Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуна) |
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-февралындагы № 77, 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 208, 2020-жылдын 24-августундагы № 434, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) баалуу металлдарды, түстүү, кара металлдарды, ошондой эле баалуу, түстүү, кара металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттоодо, ошондой эле иштетип алуу шартында, анын ичинде бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө ташып чыгарууда жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө эсепке алуу контролун жүргүзүүнү аныктайт.
2. Бул Тартиптин талаптары тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:
- баалуу металлдарды жана түстүү жана кара металлдарды камтыган кошо иргелип алынуучу металлдарды камтуучу сырьелук товарларды ташып чыгарууда;
- иштетип алуу шарттарында, анын ичинде бажы аймагынан тышкары (толлинг) кайра иштетүүгө баалуу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды ташып чыгарууда, толлингдин шарттарында рудаларды, концентраттарды жана калдыктарды камтыган металлдарды ташып чыгууда;
- баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды, баалуу металлдарды ташып киргизүүдө.
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада баалуу металлдарды ташып чыгаруу жана ташып киргизүүнүн уруксаттык тартиби Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укуктук базасына ылайык жүргүзүлөт.
3. Бул Тартиптин талаптары төмөнкү учурларда колдонулбайт:
- Кыргыз Республикасынын трансферттик баа түзүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу трансферттик баа түзүүнү (реэкспорт) контролдоодо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операцияларында.
4. Бул Тартипте колдонулган негизги түшүнүктөр:
мүчө мамлекеттер - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер;
арыз берүүчү - баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган рудага, концентраттарга жана калдыктарга (техногендик пайда болуулар) менчик укугу бар жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууга же сырттан ташып киргизүүгө аракеттенген адам;
Жер казынасын пайдалануу - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, ISO/IEC 17025 жана ISO/IEC 17020 стандарттарынын талаптары боюнча аккредитацияланган жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган сырьелук товарлардын үлгүлөрүн тандоо жана тандалган үлгүлөрдү сыноо менен алектенген юридикалык жак;
концентрат - баштапкы рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана пайдалуу кен байлыктарынын курамы жогору болгон пайдалуу кенди байыткан продукту. Эгерде өнөр жайлык баркы бар сандагы алтын камтылса - алтын концентраты;
лицензиар - үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген өзгөчө товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензия берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
руда - казып алуу экономикалык жактан пайдалуу болуп саналган металлдарды же пайдалуу минералдарды камтыган табигый минералдык түзүлүш;
кошо иргеп алынуучу металлдар - комплекстүү түрдө баалуу металлдар менен бирге аз санда рудада, концентратта жана калдыкта кездешкен казып алына турган пайдалуу металлдар;
сырьелук товарлар - рудаларда, концентраттарда жана калдыктардагы (техногендик пайда болуулар) баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган товар;
үчүнчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес мамлекеттер;
жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган - жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардын жана асыл таштардын операциялары менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 208, 2020-жылдын 24-августундагы № 434, Министрлер Кабинетинин КР 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырьелук товарларды ташып чыгаруунун тартиби
5. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырьелук товарларды ташып чыгаруу максатында арыз берүүчү эсептик контролдоо жол-жобосунан өтөт.
6. Эсептик контролдоо төмөнкүдөй процесстерден өтүүнү камтыйт:
1) классификация - рудадагы, концентраттардагы жана калдыктардагы (техногендик пайда болуулар) баалуу металлдардын жана кошо иргелип алынуучу металлдардын курамын жана санын белгилөө, ал өзүнө сырьелук товарлардын өкүлдүк сынамдарын (үлгүлөрүн) тандоо инспекциясын жана өкүлдүк сынамдарды (үлгүлөрдү) сыноо жол-жобосун камтыйт. Испекциялоо учурунда товардык эсептердин так анализи үчүн 1 тоннадан 10 тоннага чейин бардык концентраттардын түрлөрү үчүн бириктирилген бир сынам алынат.Бир вагондон 80 тоннага чейин руда үчүн – бириктирилген бир сынам, ал эми жүк ташуучу автомашиналар үчүн бириктирилген бир сынам алынат;”
2) эсепке алуу - руда, концентрат жана калдык (техногендик пайда болуулар) менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдө баалуу металлдардын жана кошо иргелип алынуучу металлдардын санын эсепке алуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Классификация процессинен өтүү максатында арыз берүүчү Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына кайрылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Классификация процесси өлкөдөн ташып чыгарылып жаткан сырьелук товардын ар бир партиясына жүргүзүлөт.
9. Классификация процессинен өтүү учурунда Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тарабынан өкүлдүк сынамдарды (үлгүлөрдү) тандоо арыз берүүчүнүн катышуусунда жана анын контролу алдында Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Сыртка ташып чыгарыла турган сырьелук товардын өкүлдүк сынамдарын (үлгүлөрүн) тандоо актысы (мындан ары - Тандоо актысы) Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тарабынан төрт нускада арыз берүүчүнүн катышуусунда түзүлөт, баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга, тиешелүү лицензия алуу үчүн лицензиялоочу органга (эгер сырьелук товар үчүнчү өлкөгө чыгарылып жатса) берүү үчүн Тандоо актысынын үч нускасы арыз берүүчүгө берилет. Бир нуска Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Тандап алынгандан кийин өкүлдүк сынам кыскартылат жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тарабынан пломба менен бекитилүүчү үлгүлөрдүн төрт нускасына бөлүнөт, зарылдыгына жараша арыз берүүчү тарабынан кошумча пломба басылат. Үлгүлөрдүн эки нускасы сыноолорду жүргүзүү үчүн Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына,үлгүлөрдүн эки нускасы арыз берүүчүгө арналат.
Сактоо мөөнөтү салык мыйзамдарына ылайык салык милдети боюнча арыздын эскирүү мөөнөтүнө барабар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө сыноо жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө тандалып алынган үлгүлөрдүн нускамаларын сыноону жүргүзөт.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы контракт боюнча жүргүзүүгө милдеттүү болгон инспекцияны өз күчү менен өткөрүүсү керек. Эгерде, инспекциялык компания субподрядчы менен инспекциялоого же сыноолорду жүргүзүүгө келишим түзүшсө, ал кепилдик бериши керек жана зарылдыкка жараша ошол маселе боюнча иш алып барууда анын субподрядчысы компетенттүүлүгү тууралуу демонстрациялоосу, тийиштүү учурларда белгиленген эл аралык стандарттарга же шайкештикти баалоо боюнча тийиштүү стандарттарга туура келген керектүү талаптарга жооп бериши керек.
1-эскертүү - Субподряд менен келишим түзүүнүн негизгиси төмөндөгүлөрдү камтышы мүмкүн: күтүлбөгөн жана ченемделбеген жүктөмдөрдү; - штаттын жетектөөчү кызматкерлеринин эмгекке жарамсыздыгын; - негизги техникалык каражаттар же жабдуулардын объекттери убактылуу пайдаланууга жараксыздыгын;
11-эскертүү - Субподряд келишимин түзүүнүн негиздери жеңилгис күчтүн кесепетинин күтүлбөгөн жагдайларын, башкача айтканда мындай шарттагы өзгөчө жана алдын алгыс жагдайларды (форс-мажор) камтышы мүмкүн;
2-эскертүү - Эгерде инспекциялык компания кошумча ресурстарды же тажрыйба берүү үчүн жеке жактарды же башка уюмдардын кызматкерлерин жалдаса, андай жактар Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясынын менеджментинин тутумуна ылайык алардын жумушу келишим менен расмий шартталган учурда субподрядчылар катары каралбайт.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы инспекциялоого же сыноолорду жүргүзүүгө субподрядчы менен келишим түзөрүн кардарга билдирүүсү керек.
Эгерде субподрядчылар инспекциялоо же сыноолорду жүргүзүү боюнча жумушту аткарса, инспекциялануучу объекттин шайкештик аныктамасынын талаптары үчүн жоопкерчиликти Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тартат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы өздөрүнүн субподрядчыларынын компетенттүүлүгүнүн талдоолорунун жана алардын эл аралык стандарттарынын же башка тийиштүү шайкештикти баалоо боюнча стандарттарынын талаптарына ылайык келген маалыматтарын жазып жана сактоосу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 208, 2020-жылдын 24-августундагы № 434, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тарабынан жүргүзүлгөн сыноонун жыйынтыгы боюнча инспекциялык компания үч нускада сыноолордун протоколун түзөт, анда Тандоо актысы боюнча толук маалыматтар жана тандап алынган үлгүлөргө жүргүзүлгөн сыноолордун маалыматтары камтылат. Протоколдордун бардык нускалары арыз берүүчүгө тапшырылат.
Салык төлөмдөрүн эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясын сыноо протоколунда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Үлгүлөрдү тандоо жана тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына сыноо жүргүзүүнүн жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына жүктөлөт.
Муну менен, үлгүлөрдү тандоо жана тандап алынган үлгүлөрдүн нускаларына сыноо жүргүзүүнүн жыйынтыктары үчүн Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясынын жоопкерчилиги жөнүндө маалымат сыноолор протоколунда көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эсепке алуу процессинен өтүү үчүн, арыз берүүчү ушул Тартиптин 17-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:
- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн билдирүү катын;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);
- Тандоо актысын жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясын сыноо протоколун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
17. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштетип алуу шарттарында рудаларды ташып чыгаруу максатында (Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизүү менен), арыз берүүчү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн билдирүү катын;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);
- тандоо актысын жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясынын сыноо протоколун.
(Абзац 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ушул Тартиптин 16-пунктунда каралгандай жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине 7 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү берет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө сырьелук товарлар ташылып чыккан учурда - сырьелук товардын саны жана андагы баалуу металлдардын курамы, Кыргыз Республикасынын аймагында бул сырьелук товарды кайра иштетүү же аны ташып чыгаруу мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө маалыматтарды камтыган эксперттик корутундуну.
Эксперттик корутунду Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык лицензиарга лицензия берүү, ошондой эле салык органына салык төлөмдөрүн эсептөө үчүн берилет.
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырьелук товарларды ташып чыгаруу жана аларды андан ары ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде ишке ашыруу учурунда - сырьелук товардын саны жана анын курамындагы пайдалуу казылып алынуучу кендер жөнүндө маалыматты камтыган эксперттик корутунду.
Эксперттик корутунду салык органына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн эсептөө үчүн берилет.
19. Арыз берүүчүгө кайра иштетүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган жыл сайын 31-декабрга чейин кийинки жылга сырьелук товарларды кайра иштетүүнүн мүмкүндүгүн/мүмкүн эместигин сырьелук товарларды кайра иштетүүчү ишканаларга суроо-талаптарды жиберүү жолу менен белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Арыз берүүчү эсепке алуу процессинен өтүү үчүн ушул Тартиптин 21-пунктунда каралгандан тышкары учурларда, баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн билдирүү катын;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);
- тышкы соода контрактынын/келишимдин көчүрмөсүн;
- тандоо актысын жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясын сыноо протоколун;
- сырьелук товарды ташып чыгаруу боюнча экономикалык маалыматтарды.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
21. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштетип алуу шарттарында рудаларды ташып чыгаруу максатында (Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизүү менен) арыз берүүчү эсепке алуу процессинен өтүү үчүн баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- сырьелук товардын аталышын, ченем бирдигиндеги саны көрсөтүлгөн билдирүү катын;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товар өндүрүлгөн кен байлыкты иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга укугу бар экенин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- ташып чыгарылуучу сырьелук товарга карата менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (сырьелук товарды башка бирөөдөн сатып алгандар үчүн);
- тышкы соода контрактынын/келишимдин көчүрмөсүн;
- тандоо актысын жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясынын сыноо протоколун;
- сырьелук товарды ташып чыгаруу боюнча экономикалык маалыматтарды.
(Абзац 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Бул Тартиптин 20-пунктунда каралган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча, баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган сырьелук товарларды андан ары сатуу үчүн мүчө мамлекеттерге же үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарылган учурда, 7 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине сырьелук товарларда камтылган баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча экспертизанын корутундусун (мындан ары - эсепке алуу боюнча экспертизанын корутундусу) берет.
23. Эсепке алуу боюнча экспертизанын корутундусунда бүтүмдүн мүнөзү, укуктук негиздери, баштапкы сырьенун көлөмү жана анда камтылган баалуу металлдар, республикалык бюджетке чегерүүлөр, ал эми сырьелук товарды үчүнчү өлкөгө сатуу үчүн ташып чыккан учурда - сырьелук товарды ташып чыгаруунун экономикалык максатка ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы тууралуу маалыматтар камтылат.
24. Эсепке алуу боюнча экспертизанын корутундусу баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн арыз берүүчүгө берилет, ал эми сырьелук товарды үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарууда лицензиярга берүү үчүн тапшырылат.
25. Сырьелук товарлар үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарылганда, эсептик контролдоонун жол-жобосунан өткөндөн кийин, арыз ээси сырьелук товарларды экспорттоону лицензиялоо жол-жобосунан өтүү үчүн лицензиарга кайрылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына сырьелук товарларды ташып киргизүүнүн тартиби
26. Кыргыз Республикасынын аймагына сырьелук товарларды ташып киргизүү үчүн арыз берүүчү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга баалуу металлдар менен операция жүргүзгөн юридикалык жана жеке ишкерлердин атайын эсебине турууга милдеттүү.
27. Арыз берүүчү сырьелук товарларды өлкөгө ташып киргизгенден кийин баалуу металлдарды эсепке алуу максатында, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар менен операция жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет. Мында эсептик контролдоодон өтүү шарты милдеттүү болуп саналбайт.
28. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген сырьелук товарлар менен андан ары операция жүргүзүүгө бул Тартиптин 26 жана 27-пункттарында каралган шарттар аткарылган учурда жол берилет.