Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-сентябры № 549
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 500 "Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 500 "Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- биринчи абзацы "агенттиги" деген сөздөн кийин "(мындан ары - Агенттик)" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацындагы "өздүк каражаттарынын" деген сөздөр "республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган Агенттиктин каражаттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |