Загрузка документа…
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар"
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 , 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696, 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (мындан ары - МУ) балдарды тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо, багуу жана кароо боюнча ишти жүзөгө ашырууда алардын ден соолугун коргоого багытталган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул санитардык эрежелер төмөнкүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт:
- МУ жайгашуу шарттарына;
- жабдууларга жана аймакты күтүүгө;
- жайларга, аларды жабдууга жана күтүүгө;
- жайларды табигый жарыкка жана жасалма жарыктандырууга;
- жылытууга жана желдетүүгө;
- суу менен жабдууга жана канализацияга;
- атайын МУга;
- МУга жана балдар кыска мезгилде болгон топторго;
- тамактандырууну уюштурууга;
- медициналык камсыз кылууга;
- МУда балдарды кабыл алууга;
- күн режимин уюштурууга;
- дене тарбияны уюштурууга;
- персоналдын жеке гигиенасына;
- санитардык эрежелерди сактоого.
3. Санитардык эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:
- түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан иштеп жаткан, долбоорлонуучу, курулуучу жана реконструкциялануучу МУ объекттерине;
- юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (жеке ишкерлер) да колдоно ала турган турак эмес жайларга.
Мында бул санитардык эрежелердин аймакты зоналаштыруу, кабаттуулугу, жайлардын топтому жана аянты бөлүгүндөгү талаптар ушул санитардык эрежелер кабыл алынганга чейин эксплуатациялоого берилген МУга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалпы өнүктүрүү багытындагы МУда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектүү толушуна жараша аныкталат:
ясли курагындагылар үчүн:
- 1 жаштан 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтор - 25 балага чейин;
- топто эки курактагы (1 жаштан 3 жашка чейин) балдар болсо - 20 баладан ашык эмес;
3 жаштан жана андан жогору мектепке чейинки курактагылар үчүн - 30 баладан ашык эмес:
- топто ар кандай эки курактагы (3-6 жаштагы) балдар болсо - 25 баладан ашык эмес;
- мектепке чейинки вариативдүү билим берүү уюмдарынын топтору ар кандай курактагы балдар менен толукталышы мүмкүн. Ошол эле учурда ар кандай курактагы топтун толушу 25 баладан ашпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектик толушу тиешелүү түрдө төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- сүйлөө жөндөмү бузулган балдар үчүн - 16 баладан;
- фонетика-фонематикалык сүйлөө бузулуулары бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 20 баладан;
- дүлөй балдар үчүн - 6 баладан;
- угуусу начар балдар үчүн - 10 баладан;
- көзү азиз балдар үчүн - 6 баладан;
- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 10 баладан;
- таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдар үчүн - 8 баладан;
- психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн - 12 баладан;
- жеңил даражадагы акыл-эс бузулуулары бар балдар үчүн - 12 баладан;
- орточо, оор даражадагы акыл-эс бузулуулары бар, 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;
- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;
- оор деффекти бар (дене бой жана/же психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы топ үчүн 5 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн - 15 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, анын ичинде кургак учук интоксикациясы бар балдар үчүн - 15 баладан.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. МУ жайларын багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт.
Иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, эгерде уктоочу жайлар бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакытта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн пайдаланууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жайгаштырууга коюлган талаптар
8. МУ имараттары ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык турак райондордун ички кварталдык аймактарында жана/же шаардын көчөлөрүнөн, кварталдар аралык өтмөктөрдөн алыс аймактарда, ызы-чуунун жана атмосфералык абанын булганышынын жол берилген деңгээлин камсыз кылуучу аралыкка жайгаштырылат. МУ аймактарын бойлой өткөн же жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн болушуна карабастан балдар көп өтүүчү жол участокторунун алдында Жол кыймылынын эрежелерине ылайык "Балдар" жол белгиси коюлууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
9. МУнун имараттары адамдар жашаган зонада, ишканалардын, курулмалардын санитардык-коргоо зоналарынан, гараждардан, автомобиль коюучу жайлардан, автомагистралдардан, темир жол транспортунун объекттерннен, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарынан тышкары жайгашуусу зарыл.
10. МУнун аймагы аркылуу шаардык (айылдык) багыттагы магнетралдык инженердик коммуникациялар: суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук менен камсыз кылуу, энергия менен камсыз кылуу өтпөшү керек.
11. Аэрациянын шарттары боюнча МУнун участоктору бардык климаттык райондордо басымдуулук кылган шамал агымдарынын төмөндөтүлгөн ылдамдык зонасында, аэродинамикалык көлөкөдө жайгаштырылат.
12. Оюн аянтчаларын МУнун имараттарынын үстүндө жайгаштырууга тыюу салынат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жабдууларын жана алардын аймактарын күтүүгө карата талаптар
13. МУнун аймагы периметри боюнча дубал жана бак-дарактар менен тосулат. Бак-дарактар МУнун имаратынан 15 метрден жакын эмес, ал эми бадалдар 5 метрден кем эмес аралыкта отургузулат.
14. МУнун аймагында мөмөсү уулуу бак-дарактарды жана бадалдарды жана тикенектүү бадалдарды отургузууга тыюу салынат.
15. Аймакты жашылдандыруу курулуштан бош болгон аймактын аянтынын кеминде 50% эсебинде каралат. Бак-дарактар топтук аянтчаларды бири-биринен бөлүү жана топтук аянтчаларды чарба зонасынан бөлүү үчүн колдонулат. Токой жана бак массивдери бар чек араларда МУнун аймагын жайгаштырууда жашылдандыруу аянтын 10%га кыскартууга жол берилет.
16. Балдар үчүн оюн аянтчаларын суу каптап кетишинин жана булгануусунун алдын алуу үчүн ташкын жана нөшөр сууларын МУнун аймагынан буруп кетүү каралат.
17. МУнун аймагында тышкы электр жарыгы болушу керек. Участоктогу жасалма жарыктандыруунун деңгээли жер деңгээлинен кеминде 10 лк болушу керек.
18. МУнун аймагында төмөнкүдөй функционалдык зоналар болот:
- оюн зонасы;
- чарба зонасы.
Оюн зонасы менен чарба зонасынын ортосундагы аралык кеминде 3 м болушу керек.
19. Оюн аймагынын зонасы ясли курагындагы бир балага 5,5 м2 кем эмес жана мектепке чейинки курактагы бир балага 7,2 м2 кем эмес эсебинде топтук оюн аянтчаларын камтыйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Түзүлгөн шаар курулушунун (тыгыз) жана аянтчалар жетишсиз болгон шартта:
- оюн аянтчаларынын аянтын балдардын өнүгүү талабы, кыймыл аракетинин муктаждыгы катааттандырылганда жана топтук бөлүүнүн принциптери сакталганда 20%га чейин кыскартууга;
- сейилдөөнү уюштуруу режимин эске алуу менен биргелешкен аянтчаларды колдонууга уруксат берилет.
21. МУнун топтук жана дене тарбия аянтчаларында ар биринин 50%да кеминде 3 сааттан кем эмес узактыктагы инсоляциясы болушу керек.
22. Топтук аянтчаларды жана дене тарбия зоналарын чеп, тапталган топурак, тактай менен жабуу көрсөтүлүшү керек. Аянтчалар балдардын ден соолугуна зыянсыз курулуш материалдары менен жасалышы мүмкүн.
23. Ясли курагындагы балдар үчүн топтук аянтчалар ушул топтордун жайларынан чыккан жерлерден анча алыс эмес жерде жайгаштырылат.
24. Балдарды күндөн жана жаан-чачындан калкалоо үчүн ар бир топтук аянтчанын аймагында бир балага кеминде 2 кв2 эсебинде көлөкө чатыры орнотулат. Саны 15 адамдан аз болгон топтор үчүн көлөкө чатырынын аянты кеминде 30 кв2 болушу керек.
25. 2 жашка чейинки ясли курагындагы балдар үчүн чатырларды МУнун имаратына жанаша орнотууга жана сейилдөөнү же уктоону уюштуруу үчүн веранда катары колдонууга жол берилет. Имараттарга жанаша салынган көлөкө чатырлары топтук ячейкалардын жайларына көлөкө түшүрбөй, кадимки жарыкты тоспойт. Көлөкө чатырларынын жанында оюнчуктарды жана инвентарларды сактоо үчүн эмеректерди коюучу жай (кошо салынган шкафтар, стеллаждар, полкалар, отургучтун алдындагы ящиги бар отургуч тактайлар) жабдылат.
26. Мектепке чейинки топтор үчүн оюн жана дене тарбия аянтчалары балдардын өсүү-курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жабдылат.
27. Жаңыдан курулуучу МУлардагы дене тарбия аянтчаларын (бир же бир нече) балдар үчүн МУнун сыйымдуулугуна жана спорттук сабактарды өткөрүү программасын жараша жабдуу сунушталат.
28. Дене тарбия аянтчасынын жанында тереңдиги 0,4 метрден 0,8 метрге чейин жана аянты 4x8 же 6x10 м болгон ачык бассейндерди салууга же жыйылма, үйлөнүүчү бассейндерди орнотууга жол берилет. Бассейндин жанында кеңдиги 1 м болгон бут жууй турган ванна болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Жыл сайын жазында оюн аянтчаларындагы кум толугу менен алмаштырылат. Кайрадан алынып келинүүчү кум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ларазитологиялык, микробиологиялык, санитардык-химиялык, радиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык келиши керек. Балдар жок мезгилде кум төгүлгөн жерлер булганып калбашы үчүн жабылышы керек (капкактар же полимер пленкалар, тенттер же башка коргоочу каражаттар менен). Балдардын ден соолугу үчүн кооптуу мите ооруларын, ичеги инфекцияларын, кошундуларды (химиялык, механикалык, радиологиялык) козгогучтар аныкталган учурда кум алмаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Чарба зонасы ашкананын өндүрүштүк Жайларына кирген тарапта жайгаштырылып, көчөдөн өз алдынча кирген жери болушу керек.
31. Чарба зонасынын аймагында төшөк-орундарды кургатуу жана килемдерди, башка турмуштук буюмдарды тазалоо үчүн жерлер каралууга тийиш.
32. МУнун чарба зонасынын аймагында теплофикация жана борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу жок болгон учурда откана жана суу чыгаруучу чоң идиши жана отунду тиешелүү сактагычы бар насос, санитардык коргоо зонасы бар суу менен камсыз кылуу курулмасы каралат. МУнун тейлеген автотранспорт болгон учурда аны койгон жерди алдын ала кароо зарыл.
33. Чарба зонасынын аймагында жашылчаларды сактоочу жер жайгаштырылышы мүмкүн.
34. Таштанды чогулткучтар жапкычы менен темирден жасалып, бетондолгон же асфальтталган жердин үстүндө атайын бөлүнгөн жерлерде гана жайгаштырылышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Аймак күн сайын жыйналып турушу керек: эртең менен балдар келгенге 1-2 саат калганга чейин жана аймактын кирдешине жараша.
36. Катуу тиричилик таштандыларын жана шыпырындыларды таштанды чогулткучтарга таштоо зарыл. Таштанды чогулткучтар адистештирилген уюмдар тарабынан тазаланат.
37. Таштанды чогултуу үчүн МУнун аймагына кирген жана чыккан жерлер, чарба курулуштарына, контейнердик аянгчага жолдор асфальт, бетон же башка катуу нерселер менен төшөлөт.
4. Имараттарга, жайларга, жабдууларга жана аларды күтүүгө талаптар
38. МУнун жаңыдан курулуп жаткан обьекттерин өзүнчө турган имаратта жайгаштыруу сунушталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Түзүлгөн тар курулуш шартында өз алдынча кирген жана чыккан жери бар, өзүнчө тосулган аймагы болсо, турак үйлөргө кошо курулган жайларда сыйымдуулугу 80 орунга чейинки жана курулуп-жанаша курулган жайларда сыйымдуулугу 150 орунга чейинки МУнун жайгаштырууга болот. МУнун имараты турак имараттан капиталдык дубал менен бөлүнөт.
40. Имараттын пландык түзүмүнө гигиеналык талаптар МУнун түрүнө жана анын ишине жараша аныкталат.
41. МУнун имараты 2 кабаттан ашпоого тийиш.
42. Тыгыз турак жай курулушу жана аянтчалар жетишсиз шартта 3 кабат имарат курууга болот. 3-кабатта кызматтык-тиричиликтик жана рекреациялык жайлар, балдар менен иштөө үчүн кошумча жайлар (психологдун, логопеддин кабинети) жайгаштырылат.
43. Ясли курагындагы балдар үчүн топтук ячейкалар 1-кабатта жайгаштырылат, 3 жаштагы жана андан жогору жаштагы балдар учун топтук ячейкаларды 2-кабатта жайгаштырууга жол берилет.
44. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарында төмөнкүдөй жайларды кароо зарыл:
- топтук ячейкалар - балдардын ар бир тобуна таандык өзүнчө бөлүнгөн жайлар;
- бардык же бир нече балдардын топтору тарабынан кезеги менен колдонуу үчүн арналган балдар менен иштөө үчүн кошумча жайлар (музыкалык зал, дене тарбия залы, логопеддин кабинета ж.б.);
- коштоочу жайлар (медициналык багыттагы, тамак-аш блогу, кир жуучу жай);
- персонал үчүн кызматтык-тиричиликтик жайлар.
45. МУнун бардык негизги жайлары жер үстүндөгү кабаттарда жайгаштырылат. Балдар болгон жайларды жана медициналык багыттагы жайларды имараттын жер төлөөдөгү жана цоколдук кабаттарына жайгаштырууга болбойт.
46. Сыйымдуулугуна жараша МУнун имараттары түрдүү конфигурацияда, анын ичинде компакттык, блоктук же павильондук түзүлүштө болуп, өзүнчө турган же бири-бири менен жылытылуучу өтмөлөр менен бириктирилген бир нече корпус-павильондордон турушу мүмкүн.
47. МУнун негизги жайларынын полдон шыпка чейинки бийиктиги 2,7 м кем эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Имаратка кирген жерлер тамбурлар менен жабдылууга тийиш.
49. МУнун имараттарынын пландык түзүмүндө топтук изоляциялоо принцибин сактоо зарыл. Ясли курагындагы балдар үчүн топтук ячейкалардын участоктон өз алдынча кирген жери болушу керек. 2 кабатта жайгаштырылган ясли топторунун балдары үчүн, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн - алардын имаратта жайгашкандыгына карабастан 4 топтон көп эмес, жалпы тепкич менен жалпы кирүүгө жол берилет.
50. Топтук ячейкалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- кийинип-чечинүүчү жай (балдарды кабыл алуу жана үстүнкү кийим-кечени сактоо үчүн);
- топтук (оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн, мында эгерде топтук жай бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, топтук уячаларды уктоочу жер менен бириктирүүгө жол берилет);
- уктоочу жай (эгерде уктоочу жай бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн пайдаланууга болот);
- буфет (даяр тамактарды таратып берүүгө даярдоо жана ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн);
- даараткана (жуунуучу жай менен бириктирилген).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
501. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- гардероб бөлмөсү (балдарды кабыл алуу жана сырткы кийимдерди сактоо үчүн);
- топтук (оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамактануу үчүн, мында топтук ячейкаларды уктоочу жай менен бириктирүүгө жол берилет. Топтук бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңилдетилген түрлөрү жана эмерек менен жабдылышы керек);
- буфет (даяр тамактарды таратып берүүгө даярдоо жана ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн);
- даараткана (жуунучу бөлмө менен айкалышкан).
МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын жайларынын аянттары 11-таблицада келтирилген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Топтук ячейка жайларынын аянттары 1-таблицада келтирилген.
1-таблица
Топтук ячейка жайларынын аянттары
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Кийинип-чечинүүчү жай | 18ден кем эмес |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2-2,5 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 2,0 кем эмес |
Буфет | 3,0 кем эмес |
Уктоочу жай | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 1,8 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес |
Даараткана | Мектепке чейинки топтор үчүн 16 кем эмес жана ясли топтору үчүн 12 кем эмес |
11-таблица
МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын жайларынын аянттары
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Кийинип-чечинүүчү жай | 18 кем эмес |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Ясли топторундагы 1 балага - 2-2,5 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда 1 балага - 2,0 кем эмес |
Буфет | 3,0дөн кем эмес |
Даараткана | Мектепке чейинки топтор үчүн - 16 кем эмес жана ясли топтору үчүн - 12 кем эмес |
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696, 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомдорунун редакциясына ылайык)
52. МУнун бардык негизги жайларын желдетүү үчүн терезелер жылдын бүткүл сезонунда оң иштеген үстү ачылма фрамугалар жана форточкалар менен камсыздалууга тийиш. Терезелердин ачылышы желдеткидей болууга тийиш.
53. Жаңыдан курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан МУ имараттарында музыка жана дене тарбия сабактары үчүн аянты 75 м2 кем эмес болгон залдарды кароо сунушталат. Залдар өтмө болбошу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
54. МУнун азыркы имараттарында музыкалык жана дене тарбия сабактары үчүн жалпы залдын болушуна жол берилет.
55. Залдардын жанында аянты кеминде 6 кв2 болгон дене тарбия жана музыкалык инвентарларды сактоо үчүн эмеректер сакталуучу жай болот.
56. МУда балдарды сууда сүзүүгө үйретүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген бассейнди курууда, жабдууда жана эксплуатациялоодо сууда сүзүү бассейндеринин түзүлүшүнө, аларды эксплуатациялоого, сууда сүзүү бассейндериндеги суунун сапатына карата талаптар жана сапатты контролдоо сакталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Балдардын компьютердик техниканы колдонуп, сабак үчүн өзүнчө жай бөлүнөт. Жайларды жабдуу, сабактарды уюштуруу жана сабак режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген персоналдык электрондук-эсептөөчү машиналарга ишти уюштурууга талаптарга ылайык келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Балдарды тейлөө үчүн медициналык багыттагы жайлар МУнун биринчи кабатында бирдиктүү блокто жайгаштырылат.
59. Сыйымдуулугуна карабастан МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттери үчүн медициналык блокту кароо зарыл, ал жайлардын курамы жана алардын аянты боюнча 2-таблицасына ушул санитардык эрежелерге ылайык келиши керек.
2-таблица
Медициналык жайлардын курамы жана аянты
Жайлар | МУ сыйымдуулугу, оруну (аянты, м2) | |||
80ге чейин (1-4) | 150гө чейин (5-6) | 240ка чейин (7-12) | 350ге чейин (13-18) | |
Медициналык кабинет | 12 | 12 | 12 | 12 |
Процедуралык кабинет | 8 | 8 | 8 | 8 |
Изолятор | Кеминде 4 м2 (1 палата) | Кеминде 4 м2 (1 палата) | Ар бири кеминде 4 м2 (2 палата) | Ар бири кеминде 4 м2 (2 палата) |
Дезинфекциялоочу эритмелерди даярдоо үчүн оруну бар даараткана | 6 | 6 | 6 | 6 |
60. Медициналык кабинетке коридордон өз алдынча кирген эшиги болуп, изолятордун палатасы (палаталардын бири) менен жакын жайгашуусу зарыл.
61. Сыйымдуулугу 280 жана андан кеп болгон МУ да кеминде 2 инфекция изолятору (2 өзүнчө жай) долбоорлонот.
62. Учурдагы МУда (аларды реконструкциялоого чейин) алар курулган долбоорлорго ылайык медициналык жайлар комплектине жол берилет.
63. МУнун имараттарында кызматтык-тиричиликтик жайлардын минимум комплектин алдын ала кароо сунуш кылынат, алардын аянты ушул санитардык эрежелердин 3-таблицасына ылайык келиши керек.
3-таблица
Кызматтык-тиричиликтик жайлардын сунушталуучу курамы жана аянты
Кызматтык-тиричиликтик жайлар | Топтордун (орундардын) санына жараша жайлардын кв2 аянты | |||
80ге чейин (1-4) | 150гө чейин (5-6) | 240ка чейин (17-12) | 350гө чейин (13-18) | |
Башчынын кабинети | 10 | 10 | 9 | 9 |
Завхоздун бөлмөсү |
|
| 6 | 6 |
Методикалык кабинет | 12 | 12 | 12 | 12 |
Чарба бөлмөсү | 4 | 5 | 8 | 12 |
Таза шейшеп бөлмөсү | 4 | 6 | 8 | 10 |
Кастеляншанын бөлмөсү |
|
|
| 6 |
Персоналдын ашканасы | - |
|
| 10 |
Персонал үчүн даараткана | 3 | 3 | 6 | 6 |
64. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттеринде чийки заттар же чала фабрикаттар иштеген тамак-аш блогун же таратып берүүчү буфетти (МУ жана балдар кыска мөөнөттө болуучу топтор үчүн).
65. Тамак-аш блогу жайынын көлөмдүк-пландык чечимдери чийки жана даяр продукциянын каршы агымын болтурбоочу технологиялык процесстердин ырааттуулугун карашы керек.
66. Тамак-аш блогунун негизги өндүрүштүк жайлары биринчи кабатта жайгаштырылат.
67. Тамак-аш азыктарын (кургак, чубурма) сактоо үчүн кампа жайларын жер төлөөдө, жуугуч, душтук жана санитардык түйүндөрдүн алдында, ошондой эле трапы бар өндүрүштүк жайлардын алдында жайгаштырууга болбойт.
68. Чийки зат менен иштеген тамак-аш блогунун курамына: ысык цех, таратуучу жай, муздак цех, эт-балык цехи, жашылчаларды алгачкы иштетүү цехи, ашкана идиш-аяктарын жуугуч, кургак азыктарды сактоочу жай, жашылчаларды сактоочу жай, тез бузулуучу азыктарды сактоо үчүн муздаткычы бар жай, жүк сала турган жай, персоналдын бөлмөсү, чечинип-кийинүүчү жай, персонал үчүн душ бөлмөсү жана даараткана, жыйноо инвентарларын сактоо жана жуучу, дезинфекциялоочу эритмелерди даярдоо үчүн жай кирет.
69. Чала фабрикаттарда иштеген тамак-аш блогунун курамына: ысык цех, муздак цех (ысык жана муздак цехтер бир жайда кошулуп, тосмо менен бөлүнүшү мүмкүн), таратуучу жай, чубурма азыктарды сактоо үчүн жай, тез бузулуучу азыктарды сактоо үчүн муздаткычы бар жай, ашкана идиш-аяктарын жуугуч, алмаштырма идиштерди жуугуч, персоналдын бөлмөсү, кийинип-чечинүүчү жай, персонал үчүн душ бөлмөсү жана даараткана, жыйноо инвентарларын сактоо жана жуучу, дезинфекциялоочу эритмелерди даярдоо үчүн жай кирет.
70. Чала фабрикаттарда иштеген тамак-аш блогуна мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш продуктуларынын коопсуздугунун жана тамак-аш баалуулугунун гигиеналык талаптарына жооп берүүчү жуулган же тазаланган жашылчалар, жогорку деңгээлде даярдалган (эттен, балыктан жасалган) чала фабрикаттар алып келиниши керек. Чала фабрикаттар аларды транспорт менен ташуу мөөнөтүн жана шарттарын сактоого мүмкүндүк берүүчү оптималдуу транспорттук жеткиликтүү жерде жайгашкан базалык тамак-аш ишканасынан (комбинаттан) же МУдан алып келинет.
71. Таратып берүүчү буфеттерде тамак, кулинардык азыктарды жасоого, ысык суусундуктарды жана айрым тамактарды (колбаса азыктарын, жумуртка бышыруу, салат жасоо, даяр азыктарды тууроо) даярдоого мүмкүндүк берүүчү жайлардын жана жабдыктардын топтому, пландык чечимдер, ошондой эле кол жуу үчүн шарттар алдын ала каралышы керек.
72. МУнун мурда курулган объекттеринде тамак-аш блоктору алар курулган долбоорго ылайык эксплуатацияланууга тийиш.
73. МУнун алмаштыруучу идиштерди жуунуу уюштурууда ашкана идиш-аяктарын жуучу жайга кошулбаган өзүнчө жайды бөлүү зарыл.
74. Технологиялык жабдуулар аны иштетүү жана тейлөө үчүн ага эркин жетүүнү камсыз кылууну эске алуу менен жайгаштырылат.
75. Балдарга тамак берүү топтук жайда уюштурулат.
76. Ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн буфет муздак жана ысык суусу бар эки көздүү жуугуч ванна менен жабдылат.
77. Ысык суу жабылган учурда жуугуч ванналарга сууну ажыратуу менен резервдик электр суу жылыткычтарын орнотуу каралат.
78. Топтук ячейкалардын жайларына жана тамак-аш блогуна кирген жерлердин маңдайында жуучу жайга кирүүчү жер болбошу керек, тамак- аш блогунун, жуучу жайдын жана дааратканалардын терезелери топтук жайлардын, уктоочу жайлардын терезелеринин астында жайгашпашы керек.
79. Сыйымдуулугу 80 орунга чейинки МУда жуучу бир жай, 80 орундан ашык болсо - 2 жайы (жуучу жана үтүктөөчү жай) болушу мүмкүн. Жуучу жана үтүктөөчү жайлар жакын болуп, кир кийим-шейшептерди берүү жана тазасын алуу үчүн кирген жерлер (кабыл алуу - берүү терезелери) өзүнчө болушу керек.
80. Жуучу жайдын сунуш кылынуучу курамы жана аянты 4-таблицада берилген.
4-таблица
Жуучу жайдын сунуш кылынуучу курамы жана аянты
Жайлар | Топтордун санына жараша жуучу жайлардын аянты (м2) | ||||
4-топ | 6-топ | 7-топ | 12-тон | 18-топ | |
Жуучу жай | 14 | 14 | 16 | 18 | 18 |
Үтүктөөчү жай | 10 | 10 | 12 | 12 | 12 |
Бардыгы | 14 | 24 | 28 | 30 | 30 |
81. МУда кир жуучу жай жок болгон учурда кир жуучу жайларда төшөнчү орундарды чогуу жуу уюштурулушу мүмкүн.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдардын жайларын ички жасалгалоого коюлган талаптар
82. Жайлардын дубалдары тегиз жана нымдуу тазалоого жана дезинфекциялоого мүмкүндүк болгондой жасалгага ээ болууга тийиш.
83. Бардык курулуш жана жасалга материалдары балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз болууга тийиш.
84. Тамак-аш блогунун, буфеттин, жашылчалар үчүн жайдын, муздатуучу камералардын, ванна-бассейни бар жайдагы жуучу жайдын, жуучу жайдын, үтүктөөчү жайдын жана даараткананын дубалдары 1,5 м бийиктикте балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз глазурдалган плитка же ушул сыяктуу материал менен тамак-аш блогунун даярдоочу жайында жана ванна-бассейни бар залдарда - 1,8 м бийиктикте жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо үчүн капталышы керек.
85. Музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн жайлардын дубалдарынын бетин жарык түстөгү балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз материалдар менен жасалгалоо сунушталат.
86. Кадимки режимде эксплуатацияланган жайларда шыптарды жасалгалоо үчүн бор же акиташ пайдаланылат. Суу эмульсия боёгун колдонсо болот.
87. Абанын нымдуулугу жогору болгон жайларда (тамак-аш блогунун өндүрүштүк цехтери, душ жайлары, жуучу жайлар, жуунуучу жайлар, дааратканалар ж.б.) шыптар май боёк менен сырдалат.
88. Жайлардын полдору тегиз, сыйгалак эмес, тыгыз орнотулуп, жылчыксыз жана дефектисиз болуп, плинтустар - дубалга жана полго тыгыз орнотулуп, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалагыдай болууга тийиш.
89. Биринчи кабатта жайгашкан топтук жайлардын полдорун үстү температуралык режим менен жылытылуучу жана (же) жылууланган болушу керек. Негизги жайларда пол үчүн материалдар катары жыгач (май боёк менен сырдалуучу тактайдан жасалган полдор же паркет полдор) колдонулат. Полдорду балдардын ден соолугуна зыянсыз жана нымдуу ыкма менен тазалоого жана дезинфекциялоого боло турган синтетикалык полимердик материалдар менен жасоого болот.
90. Тамак-аш блогунун, жуучу жайдын, үтүктөөчү жайдын, көмөк жайларынын, дааратканалардын полдору жылмаланган метлах керамикадан же мозаика түрүндө жасалган плитка же балдардын ден соолугуна зыянсыз ушул сыяктуу материалдар менен төшөлөт.
91. Душ жана жуучу жайлардын, тамак-аш блогунун жуугуч жана даярдоочу цехинин жайларындагы полдор траптардын тешиктерине карай жантайыңкы суу агып кетүүчү трап менен жабдылат.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жабдууларына жана аларды жайгаштырууга коюлган талаптар
92. Эрте яселдик жаштагы балдарды коргоо жана кайра кийиндирүү үчүн чечинүү жайын бөлөнүүчү столдор, жумушчу столдор жана стулдар, жуунуучу раковина, энелер кийимдери үчүн шкаф менен жабдылат. Эмчектеги балдар үчүн өзүнчө жайды көрсөтүү зарыл. Эрте жаштагы балдардын чечинүүчү жайында эмчектеги балдары бар энелер үчүн стол, стулдар, бут койгучтар, жуунгуч жана кийим шкафы менен жабдылууга тийиш.
93. Эрте жаштагы яселдик топтомдогу балдар үчүн бөлмөнүн жарык бөлүгүндө өлчөмү 6,0х5,0, тосмонун бийиктиги 0,4 м, узундугу терезеге барабар жана андан 1,0 алыстыкта болгон топтук тосулган манежди орнотуу сунушталат. Балдардын эмгектөөсү үчүн да тосмо менен тосулган жай бөлүнүүсү, узундугу 1,5 м, туурасы 0,4 м, кармагычынын бийиктиги 0,45 м, көпүрөчөлөр, тепкичи бар бийиктиги 0,8 м кем эмес, узундугу 0,9 м жылгаяк жабдуулар болууга тийиш.
94. 8-12 айлык балдарды тамактандыруу үчүн буфетке жакын жерде ороп-бөлөө столдору жана атайын жылдырылуучу отургучу бар столчолор менен жабдуу сунушталат. Бөлөөчү столдун жанына кир кийимдерди топтоо үчүн капкактуу бак орнотулат.
95. Отуруу үчүн балдар эмеректеринин (мектепке чейинки) жана столдордун (түштөнүүчү жана окуу) өлчөмдөрү балдардын боюна жана жаш курагына ылайык келүүгө тийиш. Балдар үчүн эмеректерди тандап алууну 5-таблицада келтирилген антропометрикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен жүргүзүү керек.
96. 1,5 жаштагы жана андан улуу курактагы балдар үчүн топтук жайларда столдор жана отургучтар топтордогу балдардын санына жараша болот. Улуу жана даярдоочу топтогу балдар үчүн капкагы 30° чейин өзгөрө турган столдорду колдонуу сунушталат.
97. Отургучтар столдор менен бир топто комплектте болуп, маркаланышы керек.
98. Кийинип-чечинүүчү жайлар балдардын жана персоналдын сырткы кийимдери үчүн шкафтар менен жабдылат.
99. Кийим-кече жана бут кийим үчүн шкафтар баш кийимдер үчүн жеке ячейка-полкалар жана сырткы кийимди илүү үчүн илгич менен жасалат. Ар бир жеке шкаф маркаланат.
100. Кийинип-чечинүүчү жайларда (же болбосо өзүнчө жайларда) балдардын сырткы кийимин жана бут кийимдерин кургатуу үчүн шарттар каралышы керек.
101. Компенсациялоочу түрдөгү балдар бакча жайлары тарбиялануучулардын дене бой жана психикалык жактан өнүгүүсүнүн бузулушунун квалификациялык коррекцияланышына жараша жабдылат.
5-таблица
Ясли жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн столдордун жана отургучтардын негизги өлчөмдөрү
Балдардын өсүү тобу (мм) | Эмеректер тобу | Столдун бийиктиги (мм) | Отургучтун бийиктиги (мм) |
850гө чейин | 00 | 340 | 180 |
850дөн жогору 1000ге чейин | 0 | 400 | 220 |
1000ден - 1150 | 1 | 460 | 260 |
П50дөн - 1300 | 2 | 520 | 300 |
1300дөн - 1450 | 3 | 580 | 340 |
1450дөн - 1600 | 4 | 640 | 380 |
102. 1,5-3 жаштагы балдар үчүн топтордо спорттук бурчту кароо зарыл.
103. Топторду жабдууда төмөнкүдөй талаптар сакталат:
- улуу жана даярдоочу топтордо сабактар үчүн столдор сөзсүз түрдө сол тарабынан жарык берилип, дубалдын жанына коюлат;
- сологой балдар үчүн жеке жумушчу орундар оң тарабынан жарык берүү менен коюлат.
104. Столдор төмөнкүдөй коюлат:
- төрт орундуу столдор - колдон келишинче балдардын көбүрөөгүн каптал жагынан жарыктандыруу менен камсыз кылууну эске алып, 2 катардан көп эмес;
- эки орундуу столдор - 3 катардан көп эмес;
- столдордун катарларынын ортосундагы аралык кеминде 0,5 м болот;
- столдордун биринчи катарынын дубалдардан аралыгы 1 м болушу керек;
- биринчи столдордон дубалдагы доскага чейинки аралык 2,5-3 м болууга тийиш, мында эки-жакты кароо бурчу кеминде 45° түзүшү керек.
105. Столдун үстү жалтырабаган ачык түстө болот. Столдорду жана отургучтарды каптоо үчүн колдонулуучу материалдардын жылуулук өткөргүчү төмөн, ысык сууга, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарга чыдамдуу болуш керек.
106. Дубалга илинүүчү досканын өлчөмү 0,75-1,5 метрди, полдон бийиктиги 0,7-0,8 м болот.
107. Доска борлору жазуу үчүн колдонулуучу жогорку адгезиялуу материалдардан жасалып, нымдуу губка менен жакшы тазалангыдай, эскирүүгө туруктуу, кочкул-жашыл же күрөң түстө жана сырты антиблик же жалтырабагандай болушу керек.
108. Маркер досканы колдонууда маркердин өңү контрасттуу (кара, кызыл, күрөң, кочкул кек жана жашыл) болууга тийиш.
109. Сабактарды өткөрүүдө балдар боюна, ден соолугунун абалына, көрүүсүнө жана угушуна жараша отургузулат. Тез-тез суук тийип ооруган балдарды терезелерден жана эшиктен алысыраак, угуусу начар жана алысты жакшы көрбөгөн балдар боюна жараша алдыңкы катарга отургузулууга тийиш.
110. МУда балдардын ден соолугуна зыянсыз жана техникалык регламенттердин талаптарына жооп берген, нымдуу тазалоого жана дезинфекциялоого алынуучу оюнчуктар пайдаланылат. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн жумшак жана пенолатекстик түктүү оюнчуктар дидактикалык окуу куралы катары гана колдонуу керек.
111. Телекөрсөтүүлөрдү жана видео фильмдерди көрүү үчүн экранынын диагоналы 59-69 см болгон телевизорлор колдонулат. Алар 1-1,3 м бийик орнотулууга тийиш. Телекөрсөтүүлөрдү көрүүдө балдар экранга 2-3 метрден жакын эмес жана 5-5,5 метрден алыс эмес аралыкта отургузулат. Отургучтар 4-5 катар (бир топко эсептегенде) коюлат, отургучтардын катарынын ортосундагы аралык 0,5-0,6 м болушу керек. Балдар бойлоруна жараша отургузулат.
112. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан топтук жайлары орнотулган, бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер менен жабдылышы мүмкүн. Топтук жайлар ушул санитардык эрежелердин 501-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
113. 3 жашка чейинки балдар үчүн керебеттер: узундугу - 120 см; туурасы - 60 см; тосмосунун полдон бийиктиги - 95 см; жатуучу орундун өзгөрмө бийиктиги - 30 см жана 50 см.
114. Капталдагы тосмонун бийиктигин кеминде 15 см кыскартуу каралат.
115. 3-6 жаштагы балдар үчүн стационардык керебеттин узундугу 140 см, туурасы - 60 см жана бийиктиги - 30 см.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
116. Керебеттердин ортосундагы аралык: керебеттердин узун тарабынын ортосу - 0,65 м, тышкы дубалдардан - 0,6 м, жылытуучу приборлордон - 0,2 м, эки керебеттин баш жагынын ортосу - 0,3 м болот.
117. Балдардын жаракат алышын болтурбоо үчүн стационардык эки ярустуу керебеттер колдонулбайт.
118. Иштеп жаткан МУда долбоор боюнча уктоочу жайлар жок болсо, топтордо мектепке чейинки топтордогу балдардын күндүзгү уктоосун бүктөлмө катуу керебеттерде же трансформациялануучу (тартылуучу, суурма) бир-үч деңгээлдүү керебеттерде уюштурууга жол берилет.
Үстүнкү бетинде жөнгө салынуучу температуралык режими бар жылуу жана (же) жылытылган полдордо футондорду жана матрацтарды колдонууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
119. Керебеттердин жаңы типтери балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз болушу керек.
120. Бүктөмө керебеттерди колдонууда ар бир топто аларды сактоо, ошондой эле төшөнчү орунтуктарды жана кийим-кечелерди жеке сактоосу үчүн жер каралышы керек.
121. Эгерде уктоочу жай бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңилдетилген түрлөрү жана эмерек менен жабдылса, иштеп жаткан МУда уктоочу жайлар уйкудан бош убакта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамактанууну үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Ошол эле учурда желдетүү жана нымдуу тазалоо режими так сакталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
122. Балдар жеке төшөнчү орундар, сүлгүлөр, жеке гигиена каражаттары менен камсыз кылынат. 1 балага төшөк-орундардын жана сүлгүлөрдүн кеминде 2 комплекти, матраска кийгизилүүчү 2 комплект болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Дааратканалар жуунуучу зонага жана санитардык түйүн зонасына бөлүнөт. Жуунуучу зонада балдардын жуунгучтарын жана ден соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 3 тарабынан жетүүгө боло турган тосулган, ажыратып-чогултулуучу душ поддону болот. Санитардык түйүн зонасында унитаздар болот.
124. Душ поддону үчүн орнотуунун бийиктиги 0,3 м. Душ поддону душ сабы бар ийилме шланг менен жабдылат, ал 1,6 м бийиктикте поддондун түбүндө жайгашат.
125. Ясли курагындагы балдар үчүн даараткана жайлардын биринде болот, ал жерде балдар үчүн ысык жана муздак суусу бар 3 жуунуучу раковина, персонал үчүн 1 жуунуучу раковина, жеке горшокторду сактоо үчүн ячейкалары бар шкаф (стеллаж) жана аларды тазалоо үчүн суу берүүчү, балдардын ваннасы, чарба шкафы болот. Горшоктор маркаланышы керек.
126. Мектепке чейинки топтун дааратканасындагы жуунуучу зонада аралаштыргычы бар ысык жана муздак суу берилген балдар үчүн 4 жуунуучу раковина жана чоң кишилер үчүн 1 жуунуучу раковина, 4 балдар унитазы болот.
127. Улуу жана даярдоочу топтордун дааратканаларындагы жуунуучу зонада 5 балага 1 раковина эсебинде балдар үчүн ысык жана муздак суу менен жуунуучу раковиналар, чоң кишилер үчүн 1 жуунуучу раковина, балдар унитаздары же 5 балага 1 унитаз коюлат. Балдар унитаздары бекиткичи жок жабылуучу кабиналарда коюлат. Балдар унитазы үчүн кабинанын өлчөмү 1,0х0,75 м, полдун деңгээлине чейин 0,15м жетпеген кабинанын тосмосунун бийиктиги - 1,2м (полдон).
128. Улуу жана даярдоочу топтордо МУну долбоорлоодо жана реконструкциялоодо эркек балдар жана кыздар үчүн өзүнчө даараткана бөлмөлөрүн кароо керек.
129. Балдар күнү-түнү болгондо душ кабиналары (ванна, аралаштыргычы бар ысык жана муздук суусу менен поддондор) менен жабдылган балдарды жуунуучу үчүн ванна бөлмөлөрүн жабдуу сунушталат.
130. Мектепке чейинки кенже курактагы балдар үчүн жуунгучтарды полдон прибордун бортуна чейин орнотуунун бийиктиги - 0,4 м, орто жана улуу мектепке чейинки курактагы балдар үчүн 0,5 м болот.
131. Унигаздар балдардын ден соолугуна зыянсыз, аларды жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен жууганга боло турган материалдардан жасалган гигиеналык накладкалар же балдардын отургучтары менен жабдылат.
132. Даараткана жайларында балдардын сүлгүлөрү жана жеке гигиена каражаттары үчүн жеке ячейкалары бар дубалга илинүүчү же асма кийим илгичтер, чарба шкафтары, тазалоо инвентарлары үчүн шкаф коюлат.
133. Өзүнчө бөлмөлөрдө жаратылыш бурчтары же бөлмөлөрү уюштурулушу мүмкүн. Аларды уюштурууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр балдарга жана чоңдорго коркунучсуз болушу керек;
- оорулуу жапайы айбанаттар, уулу, тикенектүү өсүмдүктөргө тыюу салынат;
- жаныбарлар ветеринардык көзөмөлдүн уруксаты менен кабыл алынат;
- кароосуз калган жаныбарларды кабыл алууга жол берилбейт;
- жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү кароону мектепке чейинки уюмдун кызматкерлери гана күн сайын жүргүзөт;
- жаныбарлар үчүн тоют азыктар балдардын колу жетпеген жерде сакталышы керек.
7. Бөлмөлөрдөгү табигый жана жасалма жарыкка болгон талап
134. Негизги жайлар табигый жарыкка ээ болушу керек. Кампа, көмөкчү жайларды, буфет, кийинип-чечинүүчү жайларды, персонал үчүн дааратканаларды, ванна, душ бөлмөсүн, коляска жана велосипед үчүн жайларды табигый жарыксыз курууга болот.
135. Жайлардагы жасалма жарыктандыруунун деңгээлдери "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелеринин жана гигиеналык ченемдеринин" талаптарына ылайык белгиленген жарыктандыруунун гигиеналык параметрлерине шайкеш келиши керек. 6-таблица алып салынсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Жогорку же айкалыштырылган табигый жарыктандыруу менен негизги жайларды табигый жарыктандыруунун текши эместиги 3:1ден ашпоого тийиш.
137. Топтордогу, оюн жайларындагы жана уктоочу жайлардагы (бар болсо) жарык өтүүчү тешиктер жөнгө салынуучу күндөн коргоочу түзүлүштөр менен жабдылат. Күндөн коргоочу түзүлүш катары жарыкты жетиштүү деңгээлде өткөрүүчү жана жакшы жарык таратуучу касиетке ээ болгон ачык түстөгү кездемеден жасалган шторалар, жалюзилер колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
138. Топтордо терезенин алдына төшөлгөн тактайларда кадимки жарыкты тосуучу, жалбырагы чоң гүлдөрдү, ошондой эле бийиктиги (тактайдан) 15 смдан жогору гүлдөрдү коюуга болбойт.
139. Жасалма жарык булактары бардык жайларды бирдей жарыктандырууну камсыз кылышы керек. Чырактарды тандоо жана аларды жайгаштыруу 7-таблицада келтирилген талаптарга ылайыктуу болууга тийиш.
7-таблица
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларынын жасалма жарык булактарын жайгаштырууга талаптар
Жайлар | Жарыктандыруу системасы | Чырактардын жайгашуусу |
Топтук (оюн жайлары), кийинип-чечинүүчү жайлар | Жалпы бирдей | Катарлардын, столдордун артыкчылыктуу жайгашуусунун узунунан, жайдын узун тарабына параллель |
Уктоочу жайлар, верандалар | Жалпы бирдей + нөөмөт (түнкүсүн) | Жабдыктын артыкчылыктуу жайгашуусунун узунунан |
Музыкалык жана дене тарбия сабактары үчүн зал | Жалпы бирдей | Кайсы болбосун |
Изолятор | Жалпы бирдей | Өткөн жерлердин жана шкафтардын узунунан |
140. Терезе айнектери кирдешине жараша тазаланат, бирок жылына 2 жолудан кем эмес, жарыктандыруу арматуралар жана чырактар - булганышына жараша жана жылына 2 жолудан кем эмес тазаланат.
141. Жарыктандыруу приборлорунун чаң-ным аткарбаган коргоочу арматурасы болушу керек.
8. Жылытууга жана желдетүүгө талаптар
142. МУнун имараты коомдук имараттары долбоордук документтерге ылайык борбордук же автономдук жылытуу жана желдетүү системалары менен жабдылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
143. МУнун имараттарын жылуулук менен камсыз кылууну Жылуулук электр борборунун, райондук жана жергиликтүү отканалардын жылуулук тармактарынан резервдик киргизүүнү кароо керек. Автономдуу же газ менен жылытууну колдонууга болот.
144. Температуралык режимдин оптималдуу параметрлерин карман туруу үчүн жылытуу приборлору жөнгө салынуучу крандар менен жабдылат.
145. Инфра кызыл нурдуу жылытуучу приборлорду колдонууга жол берилбейт.
146. Учурдагы МУнун имаратында меш жагып жылытылганда от балдар жетпеген жерде жагылат. Жайдагы аба көмүртек кычкылы менен булганбашы үчүн меш түтүктөрү отун толук күйгөндөн кийин жана балдар келгенче кеминде эки саат мурда жабылат.
147. Ысытуучу приборлордун үстүнкү бетинин орточо температурасы 80 градустан ашпоого тийиш.
148. Балдар күйүп калбашы жана жаракат албашы үчүн коргоочу түзүлүшү жок ысытуучу приборлорду белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген, жыгачтан же термотуруктуу материалдардан жасалган алынуучу торлор менен тосуу керек.
149. Жыгач-кырынды плиталардан жана башка полимер материалдардан жасалган тосмолор колдонулбайт.
150. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттары үчүн меш жагып жылытууга жол берилбейт.
151. Кыш мезгилинде имараттын биринчи кабатында жайгашкан топтук жайларда полдун температурасы кеминде +22 градус болууга тийиш. Жайлардагы абанын температурасы жайдын арналышына жана балдардын курагына жараша дифференцияланышы жана 8-таблицада келтирилген талантарга ылайык келиши керек.
8-таблица
Жайлар | Абанын эсептик температурасы (+°С) |
1. Биринчи ясли тобунун ойноочу жайы, кабылдамасы | 23 |
2. Экинчи ясли жана кенже топтун оюн жайы, кабылдамасы | 23 |
3. Мектепке чейинки топтордун: экинчи кенже, орто жана улук, даярдоочу топтордун чечинип-кийинүүчү жайлары |
22 22 |
4. Уктоочу жайлар: ясли топторунун, мектепке чейинки топтордун | 21 21 21 |
5. Дааратканалар: ясли топторунун, мектепке чейинки топтордун | 19 19 19 |
6. Музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн залдар | 20 |
7. Буфеттер | 19 |
8. Сейилдөөчү верандалар | 16 |
9. Балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүү үчүн бассейн жайы | - |
10. Медициналык жайлар | 29 |
11. Кызматтык-тиричиликтик жайлар | 22 |
12. Кухня | 18 |
13. Жуучу жайлар | 15 |
14. Үтүктөөчү жайлар | 18 |
15. Жылытылуучу өткөөлдөр | 16 |
152. Балдар болгон жайларда абанын салыштырма нымдуулугу 40-60% чегинде, тамак-аш блогунун жана жуучу жайлардын өндүрүштүк жайларында 70%дан көп эмес болушу керек.
153. Бардык жайлар балдар жок мезгилде күн сайын жана бир нече жолу желдетилет, желдетүү алар сейилдөөдөн же сабактан келгенге 30 мүнөт калганга чейин бүтөт.
154. Өтмө катар желдетүү ар бир 1,5 саат сайын кеминде 10 мүнөт өткөрүлөт. Даараткана бөлмөлөрү аркылуу желдетүүгө жол берилбейт.
155. Балдар болгон убакта жылдын жылуу мезгилинде бардык жайларды кеңири бир тараптуу аэрациялоого болот.
156. Желдетүүдө жайда абанын температурасын кыска мөөнөттүү төмөндөтүүгө, бирок 2-4 градустан көп эмес төмөндөтүүгө жол берилет.
157. Негизги жайлардагы абанын кыймылынын ылдамдыгы - 0,1 м/с көп эмес.
158. Балдар дайыма болгон жайлар (топтук, оюн, уктоочу жайлар, музыкалык жана гимнастикалык жайлар ж.б.) 1,5 эсе аба алмаштырууда таза аба менен камсыз кылынышы керек.
159. Балдар болгон бардык негизги жайлардагы абанын температурасы 0,8-1,0 м бийиктикте, ички дубалга орнотулган тиричиликтик термометрдин жардамы менен контролдонот.
9. Суу менен камсыз кылууга жана канализацияга талаптар
160. МУнун имараттары муздак жана ысык суу, канализация менен жабдылат.
161. МУлар суу менен камсыздалууга тийиш, анын коопсуздугу жана сапаты Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
162. Суу менен камсыз кылуу жана канализация борбордоштурулууга тийиш.
163. Канализацияланбаган райондордо МУнун имараттары чыгаруу түзүлүштөрү же локалдуу тазалоочу курулмалары бар шартта ички канализация менен жабдылат.
164. Тамак-аш жайлары, буфеттер, балдар жана персонал үчүн дааратканалар, жуучу жайлар, бассейн, медициналык багыттагы жайлар ысык жана муздак суу менен жабдылат. Жуунгучтар, жуунуучу ванналар, душ орнотмолору жана чарба муктаждыгы үчүн суунун ажыратылма крандары аралаштыргыч менен жабдылат.
165. Тамак-аш блогунун, буфет, медициналык багыттагы жайларда, дааратканаларда колдонуу жерине ажыратууну камсыз кылып, ысык суу менен камсыз кылуунун резервдик булактары орнотулат, алар отканаларда жана борбордоштурулган ысык суу менен камсыз кылуунун инженердик тармактарында алдын алуу иштери мезгилинде борбордоштурулган ысык суу менен камсыз кылуу болбогон учурда колдонулат.
166. Борбордоштурулган (ысык жана муздак) суу менен камсыз кылуу жок мезгилде сууну тамак-аш блогуна, медициналык багыттагы жайга, жуучу жайга, топтук ячейкалардын дааратканаларына механикалаштырып берүүнү камсыз кылуу керек. Жуунгучтарга жана душтарга берилүүчү суунун температурасы +37 °С төмөн эмес жана +60 °С градустан жогору болбоого тийиш.
10. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки атайын билим берүү уюмдарына карата талаптар
167. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ар кандай түрдөгү МУларда компенсациялоочу жана бириктирилген топтор уюштурулат, анда оңдоп-түзөтүү иштерин уюштуруу үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат, анын ичинде:
- компенсациялык багытта - дене бой жана психикалык өнүгүүсүндө кемчиликтерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды (сүйлөө речи катуу бузулган, фонетикасы-фонематикасы бузулган, дүлөй жана. кулагы катуу, азиз жана начар көргөн, амблиопиясы менен, чалыр көздүү балдар, таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган, психикалык өнүгүшү кечеңдеген, акыл-эси артта калган; аутизми бар, оор дефектиси бар балдар (дене бой жана (же) психикалык жактан өнүгүүсүндө эки же андан көп жетишпестиктин айкалышы бар) квалификациялык оңдоп-түзөтүү үчүн;
- ден соолукту чыңдоо багытында - кургак учук менен ооруган, көп ооруган балдар жана ден соолукту чыңдоонун атайын чараларынын комплекси зарыл болгон башка категориядагы балдар үчүн.
168. Адистештирилген МУларды түзүү, күтүү жана иштерин уюштуруу ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келиши керек.
169. Имараттардын кабаттуулугу атайын МУлардагы тарбиялануучуларынын контингентин (кыймыл-аракетти кыйындатуучу дене бой жагынан өнүгүүдө дефекттер, кыймыл-аракетти координациялоонун бузулушу, көздүн көрүшүнүн начарлашы же көрбөй калышы жана башкалар) эске алып, имараттын ичинде эле эмес, ошондой эле участокто ыңгайлуу, жөнөкөй жана кыска байланышуу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
170. Атайын МУнун участогунун коомдук транспорттун аялдамаларынан ыңгайлуу келүү жолдору болууга тийиш.
171. Участоктун чегинде имаратка бардык келүүчү жолдор жана кире бериштер асфальтталып же башка катуу нерсе менен төшөлүшү керек.
172. Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн атайын МУнун аймагында жолчолордун жана тротуарлардын жантаюусу 5 °С жогору эмес, алардын кеңдиги кеминде 1,6 м болот. Бурулуштарда жана ар бир 6 м сайын эс алуу үчүн аянтчалар болот.
173. Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын МУлардын аймагында балдардын коопсуз басып жүрүшү үчүн сейилдөө жолчолорунун кеңдиги кеминде 3 м жана эки деңгээлдеги эки тараптуу тосмосу: кармагычы 90 см бийиктикте жана планкасы 15 см бийиктикте болот.
174. Балдардын басышына тоскоолдук кылуучу бактар, бадалдар, түркүктөр ж.б. бардык предметтер үчүн тосмолор каралат.
175. Бурулуштардын жанындагы, кайчы жолдорго жакын жерлердеги, мекемелердин алдындагы, түркүктөрдүн жана башка тоскоолдуктардын жанындагы жолчолор бүртүктүү төшөлүүгө тийиш, алардын бүртүктүү беттеги басууну басаңдатуучу белги болуп саналат. Асфальтталган жолчолор кеңдигине жараша догоо сымал профилде болот (жолчолордун ортосу капталдарынан 5-15 смге чыгып турат).
176. Кечки мезгилде аймак кеминде 40 лк болгон жасалма жарыктандыруу менен камсыз кылынат.
177. Угуусу, көрүүсү жана интеллекти начар балдар үчүн атайын МУлардын топтук ячейкаларынын курамы жана жайларынын аянты 9-таблицада келтирилген.
9-таблица
Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн топтук ячейкаларынын курамы жана жайларынын аянты
Жайлар | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн МУнун жайларынын аянты, 1 орунга м2 | |||
угуусу бузулган (дүлөй жана кулагы начар уккан) | Көрүүсү бузулганда | Интеллекти бузулгандар | ||
коруусу начарлар | чалыр көздүү жана амблиопиясы барлар | |||
Кийинип-чечинүүчү жай | 1,0 | 1,0 | 0,8 | 1,0 |
Балдардын жеке буюмдары үчүн жай | 0,41 | 0,41 | 0,33 | 0,41 |
Топтук | 3,0 | 4,16 | 3,33 | 4,16 |
Сабактар үчүн класс | 2,0 | 3,0 |
|
|
Уктоочу жай | 2,5 | 3,0 | 2,4 | 3,0 |
Буфет | 0,25 | 0,25 | 0,2 | 0,25 |
Даараткана | 0,83 | 0,83 | 0,65 | 1,0 |
Плеопто-ортоптикалык бөлмө | 0 | 2,0 | 1,6 | - |
Логопед бөлмө | - | - | - | 1,0 |
178. Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн МУнун топтук ячейкаларынын курамы жана жайларынын аянты 10-таблицада келтирилген.
10-таблица
Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн мектепке чейинки адистештирилген билим берүү уюмдарынын топтук ячейкаларынын курамы жана жайларынын аянты
Жайлар | Жайлардын аянты, 1 орунга м2 | |
3 жашка чейинки балдардын топтук ячейкалары | 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын топтук ячейкалары | |
Кабылдама | 1,0 | - |
Кийинип-чечинүүчү жай |
| 1,0 |
Балдардын жеке оокаттары үчүн жай | 0,41 | 0,41 |
Ойноочу жай-ашкана | 3,0 | - |
Уктоочу жай | - | 4,16 |
Тамак-аш таратып берүү жана идиш-аяк жуу үчүн жай (буфет) | 3,0 | 3,0 |
Даараткана (горшокторду сактоочу жай) | 0,25 | 0,25 |
Логопед бөлмөсү | 0,83 | 0,83 |
Сүйлөө речи бузулган балдар менен топтук жана индивидуалдык сабак өтүү үчүн бөлмө (ар бир эки топко) | - | 1,5 |
Процедуралык бөлмө | 1,5 | - |
Жылытылбаган веранда (50% балдар үчүн) | 3,0 | 3,0 |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
179. Жайлардагы эшиктер ачылганда балдарга тоскоолдук келтирбеши керек. Жайларда бурчу сыртка чыккан түзүлүштөр болбоого тийиш, эгерде андай түзүлүштөр болсо бурчтар жылмаланат (радиусу 0,05 м).
180. Тепкичтерге эки жагынан тең тутка орнотулат жана 1,8 м бийиктикте тосмо туташ тосмо менен курчалууга тийиш.
181. Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн тепкичтердин эки жагынан тең тутка коюлуп, алар эки деңгээлде - 0,9 м бийиктикте жана кошумча ылдыйкы туткасы 0,5 м бийиктикте орнотулат.
182. Лифттер, жантаюусу 1:6 болгон пандустар каралат. Пандустар резина менен капталууга тийиш.
183. Топтук ячейкалардын негизги жайларынын дубалдары жана жабуулар ачык түстөгү жылтырабаган сыр менен сырдалат. Көрүүсү начар балдар үчүн эшиктердин жана эшиктин капталдарынын, имараттын чыгып турган бөлүктөрүнүн, тепкичтердин чектеринин, эмеректердин жана жабдыктардын өңү дубалдардын өңү менен контрасттуу болууга тийиш.
184. Үндү күчөтүүчү аппаратураны колдонууда жайдын үстү менен дубалдардын үндү басуусун кароо керек (жайдын үстү жана дубалдар үндү басаңдатуучу жогорку касиетке ээ болууга тийиш).
185. Азиз, көзү начар көргөн, ошондой эле дүлөй жана кулагы катуу балдар үчүн топтук, уктоочу жайлар, музыкалык залдар мейкиндик боюнча түштүк жана чыгыш багытта гана болууга тийиш.
186. Көрүүсү жана угуусу начар балдарды окутуу жана сабак берүү үчүн жайлардын табигый жарык коэффициенти каптал жагынан жарык берүүдө кеминде 1,5%ды түзөт.
187. Ойноочу жана окуу жайларындагы музыка, спорт залдарда азиз жана көрүүсү начар балдар, жасалма жарыктандыруунун деңгээли кеминде 600-800 лк; көздөрү жарыктан уялган балдар үчүн оюн, окуу жайларында, музыкалык жана спорттук залдарда - 300 лкдан жогору эмес болууга тийиш.
188. Азиз жана көзү начар көргөн балдар үчүн топтук ячейкалардын жайлары жасалма жарыктандыруунун бириктирилген системасы менен жабдылышы керек.
189. Ар бир жумуш орду ошол жерге жарык берүүсү чырак менен жабдылат.
190. Чырактар столдун үстүнө бекем бекитилип, алардын кыйшайтууга жана бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүндүк берген ийилме тирөөчү болот.
191. Көздөрү жарыктан уялган балдарга ыңгайлуу жарыктандыруу шарттарын түзүү үчүн алардын окуу столдорунда жалпы жарыктандыруу чырактарынын айрым топторун милдеттүү түрдө өзүнчө күйгүзүүнү кароо керек.
192. Логопед бөлмөлөрүндө күзгүнүн жанында кыйшайтууга жана бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүндүк берген тирөөчтө турган, ошол жерге жарык берген дубалга илинме чырактар орнотулат.
193. Жайлардагы балдардын эмеректери жана жабдыктар балдардын ден соолугуна зыян келтирбегидей болуп, педагогикалык процессти жана дарылоо-калыбына келтирүү иш-чараларын уюштуруунун өзгөчөлүгү эске алынып, ошондой эле балдардын боюна жана курагына туура келиши зарыл.
194. Начар көргөн, акыл-эси артта калган балдар үчүн топтук жайларда жөнгө салуучу параметрлердеги, жөнөкөй жана бекем конструкциядагы бир орундуу универсалдуу столдор сунушталат.
195. Начар уккан (дүлөй, кулагы катуу) жана сүйлөө речи бузулган балдар үчүн топтук жайларда төмөнкүлөр сунушталат: жеке пульту бар бир орундуу столдор (микрофон комплекти, угуу жабдыгы); ар бир столдун башкаруу пультуна тогу аз линияларды тартып келүү менен башкаруу пульту бар (күчөткүчү жана коммутатору менен) тарбиячы үчүн стол. Угуу жабдуусу балдар жана тарбиячы үчүн стационардык бекитилген столдорго орнотулат.
196. Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн топтук жайларда сабактарды өткөрүү үчүн ыңгайлуу, атайын эмерек каралат.
197. Медициналык багыттагы жайлар ден соолукту чыңдоо-алдын алуу чараларын уюштуруу жана дарылоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн арналган, негизги дефектиге ылайык келген ооруларга жараша жайлардын курамы (мекеменин профилине ылайык) болууга тийиш. Аларда атайын жабдыктарды кароо зарыл.
198. Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган балдар үчүн МУда сууда сүзүү бассейнинде балдарды сууга түшүрүү жана алып чыгуу түзүлүшү болуш керек.
199. Көрүүсү бузулган (азиз жана начар көргөн) балдар үчүн сууда сүзүү бассейнинде төмөнкүдөй кошумча сактык чаралары каралат: бассейндин ваннасынын четтери резина менен капталып, ваннанын тайыз бөлүгү пенопласттан жасалган чектөөчү тактай жана салмактуу торчо менен бөлүнөт, ваннага түшүү үчүн кармагычы бар эки кошумча тепкич каралат; ваннанын жанында жана дубалдарды бойлой полдон 30 жана 50 см бийиктикте кармагычтар болууга тийиш.
200. Дарылоо массажы үчүн ваннасы бар жайларда абанын ченемделүүчү температурасы кеминде +30 °С түзөт.
11. Кыска мезгилде болуу топторуна жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына карата талаптар
201. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана балдар кыска мезгилде болуучу топтор түзүмдүк бөлүмдөрү түрүндө түзүлгөндөр жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары кошумча билим берүү уюмдарынын жана башка ылайыкташтырылган жайлардын базасында жайгаштырылышы мүмкүн.
202. Кыска убакытта болуу топторунда, МУларда балдарды кароо, багуу жана (же) билим берүү кызматтары көрсөтүлүшү мүмкүн.
203. Топтордун толушу балдардын курагына жана алардын ден соолугуна жараша болот, балдардын саны ушул санитардык эрежелерде белгиленгенден ашпоого тийиш.
204. Балдардын болушунун узактыгы тамак-аш ичүү, күндүз уктоо жана сейилдөө мүмкүндүгү менен аныкталат:
- тамактануусуз жана уктоосуз - балдардын болушу 3-4 сааттан ашпайт;
- уктабаса жана бир жолу тамактандыруу мүмкүнчүлүгү менен - балдардын болушу 5 сааттан ашпоого тийиш;
- балдардын курагына жараша 3-4 саат аралыкта тамактандыруу жана уктатуу менен. 1,5 жаштан 2 жашка чейинки балдар үчүн тамактануунун аралыгы 3 сааттан көп эмес, 2 жаш тан жогору балдар үчүн 4 сааттан кеп эмес болот;
- балдар 5 сааттан көбүрөөк болушу мүмкүн.
205. Тамактандыруусуз жана уктоосуз балдардын 3-4 саатка чейин кыска мезгилде болуу топтору жана уктоосуз, бир жолу тамактандыруу менен 5 саатка чейин кыска мезгилде болуу топтору үчүн төмөнкүдөй талаптар сакталышы керек:
а) жайлардын минималдуу тобу:
- балдардын сырткы кийимдерин жана бут кийимдерин коюу үчүн шарттары бар (шкафтар же кийим илгичтер) кийинип-чечинүүчү жайлар;
- балдарга сабак берүү жана (же) ойнотуу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон топтук бөлмө;
- балдар үчүн даараткана (жуунуучу бөлмөсү менен);
- персонал үчүн даараткана (жуунуучу бөлмөсү менен).
Персонал үчүн өзүнчө зонаны бөлүү жана өзүнчө даараткана кабинасын жабдуу менен бир жайдагы балдар жана персонал үчүн даараткананы бириктирсе болот. Топтор үчүн бөлүнгөн тамактануучу менен ашкана же таратуу буфети каралат;
б) сейилдөөлөрдү уюштурууда скверлердин, парктардын аймактары, ошондой эле балдардын аянтчалары менен жабдылган имараттарга чектеш короо аянттары колдонулушу мүмкүн. Кум төгүлгөн жерлер пайдаланылганда ушул санитардык эрежелердин талаптары сакталууга тийиш.
206. Балдар 5 сааттан көп болгон топтор үчүн жайлардын минимум тобу уктоочу жайы менен бирге 205-пункттун ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
207. 3-4 саат аралыкта тамактануу, уктатуу жана сейилдетүү менен шарттарын кароо зарыл.
208. Ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык топтук жайларда балдар керебеттеринде жука төшөктө уктатууга болот.
209. Балдар кыска мезгилде болуучу топтук бөлмөлөрдүн аянттары 11-таблицада келтирилген.
11-таблица
11-таблица
Балдар кыска мезгилде болгон топтук жайлардын аянттары
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2,0-2,5 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес |
Жуунуучу жай | Мектепке чейинки кенже курактагы балдар үчүн жуунгучтарды орнотуунун бийиктиги полдон прибордун бортуна чейин 0,4 м болгон 1 раковина (балдардын курагына жараша) жана мектепке чейинки орто жана улуу курактагы балдар үчүн жуунгучтарды орнотуунун бийиктиги полдон прибордун бортуна чейин 0,5 м болгон 1 раковина эсебинде муздак жана ысык суу тартылган жуунуучу раковиналар |
Даараткана | Балдардын унитазын орнотуу менен кеминде 2 (балдар үчүн 1, кыздар үчүн 1) кабинаны жабдуу зарыл |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 , 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомдорунун редакциясына ылайык)
210. Балдарга тамак берүүнү уюштурууда тамак-аш азыктарын сактоо шарттарына, тамактарды жана кулинардык азыктарды даярдоого жана сатууга, менюну түзүүгө (түрдүү курактагы балдарга тамак берүүнү уюштуруу үчүн), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тамак ичүү, суу ичүү режимин уюштурууга санитардык-гигиеналык талаптар сакталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
211. Канча жолу тамак берүү балдар болгон мезгили жана топтун иштөө режими менен аныкталат (эртең мененки тамак же түшкү тамак, же эртең мененки тамак жана түшкү тамак же түштөн кийинки тамак, башка варианттар да болушу мүмкүн).
212. Тамак-аш блокторунан изотермикалык идиштерде жеткирилүүчү даяр тамактарды жана даяр кулинардык азыктарды колдонуу менен балдардын тамактануусун камсыз кылууга болот.
213. Даяр биринчи жана экинчи тамактар таратып берүү температурасынан төмөн эмес температурада, бирок 2 сааттан ашык эмес убакыттын ичинде изотермикалык идиште (термостордо) болот. Муздап калган (таратып берүү температурасынан төмөн) даяр ысык тамактарды жылытууга болбойт. Даяр кулинардык азыктарды жана тамактарды башка идиштерге которуштурууга болбойт.
214. Тамак-аш азыктарын ташуу (жеткирүү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
215. Аянты 3 м2 кем эмес таратуучу буфет түздөн-түз топтордо жабдылат (зона бөлүнөт) жана жуучу каражаттарды колдонуу менен ашкананын идиш-аяктарын жуу (жүгүртүлүүчү идиштен тышкары) жана даяр тамак-ашты таратуучу жер каралат.
216. Жабдыктардын минимум топтому төмөнкүлөрдү камтыйт: тамак-аш таратып берүү үчүн стол, ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн жуугуч, таза ашкана идиш-аяктарын сактоо үчүн шкаф.
217. Балдардын саны 15тен ашпаган кыска мезгилде болуу топторунда төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда тамак-ашты бир жайда (ашканада) даярдаса болот:
- ашкана зарыл инвентарь жана муздатуучу жабдуу (муздаткыч), ысык жана муздак суу, духовкасы бар электр плита жана аба тартып алуучу тартып алуучу шкаф, идиш-аякты жуу үчүн 2 секциялык жуугуч, даяр тамак-аш азыктарынан жана кулинардык азыктардан өзүнчө чийки тамак-аш азыктарын жасоо үчүн эки жумуш столу менен камсыз кылынышы керек;
- тамак-аш даярдоодо ушул санитардык эрежелердин талаптары сакталууга тийиш.
218. Балдардын күн режимин уюштуруу, жайлардын аба-жылуулук режими, суу менен камсыз кылуу, табигый жана жасалма жарыктандыруу, жайларды күтүү, балдарды кабыл алуу, персоналдын медициналык текшерүүдөн өтүшү, мектепке чейинки уюмдарда медициналык персонал тарабынан жүргүзүлүүчү негизги гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралар ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келиши керек.
219. Мамлекеттик жана муниципалдык МУлардын түзүмдүк бөлүмдөрү түрүндө түзүлгөн балдар кыска мезгилде болгон топторго жана МУларга аталган уюмдардын штатында окуган медициналык персонал тарабынан ишке ашырылат же болбосо келишимдин негизинде аймактык дарылоо-алдын алуу мекемелеринин медициналык персоналы ишке ашырылышы мүмкүн.
12. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууга, күн режимине жана окуу сабактарына коюлган талаптар
220. МУларга биринчи жолу кирип жаткан балдарды кабыл алуу белгиленген тартипте берилген медициналык корутундунун негизинде жүргүзүлөт.
221. Балдарды эртең менен күн сайын тарбиячылар тосуп алат, алар ата-энесинен баласынын ден соолугун сурайт. Медициналык кызматкер балдарды ясли топторуна кабыл алат, мектепке чейинки топтордо ооруганга шек болгон учурда, ооруганы аныкталган балдар же ооруганга шектүү балдар МУларга кабыл алынбайт; бир күндүн ичинде ооруп калган балдарды ата-энеси келгенче оорубаган балдардан өзүнчө бөлүшөт (өзүнчө жайга убактылуу жайгаштырылат) же дарылоо мекемесине жөнөтүшөт.
222. Балдар ооруп айыгып, 3 күндөн ашуун келбегенден кийин (буга дем алыш жана майрам күндөр кирбейт) диагнозду, оорунун узактыгын, дарылоону, жугуштуу ооругандар менен байланышы жоктугу тууралуу маалыматты, ошондой эле алгачкы 10-14 күнгө реконвалесцент-баланын жеке режими боюнча сунуштарды көрсөтүү менен участкалык врач-педиатрдын маалымкаты болгондо гана ал МУларга кабыл алынат.
223. Күн режими балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келип, алардын телегейи-тегиз өсүп-өнүгүшүнө түрткү берүүгө тийиш. 3-6 жаштагы балдардын үзгүлтүксүз уктабашынын узактыгы 5,5-6 саат, 3 жашка чейин - медициналык сунуштарга ылайыктуу болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
224. Балдарды күн сайын сейилдетүүнүн узактыгы кеминде 4-4,5 саатты түзөт. Сейилдөө күнүнө 2 жолу уюштурулат: түшкү тамакка чейин жана түштөн кийин - түшкү уктатуудан кийин же балдар үйүнө кетээрдин алдында. Сейилдөө 4 жашка чейинки балдар үчүн абанын температурасы 15 °С төмөн болгон жана шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден жогору болгон, ал эми 5-6 жаштагы балдар үчүн абанын температурасы 20 °С төмөн болгон жана шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден жогору болгон учурда болбойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
225. Балдар менен сейилдөөдө оюндарды ойноп жана дене тарбия машыгууларын өткөрүү керек. Кыймыл-аракеттүү оюндар балдар МУнун жайларына кайтып келээрдин алдында сейилдөөнүн аягында ойнотулат. Күн бою балдарды ойнотуунун жана эс алдыруунун бардык түрлөрүн уюштуруу жана билим берүү программалардын негизинде жүргүзүлөт.
226. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана эстетикалык циклдеги сабактар ишке ашырылып жаткан билим берүү программасынын (сабактын) жалпы убактысынын 50%дан кем эмес убактысын ээлейт.
227. Балдардын дилгир таанып билүү активдүүлүгүн жана ойлонуусун талап кылуучу сабактарды түшкө чейин жана балдар кыйла көбүрөөк жөндөмдүү болгон күндөрү (шейшемби, шаршемби) өткөрүү керек. Балдарды чарчатпоо үчүн аталган сабактарды дене тарбия, музыка сабактары, ритмика ж.б. менен айкалыштыруу зарыл.
228. МУлардын тарбиялануучуларына үй тапшырмасы берилбейт.
229. Жылдын ортосунда (январь-февраль) мектепке чейинки топтордун тарбиялануучулары үчүн жумалык эс алууларды уюштуруу сунушталат, эс алуу убагында эстетикалык-ден соолукту чыңдоочу циклдеги (музыкалык, спорттук, көркөм өнөр) гана сабактар өткөрүлөт. Эс алуу күндөрү жана жай мезгилинде окуу сабактарын өткөрүү сунушталбайт. Спорттук жана кыймыл-аракет оюндарын, спорттук майрамдарды, экскурсияларды жана башкаларды өткөрүү, ошондой эле сейилдөөлөрдүн узактыгын көбөйтүү сунушталат.
230. Кенже жана орто топтордо теле берүүлөрдү жана диафильмдерди көрүүнүн үзгүлтүксүз узактыгы - 20 мүнөттөн ашпайт, улуу жана даярдоочу топтордо - 30 мүнөттөн ашпайт. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн теле берүүлөрдү күнүнө ашып кетсе 2 жолу көрүүгө уруксат берилет (түшкө чейин жана түштөн кийин). Телевизордун экраны отурган баланын көзүнүн деңгээлинде же бир аз ылдыйраак болушу керек. Эгерде бала көз айнек тагынса, анда телекөрсөтүү учурунда аны сөзсүз тагынууга тийиш. Кечки убакта топтук жогорку жарыкты жасалма жарыктандырууда же балдардын көрүнүп турган мейкиндигинде жайгаштырылган ошол жердеги жарык менен (бра же столдун үстүндөгү лампа) телекөрсөтүүнү көрүүгө болот.
231. 5-6 жаштагы балдар үчүн компьютерлерди колдонуу менен сабактарды бир күндө бир жолудан ашык эмес жана жумасына үч жолудан ашык эмес, ишке болгон жөндөмдүүлүк кыйла жогору болгон күндөрү - шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүү керек. Балдар менен сабак өткөрүлгөндөн кийин көз гимнастикасы жасалат. 4 жаштагы балдар үчүн өнүктүрүүчү оюн сабактарында компьютер менен иштөөнүн үзгүлтүксүз узактыгы 10 мүнөттөн жана 5-6 жаштагы балдар үчүн - 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Өнөкөт патологиясы бар, тез-тез ооруган (жылына 4 жолудан көп) балдар үчүн ооруп айыккандан кийин 2 жуманын ичинде компьютер менен сабактардын узактыгы 4 жаштагы балдар үчүн 7 мүнөткө чейин, 5-6 жаштагы балдар үчүн 10 мүнөткө чейин кыскартылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
232. Компьютердик техника пайдаланылган сабактарда балдардын чарчоосун азайтуу үчүн жумушчу орунду гигиеналык рационалдуу уюштурууну камсыз кылуу зарыл: эмерек баланын боюна туура келип, жетиштүү деңгээлде жарык берилүүгө тийиш. Видеомонитордун экраны көздүн деңгээлинде же бир аз ылдыйраак, 50 смдан жакын эмес аралыкта болушу керек. Көз айнек тагынган бала компьютерде көз айнекчен иштеши керек. Бир эле компьютерди бир эле учурда эки же андан көп бала колдонбойт. Балдардын компьютер менен иштөө сабагы педагогдун же тарбиячынын (методисттин) көзүнчө өткөрүлөт.
13. Дене тарбияны уюштурууга талаптар
233. Балдардын дене тарбиясы ден соолукту жана дене бой жагынан өнүгүүнү чыңдоого, өсүп жаткан организмдин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кыймыл көндүмдөрүн жана кыймыл сапаттарын түзүүгө багытталышы керек.
234. Рационалдуу кыймыл режими, дене тарбия көнүгүүлөрү жана чыңдоо иш-чаралары балдардын ден соолугун, курактык-жыныстык мүмкүнчүлүгүн жана жыл мезгилин эске алуу менен ишке ашырылышы зарыл.
235. Төмөнкүдөй кыймыл формаларын колдонуу сунушталат: эртең мененки гимнастика, жайда жана таза абада дене тарбия көнүгүүлөрү, дене тарбия мүнөттөрү, кыймылдуу оюндар, спорттук көнүгүүлөр, ритмикалык гимнастика, тренажерлордо машыгуу, сууда сүзүү жана башкалар.
236. Балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн, жыл мезгилин жана МУда иштөө режимин эске алуу менен жумасына 6-8 саатка чейин ден соолукту чыңдоо-тарбия берүү ишинин уюштуруу формасында 5-6 жаштагы тарбиялануучулардын кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн көлөмүн кароо зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
237. Балдардын кыймылдуу ишин жүргүзүү үчүн баланын курагына жана боюна ылайык дене тарбия залындагы аянтчасындагы жабдууларды жана инвентарды пайдалануу керек.
238. Эки-үч жаштагы балдар менен дене тарбия сабактарын тарбиячылар топтор боюнча жумасына 2-3 жолу өткөрөт. Эки жаштагы балдар менен сабактар топтук жайларда, үч жаштагы балдар менен сабактар топтук жайларда же дене тарбия залдарында өткөрүлөт.
239. Мектепке чейинки балдар үчүн дене тарбия сабактары жумасына кеминде 3 жолу өткөрүлөт. Сабактын узактыгы балдардын курагына жараша аткарылат жана төмөнкүлөрдү түзөт:
- кенже топто - 15 мүнөт;
- орто топто - 20 мүнөт;
- улук топто - 25 мүнөт;
- даярдоочу топто - 30 мүнөт.
240. Жылдын жылуу мезгилинде жагымдуу метеорологиялык шарттарда дене тарбия сабагынын көпчүлүгү ачык абада өткөрүлөт.
241. Балдарды чыйралтуу төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:
- күнүмдүк турмуштагы чыйралтуунун элементтери: муздак сууга жуунуу, жайларды кеңири аэрациялоо, туура уюштурулган сейилдөө, жайда жана ачык абада жеңил спорттук кийим менен дене тарбия көнүгүүлөрү;
- атайын иш-чаралар: суу, аба жана күн нуру астындагы көнүгүүлөр.
242. Балдарды чыйралтуу үчүн негизги табигый факторлор (күн, аба жана суу) методикалык сунуштарды так сактап, персоналдын жана МУнун материалдык базасынын даярдыгын эске алуу менен балдардын курагына, алардын ден соолугуна жараша дифференциациялуу колдонулат.
243. Чыйралтуучу иш-чаралар жыл мезгилине, топтук жайларда абанын температурасына, эпидемиологиялык кырдаалга жараша күчү жана узактыгы боюнча алмаштырылат.
244. Балдарга сүзүүнү уюштурууда бассейндер колдонулат, алар сууда сүзүү бассейндерине, алардын түзүлүшүнө, пайдаланылышына жана суунун сапатына болгон талаптарга жооп берүүгө тийиш.
245. Бассейнде көнүгүүлөрдүн узактыгы балдардын курагына жараша:
- кенже топто - 15-20 мүнөт;
- орто топто - 20-25 мүнөт;
- улук топто - 25-30 мүнөт;
- даярдоочу топто 25-30 мүнөттү түзөт.
Бассейнде көнүгүүлөрдү аткарууда медициналык персонал милдеттүү түрдө болууга тийиш.
246. Балдар врач-педиатрдын уруксаты менен гана бассейнге келишет.
247. Жайкы мезгилде балдардын ден соолугун чыңдоо иштери алдын алуу иш-чаралар системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
248. Дене тарбия иштери медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз контролдоосунда алардын ден соолугун эске алуу менен жүргүзүлөт.
14. Тамак-аш блогунун жабдууларына, инвентарга, идиш-аякка талаптар
249. МУнун тамак-аш блогу зарыл технологиялык жана муздатуучу жабдуу менен жабдылышы керек. Бардык технологиялык жана муздатуучу жабдуулар иш абалында болууга тийиш. Өндүрүштүк жана кампалык жайларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
250. Технологиялык жабдуу, инвентарь, идиш-аяктар, идиштер тамак-аш азыктары үчүн уруксат берилген материалдардан жасалууга тийиш. Кухниядагы бардык инвентарь жана идиш-аяктар чийки жана даяр тамак-аш азыктары үчүн маркаланышы керек. Технологиялык жабдуу иштеген учурда чийки тамак-аш сырьесу менен керектөөгө даяр азыктардын аралашып кетүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилбөөгө тийиш.
251. Өндүрүштүк жабдуу, даярдоо инвентары жана идиш-аяктар төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- тамак-аш азыктары үчүн арналган столдор толугу менен темирден жасалат;
- чийки жана даяр азыктарды даярдоо үчүн жаракалары, көндөй жерлери жок болгон, жылмакай сүрүлгөн жыгачтан жасалган өзүнчө даярдоочу столдор, бычактар жана тактайлар болот. Пластмассадан жана пресстелген фанерадан жасалган тактайларды колдонууга болбойт;
- тактайларга жана бычактарга төмөнкүдөй белгилер коюлат: "ЧЭ" - чийки эт, "ЧТ" - чийки тоок, "ЧБ" - чийки балык, "БЭ" - бышкан эт, "ББ" - бышкан балык, "БЖ" - бышкан жашылчалар, "гастрономия", "Сельд", "Н" - нан, "Жашылчалар";
- тамак-аш даярдоо жана сактоо үчүн колдонулуучу идиш-аяктар балдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш;
- компоттор жана киселдер дат баспаган идиш-аяктарда даярдалат. Сүт бышыруу үчүн өзүнчө идиш бөлүнөт;
- бир эле учурда пайдаланылуучу ашкана идиш-аяктарынын жана аспаптардын саны топтогу балдардын тизмедеги курамына ылайык келиши керек. Персонал үчүн өзүнчө ашкана идиш-аяктар каралат. Идиш-аяктар буфетте сакталат;
- ашкана идиш-аяктары, столдор, жабдуулар, инвентарь маркаланып, арналышы боюнча колдонулат.
252. Жайлардын (өндүрүштүк, кампалык, санитардык-тиричиликтик) ар бир тобу механикалык жана табигый аба сордургуч-желдетүүчү өзүнчө системалар менен жабдылат.
253. Нымдуулукту, жылуулукту, газды көп бөлүп чыгарган технологиялык жабдуусу жана жуучу ванналар максимум булгануу зонасында вентиляциянын локалдуу тартып алуучу системалары менен жабдылат.
254. Тамак-аш блогундагы жуучу (өндүрүштүк) ванналар аралаштыргычтар аркылуу муздак жана ысык суу менен камсыз кылынат.
255. Алмаштыруучу идиш-аяктын жуугучу чоң көлөмдөгү ванна же керамикалык плиткалар менен капталган капталы бар трап менен жабдылат.
256. Бардык өндүрүштүк жайларда, жуучу жайларда, санитардык түйүндөрдө жана тамак-аш блогундагы персоналдар бөлмөсүндө ысык жана муздак суусу бар кол жуучу раковиналар орнотулат.
257. Өндүрүштүк ванналарды канализацияга кошкон жерде кабыл алуучу куйгучтун үстүнөн кеминде 20 мм болгон аба чыккан жер болот, ал куйгуч сифондук түзүлүштөн өйдө орнотулат.
258. Тамак-аш калдыктары тазалангандан кийин ашкана идиш-аяктары төмөнкүдөй режимди сактоо менен эки секциялык ваннада жуулат: биринчи секцияда - жуучу каражаттарды кошуу менен +40 °С төмөн эмес температурада щетка менен суулап жуулат; экинчи секцияда - душу бар шлангдын жардамы менен температурасы +65 °С төмөн эмес агып жаткан ысык суу менен чайкалат жана торчо текчелерде, стеллаждарда көңтөрүлгөн түрдө кургатылат. Таза ашкана идиш-аяктары полдон кеминде 0,5 м бийиктикте стеллаждарда сакталат.
259. Тактайлар жана майда жыгач инвентарлар (калак, аралаштыргычтар жана башка) биринчи ваннада жуучу каражаттарды кошуп ысык суу менен (+40 °С төмөн эмес) жуулгандан кийин экинчи ваннада ысык сууда (+65 °С төмөн эмес) чайкалат, кайнак суу жаба куюлат, андан соң торчо стеллаждарда же текчелерде кургатылат. Тактайлар жана бычактар иш орундарында кассеталарда өз-өзүнчө же илинген түрдө сакталат.
260. Металл инвентар жуулгандан кийин үйлөмө шкафка салынат; эт туурагыч, машина колдонулгандан кийин ажыратылып, жуулуп, үстүнө кайнак суу жаба куюлуп, кылдаттык менен кургатылат.
261. Ашкана жана чай идиш-аяктары ар бир топ үчүн бөлүп берилет. Алар фаянстан, фарфордон (табактар, талинке, чөйчөк), ал эми ашкана приборлору (кашыктар, вилкалар, бычактар) дат баспаган болоттон жасалат. Четтери сынган, жаракасы бар, деформацияланган, эмалы кетик, пластмасса жана алюминийден жасалган ашкана приборлорун колдонууга болбойт. Персонал үчүн өзүнчө идиш-аяктар бөлүнүп, алар маркаланууга тийиш.
262. Идиш-аяктар жана ашкана приборлору ар бир топтук ячейкалардын буфеттеринде орнотулган 2 көздүү ванналарда жуулат.
263. Ашкана идиш-аяктары тамак-аш калдыктарынан тазалангандан кийин суунун температурасы +40 °С төмөн эмес жуучу каражаттарды кошуу менен жуулат (биринчи ванна), душу бар жумшак шлангдын жардамы менен температурасы +65 °С төмөн эмес агып жаткан ысык сууда чайкалат (экинчи ванна) жана атайын торчолордо кургатылат.
264. Чөйчөктөр биринчи ваннада жуучу каражаттарды колдонуп, ысык суу менен жуулат, экинчи ваннада агын ысык сууда чайкалат жана кургатылат.
265. Ашкана приборлору тазаланып жана жуучу каражаттарды колдонуу менен (биринчи ванна) жуулгандан кийин, агынды ысык суу менен чайкалат (экинчи ванна). Таза ашкана приборлору алдын ала жуулган металл кассеталарында кармагычтары өйдө абалда сакталат.
266. Персонал үчүн ашкана идиш-аяктары балдардын ашкана идиш-аяктарынан бөлөк жуулат.
267. Жугуштуу оорулар пайда болгон учурларда Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген көрсөтмөлөргө ылайык иш-чаралар өткөрүлөт.
268. Идиш-аяктарды зыянсыздоо үчүн ар бир топтук ячейкада дезинфекциялоочу эритмеде идиш-аяктарды сууга салуу үчүн капкагы бар маркаланган сыйымдуулук болот. Кургак ысытуучу шкафтарды колдонууга болот.
269. Тамак-аш блогундагы иш столдор жана топтордогу столдор тамак ичилген сайын атайын чүпүрөк менен жуучу каражаттарды колдонуп, ысык суу менен жуулат.
270. Идиш-аяк жуу үчүн мочалкалар, щеткалар, тамактан кнйин столдорду сүртүүгө пайдаланылган чүпүрөктөр жуучу каражаттар колдонулуп жуулат, атайын маркаланган идиште кургатылат жана сакталат.
271. Тамак-аш блогундагы жана топтордогу тамак-аш калдыктары капкагы бар маркаланган металл чакаларга же бут менен баскычы бар кичинекей бактарга чогултулат, алардын көлөмүнүн 2/3 бөлүгү толгондо тазаланат. Күн сайын күндүн аягында чакалар жана кичинекей бактар толгондугуна карабастан канализациялык траптын үстүндө шлангдардын жардамы менен тазаланат, кальций соодасынын 2% эритмеси менен жуулат, андан кийин ысык суу менен чайкалып, кургатылат.
272. Тамак-аш блогунун жайлары күн сайын тазаланат: полдор жуулат, чаңдар тазаланып, желелер алынат, радиаторлор, терезенин астылары сүртүлөт, жуучу каражаттар колдонулуп күн сайын дубалдар, жарыктандыруу арматуралары тазаланат, айнектер чаңдан жана ыштан тазаланат ж.б.
273. Айына бир жолу тамак-аш блогунун бардык жайлары, жабдыктары жана инвентары дезинфекцияланып генералдык тазаланат.
274. Тамак-аш блогунун жайларында адистештирилген уюмдардын жардамы менен дезинсекциялоо жана дератизациялоо жүргүзүлөт.
15. Тамак-аш азыктарын жана кулинардык азыктарды сактоо, даярдоо жана сатуу шарттарына коюлган талаптар
275. МУларга келип түшүүчү тамак-аш азыктарынын кайдан алынгандыгын, алардын сапатын жана коопсуздугун ырастаган документтери болууга тийиш. Азыктардын сапатын жооптуу адам (чийки азыктардын бракеражы) текшерет, атайын журналга жазат. Коштоочу документтери жок, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана бузулган тамак-аш азыктарын алууга болбойт.
276. МУлардын аймагында чогултулган жашылчалардын жана мөмө-жемиштердин түшүмүн балдардын тамактануусунда колдонсо болот, алар мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун техникалык регламенттерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тамак-аш баалуулугуна жооп бериши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
277. Азык-түлүктөрдү сактоодо, жасоодо жана сатууда өндүрүүчүнүн сактоо жана жарамдуу мөөнөтү боюнча тартиби сакталууга тийиш. Өндүрүүчү белгилеген сактоо шарттары азыктын шарттарын жана коопсуздугун камсыздоого тийиш.
278. Жугуштуу жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын) келип чыгышына жол бербөө үчүн ушул санитардык эрежелеринде 9-тиркемесинде көрсөтүлгөн тамак-аш азыктарын пайдаланууга жол берилбейт.
16. Ар кандай курактагы балдарга тамак берүүнү уюштуруу үчүн менюну түзүүгө коюлган талаптар
279. Тамак-аш блогунда даярдалуучу даяр тамактардын жана кулинардык азыктардын ассортименти жайлардын тобун, технологиялык, муздатуучу жабдуулар менен камсыз кылууну эске алуу менен аныкталат.
280. Тамактануу балдардын ушул санитардык эрежелерин 1-тиркемесинде келтирилген негизги тамак-аш заттарына жана энергияга болгон физиологиялык муктаждыктарын канааттандырышы керек.
281. Адистештирилген МУларда жана өнөкөт оорусу бар (тамак- ашка аллергия, тез-тез ооруган балдар) балдар үчүн топтордо балдарды тамактандыруу тиешелүү ченемде тамактандыруунун жана менюнун негизинде тиешелүү патологиясы бар балдарды дарылоо жана алдын алуу принциптерине ылайык уюштурулушу керек.
282. Балдарды тамактандырууну уюштуруу да кеминде 2 жумага эсептелген болжолдуу меню болууга тийиш, мында балдардын курагын жана алардын МУга келүү убактысын эске алып, ушул санитардык эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тамак-аш азыктарынын сунуш кылынган орто суткалык топтомун жетекчиликке алуу зарыл.
283. Эсептик суткалык калориялуулуктан жана негизги тамак-аш заттарынан (белок, май жана углеводдор) жана калориялуулуктан четтөө 10%дан, микронутриенттердин 15%ынан ашпоосу керек.
284. Тамактануунун аралыгы 4 сааттан ашпоо керек.
285. Балдардын суткалык рационундагы сунушталган өзүнчө тамак-аштын энергетикалык баалуулугу (калориялуулук):
- 3 маал тамактанууда эртең мененки тамак - 25%, түшкү тамак - 35%, түштөн кийинки тамак - 20%.
- 4 маал тамактанууда наристе курактагы (1-3 жаш) балдардын эртең мененки тамагы - 25%, түшкү тамак - 30%, түштөн кийинки тамак - 25%, 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын эртең мененки жана кечки тамагы 25% чейин, түшкү тамак - 35-40%, түштөн кийинки тамак - 10-15%.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
286. МУларда балдардын кыска мезгилде болуу топтору үчүн (3-5-саат) топтун иш убактысына жараша (түшкө чейин жана түштөн кийин) бир жолку тамактануу уюштурулат (экинчи эртең мененки тамак, түшкү тамак же түштөн кийинки тамак).
287. Менюну жана калориялуулук эсебин түзүүдө тамак-аш заттарынын (белок, май, углеводдор) оптималдуу катышын сактоо зарыл, ал тиешелүү түрдө 1:1:4тү түзөт.
288. Менюну түзүүдө калктын улуттук жана адаттагы тамактануу өзгөчөлүктөрүн жана балдардын ден соолугун эске алуу керек.
289. Болжолдуу меню ар бир күн жана анын өтүшүнүн бүтүндөй мезгили үчүн ар бир тамак, тамак ичүү боюнча негизги тамак-аш заттарынын жана энергиянын сандык курамы жөнүндө маалыматты камтышы керек.
290. Болжолдуу менюда бир эле күндө же катары менен күндө бир эле тамактарды же кулинардык азыктарды кайталоого жол берилбейт.
291. Болжолдуу менюнун формасы ушул санитардык эрежелердин 3-тиркемесинде келтирилген.
292. Күн сайын менюга төмөнкүлөр киргизилүүгө тийиш: сүт, кычкыл сүт суюк азыктары, каймак, эт, картөшкө, жашылчалар, жер-жемиштер, соктор, нан, таруу, сары май жана өсүмдүк майы, шекер, туз. Калган азыктар (быштак, балык, сыр, жумуртка жана башкалар) - жумасына 2-3 жолу.
293. Кандайдыр бир азыктар болбогон учурда ушул санитардык эрежелердин 8-тиркемесине ылайык толук баалуу балансталган тамактандырууну камсыз кылуу максатында аларды азыктарды алмаштыруу таблицасына ылайык курамы боюнча тең баалуу азыктарга алмаштырууга уруксат берилет.
294. Бузулбаган таза жашылчалар жана жер-жемиштер болбогон учурда менюга сокторду, жаңы муздатылган жашылчаларды жана жер-жемиштерди киргизүү зарыл.
295. Бекитилген болжолдуу менюнун негизинде күн сайын ар кандай курактагы балдар үчүн тамактын чыгышын көрсөтүү менен белгиленген үлгүдө талап кылынган меню түзүлөт.
296. Ар бир тамакка ушул санитардык эрежелердин 4-тиркемесине ылайык технологиялык карта жүргүзүлүүгө тийиш.
297. Ар кандай курактагы балдар үчүн даярдалуучу тамактардын порциясынын көлөмү ушул санитардык эрежелердин 5-тиркемесине ылайык сакталууга тийиш.
298. Балдардын тамактануусунда микронутриенттердин (витаминдер жана минералдык заттар) жетишсиздигинин алдын алуу максатында микронутриенттерге бай тамак-аш азыктары, анын ичинде тез ээриген (инстанттык) витаминдештирилген суусундуктар жыл бою колдонулат. Мында тамактануунун суткалык рационунда витаминдердин болушуна сөзсүз түрдө сандык баа берилет.
299. МУда жыл бою даяр тамактарды жасалма түрдө С-витаминдештирүү (порциясына 1-3 жаштагы балдар үчүн - 35 мг; 3-6 жаштагы балдар үчүн - 50,0 мг эсебинде) же суусундуктун бир порциясындагы витаминдерге суткалык муктаждыктан 50-75% эсебинде аларды ушул максат үчүн атайын дайындалган (нускамага жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык) витаминдик-минералдык комплекстер менен байытуу жүргүзүлөт же колдонуу боюнча нускамага ылайык атайын багыттагы (балдар үчүн) поливитаминдүү препараттар колдонулат. Витаминдердин препараттары үчүнчү тамак (компот, кисель ж.б.) + 15 °С (компот үчүн) жана +35 °С (кисель үчүн) температурасына чейин суугандан кийин кошулат. Витаминдештирилген тамактар жылытылбайт.
300. Бир балага тамак-аш азыктарынын колдонулган орто суткалык топтомунун зарыл эсеби жана ага баа берүү он күндө 1 жолу жүргүзүлөт.
Баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча, зарыл болсо, кийинки жуманын (декаданын) ичинде тамактандыруу оңдолуп түзөтүлөт.
301. Тамактануудан алынган рациондун энергетикалык баалуулугу жана андагы негизги тамак-аш заттарынын (белок, май жана углеводдор) болушу ай сайын эсептелет.
302. Тамактануунун ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн күн сайын менюну илүү менен баланын тамактануусунун ассортименти жөнүндө ата-энелерге маалымдалат.
303. Даяр тамак-ашты берүүгө курамында ашпозчу, МУнун администрациясынын өкүлү, медициналык кызматкер болгон бракераждык комиссиянын кабыл алуу контролдоосунан кийин гана уруксат берилет.
304. Контролдоонун жыйынтыктары атайын журналда ушул санитардык эрежелердин 6-тиркемесине ылайык катталат.
305. Порциялык тамактардын массасы менюда көрсөтүлгөн тамактын чыгышына туура келүүгө тийиш. Тамак-ашты даярдоо технологиясы бузулганда, ошондой эле даяр боло электе тамак аныкталган кулинардык кемчиликтер жоюлгандан кийин гана берилет. Тамактардын чыгышын аныктоо үчүн азыктарды кулинардык даярдоодо (муздак, ысык) орун алган коромжуларды эске алуу керек, алар 7-тиркемеде көрсөтүлгөн.
306. Тамак даярдалгандан кийин даяр продукциянын суткалык татымы алынат. Суткалык татым төмөнкүдөй көлөмдө алынат: порциялык тамактар - толук көлөмдө; муздак жеңил тамактар, биринчи тамактар, гарнирлер, үчүнчү жана башка тамактар - кеминде 100 гр. Татымдар стерилдүү же кайнатылган кашыктар менен бекем жабылган капкагы бар стерилдүү же кайнатылган айнек идишке (гарнирлер жана салаттар - өзүнчө идишке) алынат жана өзүнчө муздаткычта же сүт азыктары үчүн атайын бөлүнгөн жерде турган муздаткычта, гастрономияда +2 - +6 °С температурасында кеминде 48 саат бою сакталат. Татымдар салынган идиш-аяктар тамак ичүүнү жана татым алынган датаны көрсөтүү менен маркаланат. Татымдын туура алынгандыгын жана суткалык татымдын сакталышын контролдоону нускамадан өткөн жооптуу адам жүргүзөт.
17. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш азыктарын ташып келүүгө жана кабыл алууга талаптар
307. Тамак-аш азыктарын ташууда техникалык регламенттин талаптарын сактоону камсыз кылуу зарыл жана көрсөтүлгөн азыктарды даярдоодо даярдоочу тараптын атайын транспорт каражаттары менен ташуунун шарттарына ылайык жүргүзүлүшү керек, эгер ал жок болсо анда тамак-аш азыктарын сактоодо коюлган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
18. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын санитардык күтүүгө коюлган талаптар
308. МУлардын айланасы таза кармалуусу зарыл: жайкы убакта суу себилип, кыш мезгилинде кардан жана муздан тазалануусу керек.
309. Участоктун жабдуулары (дене-тарбия жабдуулары, отургучтар) балдар жабыркабашы үчүн бекем бекитилип оң абалда болуусу керек.
310. Акыр-чикир төгүлүүчү сыйымдуулуктар көлөмүнүн 2/3 толгондон кийин күнүгө тазаланат.
311. Бардык жайлар жуучу каражаттарды колдонуп, нымдоо ыкмасы менен күнүнө кеминде 2 жолу тазаланат, мында чан, турган жерлер (плинтуска чукул полдор жана эмеректердин асты, терезенин асты, радиаторлор ж.б.) жана тез-тез чаң баскан жерлер (эшиктердин, шкафтардын туткалары, өчүргүчтөр, катуу эмерек ж.б.) фрамугаларды же терезелерди ачып, сөзсүз түрдө тазаланат.
312. Уктоочу бөлмөлөрдө нымдуу тазалоо (бар болсо) күндүзгү уктагандан кийин, топтук бөлмөлөрдө - ар бир тамактануудан кийин жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
313. Топтук жайлардагы столдор тамак ичкенге чейин жана ичкенден кийин атайын чүпүрөк колдонуп, самын менен ысык сууда тазаланат, ал чүпүрөк жуулат, кургатылат жана капкагы бар атайын маркаланган идиште кургак сакталат.
314. Килемдер күн сайын чаң соргучтар, нымдуу щеткалар менен тазаланат же атайын бөлүнгөн аянтчаларда күбүлөт, андан кийин жуулуп, жылына бир жолу химиялык тазаланат.
315. Санитардык-техникалык жабдыктар эпидемиологиялык кырдаалга карабастан күн сайын зыянсыздандырылат. Унитаздын отургучтары, агызуучу кичинекей бактын кармагычы жана эшиктин туткалары самын же балдардын ден соолугуна зыяндуу эмес башка жуучу каражаттар менен күн сайын жуулат. Горшоктор колдонулган сайын щетканын жана жуучу каражаттардын жардамы менен жуулат. Ванналар, раковиналар, унитаздар жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар колдонулуп, щетка менен күнүнө эки жолу тазаланат.
316. Бардык жайларды жана жабдыктарды генералдык тазалоо жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен айына бир жолу жүргүзүлөт. Терезелер кирдегендигине жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу (жазында жана күзүндө) ичинен да, сыртынан да жуулат.
317. МУдагы жагымсыз эпидемиологиялык жагдай учурунда инфекциянын таралышынын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык кубаттуулугу тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарына ылайык кошумча иш-чаралар жүргүзүлөт.
318. Даараткана үчүн тазалоочу инвентарь ачык түстө маркаланат жана даараткана бөлмөсүндө атайын шкафта сакталат. Бардык тазалоочу инвентарь колдонулгандан кийин жуучу каражаттар менен ысык сууда тазаланат жана кургатылат.
319. Дезинфекциялоочу эритмелер жана жуучу каражаттар балдар ала албаган жерлерде сакталат.
320. Дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттардын эритмелери бар сыйымдуулуктардын капкагы, каражаттын аталышын, анын концентрациясын, дайындалышын, жасалган датасын көрсөтүү менен так жазылган жазуусу болушу керек. Көп жолу колдонуу үчүн уруксат берилген колдонууга даяр каражаттар үчүн анын даярдалган датасы көрсөтүлөт. Бардык дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттардын аларды колдонуу боюнча нускамасы болуп, ага ылайык колдонулушу керек.
321. Жылдын жылуу мезгилинде курт-кумурскалар кирбеши үчүн терезелер жана эшиктер тор менен тосулат. Чымын-чиркейлер менен күрөшүү үчүн жайдын ичинде механикалык методдорду (жабышчаак ленталар, чымын кармагычтар), ошондой эле чымын-чиркейлерге каршы күрөшүү боюнча белгиленген тартипте катталган химиялык каражаттарды колдонсо болот.
322. Желдетүү системасынын жана желдетүү шахтасынын жалюзилеринин торчолору булганышына жараша тазаланат.
323. Бардык түрдөгү оңдоо иштерин МУ иштеп жаткан мезгилде балдар бар кезде жүргүзүүгө болбойт.
324. Сатып алынган оюнчуктар (жумшактарынан башкасы) топтук жайларга келээрден мурда агып жаткан сууда (температурасы 37 °С) самын же балдардын ден соолугу үчүн зыянсыз башка жуучу каражаттар менен жуулат, андан соң абада кургатылат.
325. Пенолатекстик түктүү оюнчуктар жана жумшак оюнчуктар даярдоочунун нускамасына ылайык тазаланат.
326. Оюнчуктар күн сайын күндүн аягында, ал эми ясли топторунда - күнүнө 2 жолу жуулат же тазаланат. Куурчактын кийимдери булганышына жараша балдар самынын колдонуу менен жуулат жана үтүктөлөт.
327. Көп жолу колдонулуучу медициналык аспаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылын 12-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте дезинфекцияланат.
328. Шейшеп-жууркандар, сүлгүлөр кирдешине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес алмаштырылат.
329. Шейшеп-жууркандар, жаздык тыштан башкасы, төмөн жагында маркаланат. Ар бир балада шейшеп-жууркандын эки комплекти, анын ичинде жүз аарчы жана бут сүлгүсү жана матраска кийгизилүүчү шейшептин эки комплектиси болушу керек. Таза шейшептер мүшөктө алып келинет жана шкафтарда сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
330. Шейшептер колдонулгандан кийин атайын бакка, капкагы бар чакага, клеенкадан, пластикадан же кош кабат материядан жасалган мүшөккө салынат. Кир шейшептер жуучу бөлмөгө (же атайын жайга) алып келинет. Кездемеден жасалган мүшөктөр жууганга берилет, клеенкадан жана пластикадан жасалгандары ысык самын-соода эритмеси менен тазаланат.
331. Төшөк-орундарды: матрацтарды, жаздыктарды, уктоочу жууркандарды ар бир генералдык тазалоо сайын терезелерди ачып, уктоочу бөлмөлөрдө (бар болсо) желдетип, мезгил-мезгили менен абага чыгаруу керек. Жылына бир жолу төшөк-орундар химиялык тазаланат же дезинфекциялык камерада тазаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
332. МУнун жайларында курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрели № 173 "Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте дезинфекциялоо жана дератизациялоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
19. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медициналык персонал тарабынан өткөрүлүүчү негизги гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралар
333. Жугуштуу оорулардын жана тамак-аш ууланууларынын келип чыгышын жана жайылышын алдын алуу максатында МУнун медициналык кызматкерлери төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- ооруган балдарды аныктоо максатында мекемеге келген балдарды медициналык текшерүү, анын ичинде педикулезго;
- айрыкча ден соолугунун абалы бузулган тарбиялануучулардын ден соолугуна системалуу түрдө байкоо жүргүзүү;
- тарбиялануучуларды алдын ала текшерүүнү уюштуруу боюнча иштер жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү;
- дене тарбия жагынан тарбиялоо үчүн балдарды медициналык топторго бөлүштүрүү;
- МУнун жетекчилерине, тарбиячыларына, дене тарбия боюнча методисттерге балдардын ден соолугу, ден соолугунун абалы бузулган балдар үчүн сунушталуучу режим тууралуу маалымдоо;
- медициналык жардам көрсөтүү максатында күн сайын амбулатордук кабыл алуу (зарыл болсо), ооруп калган балдарды аныктоо, аларды өз убагында бөлүү, кокустан болгон кырсык учурунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү;
- жумасына бир жолу балдардын педикулезун текшерүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары атайын журналга жазылат;
- аймактын жана бардык жайлардын санитардык абалын жана күтүлүшүн, тарбиялануучулардын жана персоналдын жеке гигиена эрежелерин сакташын күн сайын контролдоо;
- алдын алуучу жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- тамак-аш блогун жана балдардын тамактануусун контролдоо.
334. Контагиоздук гельминтоздордун (энтеробиоздун жана гименолепидоздун) алдын алуу максатында инвазия булактарын чыңдоо, козгогучтардын жугуусун алдын алуу үчүн зарыл чаралар уюштурулат жана жүргүзүлөт.
335. Балдардын жана МУлардын персоналынын арасында контагиоздук гельминтоздор менен ооруп калган учурлар катталганда алдын алуучу иш-чаралар балдарды дарылоо мезгилинде да, ошондой эле ал аяктагандан кийинки жакынкы 3 күн бою да өткөрүлөт. Мында төмөнкүлөр зарыл:
- күн сайын 2 жолу (эртең менен жана кечкисин) самын-соода эритмесин колдонуу менен жайларды нумдуу тазалоо;
- килемдерди, жол килемдерин, жумшак оюнчуктарды чаң сордургучтар же камералык дезинфекция менен тазалоо (эгерде 30 мүнөт бою 25 см аралыкта бактерициддик лампалар менен шооландыруу мүмкүн болбосо) жана аларды акыркы дезинвазия аяктаганга чейин алып салуу;
- 3 күн бою, дарылануунун биринчи күнүнөн баштап жууркандар, матрацтар жана жаздыктар чаң соргуч менен тазаланат. Жууркандарды жана жууркан-орундарды жайларда күбүп тазалоого болбойт;
- күнү-түнү болуу топторунда кийилүүчү кийимдерди, шейшептерди жана сүлгүлөрдү күн сайын алмаштыруу жана ысык үтүктөө;
- балдардын жана персоналдын колдорунун тырмактарын алып туруу керек;
- балдардын жана персоналдын жеке гигиена эрежелерин сакташын көзөмөлдөө.
336. Мите ооруларын алдын алуу үчүн кварталда кеминде 1 жолу бассейндин ваннасындагы мителер көрсөткүчтөрүнүн суунун сапатына лабораториялык контролдоо жүргүзүлөт.
20. Персоналдын алдын алуучу медициналык текшерүүдөн өтүшүнө жана жеке гигиенасына талаптар
337. МУлардын кызматкерлери ишке кирип жатканда алдын ала медициналык текшерүүдөн жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипке ылайык коомдук саламаттык сактоо боюнча кесиптик гигиеналык даярдыктан өтүүгө тийиш.
338. Медициналык текшерүүнүн жана атайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө документтери жок жаңыдан келген адамдар ишке киргизилбейт.
339. Күн сайын иш башталаардын алдында медициналык кызматкер тамак-ашты даярдоо жана таратып берүү менен байланышкан кызматкерлердин колунда ириң ооруларынын жана денесинде ачык кесилген жерлердин, ошондой эле ангинанын, жогорку дем алуу жолдорунун катаралдык көрүнүштөрүнүн болушун же болбошун текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыктары жумушчу смена башталаардын алдында "Ден соолук журналына" киргизилет.
340. Ооруган же жугуштуу ооруларга шектүү кызматкерлер иштетилбейт же тез арада жумуштан четтетилет. Колунда ириңдеген жери, кесилген жарасы, күйүк жери болгон кызматкерлерге тамак даярдоого жана аларды таратууга уруксат берилбейт.
341. МУлардын персоналы төмөнкүдөй жеке гигиена эрежелерин сактоого тийиш: жумушка таза кийимчен жана бут кийимчен келүү; сырткы кийимин, баш кийимин жана жеке оокаттарын өзүнүн шкафында калтыруу, тырмактарды кыска алуу.
342. Даараткана бөлмөсүнө кирээрдин алдында халатын чечип, чыккандан кийин колун самын менен таза жууш керек; кызматкерлерге балдардын дааратканасын пайдаланууга жол берилбейт.
343. Тамак-аш блогунун кызматкерлерине жумуш мезгилинде шакек, сөйкө тагынып жүрүүгө, атайын кийимге төөнөгүч тагынууга, тамак ичүүгө жана жумуш ордунда чылым чегүүгө болбойт.
344. МУлардын кызматкерлери үчүн санитардык кийимдин кеминде 3 комплектин кароо зарыл.
21. Санитардык эрежелерди сактоого талаптар
345. МУнун жетекчиси ушул санитардык эрежелердин аткарылышын уюштурууга жана анын толуктугуна жооптуу адам болуп саналат, анын ичинде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ушул санитардык эрежелердин болушун жана алардын мазмунун МУнун кызматкерлерине чейин жеткирүүнү;
- гигиеналык даярдыктан өткөн, ден соолугунун абалы боюнча уруксаты бар адамдардын жумушка кабыл алынышын;
- ар бир кызматкерде жеке медициналык китепчесинин болушун;
- алардын мезгилдүү медициналык текшерүүдөн өз убагында өтүшүн;
- 2 жылда 1 жолудан кем эмес гигиеналык окутуу программасы боюнча курстук гигиеналык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурууну;
- дезинфекция, дезинсекция жана дератизация боюнча иш-чараларды уюштурууну;
- МУнун технологиялык, муздатуучу жана башка жабдыктарынын он иштешин.
346. МУнун медициналык персоналы ушул санитардык эрежелердин талаптарынын сакталышын күн сайын контролдойт.
347. Санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн МУнун жетекчиси Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 1-тиркеме |
Балдардын Курактык топтордун үчүн энергияга жана тамак-аш заттарына физиологиялык муктаждыктарынын ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Көрсөткүчтөр (суткасына) | 0-3 ай | 4-6 ай | 7-9 ай | 10-12 ай | 1 жаштан 3 жашка чейин | 4-6 жаш |
1 | Энергия (ккал) | 590 | 750 | 900 | 1000 | 1518 | 1858 |
2 | Белок, г, | 2,2 | 2,0 | 1,8 | 1,7 | 59 г | 69 г |
3 | ошонун ичинде | г/кг | г/кг | г/кг | г/кг |
|
|
| малдын белогу (%) | - | - | - | 70 | 40 г | 44 г |
4 | Майлар, | 6,0 | 5,5 | 5,0 | 4,8 | 58 г | 69 г |
|
| г/кг | г/кг | г/кг | г/кг |
|
|
5 | Углеводдор, г | 13,0 | 13,0 | 13,0 | 13,0 | 207 г | 260 г |
|
| г/кг | г/кг | г/кг | г/кг |
|
|
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 2-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдардагы болгон балдар үчүн азыктардын сунуш кылынуучу топтому (бир балага гр. брутто/нетто)
Азыктардын аталышы | Балдардын МУда болуусунун узактыгы | |||||||
9.00-10.00 с. | 12.00 с. | |||||||
1-3 жаш | 4-6 жаш | 1-3 жаш | 4-6 жаш | |||||
Брутто | Нетто | Брутто | Нетто | Брутто | Нетто | Брутто | Нетто | |
Буудай наны | 60 | 60 | 100 | 100 | 70 | 70 | 120 | 120 |
Кара буудай наны | 25 | 25 | 40 | 40 | 30 | 30 | 50 | 50 |
Буудай уну | 12 | 12 | 16 | 16 | 15 | 15 | 20 | 20 |
Таруу, буурчак, макарон азыктары | 24 | 24 | 32 | 32 | 30 | 30 | 40 | 40 |
Картөшкө | 120 | 84 | 176 | 120 | 150 | 105 4 | 220 | 150 |
Жаңы жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү, көк өсүмдүктөр | 190 | 152 | 236 | 190 | 236 | 190 | 295 | 237 |
Жаңы жер-жемиштер, мөмөлөр | 110 | 95 | 120 | 106 | 130 | 115 | 145 | 130 |
кургак жер-жемиштер | 10 | 10 | 15 | 15 | 10 | 10 | 15 | 15 |
Эт | 80 | 50 | 90 | 60 | 85 | 60 | 100 | 70 |
Канаттуу | 18 | 11 | 19 | 12 | 20 | 13 | 22 | 15 |
Балык азыктары | 23 | 13 | 25 | 15 | 25 | 15 | 30 | 20 |
Сүт азыктары | 400 | 400 | 360 | 360 | 500 | 500 | 450 | 450 |
Быштак | 35 | 35 ^ | 40 | 40 | 40 | 40 | 45 | 45 |
Сыр | 3 | 3 | 5 | 5 | 3 | 3 | 5 | 5 |
Сары май | 13 | 13 | 18 | 18 | 16 | 16 | 22 | 22 |
Өсүмдүк майы | 6 | 6 | 7 | 7 | 7 | 7 | 9 | 9 |
Жумуртка | 0,5 даана | 20 | 0,5 даана | 20 | 0,5 даана | 20 | 0,5 даана | 20 |
Шекер, кондитер азыктары | 45 | 45 | 55 | 55 | 55 | 55 | 60 | 60 |
Чай | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 |
Кофе, какао | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Туз | 3 | 3 | 5 | 5 | 3 | 3 | 5 | 5 |
Ачыткы | 1 | I | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Сунуш кылынуучу азыктар тобунун азык-түлүк баалуулугу | ||||||||
Белоктор, гр. анын ичинде жаныбарлардан |
| 47 |
| 55 |
| 59 |
| 69 |
алынган, гр. |
| 32 |
| 35 |
| 40 |
| 44 |
Майлар, гр. анын ичинде өсүмдүктөрдөн |
| 46 |
| 55 |
| 58 |
| 69 |
алынган, гр. |
| 9 |
| 11 |
| 11 |
| 13,6 |
Углеводдор, гр. |
| 166 |
| 208 |
| 207 |
| 260 |
Энергетикалык баалуулугу, ккал. |
| 1262 |
| 1486 |
| 1578 |
| 1858 |
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 3-тиркеме |
Формасы
Божомолдуу меню (үлгү)
Күн: дүйшөмбү
Жума: биринчи
Мезгил: жаз-кыш
Курактык категория:
Рецептин № | Тамак ичүү, тамактын аталышы | Массалык үлүшү | Азык-заттары (г) | Энергетикалык баалуулугу (ккал) | Витаминдер, мг | Минералдык заттар, мг | |||||
|
|
| Б | М | У |
| В1 | В2 | В3 | Са | Fe |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Б - белоктор;
М - майлар;
У - углеводдор;
Са - кальций;
Fe - темир.
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 4-тиркеме |
Формасы
Технологиялык карта (үлгү)
Технологиялык карта № ______________
Буюмдун аталышы:
Рецептуранын номери: _______________
Рецептура жыйнагынын аталышы:
Чийки заттын аталышы | Азыктардын жана жарым фабрикаттардын чыгымы | |
| 1 үлүш | |
| брутто, г | нетто, г |
|
|
|
Чыгышы: |
| |
Тамактын химиялык курамы
Азык заттар | Минералдык заттар, мг | Витаминдер, мг | ||||||
Белоктор, г | Май, г | Углевод, г | Энергетикалык баалулугу, ккал | Са | Fe | В1 | В2 | С |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Са - кальций;
Fe - темир.
Даярдоо технологиясы:
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 5-тиркеме |
1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн порциялардын сунуш кылынуучу көлөмү
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
Тамактын аталышы | Балдардын курагы, жашы | ||
1-3 | 3-5 | 5-7 | |
Эртең мененки тамактануу |
|
|
|
Каша, жашылчадан жасалган тамактар | 130-150 | 180 | 200 |
Жумурткадан, эттен, быштактан, балыктан жасалган тамак | 50-60 | 70 | 80 |
Жашылчадан жасалган салат | 20-30 | 40 | 50 |
Кофе, чай, сүт | 100-150 | 180 | 200 |
Түшкү тамактануу |
|
|
|
Салат, жеңил тамак | 30-40 | 50 | 60 |
Биринчи тамак |
|
|
|
Эттен, | 90-130 | 170 | 190 |
балыктан, канаттуудан жасалган тамак | 50-60 | 70 | 80 |
Гарнир | 90-100 | 120 | 140 |
Үчүнчү тамак | 100-150 | 180 | 200 |
Суусундук | 60-100 | 120 | 150 |
Мусс, килкилдек |
|
|
|
Түштөн кийинки тамактануу |
|
|
|
Кефир, сүт, биолакт | 100-150 | 200 | 200 |
Булочка (печенье) | 40-60 (10-15) | 70 (20) | 90 (30) |
Быштактан, акталган таруудан, жашылчадан жасалган тамак | 50-60 | 70 | 100 |
Жаңы жер-жемиштер | 80-100 | 150 | 200 |
Кечки тамактануу |
|
|
|
Жашылчадан, быштактан жасалган тамак, каша | 100-150 | 200 |
|
Сүт, кефир | 100-150 | 200 | 200 |
Жаңы жер-жемиштер | 50-70 | 100 | 100 |
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 6-тиркеме |
Формасы
Даяр кулинардык азыктын бракераж журналы (үлгү)
Тамакты жасоо датасы жана сааты | Бракераждан алып салуу убактысы | Тамактын, кулинардык азыктын аталышы | Тамактын, кулинардык азыктын даярдыгына органилептикалык баа берүүнүн жана анын даражасынын жыйынтыктары | Тамакты, кулинардык азыкты таратууга уруксат | Бракераждык комиссиянын мүчөлөрүнүн кол тамгалары
| Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 7-тиркеме |
Жылытып даярдоодо эттен, балыктан, жашылчадан жасалган тамактардын чыгышынын таблицасы (жылытып даярдаганга чейин тамактын массасынан % менен)
Азыктар | % калдык | Тамактын чыгышы % менен |
Эт: (уйдун эти) бышыруу | 38 | 62 |
демдөө | 40 | 60 |
Майда бөлүктөрү (азу, гуляш) | 37 | 63 |
Котлет, биток, шницель - куурулган | 19 | 81 |
Тефтелдер - куурулган жана бышырылган | 15 | 85 |
Чабылып тууралган зраза - куурулган | 15 | 85 |
Жумурткасы менен рулет - куурулган | 12 | 88 |
Tooк - бышыруу | 28 | 72 |
Боор - бышыруу, кууруу | 28 | 72 |
Балык: бышырылган, куурулган хек | 18 | 82 |
Куурулган треска | 20 | 80 |
бышырылган | 18 | 82 |
Сосискалар | 2,5 | 97,5 |
Колбаса - бышырылган | 3 | 97 |
Картөшкө - бышырылган (тазаланган) | 3 | 97 |
куурулган | 31 | 69 |
жаш | 6 | 94 |
кабыгы менен бышырылган | 43 | 57 |
Сабиз - кабыгы менен бышырылган | 25 | 75 |
майда бөлүктөр менен бышырылган | 8 | 92 |
Бышырылган кызылча | 27 | 73 |
Агаш капуста - бууга бышырылган | 21 | 79 |
Пияз - суп үчүн пассирленген | 26 | 74 |
соустар жана экинчи тамак үчүн | 50 | 50 |
Бууга бышырылган кабакча | 22 | 78 |
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 8-тиркеме |
Белоктор жана көмүртектер боюнча азыктарды алмаштыруу таблицасы
Азыктардын аталышы | Саны (нетто, г) | Химиялык курамы | Суткалык рационго кошуу же алып салуу | ||
белоктор, г | майлар, г | углеводдор, г | |||
Нанды алмаштыруу (белоктор жана көмүртектер боюнча) | |||||
Буудай наны | 100 | 7,6 | 0,9 | 49,7 |
|
Жөнөкөй кара буудай наны | 150 | 8,3 | 1,5 | 48,1 |
|
1-сорттогу буудай наны | 70 | 7,4 | 0,8 | 48,2 |
|
Макарон, вермишель | 70 | 7,5 | 0,9 | 48,7 |
|
Буудай акшагы | 70 | 7,9 | 0,5 | 50,1 |
|
Картөшкөнү алмаштыруу (көмүртектер боюнча) | |||||
Картөшкө | 100 | 2,0 | 0,4 | 17,3 |
|
Кызылча | 190 | 2,9 | - | 17,3 |
|
Сабиз | 240 | 3,1 | 0,2 | 17,0 |
|
Агаш капуста | 370 | 0,7 | 0,4 | 17,4 |
|
Макарон, вермишель | 25 | 2,7 | 0,3 | 17,4 |
|
Буудай акшагы | 25 | 2,8 | 0,2 | 17,9 |
|
Буудай наны | 35 | 2,7 | 0,3 | 17,4 |
|
Жөнөкөй кара буудай наны | 55 | 3,1 | 0,6 | 17,6 |
|
Жаңы алмаларды алмаштыруу (көмүртектер боюнча) | |||||
Жаңы алмалар | 100 | 0,4 | - | 9,8 |
|
Кургатылган алмалар | 15 | 0,5 | - | 9,7 |
|
Баргек (данексиз) | 15 | 0,8 | - | 8,3 |
|
Кургатылган кара өрүк | 15 | 0,3 | - | 8,7 |
|
Сүттү алмаштыруу (белок боюнча) | |||||
Сүт | 100 | 2,8 | 3,2 | 4,7 |
|
Жарым майлуу быштак | 20 | 3,3 | 1,8 | 0,3 |
|
Майлуу быштак | 20 | 2,8 | 3,6 | 0,6 |
|
Сыр | 10 | 2,7 | 2,7 | - |
|
Уйдун эти (1-кат.) | 15 | 2,8 | 2,1 | - |
|
Уйдун эти (2-кат.) | 15 | 3,0 | 1,2 | - |
|
Балык (тресканын филеси) | 20 | 3,2 | 0,1 | - |
|
Уйдун алмаштыруу (белок боюнча) | |||||
Уйдун эти (1-кат.) | 100 | 18,6 | 14,0 |
|
|
Уйдун эти (2-кат.) | 90 | 18,0 | 7,5 |
| Май + 6 г |
Жарым майлуу быштак | 110 | 18,3 | 9,9 |
| Май + 4 г |
Майлуу быштак | 130 | 18,2 | 23,4 | 3,7 | Май - 9 г |
Балык (тресканын филеси) | 120 | 19,2 | 0,7 | - | Май + 13 г |
Жумуртка | 145 | 18,4 | 16,7 | 1,0 |
|
Балыкты алмаштыруу (белок боюнча) | |||||
Балык (тресканын филеси) | 100 | 16,0 | 0,6 | 1,3 |
|
1-кат. уйдун эти | 85 | 15,8 | 11,9 | - | Май - 11 г |
2-кат. уйдун эти | 80 | 16,0 | 6,6 | - | Май - 6 г |
Жарым майлуу быштак | 100 | 16.7 | 9,0 | 1,3 |
|
Майлуу быштак | 115 | 16,1 | 20,7 | 3,3 | Май - 20 г |
Жумуртка | 125 | 15,9 | 14,4 | 0,9 | Май - 13 г |
Быштакты алмаштыруу | |||||
Жарым майлуу быштак | 100 | 16.7 | 9,0 | 1,3 |
|
1-кат. уйдун эти | 90 | 16,7 |
| - | Май - 3 г |
2-кат. уйдун эти | 85 | 17,0 | 7,5 | - |
|
Балык (тресканын филеси) | 100 | 16,0 | 0,6 | - | Май + 9 г |
Жумуртка | 130 | 16,5 | 15,0 | 0,9 | Mай - 5 г |
Жумуртканы алмаштыруу (белок боюнча) | |||||
Жумуртка 1 даана | 40 | 5,1 | 4,6 | 0,3 |
|
Жарым майлуу быштак | 30 | 5,0 | 2,7 | 0,4 |
|
Maйлуу быштак | 35 | 4,9 | 6,3 | 1,0 |
|
Сыр | 20 | 5,4 | 5,5 | - |
|
1-кат. уйдун эти | 30 | 5,6 | 4,2 | - |
|
2-кат. уйдун эти | 25 | 5,0 | 2,1 | - |
|
Балык (тресканын филеси) | 35 | 5,6 | 0,7 | - |
|
|
| "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 9-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына төмөнкү тамак-аш азыктарын колдонууга жол берилбейт
1. Субпродуктулар, буга боор, тил, жүрөк кирбейт.
2. Ичи тазаланбаган канаттуу.
3. Жапайы жаныбарлардын эти.
4. Жарактуулук мөөнөтү 6 айдан ашпаган тоңдурулган эт жана субпродуктулар.
5. Тоңдурулган канаттуу эти.
6. Механикалык омкорулган тоок эти жана тоок этинен коллагенди камтыган чийки зат.
7. Үчүнчү жана төртүнчү категориядагы эт.
8. 20% дан ашык сөөк, май жана чарым аралашкан жалпы эт.
9. Зельцдер, кесинди эттен жасалган тамактар, диафрагмалар, баштын этинен жасалган оромолор, кандуу жана ливер колбасалары.
10. Кулинардык майлар, чочко жана кой этинин майы, маргарин жана башка гидрогенизделген майлар.
11. Суу канаттууларынын жумурткасы жана эти.
12. Кабыгы кир жана "агылган", "жарык" кертиктери бар жумурткалар, ошондой эле сальмонеллездер боюнча начар чарбалардан келген жумурткалар.
13. Банкаларынын жабылышы бузулган консервалар, бомбаждык, "хлопушкалар", дат баскан, деформадияланган, этикеткалары жок банкалар.
14. Ар кандай кошулмалар менен булганган жана кампа зыянкечтери тарабынан ууланган таруу, ун, как жана башка азыктар.
15. Коркунучсуздугун жана сапатын документтери жок үйдө (өндүрүштө эмес) жасалган жана үйдөн алынып келинген бардык тамак азыктары (анын ичинде майрамдарда жана туулган күндөрдү белгилөөдө ж.б.у.с.).
16. Кремдүү кондитердик азыктар (пирожныйлар жана торттор) жана кремдер.
17. Пастеризацяланбаган сүттөн жасалган быштак, фляга быштагы, термикалык иштетилбеген фляг каймагы.
18. "Өзү ачыган" простокваша.
19. Козу-карын жана андан жасалган азыктар (кулинардык азыктар).
20. Квас жана газдалган суусундуктар.
21. Айыл чарба малдарынын оорулары боюнча начар чарбалардан, ошондой эле алгачкы иштетүүдөн өтпөгөн жана пастеризацияланбаган сүт жана сүт азыктары.
22. Чийки ышталган, жарым-жартылай ышталган, бир аз ышталган гастрономдук эт азыктары жана колбасалар.
23. Жылуулук иштетүүдөн өтпөгөн эттен, балыктан, канаттуудан жасалган тамактар, туздалган балыктан башкасы (сельд, семга, форель).
24. Сөөк шорполору.
25. Майга (фритюрде) куурулган тамак-аштар жана азыктар, чипстер.
26. Уксус, горчица, хрен, ачуу калемпир (кызыл, кара, ак) жана башка ачуу (куйкалаган) татымалдар жана аларды камтыган тамак-аш азыктары.
27. Ачуу соустар, кетчуптар, майонездер, майонез соустары, маринаддалган жашылчалар жана мөмө жемиштер (бадыраң, помидор, кара өрүк, алма) жана уксус менен консерваланган башка азыктар.
28. Накта кофе.
29. Абрикостун данеги, жер жаңгак.
30. Өсүмдүк майларын пайдалануу менен жасалган сүт азыктары, быштак жана балмуздактар.
31. Кымыз жана этанолду камтыган (0,5%дан жогору) кычкыл сүт азыктары.
32. Карамель, анын ичинде набат түрүндөгүлөр.
33. Бат даярдалуучу кургак тамак концентраттарынан/алардын негизинде жасалган биринчи жана экинчи тамактар.
34. Курамында синтетикалык ароматизаторлор жана боёгу бар тамак-аш азыктары.
35. Майлуулугу 72%дан төмөн болгон каймак майы.
36. Алкоголду камтыган продуктулар, анын ичинде кондитердик азыктар.
37. Уксус кошулган консерва азыктары.