Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 7-июлу N 445
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
1998-2000-жылдарда пенсиялык камсыздандыруу
системасын реформалоонун концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-апрелиндеги N 195 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги "Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын структурасы жөнүндөгү" жана
1998-жылдын 5-декабрындагы N 714 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 14-октябрындагы "1998-жылда мамлекеттин экономикалык саясаты жана 1997-1998-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу катын ишке ашыруу боюнча чаралардын программасы тууралуу" Указдарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндөгү" токтомдорун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1998-2000-жылдарда пенсиялык камсыздандыруу системасын реформалоонун тиркелген Концепциясы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, министрликтер менен ведомстволор реформаны жүргүзүү учурунда жана пенсия маселесин камтыган мыйзам актыларын даярдоодо ушул Концепцияны жетекчиликке алсын.
3. "2000-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында пенсия менен камсыз кылууну реформалоонун концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июнундагы N 342 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.Жумалиев
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 7-июлундагы
N 445 токтому менен
жактырылган
1998-2000-жылдарда пенсиялык камсыздандыруу
системасын реформалоонун
КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
II. Реформалоонун негизги багыттары жана принциптери
III. Корутунду
I. Киришүү
1994-жылы башталган мамлекеттик социалдык камсыз кылуунун бүткүл системасын реформалоо аны мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен финансылануучу социалдык жардамга жана иш берүүчүлөр менен граждандардын камсыздоо взносторунан финансыланып, мамлекеттик укуктук контроль астында өзүн-өзү башкаруу принцибинде жүзөгө ашырылуучу социалдык камсыздандырууга бөлүүгө мүмкүндүк берди. Бул эки багыт тең уюштуруу жагынан камсыз болгон, белгилүү укуктук базасы бар.
Мамлекеттик, экономикалык, социалдык жана психологиялык көндүм адаттар түп-тамырынан бузулган шартта, эреже катары, социалдык камсыздоо системасы өтө оор өзгөрүүлөргө дуушар болот. Социалдык камсыздандыруу деген түшүнүк өзүнө пенсия менен камсыз кылууну (карылыгы боюнча, майыптыгы, баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсия), камсыздандыруу төлөмдөрүн жана социалдык пособиелерди (убактылуу ишке жараксыздыгы, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, үй-бүлөлүк жана жумушсуздугу боюнча), ошондой эле өндүрүштөгү бөөдө кырсыкка жана кесиптик оорусуна байланыштуу пенсиялар менен пособиелерди өзүнө камтыйт.
II. Реформалоонун негизги багыттары жана принциптери
Пенсия системасын реформалоонун жолдорунун Концепциясы төмөнкүдөй үч негизги багытты карайт:
- мамлекеттик милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу;
- аскер кызматкерлерин мамлекеттик пенсия менен камсыз кылуу;
- мамлекеттик эмес ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсия системасы муундардын тилектештигинин классикалык принциптеринде түзүлгөн жана пенсиялык төлөмдөрдү учурунда каржылоого ишке жарамдуу калктын камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүшүн карайт. Ошентип, мамлекеттин экономикалык абалына жана калктын иш менен камсыз болуу деңгээлине карабастан, пенсиялык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер сакталып жана инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланууга тийиш. Ушундан улам системанын коомдук мамилелердин рынок шартына жаңыча жана табигый жактан ыңгайлашуу талабынын дайындалган пенсиялар боюнча мамлекеттин милдеттенмелерди камсыз кылуу, келечек муундардын топтогон пенсиялык каражаттарынын сакталышын жана индексацияланышын камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн бүткүл финансы системасынын туруктуулугун сактоо үчүн зор мааниси бар.
Камсыздандырылгандардын жекече жоопкерчилигинин өсүшүнө пенсиялык төлөмдөрдүн төгүлгөн камсыздандыруу взносторунун жана камсыздандыруу иш стажынын өлчөмүнө так ылайык келишине негизделген пенсиялык камсыздандыруу системасын түзүү эарыл.
Республикабызда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасы дал ушундай үлгү боюнча, этап-этабы менен реформаланат.
1997-жылдын 21-июнунда кабыл алынган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик милдеттүү пенсиялык камсыздандыруунун мыйзамдык негизи болуп саналат, анын эң принциптүү жобосунун мурдагылардан айырмасы пенсиянын камсыздандыруу принциби боюнча дайындалышында же камсыздандырылуучунун жеке эсебине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүү фактысына толук көз карандылыгында турат.
1998-жылы мамлекеттик милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу системасына 542,7 миң киши камтылган, пенсияларды камсыздандырууга каражаттардын жылдык керектелиши "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга индексациялаган түзөтүү коэффициенттерин белгилөө жөнүндөгү" мыйзамды ишке ашыруу зарылчылыгын жана пенсияны жеткирүү жана төлөп берүү системасын тейлөө боюнча чыгымдарды эске алганда 2562,4 млн. сомду түзөт. Каражаттардын керектелүүчү жалпы суммасынын 344 млн. сомун (13%тин) республикалык бюджеттен берилген субвенциялар жабат, калган каражаттарды Социалдык фонд өз кирешелеринин эсебинен камсыз кылууга тийиш. 1997-жылга салыштырганда камсыздандыруу взносторун 34%ке көп чогултуу зарыл, бул финансы министрлигинин прогноздук баалары боюнча эмгек акы фондусу 19%ке жана калктын иш менен камсыз болушу 1,8%ке өскөндө камсыз кылынат.
Жекече эсепке алуу
Пенсиялык фонддун бюджетинин балансташуу проблемасын чечүү, пенсияларды дайындоонун камсыздандыруу принциптерин ишке ашыруу зарылчылыгы граждандарды Жекече каттоого алуу жана жеке камсыздандыруу эсептерин киргизүү жолу менен камсыздандыруу взносторун чогултуу базасын кеңейтүүнү талап кылды.
Республикада граждандарды жекече каттоого алуу 1996-жылдын 1-январында башталган, бул үчүн граждандардын камсыздандыруу тобокелдигинин бардык формалары боюнча социалдык коргоого укуктарын ырастаган документ болуп саналган "Социалдык коргоо күбөлүгү" киргизилген болучу. 1998-жылдын 1-апрелине карата иштеген 1670 миң граждандын 805 миң кишиси жекече эсепке алынган, жеке камсыздандыруу эсептерин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Калктын буга камтылбаган көпчүлүк бөлүгү экономиканын формалдуу эмес секторунда (жекече ишкердик кылган, жеке чарбасында жана фермер (дыйкан) чарбаларында) иштегендер болуп саналат.
Экономиканын формалдуу эмес секторунда иштеген адамдарды каттоо жана төлөмгө тартуу максатында Социалдык фонд Финансы министрлигинин Салык инспекциясы менен бирдикте пайдаланган салык төлөөчү болуп саналган юридикалык жактарды жана адамдарды, камсыздандыруу взносторун төлөөчүлөрдүн жана камсыздандырылган граждандардын маалыматтар базасын түзүүгө өтүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иш социалдык камсыздандыруунун бирдиктүү ачык маалымат системасын түзүүгө жана жергиликтүү маалымат системаларын түзүүдө зарыл болгон кыйла финансы ресурстарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Жекече эсепке алуу аркылуу төлөм төлөөчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү жана адамдардын жана юридикалык жактардын, салык төлөөчүлөрдүн, камсыздандыруу взносторун төлөөчүлөрдүн жана камсыздандырылган граждандардын маалымат базасын пайдалануу иш берүүчүлөрдөн камсыздандыруу взностордун тарифтерин этап-этабы менен кыскартуу процессин баштоого төмөнкүчө мүмкүндүк берет:
- взностор өз учурунда келип түшүшүнө иштеп жаткан адамдын таламдаштыгына дем берүү үчүн ага төлөмдөр боюнча жүктүн бир бөлүгүн бара-бара которуу жана пенсия дайындоонун камсыздандыруу принциптерин иш жүзүнө ашыруу;
- бошотулган каражаттарды өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшоо үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тариф ставкасын толук азайтуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү же эмгек акыны жогорулатуу.
Бюджеттин финансылык туруктуулугу
Социалдык фонддун бюджетинин финансылык туруктуулугунун проблемалары анын кирешелүү, ошондой эле чыгашалуу бөлүгүн реформалоону талап кылат.
Бухгалтердик эсеп жана финансы ресурстарын башкаруу системасы реформалоо башталганга чейин эсептердин ачыктыгын жана Пенсия фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылган эмес, бухгалтердик эсептин жана финансы башкаруусунун маалыматтарын шайкеш келтирүү, кайчылаш акча агымдары, эсептердеги каражаттардын токтотулушу келип чыккан, булар банктар байышына жана Пенсия фондунун жоготууга дуушарланышына көмөкчү болгон. Бардык камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу жана аларды пайдалануу багыттары боюнча бөлүштүрүү областтык деңгээлде жүзөгө ашырылган.
1997-жылдан тартып Социалдык фонддун финансысын башкаруу схемасы өзгөртүлүп, бухгалтердик эсепти реформалоо башталды. Бюджетти пландаштыруунун, финансы ресурстарынын кыймылынын жаңы принциптери киргизилди, бухгалтердик эсептин жаңы системасы киргизилди, ал электрондук маалымат базасында курулган. Эсепке алуунун жана финансылоонун жаңы шарттарында иштөө үчүн кадрларды даярдоо жүргүзүлүп жатат.
Финансы ресурстарын башкаруу системасын реформалоону Социалдык фонд чыгымдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун буйруктары боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн болгон борбордук аппараттын бирдиктүү топтоо эсебиндеги финансыларды толук борбордоштуруудан, банктык тейлөөнүн оперативдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуудан баштады. Ошонун өзү менен башкы банктан райондордун негизиндеги кирешелер жөнүндө маалыматты күн сайын алуу жана чыгымдардын конкреттүү статьяларын финансылоо жөнүндө буйруктарды жиберүү мүмкүнчүлүгү алынды, бул акча каражаттарынын кайчылаш агымын, камсыздандыруу взносторун максатсыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, Социалдык фонддун каражаттарын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алып коюшунун учурларын четтетти.
Финансыны башкаруунун жаңы схемасын тейлөө үчүн Социалдык фонд маалымат агымдарынын системасын киргизди, ал райондордун жана областтардын негизинде каражаттардын келип түшүшүнө жана чыгымдалышына контролдук кылуу мүмкүнчүлүгүн берди. Системанын маңызы эсептешүүнүн бардык формалары боюнча алынган кирешелер (банк аркылуу, товар, өз ара эсептешүү менен) жана жумшалган чыгымдар (пенсия төлөмдөрү, байланыш түйүндөрү менен эсептешүү, аппаратты күтүү жана башкалар) жөнүндө билдирүүлөрдү жер-жерлерден декада сайын берүүдө турат.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келип түшүшүнө контролдук кылуу жана анын оперативдүүлүгү, Социалдык фонд алдындагы карыздар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн ар айдагы отчеттуулукка өтүү үчүн программалык камсыз кылуу иштелип чыккан. Система бардык камсыздандыруу фонддору боюнча эсептердин ачыктыгын жана аны иштетүүгө эмгек чыгымдарын көп эсе азайтууну камсыз кылат.
Төлөм төлөөчүлөрдүн бир айдагы маалыматтарынын, эсепке каражаттар келип түшүшүнүн банктык эсебинин жыйынтыктарынын жана Байланыш министрлиги менен Социалдык фонддун маалыматтары боюнча иш жүзүндө жүргүзүлгөн пенсиялык төлөмдөрдүн негизинде Пенсиялык фонддун бюджети аткарылышынын жыйынтыктарын автоматтык түрдө калыптандыруу үчүн программалык камсыз кылуу иштелип чыгууда.
Мындан тышкары, пенсия чыгымдарын камсыздандыруу принциптерин жүзөгө ашыруу аркылуу төмөнкүдөй багыттар боюнча ыңгайлаштыруу сунуш кылынууда:
- 1996-жылдагы эмгек акы жана эмгек стажы боюнча дайындалган пенсиянын өлчөмүн эсептөө же жекече эсептеги каражаттарды топтой баштоо үчүн эмгек стажы боюнча жеңилдиктер системасын кайра карап чыгуу;
- пенсияны дайындоонун эмгек акыга негизделген эски схемасынан ар бир адамдын төлөмдөрү топтолгон жекече эсептердин жаңы системасына, төлөмдөр менен кирешелерди байланыштырган системага өтүү;
- ишканаларды жоюу жана өзгөртүп түзүү жол-жоболорун толук жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду менен карым-катышын кеңейтүү, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыз суммаларын, кийинчерээк жеңилдетилген пенсияны төлөөгө топтолгон каражаттарды, эмгек майыптыгы жана кесиптик ооруга чалдыгуу боюнча, калктын социалдык жактан чабал катмарларын колдоо үчүн Социалдык фондго берилүүчү ишканалардын акцияларынын пакетин башкаруу механизмин иштеп чыгуу боюнча үстөк акыларды Социалдык фондго которуу;
- иштеп жаткан адамдардын Пенсиялык фондго салымдарын отчеттук жылда иш жүзүндө түзүлгөн инфляция деңгээлине ылайык жыл сайын индексациялоо;
- фермер (дыйкан) жана жекече көмөкчү чарбаларда иштеген адамдардан взносторун алуу системасын өркүндөтүү, төлөнгөн взностордун өлчөмү менен алган пенсиянын, камсыздандыруу пособиесинин бардык түрлөрүнүн суммасынын ортосундагы өз ара байланышты дайыма камсыз кылуу;
- өткөөл мезгилде пенсионерлерди мамлекеттик колдоонун булагы катары пенсиянын базалык бөлүгүнүн абсолюттук өлчөмүн Республикалык бюджеттен алынган субвенциянын көлөмүнө ылайык этап-этабы менен азайтуу саясатын жүргүзүү;
- республиканын бардык региондору үчүн пенсияны дайындоону Бишкек шаарына борбордоштуруу боюнча программалык камсыз кылууну иштеп чыгууну аяктоо. Буга байланыштуу жаңы пенсияларды дайындоо ишин жүргүзө турган Пенсия дайындоо боюнча борборду түзүү, ошондой эле дайындалган пенсионерлер боюнча маалымат базасын түзүү жана аны чыккандар жана пенсия курагына жеткендер боюнча оңдоо сунуш кылынат;
- дайындалган пенсиялар, учурдагы финансылоо жана жер-жерлерде каражаттарды пайдалануу боюнча берилүүчү маалыматтардын оперативдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык камсыздандыруу системасын электрондук байланыш боюнча тейлөөгө которуу;
- пенсиялык камсыздандырууга тарифтерди иш берүүчүдөн иштеген адамга бара-бара бөлүштүрүүгө өтүү, взностордун катышын 2:1ге жеткирүү;
- "Өндүрүштөгү кокустуктан жана кесиптик оорудан камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү, ал иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен бир жолку төлөмдүн өлчөмүн төмөндөтүү зарылчылыгын карайт, бул майыптыктын оорчулук даражасына жараша жапа тарткан адамдын орточо жылдык эмгек акысынын 20дан 30 эсеге чейинки өлчөмүндө дифференцияланат;
- пенсиялык камсыздандыруунун мамлекеттик кайра бөлүштүрүү системасын турукташтыруу үчүн эркектер жана аялдар үчүн пенсия курагын этап-этабы менен көбөйтүү жана иштеген пенсионерлер үчүн айрым чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга кайрылуу зарыл;
Республикалык бюджеттен субвенцияларды жыл сайын төмөндөтүү жана 2005-жылга карата финансылоону толугу менен токтотуу (1997-жылы - 446 миллион сом, 1998-жылы - 344 миллион сом, 1999-жылы - 300 миллион сом, 2000-жылы - 250 миллион сом, 2001-жылы - 200 миллион сом, 2002-жылы 150 миллион сом, 2003-жылы - 100 миллион сом, 2004-жылы - 50 миллион сом);
- пенсиянын толук өлчөмүнө чектөөлөрдү бара-бара алып салуу. Жаңы пенсия мыйзамы кабыл алынганга чейин пенсия эсептелген эмгек акынын орточо өлчөмү эң аз эмгек акынын 40 эсе өлчөмү менен, 1997-жылдын 1-октябрынан тартып 15 эсе өлчөмү менен чектелген, кийинчерээк, келип түшкөн камсыздандыруу взносунун толук суммасынан пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жекече эсепке кошууга байланыштуу пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү басымдуулук кылышына жараша чектөө алып салынат;
- "Атайын төлөм каражаттарын алмаштыруунун жүрүшүндө сатылбаган менчиктештирүү купондорун калктын социалдык жактан чабал катмарын колдоо максатына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 27-сентябрындагы Указына ылайык Социалдык фондго бөлүнгөн баалуу кагаздарды башкаруу боюнча ишти баштоо. Бул жөнөкөй акциялар эмгек майыптыгына же кесиптик ооруга чалдыккан адамдардын пенсиясын жана аларга үстөк акыны, ишсиз адамдар жана майыптар пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгышын финансылоо үчүн каралган болучу;
- кошумча мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу схемасын иштеп чыгуу, ал эң аз эмгек акынын 40 өлчөмүндө киргизилген чектен ашкан граждандардын кирешелеринин суммасын камтыйт жана пенсионерлерди жеңилдик категорияларына бөлбөстөн толугу менен пенсия төлөөгө жумшалат;
- бухгалтердик эсептин жаңы системасын киргизүү Бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келген, бухгалтердик жана финансылык отчеттордун маалыматтарынын толук кат-кабарын камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептеринин жаңы планын, кирешелер жана чыгашалар боюнча бухгалтердик баланстын жаңы формасын эксперттер менен бирдикте иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу.
2. Аскер кызматчыларын мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу
Аскер кызматкерлерин мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Пенсиянын жана аларга үстөк акынын жогорулашы эң аз эмгек акыны жогорулатуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор
Кыргыз Республикасында, ошондой эле пенсия системасын реформалаган бардык өлкөлөргө Мамлекеттик эмес пенсия фондун түзүү маселеси келип чыкты.
Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жана Социалдык фонд менен иштеген эксперттердин позициясын изилдеп чыгып, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу социалдык камсыздандыруунун мамлекеттик системасына ыктыярдуу, кошумча болуп саналат деген чечим кабыл алынды. Мамлекеттик эмес пенсия фонддору жөнүндө Мыйзамдын долбоору даярдалды жана республикадагы пенсия системасын реформалоого Азиялык Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун чектеринде эксперттер менен бирдикте талкууланат жана Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына жиберилет.
"Мамлекеттик эмес пенсия фонддору жөнүндө" Мыйзамды ишке ашыруу үчүн бул мыйзамга караштуу актылардын пакетин иштеп чыгуу зарыл, алар жекече пенсиялык схемалардын ишинин айрым багыттарын жөнгө салмакчы:
- Мамлекеттик эмес пенсия фонддорунун ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо;
- Пенсия эсебине кирешелерди эсептөө тартиби жөнүндө нускоо;
- Кошумча пенсияларды төлөө тартиби жөнүндө нускоо;
- Эсептердин жана бухгалтердик отчеттуулуктун формаларынын планы;
- Мамлекеттик эмес пенсия фонддорундагы бухгалтердик эсеп системасы боюнча нускоо;
- Пенсия системаларынын типтүү түрлөрү;
- Иштин жалпы эрежелери;
- Салымдарды индексациялоо механизмдери;
- Камсыздандыруунун типтүү келишими;
- Мамлекеттик эмес пенсия фонддордун активдерин диверсификациялоо жөнүндө типтүү талаптар;
- Камкордук (Байкоо) Кеңештери жөнүндө жобо.
Аталган мыйзам долбоорлорун кабыл алуу ыктыярдуу негизде пенсияларды финансылоонун топтоо принциптерин өнүктүрүүнүн башталышы болуп калат.
III. Корутунду
Рынок экономикасынын шартында реформада белгиленген үч деңгээлдүү пенсия системасын түзүү мамлекеттик гарантияларды эске алуу менен ыктыярдуу алынуучу топтоо укуктары менен айкалышта бөлүштүрүү системасында иштелип чыккан граждандардын пенсия укуктарын коргоого мүмкүндүк берет.