Документке
Мурунку24.06.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-июну № 353

Ломбард ишинин маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:

1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: ломбарддардын иши;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-глава менен толукталсын:

"2-1. Ломбарддардын ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

7-1. Ломбарддардын ишине берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

7-2. Ломбарддардын ишине лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:

- белгиленген формадагы арыз;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уставды кабыл алуу, аткаруу органынын жетекчисин жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрү;

- ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ломбарддын кызмат адамдары (жетекчиси жана башкы бухгалтери (бухгалтери) жөнүндө маалыматтар;

- юридикалык жактын эсеби бар экендиги жөнүндө, ошондой эле 500000 (беш жүз миң) сомду түзгөн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнөн кем эмес төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмүн коммерциялык банктын жазуу жүзүндөгү ырастоосу;

- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- юридикалык жактын уюштуруучусу үчүн: арызды берип жаткан учурда бюджет алдында карызынын жоктугу туурасында салык органынан маалымкат;

- зайым келишиминин үлгүсү;

- обочолонгон бөлүмдөрдүн тизмеси (бар болсо);

- ири габариттүү мүлктү күрөөгө кабыл алуу ниети болгон учурда, 100 (жүз) чарчы метрден кем эмес аянттагы аймагы бар экендиги жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган/күбөлөндүрүлгөн менчик укугундагы же пайдалануу укугундагы документтин көчүрмөсү кошумча берилет.

7-3. Ломбард ишине карата лицензиялык талаптар:

1) жетекчи үчүн:

- жогорку кесиптик билиминин болушу (бакалавр, магистр, адис), аны ырастаган документтердин болушу;

- соттолбогондугу же болбосо соттолгондугун жоюу же белгиленген тартипте алып салуу;

- жалпы эмгек стажы 5 жылдан кем эмес болушу керек;

2) башкы бухгалтер үчүн (штатта башкы бухгалтердин кызмат орду жок болсо бухгалтер):

- уюмдарда бухгалтердик эсеп маселелери боюнча атайын даярдыктын болушу (аны ырастаган документтердин болушу);

- соттолбогондугу же болбосо соттолгондугун жоюу же белгиленген тартипте алып салуу;

- финансы-кредиттик мекемеде бухгалтер кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

3) ломбарддын аймагына карата коюлуучу минималдуу талаптар:

- соода уюмундагы жайда, турак жайда жана башка жайларда жайгашкан ломбарддын жайы жогоруда аталган уюмдардын персоналдарынан жана кардарларынан өзүнчө бөлүнгөн болушу керек, кардарларды тейлөө ломбарддын кассалык терезеси аркылуу гана жүргүзүлүшү керек;

- ижарага алынган же өзүнчө жайгашкан курулманы, турак эмес жайларда өзүнчө кирген жери менен жайды же турак үйдө батирди ээлеген ломбард жайларынын терезесинде металл торчолор жана металл эшиктер болушу керек. Кредиттерди берүү жана кайра кайтаруу ломбарддын жайында ломбарддын кассасы аркылуу гана жүргүзүлөт;

- ломбарддын кассалык жайы өзүнчө бөлүнүшү керек, ал эми кассанын эшиги операция жүрүп жаткан мезгилде ичинен бекитилиши керек;

- чакан габариттүү мүлктү сактоо үчүн күйбөй турган металл шкаф (сейф) болушу зарыл;

4) күрөө коюучу аз көлөмдөгү мүлктү күрөөгө кабыл алууда кабыл алынган күрөө буюму сейфтин ячейкасынын номерин көрсөтүү менен күрөө коюучунун катышуусунда конвертке салынып, мөөр басылат, конверттин чапталган жерине күрөө коюучу кол коёт;

5) күрөөгө коюлган аз көлөмдүү мүлк ломбарддын өзүнчө бөлүнгөн жайында сакталышы керек.

Иш күндүн аягында бул жайдын жана ломбарддын кассасынын эшиги ачкыч менен бекитилип, ломбарддын мөөрү басылышы керек. Ломбарддын ишине тиешеси жок адамдарга бул жайга кирүүгө тыюу салынат;

6) күрөөлөрдү сактоочу жайдын, металл шкафтардын (сейфтердин) ачкычтары жана ломбарддын мөөрлөрү жетекчиде же башкы бухгалтерде (башкы бухгалтер штатынын кызмат орду болбогон учурда бухгалтер) сакталат, аларды шартталган орундарда калтырууга, бөтөн адамдарга берүүгө, же эсепке алынбаган дубликаттарын жасоого тыюу салынат;

7) Ломбарддар ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдылышы керек: стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, иштөөгө жол берилген таразалар жана гирялар (баалуу металлдан жасалган буюмдарды күрөөгө кабыл алган учурда), алтындын тазалыгын текшерүү жана бриллианттарды аныктоо үчүн аспаптар;

8) ломбарддар финансылык туруктуулукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ломбарддын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде уставдык капиталдын өлчөмүн кармоого милдеттүү;

9) коопсуздук үчүн ломбарддын аймагы сейф, телефон, коркунучта басуучу кнопка, сигнализация, видео байкоо камерасы, видео жазууларды сактоо үчүн компьютер, электр энергиясын үзгүлтүксүз жабдуу системасы, түнкү терезеси жана коңгуроосу бар брондолгон металл эшик менен жабдылышы керек;

10) ломбарддын аймагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери жана турак жай фонду үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жана колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге ылайык келүүсү керек.

7-4. Арыз ээси берилген документтерде аталган маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";

- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда N 75 жарыяланды

Премьер-министри

С. Жээнбеков

3-тиркеме

"Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 3-тиркемеси

Форма

Анкета

(сүрөт)

_______________________________________________________________________________________

(кызмат орду)

_______________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________

(ломбарддын аталышы)

1. Аты-жөнү ____________________________________________________________________________

(туулган күнү жана жери)

Паспортунун сериясы ____________ номери ___________

ким тарабынан берилген ________________ берилген датасы __________________

Жарандыгы ____________________________________________________________________________

Катталган жери боюнча үй дареги, телефонун № _____________________________________________

______________________________________________________________________________________

Иш жүзүндө жашаган жеринин үй дареги, телефонун № _______________________________________

2. Үй-бүлөлүк абалы _____________________________________________________________________

3. Жогорку билими ______________________________________________________________________

(бакалавр, адис, магистр)

______________________________________________________________________________________

дипломдун № ___________ берилген датасы _____________

ким тарабынан берилген _________________________________________________________________

Окуу жайдын аталышы жана жайгашкан жери

Факультет же бөлүмү

Тапшырган жылы

Аяктаган жылы

Алган дипломуна ылайык адистиги

Курстарда окугандыгы

Семинардын темасы

Семинардын уюштуруучусу

Өткөн жери

Өткөн датасы

Сертификатынын болушу

4. Эмгек иши башталгандан тартып аткарылган жумушу:

Жалпы эмгек стажы ______________________________________________________________

анын ичинде финансы же экономика чөйрөсүндө ______________________________________

Жумушка кирген күнү

Кеткен күнү

Ээлеген кызмат орду

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери

Жумуштан кетүүнүн себеби

5. Сиз кызматкери же мүчөсү болгон бардык башка уюмдарды, бирикмелерди, ассоциацияларды, юридикалык жактардын мекемелерин көрсөтүңүз.

Уюмдун аталышы

Уюмдун жайгашкан жери

Ээлеген кызмат орду

6. Ломбарддын кызматкерлери менен болгон туугандык байланыштарды, ломбардды контролдоочу жактар же компаниялар менен байланышты, баардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз

___________________________________________________________________________________

___________________________________________________________________________________

1. Сизде иштин ушул түрүн алып барууга тыюу салуучу соттун чечими барбы

___________________________________________________________________________________

(бар же жок)

2. Банкроттук процессте турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредиттик мекемелерге тиешеңиз барбы

___________________________________________________________________________________

(эгер болсо, анда банктын же финансы-кредиттик мекеменин аталышын, сиз ээлеген кызмат ордун көрсөтүңүз)

___________________________________________________________________________________

Мен, ______________________________________________________________________________,

(аты-жөнү)

жогоруда берилген маалыматтар анык жана толук экендигин ырастайм жана мындан ары ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анда болгон баардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдарды берүүгө милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана каталарга жол берилген болсо, бул ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия алуудан баш тартууга негиз болушу, ошондой эле мага жана ломбардга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкцияларды андан ары колдонууга алып келиши мүмкүн экендигин тааныйм.

__________________ ____-ж. "__" _______________

(колу)".

Жаңы14.12.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-июну № 353

Ломбард ишинин маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:

1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)