Загрузка документа…
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын Бирдиктүү салык декларациясында (мындан ары - Декларация) көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке адамдын (мындан ары - Декларант) кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн тууралыгы жана толуктугуна карата иликтөө жана талдоо жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо (мындан ары - Декларацияны талдоо) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктаганда салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Декларацияны талдоо Декларант жөнүндө керектүү маалыматтарга ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардан салык кызматы органдары алган маалыматтарды салыштыруу жолу менен Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн тууралыгы жана толуктугуна карата текшерүүдөн турат.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзөт:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын;
2) жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын;
3) дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын жана анын орун басарларынын.
4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) төмөнкү адамдардын:
- администрациялык кызмат орундарын ээлеген;
- саясий, администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген;
2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин.
2. Декларацияны талдоо
5. Декларацияны талдоо Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды туура жана толук көрсөтүүгө карата жүргүзүлөт.
Талдоо Декларанттын мүлктүк абалы олуттуу өзгөргөн учурда (кирешелери, чыгымдары жана мүлкү көбөйгөндө жана (же) мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери азайганда) жүргүзүлөт.
Декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүшү деп, төмөнкүлөрдөн ашкан өлчөмдө алардын кирешелеринин, чыгымдарынын жана (же) мүлкүнүн көбөйүшү жана (же) алардын мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелеринин азайышы таанылат:
а) эсептик көрсөткүчтүн 1000 эселик өлчөмү - кирешелер боюнча;
б) эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселик өлчөмү - чыгымдар боюнча.
Ошондой эле, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке адамдардан Декларанттын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарга тийиштүү маалыматтар келип түшкөн учурда талдоо жүргүзүлөт.
6. Талдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органдары:
1) зарыл болгон учурда Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлктөрү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекетке, жарандарга жөнөтүшү мүмкүн;
2) Декларанттан түшүндүрмөнү, кошумча материалдарды жана/же документтерди суратып алууга, алар түп нускасында жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдө берилиши керек. Материалдардын жана/же документтердин түп нускалары аларды салыштыруудан кийин Декларантка кайтарылышы керек.
7. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы талдоо материалдарын өткөрүп берүү жөнүндө корутундуну түзөт:
1) архивге сактоого - Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтын тууралыгы жана толуктугу ырасталганда;
2) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына - белгиленген мөөнөттөн кийин Декларация берилгенде же берилген Декларацияда толук эмес жана/же туура эмес маалыматтар бар экендиги ырасталса.
8. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Декларация белгиленген мөөнөттөн кийин берилсе же берилген Декларацияда толук эмес жана/же туура эмес маалыматтар бар болсо, салык кызматынын органдары ал адамдар тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашат.
3. Салык кызматынын органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, чет мамлекеттер жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Зарыл болгон учурда салык кызматынын органдары Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, чет мамлекеттер, жарандар менен өз ара аракеттенишет.
10. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларацияны талдоо үчүн зарыл болгон, суралып жаткан маалыматтарды беришет.
4. Маалыматтардын жашыруундуулугу
11. Салык кызматынын органдарына келип түшкөн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтардын жашыруундуулугун түзгөн маалыматтар сактоонун жана жетүүнүн атайын режимине ээ болушу керек, ал салык кызматы органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
12. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтардын жашыруундуулугун түзгөн маалыматтарга жетүүгө салык кызматы органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган кызмат адамдарына гана уруксат берилет.