Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июну № 263
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө'' токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:
- IV бөлүмүнүн 4.2-главасынын төртүнчү абзацы "укуктук тематика боюнча социалдык роликтерди түзүү жана көрсөтүү" деген сөздөрдөн кийин "; (ж) окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды өткөрүү" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 1.10-пунктундагы "УКМК," деген аббревиатура алып салынсын;
- 2.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 2.9-пункту "БШК (макулдашуу боюнча)" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку сот (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 2.12-пунктундагы "2016-2017" деген цифралар "2016-2020'" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2.16-пункт менен толукталсын:
"
2.16 |
| Окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды өткөрүү | 2018-2020-жылдары | Окуучулардын жана студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу | БИМ, ЮМ |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |