Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № 544
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Диний билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өсүп келе жаткан муундун арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде республиканын 56 жалпы билим берүү уюмунда 2017-2018-окуу жылына карата "Дин маданиятынын тарыхы" пилоттук сабагын киргизсин жана апробацияласын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында "Дин маданиятынын тарыхы" сабагын киргизүү боюнча иш-аракеттер планын кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап республиканын жалпы билим берүү уюмдарына "Дин маданиятынын тарыхы" сабагын киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде максаттуу багыт боюнча 19805,2 (он тогуз миллион сегиз жүз беш миң эки жүз) сомду жыл сайын караштырсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |