Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры № 802
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 502 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "бажы" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмегинин аталышындагы "бажы" деген сөз алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |