Загрузка документа…
7-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) азык-түлүктөрдү дүң жана чекене сатуучу объекттердин (мындан ары - соода объекти) ишине карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт, ал талаптарды аткарбоо адамдардын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч туудурат, ошондой эле оорулардын пайда болуу жана таралуу коркунучун жаратат.
2. Санитардык эрежелер курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан соода объекттерине карата колдонулат.
3. Соода объекттеринде сатылуучу азык-түлүк сырьелорунун жана тамак-аш азыктарынын ассортименти соода объектинин түрүнө жана тибине ылайык келиши керек. Соода объектинин пландалышы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү азык-түлүк сырьелорун жана тамак-аш азыктарын кабыл алуунун, сактоонун, кайрадан иштетүүнүн жана сатуунун талап кылынуучу шарттарын, кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сакташын камсыздоого тийиш.
4. Менчигинин түрүнө карабастан соода объекттеринде өндүрүштүк контролдоо уюштурулат.
2. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) автодүкөн - товарларды сатуу үчүн жабдылган атайын автотранспорт каражат;
2) дүкөндүн администрациялык-тиричиликтик жайы - дүкөндүн администрациясын жайгаштыруу үчүн арналган жана тиричиликтик жайларды камтыган дүкөндүн бир бөлүгү;
3) товарлардын ассортименти (товардык ассортимент; товардык номенклатура) - кандайдыр бир белгиси же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген товарлардын тобу;
4) товарлардын ассортименттик тизмеси - дайыма сатыкта болушу керек болгон товарлардын соода ассортиментинин бир бөлүгү;
5) чекене соода ишканасынын түрү - сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча классификациялануучу чекене соода ишканасы;
6) товарлардын түрү - жалпы аталышы жана багыты менен бириктирилген белгилүү бир топтогу товарлардын жыйындысы;
7) кошулма дүкөн - адамдар жашаган имараттын габаритинде жайгашкан, имараттын узатасынан 1,5 м ашык эмес жана туурасынан 6 м ашык эмес чыгып турган дүкөн (үстү жабылган жүк түшүрүүчү бөлмөсү болсо);
8) көчмө дүкөн - атайын белгиленген жерге орнотулуучу, жеңил курулуучу, бир жерден экинчи жерге ташууга же жылдырууга ылайыкташтырылган дүкөн;
9) товарлардын тобу - керектөөчү касиеттеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бирдей курамына ээ болгон белгилүү бир класстагы товарлардын жыйындысы;
10) гигиеналык ченем - жашоо чөйрөсүнүн тигил же бул факторун адам үчүн коопсуздук жана/же зыянсыздык позициясынан мүнөздөөчү көрсөткүчтүн изилдөөлөр менен аныкталган жол берилүүчү максимум же минимум сапаттык мааниси;
11) киоск - соода залы жок, атайын белгиленген жер участогуна орнотулган, соода жабдуулары менен жабдылган капиталдык эмес көчмө курулма;
12) товарлардын классы - окшош функциялык багыты бар товарлардын жыйындысы;
13) дүкөн - соодалык, көмөкчү, администрациялык-тиричиликтик жайлар, ошондой эле товарларды кабыл алуу, сактоо жана сатууга даярдоо үчүн жайлар менен камсыз кылынган атайын жабдылган туруктуу имарат (анын бир бөлүгү);
14) комбинацияланган ассортименттеги товарлар дүкөнү - керектөөнүн бирдейлигине жана керектөөнүн айрым түрлөрүнө байланышкан товарлардын бир нече түрлөрүн сатуучу чекене соода ишканасы;
15) аралаш ассортименттеги товарлар дүкөнү - азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын айрым түрлөрүн сатуучу чекене соода ишканасы;
16) чекене (соода) тармагы - павильондор, киосктор, чатырлар, ошондой эле ташып чыгып жана көтөрүп жүрүп сатуучу чекене сооданы ишке ашыруучу соода тармагы;
17) тамак-аш азыктарын чекене сатуу объекти (соода объекти) - субъекттер чекене соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалануучу мүлктүк комплекс (соода үйү, соода борбору, дүкөн, соода-рыноктук комплекс, автолавка);
17-1) тамак-аш азыктарын дүң сатуу объекти - тамак-аш азыктары таңгакталган түрдө турган дүң соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн субъекттер тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс (дүң азык-түлүк кампасы), бул объектте тамак-аш азыктары таңгакталбастан (ачык түрдө) турушу болжолдонгон тамак-аш азыктарын фасовкалоо, кайра таңгактоо жүргүзүлбөйт жана бул объекттен тамак-аш азыктарын берүү да таңгакталган түрдө жүргүзүлөт;
18) чекене (соода) объекттери - атайын бөлүнгөн жерге орнотулган түзүлүштөр, курулмалар, көчмө соода орундары (сатуучу автомат, көчмө дүкөн, чатыр, киоск);
19) дүң соода - товарларды үй-бүлөдө, үйдө же башка ушул сыяктуу керектөө менен байланышпаган максаттар үчүн андан ары сатууга арналган товар сатуу боюнча ишкердик;
20) дүкөндүн жалпы аянты - дүкөндүн бардык жайынын аянты;
21) чатыр - соодалык жабдуулар менен жабдылган жана атайын аныкталган жерге орнотулуучу, куралып-ажыратылуучу конструкциядан турган оңой орнотулуучу курулма;
22) дүкөндүн көмөкчү жайы - дүкөндүн жайынын көмөкчү кызматтарды жайгаштыруу жана технологиялык процессти тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн арналган бир бөлүгү;
23) гигиеналык окутуу (санитардык минимум) - айрым кесиптик топторду (коомдук тамактануу, соода, коммуналдык чарба ж.б. кызматкерлерин) санитардык-эпидемияга каршы режимдин маселелери боюнча атайын даярдоо;
24) ташып сатуу - соода үчүн ылайыкташтырылган же атайын жабдылган транспорт каражаттарын, ошондой эле транспорт каражаты менен комплектиде гана колдонулуучу мобилдүү жабдууну пайдалануу менен стационар чекене тармактан тышкары ишке ашырылуучу чекене соода;
25) көтөрүп сатуу - стационар чекене тармактан тышкары, сатуучу менен сатып алуучунун үйдө, уюмдарда, транспортто же көчөдө жолугушуусу менен ишке ашырылуучу чекене соода;
26) чекене (соода) тарамагы - чекене соода ишканаларынан турган соода тармагы;
27) чекене соода - кардарлардын жеке пайдаланышы үчүн товарларды сатуу боюнча ишкердик;
28) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
29) кампа жай - дүң соода ишканаларынын атайын жабдылган негизги өндүрүштүк, кошумча жана көмөкчү багыттагы өзүнчө бөлүнгөн жайы;
30) негизги өндүрүштүк багыттагы кампа жайы (оперативдик жай, операциялык жай) - товарларды кабыл алуу, сорттоо, сактоо, комплектилөө, сатуу жана жүктөө үчүн арналган кампа жайынын бир бөлүгү;
31) адистештирилген дүкөн - товарлардын бир тобун же анын бир бөлүгүн сатуучу чекене соода ишканасы;
32) чекене соода ишканасынын тиби - соода аянты жана сатып алуучуларды соодалык тейлөө формалары боюнча классификациялануучу белгиленген бир түрдөгү чекене соода ишканасы;
33) товардык коңшулаштык - товардын сапатына таасир этүүчү жагымсыз жыттардын кирүүсүн жана алардын булгануусун болтурбоо үчүн даяр жана чийки азык-түлүктөрдүн товардык коңшулаштыгын сактоо шарты;
34) соода - товарларды сатып алуу-сатуу жана кардарларга кызмат көрсөтүү менен байланышкан ишкердиктин түрү;
35) соода тармагы - конкреттүү аймактын чегинде жайгашкан же жалпы башкарууда турган соода ишканаларынын жыйындысы;
36) соода борбору - белгилүү бир аймакта жайгашкан, бир бүтүн катары пландалган, курулган жана башкарылуучу, өзүнүн аймагынын чегинде автомашиналарды коюучу жайы бар, товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү соода ишканаларынын жана/же кызмат көрсөтүүчү ишканалардын тобу;
37) соода үйү - соода объектилери жана коомдук тамак-аш объектилери өздөрүнүн администрациялык-тиричиликтик жайлары менен жайгашкан, автотранспорт каражаттарын коюучу аянты бар көп профилдүү стационар соода ишканасы;
38) соода автоматы - товарларды сатууга арналган автоматтык түзүлүшү;
39) соода комплекси - товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу жана кеңири кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле соода ишинин чарбалык тейлөө функцияларын борборлоштуруучу соода ишканаларынын жыйындысы;
40) универсалдуу дүкөн - азык-түлүк жана/же азык-түлүк эмес товарлардын универсалдуу ассортиментин сатуучу чекене соода ишканасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Соода ишканаларынын жайгаштырылышына санитардык-эпидемиологиялык талаптар
6. Соода объекттерин долбоорлоо жана куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш боюнча мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Төмөнкүдөй жер участогунда объектилерди курууга болбойт:
- мурун малдын өлүгү көмүлгөн жерлерде;
- уулуу таштандылар көмүлгөн болсо;
- табигый фондогу гамма нурдануунун деңгээли саатына 0,2 микро Зиверт сааттан ашык болсо;
- жер участогунда күйдүргү боюнча кооптуу пункттар бар болсо.
Соода объектисинин жер участогун санитардык-коргоо зоналарына карата гигиеналык талаптарга ылайык жайгаштыруу зарыл.
Соода объекттери өнөр жай ишканаларынын жана башка обьекттердин зонасында жайгаштырылган учурда алар сооданы уюштурууга зыяндуу таасирин тийгизбөөгө тийиш.
9. Азык-түлүк базарларын эс алуучу зоналарда, парктарга, скверлерге жана башка баалуу тарыхый-маданий имараттарга таандык жерлерге жайгаштырууга болбойт.
10. Жалпы соода аянты 1000 м2 ашык азык-түлүк базарлары, жашылча жана жемиштерди сактагычтар, соода объекттери турак имараттардан (турак үйлөр, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдары) 50 м кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
11. Суусундук, ичимдиктерди майда чекене сатуучу стационардык соода объекттерин канализация жок жана суу чыгарылбаган жерлерге жайгаштырууга болбойт.
12. Тамак-аш азыктарын дүң соода объекттерин жайгаштырууда өнөр жай жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Чекене соода объекттери өзүнчө турган имаратка, турак үйлөргө жана башка арналыштагы имараттарга кошуп курулган жайга, өнөр жайлык жана башка объектилердин аймактарына ушул уюмдардын кызматкерлерин тейлөө үчүн жайгаштырылса болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Чекене соода объекттеринин иши турак үйлөрдөгү жана башка арналыштагы турак имараттардагы адамдардын жашоосун, эс алуусун, дарылануусун, эмгектенүүсүн начарлатпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Турак жай имараттарына буларды жайгаштырууга болбойт:
- айнек идиштерди кабыл алуучу пункттарды;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Турак жай имараттарда же башка арналыштагы имараттарда жайгашкан соода уюмдарында турак имараттарынын астында (жанында) машина бөлүмдөрүн, муздатуучу камераларды, жүк көтөргүчтөрдү жабдууга болбойт.
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Айнек идиштерди кабыл алуу жана сактоо өзүнчө жайгашкан соода объекттеринде, өзүнчө кирип-чыгуучу бөлмөдө жүргүзүлөт.
19. Соода объекттеринде коомдук тамактануу уюмдары, чала фабрикаттарды, кулинардык азыктарды жана башка тамак-аш азыктарын жасоо боюнча цехтер, ошондой эле тамак-аш азыктарын сатуу менен байланышпаган башка уюмдар жайгаштырылса ушул уюмдар үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин талаптары сакталууга тийиш.
20. Чекене соода объекттеринде баардык бөлмөлөр чийки жана даяр тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын, персоналдын жана кардарлардын келим-кетимин, кайчылаш жана утурлаш өтпөөсүн эске алуу менен жайгаштырылышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Көмөкчү, администрациялык-чарбалык жана персонал үчүн турмуш-тиричилик жайлары тамак-аш азыктарын ачык түрдө (таңгактабастан) сактоочу жайлардан изоляцияланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Тамак-аш азыктарын чекене сатууга даярдоо үчүн жайлар, муздатуучу камералар душ бөлмөлөрдүн, дааратканалардын, жуучу жайлардын жана канализациялык траптар бар башка жайлардын астына жайгаштырылбаш керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Чекене соода мекемелеринде азык-түлүк эмес товарларды өндүрүштүк упаковкада сатууга жол берилет. Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар үчүн кампа бөлмөлөр өз-өзүнчө, болушу керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
24. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Соода объекттеринин соода залдарында азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатуу үчүн соода зоналары (бөлүмдөрү, жерлери) өз-өзүнчө бөлүнөт. Азык-түлүк соода уюмдарында азык-түлүк эмес товарларды фасовкалоого тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Соода объекттеринде адистештирилген бөлүмдөр бар болсо анда тамак-аш азыктарын сатууга даярдоо, фасовка үчүн изоляцияланган жана атайын жабдылган жайлар: эт чабуу үчүн жай, гастрономиялык жана сүт-май азыктарын, балыкты, жашылчаларды ж.б. даярдоо үчүн жайлар болууга тийиш.
27. Фасовка үчүн жайлар аралаштыргыч аркылуу ысык жана муздак суусу бар эки көздүү жуучу ванналар жана кол жуучу раковиналар менен, тез бузулуучу тамак-аш азыктарды сактоо үчүн муздаткыч жабдуулар менен жабдылат.
28. Тулкусу бүтүн, тулкунун жарымы, тулкунун төрттөн бир бөлүгү түрүндө алынуучу этти сатуу уюштурулганда дүкөндө этти бөлүү үчүн аянты 10 м2 кем эмес, жууш үчүн раковина жана кошумча муздаткыч орнотулган өзүнчө жай караштырылат.
29. Жаңы кармалган балык жана балык азыктарын сактоо жана сатуу үчүн соода объекти өз-өзүнчө муздаткычтар менен камсыздалат.
30. Соода объекттери соода шаймандары менен тараларын тазалоо үчүн ысык жана муздак суу киргизилген жуучу бөлмөлөр же участоктор жана аларды кургатуу үчүн текчелер менен жабдылуусу зарыл.
31. Сүттү иштетүүчү ишканалардан алынуучу флягадагы сүттү сатууда кайра берилүүчү тара сүттү иштетүүчү ишканада тазаланат.
32. Соода объектинде тиричилик үчүн бөлмөлөр: өздүк жана санитардык кийимдерди сактоо үчүн өзүнчө шкафтары бар гардероб жай, даараткана, кол жуучу раковина, душ бөлмө жана аялдардын өздүк- гигиенасы үчүн бөлмө каралат.
33. Контейнерлер менен иштеген соода объекттери контейнерлерди сактоо жана аларды санитардык тазалоо үчүн жайлар менен жабдылат.
34. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. Соода-рынок комплекстериндеги (мындан ары - СРК) соода катарлары кардарлардын утурлаш агымдары кенен болуусун эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Катарлардын ортосундагы аралыктын эни 2,5 м кем эмес, ал эми чоң көлөмдөгү товарлар үчүн 6 м кем эмес болууга тийиш. Катарларда кошумча лотокторду, сатуучу текчелерди коюуга болбойт.
37. СРКда бир соода ордунун аянты 1,2 м2 кем эмес, ал эми чоң көлөмдүү товарлар үчүн - 6 м2 кем эмес болууга тийиш.
38. СРКнын соода катарлары сатыктагы азык-түлүктөрдү, тамак-ашты жана башка товарларды жаан-чачындан, күндүн нурунан коргоо үчүн чатыр менен жабдылышы керек. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын муздаткычтан сатуу караштырылат. Чатырдын бийиктиги 3 м кем болбошу керек.
39. Администрация сатуучу орундарды сатылуучу товардын түрүнө жараша ылайыкташтырууга тийиш.
40. Соода объекттерин жайларын курууда колдонулуучу баардык курулуштук жана жасалгалоочу материалдарда адамдын ден соолугуна зыяндуу заттар болбошу, нымдын, температуранын, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болушу керек.
41. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Соода объектин суу менен камсыздоого, канализацияга, жылытууга, жарык кылууга жана желдетүүгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар
42. Сатуучу объекттер суу, канализация, желдетүү, кондиционерлер, жылытуу жана жарык менен камсыздалышат.
43. Калк жашаган пунктта суу менен борборлоштурулган камсыздоо системасы жок болсо жергиликтүү суу булактарындагы сууну пайдаланууга болот, борборлоштурулган ысык суу жок болсо суу жылыткычтар орнотулат.
44. Суу колдонуудагы техникалык регламенттерге ылайык ичүүчү суунун коркунучсуздугунун ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
45. Тазаланбаган саркынды сууларды ачык көлмөлөргө жана жанындагы аймактарга чыгарууга, ошондой эле сиңирип алуучу кудуктарды жасоого жол берилбейт.
46. Соода объекттеринин аймагында борбордук канализацияга туташтыруу же септикке чыгаруу менен жаандын суусу агып кетүүчү канализация жасалат.
47. Турак жай имараттарда жана башка арналыштагы имараттарда жайгашкан соода объекттеринде тиричилик жана өндүрүштүк канализациянын тармактары ушул имараттардын канализациясы менен бириктирилбейт.
48. Турак үйгө туташ курулган соода объектинде, кампа бөлмөлөрдө, соода залдарында, өндүрүш бөлмөлөрүндө ревизияланган канализация түтүктөрүнүн өтүшүнө жол берилбейт.
49. Канализациялык стояктарды өндүрүштүк жана кампа жайларда ревизиясыз шыбалган морлордун ичине коюуга уруксат берилет. Турак үйлөрдүн жана башка багыттагы имараттардын үстүнкү кабаттарынан тиричилик канализациясынын стояктарын продукцияны кабыл алуу, сактоо, даярдоо жана сатуу үчүн жайларда орнотууга болбойт.
50. Бардык стационардык соода объекттери персонал үчүн дааратканалар жана колун жуучу раковиналар менен жабдылат. Соода аянты 1000 м2 ашык болгон соода объекттери келүүчүлөр үчүн дааратканалар менен жабдылат. Персонал жана келүүчүлөр үчүн дааратканалар өз-өзүнчө болууга тийиш.
