Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 696
Туризм объекттерин долбоорлоо жана куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 61 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 18-августундагы № 151 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жайгашкан, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына таандык болгон 4,61 га жер туризм объекттерин долбоорлоо жана куруу үчүн "Фрунзе-Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы:
- төмөнкүлөрдү камсыздасын:
жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна "Фрунзе-Резорт" жоопкерчилиги чектелген коому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзсүн.
3. "Фрунзе-Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыздоо сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |