Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 197
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында аралыктан билим берүү технологиясын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмегинде:
2-главасынын "Айыл чарба" позициясындагы "сырттан" деген сөз алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |