Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык коштоо жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "бажы органынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.";
- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бажылык коштоо менен байланышкан кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин регламенти бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан белгиленет.
4. Товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажылык коштоо бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 9-пунктта:
биринчи абзацындагы "бажы иши чөйрөсүндө" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товарларды ташуучу транспорттун туруп калуусун болтурбоо максатында БКАПнын иши күнү-түнү режиминде жүзөгө ашырылууга тийиш.";
- 10-пункттун экинчи абзацындагы "бажы иши чөйрөсүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- 11 -пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын кызмат адамдарын тартууда бажылык коштоону уюштуруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан буйрук түрүндө кабыл алынат.";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бажы кезметин алмаштыруу пункту (зарыл болгон учурда);".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |