Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январы № 5
Энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук маселелерин илгерилетүүнү координациялоо жана натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 "Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Энергетика жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясатын пландоо программасынын иш-чаралар планында:
1) бүткүл тексти боюнча "ЭӨМ" деген аббревиатура "ӨЭЖМК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
2) I бөлүмүндө:
- 1-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктунда:
"Чаралар/Аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өндүрүштө, ЭЖБдан өндүрүлө турган энергияны кайра түзүүдө жана берүүдө колдонулуучу технологиялык жабдыктарды импорттоо үчүн преференциялар механизмин иштеп чыгуу";
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ" деген аббревиатура алып салынсын;
- 4-пунктундагы "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2017-жылдын II кварталы";
- 5-пунктунда:
"Чаралар/Аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭСКО ишине дем берүү механизмин иштеп чыгуу";
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунда:
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7. Ишканалардын жана чарбакер субъекттердин көрсөткүчтөрү жана ЭҮ менен ЭМ индикаторлору боюнча отчеттун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана киргизүү | ӨЭЖМК менен УСКнын ортосунда энергетикалык текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин ЭҮ жана ЭМ боюнча статистикалык отчеттун формаларын жана методикасын иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2017-жылдын II кварталы | ОЭР өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы жана аларды ишканалар менен уюмдарда пайдалануунун майнаптуулук көрсөткүчтөрү жөнүндөгү мамлекеттик статистикалык отчет жүргүзүүнү камсыздоо | ӨЭЖМК, УКС (макулдашуу боюнча) |
";
3) II бөлүмүндө:
- 1-пунктунда:
"Чаралар/Аракеттер" графасындагы "ЭӨМдүн алдындагы "Энергия" КИТБнын" деген аббревиатуралар жана сөздөр "ЭӨЖМКнын алдындагы КИИИЭЭ" деген аббревиатуралар жана сөз менен алмаштырылсын;
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
"Чаралар/Аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭҮ боюнча экономикалык дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана бюджеттик уюмдардын энергиялык майнаптуулугун жогорулатуу";
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"
4. 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасынын экинчи этабын иштеп чыгуу | 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасын актуалдаштыруу жана мониторинг жүргүзүү | 2017-жылдын IV кварталы | Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергия үнөмдөөнүн потенциалын жана экономиканын энергиялык майнаптуулугун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнү азайтуу | Эл аралык долбоорлордун көмөгү менен ЭӨЖМК |
5. Энергияны үнөмдөөчү иш-чаралардын эсебинен бюджеттик уюмдарда электр энергияны керектөөнү азайтуу | Чыңалуу лампаларын энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | 2016-2017-жылдар | Электр энергияны керектөөнү азайтуу | ӨЭЖМК, министрликтер жана ведомстволор, Улуттук энерго холдинг (макулдашуу боюнча) |
";
4) III бөлүмүндө:
- 1-пунктунун "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭӨМ CASEP, БУУӨП, Экологиялык кыймыл "БИОМ" деген аббревиатуралар жана сөздөр "ӨЭЖМК эл аралык долбоорлорунун көмөгү менен, "БИОМ" экологиялык кыймылы" деген аббревиатуралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
5) кыскартуулардын тизмесиндеги бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ӨЭЖМК - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |