Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-июлу №105/XXI11-27
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында А.Токтоналиев айылындагы футбол аянтчаны бүтүрүүгө, “Эпкин Нур” бала бакчасын суу насосу менен камсыз кылууга, айыл аймактагы мектептерди жана бала бакчаларды жугуштуу оруулардан коргоочу каражаттар менен камсыз кылууга, айыл өкмөтүнө компьютер, электр жылыткычын,эмеректерди сатып алууга каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ошондой эле сатып алуулар боюнча адиси Ш.Адырбекованы окутуу боюнча маселесин карап чыгып жана талкуулап айылдык кенеши токтом кылат:
1. А.Токтоналиев айылынын кичи футбол аянтчасын бүтүрүүгө 70921 бөлүгүнүн 3111 статьясына 50 ОООсом эркин калдыктан бөлүнсүн.
2. М.Койбагаров атындагы орто мектебине коргоочу каражаттарды сатып алууга 70921 бөлүгүнүн 2222 статьясына 43 000 сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
3. А.Молдокулов атындагы орто мектебине коргоочу каражаттарды сатып алууга 70921 бөлүгүнүн 2222 статьясына 24 000 мин сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
4. “Эпкин Hyp” бала бакчасына коргоочу каражаттарды сатып алууга 70911 бөлүгүнүн 2222 статьясына 7 900 мин сом жана суу насосун алууга 3112 статьясына 6 500сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
5. “Гүл Балалык” бала бакчасына коргоочу каражаттарды сатып алууга 7091 1 бөлүгүнүн 2222 статьясына 11 800 мин сом эркин калдыктан бөлүнсүн.
6. Айыл өкмөтүнө компьютер, электр жылыткыч,эмеректерди сатып алууга 70111 бөлүгүнүн 3112 статьясына 163 100 сом ошондой эле жалюзи жана люстра 2222 статьясына 45 бООсом эркин калдыктан бөлүнсүн.
7. Сатып алуулар боюнча адиси Ш.Адырбекованын окуусунун төлөмүнүн 50% айыл өкмөттүн эсебинен төлөнүп берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Андашов |