Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгым тарткан адамдарга же жакын туугандарына бир жолку төлөм берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун (мындан ары - МКБ) тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарга бир жолку төлөм берүү (мындан ары - бир жолку төлөм) Кыргыз Республикасынын аймагында алыш-бериш эсебине которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын кайтыш болгон фактысын ырастоодо МКБга көмөк көрсөтүшөт.
II. Бир жолку төлөм алуу укугу
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайгыш болгон жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан адам же бир жакын тууганы (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алууга укуктуу.
6. Акы төлөө фактысын ырастоочу документ таризделген бир адам гана алуучу болуп саналат.
7. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча алуучунун атынан башка адамдар дагы төлөмдөрдү ала алат.
8. Бир жолку төлөмдү алуу арызы Кыргыз Республикасынын жараны кайтыш болгон күндөн тартып үч айдан кем эмес мөөнөттө МКБ берилүүгө тийиш.
III. Алуучунун бир жолку төлөмдү алуу үчүн кайрылуу тартиби
9. Бир жолку төлөмдөрдү алуу үчүн алуучу паспортун көрсөтүү менен, ушул Нускаманын 1 же 2-тиркемесине ылайык МКБнын директорунун наамына арыз жазат.
10. 1 же 2-тиркемеге ылайык берилүүчү арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) эгерде алуучу жакын тууганы болуп саналса, анын ичинде сөөктү жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан адам болсо:
- алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- туугандыгын тастыктаган документтердин (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк) көчүрмөсү;
- кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсү.
2) эгерде алуучу сөөктү жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан кайтыш болгондун жакын тууганы эмес адам болуп саналса:
- алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсү;
- расмий коштомо документтер (транспорт кызматын көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп барууга берилген ишеним кат, табыттын жабылгандыгы жөнүндө акт, ошондой эле кайтыш болгондо инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалымкат);
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдар алуучу тарабынан төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер.
11. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгү репатриациялана элек болсо, алуучу ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө арызды жана кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктү милдеттүү түрдө берет. Мында алуучу кайтыш болгон адамдын жакын тууганы гана болушу мүмкүн.
12. Эгерде алуучу кайтыш болгондун жакын тууганы болбосо жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан түздөн-түз чыгымдарды тарткан адам болуп саналса, анда сөөктүн чет мамлекеттин аймагында жайгашкан жеринен баштап Кыргыз Республикасынын аймагындагы акыркы дайындалган пунктуна чейин жеткирүү менен байланышкан документ түрүндө ырасталган чыгымдар компенсацияланат. Мында төлөмдүн жалпы өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген бир жолку төлөмдүн өлчөмүнөн ашпашы керек.
Эгерде алуучу кайтыш болгондун жакын тууганы жана түздөн-түз чыгымдарды тарткан адам болуп саналса, анда ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө бир жолку төлөм берилет.
13. Берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алуучуга жүктөлөт.
14. Арыз берилген жери боюнча МКБда өзүнчө журналда, арыз ээсинин аты-жөнүн (толугу менен), катталган дарегин, иш жүзүндө жашаган дарегин жана берилген документтердин тизмегин көрсөтүү менен катталат.
IV. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча арыздарды кароонун жана чыгымдарга компенсация төлөөнүн тартиби
15. Ушул Нускаманын 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн бир жолку төлөм үчүн зарыл болгон документтердин түп нускаларын МКБ кабыл алат.
Бир жолку төлөм үчүн зарыл болгон документтердин түп нускалары жана берилген документтердин көчүрмөлөрү эки жыл бою сакталат.
16. МКБ арызды алгандан кийин, тапшырылган документтердин толуктугун, аныктыгын текшерет, үч жумушчу күндүн ичинде арызды карап чыгат жана чечим кабыл алат.
17. МКБ төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) бир жолку төлөм берүү жөнүндө (он чечим);
2) төлөм берүүдөн баш тартуу жөнүндө (терс чечим), эгерде:
- кайтыш болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо;
- ушул Нускаманын 10-пунктунда каралган зарыл болгон документтер жок болсо.
18. МКБнын чечими протокол түрүндө таризделет жана алуучу кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө бир күндүк мөөнөттө кабарланат.
19. Алуучуга бир жолку төлөм берүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда МКБ үч жумушчу күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн алуучунун банктагы алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которот.
20. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле, айып санкцияларын эске алуу менен алынган сумманы өндүрүү боюнча МКБ сот органдарына кайрылууга укуктуу экендиги эскертилет.
21. Эгерде чет өлкөдө кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү репатриациялана элек болсо, алуучу МКБга кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктү, кайтыш болгондун сөөгүн жеткирүүнү тастыктаган расмий документтерди акча каражаты алынган күндөн тартып бир календардык айдын ичинде берет.
Документтер өз убагында берилбеген учурда МКБ берилген сумманы өндүрүү жана алуучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо жана сот органдарына кайрылат.
22. МКБнын бир жолку төлөм берүү жөнүндө арызды кароо учурунда кабыл алынган чечимине сот тартибинде даттанууга болот.
23. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана (же) анын кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) даттануу тартиби "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
1-тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жаранынын сөөгүн репатриациялоо чыгымдарын компенсациялоо боюнча бир жолку төлөмдү алууга АРЫЗ
Мен, _____________________________________________________________________________________
алуучунун аты-жөнү
_________________________________________________________________________________________
алуучунун паспортундагы маалыматтар

Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жаранынын сөөгүн,

кайтыш болгон жарандын аты-жөнү

жаран кайтыш болгон өлкө
мекенине жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды төлөгөндүгүмө байланыштуу, __________

банктын реквизиттери
банктагы алыш-бериш эсеп аркылуу бир жолку төлөм алуу мүмкүндүгүн карап берүүңүздү суранам.
Алуучунун жашаган дареги ___________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
Алуучунун катталган дареги __________________________________________________________________

Алуучунун иштеген жери _____________________________________________________________________

Алуучунун байланыш маалыматтары __________________________________________________________

(үй, жумушчу, мобилдик телефондорунун номери, e-mail)
Төмөнкү документтерди тиркейм:
c алуучунун паспортунун көчүрмөсүн;
c туугандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн: никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү
тууралуу күбөлүк (эгерде алуучу жакын тууган болсо);
c кайтыш болгондугу тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсү;
c расмий коштомо документтер: транспорт кызматын көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп барууга
берилген ишеним кат, табыттын жабылгандыгы жөнүндө акт, ошондой эле кайтыш болгондо
инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалымкат (алуучу жакын тууганы болбогон учурда гана);
c Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен
байланышкан чыгымдар алуучу тарабынан төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер
(алуучу жакын тууганы болбогон учурда гана).
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мага бир жолку төлөмдү берүүдөн баш
тартылышы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилдим.
Берилген документтердин аныктыгын жана камтылган маалыматтардын тууралыгын тастыктайм.
____________________________________________________________________________________________
Колу, аты-жөнү кызмат адамынын көз алдында коюлат жана жазылат.
Арызды кабыл алдым жана берилген документтерди текшердим

кызматкердин кызмат орду жана колу
20__-жылдын "____" ________________
2-тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жаранынын сөөгүн жеткирүү үчүн бир жолку төлөмдү алууга АРЫЗ
(кайтыш болгондун жакын туугандары үчүн гана)
Мен, __________________________________________________________________________________________
алуучунун аты-жөнү
_______________________________________________________________________________________________

мекенине жеткирүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды төлөгөндүгүмө байланыштуу, _______________

Алуучунун жашаган дареги ________________________________________________________________________

Алуучунун катталган дареги _______________________________________________________________________

Алуучунун иштеген жери __________________________________________________________________________

Алуучунун байланыш маалыматтары _______________________________________________________________

c туугандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү
тууралуу күбөлүк).
Мында, бир календардык айдын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын кайтыш болгондугу
тууралуу нотариустан алынган күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүгө милдеттенем
______________________________________________________________________________________________.
аты-жөнү
Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жоопкерчилик тарта тургандыгым, ошондой эле айып санкцияларын эске алуу менен алынган сумманы
өндүрүү боюнча МКБ сот органдарына кайрылууга укуктуу экендиги тууралуу эскертилдим.

_____________________________________________________________________________________

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-августундагы № 450 токтомунун редакциясына ылайык)

81. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде бир жолку төлөмдү алуу үчүн МКБга арыз берүү мөөнөтү режим аяктаганга чейин узартылат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн жеткирүүгө байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку компенсация алуу ниетин билдирген жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими жокко чыгарылган күндөн тартып эки айдын аралыгында МКБга арыз берүүгө милдеттүү.