Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 289
Кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жакшыртуу, кызматкерлерге квалификациясын жогорулатууга дем берүү, иштин сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 197-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аттестациялануучу кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесинде:
- биринчи абзацы "участкалардын" деген сөздөн кийин ", токой питомниктеринин, музейлердин, станциялардын, чарбалардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы абзац менен толукталсын:
"Егерлер";
- төмөнкүдөй мазмундагы сексен бешинчи жана сексен алтынчы абзацтар менен толукталсын:
- "Токойчулар
Токой башчылары";
- төмөнкүдөй мазмундагы токсон биринчи абзац менен толукталсын:
"Токой мастери";
- төмөнкүдөй мазмундагы жүз он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Аңчылар".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |