Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
29-май 2020-жыл № 102/ХХ11-27
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Коронавирус пандемиясына карата жарыяланган карантин мезгилинде майрам, ишемби жана жекшемби күндөрү иштеген аппарат кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөө максатында каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын март, апрель жана май айларындагы майрам, ишемби жана жекшемби күндөрү иштеген кызматкерлерге тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде айлык акысы төлөнсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.Т. Андашов |