Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 693
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Набережный көчөсү, 300а дареги боюнча жайгашкан "Темир" мамлекеттик ишканасынын балансында турган административдик имаратты жана жанаша жайгашкан аймакты Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объект Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине административдик имарат катары ээликтен ажыратуу жана менчиктөө укугусуз пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл аймагынын Аламүдүн айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр белгиленген тартипте сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектти мамлекеттик кайра каттоо;
- объекттин сактыгын камсыздоо;
- объектти кароо жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздоо;
- объектти максаттуу багыты боюнча колдонуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектке жеке менчик укугун каттасын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С. Исаков |