Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 145
Мырза-Аке айылынын тургуну К. Эргешовду «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги сессиясыМырза-Аке айылдык кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну Каныбек Эргешовду соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Каныбек Эргешов айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ жакшы сапаттары жана үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |