КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 648
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү, педагог кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну жана окуучулардын билим сапатын жакшыртууну материалдык шыктандыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн эмгек акысына ай сайын кошумча төлөмдөр төмөнкүдөй белгиленсин:
- жогорку категория үчүн - 2000 сом;
- биринчи категория үчүн - 1500 сом;
- экинчи категория үчүн - 1000 сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү жылга карата өтүнмөсүнүн негизинде республикалык бюджетте жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин квалификациялык категориясы үчүн эмгек акысына кошумча төлөм берүүгө каражат караштырсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категория алган жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине айына 2000, 1500 жана 1000 сом өлчөмдөгү төлөмдөр каралат.
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясына төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт.
Эгерде мугалимдин (окутуучунун) жумалык сабак өтүү (окутуучулук) иши 20 сааттан көп же аз болсо анда квалификациялык категориялар боюнча төлөмдөр ошого жараша азаят же көбөйөт.
1-мисал.
Кочкор айылындагы орто мектептин мугалиминин жогорку квалификациялык категориясы бар жана жумалык өтүүчү сабактары 18 саатты түзөт. Бул мугалимдин квалификациялык категориясы үчүн кошумчасы:
2000 сом х 18 саат: 20 саат = 1900 сом.
2-мисал.
Каракол шаарындагы орто мектептин мугалиминин биринчи категориядагы квалификациясы бар жана жумалык өтүүчү сабактары 25 саатты түзөт. Бул мугалимдин квалификациялык категориясы үчүн кошумчасы:
1500 сом х 25 саат : 20 саат = 1875 сом.
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн төлөмдөр квалификациялык категория алган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн эсептелет.".
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алты айдын ичинде жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин арасында ушул токтомду колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |