Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 65
Координациялык кеңештин ишин координациялоону, оптималдаштырууну күчөтүү, макроэкономикалык жана инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамында:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кеңештин төрагасынын орун басарлары";
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 2-главасынын онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-главасынын төртүнчү, сегизинчи-онунчу, он бешинчи-он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-главасында:
үчүнчү абзацындагы "Кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу мамлекеттик тышкы инвестициялардын долбоорлорун жактыруу маселелеринен тышкары" деген сөздөр алынып салынсын;
бешинчи-он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-главасындагы бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |