КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 225
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариатты түзүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариат жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариатты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариатты түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |