Загрузка документа…
10-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждардын мүчөлөрүнүн арасында инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (уулануунун) чыгышын болтурбоо максатында иштелип чыккан жана борттук тамактануу цехтеринин жайларынын түзүлүшүнө, жабдуусуна, курамына, даяр тамактардын, тамак-аш азыктарынын жана муздак суусундуктардын ассортиментине, тамакты даярдоого санитардык талаптарды, борттук тамак-ашты жана идиш-аяктарды ташууга, ички жана эл аралык авиарейстерди аткарган аба кемелеринин бортунда тамактанууну уюштурууга карата талаптарды аныктайт.
2. Тамактарды даярдоо жана даяр тамактарды, тамак-аш азыктарын, муздак суусундуктарды жана спирт ичимдиктерин, пакеттелген чайды, кофени, кантты жана учуп баратканда авиажүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө берүүгө арналган башка ушундай продуктуларды сактоо борттук тамак-аш цехтеринде гана ишке ашырылат.
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Бул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) аттестациялоо - кызматкердин даярдык деңгээлин, чеберчилигин, квалификациясын текшерүү;
2) борттук тамак-аш - авиаучуу учурунда бортто жүргүнчүлөргө сунуш кылынуучу тамак жана суусундуктар;
3) бласт-чиллер - шоктук тондуруу аппараты;
4) гастрономиялык товарлар - кулинардык жактан иштетпестен колдонууга даяр товарлар;
5) касалетка - даяр ысык тамак үчүн бир жолку идиш;
6) жарым фабрикат - алгачкы иштетүү болгон, бирок керектөөгө жарактуу болушу үчүн андан аркы биротоло иштетүүгө муктаж азык;
7) гигиеналык окутуу (санитардык минимум) - айрым кесиптик топторду (коомдук тамактануу, соода, коммуналдык чарба ж.б. кызматкерлерин) санитардык-эпидемияга каршы режимдин маселелери боюнча атайын даярдоо;
8) авиациядагы рампа - бул самолетко жүктөө жана андан түшүрүүгө арналган түзүлүш;
9) абаны рециркуляциялоо - иштетилген ички абаны кайталап пайдалануу;
10) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
11) униформа - бирдей түспөлдө болуу үчүн бирдей үлгүдөгү форма, атайын (кызматтык) кийим.
3. Борттук тамак-аш цехтерин жайгаштырууга талаптар
4. Борттук тамак-аштын жаңы цехтерин долбоорлоо жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш жана тамак-аш азыктарын өндүрүү тармагындагы тиешелүү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
5. Бардык жаңыдан курулуучу жана реконструкциялануучу борттук тамак-аш цехтерин аэропорттордун аймагында, аба кемелери токтоп турган жайларга болушунча жакын аралыкта, борттук тамак-ашты цехтен аба кемесине чейин жеткирүү үчүн убакытты болушунча азыраак кетирүүнү (1 сааттан ашык эмес) эске алуу менен жайгаштыруу зарыл.
6. Уюмдун аймагы тосулууга, нөшөрдүн суусу агып кетүүчү канализация системасы болууга тийиш. Ага баруучу жолдор, жүктөө-түшүрүү аянттары асфальтталууга же бетондолууга тийиш.
7. Борттук тамак-аш цехтерин долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдер чийки заттын, жарым фабрикаттардын жана даяр продукциянын, комплекттелген борттук тамак-аштын жана рейстен кайтып келген тамак-аштын, таза жана пайдаланылган борттук идиштердин, шаймандардын утурлаш жана кайчылаш туш келишин болтурбоочу технологиялык процесстердин ырааттуулугун кароого тийиш.
8. Ишканада иштерди тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык шарттарда аткаруу үчүн зарыл өндүрүштүк аянттар болууга тийиш.
9. Борттук тамак-аш цехтеринин жайларынын жабдуулары өзүнө төмөнкүдөй топторду камтыйт:
а) өндүрүштүк топ - даярдоочу цех (чийки зат менен иштөөдө), камдоочу цех (жарым фабрикаттар менен иштөөдө жарым фабрикатты муздак жана ысык иштетүү, рациондор үчүн даяр тамактарды камдоо үчүн), көмөкчү (ашкана идиштерин, цехтин ичиндеги идиштерди жууп-тазалоо, нанды, кондитердик азыктарды, продуктулардын суткалык запасын сактоочу жайлар) ж.б.
б) комплекттөөчү топ жана экспедиция:
А - борттук тамак-ашты комплекттөөчү жай, борттук тамак-аштын рациондорун (арабаларды, тамак-ашы бар контейнерлерди жана муздак суусундуктары бар тор баштыктарды) салыштыруу, комплекттөө, кыска мөөнөттүү сактоо жана берүү үчүн жайлар;
Б - борттук идиштерди иштетүү, кабыл алуу, сорттоо, жууш, кургатуу, комплекттөө, кыска мөөнөткө сактоо жана берүү үчүн жайлар, суу куюу жана берүү үчүн электр титандардын, электрдик кайнаткычтардын участогу, рейстерден продукцияны алуучу участоктор;
в) кампалар тобу: бардык азыктар, ширелер, муздак суусундуктар, борт идиш-аягынын запасы, жүгүртүлүүчү фонд, салфеткалар, шаймандар үчүн (муздатылуучу жана муздатылбаган) кампалар, муз генераторлору, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар, майлыктар үчүн участок, тамак-аш калдыктары үчүн камера;
г) техникалык топ: электр суу кайнаткычтарын оңдоочу участок, алардын дефектациясы каралат, электр туташтыруунун тууралыгы текшерилет, аба кемесине жөнөтөөр алдында суу кайнаткычтар штемпелдик туташтыргычка туураланат; стационардык муздатуучу агрегаттар, желдеткич камералар үчүн, электр щиттери, бойлердик же жылуулук түйүнү, мастерскойлор үчүн машина бөлүмүн жайгаштыруучу жай;
д) администрациялык-тиричилик тобу: персонал үчүн кабинеттер, санитардык-тиричиликтик жайлар (чечинүүчү жер, душ, санузель ж.б.), медициналык кызматкерлер үчүн жайлар (жана лабораториялар), кызматкерлер тамак ичүүчү жай ж.б.
10. Технологиялык операциялар ырааттуу аткарыла турган жайлардын ортосунда технологиялык өз ара байланыш сакталууга тийиш. Азыктар кайра кайтарылуучу жай комплекттөөчү рациондорго жана суткалык запастын муздак кампасына болушунча жакын болот. Порциялык бөлүм муздак тамак-аш жасалуучу жайга (муздак цех) тушташ болууга тийиш. Кайнак сууну даярдоо үчүн участок порциялык бөлүмдүн катарында болууга тийиш. Тамак-аш калдыктары үчүн камера муздатылгыдай, борттогу кир идиш-аякты сорттоочу жайдын жанына жакын, тамбур аркылуу сыртка чыккыдай болууга тийиш.
11. Жайлардын комплекттөөчү тобу хайлоудер (автолифт) үчүн жүктү түшүрүүчү жабык рампа менен бир деңгээлде жайгашат. Биринчи кабаттын жана рампанын полунун деңгээли хайлоудердин (автолифттин) полунун деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. Эгерде кампа тобу жертөлөдө жайгашкан болсо, 1-кабатта жүк түшүрүү, көтөргүч үчүн аянт болушу керек. Бокстар - борттук тамакты бир аз мөөнөткө (15 мүнөттөн ашык эмес) сактоочу жайлар - рациондорду комплекттөөчү жер менен рациондорду берүүчү жердин ортосундагы өткөөл жайлар.
12. Борттук тамак-аш цехтеринде эки атайын рампа, бири - борттук тамак-ашты жана суусундуктарды хайлоудерге (автолифтке) жүктөө үчүн, экинчиси борттогу кир идиш-аякты, арабаларды түшүрүү үчүн каралат. Жүк түшүрүүчү аянттын жана рампалардын үстүндө рампанын же аянтчалардын узатасы боюнча бастырмалар орнотулат.
13. Ташгандыларды чогултуу үчүн аянтта капкагы бар металл контейнерлер каралат, алар бардык тарабынан тосулат жана асфальт аянтчаларда орнотулат, алардын өлчөмдөрү контейнерлердин түбүнүн аянтынан бардык тарабынан 1 метрге ашык. Таштанды чогулткучтар алардын көлөмүнүн 2/3 ден кем эмес бөлүгү толгондо тазаланат, бошотулгандан кийин сертификатталган дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазаланат жана дезинфекцияланат. Таштанды чогулткучтун аянты өндүрүштүк цехтерден кеминде 25 метр аралыкта жайгашат.
14. Борттук тамак-аш цехинин аймагы ыңгайлаштырылууга жана таза кармалууга тийиш.
4. Имарат-жайларга санитардык талаптар
15. Өндүрүштүк, комплекттөөчү жана кампа жайларын уюштуруу жарыктын, ызы-чуунун, микроклиматтын гигиеналык ченемдерин сактоону камсыз кылууга, технологиялык процесстин жана даяр продукциянын сапатына, ошондой эле иштеп жаткандардын ден соолугуна таасир этпөөгө тийиш.
16. Борттук тамактануу ишканаларынын түзүлүшү жана пландалышы продукциянын булганышын болтурбоого жана өндүрүштүк жайлардын "кир" жана "таза" зоналарын толугу менен изоляциялоого, утурлаш чыгып булганууну болтурбоо үчүн чийки заттын, жарым фабрикаттардын, калдыктардын ж.б. даяр продукция менен кесилишүү, аралашуу мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.
17. Жарым фабрикаттарды, чийки затты жана даяр продукцияны сактоо үчүн ушул санитардык эрежелерге ылайык продукциянын конкреттүү түрү үчүн температуралык-ным режимин камсыздоочу муздатуучу жана муздак эмес кампалардын болушу зарыл.
18. Өндүрүштүк жайларда жана жумушчу бети ачык цехтерде сымап контролдук-өлчөө приборлорду пайдаланууга тыюу салынат. Айнек өлчөө приборлору үчүн металл кутучалар болууга тийиш.
19. Ишкананын өндүрүштүк жана кампа жайларында кемирүүчүлөрдүн жана курт-кумурскалардын кирип кетишинен сактоо чараларын кароо зарыл (тыгыз эшиктер, жылчыктарды бүтөө, тосуучу металл торлор).
20. Тамак-аш азыктарына жана чийки затка башка нерселердин түшүп калышын болтурбоо үчүн өндүрүштүк цехтерде сына турган буюмдарды, күзгүлөрдү, бөлмө өсүмдүктөрүн сактоого катуу тыюу салынат.
21. Даам-татымдарды жана муздак тамактарды жасоо цехинде, кондитердик цехте стационардык жана көчмө бактерициддик лампаларды орнотуу зарыл.
22. Өндүрүштүк жайлардын дубалдары полдон кеминде 1,8 м бийиктикке чейин каптоочу плитка же жууп тазалоого жана дезинфекциялоого туруштук бере турган башка материал менен жасалат.
23. Өндүрүштүк жайлардын полдорунун, дубалдарынын, шыптарынын жана эшиктеринин беттери катуу, адсорбциясыз, нымга туруктуу, урунууга чыдамдуу болууга, оңой тазалангыдай, жуулгудай жана дезинфекциялангыдай болууга тийиш. Кампа жана өндүрүштүк жайларда чийки затты жана продуктуларды жүктөө жолдорундагы полдордо босоголор болбошу керек. Жүктөөчү бөлүк платформа же бастырма менен жабдылат. Өндүрүштүк жайлардын полдору канализациялык трап жакты карай жантык болууга тийиш жана алардын багыты саркынды суулар ачып-жабылуучу тор менен жабдылган лотоктордун тешигине агып киргидей болууга тийиш. Полдогу бардык дренаж тешиктери башка нерселердин кирип кетишинен тосуучу жана канализациялык системанын толуп калышын болтурбоочу торлор менен тосулууга тийиш. Пол менен дубалдын ортосундагы туташуулар жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн суу өтпөгүдөй жана жетүүгө оңой болууга тийиш.
24. Жайларды желдетүү, жылытуу жана жарык кылуу долбоордук документтерге жооп берүүгө тийиш.
25. Технологиялык, ичүүчү жана чарбалык-тиричилик үчүн пайдаланылуучу суу Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу жөнүндө мыйзамынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
26. Муздак жана ысык суунун өлчөмү ишкананын бардык керектөөлөрүн толук камсыз кылууга тийиш.
27. Ысык жана муздак суу бардык жуугуч ванналарга, раковиналарга аралаштыргыч түзүлүш менен алынып келүүгө жана зарыл болсо технологиялык жабдууларга да алынып келүүгө тийиш. Чыгуучу жерде ысык суунун температурасы +65ºСдан төмөн болбоого тийиш.
28. Ар бир өндүрүштүк участокто аралаштыргыч орнотулган ысык жана муздак суу чыгаруу менен кол жуугуч раковиналар орнотулат. Раковиналар суюк самыны бар дозаторлор, дезинфекциялоочу аралашма, тырмакты тазалоо үчүн щетка, кагаз рулон сүлгү, ичинде бир жолу колдонулуучу пакети бар таштанды чогултуучу капкактуу педалдуу урналар менен камсыздалат жана тазаланып, дезинфекцияланып турууга тийиш.
29. Жылытуу системасындагы ысык сууну технологиялык, чарбалык-тиричиликтик максатта, технологиялык жабдууларды, тараны, шаймандарды жана жайларды тазалоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
30. Борттук тамак-аш цехинин суу менен жабдуу системасында авариялык кырдаалдарда суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, ошондой эле хлордоодо жана ультракөгүш нур менен зыянсыздандыруунун учурунда агымдын туруктуу ылдамдыгында контакт үчүн жетиштүү убакытты камсыздоо үчүн таза суунун авариялык запасы болушу керек.
31. Суунун запасы борбордоштурулган системадан суу берүү жоктугунан улам цехтин иши убактылуу токтогон учурда өндүрүштүк циклди аяктоону жана зарыл санитардык иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.
32. Муздак сууну жеткирүү үчүн суу куюучу машиналар (аба кемелерине суу куюу үчүн) пайдаланылышы мүмкүн.
33. Тазаланбаган саркынды сууларды ачык көлмө-сууларга жана айлана-тегеректеги аймактарга агызууга, ошондой эле сиңирүүчү кудуктарды жасоого болбойт.
34. Өндүрүштүк, комплекттөөчү, таңгактоочу, кампа жайлардын, ашкананын шыбынын асты менен тиричиликтик жана өндүрүштүк түркүк түтүктөрү бар ички канализациялык тармактар алып өтүлбөйт.
35. Ажатканалар өзү жабылуучу эшиктер менен жабдылат. Унитаздар жана персонал колун жуушу үчүн крандар педалдуу жана чыканактуу төккүчтөр жана колдун кошумча булганышын болтурбоочу агызгычтар менен жабдылат.
36. Тамактануу объекттеринде туруктуу эмес үндүн оптималдуу эквиваленттүү деңгээли 70 дБ дан ашпоого тийиш.
37. Үн чыгаруучу жабдуулар орнотулган жайларда персоналды анын зыяндуу таасиринен коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт (жайлардын тосуучу беттерин үндү басуучу материалдар менен каптоо, ызы-чуунун булагынын айланасында амортизациялоочу түзүлүштөрдү, үндү басуучу экрандарды жана башкаларды пайдалануу).
5. Жылытууга, абаны желдетүүгө жана кондициялоого санитардык талаптар
38. Өндүрүштүк жайларда абанын температурасы жана салыштырма нымдуулук тамак-аш өндүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
39. Борттук тамак-аш цехтеринин жайларында 1-тиркемеге ылайык өндүрүштүк жайлардын микроклиматына коюлуучу гигиеналык талаптарга жараша температуранын, салыштырма нымдуулуктун, желдөөнүн ылдамдыгынын метеорологиялык шарттарынын оптималдуу же жол берилген параметрлери сакталат.
40. Жайлар желдетүү системалары менен жабдылат.
Аба берүүчү түзүлүштөр булганыч абанын, газдардын жана суунун киришин болтурбоочу жерлерде жайгаштырылып, курт-кумурскалардан сактоочу чыпкалар жана торлор менен жабдылууга тийиш.
41. Өндүрүштүк жайларда желдетүү жана аба менен жылытуу системаларында, машина жана аппарат бөлүмдөрүндө, муздатуучу аммиак түзүлүштөрүндө буунун, газдын жана чаңдын бөлүнүп чыгышы менен коштолгон абаны рециркуляциялоого тыюу салынат.
42. Кирүүчү өткөөлдөр, технологиялык ачык жерлер жана тамбурлар, жүктөө, жүк түшүрүү, экспедиция жайлары жана башкалар жылдын суук мезгилинде тыштагы абанын киришин болтурбоо үчүн (тышкы эшиктердин, дарбазалардын, люктардын жанында) коргоочу жылуулук көшөгөлөрү менен жабдылууга тийиш.
43. Ар бир өндүрүштүн өз алдынча желдеткич системасы болууга тийиш. Чаңды жана тез конденсиялануучу бууларды соргучтарды бир жалпы оп тартуучу түзүлүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.
44. Тиричилик жайлары (ажатканалар, душ ж.б.) желдетүүнүн оп тартуучу автономдуу системалары менен жабдылат.
45. Өндүрүштүк жайлардын абасында зыяндуу заттардын пайда болушун же киришин болтурбоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- тамак даярдоонун технологиялык процесстерин так сактоо:
- жуугуч жайларда жуугуч машиналарды орнотуу учурунда, ошондой эле чубурма продуктуларды элөө менен байланышкан операциялардын учурунда, жумушчу зонанын абасында зыяндуу заттар бөлүнүп чыкканда жергиликтүү оп тартуучу желдетүүнү караштыруу керек.
46. Ысык ашканада, кондитер цехинде, наабайканада жана идиш-аяк жууй турган жерде тартуучу желдеткичтин тешиктери түздөн-түз жылуулук бөлгөн булактардын (плита, казан, электр-таба, фритюрница, гриль, идиш-аяк жууй турган машина ж.б.) үстүндө жайгашууга тийиш.
47. Желдетүү системаларынын тешиктери майда көздүү полимер тор менен жабылат.
48. Желдетүүчү клапандарды, технологиялык жабдуулардан абаны соргучтарды булганышына жараша чыгарып жана ички бетин тазалоо зарыл (жылына кеминде 1 жолу).
6. Жарыктандырууга санитардык талаптар
49. Өндүрүштүк, кампа, санитардык-тиричиликтик жана административдик-чарбалык жайларда табигый жана жасалма жарык "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелеринин жана гигиеналык ченемдеринин" талаптарына ылайык белгиленген жарыктандыруунун гигиеналык параметрлерине шайкеш келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Өндүрүштүк жайларды жалпы жарыктандыруу үчүн жарылып кетүү коркунучу жок жасалган коргоочу арматурасы бар чырактарды колдонуу керек. Айрым (муздак, комплекттөөчү, кондитердик) жайларда бактерициддик лампаларды орнотуу сунуш кылынат. Өндүрүштүк жайларды жана кампаларды жарыктандыруу үчүн суудан-чаңдан корголгон чырактар колдонулат.
51. Дубалдар, тосмолор, конструкциялар жана жабдуулар жарыгын арттыруу үчүн ачык түс менен сырдалат.
52. Бардык өндүрүштүк жана көмөкчү жайларда табигый жарыкты максимум пайдалануу үчүн чаралар көрүлөт. Жарык кирүүчү ачык жерлер (жайдын ичинде жана тышында) тара жана өндүрүштүк жабдуулар менен тосулбашы керек. Ашыкча инсоляцияны азайтуу үчүн, өзгөчө муздак даам-татымдарды жана тамактарды жасоо цехинде, ун кондитердик цехтерде коргоочу түзүлүштөрдү (жалюз, жарыктан коргоочу кыр, атайын айнек жана жылуулук нурларын артка чагылдыруучу башка түзүлүштөр) колдонууга жол берилет.
53. Жарык берүүчү приборлор, плафондор, терезелердин жана ачык жерлердин айнек беттери таза болууга жана кирдешине жараша тазаланып турууга тийиш. Чырактарды санитардык тазалоо - кварталына кеминде 1 жолу жумуштан тышкары убакта, ал эми өндүрүштүк цехтерде цехти санитардык тазалоонун графигине ылайык жумасына кеминде 1 жолу жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Жайларды күтүүгө санитардык талаптар
54. Бардык жайлар тазалыкта кармалууга тийиш. Кирдегенине жараша күн сайын сменасына 2 жолу жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп-тазаланат.
55. Технологиялык жабдуу ага эркин жеткидей жайгаштырылууга тийиш.
56. Борттук тамак-аш цехинин иши кыска мезгилде (санитардык күн) же кыскартылган ассортиментке которуу менен айына бир жолу алдын алуучу дезинфекциялоо менен толук жууп-тазалоо жүргүзүлөт.
57. Дезинсекция жана дератизация боюнча иш-чаралар алдын алуучу дезинфекциялоо (дезинсекция, дератизация) боюнча иштерди жүргүзгөн уюмдар менен келишимдер боюнча дайыма жүргүзүлөт. Бул иштерди жүргүзүү санитардык журналда катталат.
58. Өндүрүштүк, кампалык жана тиричилик жайларды тазалоо үчүн шаймандар маркаланат жана арналышы боюнча гана колдонулууга тийиш. Шаймандарды жууп-тазалоочу жерлерге болушунча жакын атайын бөлүнгөн жайда сактоо керек. Ажатканаларда полдорду жууш үчүн тиешелүү сигналдык боегу бар чака менен чүпүрөктөр башка шаймандардан бөлөк сакталат. Сменанын аягында жууп-тазалоо аяктагандан кийин жууп-тазалоочу шаймандар жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен жуулат, кургатылат жана таза түрдө атайын бөлүнгөн жерде сакталат. Бузук же капилет колго тийген шаймандарды пайдаланууга уруксат берилбейт. Ажатканаларды жана душтарды тазалоо үчүн атайын персоналды бөлүү керек.
59. Өндүрүштүк жайларда санитардык брактарды (полго түшүп кеткен продукцияны, пайдалангандан кийинки бир жолку мээлейлерди, бир жолу колдонулуучу сүлгүлөрдү ж.б.) чогултуу үчүн капкагы жана мүшөгү бар челек коюлат. Челектер сменанын аягында кальцийлүү сооданын аралашмасы жана дезинфекциялоочу каражаттар менен жуулууга тийиш.
8. Жабдууларга, шаймандарга, идиш-аяктарга, чечилүүчү буфет-ашкана жабдуусуна санитардык талаптар
60. Аба кемесинин бортунда пайдаланууга арналган технологиялык, өндүрүштүк жабдуулар, шаймандар, ажыратма буфеттик-ашканалык жабдуу, идиш-аяк, таңгактоочу, көмөкчү материалдар, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле бир жолку пайдалануучу упаковкалоочу буюмдар, а.и. жекече ланч-бокстар, динер-бокстар тамак-аш азыктарына контакт үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген материалдардан жасалат.
61. Муздаткычтар, катуу тоңдуруучу камералар, тоңдуруу камералары сымапсыз термометрлер менен жабдылат.
62. Борттук тамак-аш ишканалары жетиштүү сандагы зарыл жабдуу, көп жолу колдонулуучу (айнек, фарфор) идиштер, бир жолу колдонулуучу, анын ичинде чет өлкөдөн чыккан (жекече ланч - бокстар, динер - бокстар) идиштер, приборлор менен камсыз кылынууга тийиш.
63. Ажыратма буфеттик-ашканалык жабдуунун конструкциясы аларды оңой жууп-тазалоону камсыз кылууга тийиш. Бузулган жана мыйрыйган контейнерлерди, кайнаткычтарды, идиштерди пайдаланууга тыюу салынат. Ажыратма буфеттик-ашканалык жабдуу (контейнерлер жана электр-кайнаткычтар) тыгыз жабылууга жана ташуу учурунда тамактын булганбашы үчүн бекиткичтери бузук болбоого тийиш.
64. Жууп-тазалоону уюштуруу төмөнкүдөй линияларда өз-өзүнчө тазалоону карайт: идиштерди, приборлорду, контейнерлерди, кайнаткычтарды, арабаларды жана башка ажыратма буфет-ашкана жабдууларын жууп-тазалоо.
65. Борттогу идиштерди жана ажыратма буфет-ашкана жабдуусун жууп-тазалоо ашкана идиштеринен жана шаймандарынан өзүнчө жүргүзүлүүгө тийиш.
66. Идиштерди жууп-тазалоо кол менен же стерилдөөчү натыйжасы бар механикалык жуугуч машиналар менен жүргүзүлөт. Идиштерди атайын жуугуч машиналарда механикалык жууп-тазалоо аларды пайдалануу боюнча тиркелген нускамаларга ылайык жүргүзүлөт.
67. Кол менен жууп-тазалоо үчүн ишкана төмөнкүлөр менен камсыз кылынууга тийиш: ашкана идиштери үчүн - үч секциялуу ванналар менен, айнек идиштер жана ашкана приборлору үчүн - эки секциялуу ванналар менен. Контейнерлерди, кайнаткычтарды жана башка ажыратма буфет жабдууларын жууп-тазалоо үчүн линиялар тиешелүү сыйымдуулуктагы эки ванна жана ийилчээк шлангы бар душ менен жабдылууга тийиш.
68. Идиштерди кол менен жууп-тазалоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- тамак-аштын калдыктарын щетка же жыгач калак менен калдыктар үчүн атайын челекке алып салуу;
- жуугуч каражаттарды кошуу менен температурасы +40 ºСдан төмөн болбогон сууда жууп-тазалоо;
- жуугуч каражаттарды 1-секциядагы ваннадагыдан эки эсе аз санда кошуу менен температурасы +40 ºСдан төмөн болбогон сууда жууп-тазалоо;
- туткасы бар металл торлорго салынган идиштерди температурасы +65 ºСдан төмөн болбогон агып турган ысык сууда же душтун калпагы кийгизилген ийилчээк шлангдын жардамы менен жууп-тазалоо;
- идиштерди торчолуу текчелерде, такталарда (же кургаткычы бар атайын транспорттордо, кургатуучу шкафтарда жана башкаларда) кургатуу.
69. Айнек идиштерди жана ашкана приборлорун жууп-тазалоо эки секциялуу ванналарда төмөнкүдөй режимде жүргүзүлөт:
- жуугуч каражаттарды кошуу менен температурасы +40 ºСдан төмөн болбогон сууда жууп-тазалоо;
- температурасы +65 ºСдан төмөн болбогон агып турган сууда чайкоо.
70. Жуулган ашкана приборлоруна кайнак суу жаба куюлат, андан соң кургатылат. Айнек идиштерди жана ашкана приборлорун кошумча түрдө таза кургак сүлгү менен сүртүүгө уруксат берилет.
71. Ажыратма буфет-ашкана жабдуусун жууп-тазалоо ушундай эле ыкма менен жүргүзүлөт. Кайнаткычтар жуулгандан кийин кайнак суу жаба куюлат (кран жуулат).
72. Өзгөчө учурларда борттогу идиштер жана жабдуулар (эпидемиялык көрсөтмөлөр боюнча) башка идиштерден бөлөк зыянсыздандырылат жана жуулат. Жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо сменанын аягында жүргүзүлөт, андан соң жуугуч ванналар да тазаланат.
73. Борттогу көп жолу колдонулуучу идиштерди машинада жуулгандан кийин алардын сапаттарынын сакталышы камсыздалууга тийиш.
74. Технологиялык жана өндүрүштүк жабдууларды санитардык тазалоо анын булганышына жараша жана жумуш процесси аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
75. Тамак даярдалуучу такталар жана өндүрүштүк жумушчу столдордун беттери тегиз, жылчыксыз жана тешиксиз болууга тийиш. Өндүрүштүк столдор жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен кылдат жуулат, ар бир жумушчу процесстен кийин, бирок булганышына жараша жана жумуштун аягында +40 ºС - +45 ºС температурада ысык суу менен жуулат жана кургак таза кездеме менен кургатып сүртүлөт.
76. Тамак даярдалуучу шаймандар ар бир цехке бекитип берилет жана өзүнчө түстүү белгилер коюлат. Тамак даярдалуучу такталар жана бычактар аларда иштетилүүчү продуктуга ылайык маркаланат: "ЧЭ" - чийки эт, "ЧБ" - чийки балык, "ЧЖ" - чийки жашылча, "КЭ" - кайнатылган эт, "КБ" - кайнатылган балык, "КЖ" - кайнатылган жашылча, "ЭГ" - эт гастрономиясы, "Жашылча", "Сельдь", "БГ" - балык гастрономиясы, "Н" - нан.
77. Ар бир операциядан кийин тамак даярдалуучу такталар жана бычактар санитардык жактан тазаланат: продуктунун калдыктары механикалык ыкма менен тазаланат, жуугуч каражаттарды кошуу менен ысык сууда жуулат, кайнак суу жаба куюлат кармалат жана алар бекитип берилген цехтеги атайын кассеталардагы стеллаждарда тик абалда сакталат. Өндүрүштүк аспаптарды жана шаймандарды жуугуч каражат кошуп жууп жана чайкагандан кийин кайнак сууну жаба куюу керек.
78. Ашкана идиштерин жууп-тазалоо эки секциялуу ваннада төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- тамактын калдыктарын щетка же жыгач күрөк менен тазалоо, күйүп калган тамакты кальций соодасын кошуп, жылуу суу менен жибитүү керек;
- жуугуч каражаттарды кошуу менен +40 ºСдан төмөн эмес температурадагы сууда щетка менен жууп-тазалоо;
- +65 ºСдан төмөн эмес температурадагы аккан сууга чайкоо;
- көмкөрүлгөн түрдө тор такталарда, стеллаждарда кургатуу.
79. Таза ашпоздук идиштер жана шаймандар полдон кеминде 0,5 м бийиктиктеги стеллаждарда сакталат. Таза ашкана идиштери жабык шкафтарда же торлордо сакталат. Таза ашкана приборлору атайын кассета-ящиктерде туткасы өйдө каратылып сакталат. Аларды подностордо чачыранды сактоого уруксат болбойт. Ашкана приборлору үчүн кассеталар жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен санитардык жактан тазаланууга тийиш.
80. Жүгүртүлүүчү тараны жууп-тазалоо атайын бөлүнгөн, ванналар же жуугуч машиналар менен жабдылган жайларда жуугуч каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.
81. Идиш-аяктарды жууп-тазалоо үчүн щеткалар, мочалкалар жумуш аяктагандан кийин жуугуч каражаттарды кошуу менен ысык сууда жуулат, кургатылат жана атайын бөлүнгөн жерде сакталат. Идиш-аяктарды жууп-тазалоо үчүн щеткалар жана чүпүрөктөр жумуш аяктагандан кийин тазаланат, жуугуч каражаттарды кошуу менен +45 ºСдан төмөн болбогон температурадагы ысык сууга чыланат, дезинфекцияланат (же кайнатылат), аккан сууга чайкалат, андан соң кургатылат жана атайын бөлүнгөн жерде сакталат. Идиш-аяктарды жууп-тазалоо үчүн көгөрүп кеткен жана кири көрүнүп турган щеткалар жана чүпүрөктөр, ошондой эле жакшылап тазалоого мүмкүн болбогон губка материал колдонулбайт.
82. Жууй турган бөлүмдөрдө идиш-аякты жана шаймандарды жууп-тазалоонун эрежелери жөнүндө нускама илинет, мында колдонулуучу жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын концентрациясы жана көлөмү көрсөтүлөт.
83. Жаракасы, сыныгы бар, кыры кетилген, мырыйган, эмалы бузулган идиш-аякты пайдаланууга тыюу салынат.
9. Борттук тамак-аштын ассортиментине талаптар
84. Борттук тамак-аштын рациону үчүн чыгарылуучу продукциянын ассортименти борттук тамак-аш цехин технологиялык, муздатуучу жабдуулар, механикалаштыруу каражаттары, аба кемесинин буфет-ашкана жабдуусу болушуна жараша иштелип чыгат.
85. Артка кайткан рейсте ассортимент аба кемесинин тибин, учуунун узактыгын, аба кемесинде болгон жана иштеген буфет-ашкана жабдуусун эске алуу менен түзүлөт.
86. Экипаждын мүчөлөрү үчүн өзүнүн ассортименти боюнча жүргүнчүлөрдүн тамак-ашынан айырмаланган алда канча ар түрдүү тамак-аш белгилениши мүмкүн. Экипаж жана жүргүнчүлөр үчүн тамактын ассортименти авиакомпаниялардын өкүлү жана борттук тамак-аш цехинин өкүлдөрү менен бирдикте түзүлөт.
87. Инфекциялык оорулардын жана массалык инфекциялык эмес оорулардын (уулануу) чыгышын жана таралышын болтурбоо үчүн ассортиментке төмөнкүлөрдү кошууга тыюу салынат:
- фарштан жана котлет массасынан жасалган эт азыктары, ошондой эле соус тамактары, паштеттер, кайнатып бышырылган колбаса, панировкадагы азыктар;
- өсүмдүк майы, майонез же башка соус аралашкан даам-татымдар;
- креми бар пирожныйлар (заварной, быштагы бар, каймак май менен, белоктуу);
- 3 литр идиштеги ширелер жана компоттор;
- дарылык багыттагы минералдык суулар;
- целлофан таңгактагы кулинардык даяр азыктар;
- ысык түрдөгү даяр тамактар.
10. Рациондорду комплектилөөгө жана аларды аба кемесине берүүгө талаптар
88. Борттук тамак-аш цехтеринде рациондорду салыштыруу, сервировкалоо, комплекттөө, компоненттерди таңгактоо процесстери жана продуктуларды ташуу менен байланышкан операциялар максималдуу механикалаштырылат.
89. Продукция келип түшкөн заказдарга ылайык керектөөгө жараша партиялар менен даярдалат.
90. Ысык менен иштетүүдөн өткөн жана андан ары сактоого арналган бардык продуктулар +65 ºСга жеткенде тамак-ашты андан ары тез даярдоо жана сервировкалоо үчүн тез муздатуучу атайын муздаткычта +5 ºСга чейин тез муздатылат. Муздатуу убактысы 2 сааттан ашпоого тийиш.
91. Тамактарды порцияга бөлүү температурасы +16 ºСдан ашпаган жайда жумушчу беги муздатылуучу столдордо жүргүзүлөт.
92. Тамактарды кол менен сервировкалоо жана порцияга бөлүү бир жолку резина мээлейлер менен жүргүзүлөт. Мээлейлер продуктунун бир түрү үчүн гана пайдаланылат. Порцияга бөлүү жана сервировкалоо процессинде атайын сервировкалоочу шаймандар максималдуу колдонулат.
93. Бир эле учурда сервировкалануучу порциялардын саны сервировкалоо учурунда порцияга бөлүнүүчү продуктулардын температурасы +12 ºСдан ашпагыдай түрдө тандалат. Сервировкалоо аяктагандан кийин ар бир тамак целлофан же капкак менен жабылат да, тез муздатуучу камерага салынат, ал жерде контейнерлерге же арабаларга салуу учуруна чейин болот.
94. Контейнерлерди жана арабаларды салыштыруу да продуктулардын температурасы +6 ºСдан ашпашы үчүн болушунча тез арада жүргүзүлөт.
95. Тез тоңдурулган даяр тамактар тез тоңдуруучу муздаткычтарда 1 саат бою минус 18 ºСдан минус 20 ºСга чейинки температурада сакталат. Цехтен чыккан даяр тамактардын температурасы продуктунун ичинде минус 18 ºСдан жогору болууга тийиш эмес.
96. Муздак тамакка арналып тарелкаларга, жарым подносторго салынган гастрономиялык продукция контейнерлерге, вакуум упаковкадагы тамактар - хладоагенти бар термоконтейнерлерге же муздаткыч баштыктарга салынат; рациондун компоненттери - жекече таңгактарга: снек бокстарга, ланч - бокстарга, динер - бокстарга салынып, алар аба кемесине жеткирүү үчүн контейнерлерге салынат.
97. Тамактарды тарелкаларга жана салат салгычтарга салыштыргандан кийин өзүнчө упаковкаларга. контейнерлерге жана арабаларга салганга чейин +5 ºС температурада 1 сааттан кем эмес кармоо зарыл.
98. Борттук тамак-аш цехтеринде даяр тамакты маркалоону сактоо зарыл, тамак салынган бардык тамактардагы белги түстүү тасмаларды колдонуу менен аткарылса болот, алар жуманын күндөрүнө туура келет: дүйшөмбү - сары, шейшемби - жашыл, шаршемби - көк, бейшемби - кызыл, жума - күрөң, ишемби - кызгылт-сары, жекшемби - ак, же жасалган датасы жана убактысы маркер менен көрсөтүлөт.
99. Контейнерлерди жана арабаларды комплекттөө аба кемеси учканга чейин 3 сааттан эрте эмес башталат.
- бардык продуктулардын температурасы +12 ºСдан ашпашы үчүн салыштыруу жана комплекттөө 45 мүнөттүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш;
- процесс аяктагандан кийин бөлүштүрүлүп салынган тамак-аш муздаткычка салынууга жана кайрадан +5 ºС температурага чейин муздатылууга тийиш.
100. Подностор, ланч-бокстар сервировкаланып жана контейнерлер менен арабаларга салынгандан кийин абанын циркуляциясы жана тамак-аштын бир кылка муздашы үчүн эшиктери ачык даяр продукция муздаткычтарына тез арада салынат жана анда аба кемеси жөнөгөнгө чейин +4 ºСдан ашпаган температурада кеминде 2 саат болот.
101. Муздатылган даяр тамак-аштын ички температурасы жөнөтөөргө чейин жана хайлоудерге (автолифтке) жүктөгөнгө чейин +5 ºС кем болбошу керек (көп убакыт сакталуучу тамак-аштан башкасы) ал эми аба транспортунун бортуна жүктөлөрдө +10 ºС кем болбошу керек.
102. Жөнөтөөрдүн астында жылытылган тамак-аштын температурасы +60 ºС кем болбошу керек.
103. Бортко жөнөтөөр алдында жабдуунун (контейнерлердин, бокстардын, термоконтейнерлердин, муздаткыч сумкалардын) бардык каалгалары пломбаланып, аларга белгиленген үлгүдөгү жарлык бекитилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: ичиндегилердин аталышы, учуп чыгуучу аэропорттун борттук тамак-аш цехинин аталышы, рейстин номери, учуу датасы, убактысы, борттук тамак-аштын жарактуулугунун мөөнөтү жана температурасы, ошондой эле рейсти комплекттөө үчүн жооптуу адамдын штампы жана колу. Жарлыктар рейстин аягына чейин сакталат.
104. Буфеттери муздатылбаган аба кемелеринде эки тарапка тамак-ашы бар рейстерде учуунун узактыгы 4 сааттан ашык болгондо төмөнкүдөй эсеп менен кургак музду пайдалануу: араба - 2 кг, жарым араба, контейнер - 1 кг, ар бир 20 касалеткага - 1 кг.
105. Экипаж үчүн борттук тамак-аш өзүнчө контейнерлерге, бокстарга салынып, аларга "Экипаж үчүн тамак-аш" деген тиешелүү белги коюлат.
106. Бортко берилүүчү идиштердин жана приборлордун саны борттогу идиш-аяктар бир жолу колдонулгандыгына жараша порциялардын санына ылайык комплекттелет. Таза фужерлердин (чөйчөктөрдүн) запасы конууларды эске алуу менен бардык жүргүнчүлөр сууну же суусундукту эки же үч жолу ичишине эсептелет.
107. Муздак суусундуктары бар бөтөлкөлөр берилээр алдында сүртүлөт, түбүндө тунган нерселер жоктугу жана маркировкасы бар экендиги текшерилет.
108. Даярдалган жана комплекттелген борттук тамак-аш бокстар жайында арабаларга жайгаштырылат, андан тамак-ашы бар арабалар экспедиция жана рампа аркылуу хайлоудерге (автолифтке) жеткирилет.
109. Тамак-аш азыктарын (пакеттеги чай, кофе, кант, татымалдар, муздак суусундуктар, спирт ичимдиктери, кондитер азыктары ж.б.) аба кемесинин бортуна борттук тамак-аш цехи берет жана жүктөйт.
11. Чийки заттарды, тамак-ашты ташууга, кабыл алууга жана сактоого талаптар
110. Чийки заттар жана тамак-аш азыктары бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн автотранспорт менен ташылат.
111. Айдоочунун жана чийки заттарды жана тамак-аш азыктарын коштогон экспедитордун атайын кийими, медициналык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө белгиси бар жеке медициналык китепчеси болууга тийиш.
112. Тамак-аш азыктарын ташуунун, сактоонун шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
113. Рейсте колдонулган бир жолку идиштер, таңгактар (снек бокстар, ланч - бокстар, динер - бокстар ж.б.), тамак-аш калдыктары, таштандылар полиэтилен мүшөктөргө чогултулат жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү аймакта кабыл алынган белгиленген тартипте утилдештирилет.
114. Аба кемесинин рейске учушу кечеңдеген учурда жүргүнчүлөр тамактанышы үчүн бортто болгон тамак-аш азыктары жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 2 сааттан кечиктирбестен түшүрүлөт жана чапталган түрдө башка аба кемесине же борттук тамак-аш цехине өткөрүп берилет. Аба кемесинин бортуна жүктөлгөн тамак-ашы бар рейстер кармалып жаткан учурда анын коопсуздугу үчүн жооп берүүчү ишкана продуктуларды жана тамактарды муздатуучу камерага сактоого жеткиргенде алардын температурасын текшерүүгө жана эгерде тамак-аштын температурасы +15 ºСдан ашпаса, таңгактары бузулбаган болсо, анда тамак-аш +5 ºСдан ашпаган температурадагы муздатуучу камерага жайгаштырылат жана мурда белгиленген сатып-өткөрүү мөөнөтү болууга тийиш.
115. Самолёттун бортуна +10 ºС температурадагы борттук тамак-аш жүктөлгөндөн кийин рейс алып салынган учурда, аны пайдалануу мөөнөтү 4 сааттан ашпайт. Эгерде борттук тамак-аш муздатуучу цехте калган болсо, ал башка же ушул эле рейсте колдонулат.
116. Артка кайтуучу рейстерде температурасы -18 ºС болгон катуу тоңдуруучу муздатуучу камералары же изотермикалык контейнерлер бар болгон учурда сактоо мөөнөтү узак болгон тез тоңдурулган продуктулар, ошондой эле консерваланган жана тез бузулбай турган продуктулар колдонулат.
117. Рейстин ичинде колдонулбаган жаңы жашылчалар жана мөмөлөр, ачыла элек банкалардагы консерваланган продуктулар (эт, балык, компот, шире ж.б.), кондитер азыктары (шоколад, печенье, вафли), кант, туз, калемпир, ошондой эле бузулбаган фабрикалык таңгактагы суусундуктар, минералдык суу жана шарап кийин аба кемелеринде сатып-өткөрүү үчүн базалык аэропорттун борттук тамак-аш цехине тапшырылат.
118. Рейс аяктагандан кийин бортту коштоочулар өзүнүн отчетунда рейсте берилген тамак-аш азыктары жана суусундуктар боюнча болгон сын пикирлерди жазышат.
12. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн тамак-ашына гигиеналык талаптар
119. Тамак-ашты уюштуруу жана анын режими учууда ден соолукту сактоого жана жогорку эмгекке жөндөмдүүлүктү сактоого тийиш, бул учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү чараларынын бири.
120. Экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамак-ашы ар түрдүү болууга тийиш; аба кемесинин командиринин тамак-ашы экипаждын калган мүчөлөрүнүн тамак-ашынан айырмаланат. Экипаж үчүн рационду түзүүдө клетчаткага бай, учуу мезгилинде ачып кетүүчү, жагымсыз көрүнүштөрдү жаратуучу продуктуларды: буурчакты, жүгөрүнү, түрптү, коонду, абрикосту, кара өрүктү, козукарынды, кулинардык майларды, квасты, капустаны, туздалган бадыраңды жана башкаларды кошпоо зарыл. Аба кемелеринде буфет-ашкана жабдуулары жок болсо экипажга консерваланган продуктулар берилсе болот. Экипаж үчүн тамактардын ассортименти авиакомпаниянын учуучу отрядынын врачы, авиакомпаниялардын менеджерлери менен бирдикте түзүлөт.
121. Экипаж мүчөлөрүнүн тамак-ашы баланстуу болууга тийиш. Тамак-аш рационундагы белок суткасына 110-150 граммды түзүүгө тийиш, продуктунун жогорку биологиялык баалуулугу үчүн ал көбүнесе жаныбарлардан алынышы керек. Майлар суткасына 140 граммды түзүүгө тийиш жана жаныбарлардан, ошондой эле өсүмдүктөрдөн алынган майлардан турууга тийиш. Углеводдор - суткасына 300-600 грамм, алардын ичинен тез сиңүүчү углеводдордун өлчөмү углеводдордун жалпы санынын 1/3нен ашпоого тийиш.
122. Аба кемесинин кабинасындагы абанын нымдуулугу аз экенин эске алып, экипаждын бир мүчөсүнө суусундуктарды берүүнүн ченеми учуунун 1 саатына 250 мл кем болбоого тийиш.
123. Жумуш жана учуу убактысына жараша экипаж мүчөлөрүнүн тамактануусунун сунушталган саны 1-таблицада көрсөтүлдү.
1-таблица
Жумуш жана учуу убактысына жараша экипаж мүчөлөрүнүн тамактануусунун саны
Жумуш убактысы | Учуу убактысы | Тамактануунун саны |
4 сааттан 6 саатка чейин | 3 сааттан аз | Бир жолу |
6 саат 1 мүнөттөн 10 саатка чейин | 3 саат 1 мүнөттөн 6 саатка чейин | Эки жолу |
10 саат 1 мүнөттөн ашык | 6 сааттан ашык | Үч жолу |
13. Борттук тамак-аш цехинин персоналынын, бортту коштоочулардын жеке гигиенасына санитардык талаптар
124. Борттук тамак-аш цехинде персоналдын жеке гигиена эрежелери сакталышы үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
125. Борттук тамак-аш цехине ишке кирүүчү адамдар медициналык текшерүүдөн жана гигиеналык окутуудан (санитардык минимумдан) өтүүгө тийиш.
126. Инфекциялык оорусу барлар, алар менен байланышта болгондор, инфекциялык ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчүлөр, ошондой эле гигиеналык окутуудан өтпөгөн кызматкерлер тамак-аш азыктары менен иштөөгө киргизилбейт.
127. Персонал жеке гигиенанын төмөнкүдөй эрежелерин сактоого милдеттүү:
- сырт кийимди, баш кийимди, жеке буюмдарды гардероб бөлмөсүндө калтырууга;
- жумуш башталар алдында колду самындап кылдат жууп, кийимди (униформаны) кийүүгө, чачты калпактын же жоолуктун астына кыстарууга;
- униформа ачык түстөгү материалдан тигилип, цех боюнча айырмаланган түстүк маркировкасы болууга тийиш. Униформаны цехтен тышкары жакка жана жумуштан башка убакытта кийүүгө болбойт.
128. Кир униформа жумуш аяктагандан кийин кир жуугуч жайда жуулат. Үй шартында жууганга тыюу салынат. Кайчылаш булганууну болтурбоо үчүн кир жуугуч жайда таза жана кир зонаны так бөлүү камсыз кылынууга тийиш. Кир кийимди кабыл алууга, таза кийимди сактоого жана берүүгө атайын арналган зона болушу зарыл.
129. Жеке кийим менен униформа бөлөк сакталууга тийиш.
130. Даараткананын алдындагы шлюздар санитардык кийим үчүн илгичтер, аралаштыргычы бар ысык жана муздак суу чыгарылган кол жуугуч раковиналар, электр сүлгүлөрү же бир жолу колдонулуучу сүлгү, күзгү менен жабдылат.
131. Колду жууш үчүн диспенсердеги дезинфекциялоочу суюк самын, щетка пайдаланылат.
132. Өндүрүштүк зоналарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- зергер буюмдарды (саат, билерик, шакек, сөйкө жана чынжырча) тагынып жүрүүгө;
- тамак ичүүгө;
- жеке буюмдарды (намыянды, сумканы, кошелекторду, газеталарды, журналдарды, уюлдук телефондорду ж.б.) алып кирүүгө;
- чөнтөктө майда буюмдарды алып жүрүүгө;
- ажатканага санитардык кийим менен барууга.
133. Терисинде ириңдери, ириңдеп кеткен кесип алган жерлери, күйүктөрү, сыйрылган жери бар, жогорку дем алуу жолдорунун оорусу бар адамдарга борттук тамак-аш цехтерине иштөөгө уруксат берилбейт.
14. Санитардык эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
134. Борттук тамак-аш цехтеринин жайларынын түзүлүшү, жабдылышы, күтүлүшү, тамактардын, тамак-аш азыктарынын жана муздак суусундуктардын ассортименти, борттук тамак-ашты жана идиш-аяктарды даярдоо жагынан ушул эрежелердин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик жарандык авиациянын жүргүнчүлөрүн жана экипаж мүчөлөрүн борттук тамак-аш менен камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына жүктөлөт.
135. Ички жана эл аралык авиарейстерди аткарган аба кемелеринин бортуна борттук тамак-ашты кабыл алуу, рациондорду сактоо жана берүү жагынан санитардык талаптардын сакталышы, ошондой эле алардын сапаты жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти авиакомпания тартат.
136. Ушул санитардык эрежелердин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| "Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин 1-тиркемеси |
Борттук тамактануу жайларында жылдын суук жана жылуу мезгилдери үчүн микроклиматтын оптималдуу параметрлери
Өндүрүштүк жайлар | Оордук категориясы | Суук мезгил | Жылуу мезгил | ||||
Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөөнүн тездиги, м/с | Абанын температурасы, ºС | Абанын салыштырма нымдуулугу, % | Желдөөнүн тездиги, м/с | ||
Цехтер: бышырганга чейинки, даярдоочу | Орточо II б | 17-19 | 40-60 | 0,2 | 20-22 | 40-60 | 0,3 |
Тамак ичүүчү идиштерди жуугуч | Орточо II б | 18-20 | 40-60 | 0,2 | 21-23 | 40-60 | 0,3 |
Тамак бышыруучу идиштерди, тараны жуугуч | Орточо II б | 17-19 | 40-60 | 0,2 | 20-22 | 40-60 | 0,3 |
Жашылча, туздалгандарды, полуфабрикаттарды, шаймандарды сактаган кампалар | Орточо II а | 15-24 | 75 |
|
|
|
|
Администрациялык жайлар | Жеңил 16 | 22-24 | 40-60 | 0,1 | 23-25 | 40-60 | 0,1 |
|
| "Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин 2-тиркемеси |
Коомдук тамактануу цехтеринин өндүрүштүк жайлары үчүн жарыктын ченемдери жана сапаттык көрсөткүчтөрү
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомуна ылайык күчүн жоготту)