Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 290
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн кайрылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам факсимилдик (факсимиле) кол тамгасын пайдаланууга укуктуу, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан кийин нотариус кол тамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы тууралуу күбөлүктү берет.";
- III бөлүмдүн VII бапынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VII бап. Документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрүү";
- 157-пунктунда:
биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"157. Нотариустар мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары мазмуну мыйзамга каршы келбеген жана бүтүмдү баяндабаган документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Нотариустар "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-1-беренесине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга факсимилдик кол тамганы күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүктү берет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |