Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 457
Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жанүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Он-Эки-Бел айыл аймагынын 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 36 токтомун, Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 13-5 токтомун, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-декабрындагы № 106 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 625-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл аймагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттак фондунун 25,0 га, анын ичинен № 1301 контурундагы 5.7 га, № 1234 контурундагы 6,7 га, №. 1275 контурундагы 2,9 га, 389 контурундагы 5,0 га жана 394 контурундагы 5,0 га кайрак айдоо жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттак администрациясы темөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгертүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул, токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министри | С.Жээнбеков |