Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 694
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
4-пунктунун биринчи абзацындагы "сыноочу инспекциялык" деген сөздөр "инспекциялык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "сыноочу инспекциялык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "инспекциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Инспекциялык компания тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноону ИСО/МЭК 17025 стандарты боюнча аккредиттелген лабораторияда (жеке менчик же тартылган) өткөрөт. Тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноо, кенди пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө жүргүзүлөт.";
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 694
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)