51. Жүктөөчү жай, тамак-аш калдыктарын сактоочу камера, персонал үчүн дааратканалардын тамбурлары суу алыш үчүн полдон 0,5 м деңгээлде пол жууш үчүн дайындалган аралаштыргычтуу крандар, ошондой эле полдун жантайыңкы траптар менен жабдылууга тийиш.
52. Азык-түлүк базардын аймагында кардарлар жана кызматкерлер үчүн дааратканалар, ар бир 50 сатуучу орунга кеминде бир кран эсебинде колду, соодалык шаймандарды жана жашылча-жемиштерди жууш үчүн түзүлүштөр менен жабдылат.
53. Канализациясы жок даараткана сатуучу жайдан 50 м аралыкта жана негизги өндүрүштүк жана кампа жайлардан 25 м кем эмес жерде суу өтпөөчү чуңкур менен курулуп, таза кармалып жана дезинфекцияланып турат. Даараткананын чуңкуру үчтөн эки бөлүгү толгондо дайыма чыгарылып турушу керек.
54. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
55. Эс алуу зоналарындагы майда чекене соода объектилери майрам күндөрдө, жалпы элдик майрамдарда, ярмаркаларда коомдук дааратканалар орнотулган жерлерде жайгаштырылат.
56. Бөлмөлөрдү желдетүү, кондициялоо, жылытуу жана жарык кылуу долбоордук документтерге ылайык болууга тийиш.
57. Соода объектиндеги иш орундардагы шуулдоонун жана дирилдөөнүн деңгээли иш орундардагы турак жайдагы, коомдук имараттардагы жана эл жашаган турак-жай имараттардын аймагындагы шуулдоонун жана дирилдөөнүн жол берилүүчү деңгээлинин гигиеналык ченемдерине ылайык болууга тийиш.
58. Турак үйлөрдө жана башка арналыштагы имараттарда жайгашкан соода объекттерин желдетүү системасы ушул имараттарды желдетүү системасынан өзүнчө жасалат.
59. Турак жай имараттарга кошулуп курулган соода объектилеринде аба тартуучу-абаны чыгаруучу желдеткичтерди орнотууда шуулдоого каршы иштер жасалышы керек.
60. Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын кампа жайлары, азык-түлүк товарлардын өндүрүштүк жана кампа жайлары, жашылчаларды, мөмөлөрдү, жемиштерди жана көк-сөктөрдү сактоо үчүн муздатуучу камералардын, дааратканалардын жана душ бөлмөлөрдүн желдетүү системалары өз-өзүнчө жабдылат.
61. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
62. Соода объекттеринин соодалык, көмөкчү жана санитардык-тиричиликтик жайлары желди тартып киргизүүчү-айдап чыгуучу желдеткичтер же кондиционерлер менен жабдылат. Жашылчаларды, мөмөлөрдү, жемиштерди жана көк-сөктөрдү сактоо үчүн муздатуучу камералар механикалык жел тартуучу желдетүү менен жабдылат.
63. Кирүүчү абанын басымынын көбү кыйла таза жайларга туура келет.
64. Бардык соода, кампа, көмөкчү жана администрациялык-чарба кампаларында табигый жарык жана жасалма жарыктандыруу караштырылат.
65. Соода объекттериндеги жарык кирүүчү тешиктер жабдуулар жана тара менен тосулбаш керек.
66. Терезе айнектери тазалоо, санитардык тазалоо, текшерүү жана оңдоо үчүн кол жеткидей болушу керек. Инсоляциядан сактоо үчүн жарык кирген жерлер коргоочу түзүлүштөр (жалюз, карниз ж.б.) менен калкаланат.
67. Терезелердин айнектеринин сырткы бети кварталда бир жолу тазаланат. Терезенин рамаларынын ички бети жана терезе айнектери 15 күндө 1 жолу жуулуп, сүртүлөт. Жайкы күндөрү ачылуучу терезе, эшиктер торлор менен тосулат.
68. Чырактарды бузулуудан жана айнектин тамак-ашка түшүшүнөн сактоо үчүн азык-түлүктөрдү сактоочу жана сатуучу бөлмөлөрдөгү чырактардын коргоочу плафондору болушу керек. Чырактарды муздаткыч жабдуулардын, бөлүштүрүүчү столдордун үстүнө орнотууга болбойт.
69. Өндүрүштүк жайлар, соода залдары жылуулук менен камсыздалат.
70. Кыш мезгилинде майда чекене соода тармагынын стационар уюмдарында сатуучунун иш ордундагы температура +18 °С кем эмес болушу керек, жай мезгилинде +26 °С жогору болбошу керек.
5. Соода объектинин бөлмөлөрүн жана жабдууларын урунууга жана эксплуатациялоого санитардык-эпидемиологиялык талаптар
71. Соода объекти анын тибине, чоңдугуна жараша керектүү соодалык-технологиялык жана муздатуучу жабдуулар менен камсыздалат. Соодалык-технологиялык жана муздатуучу жабдуулардын орнотулушу аларга эркин барууну камсыздашы керек.
72. Тамак-аш азыктары менен контактта болуучу соода жабдуулары, шаймандар, тара, идиштер жана упаковка колдонууга уруксат берилген материалдардан жасалат.
73. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сатуучу бөлүмдөр муздатуучу же муздаткыч камералар, текчелер, витриналар, шкафтар менен жабдылат.
74. Муздатуучу камералар, кампа жайлар, жашылча-жемиштерди сактоочу жайлар термометрлер менен жабдылат.
75. Этти жана балыкты жиликтөөдө колдонулуучу дөңгөч жыгачтын катуу түрүнөн жасалып, бети тегиз, жаракасы жок болот. Эт чабуучу дөңгөч крестовинага же атайын түпкүчкө орнотулуп, сырты майлуу сыр менен сырдалып, күн сайын иш аяктагандан кийин бычак менен тазаланат жана туз себилет. Дөңгөч мезгил-мезгили менен бети таарылып жана тегизделип турат. Этти илүү үчүн дат баспаган болоттон жасалган же калай жалатылган темир илгичтер колдонулат. Эт бөлүмүндөгү соода жабдыктарын жууп-тазалаш үчүн атайын жай бөлүнүп, ысык жана муздак суу киргизилет.
76. Азык-түлүктүн ар бир түрү үчүн атайын маркаланган өзүнчө такталар жана бычактар каралып, алар атайын тиешелүү жерлерде сакталат.
77. Ороочу материалдар атайын бөлүнгөн жерде: стеллаждарда, текчелерде, шкафтарда сакталат. Ороочу материалды полдо сактоого болбойт.
78. Соода объекттерин утурумдук ремонттоо (бөлмөнү, жабдууларды, актоо, сырдоо) зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолу, объекттин ишин токтотуу менен жүргүзүлөт.
79. Соода объекттеринде эмгекти көп талап кылуучу жумуштар механикалаштырылат.
80. Баардык соода объекттери таза кармалууга тийиш. Жумуш аяктагандан кийин бөлмөлөр, соодалык жабдуулар жуугуч каражаттар менен жуулат, андан кийин ысык суу менен чайкалат.
81. Бир жумада бир жолу жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар менен толук тазалап-жыйноо жүргүзүлөт. Жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар кургак, желдеп туруучу бөлмөдө сакталат. Дезинфекциялоочу аралашмалар колдоноордун алдында даярдалат.
82. Соодалык, кампа жана башка жайларды тазалоочу шаймандар (торлор, чакалар, шлангдар, чылапчындар) маркаланып, атайын бөлүнгөн жабык шкафтарда же дубалдагы текчелерде өз-өзүнчө сакталат.
83. Дааратканаларды тазалоо үчүн шаймандар маркаланып, башка жайларды тазалоочу шаймандардан бөлөк, өзүнчө бөлүнгөн жерлерде сакталат.
84. Соода объекттеринде бөлмө-жайларды жашоого же түнөш үчүн пайдаланууга болбойт, курт-кумурскалардын, келемиштердин болуусуна жол берилбейт.
6. Тамак-аш азыктарын ташуунун, сактоонун, салыштыруунун жана сатуунун шарттарына карата талаптар
85. Тамак-аш азыктарын ташуу, сактоо, салыштыруу жана сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген техникалык регламенттин талаптары аткарылышын камсыздоого тийиш.
86. Тамак-аш азыктары андай тамак-аш азыктарын өндүрүүчү белгилеген ташуунун шарттарына ылайык транспорт каражаттары менен ташылат, эгер андай шарттар жок болсо, анда андай тамак-аш азыктарын өндүрүүчү белгилеген сактоонун шарттарына ылайык ташылат.
87. Тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк сырьену ташуучу транспорттук каражаттар күн сайын жуугуч каражаттарды колдонуу менен жуулуп жана ай сайын дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланып турушу керек.
88. Нан жана нан-булочка азыктары лотокторго салынып, текчелер менен жабдылган атайын жабык автомашиналарда же фургондордо ташылат. Нанды жана нан-булочка азыктарды башка товарларга пайдаланылуучу тарада нанды үйүп салып ташууга болбойт.
89. Кайда жасалганын, сапатын жана адамдын ден соолугу үчүн коркунучсуздугун ырастоочу документтери бар тамак-аш азыктары жана азык-түлүк сырьелору соода объекттеринде сактоого кабыл алынат.
90. Тамак-аш азыктарын жабдуучу-берүүчүнүн идишинен кыйла майда идиштерге кайра салууга болбойт.
91. Жабдуучу-берүүчүнүн идишиндеги этикеткалар (ярлыктар) тамак-аш азыктарынын жарактуулук (сактоо) мөөнөтү аяктаганга чейин сакталууга тийиш.
92. Соода объекттеринде продукцияны вакуум менен упаковкалоого, тамак-аш азыктарын көмөкчү жумушчулар сатууга даярдашына, полго түшүп кеткен же башка жол менен булганган (санитардык брак) тамак-аш азыктарын кардарларга сатууга тыюу салынат.
93. Упаковкасыз тамак-аш азыктарын (ороочу кагазсыз жана башка упаковкасыз) таразага тартууга болбойт.
94. Салыштырылбаган тамак-аш азыктарын кардарларга сатууда сатуучу шайманды (кычкачтар, калактар, кашыктар ж.б.) колдонот. Азыктардын ар бир түрү үчүн өзүнчө кесүүчү тактайлар жана маркаланган бычактар бөлүнөт, алар тиешелүү жайларда, атайын бөлүнгөн жерлерде өз-өзүнчө сакталат.
95. Суюк тамак-аш азыктарын (сүт, каймак, өсүмдүк майы ж.б.) сатууда сатып алуучунун идишинен жалпы идишке кайра куюуга болбойт.
96. Сүт, быштак же каймак салынган тарадагы соода шаймандар (кашыктар, калактар ж.б.) өзүнчө атайын идишке салынып, күн сайын жууп туруу керек. Бардык шаймандар арналышы боюнча гана колдонулууга тийиш.
97. Соода объекттеринде кремдүү азыктарды өзүн-өзү тейлөө ыкмасы менен сатууга, аларды кесүүгө жана бөлүп-бөлүп сатууга тыюу салынат.
98. Нанды көмөкчү жумушчулардын жана сатып алуучулардын кесишине тыюу салынат.
99. Эшилме азыктар кургак, таза, жакшы желдетилүүчү, кампа зыянкечтери жок, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 75%дан ашпаган жайларда сакталат. Аталган азыктар мүшөктөрдө дубалдан 50 см аралыкта стеллаждарда текши штабель тизилип сакталат, штабелдердин ортосундагы аралык 75 см кем эмес болот.
100. Чатырларда, авто-дүкөндөрдө, авточиркегичтерде сактоо жана сатуу үчүн тиешелүү шарттар болгон учурда товарлардын ар түрдүү ассортиментин сатууга болот.
101. Соода объектинде бир эле иш орун болсо тамак-аш азыктары өнөр жайлык упаковкада сатылат.
102. Майда чекене соода тармагында нан, кондитердик азыктар жана нан-булочка азыктары упаковкада сатылат.
103. Жашылча-жемиш азыктар айыл чарба базарларында, атайын жашылча-жемиш дүкөндөрүндө, атайын ушул максатка арналган бөлүмдөрдө жана секцияларда сатылат.
104. Картөшкөнү жана жаңы жашылча-жемиш продукцияны көп түшкөн. мезгилде лотоктордо, арабаларда, мезгилдүү уюштурулган базарларда сатууга болот.
105. Картөшкөнү, жаңы жашылча-жемиш продукцияны, анын ичинде бакча өсүмдүктөрүн жерге төгүп сатууга, кесип бөлүп сатууга болбойт.
106. Жылчыксыз идишке упаковкаланбаган иштетилген жашылча-жемиш-продукцияны (ачытылган, туздалган, маринаддалган ж.б.) атайын шаймандарды (кашык, вилка, кычкач) колдонуу менен чийки жашылчалардан жана мөмөлөрдөн бөлөк, өзүнчө сатуу зарыл.
107. Адистештирилген дүкөндөрдө тамыры жемиш өсүмдүктөрдү жууп, торго жана пакеттерге (кургатылгандан кийин) салыштыруу сунушталат.
108. Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жолдун жээгине 5 м жакын жерде сатууга тыюу салынат.
109. Суусундуктарды куюп сатуучу автоматтар бир жолу колдонулуучу стакандар менен камсыздалат.
110. Пайдаланууга жараксыз деп таанылган жана калктын ден соолугуна коркунуч туудуруучу азык-түлүк сырьесу жана тамак-аш азыктары сатыктан алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген тартипке ылайык жок кылынат.
7. Тамак-аш азыктарын сатуучу объекттердин аймагына, таштандыларды чогултууга жана чыгарууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар
111. Соода объектинин аймагы жана анын айлана-тегерегиндеги аймак абатталат жана таза абалда кармалат.
112. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
113. Күн сайын иш күндүн ичинде улам жыйнап-тазалоо, иш аяктагандан кийин - негизги тазалоо, аптасына бир жолу - санитардык күн өткөрүлөт.
114. Кыш мезгилинде соода объекттеринин аймагы, ага келүүчү жолдор жана алдындагы аянт кардан, муздан тазаланып, тайгалак убакта кум себилет, жай мезгилинде суу себилет.
115. Соода объектинин аймагындагы таштандыларды чогултуу үчүн объекттен жана турак үйлөрдөн 25 м жакын эмес аралыкта асфальтталган же бетондолгон аянтта урналар жана таштанды салгычтар коюлат.
116. Таштандылар жана тамак-аш калдыктары соода объектинен 3/2 бөлүгү толгондо ташылып чыгып, андан кийин дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат.
117. РСК аймагындагы таштандыларды чогултуучу контейнерлердин саны базардын 200 м2 аянтына көлөмү 10 куб метрге чейинки өлчөмдөгү бир контейнер эсебинде аныкталат. Комплекстин 50 м2 аянтына 1 урна эсебинде соода катарларынын линиясын бойлото бири биринен 20 м кем эмес аралыкта урналар коюлат. Капкактуу атайын идиштер тамак-аш калдыктарын чогултуучу үчүн коюлушу керек.
118. Баруучу жолдор, тротуарлар жана жүк түшүрүүчү аянттар жаандын суулары жана кар эригендеги суу агып кетиши үчүн жантайыңкы катуу катмар менен капталат.
119. СРК аймагы төмөнкүдөй функциялык зоналарга бөлүнүүгө тийиш:
- соодалык (дүкөндөр, чатырлар, киосктор, павильондор, соода катарлары);
- администрациялык-кампалык (администрациялык-тиричиликтик жайлар, кампалар, азык-түлүк товарлар үчүн ветеринариялык-санитардык экспертиза лабораториялары, медициналык пункт);
- чарбалык (таштанды чогултуу аянты менен);
- транспорт токтотуучу жай.
120. СРКда 2ден кем эмес кирип-чыгуучу жолдор болушу керек (сырьенун жана даяр азык-түлүктүн, тамак-аш азыктардын, тамак-аш менен чарбалык жүктөрдүн утурлаш өтүшүн болтурбоо максатында).
121. СРК аймагында автомашиналардан сатуу үчүн кирип-чыгууга ыңгайлуу жасалган өзүнчө аянт болууга тийиш. Соода маалында автотранспорттун соода зонасы аркылуу өтүшүнө катуу тыюу салынат.
122. СРКда арабаларды сактоо жана тазалоо үчүн атайын участок караштырылат.
123. Тамак-аш продукцияны сатуучу соода объекттеринде малды, үй жаныбарларын, канаттууларды сатууга жол берилбейт.
8. Эмгектин шартына, медициналык камсыздоого жана кызматкерлерди гигиена боюнча окутууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар
124. Тамак-аш азыктарын сатуучу соода объектинин кызматкерлери, ошондой эле тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк продуктуларды ташууда иштеген адамдар алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон жана гигиеналык окутуудан өтүшүп, ал жөнүндө өздүк медициналык китепчесине медициналык кароонун жана текшерүүнүн жыйынтыгы, гигиеналык окутуудан өткөнү жана иштөөгө уруксат берилгени тууралуу жазылат.
125. Соода уюмунун кызматкерлери жеке гигиенанын төмөнкүдөй эрежелерин сактоого милдеттүү:
- таза санитардык кийимчен иштөөгө;
- санитардык кийимин жана жеке буюмдарын өз-өзүнчө сактоого;
- дааратканага кирээрде санитардык кийимди атайын бөлүнгөн жерде чечүүгө;
- дааратканадан чыккандан кийин колду самындап жуушка;
- жумуш ордунда чылым тартпоого жана тамак ичпөөгө.
126. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин, кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучулары, атайын окуу жайлардын жана техникумдардын студенттери соода объекттеринде өндүрүштүк практикадан өтөөрдүн алдында аныкталган тартипте медициналык кароодон жана гигиеналык окуудан өтүшөт.
127. Соода объекттеринде персоналдын жеке гигиена эрежелерин сакташы үчүн зарыл шарттар түзүлөт (суунун, жуунгучтун, самындын, сүлгүлөрдүн, даараткана кагаздарынын ж.б. болушу).
128. Ар бир соода объекти алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн медикаменттердин комплектиси бар аптечка менен камсыздалат.