Загрузка документа…
9-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158, 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) Кыргыз Республикасынын калкынын арасында инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушун жана таралышын болтурбоо максатында иштелип чыккан жана ишканаларды жайгаштырууга, курууга, пландаштырууга, санитардык-техникалык абалына, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарына жана жекече гигиенасына карата санитардык талаптарды аныктайт.
2. Коомдук тамак-аш ишканасы чыгаруучу продукциянын тизмеси жайлардын жана өндүрүштүк аянттардын топтомуна, анын муздатуучу жана технологиялык жабдуулар менен жабдылышына ылайык гана аныкталат.
3. Коомдук тамак-аш ишканалары бекитилген техникалык регламенттердин жана ченемдик-техникалык документтердин негизинде продукция чыгарууну камсыз кылат, аларды сактоо тамак-аш азыктарынын калктын ден соолугу үчүн коопсуздугун кепилдейт.
2. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) бар - бар түркүгү бар, аралаш, күчтүү алкоголдук, алкоголу аз жана алкоголсуз ичимдиктерди, закускаларды, десерттерди, ун кондитердик жана нан азыктарын, сатып алынуучу товарларды саткан коомдук тамак-аш ишканасы;
2) буфет - коомдук тамак-аш объектинин түзүмдүк бөлүмү, ал ун кондитердик жана нан азыктарын, сатып алынуучу товарларды жана жасоо татаал болбогон тамактардын чектелген ассортиментин сатууга арналган;
3) кафе - ресторанга салыштырганда чектелген ассортименттеги продукцияны берүү менен керектөөчүлөрдүн тамак-ашын жана эс алуусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөткөн ишкана. Фирмалык, заказ тамак-аш азыктарын берет;
4) табигый жарыктын коэффициенти (мындан ары - ТЖК) - жайдын ичиндеги тиешелүү тегиздиктин айрым жерлеринде асмандын жарыгынан (түздөн-түз же чагылгандан кийинки) түзүлгөн табигый жарыктын чайыттай ачык асмандын жарыгынан түзүлгөн тышкы горизонталдык жарыктын бир учурдагы санына карата катышы; ал пайыз менен көрсөтүлөт;
5) тамак-аш азыктары менен контактта болуучу материалдар - таңгактоочу, көмөкчү материалдар жана алардан жасалган, азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, ташуу, сактоо жана сатуу процессинде алар менен контактта болуучу, тамак-аш азыктарын тышкы таасирлерден коргоо максатында колдонулуучу буюмдар;
6) ашкана - жалпыга жеткиликтүү болгон же керектөөчүлөрдүн айрым контингентин тейлеген, жуманын күндөрү боюнча ар түрдүү менюларга ылайык тамактарды жасоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканасы;
7) таратуучу ашкана - башка коомдук тамак-аш уюмдарынан алынган даяр продукцияны сатып өткөрүүчү ашкана;
8) диеталык ашкана - диеталык тамак-аш жасоого жана сатууга адистешкен ашкана;
9) шамшум этүүчү жай - айрым түрдөгү чийки заттан жасалган татаал эмес тамактардын чектелген ассортименти бар жана керектөөчүлөрдү ара-чолодогу тамак-аш менен тез тейлөөгө арналган коомдук тамак-аш ишканасы;
10) коомдук тамак-аш объекти - бул кулинардык продукцияны, ун кондитердик жана бөлкө азыктарын өндүрүүгө, аларды сатууга жана (же) керектөөнү уюштурууга арналган ишкана;
11) жол берилген концентрациянын чеги (мындан ары - ЖКЧ) - химиялык элементтердин жана алардын кошулмаларынын айлана-чөйрөдөгү концентрациясы, ал узак убакыттын ичинде адамдын организмине күн сайын таасир эткенде азыркы жана келечектеги муундун өмүрүнүн ар кандай мөөнөттөрүндө заманбап изилдөө ыкмалары менен белгиленген патологиялык өзгөрүүлөрдү же ооруларды пайда кылбайт;
12) ресторан - жасалышы татаал болгон тамактардын, анын ичинде заказдык жана фирмалык тамактардын, арак-шараптын, тамекинин жана кондитер азыктарынын кеңири ассортименти бар, эс алууну уюштуруу менен айкалышта тейлөөнүн жогорку деңгээли бар коомдук тамак-аш ишканасы;
13) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
14) коомдук тамактануунун кызмат көрсөтүүлөрү - керектөөчүнүн тамак-ашка жана эс алууга муктаждыктарын канааттандыруу боюнча ишканалардын жана ишкер жарандардын ишинин натыйжасы;
15) туз салуучу идиш - столго берилүүчү туз салуучу идиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
I бөлүм. Коомдук тамак-аш ишканалары
3. Жайгаштырууга карата талаптар
5. Коомдук тамак-аш объекттеринин курулушу үчүн бөлүнгөн участок экологиялык коркунучтуу зонада жайгашууга тийиш эмес.
6. Коомдук тамак-аш объекти өзүнчө турган имаратта да, ошондой эле турак жай жана коомдук имараттарга улай курулган, кошо курулган коомдук имараттарда, коомдук имараттардын турак жай эмес кабаттарында, ошондой эле иштеген кызматкерлерди тейлөө үчүн өнөр жай жана башка объекттердин аймактарында жайгаштырылышы мүмкүн. Мында адамдардын жашоо, эс алуу, дарылануу шарттары начарлоого тийиш эмес.
7. Коомдук тамак-аш объекттеринин өндүрүш цехтерин подвалдык жана жарым подвалдык жайларда жайгаштырууга тыюу салынат.
8. Турак жай имараттарынын (жатаканалардан бөлөк) турак эмес жайларында 50дөн ашпаган орундуу сандагы, жалпы аянты 700м2тан ашык эмес коомдук тамак-аш объекттерин жайгаштырууга уруксат берилет.
9. Турак жай имараттарында жайгашкан коомдук тамак-аш объекттеринде имараттын турак жай бөлүгүнөн изоляцияланган кирүү жана эвакуациялык чыгуулары болууга тийиш. Азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын турак үйдүн квартираларынын терезелери жана эшиктери жайгашкан короо тарабынан кабыл алууга жол берилбейт. Жүктөөнү имараттардын терезелери жок капталдарынан, атайын жүктөөчү жайлар болсо магистралдык тараптан аткаруу керек.
10. Жаңы коомдук тамак-аш объекттерин долбоорлоо, куруу жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо чыгарылуучу азыктардын ассортиментин эске алуу менен колдонуудагы техрегламенттердин, ошондой эле ушул эрежелердин талаптары менен жөнгө салынат. Коомдук тамак-аш объекттеринин өндүрүш жана кампа жайларын түндүккө жана түндүк-чыгышка каратуу, ал эми тамактануу залдарын жана кызматкерлер үчүн жайларды түштүккө жана түштүк-чыгышка каратуу сунушталат.
11. Коомдук тамак-аш объекттеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- бөлмөнү турак жай катары пайдаланууга;
- коомдук тамак-аш объекттеринин ишине байланышпаган жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө;
- жаныбарларды жана куштарды кармоого;
- өндүрүш жана кампа жайларына бөлөк адамдардын кирүүсүнө.
12. Таштандыларды жана тамак-аш калдыктарын чогултуу үчүн аймакта катуу аянтчаларда орнотулган капкактары бар өзүнчө контейнерлер коюлат, алардын аянты контейнерлердин түбүнөн бардык тарапка 1 м ашык болууга тийиш.
13. Таштанды жыйнагычтар жана таштанды аңдары алардын көлөмү 2/Зден көп эмес толгондо тазаланууга жана күн сайын тазаланууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Таштанды жыйнагычтар үчүн аянтча турак үйлөрдөн, оюн жана эс алуу үчүн аянттардан 25 м кем эмес аралыкта жайгаштырыл ат.
14. Коомдук тамак-аш объектинин аймагында кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн транспортун убактылуу токтотуу үчүн аянтчаларды кароо сунушталат. Аянтчалар автожолдордун өтүүчү бөлүктөрү тарабына жайгаштырылууга жана турак үйлөрдүн короолорунда жайгаштырылбоого тийиш.
15. Коомдук тамак-аш объектинин аймагы ыңгайлаштырылууга жана таза кармалууга, жылдын жылуу мезгилинде сугарылып турууга тийиш. Келүүчү жолдорго, тротуарларга жана жүк түшүрүүчү аянттарга асфальт (брусчатка) төшөлүүгө тийиш, ал эми аймактын таш төшөлбөгөн участокторун жашылдандыруу керек. Кыш мезгилинде аймактын машина жүрүүчү бөлүгү жана жөө адамдар жолдору дайыма кардан жана муздан тазаланып, тайгак учурда кум себилип турат.
4. Суу менен жабдууга жана канализацияга карата санитардык талаптар
16. Коомдук тамак-аш объекттерин суу менен жабдуу жергиликтүү суу түтүк тармагына кошулуу, ал эми ал жок болсо ишкананын кубаттуулугуна карабастан ички суу түтүктү милдеттүү жасоо менен артезиан скважиналарын, булактарды, шахта кудуктарын орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Ичүүчү суунун сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш, ал эми берилген суунун өлчөмү өндүрүштүн муктаждыгын толук канааттандырууга тийиш.
17. Кудук суусун пайдаланууда шахта кудугун өндүрүш жайларынан 20 м кем эмес аралыкта жана ыпластарды чогултуу үчүн бетондолгон аңдардан 50 м кем эмес аралыкта орнотуу зарыл. Кудуктун капталдары жер үстүнөн 0,8 м кем эмес бийик чыгарылып, капкагы бекем жабылууга тийиш. Анын айлана-тегереги туурасы 1 м кем эмес жана тереңдиги 2 м топурак "чеп" менен бекемделүүгө тийиш. Кудуктун тегерек-четинде кудуктан 0,1 м жантайыңкы жана кеңдиги 2 м таш же бетон ж.у.с. төшөлгөн жантаюу жасалууга тийиш.
18. Суу өткөргүчү жок калктуу конуштарда, карагайчылар бригадаларында ж.б. жерлерде коомдук тамак-аш объекттерин суу менен камсыз кылуу үчүн суу алуучу жер белгиленген талаптар боюнча тандалууга тийиш. Эгерде сууга болгон муктаждык колдо болгон жергиликтүү булактар менен канааттандырылышы мүмкүн болбосо, ошондой эле алар жок болсо сууну ташып келүүгө жол берилет.
19. Суу атайын цистерналарда, цинк жалатылган челектерде, флягаларда, бидондордо бул максат үчүн арналган транспорт менен ташылат. Калктуу конуштарда, жыгач даярдоо, курулуш бригадаларында жана суу түтүгү жок башка жерлерде коомдук тамак-аш объекттеринде суунун запасы капкактары бекем жабылуучу жана бекитилүүчү таза челектерде, бактарда жана башка идиштерде сакталууга тийиш. Суу ташуучу жана сактоочу идиштерди суудан бошотулгандан кийин жакшылап жууп, мезгил-мезгили менен колдонууга уруксат берилген дезинфекциялык каражаттар менен тазалап туруу керек.
20. Ысык жана муздак суу бардык жууп тазалоочу ванналар менен раковиналарга, ошондой эле зарыл болсо технологиялык жабдууларга суу аралаштыргычтарды орнотуу менен алынып келүүгө тийиш.
21. Коомдук тамак-аш объекти канализациялык түтүктүн эки системасы менен жабдылууга тийиш. Ички канализацияны жабдууда канализациялык тармактан жыттын чыгышын болтурбоо үчүн гидравликалык затворлор каралат.
22. Коомдук тамак-аш объекттерин канализациясы жок участоктордо жайгаштырууда жергиликтүү канализация жасоо каралат. Аймакта өндүрүштүк саркынды сууларды чогултуу үчүн милдеттүү гидравликалык затвору бар бетондолгон аң курулат. Короодогу даараткана жана бетондолгон аң өндүрүштүк жайлардан 25 м кем эмес аралыкта курулууга тийиш.
23. Өндүрүштүн жана тиричиликтин саркынды сууларын ачык көлмөлөргө тийиштүү тазалоосуз чыгарууга, ошондой эле сиңирип алуучу кудуктарга куюуга тыюу салынат.
24. Ички канализация тармагын коомдук тамак-аш объектинин өндүрүштүк жана кампа жайларынын залдарынын шыбынын алдынан өткөрүүгө болбойт.
25. Канализациялык тик түтүктөрдү өндүрүштүк жана кампа жайларда сырты шыбалган морлордун ичине жана ревизиясыз орнотууга уруксат берилет.
26. Башка арналыштагы имараттарда жайгаштырылган коомдук тамак-аш объекттеринин тиричилик канализация тармагы жалпы үйдүн канализациялык тармактары менен бириктирилиши мүмкүн эмес. Жогорку турак жай кабаттарынын тиричилик канализациясынын тик түтүктөрүн коомдук тамак-аш ишканасынын тиричиликтик жайлары аркылуу шыбалган морлордун ичи менен гана ревизиясыз өткөрүүгө жол берилет.
27. Коомдук тамак-аш объекттеринин үстүңкү жабуулары аркылуу канализация жана суу түтүктөрү өткөрүлгөн жер жылчыксыз бекитилүүгө тийиш. Коомдук тамак-аш объекттеринин үстүндө жайгашкан санитардык түйүндөрдүн полдору гидроизоляцияланууга тийиш.
28. Бардык цехтерде, жууп-тазалоочу жайларда, дефростерде, жыйнап-чогултуучу жайларда аларга карата полу жантайыңкы траптар курулат (100 м2 аянтка 1 трап эсебинде, бирок бир жайга бирден кем эмес). Кызматкерлер үчүн даараткананын тамбурунда суу алуу үчүн полдон 0,5 м бийиктикте полду жуу үчүн өзүнчө кран каралышы керек. Кызматкерлер колдорун жууй турган унитаздарды жана раковиналарды педалдуу суу агызгычтар менен жабдуу сунушталат.
5. Өндүрүштүк жайлардын микроклиматына карата санитардык талаптар
29. Коомдук тамак-аш объекттеринин өндүрүштүк жайларында температуранын, салыштырмалуу нымдуулуктун, желдөөнүн ылдамдыгынын санитардык-гигиеналык параметрлери климаттык зонаны, жыл мезгилин жана аткарылчу иштин оордугунун категориясын эске алуу менен, ушул санитардык эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык кармалууга тийиш
30. Абаны кондициялаштыруу системасын пайдаланууда өндүрүштүк жайлардагы микроклиматтын параметрлери белгиленген нормалардын оптималдуу өлчөмдөрүнө ылайык келүүгө тийиш. Механикалык же табигый желдетүү болсо, ошондой эле калк массалык эс алуучу жерлерге жайгашкан, мезгилдүү иштеген коомдук тамактануу объекттеринин өндүрүштүк жайларында: жайкы кафелерде, павильондордо, буфеттерде микроклиматтын параметрлери ушул эрежелердин 1, 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жол берилген нормаларга ылайык келүүгө тийиш.
31. Коомдук тамак-аш объекттеринин жылуулук жабдууларынан чыккан инфракызыл радиациянын ургаалдуулугу 70 Вт/м2ден ашпоого тийиш,
32. Ашпозчулардын, кондитерлердин организмине инфракызыл нурдун жагымсыз таасирин болтурбоо үчүн төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- секциялык-модулдук жабдууну колдонуу;
- плигалардын бетин идиш-аяк менен максималдуу толтуруу;
- электр плиталардын секцияларын өз убагында өчүрүү же аларды аз кубаттуулукка которуу;
- мештердин, плиталардын, кактап бышыруучу шкафтардын жана башка жабдуулардын ысытуу менен иштеген жумушчу орундарында желдетүүнү колдонуу;
- эмгектин ички сменалык эрежелерин жана иштегендердин эс алуусун регламенттештирүү.
33. Бардык колдонулуучу курулуш материалдарында, эмеректерде кишинин ден-соолугуна таасир этүүчү зыяндуу заттар жок жана өрт кокустугунда коркунучсуз болууга тийиш.
34. Өндүрүштүк жайлардын абасындагы зыяндуу заттар жол берилген чектик концентрациялардан ашпоого тийиш.
35. Зыяндуу заттардын жаралышын жана өндүрүштүк жайлардын абасына кошулуусун болтурбоо үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- тамак-аш даярдоонун технологиялык процесстерин так сактоо;
- газ плиталарын, ошондой эле катуу отун менен иштеген плиталарды эксплуатациялоодо отундун толук күйүүсүн камсыз кылуу зарыл;
- унду, кант упасын жана башка чубурма азыктарды элөө менен байланышкан операциялар аткарылуучу жерлерди соруп желдеткич менен камсыздоо;
- бардык жумуштарды соруп чыгаруучу же жергиликтүү желдеткичтер иштетилген шартта гана жүргүзүү.
6. Жылытууга, желдетүүгө жана абаны кондициялаштырууга карата санитардык талаптар
36. Коомдук тамак-аш объекттеринин жылытуу системасынын түзүлүшү белгиленген тартипте бекитилген ченемдик документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш. Суу, буу жана башка түрлөрдөгү жылытуучу приборлор чаңдан тазалоого ылайыктуу болууга тийиш.
37. Коомдук тамак-аш ишканаларынын өндүрүштүк жайлары желдеткич системалары менен жабдылууга тийиш.
38. Желдеткич жана абаны кондициялаштыруу системаларынын эсеби боюнча рекомендацияга ылайык коомдук тамак-аш объекттеринин ысык цехтериндеги жылуулуктун чеги 1 м2 өндүрүштүк аянтта 210 Вт ашпоого тийиш (170-180 ккал/с).
39. Жууп-тазалоочу бөлүктөрдө өндүрүмдүүлүгү саатына 1000 талиңкеден ашуун жууп-тазалоочу машиналар орнотулганда ал жайларда жергиликтүү соруп чыгаруучу желдеткичти караштыруу керек.
40. Газ менен иштеген жабдуулар орнотулган коомдук тамак-аш объекттери такай желдетилүүгө тийиш.
7. Жарык берүүгө карата санитардык талаптар
41. Коомдук тамактануу объекттеринин бардык өндүрүштүк жана административдик-чарбалык жайларында жарык "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелеринин жана гигиеналык ченемдеринин" талаптарына ылайык белгиленген жарыктандыруунун гигиеналык параметрлерине шайкеш келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жарык кирүүчү оюктарды имараттын ичинен да, тышынан да таралар менен тосууга тыюу салынат, ошондой эле айнекти фанера, картон, гүлдөр ж.б. менен алмаштырууга тыюу салынат.
43. Өндүрүштүк жайдын арналышы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле бир жабдуу көчүрүлгөн же башкасы менен алмаштырылганда жарык берүүчү түзүлүштөр жарык берүүнүн ченемдеринен четтебестен жаңы шарттарга ыңгайлаштырылууга тийиш.
44. Коомдук тамак-аш объекттерине жалпы жарык берүү үчүн жарылуу коркунучу жок жасалган сактоочу арматурасы бар жарык бергичтерди пайдалануу керек. Жарык берүүчүлөрдү казандардын, плиталардын ж.б. үстүнө жайгаштырууга тыюу салынат.
45. Жасалма жарык булактарынан жарыктандыруу табигый жарыкта табигый жарыктандыруу коэффициенти, жарыктын сапаттык көрсөткүчтөрү (дискомфорттун бириккен көрсөткүчү жана пульсация коэффициенти) "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелеринин жана гигиеналык ченемдеринин" талаптарына ылайык белгиленген жарыктандыруунун гигиеналык параметрлерине шайкеш келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Жарык берүүчү приборлор, арматуралар, айнектелген терезелер жана оюктар таза кармалып, булгануусуна жараша тазаланып турууга тийиш.
8. Өндүрүштүк ызы-чууну чектөө боюнча талаптар
47. Коомдук тамак-аш объекттеринин иш орундарындагы ызы-чуунун жана вибрациянын жол берилүүчү деңгээлдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилет.
48. Үн чыгаруучу жабдуулар жайгаштырылуучу өндүрүштүк жайларды, тамактануучу залдарды, ачык аянтчаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо тийиштүү талаптарды эске алуу менен адамдарды ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо боюнча чараларды кароо керек:
- жайларды үндү басуучу материалдар менен жасалгалоо;
- жабдууларды монтаждоодо амортизациялоочу түзүлүштөрдү пайдалануу;
- келүүчүлөр үчүн жайларда музыкалык коштоонун үнүнүн катуулугун чектөө;
- жабык жайларда жана ачык аянтчаларда үн чыгаруучу жана үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдүн үнүнүн жол берилген нормаланган параметрлерин жана жол берилүүчү чегин камсыз кылуу.
49. Музыкалык коштоонун бирдей режими жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленет.
50. Соода залдарында иштегендерди коргоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- буфетчилердин, кассирлердин иш ордун ызы-чуусу эң аз зонада жайгаштыруу;
- кызматкерлердин үн изоляциялоочу жана үн басуучу каражаттар менен жабдылган жерлерде кыска мөөнөттүү эс алуусун уюштуруу.
9. Жайларды ылайыкташтырууга жана күтүүгө карата санитардык талаптар
51. Жайлардын көлөмдүк-пландаштыруусу жана конструкциялык жайгашуусу технологиялык процесстин ырааттуулугун жана багытын, чийки заттын, чийки жарым фабрикаттардын жана даяр продукциянын, пайдаланылган жана таза идиштердин каршы агымдарынын болбошун, ошондой эле келгендердин жана кызматкерлердин карама-каршы кыймылынын болбошун караштырууга тийиш. Жарым фабрикаттар менен иштеген даярдоочу ишканаларда чийки зат менен иштөөгө тыюу салынат.
52. Коомдук тамак-аш объекттеринде ысык жана муздак суу киргизилген жана аралаштыруучу түзүлүш менен камсыз кылынган кол жуучу раковиналар болууга тийиш.
53. Раковиналар самын, электр-сүлгүлөр, кагаз рулон сүлгүлөр менен камсыз кылынууга тийиш.
54. Коомдук тамак-аш объекттеринин бардык жайлары таза кармалууга тийиш. Күндөлүк тазалоо такай, өз убагында жана зарылдыгына жараша жүргүзүлөт. Өндүрүш цехтери күн сайын жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жууп тазаланат.
55. Эт, куш, балык цехтеринде полду жуугуч каражаттарды кошуп ысык суу менен 2 жолудан кем эмес жууп, ал эми сменанын аягында дезинфекциялоочу аралашма менен жууш керек.
56. Жума сайын жуучу каражаттарды колдонуу менен дубалдарды, жарык берүүчү арматураны, айнектерди чаңдан-ыштан ж.б. жууп туруу керек.
57. Коомдук тамак-аш объекттеринде айына 1 жолудан кем эмес толук жыйнап тазалоо жана дезинфекциялоо өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда жайларды дезинсекциялоо жана денатизациялоо жүргүзүлөт.
58. Залдарды, өндүрүштүк, кампа жана тиричилик жайларын жыйнап тазалоо үчүн шаймандар өзүнчө кармалып, атайын бөлүнгөн жерлерде сакталууга тийиш. Дааратканаларды жууп тазалоо үчүн шаймандар сигналдык боёктолуп, өзүнчө сакталууга тийиш.
59. Коомдук тамак-аш объекттеринин кандай жайы болсун түнөө үчүн пайдаланууга катуу тыюу салынат. Объекттин тамактануу залдарында оюн-зоок иш-чараларын (кинофильмдер, концерттик программалар ж.б.) өткөрүүгө жол берилет.
60. Коомдук тамак-аш объекттеринин тамак ичүүчү столдорунун гигиеналык жабуусу болууга же дасторкон менен жабылууга тийиш. Столдорду жекече мата салфеткалар менен сервировкалоого жол берилет.
61. Тамак ичүүчү столдор ар бир тамак-аш ичилгенден кийин жыйып-тазаланууга тийиш. Гигиеналык жабуусу бар столдор колдонууга уруксат берилген жуучу каражаттардын аралашмасындагы чүпүрөктөр менен сүртүлөт.
62. Коомдук тамак-аш объекттеринде кир идиш-аяктарды, приборлорду жана подносторду чогултуу үчүн атайын тележкаларды же транспортерлорду пайдалануу максатка ылайыктуу.
10. Жабдууларга, шаймандарга, идиштерге жана тараларга карата санитардык талаптар
63. Коомдук тамак-аш объекттери зарыл болгон жабдуулар жана материалдык-техникалык шаймандар менен жетиштүү санда жабдылууга тийиш.
64. Технологиялык жабдууларды, шаймандарды, идиштерди жасоо үчүн пайдаланылган материалдар, ошондой эле жуучу же дезинфекциялоочу каражаттар адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизбөөгө тийиш.
65. Технологиялык жана муздаткыч жабдуулар технологиялык процесстин ырааттуулугун эске алуу менен чийки заттын, жарым фабрикаттардын, даяр азыктардын карама-каршы жана кайчы агымдарына жол бербегендей, ошондой эле азыктарды эркин алууну камсыз кылгандай жана жумушчу орундарында коопсуздук техникасынын эрежелери сакталгандай жайгаштырылат.
66. Технологиялык жабдууларды санитардык иштетүү жабдуулардын ар бир түрүн эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык аткарылууга тийиш. Өндүрүштүк жана жууп-тазалоо ванналары, ошондой эле өндүрүш столдору иш аяктагандан кийин жуучу жана дезкаражаттар кошулган ысык суу менен жуулат жана таза кургак чүпүрөк менен сүртүлөт.
67. Эт чабуучу стол катуу жыгачтан жасалып, металл түпкүчкө орнотулуп, сыртынан боёлууга тийиш. Иш аяктагандан кийин анын үстүнкү бетин бычак менен тазалап, кесек туз себилет, ал эми каптал жактары ысык суу менен жуулат. Эскирүүсүнө жана капталдары жарака кеткен сайын эт чабуучу столдун үстү таарылат.
68. Бөлүштүрүүчү такталар аларда иштетилген азыктарга ылайык маркаланууга тийиш: "ЧЭ" - чийки эт, "ЧБ" - чийки балык, "ЧЖ" - чийки жемиштер, "БЭ" - бышык эт, "ББ" - бышык балык, "БЖ" - бышык жемиштер, "Э" - эт гастрономиясы, "Жашылч", "Т" - туздалган жашылчалар, "Сельд", нан, "Б" - балык гастрономиясы. Бөлүштүрүүчү такталардын жетиштүү запасы болушу зарыл. Кесүүчү бычактар да маркаланууга тийиш. Ар бир операциядан кийин бөлүштүрүү такталары азыктардын калдыктарынан бычак менен тазаланып, жуучу каражаттарды кошуу менен ысык сууда жуулуп, кайнак сууга алынып, алар коюлуучу цехтеги атайын кассеталардагы стеллаждарга кырынан коюлуп сакталат.
69. Өндүрүштүк шаймандар жуучу каражаттарды кошуу менен жуулгандан жана чайкалгандан кийин ысык сууга алынышы керек.
70. Бөлүштүрүүчү такталарды жана башка өндүрүштүк шаймандарды ашкана идиштерин жуучу жайда жууш керек. Өндүрүштүк цехтердин тобу (эт, жашылча, ун азыктары, муздак жана башка) бар коомдук тамак-аш объекттеринде аталган шаймандар цехтердин өзүндө жууп тазаланат жана сакталат.
71. Бир учурда пайдаланылуучу ашкана идиштеринин жана приборлорунун саны ишкананын муктаждыгын камсыз кылууга тийиш. Ишканаларда сыры кетилген эмаль идиштерди пайдаланууга тыюу салынат; алюминий жана дюралюминий идиштер тамак-ашты даярдоо жана кыска мөөнөткө сактоо үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Жарака кеткен, кетилген жана полимер ашкана идиштерин кайталап пайдаланууга жол берилбейт.
72. Коомдук тамак-аш объекттериндеги атайын жуугуч машиналарда идиштерди механикалык жууп-тазалоо аларды эксплуатациялоо боюнча тиркелген нускамаларга ылайык жүргүзүлөт. Кол менен жууш үчүн ишкана төмөнкүлөр менен камсыздалууга тийиш: ашкана идиштери үчүн - үч бөлүктүү ванналар; айнек идиштер жана ашкана приборлору үчүн - эки бөлүктүү ванналар. Буфеттерде идиштерди эки бөлүктүү ваннада жууганга жол берилет.
73. Коомдук тамак-аш объекттеринде ашкана идишин кол менен жууп-тазалоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- тамак-аш калдыктарын кетирүү же жыгач күрөкчөлөр менен калдыктар үчүн атайын маркаланган челектерге чогултуу;
- жуучу каражаттарды кошуу менен +40 ºС төмөн эмес температурадагы суу менен жуу;
- ваннанын 1-бөлүгүндөгүдөн 2 эсе аз сандагы жуучу каражаттарды кошуу менен +40 ºС төмөн эмес температурадагы суу менен жуу;
- идиштерди кармагычтары бар металл сеткаларда +65 ºСдан төмөн эмес температурадагы агызылган ысык суу менен же чачыратуучу насадкасы бар ийилчээк шлангдын жардамы менен чайкоо;
- идиштерди решеткалуу текчелерде, стеллаждарда кургатуу.
74. Айнек идиштерди жана ашкана приборлорун жууп-тазалоо төмөнкү режимдеги эки бөлүктүү ваннада жүргүзүлөт:
- жуучу каражаттарды кошуу менен +40 ºС төмөн эмес температурадан суу менен жуу;
- +65 ºСдан температурасы төмөн эмес суу менен чайкоо. Жуулган ашкана приборлору кайнак суу куюлуп анан кургатылат.
75. Ресторандарда, кафелерде, барларда айнек идиштерди жана приборлорду таза сүлгү менен кошумча сүртүүгө уруксат берилет. Жумушчу күндүн аягында айнек идиштерди жана приборлорду, аларды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык уруксат берилген каражаттар менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
76. Ашкана идиштерин жууп-тазалоо төмөнкү режимде эки бөлүктүү ванналарда жүргүзүлөт:
- тамак-аш калдыктарын щеткалап же жыгач күрөкчө менен тазалоо; күйүк тамак-ашты кальций соодасын кошуп жылуу суу менен жибитүү керек;
- жуучу каражаттарды кошуу менен температурасы +40 ºСдан төмөн эмес сууда чөп щеткалары же жуугучтар менен тазалоо;
- +65 ºСдан температурадан төмөн эмес сууда чайкоо;
- решеткалуу текчелерде, стеллаждарда көмкөрөсүнөн коюлган түрдө кургатуу.
77. Таза ашкана идиштери жана шаймандары полдон 0,5-0,7 м кем эмес бийиктиктеги стеллаждарда сакталат. Таза ашкана приборлору залдагы атайын ящик-кассеталарда сакталат. Подностордо чаржайыт сактоого тыюу салынат.
78. Таза ашкана идиштери жабык шкафтарда же решеткаларда сакталат.
79. Идиштер, жууй турган щеткалар, мочалкалар иш аяктагандан кийин жуугуч каражаттар кошулган ысык сууда жуулуп, атайын бөлүнгөн жерде кургатылат жана сакталат.
80. Иш аяктагандан кийин подностор жуугуч каражаттар кошулган ысык суу менен ашкананын жуугуч бөлмөсүндө жуулуп, чайкалат жана кургатылат, ал эми ар бир пайдаланган сайын таза салфеткалар менен сүртүлөт.
81. Жуугуч бөлмөлөрдө колдонулуучу жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын концентрацияларын жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен идиштерди жана шаймандарды жууп-тазалоонун эрежелери жөнүндө нускама илинип коюлууга тийиш.
82. Объекттердеги даярдоочу жана адистештирилген цехтерде колдонулуучу тараларды жууп-тазалоо жуугуч каражаттарды колдонуп ванна же жуугуч машиналар менен жабдылган атайын бөлүнгөн жайларда жүргүзүлөт.
11. Тамак-аш азыктарын ташуу, кабыл алуу жана сактоо талаптары
83. Тамак-аш азыктарын ташуу, кабыл алуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү техникалык регламенттин талаптарына ылайык болууга тийиш.
84. Азыктарды жолдо коштоп барып жана аларды жүктөөчү жана түшүрүүчү адамдардын медициналык кароо жөнүндө белгиси бар медициналык китепчеси жана санитардык кийими (халат, кол кап, баш кийим) болууга тийиш.
12. Чийки затты иштетүү жана коомдук тамак-аш азыктарын чыгаруу процесстеринин коопсуздугуна карата талаптар
85. Коомдук тамак-аш объекттеринде азык-түлүктү өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстеринин коопсуздугуна карата ушул санитардык эрежелердин талаптары коомдук тамактануу ишканалары жасачу продукциянын коопсуздугуна, ошондой эле аны жасоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилге чыгаруу процесстеринин коопсуздугуна талаптарды белгилөөчү техникалык регламенттин талаптары күчүнө киргенге чейин колдонулат.
Даярдалуучу тамак-аштарды өндүрүүдөгү жана сатуудагы коопсуздукту камсыздоо төмөнкү принциптерге негизделет:
- чийки заттарга, технологиялык каражаттарга жана көмөкчү материалдарга, ошондой эле технологиялык процесстин этаптарында азыктарга жана даяр азыктарга контролдук жүргүзүү;
- технологиялык жабдуулардын иштөөсүн контролдоо;
- кагаз жана электрондук сактагычтарда документ жүргүзүү жана сактоо;
- өндүрүш жайларын жыйнап тазалоо, жууп тазалоо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо режимдерин камсыз кылуу;
- технологиялык процесстин ар бир этабында жана участогунда кызматкерлердин жекече гигиена эрежелерин сактоосун камсыз кылуу;
- өндүрүшкө жана аны башкарууга катышкан кызматкерлердин кызматтык нускамалардын чегинде жоопкерчилигин жана ыйгарым укуктарын аныктоо.
86. Принциптерди жана эрежелерди аткаруу коомдук тамак-аш объектинде өндүрүштүк контроль аркылуу ишке ашырылат, өндүрүштүк контролдун программасы Кыргыз Республикасынын элинин санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылууга тийиш.
87. Даярдалуучу тамак-аштын жана азыктардын саны ишкананын долбоордук кубаттуулугуна ылайык келүүгө тийиш. Азыктар аларды сатып өткөрүүгө жараша тийиштүү партиялар менен даярдалат.
88. Чийки жана даяр азыктарды иштетүү тиешелүү маркаланган шаймандарды пайдалануу менен атайын жабдылган цехтерде өзүнчө жүргүзүлүүгө тийиш; цехтерге бөлүнбөгөн чакан коомдук тамак-аш объектинде чийки затты жана даяр азыктарды бир жайдагы ар башка столдордо иштетүүгө жол берилет.
89. Килкилдекти даярдоодо бышырылган жана даярдалган азыктарга чыпкаланган сорпо куюлуп, кайрадан кайнатылат. Ысык түрдөгү килкилдек алдын ала кайнак суу куюлган формаларга же табаларга куюлуп, муздак цехтеги муздаткыч шкафтарда муздатылат жана сакталат. Килкилдекти сатууга муздаткыч жабдуусу болгондо гана жол берилет.
90. Тууралган эттен жасалган жарым фабрикаттар, куш эти 3-5 мүнөт эки тарабынан кызарганча куурулат, андан кийин 5-7 мүнөт +250+280 ºС температурада ысык шкафта бышырылат. Жарым фабрикаттарды 20-25 мүнөт бою +250+270 ºС температурада плитада алдын ала куурубай туруп ысык шкафта бышырууга жол берилет. Биточкаларды бууда бышырууда жылуулук иштетүүсүнүн узактыгы 20 мүнөттөн ашпоого тийиш.
91. Эт азыктарынын даярдыгынын органолептикалык белгиси сайылган жерден түссүз чыктын чыгышы жана азык кесилген жердин бозомук түсү болот, мында даяр азыктын борборундагы температура натуралай тууралган азыктарда +15 ºС тан, котлеттик массада + 90 ºС төмөн болбоого тийиш.
92. Куштун эти толук бышканда санынын ажыраткан жери кызыл же кызгылт түстө болбоого тийиш.
93. Балыктын порциялык кесиндилери жана балык фаршынан жасалган азыктар кызарганга чейин эки тарабынан ысытылган майда куурулат, андан кийин +250 ºС температурада 5 мүнөт ысык шкафта бышырылат.
94. Кулинардык азыктарды электрогрилде даярдоо аларды эксплуатациялоо боюнча нускамаларга ылайык жүргүзүлөт. Мындай учурда даяр азыктын ички температурасы +85 ºС төмөн болбоого тийиш.
95. Азыктарды фритюрде кууруган учурда атайын технологиялык жабдууну пайдалануу зарыл. Мында фритюр майларынын сапатына өндүрүштүк контроль жүргүзүлөт.
96. Кайнатып бышырылуучу эт, куш эти жана субпродуктулар биринчи жана экинчи тамак-аш үчүн порцияларга бөлүнүп, сорпо куюлуп, 5-7 миң кайнатылат жана сатууга чейин ысык боюнча сакталат.
97. Пирожки жана куймак үчүн ичине салынуучуларды даярдоо үчүн эт же ливер фаршы 3 см ашпаган майлуу табада +250 ºС температурада улам-улам аралаштырылып 5-7 мүнөттөн кем эмес куурулат. Даяр фаршты муздатып, муздатылган түрдө сактоо керек. Фаршты кийинки күнгө калтырууга жол берилбейт.
98. Өндүрүштө тамак-ашты даярдоо үчүн пайдаланылчу жумурткаларды иштетүү бөлүнгөн жерлердеги атайын маркаланган идиштерде (чакаларда, казандарда) төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт: жылуу 1-2% кальций соодасынын аралашмасы, 0,5% дезинфекциялоочу аралашма менен, андан кийин тынымсыз муздак сууга чайкоо менен жүргүзүлөт. Жуулгандан кийин жумурткалар лотоктордон чыгарылат же башка таза идишке салынат. Иштетилбеген жумуртканы өндүрүш цехтерине алып келүүгө жана сактоого тыюу салынат.
99. Жумуртка порошогу электен өткөрүлгөндөн, суу кошулгандан кийин жана көпкөндөн 30-40 мүнөттөн кийин кулинардык иштетүүгө алынат.
100. Жумуртканын (же жумуртка порошогунун) башка компоненттер менен аралашмасынан омлет даярдоодо май сүйкөлгөн табага же порциялык табага 2,5-3,0 см катмарды куюп, 80-10 мүнөткө +180-200 ºС температурадагы бышыруучу шкафка коюлат. Меланждан омлет жасоого тыюу салынат.
101. Пастерленбеген сүттөн жасалган быштак жылуулук иштетүүсүнөн өткөн тамак-аштарды даярдоо үчүн гана пайдаланылат. Пастерленбеген сүттөн жасалган быштак менен куймак куюуга тыюу салынат.
102. Аарчылган картошка карарып кетпеши үчүн муздак сууда 3 саатка чейин сакталат. Аарчылган тамыр жемиштер же башка жашылчалар нымдуу кездеме менен жабылып 3 саатка чейин сакталат. Коомдук тамак-аш ишканасына сульфиттелген картошка же метилцеллюлоза пайдаланылган көбүк менен иштетилген картошка келип түшкөн учурда аны 48 жана 72 саат муздаткыч камерада сактоого, ал эми муздаткычсыз 24-36 саатка сактоого жол берилет; мындай картошка пайдалануудан мурда муздак сууга жакшылап чайкалат.
103. Гарнирлерди даярдоодо төмөнкү эрежелер сакталышы керек:
- гарнирди аралаштырууда азыкка кол тийгизбей шаймандарды пайдалануу;
- гарнирге кошулуучу май алдын ала термикалык иштетүүгө алынууга тийиш.
104. Плита үстүндөгү казандарда даярдалган киселдерди, компотторду муздаткыч цехинде гана муздатуу керек.
105. Коомдук тамак-аш ишканаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- эттин кесиндилеринен, чочконун бактарынан, диафрагмалардан, кандан, азыктарды, баш этинен рулеттерди жасоого жана сатууга;
- флот макаронун даярдоо;
- чийки жана пастерленбеген фляга сүтүн кайнатпастан пайдаланууга;
- майда фасовкаланган кычкыл сүттүү суусундуктарды (кефир, ряженка, простокваша, ацидофилин) казанга куюуга;
- простокваша-самоквасты суусундук катары жана андан быштак жасаш үчүн пайдаланууга;
- - столдорго туз салуучу идиштерди коюу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Конкреттүү коомдук тамак-аш объектинин ар бир ишканасы үчүн зарыл шарттар болгон учурда төмөнкүлөргө жол берилет:
- ышталган жана туздалган балыкты, ошондой эле ышталган эт азыктарын, тоокторду жана өрдөктөрдү даярдоо, квас жасоо;
- даяр азыктарды жылчыксыз бекитпей туруп жашылчаларды туздоо жана ачытуу.
107. Эс алчу жерлерде жана көчөлөрдө маңгалдарда эт тамактарды (шишкебек, ж.б.), решеткада (барбекю) даярдоого жарым фабрикаттар стационардык ишканаларда даярдалган шартта гана уруксат берилет. Сатылган жерлерде төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
- шаардык коммуникацияларга кошулган, жарым фабрикаттарды сактоо үчүн муздатуучу шкафтар менен жабдылган жайдын (киосканын же павильондун) болушу;
- кактоо үчүн даяр жыгач көмүрдү, металл шампурларды, ал эми сатуу үчүн идиштерди пайдалануу;
- сатуунун алдында гана бышыруу;
- кызматкерлерди зарыл болгон кароолордон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар медициналык китепчесинин болушу, кызматкерлердин жекече гигиена эрежелерин сактоосу.
108. Жылдын жылуу мезгилинде килкилдектерди жана паштеттерди, эт, куштардан, балыктардан килкилдектерди, эт жана ливер фаршы менен куймактарды жана пирожокторду жана башка эпидемиологиялык тобокелчилиги жогору азыктарды даярдоого жана сатууга өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөргө жана климаттык шарттарга жараша ар бир конкреттүү ишкана үчүн гана жол берилет.
13. Тамак-аштарды таратууга жана жарым фабрикаттарды жана кулинардык азыктарды берүүгө карата талаптар
109. Таратып сатууда ысык тамак-аш (сорпо, соус, суусундуктар) +75 ºСтан төмөн эмес температурада, экинчи тамак-аштар жана гарнирлер +65 ºСтан төмөн болбоого, муздак сорполор, суусундуктар - +14 ºСтан жогору болбоого тийиш.
110. Даяр биринчи жана экинчи тамак-аш мармитте же ысык плитада 2-3 сааттан ашык эмес убакыт кармалышы мүмкүн. Сатылуучу 1-тамак-аштын температурасы +75 ºС тан төмөн болбоого, 2-тамак-аштар жана гарнирлер +65 ºСтан төмөн болбоого тийиш. Салаттар, винегреттер, гастрономиялык азыктар, башка муздак тамак-аш жана суусундуктар сатылуусуна жараша муздатылган прилавка-көрнөктөргө порцияланган түрүндө коюлууга тийиш.
1101. Столго туз салуучу идиш келген адамдын каалоосу боюнча гана берилет.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Меню түзүүдө күндүзгү жана кечки сменалар үчүн бир күндө бирдей аталыштагы тамак-аштарды жана гарнирлерди киргизүүгө уруксат берилбейт.
112. Тамак-ашты мурунку күндөн калган калдыктар же ошол эле күнү, бирок кыйла эрте даярдалган тамак-аш менен аралаштырууга тыюу салынат.
113. Төмөнкүлөрдү кийинки күнгө калтырууга тыюу салынат:
- салаттар, винегреттер, паштеттер, килкилдектер, заливной жана өзгөчө тез бузулуучу башка муздак тамак-аш;
- сүттүү, муздак, таттуу сорполор, сорпо-пюрелер;
- биринчи тамак-аш үчүн кайнатып бышырылган порцияланган эт, эт жана быштак куймактары, эт, куш, балык кесиндилеринен жасалган азыктар;
- соустар;
- омлеттер;
- картошка пюреси, кайнатылып бышырылган макарон азыктары;
- өздөрү жасаган компоттор жана суусундуктар.
114. Кышкы-жазгы мезгилде таттуу тамак-аштарды жана суусундуктарды коомдук тамак-аш ишканаларында жасалуучу көп өтүүчү таттуу тамак-аштарды жана суусундуктарды "С" витамини менен байытуу боюнча сунуштарга ылайык "С" витамини менен байытуу сунушталат.
115. Даярдоочу ишканалардан жарым фабрикаттарды даярдаганга чейинки же кулинария дүкөндөрүнө жеткирүү үчүн капкагы бекем жабылган, атайын маркаланган тараны (металл, полимер) жана тамак-аш азыктары менен контактта болуу үчүн уруксат берилген таңгактоо материалдарын (целлофан, пергамент ж.б.) пайдалануу керек.
116. Фасовкаланган фарш жана майда жарым фабрикаттар (гуляш, бефстроганов, азу, поджарка ж.б.) пленкаларга оролуп, лотокторго же башка тарага бир катар салыштырылат. Порциялык жарым фабрикаттар оролбостон жабык тарада ташылат.
117. Таратылуучу пункттарга, буфеттерге, тамак-аш термостордо жана атайын бөлүнгөн, жакшылап жуулган жана кайнак сууга чайкалган капкактары бекем жабылган идиштерде жеткирилет. Ысык биринчи жана экинчи тамак-аштарды термостордо сактоо мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш.
118. Кулинария дүкөндөрү (бөлүмдөрү) жарым фабрикаттарды жана даяр азыктарды өзүнчө сактоо шарттары менен камсыздалууга тийиш.
119. Тамак-аш калдыктары атайын маркаланган тарада (чака, капкактуу челектерге) чогултулат, ал муздатылуучу камераларда же бул максатта атайын бөлүнгөн башка жайларда жайгаштырылат.
120. Челектер жана чакалар калдыктар төгүлгөндөн кийин жуугуч аралашма менен жуулуп, дезинфекцияланат жана ысык суу менен чайкалат жана кургатылат. Ишканада тамак-аш калдыктары салынуучу тараны жууш үчүн жер бөлүнүүгө тийиш.
121. Калдыктарды ташуу үчүн атайын арналган транспорт пайдаланылууга тийиш.
14. Курт-кумурскаларга жана кемирүүчүлөргө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар
122. Коомдук тамак-аш объекттеринде чымындардын, таракандардын жана кемирүүчүлөрдүн болушуна жол берилбейт.
123. Коомдук тамак-аш объекттеринде чымындарга каршы күрөшүү үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш:
- ишкана жайларынан тамак-аш калдыктарын өз убагында чыгаруу;
- жайларды дыкаттык менен жыйнап тазалоону өткөрүү;
- жабышкак лентаны колдонуу;
- жылдын жылуу мезгилинде ачылуучу терезелерди жана эшиктердин оюктарын тор же даки менен тосуу;
- дезинсекциялык иштерди мезгил мезгили менен жүргүзүү.
124. Коомдук тамак-аш объекттеринде таракандарга каршы күрөшүү үчүн столдордо, текчелерде күкүмдөрдүн, тамак-аш калдыктарынын чогулушуна жол бербөө керек. Таракандар табылганда жайларды дыкаттык менен жыйнап тазалоону жана дезинсекциялоону жүргүзүү зарыл.
125. Кемирүүчүлөргө каршы күрөшүү үчүн аларды жок кылуунун механикалык же башка ыкмалары колдонулат. Кемирүүчүлөрдүн (келемиштер, чычкандар) кирип кетүүсүнөн сактануу үчүн төмөнкүдөй профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш:
- дубалдардагы, потолоктордогу, полдогу тешиктерди, техникалык киргизүүлөрдүн айланасын кирпич, цемент же металл менен бүтөө;
- желдеткич тешиктерди металл торлор менен тосуу;
- кампалардын эшиктерин металл менен каптоо.
126. Дезинсекциялоо жана дератизациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алдында тамак-аш азыктары жана идиштер шкафтарга бекитилүүсү керек. Көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктагандан кийин дыкаттык жыйнап тазалоо зарыл.
15. Кызматкерлердин жекече гигиенасына карата санитардык талаптар
127. Коомдук тамак-аш объектине ишке кирген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте медициналык кароодон өтүүгө жана гигиеналык даярдык боюнча (санитардык минимум) курсун угууга тийиш. Медициналык изилдөөлөрдүн натыйжалары берилгенге жана гигиеналык (санитардык минимум) курсунан өткөнгө чейин көрсөтүлгөн адамдар ишке киргизилбейт.
128. Ар бир кызматкерге жекече медициналык китепче ачылып, ага медициналык изилдөөлөрдүн натыйжалары, санитардык минимумду тапшырганы жөнүндө маалымат киргизилет.
129. Коомдук тамак-аш объекттеринин кызматкерлери жекече гигиенанын төмөнкүдөй эрежелерин сактоого милдеттүү:
- жумушка таза кийимчен жана таза бут кийимчен келүү;
- сырт кийими, баш кийими, жекече буюмдарын гардеробдо калтыруу;
- тырмактарын кыска алуу;
- тамактарды, кулинардык жана кондитердик азыктарды жасаарда зергердик жасалгаларын, саатын жана урунуп сынуучу башка буюмдарын чечүүгө, тырмагын боёбоого, санитардык кийимин төөнөгүч менен төөнөбөөгө;
- иш ордунда тамак ичпөөгө, тамеки тартпоого (тамактанууга жана чылым чегүүгө атайын бөлүнгөн жайда же орунда гана уруксат берилет);
- иш баштардын алдында колдорун самындап дыкаттык менен жууп, таза санитардык кийим кийип, чачын баш кийимине же жоолугуна киргизүү же чач үчүн атайын торчо кийүүгө;
- дааратканага барганда санитардык кийимин атайын бөлүнгөн жерде чечүүгө, чыккандан кийин колун самындап, мүмкүн болсо дезинфекциялоочу самын менен жакшылап жууп тазалоого;
- суук тийүү оорусунун белгилери же ичеги карын дисфункциясы байкалганда, ошондой эле ириңдөөгө, кесип алууга, күйүккө кабылганда администрацияга кабарлоо жана дарылоо үчүн медициналык мекемеге кайрылуу;
- кызматкердин үй-бүлөсүндө ичеги карын инфекциясы менен ооруган бардык учурлар жөнүндө аймактык медициналык мекемелерге кабарлоо.
130. Күн сайын муздак, ысык жана кондитер цехтеринде смена башталар алдында цехтин начальниги же штаттагы медициналык кызматкер дененин ачык жерлериндеги ириңдүү оорулардын бар экендигин карап чыгат. Териси ириңдүү оорулар, ириңдеген кесиктери, күйүктөрү, көгөргөн жерлери бар, жогорку дем алуу жолдорунун вирустук оорулары менен ооруган адамдар бул цехте иштөөгө киргизилбейт, даяр тамак-аштарды даярдоого жана берүүгө байланышпаган башка участокторго которулат. Күн сайын кароонун натыйжалары белгиленген формадагы журналга киргизилет.
131. Ар бир ишканада биринчи жардам көрсөтүүчү медикаменттер топтору салынган аптечка болууга тийиш.
132. Орто кесиптик-техникалык билим берүүчү уюмдардын (окуу жайлардын, техникумдардын ж.б.) жогорку окуу жайлардын окуучулары коомдук тамак-аш объекттеринде өндүрүштүк практикадан өтүүнүн алдында медициналык текшерүүдөн гигиеналык окуу курсунан (санитардык минимумдан) милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
133. Ишкананын өндүрүштүк-кампа жайларында ремонт иштеринде иштеген слесарлар, электр монтерлор жана башка кызматкерлер цехтерде таза санитардык кийимчен иштөөгө, шаймандарды атайын жабык ящиктерде ташууга, жумуштарды аткарууда жарым фабрикаттардын жана даяр азыктардын булганышына жол бербөөгө милдеттүү.
16. Эмгек режимдерине карата талаптар
134. Коомдук тамак-аш объекттериндеги иш убакыттын (сменанын) жалпы узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
135. Азыктарды даярдоо боюнча эмгекти көп талап кылган операцияларды, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүгө жана ташууга байланышкан операцияларды механикалаштыруу сунушталат.
136. Иш процессинде көтөрүлүүчү жана ташылуучу жүктүн массасы аялдар үчүн 10 кгдан ашпоого, эркектер үчүн 30 кгдан ашпоого тийиш.
137. Плиталарда, кондитердик мештерде, кактап бышыруу шкафтарында иштеген аялдардын кош бойлуулугу аныкталган учурдан тартып дарыгердин корутундусу боюнча жылуулуктун интенсивдүү таасирине жана оор нерселерди кол менен ташууга байланышпаган ишке которулушат.
II бөлүм. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери
17. Жалпы талаптар
138. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттерине жарым фабрикаттар жана даярдык даражасы жогору жарым фабрикаттар (чүчбара, пирожок, гамбургерлерди даярдоо жана сатуу боюнча ж.б.) менен иштеген коомдук тамак-аш объекттери кирет.
139. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринде чектелген ассортименттеги тамак-аш даярдалат жана сатылат.
140. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринде жарым фабрикаттарды чыгаруучулар менен ушул жарым фабрикаттарды алууга келишими болууга тийиш.
141. Даяр тамак-аш азыктары сапаты жана коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
142. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объектинде кардарлар үчүн жасалуучу жана сатылуучу тамак-аш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалыматтар болушу керек.
1421. Тез тейлөөчү коомдук тамактануу объекттеринде столдорго туз салуучу идишти коюуга тыюу салынат. Туз салуучу идиш келген адамдын каалоосу боюнча гана столго берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттерин жайгаштырууга карата талаптар
143. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттерин жайгаштыруу өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш.
144. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери ичүүчү суу жана канализация менен камсыздалуусу керек.
145. Борборлоштурулган суу менен жабдуусу жана канализациясы бар жерлерде тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери жергиликтүү суу түтүктөрү жана канализация системаларына кошулууга тийиш. Суу түтүктөрү жок жерлерде сууну ташып келүү уюштурулат. Объектте пайдаланылуучу суунун сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
146. Суу күн сайын атайын бөлүнгөн идиштерде (цистерналар, флягалар, бидондор) тамак-аш азыктарын ташуу үчүн арналган транспорт менен ташылат. Суу капкактары бекем жабылуучу жана бекитилүүчү таза идиштерде сакталууга тийиш. Суу сактоо үчүн идиштерди дайыма жакшылап жууп, мезгил-мезгили менен (5 күндө 1 жолу) дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп, чайкап туруу зарыл.
147. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекти жайгашкан жана анын жанындагы аймак таза кармалууга жана күн сайын жыйнап тазалоого жана суу чачылып турууга тийиш.
148. Таштанды контейнеринен жана канализациясы жок дааратканадан аралык 25 м кем болбоо керек.
19. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин жабдууларына карата талаптар
149. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин ички жасалгасы колдонууга уруксат берилген материалдардан жасалып, жылмакай, тешиктери жок, оңой жуулгудай, зыянсыз, өрттөн коопсуз болууга тийиш.
150. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттериндеги өндүрүштүк жайлардын минималдуу тобу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- тамактануу залы же ыңгайлаштырылган жайкы аянтча;
- ашканалык жана ашпоздук идиштерди жуучу бөлүм;
- даярдалганга чейинки бөлүм;
- муздаткыч жабдуусу бар кампа жайы;
- кызматкерлер үчүн санитардык-тиричиликтик жай.
151. Суу түтүгү жана канализация тармактарына кошулбаган тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери бир жолку пайдалануучу идиштер менен гана иштөөгө тийиш.
152. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин жайларынын көлөмдүк-пландаштыруучу чечими технологиялык процесстин ырааттуулугун, жарым фабрикаттар менен жана даяр азыктардын, пайдаланылган жана таза идиштердин, келүүчүлөр менен кызматкерлердин кыймылынын карама-каршы агымдарынын болбошун караштырууга тийиш.
153. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери кол жууш үчүн раковина же колду тийгизгенде суу чыгуучу кол жуугучтар, самын жана бир жолку салфеткалар менен милдеттүү жабдылууга тийиш.
154. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин жайларын турак жай жана түнөө үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
155. Тамактануу столдору колдонууга уруксат берилген материалдар менен гигиеналык жабылууга тийиш.
156. Столдор ар бир тамак ичилген сайын жуугуч каражаттар аралашмаларын колдонуу менен жыйнап тазаланат.
157. Акыр-чикирди жана калдыктарды жыйноо үчүн капкагы жана милдеттүү маркировкасы бар атайын идиш бөлүнүүгө тийиш.
158. Кызматкерлердин жекече буюмдарын сактоо үчүн шкафтар коюлуучу жер бөлүнүүгө тийиш.
159. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин бардык жайлары тазалыкта кармалууга тийиш, ал үчүн күн сайын дезинфекциялоо менен жууп-тазаланууга тийиш.
160. Өндүрүштүк шаймандар, жабдуулар бул максат үчүн колдонулуучу дезинфекциялоочу каражаттар менен күн сайын тазаланууга тийиш.
161. Ашкана идиштерин жана ашкана приборлорун тазалоо тартиби ушул санитардык эрежелердин 73, 74-пункттарына ылайык аткарылат.
162. Тамак-аш калдыктарын, суюк калдыктарды жуугучтардын, идиштер жуулган кир сууну жыйноо үчүн атайын челектер болууга тийиш, алар толушуна жараша төгүлүп атайын бөлүнгөн жерлерге чыгарылат.
163. Жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жума сайын бардык жайлар, полдор, жабдуулар жакшылап жууп тазаланууга тийиш. Айына кеминде 1 жолу жууп тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда жайларды дезинфекциялоо жана дератизациялоо жүргүзүлөт.
20. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин технологиялык жабдууларына карата гигиеналык талаптар
164. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттери ушул санитардык эрежелерге ылайык жабдуулар менен жабдылууга тийиш.
165. Технологиялык жабдууларды, шаймандарды, идиштерди, тараларды даярдоо үчүн пайдаланылган материалдар, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизбөөгө тийиш. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекттеринин ичинде пайдаланылган технологиялык жабдуулардын техникалык паспорту болууга тийиш. Тез тейлөөчү коомдук тамак-аш объекти технологиялык процессти сактоого мүмкүндүк берген өндүрүштүк жабдуулардын тобуна ээ болууга тийиш (муздаткыч жабдуусу, электрдик суу ысыткыч, электрдик кофе кайнаткыч же электр самоору, бышыруучу шкафы бар электр плитасы же микротолкундуу печка же газ плита, 3 бөлүгү бар жуугуч ванна).
166. Технологиялык жабдууну санитардык иштетүү жабдуунун ар бир түрүн эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык жана ушул санитардык эрежелерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
167. Адамдар чогулган коомдук жерлерде катуу отун менен тамак-ашты даярдоого жол берилбейт (базарлар, автовокзалдар, ден соолук чыңдоочу мекемелер ж.б.).
21. Жарым фабрикаттарды кабыл алууга жана даяр тамак-аш азыктарын берүүгө карата талаптар
168. Тез татым тамак-аш объекттери жарым фабрикаттарды алууга келишими жана алардын сапатын жана коопсуздугун тастыктоочу документтери (адамдын ден-соолугуна коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча талаптарга ылайыктыгы жөнүндө жарактуу уруксат документтери) болгон шартта жарым фабрикаттарды алууга тийиш. Тамак-аш азыктарын алууга келишим азык-түлүктү ташып берүүчү менен сатып алуучунун (кабыл алуучу жактын) ортосунда түзүлөт.
169. Өзгөчө тез бузулуучу азыктардын коштоочу документтеринде азыктарды чыгаруунун датасы жана сааты, даярдаган ишкана, сактоонун температурасы, сатуунун акыркы мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
170. Тамак-аш азыктарын кабыл алуу үчүн жооптуу адамдар таңгактын сапатын жана тамак-аш азыктарын коштоочу документтерге тарада (таңгакта) белгиленген маркировкага ылайыктуулугун текшерүүгө милдеттүү.
171. Даярдоочу ишканалардан жарым фабрикаттарды жеткирүү үчүн капкактары бекем жабылуучу жана тамак-аш азыктары менен байланышта болууга уруксат берилген таңгактоочу материалдары бар атайын маркаланган тараны (металл, полимер) пайдалануу керек.
172. Жарым фабрикаттарды биротоло даярдоо процесси керектөөчүгө сатуунун алдында түздөн-түз жүргүзүлүүгө тийиш. Шарт жок болсо сатылбаган азыктарды сактоого тыюу салынат.
173. Жарым фабрикаттарды толук даярдаган адамга кардар менен акчалай эсептешүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат.
174. Кардарларга тамак-аш азыктарын сатууда сатуучу кыпчууларды, күрөкчөлөрдү, калакчаларды, кашыктарды жана башкаларды пайдаланууга милдеттүү. Даяр тамак-аш азыктарын кардардын кир идишине жана басма макулатурасына салып берүүгө болбойт.
175. Полго түшкөн же башкача жол менен булганган (санитардык брак) тамак-аш азыктарын кардарларга сатууга тыюу салынат. Санитардык бракты тийиштүү маркировкасы бар атайын идишке чогултуу керек.
176. Ящиктерден, мүшөктөрдөн, картон коробкалардан башка туш келди таралардан соода кылууга тыюу салынат.
22. Ушул санитардык эрежелерди аткарууну контролдоо
177. Чыгарылуучу азыктардын сапатын, технологиялык жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын, ушул санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
178. Өндүрүштүк контролдоонун, анын ичинде лабораториялык изилдөөлөрдүн тартибин жана мезгилдүүлүгүн коомдук тамак-аш объекти Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныктайт.
III бөлүм. Улуттук боз үйлөрдө жайгашкан коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык эрежелер
23. Жалпы талаптар
179. Коомдук тамак-аш объекттери улуттук боз үйлөргө чыгарылуучу жана сатылуучу продукциянын тийиштүү ассортименти бар, сезондо (жазгы-жайкы мезгилде) иштөөчү тармак катары гана жайгаштырылышы мүмкүн.
180. Боз үйдөгү коомдук тамак-аш объекти жайгашуучу жер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
181. Макулдашуу ошол жерди, объекттин абалын, продукциянын ассортиментин, кызматкерлер медициналык кароодон, гигиеналык окутуудан (санитардык минимумдан) өткөндүгү жөнүндө документтерди текшергенден кийин берилет.
24. Аймакка карата санитардык талаптар
182. Коомдук тамак-аш объекти жайгашкан боз үй экологиялык таза зонанын аймагында тигилүүгө тийиш.
183. Коомдук тамак-аш объекти жайгашкан боз үй менен автожолдун кызыл линиясына чейинки аралык 25 м кем болбоого тийиш.
184. Боз үй ыңгайлаштырылган аянтта (асфальтталган, бетондолгон же жыгач тактайларда) жайгаштырылып, аянты 50 м2 кем эмес өлчөмдө болууга тийиш.
185. Катуу калдыктарды чогултуу үчүн боз үйдөн 25 м аралыкта капкагы бар атайын таштанды чогултуучуларды (таштанды ящиктеринин контейнерлерин) коюу үчүн 1,5х1,5 м өлчөмүндөгү бетондолгон аянтча жасалат. Бир аймакта аянты 10 м2 кем эмес жалпы аянтчаны жабдууга жол берилет.
186. Боз үйдөн 25 м аралыкта канализациясы бар жерлерде - канализацияга милдеттүү кошуу менен, канализациясы жок жерлерде - короодо бетондолгон чуңкурлуу, 2 бөлүктөн кем эмес даараткана (биотуалеттер) жасалат (1 - эркектердики, 1 - аялдардыкы), топ боз үйлөр үчүн - 4 бөлүктөн кем эмес.
187. Таштанды чогултуучу чуңкур жана ыпыластыктар чуңкуру көлөмүнүн 2/3 ашпай толгондо тазаланууга тийиш жана күн сайын дезинфекцияланат.
188. Даараткананын жанында дезаралашма, самыны бар самын салгыч жана кол аарчуучу салфеткалары бар жуунгуч милдеттүү түрдө орнотулат (канализациялуу жерлерде - суу түтүгүнө кошуу менен, канализациясыз жерде - колду тийгизгенде суу чыгуучу кол жуугучтар).
189. Аймак таза кармалууга тийиш.
25. Суу менен жабдууга жана канализацияга карата санитардык талаптар
190. Борборлоштурулган суу менен жабдуусу жана канализациясы бар жерлерде боз үйгө жайгаштырылган коомдук тамак-аш объекттери жергиликтүү суу түтүк жана канализация системаларына кошулууга тийиш.
191. Суу түтүктөрү жок жерлерде суу менен жабдуу булагы белгиленген тартипте макулдашылат же сууну ташып келүү ушул санитардык эрежелеринин 18-пунктуна ылайык белгиленген талаптарга жараша уюштурулат.
26. Боз үйлөрдүн жабдылышына карата санитардык талаптар
192. Боз үйлөрдүн полдору катуу жана нымга туруктуу материалдардан жасалууга тийиш.
193. Боз үй келүүчүлөр үчүн тамактануу зал катары улуттук стилде жапыз столдор жана отургучтар менен же дасторкондор менен жасалгаланат (шырдак, килем, дасторкондор).
194. Боз үйгө түндүк жана эшиктер аркылуу табигый жарык берүү жана желдетүү, ошондой эле - электр шамдары жана тиричилик желдеткичтери аркылуу жасалма жарык берүү жана желдетүү каралат.
27. Тамак-аштарды жана тамак-аш азыктарын жасоого жана сатууга карата санитардык талаптар
195. Улуттук боз үйлөргө жайгаштырылган коомдук тамак-аш объекттеринде чектелүү ассортименттеги тамак-ашты жасоого жол берилет.
196. Даяр тамак-аш жана тамак-аш азыктары сатуу үчүн коомдук тамак-аш объекттеринин стационардык тармагынан атайын термостордо, жабык контейнерлерде жана башка идиштерде коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө документтер болсо жеткирилет же ассортиментке ылайык жеринде даярдалат.
197. Жеринде төмөнкү тамак-аш ассортиментин даярдоого жана сатууга жол берилет: бешбармак, шорпо, шишкебек, палоо, каттама, санза, кытырак, казанга жапкан нан, тандыр нан, улуттук суусундуктар (бозо, кымыз, максым, жарма), буфет азыктары: өнөр жайда чыгарылган суусундуктар, кондитер азыктары (кремдүү эместер).
1971. Улуттук (кийиз) боз үйлөрдө жайгашкан коомдук тамактануу объекттериндеги столдорго туз салуучу идишти коюуга тыюу салынат. Туз салуучу идиш келген адамдын каалоосу боюнча гана столго берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
198. Боз үйлөр тез бузулбачу даяр азык-түлүк товарларын сатуу менен аларда буфеттерди, барларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Тез бузулуучу азыктарды (сүт, эт) сатуу үчүн муздаткыч жабдуусун орнотуу жана сатуу мөөнөттөрүн сактоо талап кылынат. Бардык азыктардын сапатты жана коопсуздукту ырастаган шайкештик сертификаттары болууга тийиш.
199. 197-пунктта көрсөтүлгөн тамак-аштарды төмөнкү шарттар болгондо жеринде даярдоого жол берилет:
- боз үй жанындагы аянтчада чийки затты (эт, жашылча) жана даяр азыктарды туураш үчүн столдорду уюштуруу;
- столдордун гигиеналык жабуусу болууга жана саны боюнча даярдалуучу тамак-аштардын ассортиментине жана пайдаланылуучу чийки затка ылайык келүүгө тийиш;
- бөлүштүрүүчү шаймандар чийки зат жана даяр азыктар үчүн өз өзүнчө болууга жана тийиштүү маркалоосу болууга тийиш ("ЧЭ" - чийки эт, "БЭ" - бышкан эт, "ЧЖ" - чийки жашылча, "Н" - нан, "МЫ" - муздак ысылыктар);
- бышыруу үчүн жабдуулардын жана плиталардын, мештердин ар кандай түрлөрү пайдаланылышы мүмкүн (электр жана газ казандарынан жана плиталарынан тартып от жагылуучу мештерге жана очокторго чейин).
200. Тамак-аш азыктарын кол менен кармоого тыюу салынат.
201. Тамак-аш азыктарын ороо үчүн гезиттерди, китеп барактарын жана башка туш келди кагаздарды пайдаланууга тыюу салынат.
28. Пайдаланылуучу идиштерге карата санитардык талаптар
202. Идиштерди иш убагында ошол жерде жууганга уруксат берилбейт.
203. Келүүчүлөрдү тейлөө үчүн төмөнкүлөргө жол берилет:
- кайталап пайдаланылбай турган бир жолку полимер идиштер;
- же таза идиштердин запасы болгон шартта иш күндүн ичинде сатыла турган тамак-аштардын санына эсептелген ашкана идиштери жана приборлор пайдаланылат.
204. Идиштер алар пайдаланылчу жерге таза түрүндө "таза идиш" деген атайын маркаланган жабык тарада (пластик, жыгач ящиктер, картон коробкалар) жеткирилет же иш аяктагандан кийин жууп тазаланат.
205. Колдонуунун алдында идиштер жана ашкана приборлору сөзсүз кайнатылат же кайнак суу куюп тазаланат.
206. Жеринде кайнак суу менен тазалоо үчүн "Идишти кайнатуу үчүн" деп маркаланган атайын идиштер бөлүнөт.
207. Кайнак сууга алынган, кайнатылган идиштер жана ашкана приборлору өзүнчө столдо атайын решеткаларда (торчолордо) көмкөрүлгөн түрүндө чаңдан жана чымындардан коргоо үчүн таза салфетка (даки) менен жабылып сакталат.
208. Кир болгон идиштер ошол жерде тамак калдыктарынан тазаланат жана капкактуу атайын идиштерде (контейнерлер, чоң мискейлер) жыйналат жана иш аяктагандан кийин жууп тазалоо жана иштетүү үчүн аныкталган жерлерге жиберилет же ашкана идиштерин кол менен жууп тазалоо үчүн санитардык эрежелерди сактоо менен келүүчүлөрдү тейлөө аяктагандан кийин жууп тазаланат.
29. Ашкана идиштерин жана приборлорду тазалоонун санитардык эрежелери
209. Ашкана идиштерин жана ашкана приборлорун кол менен жууш үчүн 3 идиш пайдаланылат (атайын жуугучтар).
Иштетүү тартиби:
- тамак-аш калдыктарын щетка менен атайын челектерге (флягалар, чакалар, капкактуу мискейлер) чогултуу;
- жуугуч каражаттарды кошуу менен +40 ºСдан төмөн эмес температурадагы сууга жууп тазалоо (кальций соодасы, ыйгарым укуктуу орган уруксат берген башка каражаттар же сыртында "ашкана идишин жууш үчүн" деген көрсөткүчтөрү бар каражаттар);
- +50 ºСдан төмөн эмес температурадагы сууда дезинфекциялык эритме менен жууп тазалоо;
- идиштерди +65 ºСдан төмөн эмес температурадагы сууга чайкоо;
- идиштерди решеткаларда, стеллаждарда көмкөрөсүнөн жаткырылган түрдө кургатуу.
Айнек идиштерди 2 идиште жууп тазалоого жол берилет:
- жуугуч каражаттарды кошуу менен +40ºСдан төмөн эмес температурадагы сууда жууп тазалоо;
- +65 ºСдан төмөн эмес температурадагы сууга чайкоо.
210. Тамак-аш калдыктарын, суюк калдыктарды, кол жуугучтардан, идиш жуугандан чыккан кир сууларды чогултуу үчүн атайын челектер болууга тийиш, алар суу толгонуна жараша чуңкурларга (дааратканага), төгүлөт же атайын белгиленген жерге төгүлөт (чыгарылат).
211. Челектер жана чакалар жугундулардан бошотулгандан кийин ысык жуугуч аралашма менен жуулуп, чайкалат жана кургатылат.
30. Келүүчүлөрдүн жекече гигиенасы
212. Келүүчүлөрдүн колдорун жууш үчүн атайын аянтчада кол жуугучтар орнотулат (канализацияланган жерлерде суу түтүктөрүнө кошуу жана канализация системасына чыгаруу менен, канализациясыз жерлерде - таза суу куюлган идиштери жана кир суу жыйналуучу челектери бар кол жуугучтар). Колду жууш үчүн кол жуугучтарда самын жана бир жолку колдонулуучу салфеткалар болууга тийиш.
31. Персоналдын өздүк гигиенасы
213. Тамак-аш азыктарын даярдачу жана сатуучу адамдар өздүк гигиенаны сактоого, тыкан кийинүүгө, тырмактарын кыска алууга, колдорун иштөөнүн алдында самындап жуушка, санитардык кийими (куртка, фартук, жоолук) болууга, азыктарды сатууда соода шаймандарын (вилкалар, кашыктар, кыпчуурлар) пайдаланууга милдеттүү.
214. Дааратканага бараардын алдында атайын кийимди чечүүгө, дааратканадан кийин колду жакшылап жууп тазалашка милдеттүү.
215. Териси жара, ириңдүү кесиктери, күйүктөрү, дем алуу органдары сезгенип ооруган, ичеги-карын тракты бузулган адамдар иштешине уруксат берилбейт.
32. Ушул санитардык эрежелердин сакталышы үчүн жоопкерчилик
216. Объекттин санитардык абалы жана ушул санитардык эрежелердин аткарылышы, ошондой эле өндүрүшкө кабыл алынган продуктулардын, жасалуучу жана сатылуучу продукциянын сапаты жана анын элдин ден соолугуна коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти ишкананын жетекчиси алат, ал эми иш орундун абалы үчүн жоопкерчиликти - ишкананын ар бир кызматкери алат.
217. Ушул санитардык эрежелердин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамына ылайык белгиленген тартипте жоопко тартылышат.
218. Ушул санитардык эрежелердин сакталышын Кыргыз Республикасынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу органы көзөмөлдөйт.
|
| "Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 1-тиркемеси |
Жылдын суук жана жылуу мезгилдери үчүн жайлардын микроклиматынын оптималдуу параметрлери(*)
Өндүрүштүк жайлар | Оордук категориясы | Суук мезгил | Жылуу мезгил | ||||
Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөө ылдамдыгы, м/с | Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөөнүн ылдамдыгы, м/с | ||
Тамактануу залдары, таратуучу буфеттер | Орточо II а | 18-20 | 40-60 | 0,2 | 21-23 | 40-60 | 0,3 |
Сервиздик, кийим-кечелик жайлар, гардеробдор | Жеңил I 6 | 21-23 | 40-60 | 0,1 | 22-24 | 40-60 | 0,2 |
Цехтер: эт, куш этин иштетүүчү, жашылча | Орточо II б | 17-19 | 40-60 | 0,2 | 20-22 | 40-60 | 0,3 |
Цехтер: даярдыкка чейинки, муздак балык, жашылчаларды иштетүү | Орточо II б | 18-20 | 40-60 | 0,2 | 21-23 | 40-60 | 0,3 |
Цехтер: ысык, кондитердик азыктарды бышыруу үчүн жайлар | Орточо II б | 17-19 | 40-60 | 0,2 | 20-22 | 40-60 | 0,3 |
Ашкана идиштерин жуугуч | Орточо II б | 18-20 | 40-60 | 0,2 | 21-23 | 40-60 | 0,3 |
Ашкана идиштерин, тараларды жуугуч | Орточо II б | 17-19 | 40-60 | 0,2 | 20-22 | 40-60 | 0,3 |
Администрациялык жайлар | Жеңил 16 | 22-24 | 40-60 | 0,1 | 23-25 | 40-60 | 0,1 |
Эскертүү.
(*) Жылдын жылуу мезгилинде желдөөнүн чоң ылдамдыгы максималдуу температурага ылайык келет, аз ылдамдыгы - абанын минималдуу температурасына ылайык келет, орто аралыктагы чоңдуктар интерполяция менен аныкталат.
|
| "Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 2-тиркемеси |
Жылдын суук жана жылуу мезгилдери үчүн коомдук тамак-аш объекттеринин жайларындагы микроклиматтын жол берилүүчү параметрлери(*)
Өндүрүштүк жайлар | Оордук категориясы | Суук мезгил | Жылуу мезгил | ||||
Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөөнүн ылдамдыгы, м/с | Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөөнүн ылдамдыгы, м/с | ||
Тамактануу залдары, таратуучу буфеттер | Жеңил I б | 20-24 | 75 | 0,2 | 21-28 | 27 ºСда 60 | 0,1-0,3 |
Сервиздик, кийим-кечелик жайлар, гардеробдор | Орточо II 6 | 15-21 | 75 | 0,4 | 16-27 | 25 ºСда 70 | 6,2-0,5 |
Цехтер: эт, куш этин иштетүүчү, жашылча | Орточо II а | 17-26 | 75 | 0,3 | 18-27 | 26 ºСда 65 | 0,2-0,4 |
Цехтер: даярдыкка чейинки, ысык, муздак балык, жашылчаларды иштетүү | Орточо II б | 15-21 | 75 | 0,4 | 16-27 | 25 ºСда 70 | 0,2-0,5 |
Ашкана идиштерин жуугуч | Орточо II а | 17-23 | 75 | 0,3 | 18-27 | 26 ºСда 65 | 0,2-0,4 |
Ашпоздук идиштерди, тараларды жуугуч | Орточо II б | 15-21 | 75 | 0,4 | 16-27 | 25 ºСда 70 | 0,2-0,5 |
Администрациялык жайлар | Жеңил I б | 21-25 | 75 | 0,1 | 22-28 | 28 ºСда 55 | 0,1-0,2 |
Жашылча, туздалгандарды, жарым фабрикаттарды, шаймандарды, тараны сактагычтар(**) | Орточо II а | 15-24 | 75 |
|
|
|
|
Эскертүү.
(*) Жылдын жылуу мезгилинде желдөөнүн чоң ылдамдыгы максималдуу температурага ылайык келет, аз ылдамдыгы - абанын минималдуу температурасына ылайык келет, орто аралыктагы чоңдуктар интерполяция менен аныкталат.
|
| "Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин жана ченемдеринин 3-тиркемеси |
Коомдук тамак-аш объекттеринин өндүрүштүк жайлары үчүн жарык берүүнүн ченемдери жана сапаттык көрсөткүчтөрү
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомуна ылайык күчүн жоготту)