Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 176
Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
Запастагы жерлерди пайдаланууга жана түзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 636 "Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун жактыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги запастагы жерлерди түзүүнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 13-апрелинде N 31 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 токтому менен бекитилген |
Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35, 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер запастагы жерлер болуп саналат. Ал жерлер мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
3. Запастагы жерлерди пайдалануунун негизги максаты болуп айыл чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, жер казынасын пайдалануу (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка максаттар эсептелет.
2. Запастагы жерлерди берүү жана түзүү
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду айыл чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, жер казынасын пайдалануу (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) үчүн пайдаланууга берүү жер участогунун аймактык тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду башка максаттарда пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
5. Запастагы жерлер категориясындагы жер участоктор жер казынасын пайдаланууга (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө" токтомунда каралган тартипте берилет.
6. Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин талаптарын эске алуу менен берилип жаткан жер участокту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык которгондон (трансформациялагандан) кийин жүргүзүлөт.
7. Запастагы жерлерден жер участогун берүү жөнүндө өтүнүч кызыкдар жак тарабынан (мындан ары - арыз ээси) жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берилет.
8. Өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- жер участогун пайдалануунун максаты;
- жер участогу жайгашкан жер жана өлчөмү;
- суралып жаткан аянтка экономикалык жана башка негиздеме;
- жер участогун пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү жана шарттары;
- жер участогун алууга чектөөлөрдүн жоктугу.
9. Өтүнүчкө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөсү; юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтери жана юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк тиркелет.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрация документтер келип түшкөндөн кийин үч күндүн ичинде курамына кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү, айыл чарба жана суу чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, керектүү учурда башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн киргизүү менен Комиссия түзөт.
11. Комиссия он күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
1) запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Мында пландык-картографиялык материалды, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын корутундуларын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы үчүн жерге жайгаштыруу ишин түзүүгө зарыл болгон башка документтерди тиркөө менен жер участогун изилдөө (тандоо) актысы (үч нускада) түзүлөт;
2) өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө.
Мында өтүнүчтү четке кагуу негизделиши керек.
12. Комиссиянын чечими Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана чечим чыгарылгандан кийин үч күндүк мөөнөттө арыз ээсине жөнөтүлөт.
13. Комиссия өтүнүчтү кароо учурунда арыз ээсин чакырууга укуктуу.
14. Комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кароо үчүн тийиштүү материалдарды жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Запастагы жерлерди түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жолу менен жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Райондун аймагында жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация чыгат.
Жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз беришет.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоо) демилгелөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 176
Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Запастагы жерлерди пайдалануу жана түзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 100-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 636 "Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун жактыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги запастагы жерлерди түзүүнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 13-апрелинде N 31 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 токтому менен бекитилген |
Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35, 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер запастагы жерлер болуп саналат. Ал жерлер мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
3. Запастагы жерлерди пайдалануунун негизги максаты болуп айыл чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, жер казынасын пайдалануу (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка максаттар эсептелет.
2. Запастагы жерлерди берүү жана түзүү
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду айыл чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, жер казынасын пайдалануу (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) үчүн пайдаланууга берүү жер участогунун аймактык тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду башка максаттарда пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Запастагы жерлер категориясындагы жер участоктор жер казынасын пайдаланууга (пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфраструктуралык объекттерди куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө" токтомунда каралган тартипте берилет.
6. Запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 34-беренесинин талаптарын эске алуу менен берилип жаткан жер участокту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык которгондон (трансформациялагандан) кийин жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Запастагы жерлерден жер участогун берүү жөнүндө өтүнүч кызыкдар жак тарабынан (мындан ары - арыз ээси) жергиликтүү мамлекеттик администрацияга берилет.
8. Өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- жер участогун пайдалануунун максаты;
- жер участогу жайгашкан жер жана өлчөмү;
- суралып жаткан аянтка экономикалык жана башка негиздеме;
- жер участогун пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү жана шарттары;
- жер участогун алууга чектөөлөрдүн жоктугу.
9. Өтүнүчкө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөсү; юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтери жана юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк тиркелет.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрация документтер келип түшкөндөн кийин үч күндүн ичинде курамына кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү, айыл чарба жана суу чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, керектүү учурда башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн киргизүү менен Комиссия түзөт.
11. Комиссия он күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
1) запастагы жерлер категориясындагы жер участокторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Мында пландык-картографиялык материалды, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын корутундуларын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы үчүн жерге жайгаштыруу ишин түзүүгө зарыл болгон башка документтерди тиркөө менен жер участогун изилдөө (тандоо) актысы (үч нускада) түзүлөт;
2) өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө.
Мында өтүнүчтү четке кагуу негизделиши керек.
12. Комиссиянын чечими Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана чечим чыгарылгандан кийин үч күндүк мөөнөттө арыз ээсине жөнөтүлөт.
13. Комиссия өтүнүчтү кароо учурунда арыз ээсин чакырууга укуктуу.
14. Комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кароо үчүн тийиштүү материалдарды жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)