзүлүш.
Башкаруунун түрлөрү - тиешелүү багытта лифтти пайдалануудагы башкаруу командасын берүүнүн жалпы ыкмалары.
Ички башкаруу - лифтти колдонуунун бир түрү, аны кыймылга келтирүү үчүн башкаруу кабинанын ичинен гана жүргүзүлөт.
Ийилгич келген тартуучу элемент - лифттин кабинасы бекитилген (канат,чынжыр, кур) элемент, ал аркылуу тартуу күчүнүн аракети иштейт.
Тайпалык башкаруу - эки же андан ашык лифттердин ишин бирге башкаруу системасы.
Деформация - сырткы жана ички күчтөрдүн таасиринин натыйжасында буюмдун өлчөмүнүн, формасынын жана конфигурациясынын өзгөрүшү.
Шахта эшигинин кулпу - шахтанын эшигин кулпулоого багытталган автоматтык түзүлүш.
Тейлөө зонасы - лифт жабдууларынын жанында жайгашкан бош аянтча, бул жабдууларды тейлеген персоналдын жумушчу орду.
Эскирүү - сүрүлүүдө буюмдун үстүнкү катмарынын талкалануусунан (эскирүүсү) улам, буюмдун же аспаптын бетинин өлчөмүнүн, формасынын, массасынын же абалынын өзгөрүшү.
Кабина - адамдарды жана (же) жүктөрдү өйдө же төмөн көздөй жеткирүүдө аларды жайгаштыруучу лифттин бөлүгү.
Башкаруу командасы - лифти пайдалануучу жүргүнчү тараптан же тейлөөчү персонал тараптан, же башкаруу системасы тарабынан калыптануучу башкаруу системасынын командасы.
Лебедка - лифттин кабинасын кыймылга келтирүүчү жана анын тартуу күчүн түзүү үчүн арналган электр кыймылдаткычтуу электромеханикалык түзүлүш.
Барабандуу лебедка - тарткыч элементтердин барабанга абдан катуу бекитилип жана анын барабан менен катуу сүрүлүүсүнөн улам тартуу күчү пайда болучу лебедка.
Шкивдүү лебедка же барабан аркылуу сүрүлүү - шкивдин тарткыч элементтеринин эсебинен күчтөндүрүлгөн же барабан аркылуу түзүлгөн тартуу күчүндөгү лебедканын бир түрү.
Жылдызчалуу лебедка - тартылуучу чынжыр менен жылдызчанын бекитилишинен тартуу күчүн түзгөн лебедка.
Лифт - адамдарды, жүктөрдү ташууда кабинада өйдө жана төмөн көздөй жылуучу, бурчтары жогору караганда 15 градустагы жантайыңкы абалдагы түзүлүш.
Лифттин жабдуулары - лифттин курамына кирген өзүнчө түйүндөр, механизмдер жана түзүлүштөр.
Кармагычтар - коопсуздук түзүлүштөр, алардын жардамы менен кабина кармап турулат жана аны токтотулат, лифттин ылдамдыгын жогорулатуу учурунда же тартып туруучу элементтер үзүлүп кеткен учурда пайдаланылат.
Жай токтотуунун кармагычтары - серпилгич элементтерди камтыган (пружина) тормоздук механизмдерге таасир этүүчү түзүзүлүштөрдүн бир бөлүгү.
Чукул токтотуунун кармагычтары - серпилгич элементтери жок кармагычтар.
Машина жайлары - лифттин жабдууларын өзүнчө бөлөк жайгаштыра турган бөлмөлөр.
Көп катмардуу айнек - полимердик пленкалар менен бекитилген экиден ашык катмардан турган айнектер.
Лифттин модернизациясы - эксплуатациядагы лифттин коопсуздугун жана техникалык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар.
Монтаждык чийме - ага ылайык лифттин жабдуулары монтаждалып, орнотулат.
Тыштан башкаруу - лифтти иштетүү командасы кабат үйлөрдүн аянттарынан гана жүргүзүлүүчү башкаруунун түрү.
Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк - лифтте ташылуучу жүктүн эң чоң массасы.
Номиналдуу ылдамдык - лифттин жабдуулары эсептелген кабина ылдамдыгы.
Ылдамдыкты чектөөчү - кабинанын кыймылынын ылдамдыгын белгиленген чоңдуктан ашырууда кармоочу механизмдерди кыймылга келтирүүгө багытталган салмакка каршы түзүлүш.
Жалгыз башкаруу - бир гана лифттин иштешин башкаруу.
Лифттин паспорту - даярдоочу тууралуу, лифтти чыгаруу датасы жана анын заводдук номерин, негизги техникалык маалыматты жана лифттин жана анын жабдууларынын мүнөздөмөсүн, коопсуздук түзүлүштөрү жөнүндөгү маалыматтар, лифттин кызматынын белгиленген мөөнөтү жана эксплуатациялоо учурунда киргизүүгө багытталган маалыматтар тууралуу документ.
Кабинанын полунун пайдалуу аянты - ички каалгалардын жана дубалдын бетиндеги аянттар менен чектелген (ачылып-жабылган каалгалар менен кармагычтарды эсепке албаганда), кабинанын полунун аянты.
Сынуу - зыян келүү, сынган жер.
Чуңкурча - лифттин шахтасынын төмөнкү бөлүгү. Ал эң төмөнкү кабаттагы деңгээлден да ылдый түшүп кетет.
Жумушчу ылдамдыгы - лифттин кабинасынын анык иш кыймылы, ал номиналдуу ылдамдыктан 15% чейин айырмаланат.
Кабинага жумушчу жарык берүү - кабинага керектүү жарыкты камсыздаган жарыктын бир түрү.
Башкаруу режимдери - башкаруу системасы камсыздаган лифттин функцияларынын мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.
Башкаруу системасы - лифттин ишин камсыздай турган башкаруу түзүлүштөрүнүн жалпы жыйындысы.
Аралаш башкаруу - лифтти иштетүүгө сырттан да, кабинадан да башкаруу командалары бериле турган башкаруунун бир түрү.
Чогуу башкаруу - же болбосо мында башкарууга катталган бир командадан кийин экинчи команда каттоодон өтө берет да, башкаруу талап коюлган программа боюнча жүргүзүлөт.
Адистештирилген уюмдар - монтаж, демонтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, лифттерди модернизациялоо жана лифттердин ишин диспетчердик контролдоо системасы боюнча иш-аракеттерди аткарууга адистештирилген уюмдар.
Учурдагы имараттар - лифтти орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда пайдаланууда болгон имараттар.
Лифтти техникалык тейлөөлөр - лифттин ишин жана коопсуздугун колдоо боюнча операциялардын жалпы жыйындысы.
Өлчөмү бир типтүүлөр - бири-биринен жүк көтөрүмдүгү, ылдамдыгы, көтөрүү бийиктиги жана (же) лифттин, кабинанын, башкаруу системасынын жабдууларынын комплектелүү мүнөзү, ошондой эле өз ара жайгаштырылышы менен айырмаланган, бирдиктүү конструктордук чечимдеги лифттер.
Кабинаны токтотуунун тактыгы - кабина автоматтык түрдө токтотулгандан кийин кабат аянтчасынын деңгээли менен кабинанын полунун деңгээлинин ортосундагы бийигинен турган аралык.
Коопсуздук түзүлүштөрү - лифттин коопсуздугун камсыздоочу техникалык түзүлүш.
Коопсуздук чынжыры -электр түзүлүшүнүн коопсуздугун камтуучу, электр чынжыры.
Электр кыймылдаткычынын башкы ток чынжыры - электр энергиясын электр кыймылдаткычына берүүчү элементтерди камтыган электр чынжыры.
Күч чынжырчасы - функционалдык милдети электр энергиясын өндүрүүгө же бир бөлүктөрүн берүүгө, аны бөлүштүрүүгө багытталып, электр энергиясын башка маанидеги параметрлер менен өзгөртүү элементтерин камтыган электр чынжыры.
Башкаруу чынжырчасы - функционалдык милдети электр жабдууларын же айрым электр түзүлүштөрүн, же алардын параметрлерин өзгөртүү элементтерин камтыган электр чынжырча.
Шахта - кабина, каршы салмак жана (же) кабинанын тең салмактуулугун камсыз кылган түзүлүштөрдүн өз ара жылуучу мейкиндиги.
Коопсуздуктун электр түзүлүштөрү - лифттин коопсуз пайдалануусун камсыздоочу электр түзүлүшү.
Эксперттик уюм - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өнөр жай коопсуздугу тармагында аттестацияланган эксперттери бар уюмдар, алар өнөр жай тармагында атайын илим-билимге ээ болушат.
Лифтти эксплуатациялоо - лифттин иштөө циклинин стадиясы, мында анын сапатын кармап туруу жана калыбына келтирүү иш жүзүнө ашырылат, ал максаттуу колдонууну, эксплуатация мезгилинде сактоону жана оңдоону камтыйт.
IP4x - механикалык зыяндардан коргоо даражасы, тагыраак айтканда өлчөмү 1 мм кичине болгон катуу заттардын кирип кетүүсүнөн жана таасиринен коргоо (мисалы, аспаптар, кичине зымдар).
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 2-тиркемеси |
Үлгү
ЛИФТТИН ПАСПОРТУ Лифтти колдонууга уруксат "___" _________________ № _____________ берилди _______________________________________________________________________ (уруксат берген органдын аталышы) 1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТТАР | |
Даярдаган ишкана ( жабдып турган ишкана) |
|
Лифттин модели менен тиби |
|
Заводдук № |
|
Чыккан жылы жана айы |
|
Шахтадагы машина бөлмөдөгү мүмкүн болгон температура (максималдуу жана минималдуу) (ºС): |
|
Лифттин пайдаланыла турган ордундагы чөйрө (салыштырмалуу нымдуулугу, чаң менен аралашмасы, жарылып кетүү коркунучунун, өрт коопсуздугунун деңгээли) |
|
Лифт чыгарууда пайдаланылган ченемдик документтер (Эрежелер, ГОСТ, ТУ ж.б.) |
|
Пайдаланууга бериле турган мөөнөтү |
|
Номиналдуу түрдөгү жүк көтөрүмдүүлүгү, кг |
|
Жүргүнчүлөрдүн саны (максималдуу) |
|
Кабинанын максималдуу түрдөгү ылдамдыгы, м/с |
|
Кабинанын "Текшерүү" режиминдеги максималдуу ылдамдыгы |
|
Башкаруу системасы |
|
Аялдамалардын саны |
|
Шахтанын каалгаларынын саны |
|
Көтөрүүнүн бийиктиги, м |
|
Электр чынжырчалар | Токтун түрү | Чыңалуу, В; (±) | Жыштык, Гц |
Лифтти киргизүү түзүлүшүндө |
|
|
|
Күч берүүчү чынжырча: лифтти кыймылга келтиргич; каалгаларды кыймылга киргизүү |
|
|
|
|
| ||
Башкаруу чынжырчасы Жарык кылуучу чынжырчалар: кабинаны; шахтаны; оңдоо иштерин Белги берүү чынжырчасы |
|
|
|
|
|
| |
|
| ||
|
| ||
|
|
|
2. Лифттин негизги жабдууларынын негизги техникалык маалыматтары жана мүнөздөмөлөрү
2.1. Лебедка
Тиби (редукторлуу, редукторсуз, темир дөңгөлөктүү, сүрүлүүсу шкив менен болуучу канат-керме аркылуу иштөөчү дөңгөлөктүү, барабандуу, жылдызчасы бар) |
|
Заводдук № |
|
Чыккан жылы |
|
Берилген күнү |
|
Ок ортосундагы айлануусу, мм |
|
Валдын айлануу моменти, Нм |
|
Жетектеген органдын диаметри, мм |
|
Бурулма блоктун диаметри, мм |
|
Масса, кг |
|
2.2. Тормоз
Тиби (калыпка салынган, дискалуу, конус түстөгү ж.б.) |
|
Тормоздук шкивдин диаметри (дисканын, барабандын), мм |
|
Тормоздук учур, Н/м. |
|
2.3. Электр кыймылдаткычтары
Дайындоолор | Электркыймылдаткычы | |
лебедканыкы | Каалгалар кыймылдаткычы | |
Тип |
|
|
Токтун түрү |
|
|
Чыңалуу, В |
|
|
Номиналдуу ток, А |
|
|
Жыштык, Гц |
|
|
Кубаттулук, кВт |
|
|
Кыймылдаткычтын оролмолорунун мүмкүн болгон ысуусу (ºС) (изоляциянын классы) |
|
|
Айлануу жыштыгы. об/мин |
|
|
П В 9%) |
|
|
Сааттык күйгүзүүлөрдүн саны |
|
|
Коргоо даражасын көрсөтүү менен аткаруу (нормалык, нымдан сакталуучу, чаң менен суудан сакталуучу, деңиздик ж.б.) |
|
|
Масса, кг |
|
|
2.4. Шахтанын каалгалары
Конструкциясы (ачылма, жылдырма, аралаш, бир-эки же көп жаактуу) |
|
Жарыкка карата каалгалардын өлчөмдөрү (туурасы×бийиктиги), мм |
|
Жабылуусу, ачылуу ыкмалары (кол менен, жарым автоматтык, автоматтык түрдө) |
|
2.5. Кабина
Ички өлчөмдөрү, мм туурасы тереңдиги бийиктиги |
|
Каалгалардын конструкциялары (туюк, жылдырылма, бир, эки же андан көбүрөөк канаттуу каалгалар |
|
Каалгаларды ачуу жолдору (кол менен, автоматтык, жарым автоматтык) |
|
Каалгалардын кыймылы (электрдик, гидравликалык, пневматикалык, серпилгичтик ж.б.) |
|
Кабинанын түрлөрү (өткөөлдүү, өткөөлсүз) |
|
Масса, кг |
|
2.6. Салмактоочу түзүлүш
Масса, кг (жыйналган түрдө) |
|
2.7. Тартылуу жана тең салмактуулукту сактоочу элементтер
Аталыштары | Тартуу элементтери | Салмакты теңдөөчү элементтер | ||
кабина | салмактоочу түзүлүш | ылдамдыкты чектегич | ||
Түрү (канат, чынжыр ж.б.) |
|
|
|
|
Тиби* |
|
|
|
|
Конструкциясы* |
|
|
|
|
Шарттуу белгиси |
|
|
|
|
Диаметр, кадам, өлчөм, мм |
|
|
|
|
Элементтердин саны, даана |
|
|
|
|
Бекитүү үчүн зарыл болгон элементтин узундугу, м |
|
|
|
|
Үзүлүү аракети (кыйратуучу күчтүн жүктөмү), Н |
|
|
|
|
Туруктуулуктун корунун коэффициенти** |
|
|
|
|
*Таблица тарткыч элементтерди даярдаган ишкананын документи боюнча толтурулат. **Тарткыч элементтер үчүн толтурулат. | ||||
2.8. Коопсуздуктун түзүлүшү
2.8.1. Механикалык түзүлүштөр
Аталыштар жана мүнөздөмөлөр | Кабина | Салмактоочу түзүлүш | |
Кармагычтар | Тиби (чукул, жумшартуучу түзүлүштөгү-чукул, жумшак тормоздоо) Белгилөө |
|
|
Аракетке келтирилет (ылдамдыкты чектегичтен, бардык тартуучу канаттардын күчсүздүгүнөн иштечү түзүлүштөн) |
|
| |
Ылдамдыкты чектегичтер | Тиби (борбор менен жүрүүчү, маятниктүү) Белгилөө |
|
|
Ылдамдыкты чектегичтин иштеши кабинанын ылдамдыгына тиешелүү Максималдуу Минималдуу |
|
| |
Буфер | Тиби (катуу таянгычтар, энерготоптоо тибиндеги жана энергожайылтуучу ж.б.) |
|
|
Эркин абалдагы бийиктиги, мм |
|
| |
Саны, даана |
|
| |
2.8.2. Коопсуздуктун электр түзүлүштөрү
*Лифттеги түзүлүштөр көрсөтүлөт | |
Кабина деңгээлинин өткөөлүн контролдоо: төмөнкү-четки кабаттагы аянттын; жогорку-четки кабаттагы аянттын |
|
| |
Шахтанын каалгасынын жабылып калуусун контролдоо |
|
Шахтанын каалгасынын автоматтык түрдө жабылып калуусун контролдоо |
|
Шахтанын авариялык каалгасынын жабылуусун контролдоо |
|
Шахтадагы тейлөөчү каалганын жабылуусун контролдоо |
|
Шахтадагы карай турган люктун жабылуусун контролдоо |
|
Кабинанын каалгасынын жабылышын контролдоо |
|
Авариялык каалга менен кабинанын люгунун жабылуусун текшерүү |
|
Кабинанын ылдамдыгын чектегичтин иштөөсүн контролдоо |
|
Кабинанын ылдамдыгын чектегичтин ордуна келгендигин контролдоо |
|
Лифттин токтоосу үчүн (өчүргүч, "Стоп" баскычы) |
|
Кармагычтардын иштөөсүн контролдоо |
|
Тарткыч элементтердин орун алуусун жана үзүлүп калууларын контролдоо |
|
Ылдамдыкты чектегичтин үзүлүп калуусун контролдоо |
|
Тең салмактуулукту сактаган канаттардын тартылуусун контролдоо |
|
Тең салмактуулукту сактаган канаттардын түзүлүшүн чектеген тартылуунун чыгып кетүүсүн контролдоо |
|
Кол менен кабинаны жылдыруучу алынма түзүлүштүн кошулуусун контролдоо (алынма штурвалдын абалы) |
|
Энергожайылтуучу типтеги буфердин башкы абалына келүүсүн контролдоо |
|
Шахтадан башкаруу чынжырчаны өчүрүү |
|
Чуңкурчадан башкаруу чынжырларды өчүрүү |
|
Блок жайдан башкаруу чынжырларды өчүрүү |
|
Тейлөөчү аянттын абалын контролдоо |
|
Блоктоочу түзүлүштүн абалын контролдоо |
|
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 3-тиркемеси |
Лифттин техникалык даярдыгынын АКТЫСЫ
Биз төмөндө акт түзүүчүлөр: Лифтти монтаж кылган жана ишке киргизүү боюнча иштерди аткарган уюмдун өкүлү ____________________________________________________________________________________________ (уюм, кызматы, аты-жөнү) Генподрядчиктин өкүлү _______________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызматы, аты-жөнү) Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына ылайык лифтти ишке киргизүү жумуштары аткарылып, сыноо жана кароо жүргүзүлгөндүгү тууралуу ушул актыны түздүк.
Лифт ________________ шаарындагы ______________ районундагы _____________ көчөсүнүн _________________ үйүндө орнотулду. (үйдүн белгилениши) Лифттин мүнөздөмөсү Тиби ______________________________________________________________________________________ (жүргүнчүлөр үчүн) Жүк көтөрүмдүүлүгү ______________________________________________________________________ кг Номиналдуу ылдамдыгы __________________________________________________________________ м/с Көтөрүү бийиктиги _________________________________________________________________________ м Токтоолордун саны _________________________________________________________________________ Заводдук № _______________________________________________________________________________ Чыгарылган жылы __________________________________________________________________________ Лифт сыноодон өткөрүлдү жана пайдаланууга даяр.
Монтаждоо уюмунун өкүлү ___________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
Генподрядчиктин өкүлү ______________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
|
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 4-тиркемеси |
Лифтти пайдаланууга кабыл алуу АКТЫСЫ
Комиссиянын курамы: комиссиянын төрагасы (пайдаланган ишкананын ыйгарымдуу өкүлү) _________________________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү, пайдаланган ишкананын аталышы) Комиссиянын мүчөлөрү: монтаждоо ишканасынын өкүлү _________________________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Курулуш уюмунун өкүлү _________________________________________________________________________________________ (ишкананын аталышы) лифтти техникалык жактан тейлеген жооптуу адис __________________________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) __________________________________________________________________________________________ (ишкананын аталышы) буйрутма берген уюмдун өкүлү (эгер болсо) __________________________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) __________________________________________________________________________________________ (ишкананын аталышы) ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдын өкүлү __________________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдын аталышы, аты-жөнү) Лифтти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө ушул актыны түздүк. Лифттин мүнөздөмөсү тиби ______________________________________________________________________________________ (жүргүнчүлөр үчүн) жүк көтөрүмдүүлүгү _______________________________________________________________________ кг номиналдуу ылдамдыгы __________________________________________________________________ м/с көтөрүү бийиктиги _________________________________________________________________________ м токтоолордун саны __________________________________________________________________________ заводдук номуру ____________________________________________________________________________ чыгарылган жылы ___________________________________________________________________________ ЛИФТТИ КАБЫЛ АЛУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ Лифттин оң абалда жана анын коопсуз иштөөсүнө шарттар түзүлгөн. Лифтти коопсуздукта пайдалануунун уюштуруу Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине ылайык келет. Лифт тапшырылды: монтаждоо ишканасынын ыйгарымдуу өкүлү ___________________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) подряддык курулуш уюмунун ыйгарымдуу өкүлү ___________________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) Лифтти кабыл алгандар: лифтти ишке сала турган ишкананын ыйгарымдуу өкүлү ___________________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) лифтти техникалык жактан тейлөөгө жооптуу адис ___________________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) Лифтти пайдаланууга берүү боюнча уруксат тууралуу маалымат лифттин паспортунда жазылды.
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлү ___________________________________________________________________________________________ (штамп) (колу, аты-жөнү)
Акт лифттин паспорту менен кошо сакталууга тийиш |
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 5-тиркемеси |
Электрондук компоненттер
1. Төмөндө келтирилген бузулуулар электрондук компоненттердин иштебей калышына алып келбеши керек:
1) чыңалуунун жоктугу;
2) чыңалуунун төмөндөшү белгиленген чектен төмөн болуп кетиши;
3) зымдын үзүлүшү;
4) изоляциянын металл конструкцияларга же жерге карата сактабай калышы;
5) резистор, конденсатор, транзистор, лампа, ж.б. у.с. электр курамдарынын номиналдуу чоңдуктарынын же иштөө мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүүсү;
6) контактордун же реленин кыймылдоочу бөлүгүнүн толук же чала тартылуусу;
7) контактордун же реленин кыймылдоочу бөлүгүнүн "такалуусу";
8) контакттардын ажырабай калышы;
9) фазалардын ирээтинин өзгөрүшү.
Өзүнүн мүнөздөмөлөрүнүн, номиналдарынын, температураларынын, нымдуулугунун, электр чыңалуу жана титирөөнүн жагымсыз маанилеринде иштеп жаткан компоненттерди гана бузулуу мүмкүнчүлүктөрүн караган учурда эсептен чыгарууга болот.
2. Электрондук компоненттерди долбоорлоо жана даярдоо учурунда ушул тиркеменин 1-таблицасына ылайык бузулуу жана жагымсыз жагдайларды четтетүү мүмкүнчүлүктөрү алдын ала каралышы керек.
Таблица
Компоненттер | Иштөө учурунда мүмкүн болуучу бузулууларды четтетүү | Шарттар | Эскертүүлөр | |||||
Чынжырдын ажырап кетиши | Чынжырдагы кыска туташуу | Номиналдын чоңоюшу | Номиналдын төмөндөшү | Функциянын өзгөрүшү | ||||
1. Пассивдүү курамдар |
|
|
|
|
|
|
| |
1.1. Резистор туруктуу | Жок | (а) | Жок | (а) | Жок | а) Лак менен жабылган же резистордук пленка менен оролгон жана аксиалдуу туташтырылган, ошондой эле зымдары бир катар оролуп, эмаль менен капталган же герметизацияланган пленкалуу резисторлор үчүн |
| |
1.2. Резистор өзгөрмө | Жок | Жок | Жок | Жок |
|
|
| |
1.3.Терс температуралык мүнөздөмөлүү, оң температуралык мүнөздөмөлүү, варистор, индуктивдүү резистор | Жок | Жок | Жок | Жок |
|
|
| |
1.4. Конденсатор | Жок | Жок | Жок | Жок |
|
|
| |
1.5. Индуктивдүү курамдар - катушка -дроссель | Жок | Жок |
| Жок |
|
|
| |
2. Жарым өткөргүчтөр |
|
|
|
|
|
|
| |
2.1. Диод, жарык диоду | Жок | Жок |
|
| Жок |
| "Функциянын өзгөрүшү" тескери токтун чоңдугунун өзгөрүшүнө байланыштуу | |
2.2. Стабилитрон | Жок | Жок |
| Жок | Жок |
| "Номиналдын төмөндөшү"туннелдик өтмөктөгү p-n өткөөлүнүн чыңалуусунун өзгөрүшүнө байланыштуу болот. "Функциянын өзгөрүшү" тескери токтун чоңдугунун өзгөрүшүнө байланыштуу | |
2.3. Тиристор, симистор, эки операциялуу тринистор | Жок | Жок |
|
| Жок |
| "Функциянын өзгөрүшү" туташуунун өз алдынча өзгөрүшүнө же абалдын фиксация болушуна байланыштуу | |
2.4. Оптрон | Жок | (а) |
|
| Жок | (а) Эгерде оптрондун ажыратуу чыңалуусунун чоңдугу төмөндөгү таблицадагыдан аз болбосо, анда аны эске албай коюуга болот | "Чынжырдын үзүлүшү" кайсы бир курамда (жарыкдиод, фототранзистор) чынжырдын үзүлгөндүгүнөн улам келип чыгат. Ал эми алардын ортосунда түз туташуу пайда болгондо "кыска туташуу" келип чыгат | |
|
|
|
|
|
| Мында "А" - фаза менен жердин ортосундагы чыңалуу, системадагы номиналдуу чыңалууну, чыңалуунун ортоквадраттык чоңдугун жана туруктуу чыңалуунун чоңдугун кошо караганда. "В" - лифттик системанын көтөрө алган сунушталуучу импульстук чыңалуулардын (В) сериялары. |
| |
|
|
|
|
|
| "А" | "В" |
|
50 | 800 | |||||||
100 | 1500 | |||||||
150 | 2500 | |||||||
300 | 4000 | |||||||
600 | 6000 | |||||||
1000 | 8000 | |||||||
2.5. Гибриддик схема | Жок | Жок | Жок | Жок | Жок |
|
| |
2.6. Интегралдык схема | Жок | Жок | Жок | Жок | Жок |
| "Функциянын өзгөрүшү" импульстардын пайда болушун, "ЖАНА" деген чыгыштар "ЖЕ" болуп өзгөрүшүн жана у.с. билдирет. | |
3. Башкалар |
|
|
|
|
|
|
| |
3.1. Разъемдор Клеммалар Штепселдик вилкалар | Жок | (а) |
|
|
| а) ЕР4 Х деңгээлинен төмөнкү коргоодо өткөргүчтөрдүн кыска туташуусун эске албаса болот, эгерде төмөндөгү критерийлер боюнча минималдуу чоңдуктар 664-1 таблицалык маанилерге туура келсе: 3-деңгээлдеги кирденүү; III группадагы материал болсо; печаттык схемалар көп катмарлуу болбосо. Бул чоңдуктар иштеп жаткан жабдуудагы чоңдуктардын эң минималдуусу. Булар чоңдуктардын орточо да, эсептелген да маанилери. IP5х деңгээлинен төмөнкү коргоодо жоготулуучу токтун жолунун узундугун жылчыктын өлчөмүндөй абалга жеткирсе болот, мисалы орточо квадраттык 250 В чыңалуу үчүн 3 мм чейин. |
| |
3.2. Неон лампасы | Жок | Жок |
|
|
|
|
| |
3.3. Трансформатор | Жок | Жок | Жок | Жок |
|
| "Кыска туташуу" деп алгачкы жана экинчи оромдордогу кыска туташуулар жана ошондой эле алардын өз ара туташуусу да айтылат. "Номиналдын өзгөрүшү" оромдогу чала кыска туташуунун эсебинен трансформациялоо коэффициентинин өзгөрүшүнөн келип чыгат. | |
3.4. Эрип кетме сактагыч |
| (а) |
|
|
| а) Эгерде сактагыч жетиштүү номиналга ээ болуп, тиешелүү стандарттарга жооп берсе, аны эсепке албай койсо болот. | "Кыска туташуу" дегенибиз күйүп кеткен сактагычтагы кыска туташууну билдирет | |
3.5. Реле | Жок | Жок |
|
|
|
|
| |
3.6. Басма баасы | Жок | Жок |
|
|
|
|
| |
4. Басма баада чогултулган электрондук курамдар | Жок | (а) |
|
|
| (а) Компоненттин өзүндө кыска туташуу болбосо жана курамды монтаждоонун методикасы да, печаттык платанын өзү да жоготулуучу токтун жолунун жана жылчыктардын узундугунун эң төмөнкү маанисине жеткире албаган учурда кыска туташуу коркунучун чыгарып койсо болот. |
| |
3. Электрондук компоненттердин бузулушу лифттерди иштетүү коопсуздугуна таасир этпеши керек.
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 6-тиркемеси |
Кулпуну ачуу түзүлүшүнүн ачкыч салуучу жери
Сүрөт. Кулпунун ачкыч салуучу жеринин өлчөмдөрү (мм)
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 7-тиркемеси |
Монтаждык чийменин мазмунуна карата ТАЛАПТАР
1. Монтаждык чийме лифттин орнотулушунун Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына туура келишин текшерүүгө керектүү маалыматтарды жана өлчөмдөрдү чагылдырышы керек.
2. Монтаждык чиймеде лифттин курамдык бөлүктөрүнүн өз ара байланышы, жайгашуусу, ошондой эле шахталардын, машина блок бөлмөлөр тууралуу түшүнүк берүүнү сүрөттөгөн көрүнүштөр, кесилиштер Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарында регламенттелген өлчөмдөрдө берилет.
3. Монтаждык чиймеде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- лифттин кыскача техникалык мүнөздөмөсү;
- лифттин жабдууларынын курулуш бөлүгүнө күч келтирүүсү.
4. Чиймеде аткаруучунун аталышын, адистердин колдорун жана лифттин жайгашкан жерин чагылдырган штампы болушу керек.
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 8-тиркемеси |
Кыймылдоочу бөлүктөр менен тосмолордун аралыгына жараша кыймылдоочу механизмдердин бөлүктөрүнүн тосмолорундагы тешиктерге коюлуучу ТАЛАПТАР
Таблица
Тешиктин өлчөмү, мм | Коопсуз аралык, мм | ||
Тешиктин формасы | |||
тик бурчтук (жылчык) | квадрат | тегерек | |
е ≤ 4 | ≥ 2 | ≥ 2 | ≥ 2 |
4 < е ≤ 6 | ≥ 10 | ≥ 5 | ≥ 5 |
6 < е ≤ 8 | ≥ 20 | ≥ 15 | ≥ 15 |
8 < е ≤ 10 | ≥ 80 | ≥ 25 | ≥ 20 |
10 < е ≤ 12 | ≥ 100 | ≥ 80 | ≥ 80 |
12 < е ≤ 20 | ≥ 120 | ≥ 120 | ≥ 120 |
20 < е ≤ 30 | ≥ 850* | ≥ 120 | ≥ 120 |
30 < е ≤ 40 | ≥ 850 | ≥ 200 | ≥ 200 |
40 < е ≤ 120 | ≥ 850 | ≥ 850 | ≥ 850 |
* Эгерде тик бурчтуктун узундугу ≤ 65 мм болсо, анда баш бармак токтоткуч катары аракеттенет да, коопсуздук аралыгын 200 ммге чейин кыскартууга болот. | |||
Сүрөт. Тешиктин формалары жана өлчөмдөрү
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 9-тиркемеси |
Маятник менен айнек панелдерди ургулап сыноо ТАРТИБИ
1. Сыноочу стенд
1. Катуу ургулоочу маятник (1-сүрөт) ургулоочу болот шакекчеден жана болот корпустан турат. Корпус диаметри 3,5 ± 0,25 мм болгон коргошун шариктер менен толтурулат, алардын жардамы менен маятниктин жалпы салмагын 10 ± 0,01 кг чейин жеткизишет.
1-сүрөт. Катуу ургулоочу маятник 1 - ургулоочу шакек; 2 - түшүү бийиктигин ченөө үчүн базистик чекит; 3 - коё берүүчү шаймандын бекитилиши
2. Жумшак ургулоочу маятник (2-сүрөт) ичине диаметри 3,5 ± 1 мм болгон шариктер салынган булгаарыдан жасалган кап түрүндө болот, алардын жардамы менен маятниктин жалпы салмагын 45 ± 0,5 кг чейин жеткизишет.
2-сүрөт. Жумшак ургулоочу маятник 1 - сайлуу стержень; 2 - максималдуу диаметрдин бетине түшүү бийиктигин ченөө үчүн базистик чекит; 3 - булгаары кап; 4 - болот диск; 5 - коё берүүчү шаймандын бекитилиши
3. Маятник диаметри 3 мм болгон болот аркандарга илиниши керек, мында эркин илинген маятник менен сыналуучу панелге чейинки аралык 15 ммден ашпашы керек.
Илинчектин узундугу (илгичтин төмөнкү бөлүгү менен сыналуучу панелге урунуучу чекитке чейинки аралык) 1,5 мден кем болбошу керек.
4. Маятникти уруу үчүн аны тартуучу жана коё берүүчү шайман аркылуу 6 жана 7-пункттарга ылайык тиешелүү бийиктикке чейин көтөрүшөт. Коё берген учурда маятникке башка эч кандай кошумча импульс берилбеши керек.
2. Айнек панелге карата коюлуучу талаптар
5. Сыноо жүргүзүү үчүн багыттоочу элементтери менен бирге толук даярдалган айнек панелдер алынып келинет. Айнек панелдер талап кылынган өлчөмдөрдө жана бекитүүчү жасалгалары менен болушу керек. Панелдер рамага же башка конструкцияга бекитилгенде кандайдыр бир башка деформацияларга кабылуу мүмкүндүгү болбошу керек (катуу бекитилип).
3. Сыноо методикасы
6. Сыноолор 23 ºC ± 2 ºC температурада жүрүшү керек. Адегенде панелдер ушул температурада 4 сааттан кем эмес убакытта кармалышы керек.
7. Маятник менен катуу ургулоо 1.1-пунктунда айтылган түзүлүш аркылуу түшүү бийиктиги 500 мм болгон (3-сүрөт) шартта аткарылат.
8. Маятник менен жумшак ургулоо 1.2-пунктунда айтылган түзүлүш аркылуу түшүү бийиктиги 700 мм болгон (3-сүрөт) шартта аткарылат.
3-сүрөт. Сыноочу стенддеги түшүү бийиктиги 1 - рама; 2 - сыналуучу айнек панель; 3 - маятник; 4 - сыналуучу айнек панелге карата полдун деңгээли; Н - түшүү бийиктиги
9. Маятник жеткиликтүү бийиктикке көтөрүлүп, анан коё берилет. Ал панелдин туурасынын орто жерине жана полдон 1,0 ± 0,05 м бийиктикте урунушу керек.
Тике түшүү бийиктиги базалык эки чекиттин аралыгына барабар (3-сүрөт). 10. Катуу жана жумшак ургулоо менен сыноо бир эле панелге карата бирден жүргүзүлөт.
4. Натыйжаларды баалоо
11. Эгерде төмөндөгүлөр орун алса анда ушул Эрежелердин талаптары аткарылды деп эсептелет:
1) панелдер толук кыйраган жок;
2) панелде жаракалар жок;
3) панелде тер жок;
4) панель багытточулардан чыккан жок;
5) панелдин багыттоочулары деформацияга дуушар болгон жок;
6) айнек бети жаракаланып, зыян тарткан жок, эгерде 2 ммден чоң болбогон белгилерди карабаганда.
5. Сыноо боюнча отчет
12. Сыноо боюнча отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) сыноону жүргүзгөн лабораториянын аталышы жана дареги;
2) сыноо жүргүзүүнүн датасы;
3) панелдин өлчөмдөрү жана конструкциялары тууралуу маалыматтар;
4) панелдин бекитилиши тууралуу маалыматтар;
5) түшүү бийиктиги;
6) сыноолордун саны;
7) сыноолорго жооптуу адамдын колу.
6. Өзгөчө учурлар
13. Эгерде 1 жана 2-таблицалардагы өлчөмдөр менен панелдер колдонулса, анда маятник менен ургулаган сыноолорду жүргүзбөсө болот.
Кабиналардын капталдарына колдонулган айнек панелдер
1-таблица
Айнектин түрү | Ички диаметри | |
1 м чейин | 2 м чейин | |
Минималдуу калыңдыгы (мм) | Минималдуу калыңдыгы (мм) | |
Көп катмарлуу какталган | 8 (4 + 4 + 0,76) | 10 (5 + 5 + 0,76) |
Көп катмарлуу | 10 (5 + 5 + 0,76) | 12 (6 + 6 + 0,76) |
Горизонталдуу ачылма эшиктерге колдонулган жалпак айнек панелдер
2-таблица
Айнектин түрү | Миним. калыңдыгы (мм) | Туурасы (мм) | Жарыктанган эшиктин эркин бийиктиги (м) | Айнек панелдерин бекитүү |
Көп катмарлуу какталган | 16 (8 + 8 + 0,76) | 360-720 | 2,1 чейин | 2 жерден бекитилет: үстүнөн жана астынан |
Көп катмарлуу | 16 (8 + 8 + 0,76) | 300-720 | 2,1 чейин | 3 жерден бекитилет: үстүнөн, астынан жана бир капталынан |
| 10 (6 + 4 + 0,76) (5 + 5 + 0,76) | 300-870 | 2,1 чейин | Бардык жагынан |
Үч жана төрт тараптан бекитилген учурда бекитүүчү профилдер өз ара катуу байланышкан шартта иштейт. | ||||
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 10-тиркемеси |
Лифттерди имараттарда орнотууда курулуш бөлүктөрүнүн талапка жооп берген өлчөмдөрү
1. Машина жайына кирүүгө арналган эшиктин тешигинин өлчөмү:
- кеңдиги - 0,6 метрден аз;
- бийиктиги - 1,6 метрден аз.
2. 4.3.7-пункттардын талаптарына жооп берген люк аркылуу машина бөлмөгө кирүүгө жол берилет. Люктан чыгуу учурунда 0,8х0,8 метрден кем эмес өлчөмдөгү бош аянтча болушу керек, ошондой эле адамдардын кулап кетүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүшү керек (коруулар, тосмолор).
3. Машина жайында жабдууларды тейлөө зоналарынын жарыктагы узундугу 1,6 метрден кем эмес, жарыктагы жабдууларды тейлөө зоналарына өтүү жолунун узундугу 1,8 метрден кем эмес.
4. Машина жайында жайгашкан башкаруу түзүлмөсүнүн алдындагы тейлөө зонасынын өлчөмү (бош аянтча):
а) шкафтын же панелдин тышкы бетинен өлчөнгөн тереңдиги 0,6 метрден кем эмес;
б) туурасы 0,450 метрден кем эмес.
5. Механикалык жабдууну тейлөө зоналарына өтүүчү жолдун туурасы 0,4 метрден аз.
6. Блок жана машина жайында өтүүчү жолдун узундугу 1,8 метрден кем эмес, мында узундукту 1,5 метрге чейин жеринен кыскартууга жол берилет (босоголор, устундар).
7. Машина (блок) жайына кире беришиндеги полунун жана машина (блок) жайынын полунун деңгээлдеринде 1,0 мден көп айырма болсо эшик ачылуучу тараптан машина (блок) жайынын дубалына 0,35 м аралыкта скобаны (скобаларды) орнотууга жол берилет. Ошол эле учурда скобалардын жанында эшиктин босогосунун деңгээлинин үстүндө 1,0 метрден кем эмес узундуктагы кармагыч орнотулушу керек.
8. Аркан жүгүрүүчү шкиви менен лебедка же сүрүлүү барабаны менен жабдылган лифттин шахтасынын узундугу төмөнкүдөй болуусу зарыл: буферлер толугу менен кысылып турган каршы салмак учурунда Лифттерди орнотуу жана коопсуз пайдалануу эрежелеринин 29-пунктунун талаптары аткарылып, кабинанын үстүндө өзүнүн бир кырында жаткан 0,35 х 0,6 х 0,7 мден кем эмес өлчөмүндөгү "тик бурчтуу блокту" жайгаштырууга жетишээрлик бош мейкиндик каралышы керек. Тике асмалары бар лифттердин тартылуу элементтери жана алардын бекитмелери бул мейкиндикте кийинки шарттарда боло алат: тартылуу элементтери "тик бурчтуу блокту" жок дегенде бир тике бетинен 0,15 мден ашпаган аралыкта жайгашса.
9. Кабина толугу менен кысылган буферлерде турган учурда бир эле убакытта кийинки шарттар аткарылышы керек:
1) чуңкурчада 0,4 х 0,6 х 0,9 мден кем эмес өлчөмдөгү өзүнүн бир кырында жаткан "тик бурчтуу блокту" жайгаштыруу үчүн бош мейкиндик каралышы керек.
2) чуңкурчанын түбү менен кабинанын эң түпкү бөлүгүнүн ортосундагы жылгак 0,45 мден кем эмес болушу керек. Жылгак 0,05 мге чейин түзүнөн өлчөнгөн 0,2 м аралыктын чегинде төмөнкүлөрдүн ортосунда кыскартылышы мүмкүн:
- фартук же тике багытта эки жакка ачылуучу эшиктин бөлүкчөлөрү жана шахтанын ыктаган дубалынын (дубалдарынын);
- кабинанын эң түпкү бөлүктөрү жана багыт берүүчүнүн ортосунда.
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 11-тиркемеси |
Болот аркандарды жарактан чыгаруунун ченемдери
1. Иштеп турган болот аркандарды жарактан чыгаруу аркан боосунун бир кадамдык узундугундагы зымдардын үзүлүшүнүн саны боюнча 1-таблицадагы маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт.
1-таблица
Эрежелер менен белгиленген D:d катнаштарынын жанында туруктуулуктун запасынын баштапкы коэффициенти | Аркандардын конструкциясы | ||||
6 × 19 = 114 жана бир органикалык борборчо | 6 × 37 = 222 жана бир органикалык борборчо | ||||
арканды жарактан чыгаруу керек болгон учурундагы аркан боосунун бир кадамдык узундугундагы зымдардын үзүлүшүнүн саны | |||||
Кресттик боолор | Бир тараптуу боолор | Кресттик боолор | Бир тараптуу боолор | ||
9га чейин | 14 | 7 | 23 | 12 | |
9дон жогору 10го чейин | 16 | 8 | 26 | 13 | |
10дон жогору 12ге чейин | 18 | 9 | 29 | 14 | |
12ден 14кө чейин | 20 | 10 | 32 | 16 | |
14дөн жогору 16га чейин | 22 | 11 | 35 | 18 | |
16дан жогору | 24 | 12 | 38 | 19 | |
2. Аркан боосунун кадамы төмөнкүдөй аныкталат. Кайсы бир тутамдын бетине белги коюлат, ошол белгиден аркандын борбордук огун бойлото аркандын кесилишинде канча тутам болсо (мисалы, алты тутамдык арканда алты) ошончо тутамдарды эсептеп бөлүшөт, жана эсептеп бөлүнгөн тутамдан кийинкисине (бул учурда жетинчи) экинчи белгини коюшат.
Белгилердин ортосундагы аралык аркандын боосунун кадамы катары кабыл алынат.
3. Бир органикалык түйүнү бар зымдардын 6 х 9 = 114 конструкциясындагы ар башка диаметрдеги зымдардан жасалган арканды жарактан чыгаруу 1-табл. 1-графасында келтирилген маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт, мында үзүлүүлөрдүн саны, жарактан чыгаруунун ченеми катары шарттуу түрдө кабыл алынат.
Үзүлүүлөрдү эсептөө учурунда ичке зымдын үзүлүүсү - 1 деп, жоон зымдын үзүлүүсү - 1,7 деп кабыл алынат.
Мисалы, эгерде аркандын боосунун кадамынын узундугунда туруктуулук запасынын баштапкы коэффициенти учурунда 9га чейин 7 ичке зым үзүлсө жана 5 жоон зым үзүлгөн болсо, 7ге чейин х 1 + 5 х 1,7 = 15,5 б.а. демек 14төн көп (1-таблица) арканды жарактан чыгарууга туура келет.
4.1-таблицада конструкциясы көрсөтүлбөгөн, аркандарды жарактан чыгаруунун белгиси катары, ушул таблицада аркан үчүн жайгашкан маалыматтарга таянып, тутамдардын саны жана кесилиштеги зымдардын саны боюнча жакынкы боонун бир кадамындагы зымдардын санын аныкташат.
Мисалы, бир органикалык түйүнү бар зымдардын 8 x 19 = 152 конструкциясындагы аркан үчүн бир органикалык борборчосу бар зымдын 6 х 19 = 114 аркан жакынкы болуп саналат. Жарактан чыгаруунун белгилерин аныктоо үчүн 1-табл. көрсөтмөлөрдү (боонун бир кадамындагы үзүлүштөрүнүн саны) бир органикалык түйүнү бар зымдын 6 х 9 = 114 канаты үчүн 96:72 коэффицентине көбөйтүү керек, мында 96 жана 72 - бир жана башка аркандарынын тутамдарынын тышкы катмарындагы зымдарынын саны.
5. Аркандардагы зымдардын сырткы бети эскирген же дат баскан учурда боонун кадамындагы үзүлгөн зымдардын саны, жарактан чыгаруунун белгиси катары 2-таблицадагы көрсөтмөлөргө ылайык азайышы керек.
2-таблица
Зымдардын диаметри боюнча сырткы бетинин эскирүүсү жана дат басуусу, % | Боонун кадамындагы үзүлүштөрдүн саны, % 1-табл. көрсөтүлгөн ченемдерден |
10 | 85 |
15 | 75 |
20 | 70 |
25 | 60 |
30 жана андан көп | 50 |
Зымдардын баштапкы диаметри 40% жана андан көп эскирген же дат баскан учурда аркан жарактан чыгарылуусу керек.
Зымдардын диаметри боюнча эскирүүсүн же дат басуусун аныктоо микрометрдин же башка аспаптын жардамы менен жүргүзүлөт; үзүлгөн зымдар жок болгон учурда эскирүүнү же дат басууну өлчөө жүргүзүлбөйт.
6. Лифттин кабинасы (каршы салмак) эки башка арканга илинип турган учурларда, алардын ар бири өзүнчө жарактан чыгарылат, мында көбүрөөк эскирген аркандын бирин алмаштырууга жол берилет.
7. Лифттин кабинасы (каршы салмак) үч же андан көп аркандарда илинип турган учурларда алардын жарактан чыгарылуусу, ар бир аркандын боолорунун бир кадамынын узундугундагы үзүлүштөрдүн эң көп санына таянып аныкталуучу орто арифметикалык мааниси боюнча жүргүзүлөт. Мында аркандардын биринин зымдарынын үзүлүшүнүн жогорулатылган санына жол берилет, бирок 1-таблицада көрсөтүлгөн ченемдерге караганда 50% дан көп.
8. Ушул ченемдерде белгиленген жарактан чыгаруучу көрсөткүчкө жетпеген сандагы үзүлүштөр болсо, ошондой эле зымдарынын сырткы бети эскирген арканды колдонууга кийинки шарттарда жол берилет:
- анын абалын мезгили менен текшерип турууда натыйжаларын техникалык тейлөө журналына киргизүү менен кылдат байкоо жүргүзүү;
- ушул ченемде көрсөтүлгөн эскирүү деңгээлине жеткенде арканды алмаштыруу.
9. Арканда үзүлгөн тутам же түйүн табылган учурда арканды мындан ары колдонууга жол берилбейт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 730
"Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
| Тиркеме |
Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 , 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Учурдагы Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелери сүрүлүү кыймылга келтиргичи, барабандуу же жылдызча кыймылга келтиргичи бар электр лифттеринин түзүлүшүнө жана орнотулушуна, лифттерди эксплуатацияга киргизүүгө, эксплуатациялоого, техникалык диагностикалоого жана лифттердин иштешине диспетчердик көзөмөл жүргүзүлүшүнө болгон жана ошондой эле төмөнкүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт:
1) лифттерди пайдалануучулардын;
2) лифттерди тейлөөчү персоналдын;
3) лифттерди инспекциялык көзөмөл жүргүзгөн адамдардын;
4) лифт шахтасынын, машина жана блок жайларынын (эгерде бар болсо) сыртындагы жана лифттерди максатына жараша колдонуу, аларды техникалык тейлөө жана ремонттоо учурунда объекттерди коргоочу адамдардын.
Учурдагы Эрежелер Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Учурдагы Эрежелер тоо-кен жана көмүр өнөр жайларында, кемелер жана башка сууда жүрүүчү каражаттарда, самолеттордо жана башка учуучу аппараттарда орнотулган лифттерге, жана ошондой эле аскердик максаттарга арналган атайын жүктү көтөрүүчү ара тиштүү жана винттүү механизми бар лифттерге жайылтылбайт.
2. Лифттик жабдуу конструкциясы, эгерде анын өлчөмү, массасы жана формасы кол менен ташып жеткирүүгө мүмкүндүк бербесе, жүк көтөрүүчү каражаттарды колдонуу аркылуу ташып жеткирүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
3. Жеткирилген ар бир лифт төмөнкү документтер менен комплекттелүүгө тийиш:
1) төмөнкүлөрдү камтыган эксплуатация боюнча колдонмо:
а) чогултуу, жөндөө, тууралоо, текшерүү жана сыноо жүргүзүү тартиптери боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган монтаждоо нускамасы;
б) эксплуатацияга киргизүүнү, арналган максаты боюнча колдонууну, техникалык тейлөөнү, күбөлөндүрүүнү, текшерүүнү, оңдоону жана сыноону камтыган эксплуатация мезгилинде лифттерди колдонуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрсөтмөлөрү;
в) тез иштен чыгуучу тетиктер тизмеси;
г) адамдарды кабинадан коопсуз эвакуациялоонун ыкмалары;
д) утилдештирүүнүн алдында эксплуатациялоодон чыгаруу мөөнөтү.
2) ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык паспорт;
3) ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык монтаждоонун чиймеси;
4) элементтердин тизмеси тиркелген принциптүү электрдик схема;
5) принциптүү гидравликалык схема (гидравликалык лифттерге);
6) Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин талаптарына ылайык лифттин, лифттин коопсуздук түзүлүштөрүнүн, өрткө каршы эшиктердин сертификаттарынын көчүрмөсү.
Документтердин комплекттелишине жана мазмунуна лифт менен камсыздоочу жоопкерчиликтүү болот.
Бир моделдеги бир нече лифттерди жеткирип берген учурда, документтердин комплекттеринин саны камсыздоочу менен заказ ээсинин макулдашуусу аркылуу аныкталат (бирок, 5 лифтке 1 комплекттен кем эмес, ошол эле убакта ар бир лифт паспорт менен камсыздалышы керек). Паспорт жоголгон учурда лифттерди камсыз кылгандар тарабынан дубликат берилет.
Башка өлкөлөрдөн келген лифттер мамлекеттик жана (же) расмий тилдердеги документтер менен коштолот.
4. Жабдуунун жайгаштырылышы боюнча монтаждык чиймеге өзгөртүү киргизүүгө лифттерди монтаждоону, техникалык тейлөөнү жана ремонттоону ишке ашырган уюмга уруксат берилет, лебедканын жайгаштырылышын өзгөртүүдөн башкасына.
Өзгөртүүлөр өзгөртүүнү киргизген уюмдун адисинин кол тамгасы, уюмдун мөөрү, же штампы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
5. Лифттин конструкциясы бузулуп же электр энергиясы жактан камсыздоо токтоп калганда, адамдарды кабинадан эвакуациялоого ыңгайлуу болууга тийиш.
Эвакуациялоо адамдарды коопсуз эвакуациялоонун ыкмаларын окуп үйрөнгөн персонал тарабынан ишке ашырылышы керек.
6. Лифттин конструкциясы кабинаны кармагычтардан төмөнкү ыкмалардын бири менен чечип алуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш;
1) кол менен, кыймылга келтиргичке таасир берүүчү түзүлүштүн жардамы аркылуу;
2) электр кыймылга келтиргичтин жардамы менен;
3) стационардык жана ордун алмаштыруучу жүк көтөрүүчү каражаттардын жардамы менен.
7. Эксплуатациялык режимдерде кабинанын автоматтык токтотулушунун тактыгы ± 35 мм чегинде болууга тийиш.
8. Кабинанын жумушчу ылдамдыгынын номиналдуу ылдамдыктан айырмасы 15%дан көп болбошу керек.
9. Учурдагы Эрежелерде колдонулган негизги терминдердин аныктамасы 1-тиркемеде берилген.
2-глава. Электр лифттеринин жабдуусунун курулуш бөлүгүнө жана жайгаштырылышына карата негизги талаптар
§ 1. Лифттин шахтасынын түзүлүшү
10. Лифттин жабдуусун жайгаштырууга арналган курулуш бөлүгү лифтти эксплуатациялоодо жана сыноолордо пайда болуучу күч келтирүүлөргө, ошондой эле бардык тарткыч элементтер үзүлгөндө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайыкташтырылышы керек.
Сейсмикалык райондордо орнотуу үчүн арналган лифттер конструкциясына жана имараттарда орнотууга карата атайын коопсуздук талаптарын аткаруу менен орнотулушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына лайык)
11. Лифтти жайгаштырууга арналган курулуш бөлүгү өрт коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын нормаларына туура келүүсү керек.
12. Лифттин жабдуусун жайгаштырууга арналган жайлар (шахта) үчүн жылытуучу жана желдетүүчү түзүлүштөрдүн зарылдыгы имаратты (курулманы) долбоорлоо убагында иштеп чыгаруучу завод тарабынан эксплуатациялоо шарттарына койгон талаптарга ылайык аныкталат.
13. Лифттин шахтасы адамдар, же жабдуулардын болушу мүмкүн болгон катарлаш аянтчалардан жана тепкичтерден төмөнкүлөрдүн жардамы менен бөлүнүп турушу керек:
1) дубал, пол жана жабуу;
2) коопсуздукту камсыз кылуучу аралык.
14. Лифттин кабинасы, каршы салмагы жана кабинаны тең салмактоочу түзүлүш бир шахтада болууга тийиш.
15. Лифттин шахтасынын тосмосунда төмөнкү көзөнөктөр менен тешиктерге жол берилет:
1) этаж аянтчаларында лифттин шахта эшиктеринин орундары;
2) жабдууну тейлөөгө арналган эшиктердин жана авариялык эшиктердин орундары, ошондой эле кароочу люктар үчүн көзөнөктөр;
3) өрт учурунда газ жана түтүндү жок кылууга арналган чыгаруучу көзөнөктөр;
4) желдетүү көзөнөктөрү;
5) лифттин иштеши үчүн зарыл болгон жана лифттин шахтасы менен машиналык же блок жайынын ортосунда жайгашкан көзөнөктөр.
16. Адамдарга жеткиликтүү жерлердеги туташ тосмолордун (1-сүрөт) бийиктиги төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) этаж аянтчасында лифттин шахтасынын эшиги тарабынан 3,5 метрден кем эмес;
2) эгерде лифттин кыймылдоочу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден ашпаса, башка тараптардан 2,5 метрден кем эмес.
1-сүрөт. Лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык:
А - лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык; Б - тосмо менен этаж ортосундагы жабуулардын, тепкичтердин жана аянтчалардын четтеринин ортосундагы аралык; Н1 - этаж аянтчасы тарабындагы тосмонун бийиктиги; Н2 - башка тараптарындагы тосмонун бийиктиги.
Эгерде лифттин кыймылдоочу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден ашса, 2,5 метр чоңдукту 2,0 м аралыкта 1,1 метрден кем эмес бийиктикке чейин азайтууга мүмкүн (2-сүрөт).
2-сүрөт. Лифттин кыймылдуу элементтерине чейинки аралыктан көз карандылыктагы шахтанын тосмосунун бийиктиги; А - лифттин кыймылдоочу элементтерине чейинки аралык; Н - тосмонун бийиктиги
Тосмо менен этаж аралык жабуулардын, тепкичтердин жана аянтчалардын четтеринин ортосундагы аралык 0,15 метрден ашпашы керек.
17. Лифттин шахтасынын туташ тосмосу аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчага текши бөлүштүрүлгөн, жана анын кайсы жеринде болбосун тик бурч түрдө коюлган, серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган 300 Нге барабар күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле убакта калдык деформациясына жол берилбейт.
18. Адамдарга жеткиликтүү болгон жерлердеги шахтаны тосуу үчүн колдонулуучу жалпак же формага келтирилген айнек панелдер көп катмарлуу айнектен жасалып, ушул Эрежелердин 16-пунктунун талаптарына ылайык болгон бийиктикте болушу керек.
19. Асылма багыттагычтарды эсепке албаган учурда, лифтти багыттагычтардын ар биринин астындагы чуңкурчанын полу, кармагычтар иштеген учурда пайда болуучу аракеттин багыттагычтарынын массасынан пайда болгон күчкө эсептелинет.
20. Кабина буферинин таягычтарынын астындагы чуңкурчанын полу төмөнкү формула менен аныкталуучу статикалык күч келтирүүгө эсептелиши керек:
gn ×( K + Q ) (Н), мында
К - кабинада илинип туруучу конструкциялык элементтердин жана кабинанын массасы (илинип туруучу кабелдин, тең салмактоочу аркандардын жана чынжырлардын бөлүгү жана башкалар) (кг);
Q - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (масса) (кг);
gn - эркин түшүүнү ылдамдатуунун чоңдугу (9,81 м/с2).
21. Каршы салмактын таганчыктарынын астындагы же жүрүүчү тең салмактоочу жүк зонасындагы чуңкурчанын полу төмөнкү формула менен аныкталуучу статикалык күч келтирүүгө эсептелиши керек:
4 gn ×( K + xQ ) (H) - каршы салмак үчүн;
4 gn × xK (Н) - кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү үчүн, мында:
K - кабинанын жана кабинада илинип туруучу конструкциялык элементтердин (илинип туруучу кабелдин, тең салмактоочу аркандардын жана чынжырлардын бөлүгү) (кг);
Q - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (масса) (кг);
gn - эркин түшүүнү ылдамдатуунун чоңдугу (9,81 м/с2);
x (каппа) - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүктү каршы салмактын жардамы менен тең салмактоонун коэффициенти, же кабинанын массасын кабинаны тең салмактоочу түзүлүштүн жардамы менен тең салмактоонун коэффициенти;
Н - тосмонун бийиктиги.
22. Лифттин астындагы чуңкурчанын түбүндө адамдарга жеткиликтүү жай бар болсо, чуңкурчанын негизи 5000 Н/м2 кем эмес күч келтирүүгө туруштук берүүгө эсептелиши керек, ал эми каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү кармагычтар менен жабдылышы зарыл.
23. Илинип туруучу багыттагычтардын бекитилген жерлери багыттагычтардын массасы менен түзүлгөн, жана кармагычтар иштегенде пайда болуучу күчтүн суммасына барабар күч келтирүүгө эсептелиши керек.
24. Катарлаш этаждык аянтчалардагы лифттин шахтасынын эшиктеринин тешик орундарынын босоголорунун ортосундагы аралык 11 метрден көп болсо жана жүргүнчүлөр бир лифттин кабинасынан башка лифттин кабинасына өтүү мүмкүндүгү жок болсо, шахтада эшиктеринин орундарынын босоголорунун ортосундагы аралык бийиктик боюнча 11 метрден ашпагандай кылып авариялык эшиктер орнотулушу керек.
Адамдарды эвакуациялоого мүмкүндүк берүүчү лифттин шахтасына туташ аянтча жок болгон учурларда (авариялык эшиктердин орнотулушу талап кылынган зонада), авариялык эшиктерди орнотпоого эксплуатациялоочу уюмдун макулдугу менен уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына лайык)
25. Желдетүүчү көзөнөктөр перпендикулярдуу багытта 10 Н күч келтирүү менен басканда диаметри 21 мм болгон шарик өтпөй тургандай тор менен жабылат. Тордун механикалык бекемдиги ушул Эрежелердин 21-пунктунун талаптарына жооп бериши зарыл.
26. Лифттин шахтасынын ички беттери (кайсы болбосун этаждык аянтчадагы шахтанын босогосунан төмөн жеринде) төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) лифттин шахтасынын эшигинин босогосу менен түздөн-түз бириккен вертикалдуу, туташ жылмакай бетти түзүшү керек; анын бийиктиги эшиктин ачылуу зонасынын жарымынан жана ага кошумча 0,05 метрден кем болбоого, ал эми туурасы - кабинанын кире бериш көзөнөгүнүн туурасынан жана ага кошумча ар бир жагынан 0,025 метрден кем болбоого тийиш.
2) 100 мм ашкан урчуктары болбоого тийиш. 50 мм ашкан урчуктар горизонталга карата 75º кем эмес кыйгач бурчту түзүшү керек.
3) кийинки эшиктин ордунун үстүндөгү туташтыргыч менен бириктирилиши керек, же төмөн карай горизонталдык бетке карата 60º бурчту түзгөн жылмакай кыйгач бет катары уланышы керек. Бул кыйгач беттин горизонталдык бетке түшкөн проекциясы 20 мм аз болбошу керек.
27. Кабинанын каршы салмагынын же тең салмактоочу түзүлүшүнүн кыймылдоо зонасы тейлөөчү персоналга жеткиликтүү жактан чуңкурчанын полунун деңгээлинен 2,5 метрден кем эмес бийиктикте тосулушу зарыл. Чуңкурчанын полунун деңгээлинин жана тосмонун төмөнкү бөлүгүнүн ортосундагы аралык 0,3 метрден ашпасы зарыл.
Тосмонун (стационардык же алынуучу) туурасы ар бир жагынан тең салмактагычтын туурасынан жана ага кошумча 0,1 метрден кем болбошу керек.
Тосмодо тешик бар болсо, ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптары аткарылууга тийиш.
Төмөнкү учурларда тосмо орнотпоого уруксат берилет:
1) толугу менен кысылган буферде орун алган каршы салмактын төмөнкү чекити менен чуңкурчанын полунун деңгээлинин ортосундагы аралык 2,5 метрден көп болгондо;
2) каршы салмакка бекитилген компенсациялоочу аркандардын жана чынжырлардын өтүү аймагында.
28. Шахтада бир нече лифт орун алышы мүмкүн. Бул учурда ар башка лифттердин кыймылдуу бөлүктөрүнүн ортосунда тосмо орнотулушу тийиш.
Тосмо чуңкурчанын полунан же кабинанын, каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн жүрүшүнүн төмөнкү чекитинен башталып, төмөнкү этаждык аянтчанын полунун деңгээлинен 2,5 метрден кем эмес жерде аяктоого тийиш.
Эгерде бир лифттин кабинасынын төбөсүнүн четинен тартып катарлаш кабинанын, каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кыймылдуу бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,5 метрден кем болсо, тосмо шахтанын жалпы бийиктигин бойлото орнотулушу керек же тосмону кабинанын чатырына орнотуу керек.
Шахтанын жалпы бийиктигин бойлото орнотулган тосмонун туурасы кыймылдуу бөлүктүн же анын тосулууга тийиш болгон элементтеринин туурасынан аз болбоого (плюс 0,1 м ар бир капталынан) тийиш.
Тосмолордо тешиктер болсо, ушул Эрежелерге карата
9-тиркемесинин талаптары да аткарылууга тийиш.
§ 2. Лифттин шахтасынын бийиктиги
29. Аркан менен кыймылга келтирилүүчү шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедка менен жабдылган шахтанын бийиктиги каршы салмак толугу менен кысылган буферлерде турганда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) кабинанын багыттагычтар боюнча (0,1 + 0,035 v2) * (м) кем эмес аралыкка жүрүшүнүн мүмкүндүгү;
Эскертүү: 0,035 v2 чоңдугу номиналдуу ылдамдыктан 15%га ашкан ылдамдыкта жүргөн кабинанын тормоздук жолунун жарымына барабар: 1,15 v2/2 = 0,0337 v2, тегеректегенде 0,035 v2.
2) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х0,8 м аз эмес параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик. Түз илмектүү лифттерде тартуучу аркандар жана аларды бекиткичтер аркандар параллелепипеддин вертикалдуу беттеринин биринен 0,15 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан шартта бул мейкиндиктен орун алса болот.
30. Аркан менен кыймылга келтирилүүчү шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедка менен жабдылган лифттин кабинасы толугу менен кысылган буферлерде турганда, каршы салмактын багыттагычтар боюнча 0,1 + 0,035 v2 (м) аз эмес аралыкка жүрүү мүмкүндүгү камсыздалышы керек.
Тартуучу блоктору бар тең салмактоочу аркандар менен жабдылган лифттер үчүн секирикке каршы (токтотуучу же бекитүүчү түзүлүш) түзүлүш менен жабдылган лифттер үчүн жылчыктардын эсептерин жүргүзгөндө 0,035 v2 чоңдугун блоктун мүмкүн болгон жүрүшүнүн чоңдугуна алмаштырса болот (колдонулуучу запастан көз карандылыкта) плюс кабинанын көтөрүлүү бийиктигинин 1/500 бөлүгү, бирок аркандардын серпилгичтигин эске алуу менен 0,2 метрден кем болбошу керек.
31. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттин бийиктиги кабинанын жогорку этаждын деңгээлинен жогорку буферге чейин 0,5 м аз эмес аралыкка жүрүшүн камсыз кылышы керек.
32. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттин кабинасы толугу менен кысылган жогорку буферлерде турганда, төмөнкүлөр камсыз болууга тийиш:
1) кабинанын төбөсүндөгү тейлөөчү персонал үчүн аянтчанын деңгээли менен кабинанын проекциясында жайгашкан шахтанын жабуусунун төмөнкү бөлүгүнүн ортосундагы орун (устундарды жана жабуунун астындагы конструкциялык элементтерди кошкондо) 1 метрден кем болбоого тийиш;
2) шахтанын жабуусунун төмөнкү бөлүгү менен кабинанын төбөсүндө орнотулган жабдуунун деталдарынын ортосундагы орун 0,3 метрден аз болбойт, ал эми багыттоочу башмактардын же роликтердин, аркандардын бекиткичтеринин, туташтыргычтардын бөлүктөрүнүн же вертикалдуу ачылуучу эшиктердин бөлүктөрүнүн ортосундагы орун - 0,1 метрден аз эмес;
3) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х0,8 м аз эмес параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик. Түз илмектүү лифттерде тартуучу аркандар жана алардын бекиткичтери бул мейкиндикте аркандар параллелепипеддин вертикалдык беттеринин бирөөнөн 0,15 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан шартта жайгаштырылышы мүмкүн.
33. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифт толугу менен кысылган буферлерде турганда, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн багыттагычтарынын бийиктиги анын андан ары 0,3 метрден аз эмес аралыкка жүрүү мүмкүндүгүн камсыз кылышы керек.
§ 3. Чуңкурча
34. Лифттин шахтасынын төмөнкү бөлүгүндө чуңкурча болууга тийиш. Чуңкурча ага грунттук жана агынды суулардын киришинен сакталышы жана тейлөөчү персоналдын чуңкурчага коопсуз кирүүсүн камсыздоосу зарыл. Тереңдиги 2,5 метрден ашкан чуңкурчага кирүү үчүн ушул Эрежелердин 85-пунктунун талаптарына ылайык эшик менен жабдылат.
35. Тереңдиги эшиктин тешик ордунун босогосунан тартып 0,9 метрден ашкан чуңкурча эшиктин ордуна жеткиликтүү чекте жайгашкан стационардык түзүлүш (тепкич, скобалар) менен жабдылат.
36. Кабина толугу менен кысылган буферлерде турганда төмөнкүлөр камсыздалышы керек:
1) өзүнүн беттеринин биринде жаткан, өлчөмдөрү 0,5х0,6х1,0 м аз эмес тик бурчтуу параллелепипедди жайгаштырууга жетиштүү чуңкурчадагы бош мейкиндик;
2) чуңкурчанын полунан тартып кабинанын төмөнкү бөлүктөрүнө чейинки орун 0,5 метрден кем болбойт. Чуңкурчанын полу менен башмактардын, кабинанын босогосунун астындагы калкандардын, кабинанын вертикалдуу ачылуучу эшиктеринин элементтеринин, ошондой эле багыттагычтардан 0,2 метр чегинде жайгашкан кабинанын каркасынын жана кармагычтарынын деталдарынын ортосундагы орунду 0,1 метрге чейин азайтууга уруксат берилет.
37. Лифттин шахтасында ушул Эрежелердин 295-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү орнотулууга тийиш.
Коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жайгаштырылышы чуңкурчага кирүү үчүн эшикти ачып жатканда жана чуңкурчанын полунан анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы керек. Чуңкурчанын тереңдигине жараша бир же эки түзүлүш орнотулушу керек:
1) эгерде чуңкурчанын полунан ага кирүүчү эшиктин босогосуна чейинки аралык 1,55 метрден ашпаса, анда чуңкурча бир электр коопсуздук түзүлүшү менен камсыз кылынат:
- чуңкурчанын полунан электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 2,0 метрден көп болбошу керек.
- чуңкурчага кирүүчү эшиктин босогосунун деңгээлинин үстүнөн электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,45 метрден аз болбошу керек;
- эшиктин орундарынын зонасындагы четки чекиттерден электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,75 метрден ашпашы керек.
2) эгерде чуңкурчанын полунан ага кирүүчү эшиктин босогосуна чейинки аралык 1,55 метрден көп болсо, анда чуңкурча эки электр коопсуздук түзүлүшү менен жабдылууга тийиш:
- чуңкурчага кирүүчү эшиктин босогосунун деңгээлинин үстүнөн жогорку электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 1,0 метрден аз болбоого тийиш;
- эшиктин ордунун зонасындагы четки чекиттеринен жогорку электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 0,75 метрден көп болбоого тийиш;
- чуңкурчанын полунан төмөнкү электр коопсуздук түзүлүшүнүн башкаруучу элементине чейинки аралык 1,2 метрден көп болбоого тийиш.
38. Лифттин шахтасында лифтке тиешеси жок жабдууларды орнотууга, коммуникацияларды өткөрүүгө жол берилбейт; буга өрткө каршы жана коргоо сигнализациясы, диспетчердик контролдун тутумдары, шахтаны жылытуучу жана желдетүүчү системалар кирбейт. Ошол эле убакта ар кандай жылытуучу аппаратураны башкаруу жана жөнгө салуу түзүлүштөрү лифттин шахтасынан сырткары жайгаштырылышы керек.
39. Лифттин шахтасынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 313-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Лифттин шахтасынын жарыктандырылышы шахтанын ичинен жана/же машиналык жайдан ишке ашырылышы керек. Шахтада орнотулган жарыктандыруунун өчүргүчү шахтанын эшигин ачканда жеткиликтүү болууга тийиш: эшиктин ордунун зонасындагы босогонун четки чекиттеринен өчүргүчтүн башкаруучу элементине чейинки горизонталдык аралык 0,75 метрден көп болбошу керек.
40. Лифттин чуңкурчасында ушул Эрежелердин 312-пунктунун талаптарына жооп берген электр розеткасы каралууга тийиш.
§ 4. Кабинанын, каршы салмактын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралык
41. 3-сүрөттө көрсөтүлгөн кабинанын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралыктар лифттин иштөө мөөнөтүнүн бардык мезгилинде камсыздалууга тийиш.
3-сүрөт. Кабинанын жана шахтанын элементтеринин ортосундагы аралыктар
42. Лифттин шахтасынын ички бети менен кабинанын босогосунун ортосундагы горизонталдык аралык, шахтанын эшигинин ордунун рамкалоосу менен кабинанын эки жакка ачылма эшиктеринин жакын турган каалгасына чейинки аралык 0,15 метрден көп болбошу керек.
Төмөнкү учурларда бул аралыктарды чоңойтууга болот:
1) бийиктиги 0,5 метрден ашпаган шахтанын участогунда - 0,2 м;
2) вертикалдуу эки жакка ачылма эшиктер менен жабдылган жүк ташуучу лифттин бардык көтөрүлүү бийиктиги боюнча - 0,2 м.
Эшиктердин ачылуу зонасында гана ачылуучу механикалык кулпу менен жабдылган кабиналар үчүн бул аралык чектелбейт. Кабина эшиги жабылып турганда гана кыймылга келүүгө тийиш, ушул Эрежелердин 97-пунктунда каралган окуяларды эске албаганда.
43. Кабинанын босогосу менен лифттин шахтасынын босогосунун ортосундагы горизонталдык аралык 0,05 метрден көп болбоого тийиш.
44. Кабинанын эшигинин жапкычтары менен лифттин шахтасынын эшигинин жапкычтарынын ортосундагы горизонталдык аралык 0,12 метрден көп болбоого тийиш.
45. Шахтанын бурулуп ачылма эшиги менен кабинанын бүктөлмө эшиги айкалышканда, бул эшиктердин ортосундагы ачык орундардан диаметри 0,15 м болгон шар (цилиндр) өтпөшү керек (4-сүрөт).
4-сүрөт.
46. Кабинанын бул элементтери менен каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн ортосундагы горизонталдык аралык 0,05 метрден аз болбошу керек.
4-глава. Жабдууларды жайгаштыруу
§ 1. Жайларга кирүү
47. Лифттин жабдуулары - лебедка, аны менен байланыштуу механикалык жана электр түзүлүштөрү жана блоктор атайын сырткы факторлордун таасиринен корголгон жайда сакталышы керек. Бөтөн адамдардын бул жайга киришине уруксат берилбейт.
48. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларына өтүү жолдорунун жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 315-пунктунун талаптарына ылайык болуусу тийиш.
49. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларга кирүү горизонталдык аянтчалар аркылуу ишке ашырылат.
Жай жана ага кирүү жолдору 0,35 метрден ашкан ар кандай деңгээлдерде жайгаштырылса, төмөнкү шарттарга жооп берген стационардык тепкичтер колдонулушу керек.
1) бийиктиги 1,50 метрден ашкан тепкичтер горизонталга карата 60ºтан ашпаган бурчта орнотулууга тийиш.
2) тепкичтин көзөнөктөрүнүн туурасы 0,35 метрден кем эмес, баскычтардын туурасы - 25 ммден кем болбоого тийиш. Вертикалдуу тепкичти орноткон учурда, баскычтардан тепкичтин артындагы дубалга чейинки аралык 0,15 метрден кем болбоого тийиш. Баскычтар 1500 Н күч келтирүүгө эсептелип жасалышы керек.
3) бийиктиги 0,5 метрден ашкан тепкичтер бийиктиги 0,9 метрден аз тосмолор же тутка менен жабдылууга тийиш;
4) тепкичтин бийиктиги 4,0 метрден көп болбошу керек.
Жабдуу жайгаштырылуучу жайдын эшиги менен кыймылсыз тепкичтин ортосунда горизонталдуу аянтча болушу керек. Эшиктин ачылуу линиясынан тартып аянтчага туташ тепкичтин ортосунда 500 ммден кем эмес аралык калышы керек. Аянтчанын өлчөмдөрү ачылма эшиктин толугу менен ачылышына мүмкүндүк берүүгө тийиш. Деңгээлдеринин айырмасы 500 ммден ашкан аянтча бийиктиги 900 ммден кем эмес тосмолор менен жабдылууга тийиш.
50. Лифттин жабдуусу жайгаштырылган жайларда лифтке тиешеси жок жабдууну орнотууга, коммуникацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
Бул жайларда төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) лифттерди тейлөө үчүн арналган механизмдер жана куралдар;
2) желдетүүчү, кондициялоочу жана абаны жылытуучу (буу менен жылытуудан башка) жабдуулар;
3) коргоо жана өрткө каршы сигнализация.
4) өрт өчүрүү жабдуулары.
51. Жайда ремонт иштерин жүргүзүүгө арналган жүк көтөрүүчү каражаттардын илмеги үчүн түзүлүш орнотулушу керек. Ал түзүлүштө же анын жанында жүк көтөрүмдүүлүгүнүн жана мүмкүн болгон күч келтирүүнүн чоңдуктары көрсөтүлүүгө тийиш.
Ремонт иштерин коопсуз жүргүзүүнү камсыздоочу башка жүк көтөрүүчү каражаттарды колдонууга уруксат берилет.
§ 2. Машина жана блок жайлары
52. Машина жана блок жайлар бардык тараптарынан жана бүт бийиктиги боюнча туташ тосмолору, жабуусу жана полу болууга тийиш.
53. Машина жана блок жайлардын тосмосу ушул Эрежелердин 17-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Машина жана блок жайлардын полу тайгак эмес жана чаң пайда кылбагандай капталып же май боёк менен сырдалууга тийиш. Машина жайынын дубалдары жана шыптары ачык түстөгү май боёк менен сырдалууга тийиш. Шыпты жана 2000 ммден ашкан бийиктиктеги дубалдарды ачык түстөгү желимдүү же суу-эмульсиялуу боёк менен сырдоого уруксат берилет. Машина жайында чакан жүк көтөрүүчү каражаттан тышкары, монтаждык жана ремонттук иштерди аткарууга арналган жүк көтөрүүчү каражаттын илмектүү түзүлүшү орнотулууга тийиш.
54. Машина жана блок жайларына кирүүчү эшиктер кулпулары менен бирге, бекитилген абалда аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана эшиктин панелине анын ар кандай чекитине жана ар кандай серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган жагына тик бурч менен басылган 300 Н барабар күчкө туруштук берүүгө тийиш; муну менен бирге калдык деформацияга жол берилбейт.
55. Машина жайга люк аркылуу кирүүгө болбойт.
Машина жайына кирүүчү эшик туташ болбоого тийиш жана ичин карай ачылбашы керек. Эшик ордунун өлчөмдөрү:
- туурасы - 0,8 метрден аз эмес;
- бийиктиги - 1,8 метрден аз эмес.
56. Блок жайга кирүүчү эшик туташ болбоого тийиш жана ичин карай ачылбашы керек. Эшиктин ордунун көзөнөгүнүн өлчөмдөрү:
- туурасы - 0,6 метрден аз эмес;
- бийиктиги - 1,4 метрден аз эмес.
Блок жайына машиналык жайдан люк аркылуу кирүүгө болот.
57. Блок жайына адамдардын кирүүсүнө арналган люктун өлчөмдөрү 0,8х0,8 м аз болбошу керек. Люктун капкагы туташ болууга тийиш. Люктун капкагын ачуу үчүн жумшалган күч 150 Н көп болбошу керек.
Люктун капкагы анын кайсы жеринде болбосун 0,2 м х 0,4 м аянтка басылган 2000 Н барабар күч келтирүүгө калдык деформациясыз туруштук берүүгө тийиш.
Суурма тепкич менен байланышкан учурун эске албаганда, люктун капкагы төмөн карай ачылбашы керек.
58. Чакан жүк көтөрүүчү лифттен башка лифттерде - шахтанын үстүндө жайгашкан машина жайынын полунда жабдууларды берүү жана ремонттук иштерди жүргүзүү үчүн люк орнотулушу керек. Материалдарды жана жабдууну машина же блок жайга берүү үчүн арналган люктун туташ капкагы төмөн карай ачылбашы керек. Люктун капкагын ачуу үчүн талап кылынуучу күч 150 Н көп болбошу керек.
Люктун капкагынын бекемдиги ушул Эрежелердин 57-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
59. Машина жана блок жайларына кирүүчү люктардын эшиктери жана капкактары сыртынан ачкыч менен, ал эми жайдын ичинен ачкычсыз ачыла турган кулпулар менен жабдылууга тийиш.
Машина жайынан блок жайына кирүүчү люктун капкагы кулпу менен жабдылбашы мүмкүн.
Материалдарды берүү үчүн гана пайдаланылуучу люктардын капкактарын ичинен гана бекитүүгө уруксат берилет.
60. Машина жайындагы жабдууларды тейлөө зонасынын бийиктиги 2,2 метрден аз болбоого, жабдууларды тейлөө зонасына өтүү жолдорунун көзөнөгүнүн бийиктиги 1,8 метрден аз болбоого тийиш.
Шахтанын жабуусунан тартып монтаждык жана ремонттук иштерди жүргүзүү үчүн арналган жүк көтөрүүчү каражаттардын илмеги үчүн пайдаланылуучу устундардын төмөн жагына чейинки аралык 2 метрден аз болбошу керек.
Өтүү жолдорунун же тейлөө зонасынын бийиктиги полдон тартып жабуу элементтерине чейинки аралык менен өлчөнөт.
Лебедканын тегеренүүчү бөлүктөрүнүн үстүндө бийиктиги 0,3 метрден аз эмес мейкиндик болушу зарыл.
Машина жайында лебедка жайгаштырылса, машина жайда аны текшерүү, сыноо жана тейлөө мүмкүндүгү болгон учурда лифттин шахтасында аркан сүйрөтмө шкивдин болушуна уруксат берилет.
61. Блок жайынын полдон тартып жабуунун элементтерине чейинки аралыкта өлчөнгөн бийиктиги 1,5 метрден кем болбошу керек.
Блоктордун үстүндө бийиктиги 0,3 метрден кем эмес бош мейкиндик болууга тийиш.
62. Машина жайын жайгаштырылган башкаруу түзүлүштөрүнүн алдында төмөнкүдөй өлчөмдөгү тейлөө зонасы (бош аянтча) каралышы керек:
1) шкафтардын жана панелдердин сырткы беттеринен тартып өлчөнгөн тереңдиги 0,75 метрден кем эмес;
2) туурасы шкафтын же панелдин толук туурасына барабар, бирок 0,5 метрден кем эмес.
63. Машина жайында жайгаштырылган механикалык жабдуунун кыймылдуу бөлүктөрүн тейлөө жана кабинаны кол менен жылдыруу үчүн 0,5х0,6 м өлчөмдөгү тейлөө зонасы (бош аянтча) каралууга тийиш.
64. Ушул Эрежелердин 62 жана 63-пункттары боюнча тейлөө зоналарына өтүү зоналарынын туурасы 0,5 метрден аз болбошу керек. Кыймылдуу бөлүктөр жок болсо, бул аралыкты 0,4 метрге чейин азайтууга болот.
65. Блок жайында башкаруу түзүлүшү жайгаштырылса, бул жайлар ушул Эрежелердин 60, 62, 64-пункттарынын талаптарына жооп бериши керек.
66. Полу бир нече деңгээлден турган машиналык же блоктук жайда бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүү үчүн горизонталга карата 60º чоң эмес бурчтагы стационардык тепкич (баскычтар) орнотулушу керек же деңгээлдердин айырмасы 0,35 метрден көп болсо, 20º чоң эмес эңкейиштүү пандус орнотулушу керек.
Машиналык же блоктук жайлардын полдорунун деңгээлдеринин айырмасы 0,5 метрден көп болсо, башка аянтка өтүү үчүн арналган тепкич (баскычтар), пандус бийиктиги 0,9 метрден кем эмес тосмолор менен жабдылышы керек. Жогорку аянтча деңгээлдери айырмалуу жерлеринде ушундай тосмолор менен жабдылат.
67. Лифттин шахтасынын үстүндөгү көзөнөктөрдүн айланасында жабуунун же полдун деңгээлинен 0,05 метрден аз эмес ашып турган чакан борттор орнотулушу керек. Көзөнөктүн четинен ал аркылуу өтүүчү кыймылдуу элементтерге чейинки минималдуу аралык 0,01 метрден аз болбоого тийиш.
68. Машина жайынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 316-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Жарыктандыруунун өчүргүчү машина жайына кире бериштен 0,75 метрден ашпаган аралыкта, полдун деңгээлинен 1,6 метрден ашпаган бийиктикте орнотулат.
Машина жайында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык азыктандыруу розеткасы орнотулушу керек.
69. Блок жайынын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 317-пунктунун талаптарына жооп бериши керек. Жарыктандыруунун өчүргүчү блок жайына кире бериштен 0,75 метрден ашпаган аралыкта, полдун деңгээлинен 1,6 метрден ашпаган бийиктикте орнотулат.
Блок жайында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык азыктандыруу розеткасы орнотулушу керек.
Блок жайында башкаруу түзүлүштөрү бар болсо, ушул Эрежелердин 69-пунктунун талаптары аткарылууга тийиш.
70. Блок жайында кире бериштин (кире бериштердин) жанында ушул Эрежелердин 296-пунктунун талаптарына жооп берген коопсуздуктун электр түзүлүшү болууга тийиш.
71. Машина же блок жайларын алар аркылуу чатырга же лифтке тиешеси жок башка имараттарга (курулмаларга) өтүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
§ 3. Лифттердин жабдууларын машина жайысыз жайгаштыруу
72. Жабдуулар жайгаштырыла турган шахтанын элементтери лифтти эксплуатациялоо жана сыноо процессинде пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек.
73. Жайдын бийиктиги шахтадагы конструкциялардын кырларынан полдогу өтүү жолдоруна же тейлөө зонасынын полуна чейинки аралык менен өлчөнөт.
Кабинанын үстүндөгү бош мейкиндик - өзүнүн беттеринин бириндеги 0,5х0,6х0,8 м аз эмес өлчөмдөгү параллелепипедди эркин жайгаштырууга мүмкүн болгон бош мейкиндик.
Кыймылга келтиргичтин тегеренүүчү бөлүктөрүнүн үстүндө бийиктиги 0,3 метрден аз эмес бош мейкиндик болууга тийиш. Бул талап шахтанын жабуусунун астында жайгаштырылган кыймылга келтиргичке жайылтылбайт.
74. Шахтада жайгаштырылган башкаруу түзүлүштөрүн тейлөө үчүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй болгон тейлөө зонасы (бош аянтча) каралууга тийиш:
1) шкафтардын же панелдердин сырткы беттеринин тереңдиги - 0,75 м аз эмес;
2) туурасы шкафтын, же панелдин толук туурасына барабар, бирок 0,5 метрден аз эмес;
3) лифттин шахтасынын жабуусунун астында монтаждоо жана ремонттоо иштерин жүргүзүүгө арналган жүк көтөрүүчү каражаттарды илүү үчүн түзүлүш орнотулушу керек.
75. Шахтада орун алган механикалык жабдуунун кыймылдуу бөлүктөрүн тейлөө үчүн өлчөмдөрү 0,5х0,6 м кем эмес тейлөө зонасы (бош аянтча) жана кабина блокировкаланган учурда тейлөөчү персонал үчүн тейлөө зонасынан өз алдынча чыгып кетүү мүмкүндүгү каралууга тийиш.
76. Жүргүнчүлөрдү кабинадан эвакуациялоону, ошондой эле динамикалык сыноолорду жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү башкаруу ушул Эрежелердин 78-пунктунун талаптарына ылайык шахтанын сыртында ишке ашырылышы керек.
77. Шахтада жайгаштырылган жабдууну (лебедка, аны менен байланыштуу механикалык жана электр түзүлүштөр жана блоктор) тейлөөнү жана текшерүүлөрдү кыймылсыз кабинанын чатырында ишке ашырууга уруксат берилет. Муну менен катар төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) тейлөө жана текшерүүлөр боюнча иштерди жүргүзүүдө кабинанын контролдоого мүмкүн болбогон же күтүлбөгөн кыймылы блокировкаланууга тийиш. Бул максатта кармагычтарды пайдаланууга жол берилет.
2) блокировкалоочу түзүлүштү аракетке киргизүү 307-пунктка ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролго алынышы керек.
78. Жабдууну техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча чуңкурчадагы иштер төмөнкү шарттарды сактоо менен ишке ашырылышы мүмкүн:
1) кабинаны токтотуу үчүн түзүлүш каралышы керек. Кабина токтогондон кийин кабинанын чыгып турган элементтери менен чуңкурчанын полунун ортосундагы аралык 2,0 метрден кем болбошу керек.
2) блокировкалоочу түзүлүштү аракетке келтирүү ушул Эрежелердин 298-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен ишке ашырылат.
79. Жабдууну тейлөө мүмкүн болбогондо, ушул Эрежелердин 77 жана 78-пункттарына ылайык лифттин шахтасындагы стационардык аянтча пайдаланылышы керек.
Аянтча кайсы жерде болбосун өлчөмү 0,2х0,4 м аянтка 200 Н басым келтирүү күчүнүн калдык деформациясына туруштук берүүгө тийиш.
Аянтча ушул Эрежелердин 135-пунктунун талаптарына жооп берген тосмолор менен жабдылышы керек.
Аянтчанын баштапкы (жумушчу эмес) абалы ушул Эрежелердин 297-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен контролго алынууга тийиш.
Аянтча аны жумушчу абалга келтирүү үчүн арналган түзүлүш менен жабдылышы керек. Бул түзүлүштү иштетүү шахтанын сыртынан ишке ашырылат.
80. Жабдуу жайгаштырылган зонага жарык берүү ушул Эрежелердин 318-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Шахта ичиндеги тейлөө зонасында ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык жарык берүүнүн өчүргүчү жана азыктандыруунун розеткасы орнотулат.
81. Шахтанын сыртында жайгашкан лифттин жабдуусу эшиги (эшиктери) бар шкафта жайгаштырылышы керек. Эшик шкафтын ичин карай ачылбашы керек жана ачкыч менен ачылуучу кулпу менен жабдылууга тийиш. Эшик ачкычсыз бекитилиши мүмкүн.
Жабдууну тейлөө үчүн ушул Эрежелердин 74 жана 75-пункттарынын талаптарына ылайык тейлөө зонасы каралышы керек.
Шкафтын жарыктандырылышы ушул Эрежелердин 319-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш, жарыктандыруунун өчүргүчү шкафтын ичинде орнотулушу керек.
82. Башкаруу түзүлүштөрү ушул Эрежелердин 76-пунктунун талаптарына ылайык санкциясыз кийлигишүүдөн корголууга жана төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) "Машина жайынан башкаруу" режими ушул Эрежелердин 257-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш;
2) кабинанын кыймылынын багыты жана анын эшиктердин ачуу зонасына жетүүсү жөнүндө индикация же кыймылга келтиргичтин иштешине байкоо жүргүзүү мүмкүндүгү.
Башкаруу түзүлүштөрүнө жарык берүү ушул Эрежелердин 320-пунктунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Башкаруу түзүлүштөрүнүн алдында өлчөмдөрү 0,5х0,6 м аз эмес жана бийиктиги 2,0 метрден аз эмес бош аянтча болууга тийиш.
Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн жүргүнчү менен тейлөөчү персоналдын ортосунда эки тараптуу байланыш каралышы керек.
5-глава. Лифттердин механикалык жабдуусу
§ 1. Шахтанын эшиги
83. Лифттин шахтасынын дубалдарындагы лифттин кабинасына кирүү орундары туташ эшиктер менен жабдылууга тийиш.
84. Лифттин шахтасынын эшиктери тийиштүү имараттын же курулманын өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек.
85. Лифттин шахтасынын эшиктери кулпулары менен бирге, бекитилген абалда аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана эшиктин панелине анын кайсы болбосун чекитине жана кайсы болбосун серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган жагына тик бурчтуу 300 Н барабар күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш; муну менен бирге күч келтирүү токтотулгандан кийин калдык деформацияга жана эшиктин иштөөсүнүн өзгөрүшүнө жол берилбейт.
86. Этаждык аянтчадагы шахтанын эшигинин ордунун бийиктиги 2,0 метрден аз болбоого тийиш.
87. Лифттин шахтасынын эшигинин ордунун туурасы кабинанын эшигинин ордунун туурасынан чоң болбошу керек.
88. Шахтанын эшигинин орду кабина жүктөлгөндө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелген босого менен жабдылат.
89. Эки жакка ачылуучу автоматтык эшиктердин сырткы бетинде 0,003 метрден ашкан чуңкур же урчуктар болбошу керек. 0,003 метрден ашпаган чуңкурлардын же урчуктардын четтери эшиктер ачылган багытта тегизделүүгө же жумуруланууга тийиш.
90. Эшиктин тосмолору үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык көп катмарлуу айнекти колдонууга жол берилет.
Бул талап ушул Эрежелердин 93-пунктуна ылайык тунук кароо панелдерине жайылтылбайт. Ар бир айнектин төмөнкү маалыматты камтыган маркировкасы болбоого тийиш:
1) айнекти жеткирип берүүчү фирманын аталышы жана соода маркасы:
2) айнектин тиби;
3) айнектин маркировкасы.
91. Механикалык кыймылга келтирүүчү эшиктер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) Механикалык кыймылга келтирүүчү автоматтык эшиктер.
Эшиктин жабылып калышына жол бербөө үчүн зарыл болгон күч 150 Н көп болбошу керек, эшиктин жылышынын биринчи үчтөн бир бөлүгүн эсепке албаганда. Жабылуунун орточо ылдамдыгынын шартында шахтанын эшигинин жана бул эшик менен бекем бириктирилген механикалык деталдардын кинетикалык энергиясы 10 Дж көп болбошу керек.
Жылдырып ачылма эшикти жабуунун орточо ылдамдыгы, ал жылган бардык жолунан төмөнкүлөрдү кемитүү менен эсептелет:
а) эки жакка жылдырып ачылма эшиктер учурунда - каалгаларынын четки абалдарынан 0,025 м.
б) капталынан ачылуучу эшиктер учурунда - каалгаларынын четки абалдарынан 0,05 м.
Эшик ордунда турган тоскоолдукка каалга жеткенде же жетерде эшик түзүлүштөрү ачылып бараткан эшиктерди автоматтык түрдө артка кайтарышы керек (реверсирлөө).
Реверсирлөө түзүлүштөрү кабинада орнотулат. Бул түзүлүштү шахтанын эшигине орнотууга уруксат берилет. Эшиктин ар бир алдыңкы каалгасынын акыркы 0,05 м жылдырылышы бул түзүлүштүн таасиринен тышкары болушу мүмкүн.
Өз ара бириктирилген кабина менен шахтанын эшиктери бирге аракетке келтирилгенде, бул пункттун талаптары алардын бирдиктүү эшик механизми үчүн күчүндө кала берет.
Эшик ордунда тоскоолдук болгондо реверс өчүп калса, шахтанын эшигинин кинетикалык энергиясы, реверс өчүп тургандагы эшиктин кыймылы убагында 4 Дж көп болбошу керек.
Бүктөлмө эшиктин ачылып кетишинин алдын алуу үчүн зарыл болгон күч 150 Н көп болбоого тийиш. Бул күчтү өлчөө эшик ачылып турган шартта ишке ашырылат, муну менен бирге панелдердин катарлаш сырткы четтеринин ортосундагы же панелдин сырткы чети менен эшиктин порталынын ортосундагы аралык 0,1 ± 0,01 м болууга тийиш.
2) Вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктер.
Вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктер жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилбеген жүк ташуучу лифттерде гана колдонулат.
Ошол эле учурда.
а) каалгалар аз дегенде эки көз карандысыз көтөрүүчү элементтерге бекитилиши керек.
б) көтөрүүчү элементтердин бекемдигинин запасы 8 ден аз болбоого тийиш;
в) көтөрүүчү элементтер катары болот аркандар колдонулган учурда аркан курчаган шкивдин диаметринин аркандын диаметрине болгон катышы 25тен аз болбошу керек;
г) кол менен ачылуучу (жабылуучу) эшиктин каалгалары тең салмактандырылууга тийиш;
д) көтөрүүчү элементтер шкивдердин нуктарынан жана жылдызчаларынан чыгып кетүүдөн сакталышы керек.
92. Шахтанын автоматтык бурулуп ачылма эшигин жабуу үчүн жумшалуучу күч 150 Н көп болбоого тийиш.
93. Шахтанын кол менен ачылуучу эшиги үчүн этажда кабинанын бар экендиги жөнүндө маалымат каралышы керек:
1) шахтанын эшигинде бир же бир нече тунук кароочу терезе болууга тийиш, алар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
а) Ушул Эрежелердин 85-пунктунун талаптарына ылайык механикалык бекемдиги;
б) тунук бөлүгүнүн калыңдыгы - 0,006 метрден аз эмес;
в) лифттин шахтасынын бир эшигинин тунук терезесинин жалпы аянты 0,015 м2 аз эмес;
г) терезенин тунук бөлүгүнүн туурасы - 0,06 метрден аз эмес жана 0,15 метрден көп болбоого тийиш. Кароочу эшиктердин төмөнкү четинин туурасы - 0,08 м болуп, этаждык аянтчасынын деңгээлинен 1,0 метрден кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек;
же
2) "бул этажда кабина бар" деген жазуусу бар жарык сигналы.
94. Каалгалардын ортосундагы, эшиктин ордунун байламасы менен каалгалардын ортосундагы же эшик жабылып тургандагы каалгалар менен босоголордун ортосундагы жылчык 0,006 метрден көп болбошу керек.
Горизонталдуу-жылдырып ачылма же бүктөлмө эшиктердин алдыңкы эшик панелинин (панелдеринин) ачуу багытында кайсы болбосун чекитине кол менен (инструментсиз) 150 Н барабар күч менен басканда, көрсөтүлгөн жылчыктар төмөнкүлөрдөн көп болбошу керек:
1) капталынан ачылуучу эшиктер үчүн - 0,03 м;
2) ортосунан ачылуучу эшиктер үчүн - 0,045 м.
95. Шахтанын горизонталдуу-жылдырып ачылма жана вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктери жабык абалында төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) горизонталдуу-жылдырып ачылма эшиктердин каалгалары эшиктин ордунун байламасын үстүнөн жана капталдарынан жана вертикалдуу-жылдырып ачылма эшиктерде - бардык жактарынан 0,015 м жабылышы керек; бир жактуу жылдырып ачылма эшиктерде каалганын бекитилип тагылуучу эшик ордунун байламасын каалганын жаап калбашына уруксат берилет.
2) горизонталдык-жылдырып ачылма эшиктин каалгасы бир жактуу жабылса, бир каалганын экинчи каалганын үстүнөн жабышы 0,015 метрден аз эмес, ал эми бул каалгалардын ортосундагы жылчык 0,006 метрден көп болбошу керек.
96. Этаждык аянтчадагы шахтанын эшиги кабина этаждык аянтчанын деңгээлинен 0,2 аралыкка жылып кете электе жабуучу автоматтык кулпу менен жабдылууга тийиш.
Автоматтык кулпу ушул Эрежелердин 102-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда эшиктин шахтанын сыртынан ачылышына жол бербеши керек,
97. Шахтанын жана кабинанын эшиктери автоматтык жабдылган лифтте алардын кабинанын этаждык аянтчага жакындаганда ачылышына уруксат берилет, кабинанын полунун деңгээли менен этаждык аянтчанын полунун деңгээлинин ортосундагы аралык 0,2 метрден көп болбосо, ошол эле учурда кабинанын жүрүү ылдамдыгы 0,63 м/с көп болбошу керек.
98. Жүк ташуучу лифтте, жүктөп-ташуу иштерин жүргүзүп жатканда, кабинаны этаждык аянтчанын деңгээлине чейин шахтанын жана кабинанын эшиктери ачык бойдон жеткирүүгө уруксат берилет, кабинанын полунун деңгээли этаждын аянтчасынын полунун деңгээлинен 0,2 м аралыктын чегинде болсо, ошол эле учурда кабинанын жүрүү ылдамдыгы 0,3 м/с көп болбоого тийиш.
99. Шахтанын эшигинин автоматтык кулпусунун бекитүүчү элементи кулпунун кабыл алуучу бөлүгүнө (5-сүрөттө көрсөтүлгөндөй) 0,007 м кем эмес чоңдукка киргенден кийин мүмкүн болбоого тийиш.
5-сүрөт. Шахтанын эшигинин автоматтык кулпусунун бекитүүчү түзүлүшү
Эшиктин автоматтык кулпусунун бекитүүчү түзүлүшү ушул Эрежелердин 280-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнө түздөн-түз таасир бериши керек.
100. Шахтанын бекитилген эшиги 300 Н күч жумшаганда да ачылбашы керек.
101. Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин лифтин Бажы бирлигине ылайык сертификаты жок болсо, шахтанын эшигинин кулпусу сыноодон өтүүгө тийиш.
Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин негизинде шахтанын эшигинин кулпусунун сыноосун белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
Кулпуда даярдоочу фирма жана идентификациялык номери көрсөтүлгөн табличка болууга тийиш.
102. Шахтанын эшиги сыртынан атайын ачкыч менен ачылууга тийиш.
Шахтанын эшиктеринин ачылуу зонасында кабина жок болсо, шахтанын автоматтык эшиги ачылгандан кийин автоматтык түрдө ачылып-жабылышы керек.
103. Этаждык аянтчадагы кол менен ачылуучу шахтанын эшиги автоматтык кулпудан тышкары автоматтык кулпу менен же эшикти жабык абалында кармап туруучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
104. Этаждык аянтчадагы шахтанын ар бир эшиги ушул Эрежелердин 277-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен жабдылууга тийиш.
Шахтанын автоматтык горизонталдык-жылдырып ачылма эшигинин бул түзүлүшүн эшиктин жабылып калышын контролдоочу түзүлүш менен бириктирсе болот, эгерде анын аракетке келтирилиши шахтанын эшигинин жабылышынан көз каранды болсо.
Кулпу менен бекитилбөөчү жылдырылып ачылма эшиктин каалгаларынын жабылышы ушул Эрежелердин 281-пунктунун талаптарына ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен контролдонот. Бул талап каалгалары жабык абалында ажыратылгыс кинематикалык байланыш менен бириктирилген эшиктерге жайылтылбайт.
Ийкемдүү кинематикалык байланыш, мисалы, аркан, кур же чынжыр аркылуу бириктирилген бир нече каалгалардан турган көп каалгалуу жылдырылып ачылма эшиктерде бир гана эшикти бекитүүгө мүмкүн, эгерде мындай бир жолку бекитүү башка каалгалардын ачылышынын алдын алса жана каалгалар туткалар менен жабдылбаса.
105. Эшик каалгалардын багыттагычтардан чыгып кетишине бөгөт коюучу түзүлүш менен жабдылышы керек.
Лифттин шахтасынын горизонталдуу-жылдырылма эшиктеринин үстүндө жана астында багыттагычтары болууга тийиш.
Лифттин шахтасынын вертикалдуу-жылдырылма эшиктеринин эки жагында багыттагычтары болууга тийиш.
106. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, шахтанын кароо люктары.
Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктеринин өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 1,8 м аз эмес;
- туурасы - 0,6 м аз эмес.
Авариялык эшиктердин өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 1,8 м аз эмес;
- туурасы - 0,35 м аз эмес.
Кароо люктарынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй болууга тийиш:
- бийиктиги - 0,5 м көп эмес;
- туурасы - 0,5 м көп эмес.
107. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, ошондой эле кароо люктары шахтанын ичин көздөй ачылбашы керек.
108. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, кароо люктары ачкыч менен ачылуучу кулпу менен жабдылууга тийиш; бул эшиктерди жана люктарды ачкычсыз ачууга жана жабууга уруксат берилиши мүмкүн.
Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер жана авариялык эшиктер шахтанын ичинен жабык болгон учурда дагы ачкычсыз ачылууга тийиш.
109. Жабдууну техникалык тейлөө үчүн эшиктер, авариялык эшиктер, ошондой эле кароо люктары туташ болууга тийиш; лифттин шахтасынын этаждык аянтчадагы эшиктеринин механикалык бекемдигине коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш, ошондой эле, ушул имаратка же курулмага коюлган өрткө каршы талаптарга ылайык келиши керек.
110. Ушул Эрежелердин 282-пунктуна ылайык эшиктердин жана люктардын жабылышы коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролдонууга тийиш.
§ 2. Багыттагычтар
111. Кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын кыймылы катуу болот багыттагычтар боюнча ишке ашырылышы керек.
112. Багыттагычтар, алардын бекитилген жана бириктирилген жерлери лифттин жумушчу режиминде жана аларга сыноолорду жүргүзүүдө пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелүүгө тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн күч келтирүүлөрдүн таасири менен пайда болгон багыттагычтардын ийилүүсү төмөнкүлөргө алып келбеши керек:
1) багыттагычтардан кабинанын башмактарынын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын чыгып кетиши;
2) шахтанын эшигинин өз алдынча ачылып кетиши;
3) коопсуздук түзүлүшүнүн иштөө шартынын бузулушу.
113. Багыттагычтардын ийилүүсүнүн эсептик чоңдугу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1) кармагычтар менен жабдылган кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтары үчүн эки огу боюнча 0,005 м;
2) кармагычтар менен жабдылбаган каршы салмактын же кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтары үчүн эки огу боюнча 0,01 мм.
114. Кабинанын, каршы салмактын жана кабинанын тең салмактагычынын багыттагычтарынын бийиктиги - кабина, каршы салмак жана кабинанын тең салмактагычы четки жумушчу абалдын чегинен чыгып кеткен учурда башмактар багыттагычтардан чыгып кетпегендей болушу керек.
115. Багыттагычтардын катарлаш бөлүктөрүнүн учтары бириктирилген жерде өз ара жылышып кетүүдөн сакталышы керек.
116. Багыттагычтардын бекитилген жерлери имарат басырылганда же бетон кысылганда жана температуралык деформацияларда багыттагычтарды жөнгө салуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
§ 3. Лебедка
117. Лифттерде лебедкалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
1) шкивдүү же сүрүлүү барабаны менен, аркандар жана курларды пайдалануу менен;
2) барабандуу, аркандары менен;
3) жылдызча жана чынжыр (чынжырлар) менен жабдылган.
118. Лебедка жана анын бекитүү элементтери лифтти эксплуатациялоо жана сыноо учурунда пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка кошумча түрдө кабинаны жогорку буферге койгондо пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелиши керек.
119. Барабандуу же жылдызчалуу лебедканы номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с ашпаган лифттерде колдонууга уруксат берилет.
120. Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифттерде каршы салмакты колдонууга уруксат берилбейт; кабинаны тең салмактоочу түзүлүштү колдонууга жол берилет.
121. Шкивдүү же сүрүлүү барабаны менен жабдылган лебедкада тартуучу элементтердин (аркандардын же курлардын) шкив же барабан менен биригишкен, башкача айтканда жумушчу режимде жана сыноолордо күчтү сүрүлүү аркылуу берүү жөндөмдүүлүгү камсыз кылынышы керек.
122. Шкивдүү же сүрүлүү барабандуу лебедкада төмөнкүлөрдүн көтөрүү мүмкүндүгү болбошу керек:
1) каршы салмак буферде турган жана иштеткич ушул Эрежелердин 263-пунктунда эскертилген убакыттын чегинде көтөрүүдө иштеп жаткан абалдагы бош кабина.
2) кабина буферлерде турган жана кыймылга келтиргич ушул Эрежелердин 263-пунктунда эскертилген убакыттын чегинде ылдый түшүүдө иштеп жаткан абалдагы каршы салмактын көтөрүлүшү.
123. Аркандардын, курлардын же чынжырлардын кыймылга келтиргичтин элементтеринин (шкив, барабан, жылдызча) жана тормоздук барабандын (дисктин) ортосунда ажыратылгыс кинематикалык байланыш болууга тийиш.
Электр кыймылдаткычынан тегеренүүчү буроочу моментин берүү үчүн курлар берүүсүн колдонууга жол берилет. Курлардын саны 2ден аз болбошу керек жана алардын керилүүсү ушул Эрежелердин 279-пункту боюнча контролдонушу керек.
124. Лебедканын жеткиликтүү тегеренүүчү элементтери:
1) курлар жана чынжырлар;
2) шкивдер, блоктор, шестернялар жана жылдызчалар;
3) кыймылдаткычтын, сүрүлүү шкивинин (барабанынын) чыгып турган валдары кокустан тийип алуудан тосулуп, сакталууга тийиш.
Жумушчу эмес беттери сары түстө боёлууга тийиш болгон кабинаны кол менен башкарып жылдыруунун штурвалдарын, тормоздук барабандарын жана жылмакай цилиндрлик валдарын тосуп сактабоого жол берилет.
125. Аркандар, курлар жана чынжырлар кыймылга келтиргич жана багыттоочу элементтер лифттин жумушчу режимдеринин, ошондой эле аларды сыноолордун учурунда чыгып кетпеши керек.
126. Лифттин электр азыктандыруусу өчүп калган убакта кабинаны жылдыруу мүмкүндүгү каралышы керек:
1) кабинаны кол менен башкарып жылдыруу үчүн лебедка штурвал менен жабдылышы мүмкүн, муну менен бирге кабинаны номиналдуу күч келтирүү менен жогору жылдыруу үчүн зарыл болгон күч 235 Н көп болбошу керек. Чабактуу штурвалды же кривошиптик тутканы колдонууга болбойт.
2) чечип-тагылуучу штурвал машина жайында сакталышы керек. Машина жайында бир нече лебедка болсо, чечип-тагылуучу штурвалдарда тийиштүү лифттин тийиштүү лебедкасынын маркирлөөсү, (боёлушу) болууга тийиш. Ушул Эрежелердин 293-пунктунун талаптарына жооп берген коопсуздук электр түзүлүшү штурвал лебедкага орнотулганда коопсуздук чынжырын ажыратышы керек.
Штурвалды тегереткен учурдагы кабинанын кыймылынын багыты лебедкада же түздөн-түз штурвалда көрсөтүлүүгө тийиш.
3) кабинаны штурвал менен жылдырып жаткан учурда машина жайынан кабинанын эшиктин ачылуу зонасында тургандыгын контролдоо мүмкүндүгү каралышы керек.
127. Барабандуу лебедка колдонулганда, мындан тышкары төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) барабанда винттик сызык боюнча жасалган, аркандын диаметрине ылайык келген нукчалар болбоого тийиш;
2) кабина (каршы салмак) толугу менен кысылган буферлерде турганда, барабанда ага бекитилген аркандардын ар бири үчүн, бир жарым запастык ором кысып бекитүүчү түзүлүштүн астындагы оромдорду эсепке албаганда калыш керек;
3) барабанда аркандын бир гана катмары оролууга тийиш;
4) аркандардын айларга карата четтөөсүнүн бурчу 4° көп болбошу керек;
5) барабанда оролгон аркандын деңгээлинен аркандын диаметринен аз бийиктикке ашып турган ребордалар болбоого тийиш. Аркан бекитиле турган жерде реборданы жасоого жол берилбейт.
128. Лебедка автоматтык түрдө аракетке келтирилүүчү нормалдуу-туюк типтеги механикалык тормоз менен жабдылышы керек.
1) тормоздук момент кысылуу пружинасынын же жүктүн жардамы менен түзүлүүгө тийиш.
2) тормоз тормоздоонун эки тутумунан турууга тийиш, тормоздук барабанга же дискке күч менен таасир этүү процессине катышкан тормоздун бардык механикалык элементтери, анын ичинде электромагниттин түрткүчү кайталанышы керек.
3) тормоздоонун ар бир тутуму лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнө барабар массадагы жүгү бар кабинаны токтотууга жана кармап турууга жетиштүү тормоздоочу күчтү түзүүгө тийиш.
4) лента тормоздорун колдонууга жол берилбейт.
5) ушул Эрежелердин 126-пунктуна ылайык кабинаны кол менен башкарып жылдырууга арналган лебедка кол менен башкарып тормоздоочу түзүлүш менен жабдылууга тийиш. Бул түзүлүшкө берилүүчү таасир токтотулганда, тормоздун аракети автоматтык түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш.
§ 4. Кабина
129. Лифттин кабинасы жумушчу режимде жана сыноолордун убагында пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек.
130. Кабинанын купесинде туташ дубалдары, полу жана шыптык жабуусу (чатыры) жана пайдалануучулар кирүүгө орундар болууга тийиш. Авариялык люктар жана эшиктер үчүн орундар болушу мүмкүн.
131. Кабинанын дубалдары тегерек же квадраттык аянтчада текши бөлүштүрүлгөн жана анын кандай болсун серпилгич деформациясы 15 мм көп болбогон чекитине кабинанын ичинен 300 Н ашкан басым күчүнө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле учурда калдык деформацияга жол берилбейт.
132. Кабинаны тосуу үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык сыноолордон өткөн көп катмарлуу айнек колдонулушу мүмкүн.
Ар бир айнектин төмөнкү маалыматты камтыган маркировкасы болууга тийиш;
1) айнекти иштеп чыгарган фирманын аталышы жана соода маркасы;
2) айнектин тиби;
3) айнектин маркировкасы.
Полдун деңгээлинен 1,1 м төмөн жайгаштырылган кабинанын дубалынын айнеги 0,9-1,1 м бийиктикте орнотулган жана айнектен көз карандысыз орнотулган тутка менен жабдылышы керек. Тосмолор кайсы болбосун чекитке ар кайсы убакта 440 Н менен горизонталдык күч басым келтирүүгө жана 1270 Н менен басым вертикалдык келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
133. Кабинанын үстү кайсы жеринде болбосун 0,2х0,4 м аянтка калдык деформациясыз 2000 Н менен басым келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
134. Кабинанын чатырында тейлөө персоналы үчүн аянты 0,12 м2 аз бош аянтча каралышы керек. Аянтчанын эң кичине жагынын узундугу 0,25 м аз болбошу керек.
135. Кабинанын чатырынын сырткы четинен шахтанын тосмосуна чейин горизонталдык тегиздикте өлчөнгөн жылчык 0,3 м көп болсо, анда кабинанын чатыры ушул жылчык тараптан бийиктиги 0,9 м болгон тосмо менен жабдылышы керек.
Жылчыктарды өлчөөдө шахтанын тосмосунда орун алган 0,3х0,3 м (узундугу х туурасы) өлчөмдөгү оюктар эсепке алынбайт.
136. Тосмонун конструкциясына тутка, ылдый жагындагы бийиктиги 0,1 м болгон каптоо жана тосмолордун бийиктигинин жарымында орун алган туурасынан жайгашкан тоскуч кирүүгө тийиш. Тосмолор ар кандай чекитке ар кайсы убакта 440 Н менен горизонталдык күч келтирүүгө жана 1270 Н менен вертикалдык басым келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
137. Тутканын сырткы чети менен шахтада орун алган жабдуунун (каршы салмак, өчүргүчтөр, багыттагычтар, кронштейндер) ортосунда горизонталдык тегиздикте өлчөнгөн жылчык 0,1 м аз болбошу керек.
138. Тосмолор менен кабинанын четинин ортосундагы аралык 0,15 м көп болбошу керек.
139. Кабинанын шыбынын жабуулары үчүн колдонулган айнек ламинацияланган (көп катмарлуу) болуп, ушул Эрежелердин 133-пунктунун талаптарына ылайык күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш.
140. Кабинанын чатырында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) ушул Эрежелердин 258-пунктунун талаптарына ылайык башкаруу аппараттары;
2) ушул Эрежелердин 287-пунктунун талаптарына ылайык лифтти токтотуунун түзүлүшү;
3) ушул Эрежелердин 312-пунктунун талаптарына ылайык электр розеткасы.
141. Кабинанын босогосунун астында эшиктин ордунун толук туурасына барабар болгон, босогонун алдыңкы чети менен тегиз (бир деңгээлде) вертикалдык калкан орнотулушу тийиш.
Калкандын вертикалдуу бөлүгү горизонталдык тегиздикке карата 60º бурчту түзгөн жантайыш менен бүтүшү керек. Бул жантайыштын горизонталдык тегиздикке түшкөн проекциясы 0,02 м кем болбоого тийиш.
Калкандын вертикалдуу бөлүгүнүн бийиктиги кабинанын босогосунун бийиктигин кошкондо 0,75 м кем болбошу керек.
Кыйгач орнотулган багыттагычтар (15º чегинде) аркылуу жүрүүчү лифттин кабинасында көрсөтүлгөн калкан кабинага кире бериш жагында шахтанын дубалынын ички бетине параллелдүү орнотулууга тийиш.
142. Кабинанын полдон тартып шыптык жабууга чейин өлчөнгөн бийиктиги 2,0 м аз болбоого тийиш. Кабинанын бийиктигин аныктап жаткан учурда шыптык жабууда орнотулган жана 0,05 м көп эмес чыгып турган элементтер (плафон, решетка, багет) эсепке алынбайт.
143. Кабинанын кире беришинин орду 2 мден аз болбошу жана шахтанын эшигинин бийиктигинен кем болбошу керек.
144. Кабинанын кире беришинин орду эшик менен жабдылууга тийиш.
145. Кабинанын эшиги туташ болууга тийиш.
Вертикалдуу-жылдырылма эшиктерде сетканы же перфорацияланган тактаны колдонууга мүмкүн. Сетканын же перфорацияланган тактанын ордунун өлчөмдөрү горизонталь боюнча 0,01 м көп эмес жана вертикаль боюнча 0,06 м көп эмес болушу керек.
146. Каалгалардын ортосундагы, эшиктин ордунун байламасы менен каалгалардын ортосундагы же эшик жабылып турган абалдагы каалгалар менен босогонун ортосундагы жылчык 0,006 м көп болбоого тийиш.
147. Буруп ачылма эшиктер сыртын карай ачылбашы керек
148. Ушул Эрежелердин 94-пунктуна ылайык шахтанын эшиктери кароочу терезе менен жабдылганда, кабинанын эшиги да кароочу терезе менен жабдылат.
Кароочу терезе ушул Эрежелердин 94-пунктунун талаптарына жооп бериши керек жана кабина этаждык аянтчанын деңгээлинде турганда, шахтанын эшигинин кароочу терезеси менен визуалдуу дал келиши керек.
149. Кабинанын эшиги жабык абалында аянты 5 см2 болгон тегерек же квадраттык аянтчага текши бөлүштүрүлгөн жана кабинанын ичинен эшиктин кайсыл чекитинде болбосун серпилгич деформациясы 15 ммден ашпаган 300 Н барабар басымдыгы күч келтирүүгө туруштук берүүгө тийиш, ошол эле учурда калдык деформацияга жана күч келтирүү алынгандан кийин иштин өзгөрүшүнө жол берилбейт.
150. Эшиктерди тосуу үчүн ушул Эрежелердин 9-тиркемесинин талаптарына ылайык сыноолордон өткөн көп катмарлуу айнек колдонулушу мүмкүн.
Ар бир айнектин ушул Эрежелердин 132-пунктунда келтирилген маалыматты камтыган маркировкасы болуусу керек.
151. Автоматтык жылдырылып ачылуучу эшиктердин кабинаны караган беттеринде 0,003 м ашкан чуңкур же урчуктар болбошу керек. 0,003 метрден ашпаган чуңкурлардын же урчуктардын четтери эшиктердин ачылган багытына карата кыйгач тегизделүүгө же жумуруланууга тийиш. Бул талаптар тордон же перфорацияланган тактадан жасалган вертикалдуу-жылдырылма эшиктерге жайылтылбайт.
152. Автоматтык кыймылга келтиргичи бар горизонталдуу-жылдырылма эшиктер жана бүктөлмө эшиктер ушул Эрежелердин 91-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
153. Кабинанын эшиги ушул Эрежелердин 283-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен жабдылышы керек; бул түзүлүш эшиктин жабылышын контролдойт жана кабинанын эшик ачылып турган абалда жылып кетишине жол бербейт, буга ушул Эрежелердин 97 жана 98-пункттарында каралган учур кирбейт.
Эгерде кабинанын горизонталдуу-жылдырылма эшиги тике кинематикалык байланыш (мисалы, рычагдардын тутуму) менен бириктирилген бир нече каалгалардан турса, аталган коопсуздуктун электр түзүлүшү төмөнкүдөй орнотулууга тийиш:
1) бир гана каалгага (көп каалга болгон учурдагы ыкчам эшик);
2) каалгалар менен тике кинематикалык байланыштуу эшиктердин кыймылга келтиргичине.
154. Алдыңкы каалга эшиктин кыймылга келтиргичи менен тике кинематикалык байланыш аркылуу бириктирилген шартта кыйыр кинематикалык байланыш (аркандын, курдун жана чынжырдын жардамы менен) менен бириктирилген кабинанын бир нече каалгадан турган горизонталдуу-жылдырылма эшигинде аталган коопсуздуктун электр түзүлүшү алдыңкы каалгага гана орнотулушу мүмкүн.
155. Ушул Эрежелердин 42-пунктунда каралган учурда кабинанын эшиги автоматтык кулпу менен жабдылууга тийиш. Автоматтык кулпу ушул Эрежелердин 96-пунктунун талаптарына жооп бериши керек.
156. Эшиктердин ачылуу зонасында турган кабинанын эшигин ачуу үчүн жумшалуучу күч 300 Н көп болбошу керек.
157. Эшиктердин босоголору жана багыттагычтары ушул Эрежелердин 88 жана 105-пункттарынын талаптарына жооп бериши керек.
158. Кабина авариялык люк менен жабдылса, анын өлчөмдөрү кеминде 0,35х0,5 м болууга тийиш. Авариялык люк туташ болуп, кабинанын ичин карай ачылбашы керек, ачык абалында кабинанын көлөмүнөн чыгып турууга тийиш.
Авариялык люк кабинанын сыртынан ачкычсыз, ичинен ачкыч менен ачылуучу ушул Эрежелердин 6-тиркемесинин талаптарына жооп берген кулпу менен жабдылууга тийиш.
159. Кабина адамдардын катарлаш лифтке өтүп кетиши үчүн авариялык эшик менен жабдылышы мүмкүн; бул учурда төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) эшик сыртты карай ачылбашы керек;
2) эшиктин каалгасы туташ болууга тийиш;
3) кабиналардын ортосундагы аралык 0,75 м көп болбошу керек;
4) кабиналардын ортосундагы өткөөлдөрдө тартуучу аркандар, вертикалдуу абалда жайгашкан өткөргүчтөр жана кабелдер жайгаштырылбашы керек;
5) кабиналардын ортосундагы өткөөл каршы салмактын кыймыл жолун кеспөөгө тийиш;
6) авариялык эшик кабинанын сыртынан ачкычсыз, ичинен ачкыч менен ачыла турган ушул Эрежелердин 6-тиркемесинин талаптарына жооп берген кулпу менен жабдылууга тийиш.
160. Авариялык эшикти жана люкту бекитүү ушул Эрежелердин 284-пункту боюнча коопсуздуктун электр түзүлүшү менен көзөмөлдөнүүгө тийиш.
Авариялык эшикти жана люкту ачкандан кийин лифттин "Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө көтөрүлүшүнө жол берилбейт .
161. Туташ каалгалуу кабина үстүндө жана астында жайгашкан желдеткич көзөнөктөр менен жабдылышы керек.
Кабинанын үстүндө да астындагы желдеткич көзөнөктөрдүн аянты, кабинанын полунун пайдалуу аянтынын 1% кем болбоого тийиш.
Желдеткич көзөнөктөр алар аркылуу кабинанын ичинен шахтага диаметри 0,1 м болгон стержень өтүп кетпегендей болуп жасалышы жана жайгаштырылышы керек.
162. Кабина ушул Эрежелердин 169-пунктунун талаптарына ылайык кармагычтар менен жабдылууга тийиш.
163. Кабина башмактар менен жабдылууга тийиш. Башмактардын конструкциясы кабинанын багыттагычтардан чыгып кетишине, кабинанын өз алдынча кармагычтардан орун алышына жол бербеши керек, ошондой эле кабинанын багыттагычтарга салыштырмалуу горизонталдуу багытта жылып кетишин чектөөгө тийиш.
164. Лифттин кабинасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) жүк көтөрүмдүүлүгү, кг;
2) сыйымдуулугу (адамдардын саны);
3) лифтти даярдоочу фирма;
4) заводдук номери.
§ 5. Каршы салмак жана кабинаны тең салмакта кармоочу түзүлүш
165. Каршы салмак жана кабинаны тең салмакта кармоочу түзүлүшү төмөнкү шарттарда пайда болуучу күч келтирүүлөргө эсептелип жасалышы керек:
1) лифттин жумушчу режиминде;
2) каршы салмак кармагычтарда жана буферде орун алганда (каршы салмак кармагычтар менен жабдылган болсо);
3) тең салмактоочу түзүлүш кармагычтардан орун алганда (тең салмактоочу түзүлүш кармагычтар менен жабдылган болсо);
4) кабина буферлерден жана кармагычтардан орун алганда.
Каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү кармагычтардан орун алган учурдагы аларга таасир берүүчү күч келтирүүлөр каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн ушул Эрежелердин 180-пунктуна ылайык жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
Каршы салмак буферлерден орун алганда, ага таасир берүүчү күч келтирүүлөр каршы салмактын ушул Эрежелердин 200-пунктуна ылайык жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
Каршы салмакка же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнө кабина кармагычтардан же буферлерден таасир берүүчү күч келтирүүлөр ушул Эрежелердин 179 жана 200-пункттарына ылайык кабинанын жүрүү ылдамдыгында аныкталууга тийиш.
166. Курамына жүктөр кирген каршы салмактын же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн конструкциялары алардын горизонталдуу жана вертикалдуу багытта өз алдынча жылышып кетишине жол бербеши керек.
167. Каршы салмак же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү башмактар менен жабдылышы керек. Башмактардын конструкциясы каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) багыттагычтардан чыгып кетишине, каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) кармагычтардан өз алдынча орун алышына жол бербеши керек, ошондой эле каршы салмактын (тең салмактоочу түзүлүштүн) багыттагычтарга салыштырмалуу горизонталдуу багытта жылышып кетишин чектөөгө тийиш.
168. Каршы салмак жана кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү ушул Эрежелердин 22-пунктунда каралган учурда кармагычтар менен жабдылышы керек.
§ 6. Кармагычтар
169. Кармагычтар ылдамдык чектелгенде, ылдый жүрүп бараткан кабинаны (каршы салмакты же тең салмактоочу түзүлүштү) токтотууга жана багыттагычтарда кармап турууга тийиш.
Жогору жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыгы ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдөн көп болсо, тормоздоо, жана/же токтотуу үчүн кармагычтар пайдаланылышы мүмкүн.
170. "Лифтердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого киргизилген лифттин Бажы бирлигинин сертификаты жок болсо, кармагычтар Бажы бирлигинин сыноосунан өтүшү керек.
Кармагычтарды сыноону Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык белгиленген тартипте акредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
171. Кабинанын, каршы салмактын, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кармагычтары өздөрүнүн ылдамдыкты чектегичи менен иштетилет.
Номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с болгон лифттеги каршы салмактын, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнүн кармагычтарын тарткыч элементтердин үзүлүшүнөн же бошоңдоп калышынан иштөөчү түзүлүш аркылуу аракетке келтирүүгө болот.
172. Номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с көп болгон лифттин кабинасы жай тормоздоочу кармагычтар менен жабдылууга тийиш.
Төмөнкүлөрдү колдонууга жол берилет:
1) эгерде лифттин номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаса -амортизациялык элементи бар кескин тормоздоочу кармагычтар;
2) эгерде лифттин номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с жогору болбосо - кескин тормоздоочу кармагычтарды.
Кабинанын ар бир багыттагычын бир кармагыч менен жабдыган учурда, бардык кармагычтар жылма тормоздоочу болушу керек.
173. Ушул Эрежелердин 22-пункту боюнча номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаса лифттеги каршы салмак же кабинанын тең салмактагычы жай тормоздоочу кармагычтар менен жабдылышы керек.
174. Кармагычтар аркылуу токтотулган кабина, каршы салмак же кабинанын тең салмактагычы көтөрүлгөндөн кийин, кармагычтар баштапкы абалына кайтып келип, аракетке даяр болууга тийиш.
175. Номиналдуу жүгү бар кабинанын кармагычтардан орун алган учурдагы ылдамдыгынын орточо басаңдашы төмөнкүлөрдөн көп болбошу керек:
1) жай тормоздоочу кармагычтар үчүн 9,81 м/с2;
2) кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн 25 м/с2.
176. Кабинанын кармагычтарынын иштөөсү коопсуздук чынжырын кармагычтар иштеген учурда же ага чейин ажыратканда 296-пункт боюнча коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен контролдонууга тийиш.
177. Тормоздоонун күч-аракетин жөнгө салуучу кармагычтар даярдоочу тарабынан пломбаланууга тийиш.
178. Кармагыч төмөнкүлөр көрсөтүлгөн табличка менен камсыздалышы керек:
1) бул кармагычты өндүргөн фирма;
2) идентификациялык номери.
§ 7. Ылдамдыкты чектегич
179. Кабинанын кармагычтарын аракетке келтирүүчү ылдамдыкты чектегич, эгерде кабинанын төмөн жүрүү ылдамдыгы номиналдык ылдамдыктан 15%нан ашса жана төмөнкүлөрдөн көп болбосо:
1) кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн 0,8 м/с;
2) жылма тормоздоочу кармагычтар үчүн жана амортизациялык элементи бар кескин тормоздоочу кармагычтар үчүн, номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с көп болбосо;
3) жай тормоздоочу кармагычтар үчүн 1,25v + 0,25/v (м/с), номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с көп болбосо; мында v - кабинанын номиналдуу ылдамдыгы м/с менен.
180. Кармагычтын же кабинанын тең салмактагычынын кармагычын аракетке келтирүүчү ылдамдык чектегич, эгерде каршы салмактын же кабинанын тең салмактагычынын төмөн карай жүрүшүнүн ылдамдыгы номиналдуу ылдамдыктан 15%нан ашканда жана кабинанын ылдамдыгын чектегичин аракетке келтирүү үчүн орнотулган жогорку чегинен 10%нан ашканда аракетке келтирилүүгө тийиш.
181. Эгерде Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилип, сертификаты жок болсо, ылдамдыкты чектегич сыноолордон өткөрүлүшү керек.
Ылдамдыкты чектегич сыноосун белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентинин негизинде жүргүзөт.
182. Текшерүүлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү үчүн, кабинанын ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөндөн аз ылдамдык менен жүрүп баратканда, кармагычтардын аракетке келтирилиши жана ылдамдыкты чектегичтин ушул Эрежелердин 179 жана 180-пункттарында көрсөтүлгөн кабинанын, каршы салмактын же тең салмактагычтын кыймылынын ылдамдыгына тийиштүү айлануу жыштыгынан аракетке келтирилишин текшерүү мүмкүндүгү каралышы керек.
183. Ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү аркандын диаметри 0,006 м кем болбоого тийиш.
184. Ылдамдыкты чектегичтин бекемдигинин запасынын коэффициенти аркандын толугу менен үзүлүү күчүнүн кармагычтардын аракетке келтирилген убагындагы күчкө болгон катышы катары аныкталып, 8ден аз болбошу керек.
185. Шкивдин же блоктун диаметринин ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү оролуучу аркандын диаметрине болгон катышы 30дан аз болбоого тийиш.
186. Ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү аркан тартуучу түзүлүш менен тартылышы керек.
187. Ылдамдыкты чектегич аркандын үзүлүшү же регламенттелбегендей чоюлушу ушул Эрежелердин 290-пунктунун талаптарына жооп берүүчү коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен иштеткичтин токтошуна алып келиши керек.
188. Кармагычтарды аракетке келтирүү үчүн талап кылынуучу күчтүн аркан менен жумушчу шкивдин ортосундагы сүрүлүүнүн эсебинен пайда болгон ылдамдыгын чектөө үчүн алардын ортосундагы сүрүлүүнүн (ушул Эрежелердин 179-пунктунда көрсөтүлгөндөн аз ылдамдык менен жылып бараткан кабинанын) кармагычтарын аракетке келтирүүгө жетиштүү экендигин текшерүү мүмкүндүгү каралышы керек.
189. Ылдамдык чектегичинде кармагычтарды аракетке келтирүүгө ылайык, айлануу багыты көрсөтүлүшү керек.
190. Ушул Эрежелердин 285-пунктунун талаптарына жооп берген, коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен иштеген ылдамдыкты чектегич коопсуздук чынжырын төмөн жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыкты чектегичин аракетке келтирүүчү ылдамдыкка жеткен учурга чейин ажыратууга тийиш.
Лифттин номиналдуу ылдамдыгы 1 м/с ашпаганда, коопсуздук чынжырын бул түзүлүштүн жардамы менен ылдамдык чектегич аракетке келтирилген учурда ажыратышына уруксат берилет.
191. Эгерде кармагычтардан чыгарылгандан кийин ылдамдыкты чектегич баштапкы абалына кайтып келбесе, ушул Эрежелердин
294-пунктунун талаптарына ылайык, коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегичтин баштапкы абалына кайтып келишине чейин лифттин жүрүшүн токтотууга тийиш.
192. Төмөнкү шарттар аткарылган учурда ылдамдыкты чектегичти шахтага орнотууга уруксат берилет:
1) ылдамдыкты чектегичти сыноо үчүн, аны аракетке келтирүүгө тейлөө персоналы лифтин шахтасынын сыртынан механикалык же электр дистанциялык башкаруу аркылуу ишке ашырат, буга кабелсиз башкаруу кирбейт;
2) ылдамдыкты чектегич аракетке келтирилгенден кийин кабинанын, каршы салмактын же тең салмактагычтын жүрүшү убагында автоматтык түрдө баштапкы абалына кайтып келет.
193. Ылдамдыкты чектегич төмөнкү маалымат көрсөтүлгөн табличка менен жабдылышы керек:
1) ушул кармагычты чыгаруучу-фирма;
2) идентификациялык номери;
3) ылдамдыкты чектегичтин иштөөсүнүн ылдамдыктары.
§ 8. Буферлер
194. Лифт кабинанын жана каршы салмактын төмөн жүрүшүн чектөөчү буферлер менен жабдылышы керек.
Барабандуу же жылдызчалуу лебедка менен жабдылган лифт кошумча түрдө кабинанын жогору жүрүшүн чектөөчү буферлер менен жабдылышы керек.
195. Номиналдуу ылдамдыгы 0,3 м/с ашпаган лифттерди катуу тирөөчтөр менен жабдууга уруксат берилет.
196. Энергияны чогултуучу типтеги буферлерди колдонууга номиналдуу ылдамдыктар 1 м/с көп болбогон учурда уруксат берилет.
197. Энергияны чогултуучу типтеги амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлерди колдонууга номиналдуу ылдамдыктар 1,6 м/с ашпаган учурда уруксат берилет.
198. Энергияны таратуучу типтеги буферлерди колдонууга лифттин кандай болбосун номиналдуу ылдамдыгында колдонууга уруксат берилет.
199. Энергия чогултуучу типтеги сызыксыз мүнөздөмөлүү буферлер жана/же амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлер, ошондой эле энергияны таратуучу типтеги буферлер Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин, эксплуатациялоого киргизилген лифттин Бажы бирлигинин сертификаты жок болсо, сыноолордон өткөрүлүшү керек.
Буферлерди сыноону Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык белгиленген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториясы жүргүзөт.
200. Буферлер жана катуу тирөөчтөр төмөнкүдөй ылдамдык менен жүрүп бараткан жүгү бар кабинанын же каршы салмактын орун алышына эсептелип жасалышы керек:
1) лифттин номиналдуу ылдамдыгынан 15%га ашкан - плунжеринин толук жүрүшү азайтылган гидравликалык буферден башка бардык буферлер жана тирөөчтөр;
2) лифттин эсептик азайтылган ылдамдыгынан 15%га ашкан - плунжеринин толук жүрүшү азайтылган гидравликалык буфер.
Ошол эле учурда жүктүн массасы лифттин жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25%га ашууга тийиш.
201. Сызыктуу мүнүздөмөлүү буфердин толук жүрүшү төмөнкү формула менен аныкталат:
S = (1,15v)2 / gn = 0,1348v2, мында:
S - буфердин толук жүрүшү (м),
v - лифттин кабинасынын номиналдуу ылдамдыгы (м),
gn = эркин түшүүнүн тездеши (м/с2),
Буфердин толук жүрүшү 0,065 м кем болбошу керек.
202. Энергияны чогултуучу типтеги сызыксыз мүнөздөмөлүү буферлер жана энергияны таратуучу типтеги амортизациялуу арткы жүрүшү бар буферлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) буферден орун алып жатканда номиналдуу ылдамдыктан 115% түзгөн ылдамдык менен бараткан номиналдуу жүктөлгөн кабинанын басаңдоосунун орточо чоңдугу 9,81 м/с2 жогору болбошу керек;
2) 25 м/с2 көп болгон басаңдоонун ылдамдануусунун таасир берүү убактысы 0,04 сек. ашпашы керек.
203. Энергияны сарптоочу типтеги буферлер
Энергия таратуучу типтеги сызыктуу мүнөздөмөлүү буфердин толук жүрүшү төмөнкү формула менен аныкталат:
S ≥ (1,15v)2 / (2gn) = 0,0674v2 (м), мында
S - буфердин толук жүрүшү,
v - лифттин кабинасынын номиналдуу тездеши (м),
gn = 9,81 - эркин түшүүнүн ылдамдануусу (м/с2).
204. Эгерде лифттин басаңдашы жогорку жана төмөнкү этаждык аянтчаларга жеткенде, ушул Эрежелердин 260-пунктуна ылайык контролдонсо, ал эми толук жүрүштү эсептөөдө номиналдуу ылдамдыктын ордуна кабинанын (же каршы салмактын) буфер менен тийишүү ылдамдыгын колдонсо болот.
Бул убакта мындай буферлердин толук жүрүшү төмөнкүлөрдөн аз болууга тийиш:
1) толук жүрүштүн 50% - эгерде номиналдуу ылдамдык 4 м/с көп болсо, бирок 0,42 м кем болбосо;
2) толук жүрүштүн 33% - эгерде номиналдуу ылдамдык 4,0 м/с көп болсо, бирок 0,54 м кем болбосо.
205. Энергия таратуучу типтеги буферлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) буферден орун алып жатканда номиналдуу ылдамдыктан 115% түзгөн ылдамдык менен бараткан номиналдуу жүктөлгөн кабинанын басаңдоосунун орточо чоңдугу 9,81 м/с2 көп болбошу керек;
2) 25 м/с2 ашкан басаңдоонун ылдамдануусунун таасир берүү убактысы 0,04 с көп болбошу керек.
206. Энергия таратуучу типтеги буфер андан күч келтирүүнү алып таштагандан кийин автоматтык түрдө баштапкы абалына кайтып келиши керек. Буфердин баштапкы абалына кайтып келиши ушул Эрежелердин 294-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен көзөмөлдөнүшү керек.
207. Гидравликалык буфердеги суюктуктун деңгээлин көзөмөлдөө мүмкүндүгү каралууга тийиш.
208. Кабина же каршы салмак ушул Эрежелердин 172-пунктунун 1-пунктчасына ылайык кармагычтар менен жабдылган болсо, кармагычтардын амортизациялоочу түзүлүшү ушул Эрежелердин 199-пунктунда көрсөтүлгөн буферлердин ордуна колдонулушу мүмкүн.
Мындай учурда шахтанын төмөнкү бөлүгүндө кабинанын (каршы салмактын) каркасы менен өз ара аракеттенүүчү катуу тирөөчтөр орнотулууга тийиш.
209. Буферлер, энергия чогултуучу типтеги буферлерден башкалар, төмөнкү маалымат көрсөтүлгөн табличка менен жабдылышы керек:
1) ушул кармагычты чыгарган - фирма;
2) идентификациялык номери.
§ 9. Тартуучу элементтер жана илмек
210. Кабина, каршы салмак же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү болот зым аркандарда же тартуучу пластиналуу же иштеткич роликтүү (втулкалуу) чынжырларда илинүүгө тийиш. Башка тартуучу элементтер - эгерде алардын коопсуздук деңгээли, анын ичинде, болот аркандар үчүн орнотулган бекемдик запасы болот аркандарды же чынжырларды колдонгон учурдагыдан төмөн эмес камсыздалса, колдонууга уруксат берилет.
211. Кабинаны каршы салмак менен бириктирип турган тартуучу элементтердин конструкциялары, өлчөмдөрү жана мүнөздөмөлөрү бирдей болууга тийиш.
212. Лифтте колдонулуучу тартуучу элементтер алардын сапатын ырастаган документке ээ болууга тийиш. Тартуучу элементтерди бириктирүүгө болбойт.
213. Тартуучу элементтердин саны экиден кем болбоого тийиш.
214. Полиспаст илмек түрүндө жасалган болсо, бир тартуучу элементтин бардык бутактары бир тартуучу элемент катары эсептелет.
Эксплуатациядагы болот аркандарды жараксыз деп таануунун ченемдери ушул Эрежелердин 11-тиркемесинде келтирилген.
Ушул Эрежелердин 11-тиркемесинде көрсөтүлбөгөн же башка болот аркандарды колдонгондо жана көрсөтүлгөн тиркеменин 4-пунктуна ылайык аларды жараксыз деп таануунун ченемин аныктоого мүмкүн болбосо, жараксыз деп табуунун ченеми лифтти эксплуатациялоо боюнча колдонмодо көрсөтүлүшү керек.
§ 10. Аркандар
215. Болот зымдан жасалган тартуучу аркандын номиналдуу диаметри 0,008 м кем болбошу керек.
216. Шкивдердин, блоктордун, барабандардын диаметри менен тартуучу аркандардын номиналдуу диаметрлеринин катышы 40тан кем болбошу керек.
217. Тартуучу аркандардын бекемдигинин запасы төмөнкүлөрдөн аз болбошу керек:
1) аркан тартуучу шкив же сүрүлүү барабаны жана үч же андан көп аркандар менен жабдылган лебедкалар үчүн 12;
2) аркан тартуучу шкив же сүрүлүү барабаны жана эки аркан менен жабдылган лебедкалар үчүн 16;
3) барабандуу лебедка үчүн 12.
Бекемдиктин запасынын коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
K = P / S , мында
Р - аркандын үзүлүү күчү,
S - номиналдуу жүктөлгөн кабина төмөнкү этаждык аянтчанын деңгээлинде турганда арканга таасир берген максималдуу күч келтирүү.
218. Кабинага, каршы салмакка же кабинанын тең салмактоочу түзүлүшүнө же полиспасттын кыймылсыз бутагынан чекиттерине бекитүүдөгү, аркандардын учтары аркандын үзүлүү күчүнүн кеминде 80% туруштук берүүгө тийиш.
219. Арканды барабанга бекитүү, шынаа киргизүү, же экиден аз кысуу планкасын колдонуу, же эквиваленттүү коопсуздукту камсыздоочу кандай ыкма болбосун ишке ашырылууга тийиш. Кабина толугу менен кысылган буферден же тирөөчтөн орун алганда, барабанда кысуучу планкалардын астында турган оромдорду эсепке албаганда, бир жарымдан аз запастык ором калышы крек.
220. Тартуучу чынжырлардын бекемдигинин запас коэффициенти 10дон аз болбошу керек. Бекемдиктин запасынын коэффициенти ушул Эрежелердин 217-пунктунда келтирилген формула боюнча аныкталат.
§ 11. Тартуучу элементтердин ортосундагы күч келтирүүнүн бөлүштүрүлүшү
221. Айрым тартуучу элементтердеги тартылуу айырмасын азайтуу үчүн автоматтык түзүлүш каралышы керек.
Айрым тартуучу чынжырлардагы тартылуу айырмасын азайтуу үчүн бул түзүлүш кабина тараптан да, тең салмактоочу жүк тараптан да орнотулушу керек.
222. Тартуучу элементтердеги тартылуу айырмасын азайтуу үчүн автоматтык түзүлүш катары кысылуу пружиналарын колдонууга жол берилет.
223. Ушул Эрежелердин 289-пункту боюнча коопсуздуктун электр түзүмү, коопсуздуктун чынжырын тартуучу элементтер ушул Эрежелердин 221-пунктуна ылайык түзүлүш жол берген чоңдуктан ашуун, тартуучу элементтер салыштырмалуу жылып кеткенде (басаңдаганда) жана бир, бир нече же бардык тартуучу элементтер үзүлгөндө коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
224. Тең салмактоочу аркандар колдонулганда төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) блоктуу (бир нече блоктуу) тартуучу түзүлүштүн колдонулушу;
2) тартуучу түзүлүштүн блогунун диаметринин тең салмактоочу аркандын диаметрине болгон катышы 30дан аз болбоого тийиш;
3) тартылуу оордук күчү менен камсыздалат жана ушул Эрежелердин 291-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен көзөмөлдөнөт.
Номиналдуу ылдамдыгы 3,5 м/с ашкан лифттер саналып кеткен талаптардан тышкары тартуучу түзүлүштүн тез жылып кетүүсүн чектөөчү түзүлүш менен жабдылышы керек. Бул түзүлүштүн иштөөсү ушул Эрежелердин 292-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн жардамы менен коопсуздук чынжырынын ажыратылышын ишке ашырууга тийиш.
225. Буруучу блоктор жана жылдызчалар төмөнкүлөргө жол бербеши үчүн тосмо менен жабдылууга тийиш:
1) тейлөөчү персоналдын жаракат алышы;
2) тартуучу элементтердин блоктордон жана жылдызчалардан чыгып кетиши;
3) тартуучу элементтер менен блоктордун же жылдызчалардын ортосуна предметтердин түшүп кетиши.
Тосмонун конструкциясы аны ажыратпай туруп блокторду жана жылдызчаларды кароо боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш. Эгерде тосмодо көзөнөктөр болсо, алар 8-тиркеменин талаптарына жооп бериши керек.
6-глава. Лифттердин электр жабдуусу
§1. Жалпы жоболор
226. Электр жабдуусунун техникалык мүнөздөмөсү жана анын аткарылышы лифттин чыңалуусунун жана азыктандыруучу тармактын жыштыгынын параметрлерине, токтун күч келтирүүлөрүнө, ошондой эле аны эксплуатациялоонун, сактоонун жана транспорттоонун шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
227. Ушул Эрежелердин 229-пункту боюнча электр чынжырларын эсепке албаганда, лифт бардык электрдик чынжырлардын электр азыктануусун үзүүчү кол менен кыймылга келтирүүчү түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Эскертүү: Мындай түзүлүш катары, автоматтык өчүргүч жана ошол сыяктуу кол менен кыймылга келтирүүчү түзүлүштөр эсептелиши мүмкүн.
Өчүрүлгөн абалында түзүлүштү бекитилүүчү кулпу же ага окшош каражат аркылуу блокировкалоо мүмкүндүгү каралууга тийиш.
228. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш машиналык жайда орнотулат, ал эми машина жайы жок болсо:
1) эгерде шкаф шахтада орнотулган учурду эске албаганда, башкаруу аппараты үчүн арналган шкафта;
2) шахтада башкаруу аппараты үчүн түзүлүш шкафта орнотулганда- ушул Эрежелердин 26-пунктуна ылайык жүргүнчүлөр эвакуацияланганда лифт башкаруу үчүн түзүлүштүн жанында.
229. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш төмөнкү чынжырларды өчүрбөшү керек:
1) жабдуулар жайгаштырылуучу жайларды жарыктандырууну;
2) шахтаны жарыктандырууну;
3) кабинаны жарыктандырууну;
4) ушул Эрежелердин 312-пунктуна ылайык кабинанын чатырындагы, кабинанын астындагы, чуңкурчадагы жана машиналык жайдагы розеткаларды;
5) кабинаны желдетүүнү;
6) кабинанын эки тараптуу сүйлөшүү байланышын;
7) авариялык сигнализацияны;
8) кабинадан тейлөөчү персоналды чакырууну.
Муну менен бирге ушул Эрежелердин 1 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чынжырларды өчүрүү үчүн өз алдынча өчүргүчтөр каралышы керек.
Бир нече лифт үчүн арналган жайда ар бир лифт үчүн кабинаны жарыктандыруунун өзүнчө өчүргүчтөрү болууга тийиш.
Шахтаны жарыктандыруунун чынжырынын өчүргүчтөрү шахтада жана/же ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн жанында болушу керек.
Кабинаны жарыктандыруу жана желдетүү, кабинадан тейлөөчү персоналды чакыруу, кабинадан эки тараптуу сүйлөшүү байланышы, ремонттук байланыш, ошондой эле розеткаларды жана авариялык сигнализацияны азыктандыруу чынжырларын, эгерде күч чынжырын жана башкаруу чынжырын өчүрүү үчүн башка кошумча өчүргүчтөр каралса, ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштөн кийин иштетүүгө уруксат берилет. Муну менен катар, ушул Эрежелердин
227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш дистанциядан өчүрүлүүчү кыймылга келтиргич менен камсыздалууга тийиш.
230. Жалпы машина жайында бир нече лифттер жайгаштырылганда бул жайга экиден кем эмес азыктандыруу линиялары киргизилүүгө тийиш.
231. Лифттин электр жабдууларын ар кайсы жайларда жайгаштырганда лифтти бул жайлардын ар биринде өчүрүү үчүн баштапкы абалына кайтпаган түзүлүштөр каралышы керек.
232. Ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш иштеп турганда бул этаждык аянтчалардын биринде азыктандыруу күч чынжырын жана (же) башкаруу чынжырларын дистанциядан өчүрүү үчүн өчүргүч орнотууга уруксат берилет; ошол эле учурда кабинада адамдар болсо өчүрүүгө жол берилбөөгө тийиш. Мындай түзүлүшкө бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбеши керек.
233. Электр күч чынжырларынын чыңалуусу төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) машина жайында - 660 В көп эмес;
2) кабинада, шахтада жана этаждык аянтчаларда, ошондой эле машиналык жай жок болгондуктан электр жабдуулары орнотулган аянтчаларда - 50 Гц өзгөрүлмө ток жыштыгында 415 В, 60 Гц өзгөрүлмө ток жыштыгында 440 В жана туруктуу (түздөлгөн) токто 460 В,
Башкаруу чынжырларын, ремонттук куралдарды, жарыктандырууну жана сигнализацияны азыктандыруунун чыңалуусу 250 В көп болбошу керек.
234. Көтөрүп жүрүүчү лампалардын азыктандыруу чынжырынын чыңалуусу 42 В көп болбошу керек. Мындай максатта чыңалууну азайтуу үчүн автотрансформаторлорду колдонууга жол берилбейт.
235. Башкаруу чынжырларын азыктандыруу, ремонттук куралдарды, жарыктандырууну жана сигнализацияны туташтыруу үчүн фазаны жана туюк нейтралдуу токтун булагынын ноль зымын (фазалык чыңалууга туташтыруу) колдонууга уруксат берилет.
236. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырлардын фазалык чыңалуусуна туташтырууда, электромагниттик аппараттардын (контакторлордун, пускателдердин, релелердин) бул чынжырлардагы оромдорун чыгаруучу менен ноль өткөргүчтөрдүн ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн контакттары болбоого тийиш.
237. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырларды төмөндөтүүчү трансформатордон өзгөрүлмө ток менен азыктандырганда, трансформатордун экинчи оромунун бир чыгаргычы жерге туташтырылышы керек. Бул чынжырлардагы электромагниттик аппараттардын чыгаргычтары менен трансформатордун жерге туташтырылган чыгуучусунун ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн байланыштары болбоого тийиш.
238. Курамына коопсуздуктун электр түзүлүшү кирген чынжырларды түзөтүүчү түзүлүш аркылуу төмөндөтүүчү трансформатордон азыктандырганда, түзөтүүчү чыңалуу жактагы түзөтүүчү түзүлүштүн уюлдарынын бирөө жерге туташтырылышы керек. Муну менен бирге башкаруу чынжырындагы электромагниттик аппараттардын оромунун чыгаруучусу менен жерге туташтырылган уюлдун ортосунда коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн байланыштары болбоого тийиш. Бул учурда төмөндөтүүчү трансформатордун экинчи оромунун чыгуучусун жерге туташтырууга болбойт.
239. Жерге туташтыруучу (нолго туташтыруучу) өткөргүчтөргө сактоочторду, байланыштарды жана башка ажыраткыч элементтерди (анын ичинде байланышсыз) орнотууга жол берилбейт .
240. Кол менен кыймылга келтирилүүчү өчүргүчтөрдүн: ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн, шахтада, жабдууну жайгаштыруучу жайда орнотулуучу өчүргүчтөрдүн, электр чынжырларынын дистанциялык өчүргүчтөрүнүн ток өткөрүүчү бөлүктөрү, эгерде аларда 42 В көп өзгөрүлмө ток же 60 В ашык туруктуу ток болсо, кокустан тийип алуудан корголушу керек. Кабык менен каптоочтун коргоо деңгээли бекитилген ченемдерге ылайык кабыл алынууга тийиш. Бул өчүргүчтөрдүн абалы тийиштүү символдор же "Вкл.", "Откл." жазуулары менен белгиленүүгө тийиш.
241. Коопсуздуктун электр түзүлүшүн камтыган электр чынжырынын жерге же металл конструкцияларга кыска туташтырылышы лифттин токтошуна алып келиши мүмкүн жана лифт токтотулгандан кийин кыска туташтырууну жойгонго чейин лифттин төмөн түшүүсүнө бөгөт коюуга тийиш.
§ 2. Лифттин электрдик кыймылга келтиргичи
242. Электрдик кыймылга келтиргич төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электрдик кыймылга келтиргичинин ток өткөрүүчү бөлүктөрүнүн (электромагниттин) корпуска кыска туташтырылышы бул иштеткичтин аракетке келтирилишине жол бербеши керек жана электр кыймылдаткычы өчүрүлгөндөн кийин механикалык тормоз коюуга тоскоолдук келтирбөөгө тийиш;
2) номиналдуу ылдамдыгы 0,63 м/с ашык лифтте ушул Эрежелердин 259-пунктунун талаптарын эске алуу менен кабинанын азайтылган 0,4 м/с ашпаган ылдамдык менен жүрүү мүмкүндүгү каралууга тийиш.
243. Өзгөрүлмө токтуу электр кыймылга келтиргичи электр кыймылдаткычын түздөн-түз тармактан азыктандырганда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) механикалык тормозду алып таштоо электр кыймылдаткычынын аракетке келтирилиши менен бир убакта же аракетке келтирилгенден кийин ишке ашырылышы керек;
2) электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү механикалык тормозду коюу менен бирге ишке ашырылууга тийиш;
3) электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжыры кеминде эки эмес өз алдынча электромагниттик аппараттар (алардын бири акыркы өчүргүч катары чыгышы мүмкүн) менен токтотулушу керек. Электромагниттик аппараттардын биринин ордуна байланышсыз ачкыч колдонулушу мүмкүн.
4) эгерде лифт кыймылсыз турган убакта электромагниттик аппараттардын бири негизги токтун чынжырындагы байланышты ажыратса, лифттин кыймылынын багытынын кезектеги өзгөрүшүнөн кеч калтырылбай андан аркы жүрүшү токтотулушу керек.
244. Өзгөрүлмө токтун электрдик кыймылга келтиргичи лебедканын электр кыймылдаткычын башкарылуучу өзгөрткүчтөн азыктандырган учурда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электр менен азыктандырылышы лебедканын электр кыймылдаткычынын азыктандырылышын токтотуучу электр түзүлүштөрү менен бириктирилген же функционалдуу байланышкан кезинде эки электр түзүлүштөрүнүн жардамы менен токтотулууга тийиш. Механикалык тормоз лебедканын электр кыймылдаткычынын тогунун чоңдугунда, кабинаны кармап турууга керектүү учурда гана алып ташталууга тийиш;
2) лебедканын электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү механикалык тормозду коюу менен бир учурда ишке ашырылышы керек;
3) лебедканын электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжыры эки өз алдынча электромагниттик аппарат менен ажыратылууга тийиш; бир электромагниттик аппараттын байланышы аркылуу бардык фазалардын бир жолку ажыратылышы мүмкүн, бул төмөнкү шартта аткарылат: аны өчүргөндө бир убакта толугу менен өзгөрткүчтөн электр кыймылдаткычына келүүчү энергиянын агымы блокировкаланса (токтотулса);
4) лебедканын электр кыймылдаткычынын өчүрүлүшү: эгерде өзгөрткүч электр кыймылдаткычына энергия агымын - аны аракетке келтиргенде, калыптанган ылдамдыкта жана (же) тормоздоодо өткөрбөй жатса же электр кыймылдаткычына энергиянын агымы лифтти токтоткондо жана механикалык тормозду койгондо токтобой жатса ажыратылууга тийиш;
5) лебедканын (эгерде башкаруу тутумунда каралган болсо) электр кыймылдаткычын азыктандырып жаткан өзгөрткүч механикалык тормозду койгондон кийин гана дистанциялык өчүрүлүшү мүмкүн;
6) эгерде электр иштеткичинин тутумунда кабинаны электр кыймылдаткыч учурунун жардамы менен отургузуу аянтчасынын деңгээлинде кармап туруу каралса, өзгөрткүч менен лебедканын электр кыймылдаткычынын ортосунда сактагычтардын жана өчүргүчтөрдүн же башка ажыраткыч түзүлүштөрдүн орун алышына уруксат берилбейт.
245. Туруктуу токтун электр кыймылдаткычы лебедканын электр кыймылдаткычын башкарылуучу өзгөрткүчтөн азыктандырылган учурда төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) тормоздун электр менен азыктандырылышын токтотуу, лебедканын электр кыймылдаткычынын азыктандырылышын токтотуучу электр түзүлүштөрү менен бириктирилген же функционалдуу байланышкан кезинде эки электр түзүлүштүн жардамы менен ишке ашырылууга тийиш. Механикалык тормоз лебедканын электр кыймылдаткычынын тогунун кабинаны кармап туруу үчүн зарыл болгон учурду камсыз кылуучу чоңдугунда гана алып салынууга тийиш;
2) кабинанын ар бир токтошу механикалык тормозду коюу менен бирге иштеши керек. Кабина бул деңгээлде электр кыймылдаткычынын ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн чектериндеги учур менен кармалып туруучу шартта этаждык аянтчанын деңгээлинде токтогондо механикалык тормозду койбоого уруксат берилет;
3) лебедканын электр кыймылдаткычын (эгерде башкаруу тутумунда каралса) азыктандырган иштеткич механикалык тормозду койгондон кийин дистанциялык өчүрүлүшү мүмкүн;
4) лебедканын электр кыймылдаткычынын козгоочу чынжырын ажыратканда автоматтык түрдө электр кыймылдаткычынын якорунан чыңалууну алып таштоо жана механикалык тормоздун коюлушу камсыздалышы керек;
5) эгерде электр иштеткичинин тутумунда кабинаны электр кыймылдаткычынын
жардамы менен этаждык аянтчанын деңгээлинде кармап туруу каралса, өзгөрткүч менен лебедканын электр кыймылдаткычынын ортосунда сактагычтар жана өчүргүчтөр же башка ажыраткыч түзүлүштөр аракетке келтирилбеши керек.
§ 3. Башкаруунун түрлөрү жана системалары
246. Лифттерди башкаруунун төмөнкү түрлөрү болот:
1) ичтен башкаруу;
2) сырттан башкаруу;
3) аралаш башкаруу.
247. Каалгалары автоматташтырылган лифттердин башкаруу постунда "Каалга" деген жазуусу же атайын белгиленген кнопка болушу керек. Аны басканда, лифт этаждын тушуна келгенде, каалгалар өздөрү ачылып калат.
"Каалга" деген кнопканын ордуна "Жоюу" деген кнопка болушу мүмкүн, аны басканда этаждын деңгээлинин тушунда кыймылсыз турган буга чейинки буйруктар жоюлуп, каалга жабылбай калат. Кабина жылып бара жатканда "Жоюу" деген буйрук берилсе, кабина бара жаткан багыттагы биринчи эле этажда токтоп, каалгалары ачылып калат.
"Токтот" деген кнопка кабинада болбошу керек.
248. Кабинанын каалгасы ачылып турганда (же көп каалгалардын бири ачык болсо) кабинанын жүрүп кетиши мүмкүн, эгерде ушул Эрежелердин 97 жана 98-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар болбосо. Башкаруу командасына ылайык жүргүнчүлөрү бар кабина каалгалары жабылгандан 2 сек. өткөндөн кийин жүрүп кетиши керек, эгерде кабинадан башка буйрук чыкпаса.
249. Лифттин башкаруу системасы төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) лифттин энергия камсыздоосу жок болуп калганда, лебедканын электр кыймылдаткычы менен бирге башкаруу чынжыры да автоматтык түрдө өчүрүлүшү керек.
Лифттин энергия камсыздоосу калыбына келгенде, бирден башкарылуучу лифттердин кабинасы жаңы буйрук берилгенде гана жүрүшү керек, ал эми тобу менен башкарылган лифттерде жаңы буйрук берилгенде же мурда катталган чакыруу боюнча жүрөт. Айрым учурда шахтадагы ордун аныкташ үчүн жана башкаруу системасынын абалын аныкташ үчүн, кабина автоматтык түрдө кайсы бир этажга барып токтойт - муну "түздөөчү рейс" деп коёт. Мында "Жоюу" деген кнопка болгону менен анын милдети аткарылбайт.
Кабиналарынын каалгалары кол менен ачыла (жабыла) турган лифттерде кабинанын жүрүшү үчүн буйрук кабинанын ичинен берилиши керек. Эгерде мындай лифтте жүргүнчүлөрдүн салмагын аныктоочу түзүлүш болбосо, ал эми кабинадан 10 сек. ичинде буйрук берилбесе, анда дагы "түздөөчү рейс" аткарылышы мүмкүн.
Жогорудагы бардык каралган учурларда кабинанын жүрүшү анын каалгаларынын жабык кезинде жана шахтанын каалгалары жабылган, бекиген учурда башталышы керек.
2) чогуу башкарылуучу лифтте кабинадан же этаждан келген буйрук боюнча кабинанын жүрүшү жайлап же токтоп калбашы керек, эгерде ошол учурда кабина ошол этаждын тушунда жайлап калуу жолунан аз аралыкта болсо;
3) электр кыймылдаткычын өчүрүүгө жана механикалык тормозду иштетүүчү аппараттын электр байланыштары, ошондой эле коопсуздук түзүлүштөрүнүн электр байланыштары электр чынжырын ажыратуу багытында иштеши керек;
4) лифт иштеген учурда пайда болуучу же сырттан келүүчү индуктивдүү же сыйымдуулуктуу кедергилер коопсуздук электр түзүлүштөрүнүн бузулушуна таасир этпеши керек.
250. Чогуу башкарылуучу лифттерден башка лифтти башкаруу системасы мурда келген буйрук аткарылмайын, ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн башкаруу түзүлүшүнөн же машина бөлмөдөн келген "Жоюу" буйругунан башка, кийинки келген буйруктардын аткарылышына жол берилбеши керек.
251. Номиналдуу ылдамдыгы 1,6 м/с жана андан көп болгон лифттин башкаруу системасы четки этаждарда алдын ала жайлап жүрүү жөндөмдүүлүгүнө (кабинаныкы сыяктуу) ээ болушу керек.
252. Ушул Эрежелердин 204-пункту боюнча жүрүшү жай болгон плунжери бар буферлер колдонулган башкаруу системасына ээ лифттерде кабина жогорку жана төмөнкү этаждарга жакындаганда ылдамдыкты азайтуучу түзүлүштөрү болушу керек.
Ушул Эрежелердин 251-пункту боюнча этаждарга жакындоо учурунда ылдамдык жумушчу каттоону жана тейлөөнү камсыздай албаса, бул түзүлүш ошол милдетти аткарышы керек.
Ылдамдыкты чектөөчү түзүлүш:
1) жайлатуучу жумушчу түзүлүштөн көз карандысыз иштеши керек;
2) буфер тийишкен учурда кабинанын жүрүшүн төмөнкү чондуктан ашпаганга чейин жайлатышы керек
Vк = Vб /1,15, мында
Vб - буферге эсептелген ылдамдык (м/с);
Vк - буфер менен тийишкенге чейинки кабинанын ылдамдыгы (м/с);
3) ылдамдык азайганда 9,81 м/с2 тан ашпаган жайлап жүрүүнү камсыздашы керек.
253. Тобу менен башкарылуучу лифттер үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр болушу керек:
1) топко кирген калган лифттердин иштөөсүнө таасир этпей эле, бир же бир нече лифттерди өчүрүп салуу;
2) оңдолуп жаткан бардык электр жабдууларын чыңалуудан ажыратып салуу. Эгерде чыңалууну толук ажыратып салуу мүмкүн болбосо, анда өзгөрмө токтун 42 В жана туруктуу токтун 60 В чыңалуусу менен азыктанган электр схемасынын бөлүктөрүн капыстан тийип кетүүдөн корголушу керек жана эскертүүчү белгилер менен белгилениши керек.
254. Электр кыймылдаткычтарын күч келип кетүүдөн коргоо үчүн аларды азыктандыруу булактарынан толук ажыратып салуучу жана калыбына кол менен кайра келтирүүгө мүмкүн болгон түзүлүштөр менен камсыздоо керек.
255. Электр кыймылдаткычын өчүрүү, кабинаны механикалык түрдө тормоздоо жана токтотуу төмөнкүдөй учурларда жүрүшү керек:
1) электр кыймылдаткычынын температурасы белгиленген чектен ашып кеткенде. Механикалык тормоздоо жана кабинаны токтотуу бараткан багыттагы эң жакынкы этажда жана лифт аркылуу башкаруу буйругу алынганда гана аткарылышы керек. Алгачкы абалына автоматтык түрдө келүү температуранын жумушчу маанисине чейин төмөндөгөн кезде гана аткарылышы мүмкүн;
2) азыктандыруу чынжырларында жана коопсуздук чынжырларында кыска туташуу болгон учурда;
3) туруктуу токтун кыймылдаткычынын чыңалуусу токтогондо;
4) электр коопсуздук түзүлүштөрү иштеп кеткен учурда, ушул Эрежелердин 256, 259, 278, 279, 284, 286-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү эсептебегенде, ошондой эле ушул Эрежелердин 274-пункт боюнча жөндөлүүчү кыймылга келтиргичи бар лифттеги четки ажыраткыч иштеп кеткен учурларды эсепке албаганда.
Эгерде кыймылдаткычтын оромдору ар башка электр чынжырларынан азыктанса, анда 1 жана 2-пунктчалардагы талаптар ар бир оромдорго тиешелүү болот.
Туруктуу токтун генераторунан азыктанган кыймылдаткычтар күч келип кетүү коркунучунан корголушу керек.
256. Четки ажыраткыч иштеп кеткенде, көтөрүүчү элементтердин аркандарынын үзүлүп кетишин, жылышып (бошоңдоп) кетишин, буферди, ылдамдыкты жана байланыштардын кошулушун чектөөчү атайын түзүлүштү контролдоп туруучу электр коопсуздук түзүлүштөрү иштеп кетсе кабинанын жүрүшү мүмкүн, мындайда башкаруу машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда каралган башкаруу түзүлүштөрү аркылуу гана ишке ашырылышы керек. Сыртта жайгашкан бөлмөлөрдөгү аппараттардын башкаруу мүмкүнчүлүгү ушул Эрежелердин 76-пунктуна ылайык четтетилиши керек.
Кабинанын жүрүшү өз калыбына келүүчү аппараттарды (кнопка, тумблер) "жогору" же "төмөн" басуу менен аткарылат.
Кабинанын номиналдуу ылдамдык менен жүрүшүнө жол берилет.
257. Машина бөлмөсүнөн лифтти башкаруу мүмкүндүгү болушу керек - "Машина бөлмөсүнөн башкаруу" режими. Машина бөлмөсү болбогон учурда лифтти башкаруу шахтанын сыртында жайгашкан ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкарылышы керек:
Мындай учурда:
1) Ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн сыртта жайгашкан бөлмөлөрдөгү аппараттардын башкаруу мүмкүнчүлүгүн четтетүү керек;
2) кыймылдуу отводкалардын лифттин шахталарынын каалгаларындагы автоматтык кулпуларына таасир этүүсүн четтетүү керек;
3) шахтанын жана кабинанын каалгаларынын автоматтык түрдө ачылып кетүүсүн четтетүү керек;
4) кабинанын төмөнкү жана жогорку этаждын деңгээлинде автоматтык түрдө токтотуу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек;
5) лифттин алдында "Бош" деген сигнал менен жабдуу каралышы керек.
Ушул Эрежелердин 255-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан сырткары машина бөлмөсү аркылуу башкаруу учурунда кабинанын жүрүшү электр коопсуздук түзүлүштөрүнүн байланыштары кошулган абалында же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу болушу мүмкүн.
Машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкаруу учурунда кабинанын өйдө же төмөн жүрүшү калыбына өзү келүүчү аппарат аркылуу аткарылат. Кабинанын жүрүү багыты жанында же башкаруу аппаратында белгилениши керек. Башкаруу аппаратынын жанында лифтти токтотуучу түзүлүш болушу керек. Бул түзүлүштүн (ажыраткыч, кнопка) үстүндө же жанында "Токтот" деген жазуу болушу керек. Лифтти токтотуучу түзүлүштүн өңү кызыл болушу керек. Ал өзү калыбына келүүчү түзүлүш болбошу керек, анын абалдары белгиленип коюлушу керек. Төмөнкүлөрдү чагылдырган индикациялар менен камсыздалышы керек:
1) кабинанын жүрүү багыты;
2) кабинанын каалганы ачууга жеткен учурун билдирүүчү;
3) этаждар боюнча кабинанын турган жерин же лебедканын иштөөсүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.
Ар бир токтогон учурдан кийин кабинанын жүрүшү кайрадан башкаруу буйругу берилгенде гана аткарылышы керек.
Сыноо учурунда "Нормалдуу иш" режиминде иштеп жаткан машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүш аркылуу башкаруунун чакыруу жана башкаруу тапшырмаларынын аткарылышын текшерүүгө болот.
258. "Ревизия" режими кабинанын үстүнөн лифтти башкаруу мүмкүндүгүн караштырат, жүрүү ылдамдыгы 0,63 м/с дан жогору болбоого тийиш.
Лифтти башкаруу кабинаны жогору, төмөн карай жүргүзүү үчүн каралган башкаруу постунан жүргүзүлүшү керек. Башкаруу аппаратында же анын жанында жүрүү багыты белгилениши керек. "Нормалдуу иштөө" режиминен кабинанын үстүнөн башкарууга өтүү машина бөлмөдөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштөн же кабинанын үстүнөн аткарылышы керек.
Кабинанын үстүнө кире бериштен 0,7 м аралыкта лифтти токтотуучу түзүлүш жайгашышы керек. Анын үстүндө же жанында "Токтот" деген жазуу болушу керек. Лифтти токтотуучу түзүлүштүн өңү кызыл болушу керек. Ал өзү калыбына келүүчү болбошу керек.
Анын абалдары белгиленип коюлушу керек. Бул түзүлүш "Ревизия" режиминде кабинанын үстүндөгү башкаруу постунда да жайгашуусу мүмкүн.
Эгерде кабинанын үстүнө кире бериштен 0,7 м кем аралыкта өзү калыбына келүүчү электр коопсуздук түзүлүшү бар болсо, анда кабинанын үстүнө башкаруучу түзүлүштү койбой койсо болот.
Кабинанын үстүнөн башкаруу:
1) башкаруу аппаратына дайыма таасир этүү менен жүргүзүлүшү керек;
2) электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары биригип турган кезде болушу керек, ушул Эрежелердин 259-пунктунда каралган учурлардан башка кезде;
3) кабинада, машина бөлүмүндө, ушул Эрежелердин 76-пунктунда каралган түзүлүштө, этаждардагы аянтчаларда башкаруу буйруктарын аппараттан ажыраткан кезде;
4) лифттин каалгаларынын автоматтык кулпуларына таасир этүүнү четтетүү үчүн;
5) шахтанын жана кабинанын каалгаларынын автоматтык түрдө ачылып кетишин четтетүү үчүн;
6) лифттин жанында "Бош эмес" деп күйүп турган белги болгондо.
Каалгаларды ачып-жабуу кабинанын үстүнөн башкарылышы мүмкүн: "Ревизия" режиминде жана тескерисинче болгондо кабинанын үстүндөгү түзүлүш аркылуу гана болот.
"Ревизия" режиминен "Нормалдуу иштөө" режимине өтүү машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүшү менен же кабинанын үстүнөн, шахтанын каалгаларын жапкандан кийин "Ревизия" режимин өчүргөндөн кийин болот.
Лифттин башкаруу системасында кабина жогорку же төмөнкү этажга келгенде автоматтык түрдө токтоп калууга эсептелинген, мындай учурда тейлөө аянтчасынан шахтанын чатырына чейинки аралык 1,8 мден кем болбошу керек.
259. "Ревизия" режиминде каалгалары автоматтык түрдө ачылуучу лифттин кабинасы каалганын ачылып-жабылганын контролдоочу электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары бириккенде иштеп кетчү электр кыймылдаткычтын күчү менен жүрөт.
Шахтанын каалгалары кол менен ачылуучу лифтте "Ревизия" режиминде кабинасы каалганын ачылып-жабылышын контролдоочу электр коопсуздук түзүлүшүнүн байланыштары бириккенде иштеп кетчү электр кыймылдаткычтын күчү же шахтанын каалгаларынын автоматтык кулпуларын көзөмөлдөөчү электр коопсуздук түзүлүшүнүн аппараттары (кнопка, ажыраткыч) аркылуу кыймылга келет.
Түзүлүштү иштетүү кабинанын үстүнөн, жана/же машина бөлмөсүнөн же ушул Эрежелердин 76-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүшүнөн башкарылат.
260. Кабинада жүктүн салмагынын чектен ашып кеткенин, лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 10% ашык, бирок 75 кг кем эмес көзөмөлдөөчү түзүлүшү болушу керек. Мындай учурда "Лифт ашыкча оор" деген белги берилиши керек. Лифттин каалгалары бул учурда ачык бойдон тура берет; кол менен ачылуучу каалгалары да ачык бойдон калат.
Жүктүн ашыкча оор экендиги "Лифт ашыкча оор" деген графикалык белги аркылуу жарык же үндүн коштолушу менен бирге берилиши керек.
261. Кабина жана кабинанын чатыры тейлөөчү персоналдын турган орду менен эки тараптуу сүйлөшүү үчүн байланыш менен камсыз болуусу керек.
262. Машина бөлмөсүнөн жогору жакта жайгашканда аны менен кабинанын ортосунда, машина бөлмөсү жана төмөнкү этаждык аянтча же чуңкурча, ал эми машина бөлмөсү төмөнкү жакта болгондо машина бөлмөсү менен кабинанын ортосунда, машина жана блок бөлмөнүн ортосунда ремонттук телефондук же башка түрдөгү байланыш болушу керек. Машина бөлмөсү жок кезде мындай байланыш башкаруу түзүлүш орнотулган жай менен кабинанын ортосунда, чуңкурчада, блок бөлмөдө болушу мүмкүн.
263. Арканды өткөзүүчү шкиви жана сүрүлүүчү барабаны бар лебедка менен жабдылган лифттин башкаруу системасы кыймылга келтиргичти токтотушу керек, эгерде:
1) иштөөгө буйрук берилгенден кийин кабина кыймылга келбесе;
2) кабина же каршы салмак кыймыл учурунда токтотулса, шкивде жана барабанда 45 секунда ичинде жылышуулар пайда болсо же кабина өтүүчү убакытка 10 сек. кошулса, бирок ал 20 сек. ашпаса.
"Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө өтүүгө болбойт.
264. Этаждардагы аянтчалардын биринде кол менен башкарылуучу түзүлүш болушу керек. Ал лифтти тейлөөчү персоналдын иштөөсү үчүн керек.
Бул түзүлүштөр бөтөн адамдар үчүн жабык болушу керек.
265. "Нормалдуу иштөө" режиминде шахтанын каалгалары капыстан ачылып калган учурунда чынжырды ажыратып салуучу түзүлүш болушу керек.
"Нормалдуу иштөө" режимине автоматтык түрдө кайра келүүгө мүмкүн эмес.
§ 3. Электр түзүлүшү жана коопсуздук чынжыры
266. Коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн иштөөсү башка кыймыл берүүчү электр кыймылдаткычынын иштөөсүнө жол бербөөгө же аны токтотууга тийиш.
Коопсуздуктун электр түзүлүшү электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырына таасир эткен акыркы өчүргүчтөн тышкары коопсуздук чынжырына кошулушу керек.
267. Коопсуздук электр түзүлүшүнүн курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
1) ушул Эрежелердин 270-пунктунун талаптарына ылайык келген жана ушул Эрежелердин 266-пунктуна ылайык негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычынын контакторун жана лифттин тормозунун кубаттануусун өчүргөн бир же бир нече коопсуздук контакттары.
2) ушул Эрежелердин 5-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келген жана төмөнкү деталдардан же алардын айкалышуусунан турган коопсуздук электр чынжыры:
- ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычын жана лифттин тормозун иштетүү контакторунун кубаттануусун түздөн-түз өчүрбөгөн бир же бир нече коопсуздук контакттары;
- ушул Эрежелердин 270-пунктунда каралбаган башка контакттар;
- ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн электр компоненттери.
Коопсуздуктун электр түзүлүшүнөн түшкөн тышкы сигнал ушул эле чынжырда жайгашкан башка электрдик түзүлүштөн түшкөн тышкы сигналдын таасиринен өзгөрүүгө учурабашы керек.
Сигналдарды каттоого же кармоого арналган электр чынжыр бузулган учурда дагы коопсуздуктун электр түзүлүшү иштегенде коопсуздуктун чынжырынын ажыроосуна тоскоол болбоосу же токтотпоосу зарыл.
Коопсуздуктун контакттары үчүн чыңалуунун изоляциясы каралуусу зарыл:
- 250 В - корпусту IP4x тан кем эмес деңгээлде;
- 500 В - корпусту IP4x тан төмөн коргоо деңгээлинде.
268. Коопсуздуктун электр түзүлүшүндө коопсуздук түзүлүшүнүн жана иш түзүлүшүнүн функцияларын гальваникалык байланышкан контакттарды колдонуу менен айкалыштырууга жол берилбейт.
269. Коопсуздуктун электр түзүлүшүндө тышкы сигналды берүү үчүн электр чынжырдын контакттык жарылуусу бар аппараттар колдонулуусу зарыл. Магнит аркылуу башкарылган контакттарды колдонууга жол берилбейт.
270. Коопсуздук контактынын ишке кирүүсү аны мажбурлоо менен ажыратуунун эсебинен жүрүүсү зарыл. Муну менен бирге өз ара бириктирилген контакттар дагы ажыроосу зарыл.
271. Коопсуздуктун электр чынжырына маалыматтарды топтоочу түзүлүштү кошууга жол берилет. Маалыматтарды топтоо үчүн колдонулган түзүлүштөр ушул Эрежелердин 267-пунктуна ылайык каралган коопсуздуктун электр чынжырына коюлган талаптарга жооп берүүсү зарыл. Түзүлүштүн электр контакттары менен катар кандайдыр-бир башка электротехникалык түзүлүштү кошууга же аларды шунтирлөөгө ушул Эрежелердин 256, 259, 278, 284, 286-пункттарында келтирилген абалдардан тышкары тыюу салынат.
Лифт ушул Эрежелердин 257, 258, 284-пункттарында көрсөтүлгөн режимдерден "Нормалдуу иш-аракетке" өтүүсүнөн кийин кабина коопсуздуктун электр түзүлүштөрүнүн контакттарын шунтирлеген чынжырлардын ажыроосунан жана алардын башкаруу системасындагы кыймыл-аракетинин калыбына келүүсүнөн кийин гана кыймылга келүүсү зарыл.
Коопсуздук өчүргүчтөрүнүн контакттарына параллелдүү түрдө чыңалууну төмөндөтүү же коммутацияны жакшыртуу элементтерин күйгүзүүгө жол берилет. Мындай элементтер ушул Эрежелердин
267-пунктунун коопсуздуктун электр чынжырынын талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
272. Лифттердеги коопсуздуктун электр түзүлүштөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- четки кабаттын аянтчаларына лифттин кабинасынын өтүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 274-пункту);
- шахтанын эшигинин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 277-пункту);
- курлардын созулуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 279-пункту);
- шахтанын эшигинин автоматтык кулпунун жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 280-пункту);
- кулпу менен жабдылбаган эшиктин эки жакка ачылуучу эшигинин жабылышын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 281-пункту);
- жабдууларды, авариялык эшиктерди же шахтадагы кароочу люкту техникалык тейлөө үчүн шахтанын эшигинин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 282-пункту);
- кабинанын эшиктеринин жабылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 283-пункту);
- авариялык эшиктин же кабинанын люгунун кулпусу жабылышынын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 284-пункту);
- кабинанын ылдамдыгын чектегичтин иштөөсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 285-пункту);
- кабинанын ылдамдыгын чектегичтин баштапкы абалга келүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 286-пункту);
- лифтти токтотуучу түзүлүш (өчүргүч, "стоп" баскычы) (ушул Эрежелердин 287-пункту);
- кармагычтардын иштөөсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 288-пункту);
- тартуучу элементтерди салыштырмалуу көчүрүү же үзүлүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 289-пункту);
- ылдамдыкты чектегичтин арканынын тартуусун же үзүлүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 290-пункту);
- теңдөөчү аркандардын тартылуусун көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 291-пункту);
- теңдөөчү аркандардын тартуучу түзүлүшүнүн тез жогорулоосун чектеген түзүлүштүн ишке кирүүсүн көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 292-пункту);
- кабинаны кол жардамы менен жылдыруу үчүн алынуучу түзүлүштүн абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 293-пункту);
- энергия чачуучу түрдөгү буферди баштапкы абалына алып келүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 294-пункту);
- шахтадан башкаруу чынжырларын өчүрүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 295-пункту);
- башкаруу чынжырларын блок жайдан өчүрүү түзүлүшү (ушул Эрежелердин 296-пункту);
- тейлөө аянтчасынын абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 297-пункту);
- блокировкалоочу түзүлүштүн абалын көзөмөлдөө түзүлүшү (ушул Эрежелердин 298-пункту).
273. Аяккы өчүргүч төмөнкү учурларда ишке кирүүсү зарыл:
1) лифттин кабинасынын төмөнкү кабаттын аянтчасынын деңгээлине, кабина анын буферлерине тийген учурга чейин өтүшү;
2) каршы салмак менен өз ара аракеттенүү үчүн шахтанын төмөнкү бөлүгүндөгү жабдылган буфер менен лифттин кабинасы жогорку кабаттын аянтчасынын деңгээлине каршы салмактын буферге тийүүсүнө чейин өтүшү;
3) теңдөөчү жүк менен жабдылган лифттин кабинасы менен жогорку кабаттын аянтчасынын 0,2 ден ашпаган деңгээлине өтүшү. Буферди кабинага жайгаштырууда аяккы өчүргүч буфер шахтадагы тийиштүү таянычка тийгенге чейин ишке кирүүсү зарыл.
Кабина кысылган буферлерде турган учурда аяккы өчүргүчтүн контакттары ажыратылышы керек. Аяккы өчүргүч ишке киргенден кийин лифт "Нормалдуу иш-аракет" режимине автоматтык түрдө кайрадан өтпөөгө тийиш.
274. Аяккы өчүргүчтөр ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык кыймылдаткычтын жана тормоздун кубаттануу чынжырын ажыратуусу зарыл. Аяккы өчүргүчтөрдү коопсуздук чынжырына ушул Эрежелердин 276-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кошууга жол берилет.
Лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабанга ээ болгон лифттерде ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык коопсуздуктун электр түзүлүшү менен негизги электр бергичтин электр кыймылдаткычынын кубаттануу чынжырына кошулган эки контактордун катушкаларынын кубаттануусунун электр чынжырын өчүрүүгө жол берилет.
Туруктуу же өзгөрүүчү токтун жөнгө салынуучу электр бергичи бар лифттерде аяккы өчүргүчтүн ишке кирүүсү бул башкаруу системасы үчүн минималдуу болгон убакытта лифттин токтоосуна алып келиши керек.
275. Лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабаны менен жабдылган лифттердин башкаруу чынжырында аяккы өчүргүчтөрдү орнотууда электр кыймылдаткычынын негизги тогунун электр чынжырын эки көз карандысыз электромагниттик аппараттардын эки жолу токтошу каралуусу зарыл. Бул электромагниттик аппараттардын контакттары электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырына ырааттуу кошулуусу зарыл. Муну менен бирге негизги токтун чынжырын бир жолу токтотууну контактсыз түзүлүш менен жүргүзүүгө жол берилет (ушул Эрежелердин 244-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларынын талаптары сакталган учурда).
Эгер электр бергичти токтотууда электромагниттик аппараттардын бири контактсыз түзүлүш электр кыймылдаткычынын негизги тогунун чынжырын токтотпосо, лифттин кабинасын андан ары жылдыруу кыймылдын багытын кийинки жолу өзгөртүүдөн мурун токтотулушу зарыл.
276. Барабандуу лебедка же жылдыруучу лебедка менен жабдылган лифттин коопсуздук чынжырына аяккы өчүргүчтөрдү орнотууга жол берилет. Бул учурда кабинанын кыймылынын ар бир багытында иштеген жана көз карандысыз элементтер аркылуу ишке киргизилген экиден аз аяккы өчүргүчтөр орнотулушу зарыл.
Аяккы өчүргүчтөр электр кыймылдаткычынын негизги тогунун электр чынжырынын эки жолу токтоосун камсыз кылган башкаруу чынжырынын өзүнчө электромагниттик аппараттарына таасир этүүсү зарыл. Эгер токтоп турган кабинада электромагниттик аппараттардын бири негизги токтун чынжырын токтотпосо, лифттин кабинасынын андан ары жылуусу кийинки кыймылдын багытын өзгөртүүгө чейин жоюлушу керек. Эки аяккы өчүргүчтөрдү башкаруу чынжырына ушул сыяктуу эле кошуу лебедкалуу арканды алып жүрүүчү шкивге же сүрүү барабаны менен жабдылган лифтте дагы тартуучу элементтердин салмагы буферде каршы салмакты жайгаштырууда тартуучу элементтердин шкивде сүрүлүүсү жүзөгө ашпаган учурда аткарылат.
277. Ушул Эрежелердин 104-пункту боюнча шахтанын эшиктеринин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ушул Эрежелердин 270-пункт боюнча коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл; эгер ушул Эрежелердин 97 жана 259-пункттарында көрсөтүлгөндөн тышкары шахтанын жок дегенде бир створунун эшиги жабылбаган болсо кабина кыймылга келбөөсү зарыл.
278. Кабинанын кабаттын аянтчасынын деңгээлинен шахтанын эшиктери автоматтык түрдө жабылбаган учурда кыймылга келүүсүн камсыз кылуу үчүн ушул Эрежелердин 97-пункту боюнча кабинанын кабаттын аянтчасынын деңгээлинен ± 0,2 м чамасында турган абалда автоматтык түрдө жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшүнүн контакттарын шунтирлөөгө жол берилет.
279. Ушул Эрежелердин 123-пункту боюнча курдун тартылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү курлардын тартылуусу начарлаган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
280. Ушул Эрежелердин 99-пункту боюнча шахтанын эшиктерин автоматтык түрдө жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү эшик жабылбаган абалда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
281. Ушул Эрежелердин 110-пункту боюнча түздөн-түз байланышпаган жана жабылбаган шахтанын эшигинин створлорунун жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү шахтанын эшигинин ар кандай створу ачык болгон учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
282. Ушул Эрежелердин 110-пункту боюнча жабдууну, авариялык эшикти же кароо люгун техникалык тейлөө эшигинин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү алар ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
283. Ушул Эрежелердин 153-пунктуна ылайык кабинанын эшигинин жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ал ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
284. Ушул Эрежелердин 160-пунктуна ылайык авариялык эшиктин же кабинанын люгунун жабылуусун контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү алар ачылган учурда коопсуздуктун чынжырын ажыратуусу зарыл.
"Нормалдуу иш-аракет" режимине кайтуу автоматтык түрдө жүргүзүлбөшү керек.
"Өрт бөлүмдөрүн ташуу" режиминде кабинанын люгун контролдогон коопсуздуктун электрдик түзүлүшүн шунтирлөөгө жол берилет.
285. Ылдамдыкты чектегичтин аракетке келтирилишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү төмөн жүрүп бараткан кабинанын ылдамдыкты чектегичти аракетке келтирүүчү ылдамдыкка жете элегинде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш. Номиналдуу ылдамдыгы 1,0 м/с аз болгон лифтте башкаруу чынжырынын ылдамдыкты чектегичи аракетке келтирилгенде ажыратылышына уруксат берилет.
286. Ушул Эрежелердин 191-пунктуна ылайык ылдамдыкты чектегичтин баштапкы абалына кайтып келишин контролдогон коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегич баштапкы абалына кайтып келбесе, коопсуздук чынжырын ажыратат. Бул түзүлүштү машина жайынан башкарганда же ушул Эрежелердин 78-пунктуна ылайык кабинаны (каршы салмакты) кармагычтардан алганда, шунтирлөөгө уруксат берилет.
287. Кабинанын чатырындагы, машиналык орундагы же ушул Эрежелердин 78-пунктунда көрсөтүлгөн кабинанын чатырындагы түзүлүш лифтти токтотушу үчүн коопсуздук чынжырын кол менен аракетке келтирүү аркылуу ажыратууга тийиш.
Жубу же тобу менен иштегенде колдонулуучу лифттин жанындагы чогултуучу башкаруудан башка да түзүлүштүн аракетке келтирилиши башкаруунун бардык командаларын токтотууга тийиш. Кабина токтогондон кийин анын кыймылы бул түзүлүштүн аракетин токтотуп, башкаруунун жаңы командасын бергенден кийин гана кайрадан башталат.
288. Ушул Эрежелердин 176-пунктуна ылайык кармагычтардын аракетке келтирилишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү коопсуздуктун чынжырын кармагычтар аракетке келтиргенде ажыратууга тийиш.
289. Ушул Эрежелердин 223-пунктуна ылайык тартуучу элементтердин үзүлүшүн же салыштырмалуу ордунан жылып кетишин (бошоңдошун) контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү, тартуучу элементтер үзүлгөндө же салыштырмалуу ордунан жылып кеткенде (бошоңдогондо) коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
290. Ушул Эрежелердин 187-пунктуна ылайык ылдамдыкты чектегичтин арканынын үзүлүшүн же чоюлушун контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү ылдамдыкты чектегичтин арканы үзүлгөндө же регламенттелген чоңдугунан ашыкча чоюлганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
291. Ушул Эрежелердин 224-пунктуна ылайык тең салмактоочу аркандардын тартылышын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү алардын тартылышы басаңдап калганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
292. Ушул Эрежелердин 224-пунктуна ылайык тең салмактоочу аркандардын тез түзүлүшүнүн жылып кетишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү бул түзүлүш аракетке келтирилгенде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
293. Ушул Эрежелердин 224-пунктунун 2-пунктчасына ылайык чечилме штурвалдын абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү штурвал лебедкага орнотулганда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
294. Ушул Эрежелердин 206-пунктуна ылайык энергияны сарптоочу типтеги буфердин баштапкы абалына кайтып келишин контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү эгерде буфер баштапкы абалына 0,05 м ашык мурдагы абалына келбесе коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
295. Ушул Эрежелердин 37-пунктуна ылайык шахтага орнотулган коопсуздуктун электр түзүлүшү (түзүлүштөрү) өзү кайра мурдагы абалына келбеши керек жана коопсуздук чынжырын кол таасиринен ажыратпоого тийиш.
296. Ушул Эрежелердин 71-пунктуна ылайык блок жайда орнотулган коопсуздуктун электр түзүлүшү өзү кайра мурдагы абалына келбеши керек жана коопсуздук чынжырын кол таасири астында ажыратпоого тийиш.
297. Ушул Эрежелердин 79-пунктуна ылайык аянтчанын абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү анын баштапкы (жумушчу) абалынан чыккан учурда коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
298. Ушул Эрежелердин 77-пунктуна ылайык блоктоочу түзүлүштүн абалын контролдоочу коопсуздуктун электр түзүлүшү бул түзүлүш аракетке келтирилгенде коопсуздук чынжырын ажыратууга тийиш.
299. Ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде лифттин электрондук жабдуусунун бузулуулары жана аларды жоюуга болбой турган шарттар келтирилген.
300. Ушул Эрежелердин 270-пунктуна ылайык коопсуздук контакттарын пайдаланганда контакттардын ажырабай калуу мүмкүндүгүн эсепке албай койсо болот.
301. Коопсуздук чынжырлары 6-сүрөттөгү блок-схеманын талаптарына ылайык түзүлүшү керек.
6-сүрөт. Коопсуздук чынжырлардын коопсуздук сыноосунун блок-схемасы
302. Курамына электрондук деталдар кирген коопсуздуктун электр чынжырлары коопсуздуктун электр түзүлүштөрү болуп эсептелинет, эгерде иштеп чыгаруучу заводдун Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык шайкештик сертификаты жок болсо, ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык сыноолордон өтүшү керек.
§ 5. Электр өткөргүчтөр жана электр жабдуулары
303. Бир лифтке тийиштүү башкаруу чынжырчаларынын изоляцияланган өткөргүчтөрүн, жарыктандыруусун, сигнализациясын,
460 В чыңалуудан ашпаган күчтөрүн чогуусу менен (бир тутамда, бир түтүктө, бир себетте, бир кабелде) өткөрүүгө жол берилет, анткени бул өткөргүчтөрдүн ар биринин изоляциясы эң жогорку чыңалууга эсептелген.
304. Электр машиналарынын, аппараттарынын жана клемм топторунун туташтыруучу баскычтары колдонулган өткөргүчтөрдүн (кабелдин) түрүнө жана кесилишине дал келиши керек.
Эгер негизги өчүргүчтөрдүн бири же бир нечеси ажыратылгандан кийин, кээ бир клеммалар чыңалган абалда калса, анда алар чыңалган абалда болбогон клеммалардан бөлүнүүсү, ал эми алардын чыңалуусу 50 в ашкан учурда алар маркировкаланууга тийиш.
305. Лифттин электр жабдуулары анын оңдоосун жеңилдеткен керектүү символдор же белгилер менен жабдылып, стандарттарга ылайык тейлениши керек.
Контакторлор, реле, эриме сактагычтар жана башкаруу панелдерине барган чынжырлардын клеммдик топтомдору электр схемасына жараша маркировкаланышы керек. Сактагычтын номиналы жана түрү сыяктуу керектүү маалыматтар сактагычтын өзүндө же анын патронунда көрсөтүлүшү керек.
Клемм топторунун баскычына, ошондой эле электр жабдууларынын баскычына туура келген өткөргүчтөр маркировкага ээ болуусу зарыл. Өткөргүчтөрдү түстүү маркировкалоого жол берилет.
306. Механикалык бузулуулардан коргоо үчүн кабелдердин жана өткөргүчтөрдүн коргоочу кабы өчүргүчтөрдүн же башка түзүлүштүн корпусуна толук кирүүсү же тийиштүү түрдө тыгыздыкта аякталышы зарыл.
Лифттин кабинасынын жана шахтасынын эшиктеринин жабык каркастары электр түзүлүштөрүнүн кожуху катары каралышы мүмкүн; бирок, каркастын деталдарын же курч кромкасын жылдыруунун жыйынтыгында, механикалык зыян коркунучу пайда болгон учурда коопсуздук түзүлүшүнө кошулган өткөргүчтөрдүн механикалык коргонуусу болууга тийиш.
307. Электр коопсуздугунун чынжырларына орнотулган, электр ажыраткычтарынын жана башка чечилүүчү түзүлүштөрүнүн конструкциясы жана жайгашуусу, эгер мындай түзүлүштөрдүн туура эмес туташуусу лифттин иштөө учурунда кооптуу үзгүлтүктөргө алып келе турган болсо, же аларды алып салуу шаймандардын жардамы жок аткарылса, туура эмес орнотулушуна жол бербөө керек.
§ 6. Жарыктандыруу жана кубаттануу розеткалары
308. Кабинанын, шахтанын жана лифттин жабдуулары жайгаштырылуучу аянтынын жана ошондой эле шаймандарды туташтыруучу розеткалардын электр жарык берүүсүн кубаттандыруу имараттын (курулуштун) жарыктандыруу түйүндөрүнөн жүргүзүлүшү керек.
309. Кабинаны жарыктандыруу автоматтык түрдө жана (же) кол менен иштетилген өчүргүч аркылуу күйгүзүлүшү (өчүрүлүшү) мүмкүн.
Кабинанын иштөөсүн көзөмөлгө алган түзүлүш менен жабдылган лифттин кабинасында жүргүнчүлөр жок жана эшиктер жабык болгон учурда, кабинанын жарыгы автоматтык түрдө өчүүсүнө жол берилет.
Кабинанын иштөөсүн көзөмөлгө алган түзүлүш менен жабдылбаган лифтте, эгер кабинанын эшиги жабылгандан 5 сек. кийин кыймылга келбесе, жарыктын автоматтык түрдө өчүрүлүшүнө жол берилет.
310. Кабинанын үстүндөгү кабинаны жарыктандыруунун кол менен иштетилген өчүргүчтөрү жана кубаттануу розеткасы зарыл болгон учурда машина жайга, ал жок болгон учурда ушул Эрежелердин 81-пунктунун талаптарына ылайык бекитилүүчү шкафка орнотулушу зарыл.
Бир нече лифттин жалпы машина жайында ушул Эрежелердин 227-пунктунда көрсөтүлгөн түзүлүштүн жанында жайгаштырылган ар бир кабинанын өзүнүн өчүргүчү болушу зарыл.
311. Жабдууларды жайгаштыруучу жайда көчүрмө лампалар үчүн розеткаларды орнотууда кабинанын үстүндө, чуңкурчада же кабинанын түбүндө алардын кубат алуусунун чыңалуусу 42 В ашпоого тийиш.
312. Электр куралды туташтыруу үчүн электр розеткалардын кубат алуусунун чыңалуусу 250 Вдан ашпоого тийиш.
313. Лифттин шахтасы шахтанын эшиги жабык абалда 50 лкдан төмөн болбогон стационардык электр жарыктандыруусу менен камсыздалышы керек.
Жарыктандыруунун четки аппараттары шахтанын эң жогорку жана эң төмөнкү чекиттеринен 0,5 мден ашпаган аралыкта орнотулат.
Эгер тышкы жарыктандыруу шахтанын ичиндеги талап кылынган жарыкты камсыз кылса, айнектелген, тор менен курчалган же жарым-жартылай курчалган шахтага стационардык электр жарыктандыруу аппаратын орнотпоого жол берилет.
314. Кабаттын аянтчалары полдун деңгээлинен 50 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
315. Лифттин жабдуулары жайгаштырылган жайга өтүүчү жер полдун деңгээлинен 50 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
316. Машина жай полдун деңгээлинен 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
317. Блок имараты 100 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты менен жабдылуусу зарыл
318. Жабдууну жайгаштыруу жана аны техникалык тейлөө аймагы жабдууну 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты менен жабдылуусу зарыл.
319. Ушул Эрежелердин 81-пунктунун талаптарына ылайык лифттин жабдуусу жайгаштырылган шкафта 200 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган, стационардык жарыктандыруу аппараты болуусу зарыл.
320. Ушул Эрежелердин 77-пунктунда көрсөтүлгөн башкаруу түзүлүштөрү панелдин жарыгын 100 лкдан төмөн болбогон жарык менен камсыз кылган стационардык электр аппараты менен жабдылуусу зарыл.
321. Кабина башкаруу аппаратында жана полдун деңгээлинде
50 лкдан төмөн болбогон жарыктын деңгээли менен камсыз кылган, стационардык электр жарыктандыруусу менен жабдылуусу зарыл.
322. Кабинаны иштеп жатканда жарыктандыруу параллель жайгаштырылган экиден аз эмес лампа менен камсыз кылынуусу зарыл.
323. Иштеп жатканда жарыктандыруу өчкөн учурда бир сааттын ичинде эң аз бир лампаны 1 Вт кубаттуулугунда камсыздай ала турган, автоматтык кубаттандыруучу кабинаны жарыктандыра ала турган кубаттоонун авариялык булагы каралуусу зарыл. Жарыкты кубаттоо иштен чыккан учурда, кабинаны авариялык жарыктандыруу автоматтык түрдө иштөөсү зарыл.
324. Кабинаны стационардык электрдик жарыктандыруу түзүлүшү кабинага жүк салууда жана жүк түшүрүүдө бузулбай турган абалда орнотулуусу зарыл.
7-глава. Жүк көтөрүмдүүлүк. Кабинанын сыйымдуулугу
325. Лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгү жана лифттин пассажирлеринин саны максималдык пайдалуу аянтка карата орнотулушу керек жана 1 жана 2-таблицага дал келиши керек.
1-таблица
Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (кг) | Кабинанын пайдалуу максималдык аянты (м2) | Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк (кг) | Кабинанын пайдалуу максималдык аянты (м2) |
100* | 0,37 | 900 | 2,20 |
180** | 0,58 | 975 | 2,35 |
225 | 0,70 | 1000 | 2,40 |
300 | 0,90 | 1050 | 2,50 |
375 | 1,10 | 1125 | 2,65 |
400 | 1,17 | 1200 | 2,80 |
450 | 1,30 | 1250 | 2,90 |
525 | 1,45 | 1275 | 2,95 |
600 | 1,60 | 1350 | 3,10 |
630 | 1,66 | 1425 | 3,25 |
675 | 1,75 | 1500 | 3,40 |
750 | 1,90 | 1600 | 3,56 |
800 | 2,00 | 2000 | 4,20 |
825 | 2,05 | 2500*** | 5,00 |
* Лифтте бир адам үчүн минимум салмак. ** Лифтте эки адам үчүн минимум салмак. *** 2500 кгдан кийин ар бир 100 кга 0,16 м2 кошуу керек. Салмактын ортодогу маанилери үчүн аянт сызыктык интерполяциянын жардамы менен аныкталат | |||
2-таблица
Жүргүнчүлөрдүн саны | Кабинанын пайдалуу максималдуу аянты (м2) | Жүргүнчүлөрдүн саны | Кабинанын пайдалуу максималдуу аянты (м2) |
1 | 0,28 | 11 | 1,87 |
2 | 0,49 | 12 | 2,01 |
3 | 0,60 | 13 | 2,15 |
4 | 0,79 | 14 | 2,29 |
5 | 0,98 | 15 | 2,43 |
6 | 1,17 | 16 | 2,57 |
7 | 1,31 | 17 | 2,71 |
8 | 1,45 | 18 | 2,85 |
9 | 1,59 | 19 | 2,99 |
10 | 1,73 | 20 | 3,13 |
20 жүргүнчүдөн кийин ар бир жүргүнчү үчүн 0,115 м2 кошуу зарыл | |||
8-глава. Лифттерди колдонууга уруксат берүү
326. Бажы бирлигине "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) Техникалык регламентине ылайык шайкештик сертификаты жок болгон учурда лифтти колдонуу уруксаты (мындан ары - Уруксат) лифттин үлгүсүн кабыл алуу сыноосунан өткөрүүнүн оң жыйынтыктарынын жана лифттин ушул Жобого ылайыктуулугун ырастаган адистештирилген уюмдун оң корутундусунун негизинде даярдоочуга же анын расмий өкүлүнө (берүүчүгө) берилет.
Лифттерди ушул Жобонун талаптарына ылайык келген компоненттерди түзгөн ишканага колдонууга жол берилет.
Уруксат айрым лифтке, лифттердин партиясына же лифттердин түрүнө (моделине) берилет. Лифттерди даярдоодо колдонулган материалдардын жана технологиялардын бирдиктүү конструктордук ыкмасын сактаган шартта түрдүү өлчөмдөрдөгү лифттерге бир уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
327. Кабыл алуу сыноосун жүргүзүү үчүн эксплуатациялоочу уюм өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган) төмөнкүдөй техникалык документтерди берет:
1) лифтти иштеп чыгууга техникалык тапшырма;
2) лифттин үлгүсүн кабыл алуу сыноосунун программасы жана методикасы;
3) тажрыйбалык үлгүнү даярдоонун техникалык шарттары;
4) алдын ала (заводдук) же сертификациялык сыноолорду өткөрүүнүн натыйжалары тууралуу протокол;
5) монтаж боюнча инструкция;
6) төмөнкүлөр камтылган эксплуатациялоо боюнча колдонмо:
- лифтти контролдук сыноодон өткөрүү методикасы;
- лифтти коопсуз эксплуатациялоонун шарттары жана талаптары, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, лифтти техникалык диагноздон өткөрүүнүн тартиби;
- кабаттардын ортосунда токтоп калган лифттин кабинасынан жүргүнчүлөрдү коопсуз эвакуациялоо ыкмасы;
- тез бузулуучу деталдардын тизмеси;
7) лифттин паспортунун үлгүсү;
8) монтаждык чийим;
9) схеманын элементтеринин тизмеси бар принциптүү электр схемасы жана туташтыруунун электр схемасы;
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
328. Берилген документтердин комплекттүүлүгүн текшерүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан кабыл алуу сыноолорун өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынат.
Оң чечим кабыл алынганда эксплуатациялоочу уюм кабыл алуу сыноосун өткөрүү үчүн эксплуатациялоочу уюмдун, лифтти тейлөөчү уюмдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссияны буйрук менен бекитет. Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлү кирет.
329. Лифттин тажрыйбалык үлгүсүн кабыл алуу сыноосу ал даярдалган жерде, аттестациядан өткөрүлгөн сыноо стенддеринде өткөрүлөт. Адистештирилген уюм менен макулдашуу боюнча лифтти ал орнотулган объектте сыноодон өткөрүүгө жол берилет.
Кабыл алуу сыноосунун натыйжалары протоколдо (актыда) көрсөтүлөт.
Лифттин өзүнчө конструкциялары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбеген учурда Арыз берүүчү лифтти коопсуз колдонууну камсыз кылган кошумча иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды жана бул конструкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө адистештирилген уюмдун оң маанидеги корутундусун берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
330. Лифтти колдонууга уруксат берген орган, эгер эксплуатация процессинде лифтте документтик түрдө мүчүлүштүктөрдү же колдонуучулардын, тейлөөчү кызматкерлердин жана башка адамдардын коопсуздугуна таасир эткен лифттин конструкциясында макулдашылбаган өзгөртүү аныкталса анын иш-аракетин токтотууга укуктуу.
Уруксаттын күчүн калыбына келтирүү тууралуу чечим мүчүлүштүктөрдүн жоюлганы боюнча далилдер келтирилген эксплуатациялоочу уюмдун документтерин кароонун натыйжасынын негизинде чыгарылат.
331. Коопсуздук түзүлүштүн конструкциясын жана лифттин курамдык бөлүктөрүн өзгөртүүдө лифтти колдонууга жаңы уруксат берилет. Муну менен бирге лифтти сыноодон өткөрүү ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын макулдугу менен кыскартылган программа боюнча өзгөртүлгөн конструкцияларды милдеттүү түрдө сыноодон өткөрүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
9-глава. Монтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, каттоо жана лифтти эксплуатациялоого берүү
332. Монтаж, демонтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, лифттерди модернизациялоо жана лифттердин ишин диспетчердик контролдоо системасы боюнча иш-аракет техникалык каражаттарга жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациядан өткөн квалификациялуу адистерге ээ, тийиштүү иштерди аткарууда адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
333. Лифттерди, ошондой эле диспетчердик контролдоо системаларын техникалык диагностоо жана текшерүү боюнча иш Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
334. Лифттерди каттоо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан аларды пайдаланууга кабыл алгандан кийин каттоо номерин ыйгаруу жана каттоо датасын көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
335. Монтаж жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин лифт толук техникалык кароодон өткөрүлөт.
Толук техникалык күбөлөндүрүү Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) техникалык регламентинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Толук техникалык кароодон өткөрүүдө лифтке визуалдык жана ченөөчү текшерүү, бардык режимдерде иштөөсүн текшерүү жана ушул Жобонун 10-главасына ылайык сыноо жүргүзүлөт.
Толук техникалык кароодон өткөрүүдө лифтти куруу жана жөнгө салуу иштеринин аяктаганы тууралуу, лифт статикалык жана динамикалык сыноодон өтүп, бузугу жок абалда тургандыгы жана эксплуатацияга берүүгө даяр экендиги тууралуу техникалык даярдык акты түзүлөт .
Бул акт лифтти монтаждаган уюмдун жана генералдык подряддык уюмдун колдору жана мөөрлөрү менен такталат, лифттин паспортунда тийиштүү нерселер жазылат.
Лифттин паспортуна төмөнкүлөр кошулат:
- лифттин электр жабдууларынын жана электр желелеринин изоляциясынын каршылык көрсөтүүсүн ченөө протоколу;
- жерге туташтырылган электр түзүлүшүнүн жана жерге туташтырылган түзүлүштүн элементтеринин ортосундагы чынжырдын болушун текшерүү протоколу;
- электр түзүлүштөрүнүн кубатынын системасы жерге кийирилген нейтраль менен 1000 В чыңалууга чейин жеткен учурда коргоонун иштөөсүн текшерүү протоколу;
- машина жайына ээ лифттер үчүн шахтаны жабууда жабык иштердин акты, машина жайы жок лифттер үчүн чуңкурчанын полунун жабык иштеринин акты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
336. Лифттин буйрутма берүүчүсү же башкы подряддык курулуш уюму ушул Эрежелердин 11-главасына ылайык лифтти коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, жооптуу адамдарды жана лифтерлорду дайындайт жана лифтти кабыл алуу боюнча комиссияны төмөнкүдөй курамда уюштурат:
- комиссиянын төрагасы - эксплуатациялоочу уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү;
- комиссиянын мүчөлөрү:
- монтаждык уюмдун өкүлү;
- лифтти техникалык тейлөөгө жоопкерчиликтүү адис;
- генподряддык курулуш компаниясынын өкүлү;
- ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдын өкүлү;
- буйрутма берүүчүнүн өкүлү (болгон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
337. Лифтке буйрутма берген же генподряддык уюм, лифтти кабыл алганга чейин беш күн мурда, комиссиянын курамына кирген уюмдарга комиссиянын ишинин датасы тууралуу кабар берет.
338. Лифтти кабыл алуу боюнча комиссияга лифттин техникалык даярдыгынын акты жана лифтти коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча документтер берилет:
1) адистештирилген уюм менен лифтти тейлөө жана оңдоо келишими;
2) диспетчердик байланыштын болушу жөнүндө документ;
3) жооптуу адамдарды жана лифтерлорду окутуу жана аттестациялоо жөнүндө күбөлүк;
4) лифт аварияга учураганда башка адамдардын жашоосуна, ден-соолугуна же мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө келишим.
339. Комиссия берилген документтерди текшерет, лифтти көзөмөлдүк кароодон өткөрөт.
340. Комиссиянын ишинин натыйжалары лифтти эксплуатациялоого кабыл алуу актында чагылдырылат (ушул Эрежелердин 4-тиркемеси).
341. Лифттин техникалык даярдыгынын акты жана лифтти кабыл алуу боюнча комиссиянын ишинин оң натыйжасынын негизинде ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлү лифттин паспортуна лифтти эксплуатацияга берүү жөнүндө уруксатты кийинки кароодон өткөрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен түшүрөт.
342. Кабыл алууда төмөнкүлөр аныкталган учурда лифт эксплуатацияга берилбейт:
- лифтти кабыл алууда жоюлбай турган, лифттин коопсуз иштешине таасир берүүчү ушул Эрежелерди бузуулардын болушу;
- аттестациядан өткөрүлгөн адистердин жана тейлөөчү кызматкерлердин жоктугу.
343. Эксплуатациялоочу уюм тартип бузуулардын жоюлушун камсыз кылат, андан кийин лифтти кабыл алуу жүргүзүлөт.
344. Лифтти башка ээсине өткөрүп берүүдө лифтти кайра каттоо жүргүзүлөт. Каттоодон чыгаруу лифтти демонтаждоодо жүргүзүлөт. Лифтти каттоо, кайра каттоо, каттоодон чыгаруу ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. Лифттерди техникалык диагностоо жана текшерүү
345. Техникалык диагностоо лифттин техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Техникалык диагностоого лифтти толук, мезгилдүү жана жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүү кирет.
346. Жаңы орнотулган лифт колдонууга берилгенге чейин толук техникалык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
Толук техникалык күбөлөндүрүү төмөнкүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт:
а) лифттин паспорттук маалыматтарга жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келиши;
б) лифттин коопсуз иштөөсүн камсыздаган оң абалда тургандыгы;
в) лифт менен кошо берилген документтердин комплектисинин ушул Эрежелерге туура келиши.
Толук техникалык күбөлөндүрүүдө:
- лифт жабдуусунун лифттин паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келүүсү текшерилет;
- лифтти орнотууга жана анын монтаждык чиймелерге, ушул Эрежелерге ылайык келүүсүнө визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт;
- эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык лифттин бардык режимдерде иштеши текшерилет;
- сыноо жүргүзүлөт;
- лифт менен кошо берилген документтердин жана ушул Эрежелердин 335-пункту боюнча документтердин болушу текшерилет.
347. Эксплуатациялоонун бардык мөөнөтүндө лифт жылына бирден кем эмес техникалык күбөлөндүрүүгө алынат.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү адистештирилген уюмдар тарабынан төмөнкүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт:
а) лифттин коопсуз иштөөсүн камсыздап, оң абалда тургандыгы;
б) лифтти эксплуатациялоону уюштуруу ушул Эрежелерге дал келет.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө:
- лифт жабдуусунун орнотулушуна визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт, буга эксплуатациялоо процессинде өзгөрүлбөгөн көлөмдөр кирбейт;
- лифттин бардык режимдерде иштеши текшерилет;
- сыноо жүргүзүлөт;
- лифтти эксплуатациялоону уюштурууда ушул Эрежелерге ылайык келиши текшерилет.
348. Лифт жабдууларын капиталдык оңдоодон (алмаштыруу) же орнотуудан кийин лифт жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүгө жатат.
Жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүү алмаштырылган, кайра орнотулган же оңдолгон лифт жабдуулары лифттин коопсуз иштешин камсыздап, оң абалда тургандыгын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Лифт төмөнкүлөрдөн кийин жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүгө жатат:
- коопсуздук түзүлүштөрүн алмаштыруу же орнотуу;
- редукторду, аркан менен жүрүүчү дөңгөлөктү, тормоздоо түзүлүшүн, тартуучу аркандарды алмаштыруу же оңдоо;
- принципиалдуу электр схемасынын өзгөрүшү;
- башкаруу шкафын (түзүлүшүн) алмаштыруу.
Жарым-жартылай техникалык күбөлөндүрүүдө:
- орнотулган, алмаштырылган же оңдолгон лифт жабдууларынын паспорттук маалыматка дал келүүсү текшерилет;
- орнотулган жабдууга визуалдык жана өлчөө контролу жүргүзүлөт;
- мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү көлөмүндө орнотулган, алмаштырылган же оңдолгон коопсуздук түзүлүшкө жана жабдууга сыноо жана (же) текшерүү жүргүзүлөт.
349. Визуалдуу жана өлчөөчү контролун жүргүзүүдө лифт жабдууларынын паспортогу маалыматтарга жана аны орнотуу ушул Эрежелерде регламенттелген көлөмдөргө, монтаждык чиймелерге ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүлөт.
350. Текшерүүдө принципиалдуу электр схемасында каралган лифттин бардык режимдерде иштеши, ошондой эле төмөнкүлөрдүн иштеши текшерилет:
- лебедкалар;
- шахталардын эшиктери, кабиналар жана эшиктерди иштеткичтер;
- сыноо учурунда текшерилгендерди кошпогондо коопсуздук түзүлүштөр;
- сигнализациялар, байланыш, диспетчердик контроль, жарыгы, ошондой эле кабаттык аянтчалардагы кабинанын токтошунун тактыгы текшерилет.
351. Төмөнкүлөр текшерүүдөн өтүшөт:
- ылдамдыкты чектегич;
- кармагычтары;
- буферлер;
- тормоздук система;
- электр иштеткич;
- аркан менен жүрүүчү дөңгөлөк;
- коргоп жер алдына түшүрүү (жерге туташтыруу), электр тармактарын жана электр жабдууларын изоляциялоо, жерге туюк туташтырууну түйүн ичинде коргоо.
352. Ылдамдыкты чектегичти текшерүүдө ушул Эрежелер менен регламенттелген чекте айландыруу ылдамдыгынын көбөйүүсүндө анын иштеши жана кармагычтарды ишке киргизүү текшерилет.
353. Кармагычтарды текшерүүдө алардын иштеши, токтошу жана жылып жаткан кабинага багытталгандыгын (каршы салмак, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү) кармап турушу текшерилет.
Үзүлгөн жерден же тартуучу элементтердин начардыгынан араң иштеген ылдамдыкты чектегичтен жана түзүлүшкө чейин ишке киргизилген кармагычтар мындай түзүлүштөрдүн ар биринде сыналат.
Кабинанын кармагычтарын толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин кабинада төмөнкүдөй салмактагы жүк болгондо текшерүүдөн өтөт:
- жай токтоону кармагычтар үчүн - лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашканда;
- көз ирмемдик иштөөнүн кармагычтары же амортизациясы бар көз ирмемдик иштөөнүн кармагычтары үчүн - номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүккө тең болгондо.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө кармагычтарды текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинада өткөрүлөт.
Кабинанын каршы салмак кармагычтарын жана тең салмактоочу түзүлүшүн текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт.
Кармагычтар лифттин жумуш ылдамдыгында текшерилет. Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө 1 м/с ашуусун номиналдуу ылдамдыктагы лифттерде сыноо төмөндөтүлгөн, бирок 1 м/с кем эмес ылдамдыкта жүргүзүлөт.
354. Кабиналардын энергия топтоочу буферлерин толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин текшерүү кабинада салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнө тең жүк болгондо жүргүзүлөт. Кабина буферге жумуш ылдамдыгында түшүрүлөт.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө энергия топтоочу буферлерди, кабинанын амортизацияланган карама-каршы жүргүчү бар буферлерди жана каршы салмакты текшерүү талап кылынбайт. Алардын абалына жана регламенттелген көлөмдөрдүн монтаждык чиймеге туура келүүсүнө визуалдуу жана өлчөө контролу жүргүзүлөт.
Амортизацияланган карама-каршы жүргүчү бар кабиналардын энергия топтоочу буферлерин, энергия берүүчү буферлерди толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аларды алмаштыргандан кийин текшерүү кабинада салмагы иштөө ылдамдыктагы же кыскартылган жүрүш менен буферлерди колдонуу учурунда буферлердин жүрүшү эсептелген ылдамдыкта номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүккө тең жүк болгондо жүргүзүлөт.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө энергия берүүчү буферлерди текшерүү 0,71 м/с ашпаган ылдамдыктагы жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт.
355. Тормоздук системаны толук техникалык күбөлөндүрүүдө жана аны алмаштыргандан кийин текшерүү, салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашкан жүгү бар кабина иштөө ылдамдыгында ылдый жылганда электр кыймылдаткычты жана тормозду өчүрүүнүн жардамы менен жүргүзүлөт. Тормоз иштеткичти токтотуу керек. Муну менен бирге кабинанын жайлап калышын тездетүү 9,81 м/с2 ашпашы керек.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө тормоздук системаны текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабина өйдө жылганда электр кыймылдаткычты жана тормозду өчүрүүнүн жардамы менен жүргүзүлөт. Тормоз иштеткичти токтотуу керек.
356. Кармагычтарды, буферлерди жана тормоздук системаларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин кабинанын илмектеринин бөлүктөрү, кабинанын тең салмактоочу түзүлүшү жана каршы салмагы, ал эми кармагычтар жана буферлер бузулбаганда визуалдоо текшерилиши керек.
357. Башкарылуучу өзгөрткүчтөн электр кыймылдаткычтык кубаттандырууда лифттин электр иштеткич, эгерде ал лифттин конструкциясында каралса, анда анын электр тормоздоосунда (кармап калуусун) ишенимдүүлүгү сыналат.
Электр тормоздоосун (кармалып калуусун) текшерүү 3 минутанын ичинде экиге бөлүнгөн тормоз менен жогорку токтоочу аянтчасынын деңгээлинде жүк жүктөлбөгөн кабинада жүргүзүлөт. Токтоонун тактыгы (нивелировка) деңгээлинин чегинде кабинаны кийин кармоо менен автоматтык түрдө жылдырууга жол берилет.
358. Толук техникалык күбөлөндүрүүдө аркандарды, аркан менен жүрүүчү дөңгөлөктөргө жана сүрүлүүчү барабандарга кошууну текшерүү салмагы лифттин номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25% ашкан жүгү бар кабинанын ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан шахталарды ылдый түшүрүүдө жүргүзүлөт. Муну менен бирге ылдыйкы кабатта кабина буферлерге тийгенге чейин ал толук токтошу керек.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө кошулууну текшерүү жүк жүктөлбөгөн кабинанын өйдөңкү бөлүгүндө турган шахтаны көтөргөндө жүргүзүлөт. Муну менен бирге өйдөңкү кабаттын так токтоо зонасындагы кабиналар толук токтошу керек.
359. Кысылган буферде каршы салмакта болгондо жүк жүктөлбөгөн кабинаны көтөрө албоо мүмкүнчүлүгүн текшерүү кабинаны кол менен өйдө штурвалдан же төмөндөтүлгөн ылдамдыктагы электр кыймылдаткычтан жылдыруу менен туюк эмес тормоздо жүргүзүлөт. Муну менен бирге кабинаны көтөрүүгө (тартуу) болбойт.
360. Коргоп нөлгө түшүрүүнү (жерге туташтыруу) сыноодон өткөрүү, электр түйүндөрүн жана электр жабдууларын изоляциялоо, ачык эмес нейтралдуу жерге туташтыруунун коопсуздугун коргоону текшерүү монтаждоодон, модернизациялоодон кийин, кызматтын белгиленген мөөнөтүн иштеп бүткөн лифтти иликтөөдө, ошондой эле мезгилдүү белгиленген мөөнөттө эксплуатациялоодо жүргүзүлөт.
361. Эксплуатациялоо процессинде модернизацияланган лифт модернизациялоо, алмашылган жабдууну орнотууга визуалдуу жана өлчөө контролун жүргүзүү боюнча документтердин комплектин текшерүү менен мезгилдүү көлөмдө техникалык күбөлөндүрүүгө алынат.
Лифттин курамдык бөлүктөрүн алмаштырылгыс металл конструкциялары (кабиналар, каршы салмак, рамалар, багыттап бекитүүнүн күрөөлүк бөлүктөрү) контролдун бузбоочу методдорун колдонуу менен текшерилет. Күбөлөндүрүүнүн жана текшерүүнүн оң натыйжаларында лифттин иштөөсүнүн жаңы мөөнөтү аныкталат.
362. Ченемдик, конструктордук жана эксплуатациялык документтерде, стандарттарда, коопсуздук эрежелерде белгиленген мөөнөтүн иштеп бүткөн лифт, аны коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында текшерилүүгө тийиш.
363. Лифтти текшерүүдө төмөнкүлөргө көңүл бурулат:
- визуалдуу жана өлчөөчү текшерүүгө;
- лифттин бардык режимдерде иштешин текшерүүгө;
- дефекттерди, бузулушун, эскирүү даражасын, коррозияларды аныктоо менен лифт жабдуусунун абалын аныктоого;
- коопсуздук түзүлүшүн сыноого;
- контролдун бузбоочу методдорун колдонуу менен металлконструкцияларын изилдөөгө;
- коргоп нолго түшүрүүгө (жерге туташтырууга), электр тармактарын жана электр жабдууларын изоляциялоого, туюк жерде туташтыруунун коопсуз тармактарында коргоону текшерүүгө.
Лифтти текшерүүнүн, аны колдонуунун шарттарын талдоонун натыйжаларынын негизинде жабдуунун калдык ресурстарын жана лифтти коопсуз колдонуу мөөнөтүн узартуу мумкүнчүлүгүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
Лифтти коопсуз колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча иштер алар ченемдик белгиленген мөөнөткө жеткенге чейин жүргүзүлөт. Бир жыл ичинде лифттерди текшерүү иштерин техникалык күбөлөндүрүү иштери менен айкалыштырууга болот.
364. Лифтти техникалык диагностоо жана текшерүү натыйжаларын тариздөө.
365. Лифтти техникалык диагностоонун натыйжалары лифттин паспортунда, ошондой эле лифттин техникалык жактан даярдык актысында толук чагылдырылат (ушул Эрежелердин 3-тиркемеси);
366. Ченемдик иштөө мөөнөтүн бүткөн лифтти текшерүүнүн жыйынтыктары сыноо протоколдорунда чагылдырылат. Лифттин паспортуна лифтти коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
11-глава. Лифттерди коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү боюнча талаптар
§ 1. Жалпы жоболор
367. Лифтти утилдештирүүдө адистештирилген уюм аны демонтаждону ишке ашыруусун талап кылат. Лифтти демонтаждоодо жана демонтаждоодон кийин машина жана блок жайларга, ошондой эле лифттин шахтасына жана кабинасына колдонуучулардын жана бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербөө боюнча иш-чаралар көрүлүшү керек.
368. Лифтти эксплуатациядан чыгарууда жана аны демонтаждоо тууралуу тейлөөчү персоналга жана пайдалануучуларга лифттин шахтасынын эшиктеринин жанындагы кабаттык аянтчаларга жайгаштыруу аркылуу маалымдоо зарыл.
369. Кайра пайдалануу үчүн жарабаган, демонтаждалган жабдууларды утилдештирүү.
370. Эксплуатациялоочу уюм талаптагыдай тейлөө жана оңдоону уюштуруу жолу менен лифтти оң абалда кармоону жана аны коопсуз колдонууну ушул Эрежелердин талаптарына ылайык камсыз кылат.
Мындай максаттар үчүн эксплуатациялоочу уюм төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Эрежелерди сактоону;
- лифттерди эксплуатациялоого байланышкан кызматкерлер штатынын толук комплекттелгендигин;
- тийиштүү квалификациялык талаптарды канааттандырган жана көрсөтүлгөн жумушка медициналык каршы көрсөтмөсү жок адамдарды жумушка алууну;
- ушул Эрежелерге ылайык лифттерди эксплуатациялоо менен байланышкан кызматкерлерди даярдыктан жана аттестациядан өткөрүүнү;
- иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик техникалык документтердин болушун;
- ушул Эрежелердин талаптарын сактоо үчүн өндүрүштүк контролду;
- лифттерди техникалык диагностоо, текшерүү жана эксплуатациялоо мөөнөтүнүн бүтүшү менен лифттерди колдонуудан чыгарууну;
- лифтке чоочун адамдарды киргизбөө;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын, анын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарына ылайык берилген көрсөтмөлөрүн аткарууну;
- адамдардын өмүрүнө коркунуч туулган учурда лифтти өз алдынча же ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын, анын кызмат адамдарынын буйругу боюнча токтотууну;
- лифттеги авариялардын жана кырсыктардын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды, мамлекеттик органдарга жардам берүүнү, лифттеги авариялардын жана кырсыктардын себептерин техникалык жактан иликтөөгө катышууну, ошондой эле аталган себептерди жоюу жана аларды алдын-алуу боюнча чараларды көрүүнү;
- лифтте чыр-чатактардын пайда болуу себептерин талдоо, көрсөтүлгөн себептерди четтетүү жана ушундай чыр-чатактардын алдын-алуу боюнча чараларды көрүү;
- лифттерди эксплуатациялоого байланышкан жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча чараларды;
- лифттеги авариялар жана кырсыктар тууралуу тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына өз убагында маалымдоону;
- лифттеги аварияларды, чыр-чатактарды жана кырсыктарды эсепке алууну;
- авариялардын, чыр-чатактардын жана кырсыктардын, аларды пайда кылган себептердин жана көрүлгөн чаралардын саны жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу контролдоочу органга берүүнү;
- лифтте авария болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн бүткүл эксплуатациялоо мөөнөтүндө жоопкерчилик көрүүнү камсыздандыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Лифтти тейлөө жана оңдоонун пландуу-алдын-алуу системасы
371. Лифтти тейлөөнү лифтер ишке ашырат жана лифтти нөөмөт сайын кароодон өткөрүп турат.
372. Диспетчердик контролдоо менен жабдылган лифттердин ишин кароо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашылган башка циклде жүргүзүлүшү мүмкүн.
373. Пландуу-алдын ала оңдоолор системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөрдөн турган техникалык жактан тейлөө системасын:
- мезгил-мезгили менен кароо;
- күндөлүк оңдоолор;
- авариялык-техникалык тейлөө.
2) төмөнкүлөрдөн турган лифттин ресурсун калыбына келтирүү системасын:
- капиталдык оңдоо (жабдууларды алмаштыруу);
- эксплуатациялоодо модернизациялоо.
374. Техникалык тейлөө, капиталдык оңдоо жана модернизациялоо үчүн эксплуатациялоочу уюм адистешкен уюмду ишке тарта алат.
Мындай учурда алардын ортосундагы келишимде талаптардын милдеттенмелери жана жоопкерчиликтери ушул Эрежелердин
370, 371-пункттарын эске алуу менен аныкталат.
375. Эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм пайдалануу боюнча колдонмодо каралган ишти аткаруу көлөмүнөн чыгып жана жергиликтүү эксплуатациялоо шарттарын эске алып, жумушчулардын штатын толук комплекттөөнү камсыздайт.
376. Эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдардын техникалык жетекчилери, адистери жана аттестациялык комиссияларынын мүчөлөрү белгиленген тартипте лифттерди коопсуз эксплуатациялоо боюнча даярдыктан жана аттестациядан өтөт.
Көрсөтүлгөн адамдар электр коопсуздугу боюнча тийиштүү топко ээ болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Тейлөөчү персоналды окутуу жана аттестациялоо
377. Электромеханиктерди, лифтерлорду жана диспетчерлерди окутуу жана аттестациялоо теориялык жана практикалык окутуу үчүн штаттык адистердин (окутуучулардын) зарыл санындагы базасы бар окуу жайларда жана уюмдарда жүргүзүлөт.
Комиссиянын электромеханиктерди аттестациялоо ишине ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрү милдеттүү түрдө катышышы керек. Лифтерлорду жана диспетчерлерди аттестациялоону комиссия ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрүнүн катышуусу жок эле өткөрөт.
Аттестациянын натыйжалары протоколдо чагылдырылат. Экзамен тапшырган адамдарга күбөлүк берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
378. Электромеханиктердин, лифтерлордун, диспетчерлердин билимин мезгил-мезгили менен текшерүү уюмдун аттестациялык комиссиясы тарабынан, ал штатта катталса же окууну ишке ашырган уюмдун комиссиясы тарабынан 12 айда кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Билимди кезексиз текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- бир уюмдун ичинде башка жумушка кирип жатканда;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнүн талабы боюнча.
Билимди мезгил-мезгили жана кезексиз текшерүү өндүрүштүк нускаманын көлөмүндө жүргүзүлөт.
Билимди текшерүүнүн натыйжалары күбөлүктө белгиленип, протокол менен таризделет.
379. Тейлөөчү персонал электр коопсуздугу боюнча даярдыктан жана билимин текшерүүдөн төмөнкү квалификациялык топтон төмөн эмес көлөмдө өтүшөт:
- өз алдынча иштөөгө жол берилген электромеханиктер - III топ;
- лифтерлор жана диспетчерлер - II топ.
Билимди текшерүү жумушка кабыл алынып жатканда бир айдан ашпаган мөөнөттө жана мезгил-мезгили менен кеминде 12 айда бир жолу өткөрүлүп турат.
Текшерүүнүн натыйжалары журналда (протоколдо) чагылдырылат. Экзаменден өткөн адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
380. Аттестацияны жана уюмдун жумушчуларынын билиминин текшерилгендигин аныктаган документтер ушул Эрежелерде аныкталган учурларда ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнө көрсөтүлөт.
381. Лифттерди эксплуатациялоону жана (же) техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча иш-милдеттерди адистерге жүктөө буйрук менен ишке ашырылат.
382. Электромеханиктерге, лифтерлорго, диспетчерлерге өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк берүү аларда аттестация тууралуу күбөлүгү болгон учурда буйрук менен ишке ашат.
Электромеханиктерге жана лифтерлорго бекитилген лифттерге тийиштүү жумуштарды аткаруу жүктөлөт.
Аныкталган диспетчердик пунктка кошулган лифттердин иштөөсүнө диспетчердик контроль кылуу боюнча иштерди аткаруу диспетчерлерге жүктөлөт.
383. Эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм адистердин, электромеханиктердин, лифтерлордун, диспетчерлердин негизги иштерине тийиштүү болгон төмөнкүдөй документтерди беришет:
- адиске ушул Эрежелер жана кызматтык нускама берилет;
- электромеханикке, лифтерлорго, диспетчерге тийиштүү иштерди аткаруу үчүн иштетип жаткан уюм жетекчиси тарабынан бекитилген өндүрүштүк нускама жана коопсуздук техникасы боюнча нускама берилет.
384. Коопсуздук чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актыларга ылайык эксплуатациялоочу уюм жана (же) адистештирилген уюм эксплуатациялоонун жергиликтүү шарттарын эске алуу менен өндүрүштүк контролдоо жөнүндө жобону иштеп чыгышат.
Өндүрүштүк контролдоону ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте аттестациядан өткөн жооптуу кызматкер дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
385. Лифттин кабинасында жана (же) негизинен түшүрүүчү кабатта лифтти пайдалануунун Эрежелери, ошондой эле тейлөөчү персонал жана авариялык кызмат менен байланышуу үчүн телефон номерлери көрсөтүлгөн тактача илинет.
386. Лифттин жаңы ээсине жана ижарачысына өткөрүп берүүдө лифттин паспорту берилет.
Жаңы ээси же ижарачы ушул Эрежелерге ылайык лифттин иштөөсүн камсыздайт, лифтти өткөрүп берүү менен байланышкан бардык зарыл болгон өзгөрүүнү паспортко киргизет, лифтти кабыл алуу жана анын коопсуз иштөөсүн камсыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу текшерүүчү уюмга билдирет.
387. Лифттерди диспетчердик контролдоо менен жабдуунун зарылдыгы эксплуатациялоочу уюм тарабынан аныкталат.
Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо үчүн белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген көп функционалдуу диспетчердик комплекстер сыяктуу эле адистештирилген диспетчердик пульттар да колдонулушу мүмкүн, мында адамдарды бошотуу (эвакуациялоо) үчүн жооптуу квалификациялуу персонал менен туруктуу эки тараптуу сүйлөшүү байланышын камсыз кылуучу аралыктан шашылыш байланыш түзүлүшүнүн болушу милдеттүү талап болуп саналат.
Бир диспетчер тейлеген лифттердин саны 200 лифттен ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
388. Диспетчердик контролдоо жабдууларын долбоорлоо жана даярдоо, монтаждоо, техникалык тейлөө, оңдоо, кайра конструкциялоо жана алмаштыруу техникалык каражаттарга жана квалификацияланган адистерге ээ болгон уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
389. Диспетчердик контролдоо жабдуусун эксплуатациялоочу уюм талаптагыдай тейлөө жана оңдоо жолу менен оң абалда кармоону камсыздайт. Бул максаттарга жетүү үчүн адистештирилген уюм менен келишим түзө алат.
390. Лифттердин ишине диспетчердик контролдоо жабдуусу монтаждоодон, кайра конструкциялоо жана мезгилдүү эксплуатациялагандан кийин даярдоочунун эксплуатациялоо документтери менен аныкталган көлөмдө иштөөсү текшерилүүгө тийиш.
391. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо жабдуусу диспетчердик пункт менен лифтти дистанциялык өчүрүү үчүн түзүлүштү камтый алат. Лифтти дистанциялык пунктан иштетүүгө жол берилбейт.
392. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- диспетчердик пункт менен кабинанын, диспетчердик пункт менен машина жайларынын ортосундагы эки жактуу сүйлөшүү байланышын, ошондой эле диспетчерди байланышка чакыруу жөнүндө үндүү сигнализацияны;
- кабаттагы кабина жокто шахталардын эшигинин ачылгандыгы тууралуу сигнализацияны;
- машина жайларынан (машина жайлары жок лифттер үчүн) тышкары жайгашкан машина, блок жайлардын эшигинин жана башкаруу шкафтарынын ачылышы жөнүндө сигнализацияны;
- лифттин коопсуздук чынжырынын эскириши жөнүндө сигнализацияны;
- келген сигнализацияны идентификациялоону (кайсы лифттен жана кайсы белги).
Диспетчердик контролдоо менен лифттин абалы жөнүндө кошумча сигнализация каралышы мүмкүн.
393. Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо лифттин энергия менен камсыз болуусуна көз каранды эмес. Диспетчердик контролдоо жабдуусун энергия менен камсыз кылуу токтогондо кабина менен диспетчердик пункттун ортосундагы эки тараптуу байланыштын иштөөсү 1 сааттан кем эмес камсыздалышы керек.
13-глава. Аварияларды жана кырсыктарды иликтөөнүн тартиби. Жыйынтыктоочу жоболор
394. Ыйгарым укуктуу контролдоочу органда катталган лифттердин авариялары жана аларды эксплуатациялоодо болгон кырсыктар тууралуу эксплуатациялоочу орган өз убагында тийиштүү органга белгиленген тартипте маалымдашы керек жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлдөрү келгенге чейин, эгерде бул адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбаса авариянын же кырсыктын бардык жагдайын сакташы керек.
395. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
396. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
397. Эксплуатациялоочу орган тарабынан иштен чыккан лифттерди, ошондой эле ушул Эрежелер күчүнө киргенге чейин даярдалган лифттерди кайра жабдыбоого жол берилет.
398. Курулган имараттарга лифттерди орнотуу, ошондой эле ушул Эрежелердин курулуш бөлүгүнө болгон талаптары аткарылбай турган имараттардагы лифттерди модернизациялоо ушул Эрежелердин 11-тиркемесинин талаптарын аткарууда уруксат берилет.
Имаратты кайра конструкциялоодо лифттерди орнотуу ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
399. Лифттин конструкциясында жана анын курамдык бөлүктөрүндө ушул Эрежелердин талаптары камтылбаган принциптүү жаңы техникалык чечимдерди колдонууга уруксат берилет. Мындай учурда коопсуздуктун зарыл болгон деңгээлин камсыздоо адистештирилген уюм тарабынан ырасталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин 1-тиркемеси |
Терминдер жана алардын аныктамалары
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
Башмак - лифттин түйүндөрүнүн багыттоо абалын камсыздап турган түзүлүш.
Буруп кетме блок (буруп кетме, багыттоочу) - талапка жараша багыт боюнча четтеп кете турган түзүлүш.
Блок жайлар - блоктор орнотула турган өзүнчө бөлмөлөр.
Буфер - кыймылдагы кабинанын каршы салмактын кыймылын травма алуу же кабинанын, каршы салмактын четки жумуш абалына өтүүдө жабдуунун бузулуу коркунучун төмөндөтүү максатындагы жайлатуунун чоңдугун чектөөгө арналган түзүлүш.
Эксплуатациялоого киргизүү - лифттин белгиленген тартипте документтүү түрдө негизделген жана багыты боюнча пайдаланууга даяр экендигин белгилеген окуя.
Киргизилме түзүлүш - лифтке киргизилген чыңалуунун линияларын алып салуу жана кубаттуулукту берүү боюнча негизги электротехникалык типтеги түзүлүш.
Башкаруунун түрлөрү - тиешелүү багытта лифтти пайдалануудагы башкаруу командасын берүүнүн жалпы ыкмалары.
Ички башкаруу - лифтти колдонуунун бир түрү, аны кыймылга келтирүү үчүн башкаруу кабинанын ичинен гана жүргүзүлөт.
Ийилгич келген тартуучу элемент - лифттин кабинасы бекитилген (канат,чынжыр, кур) элемент, ал аркылуу тартуу күчүнүн аракети иштейт.
Тайпалык башкаруу - эки же андан ашык лифттердин ишин бирге башкаруу системасы.
Деформация - сырткы жана ички күчтөрдүн таасиринин натыйжасында буюмдун өлчөмүнүн, формасынын жана конфигурациясынын өзгөрүшү.
Шахта эшигинин кулпу - шахтанын эшигин кулпулоого багытталган автоматтык түзүлүш.
Тейлөө зонасы - лифт жабдууларынын жанында жайгашкан бош аянтча, бул жабдууларды тейлеген персоналдын жумушчу орду.
Эскирүү - сүрүлүүдө буюмдун үстүнкү катмарынын талкалануусунан (эскирүүсү) улам, буюмдун же аспаптын бетинин өлчөмүнүн, формасынын, массасынын же абалынын өзгөрүшү.
Кабина - адамдарды жана (же) жүктөрдү өйдө же төмөн көздөй жеткирүүдө аларды жайгаштыруучу лифттин бөлүгү.
Башкаруу командасы - лифти пайдалануучу жүргүнчү тараптан же тейлөөчү персонал тараптан, же башкаруу системасы тарабынан калыптануучу башкаруу системасынын командасы.
Лебедка - лифттин кабинасын кыймылга келтирүүчү жана анын тартуу күчүн түзүү үчүн арналган электр кыймылдаткычтуу электромеханикалык түзүлүш.
Барабандуу лебедка - тарткыч элементтердин барабанга абдан катуу бекитилип жана анын барабан менен катуу сүрүлүүсүнөн улам тартуу күчү пайда болучу лебедка.
Шкивдүү лебедка же барабан аркылуу сүрүлүү - шкивдин тарткыч элементтеринин эсебинен күчтөндүрүлгөн же барабан аркылуу түзүлгөн тартуу күчүндөгү лебедканын бир түрү.
Жылдызчалуу лебедка - тартылуучу чынжыр менен жылдызчанын бекитилишинен тартуу күчүн түзгөн лебедка.
Лифт - адамдарды, жүктөрдү ташууда кабинада өйдө жана төмөн көздөй жылуучу, бурчтары жогору караганда 15 градустагы жантайыңкы абалдагы түзүлүш.
Лифттин жабдуулары - лифттин курамына кирген өзүнчө түйүндөр, механизмдер жана түзүлүштөр.
Кармагычтар - коопсуздук түзүлүштөр, алардын жардамы менен кабина кармап турулат жана аны токтотулат, лифттин ылдамдыгын жогорулатуу учурунда же тартып туруучу элементтер үзүлүп кеткен учурда пайдаланылат.
Жай токтотуунун кармагычтары - серпилгич элементтерди камтыган (пружина) тормоздук механизмдерге таасир этүүчү түзүзүлүштөрдүн бир бөлүгү.
Чукул токтотуунун кармагычтары - серпилгич элементтери жок кармагычтар.
Машина жайлары - лифттин жабдууларын өзүнчө бөлөк жайгаштыра турган бөлмөлөр.
Көп катмардуу айнек - полимердик пленкалар менен бекитилген экиден ашык катмардан турган айнектер.
Лифттин модернизациясы - эксплуатациядагы лифттин коопсуздугун жана техникалык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар.
Монтаждык чийме - ага ылайык лифттин жабдуулары монтаждалып, орнотулат.
Тыштан башкаруу - лифтти иштетүү командасы кабат үйлөрдүн аянттарынан гана жүргүзүлүүчү башкаруунун түрү.
Номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүк - лифтте ташылуучу жүктүн эң чоң массасы.
Номиналдуу ылдамдык - лифттин жабдуулары эсептелген кабина ылдамдыгы.
Ылдамдыкты чектөөчү - кабинанын кыймылынын ылдамдыгын белгиленген чоңдуктан ашырууда кармоочу механизмдерди кыймылга келтирүүгө багытталган салмакка каршы түзүлүш.
Жалгыз башкаруу - бир гана лифттин иштешин башкаруу.
Лифттин паспорту - даярдоочу тууралуу, лифтти чыгаруу датасы жана анын заводдук номерин, негизги техникалык маалыматты жана лифттин жана анын жабдууларынын мүнөздөмөсүн, коопсуздук түзүлүштөрү жөнүндөгү маалыматтар, лифттин кызматынын белгиленген мөөнөтү жана эксплуатациялоо учурунда киргизүүгө багытталган маалыматтар тууралуу документ.
Кабинанын полунун пайдалуу аянты - ички каалгалардын жана дубалдын бетиндеги аянттар менен чектелген (ачылып-жабылган каалгалар менен кармагычтарды эсепке албаганда), кабинанын полунун аянты.
Сынуу - зыян келүү, сынган жер.
Чуңкурча - лифттин шахтасынын төмөнкү бөлүгү. Ал эң төмөнкү кабаттагы деңгээлден да ылдый түшүп кетет.
Жумушчу ылдамдыгы - лифттин кабинасынын анык иш кыймылы, ал номиналдуу ылдамдыктан 15% чейин айырмаланат.
Кабинага жумушчу жарык берүү - кабинага керектүү жарыкты камсыздаган жарыктын бир түрү.
Башкаруу режимдери - башкаруу системасы камсыздаган лифттин функцияларынын мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.
Башкаруу системасы - лифттин ишин камсыздай турган башкаруу түзүлүштөрүнүн жалпы жыйындысы.
Аралаш башкаруу - лифтти иштетүүгө сырттан да, кабинадан да башкаруу командалары бериле турган башкаруунун бир түрү.
Чогуу башкаруу - же болбосо мында башкарууга катталган бир командадан кийин экинчи команда каттоодон өтө берет да, башкаруу талап коюлган программа боюнча жүргүзүлөт.
Адистештирилген уюмдар - монтаж, демонтаж, техникалык тейлөө, оңдоо, лифттерди модернизациялоо жана лифттердин ишин диспетчердик контролдоо системасы боюнча иш-аракеттерди аткарууга адистештирилген уюмдар.
Учурдагы имараттар - лифтти орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда пайдаланууда болгон имараттар.
Лифтти техникалык тейлөөлөр - лифттин ишин жана коопсуздугун колдоо боюнча операциялардын жалпы жыйындысы.
Өлчөмү бир типтүүлөр - бири-биринен жүк көтөрүмдүгү, ылдамдыгы, көтөрүү бийиктиги жана (же) лифттин, кабинанын, башкаруу системасынын жабдууларынын комплектелүү мүнөзү, ошондой эле өз ара жайгаштырылышы менен айырмаланган, бирдиктүү конструктордук чечимдеги лифттер.
Кабинаны токтотуунун тактыгы - кабина автоматтык түрдө токтотулгандан кийин кабат аянтчасынын деңгээли менен кабинанын полунун деңгээлинин ортосундагы бийигинен турган аралык.
Коопсуздук түзүлүштөрү - лифттин коопсуздугун камсыздоочу техникалык түзүлүш.
Коопсуздук чынжыры -электр түзүлүшүнүн коопсуздугун камтуучу, электр чынжыры.
Электр кыймылдаткычынын башкы ток чынжыры - электр энергиясын электр кыймылдаткычына берүүчү элементтерди камтыган электр чынжыры.
Күч чынжырчасы - функционалдык милдети электр энергиясын өндүрүүгө же бир бөлүктөрүн берүүгө, аны бөлүштүрүүгө багытталып, электр энергиясын башка маанидеги параметрлер менен өзгөртүү элементтерин камтыган электр чынжыры.
Башкаруу чынжырчасы - функционалдык милдети электр жабдууларын же айрым электр түзүлүштөрүн, же алардын параметрлерин өзгөртүү элементтерин камтыган электр чынжырча.
Шахта - кабина, каршы салмак жана (же) кабинанын тең салмактуулугун камсыз кылган түзүлүштөрдүн өз ара жылуучу мейкиндиги.
Коопсуздуктун электр түзүлүштөрү - лифттин коопсуз пайдалануусун камсыздоочу электр түзүлүшү.
Адистештирилген уюм - техникалык каражаттары жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларында аттестациядан өткөн квалификациялуу адистери бар уюм.