Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 10-апрели № 194

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 156 "Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Транспорт каражаттарына каттоо документтерин берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 156 "Транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү жөнүндө'' токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) транспорт каражаттарын кайра каттоо транспорт каражаттарынын ээлеринин каалоосу боюнча каттоо документинин "өзгөчө белгилер" графасына тиешелүү жазуу киргизүү менен каттоо документин алмаштырбастан жүргүзүлөрү белгиленсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 2-апрелинен тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков