Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 738
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
316-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Талап кылууну башка жакка берген кредитор, ордердик баалуу кагаз боюнча индоссамент учурларынан тышкары, ага талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди өткөрүп берүүгө жана талапты орундатуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) II бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 906-статьясында:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кош складдык күбөлүк, анын эки бөлүгүнүн ар бири жана жөнөкөй складдык күбөлүк баалуу кагаздар болуп саналат. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрү товардык склад жана складдык күбөлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурда товардык склад тарабынан берилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирбеген товардык склад, товардык склад жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык складдык квитанция берүүгө гана укуктуу.";
в) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кош складдык күбөлүк күрөө предмети болушу мүмкүн.";
2) 907-статьясынын 2-пунктунда:
а) 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), товарды сактоого алган товардык складдын аталышы жана дареги;";
б) 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) товар сактоого алынган юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери, салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери (СИН) же жеке жактын аты-жөнү, жашаган жери, салык төлөөчүсүнүн идентификациялык жеке номери (ИЖН);";
в) 4-пунктчасы "аталышы" деген сөздөн кийин ", сапат жөнүндө маалыматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 7-пунктчасы "берилген күнү" деген сөздөрдөн кийин "бланктын сериясы жана номери" деген сөздөр менен толукталсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 - 7-4-пунктчалар менен толукталсын:
"7-1) укуктарды өткөрүп берүү (индоссамент) жөнүндө маалыматтар;
7-2) товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары (каттоо номери, берилген датасы);
7-3) складдык күбөлүктүн ээлеринин алдында товардык складдын милдеттенмелеринин аткарылышына кепилдик берүү системасына товардык складдын катышуусу жөнүндө маалымат же складдык күбөлүктүн ээсинин алдында товардык складдын жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылгандыгы же камсыздандырылбагандыгы жөнүндө белги;
7-4) товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товарды күрөөгө коюу жана акчалай милдеттер жөнүндө маалымат, ушул Кодекстин 908-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда;";
3) 908-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Складдык күбөлүктүн кармоочусунан башка күрөөлүк күбөлүктүн кармоочусу, күрөөлүк күбөлүк менен камсыздалган акчалай милдеттенменин өлчөмүндө товарга карата күрөө укугуна ээ болот. Товарды күрөөгө коюуда ал тууралуу складдык жана күрөөлүк күбөлүккө белги коюлат.";
4) 910-статьясынын 2-пунктунда "каралган маалыматтарды" деген сөздөн кийин "(7-1-пунктчасынан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 911-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Күрөөлүк күбөлүгү жок, бирок ал боюнча карыздын суммасын төлөгөн же күрөө кармоочу менен күрөө предметин алмаштыруу же күрөө предметин жарым-жартылай бошотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен складдык күбөлүктүн кармоочусуна товар складдык күбөлүккө алмашуу аркылуу жана аны менен кошо күрөө предметин бошотууну жана күрөөлүк күбөлүк боюнча акчалай милдеттенменин төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди берүү шартында гана берилет.".
3-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын:
"34-1-статья. Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товарды күрөөгө коюу
Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товар ал сактоодо турган мезгилде, кош кампа күбөлүгүнүн тийиштүү бөлүгүн күрөөгө коюу жолу менен күрөө предмети болушу мүмкүн.
Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товарды күрөөгө коюу товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүндө тең индоссамент (өткөрүп берүү жазуулары) жүзөгө ашырылган учурдан тартып пайда болот.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 738
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу